Суперстан: Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (33 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү?

#141 Пользователь офлайн   belosnejka1   20 Декабрь 2013 - 12:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Жылдын башкы "китлабы" Атамбаев.



Биз жаңы жыл алдында элдин кулагына "китлаб" илген жагынан эч кимди алдына салдырбай келаткан Улуу урматтуу Алмаз Шаршеновичке бул "сыймыкты" факт менен бербесек, үрүп чыккан “овчаркаларын” коё берип, сот менен айлабызды кетирбесин.

- Кудай колдоп мен президент болуп калсам, Каркыраны кайтаруу үчүн колумдан келген аракетимди жасайм. Керек болсо Нурсултан Назарбаевдин алдына чөгөлөп сураганга да барам.

(Президентке талапкер Алмаз Атамбаевдин 2009-жылдын июлунда президенттик шайлоо алдында Түп районунун эли менен жолугушуусунда берген убадасы.)

Жыйынтыгы: Назарбаевдин алдына чөгөлөп барса баргандыр, Каркыра казактардын колунда түбөлүккө калды.

- Быйыл парламенттик шайлоого, эмдиги жылы президенттик шайлоого катышпайм.

(Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орунбасары Алмаз Атамбаевдин 2010-жылдын 25-майында маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн.)

Жыйынтыгы: Парламенттик шайлоого да, президенттик шайлоого да катышканын кыргыздын күчүгү да, мышыгы да билет.

- Миң-Кушту сөзсүз көчүрүш керек. Миң-Куштуктарга айтар элем, чыдай тургула, мен сөз бергем, аман болсом тез аранын ичинде аткарып берем. Абалыңар абдан оор.

(Президентке талапкер Алмаз Атамбаевдин 2011-жылдагы президенттик шайлоо алдында Жумгал элине берген убадасы)

Жыйынтыгы: Өзү аман эле, берген сөзүнө турбай атпайбы, ортодо Миң-Куш тарапта кырсык да болуп кетти.

- 2013-жылдын 1-январынан тартып мугалимдердин эмгек акысын сөзсүз жогорулатабыз.

(Президент Алмаз Атамбаевдин Россия телеканалына берген маегинен)

Жыйынтыгы: Эми мугалимдердин эмгек акысы эмки президенттин убагында, же төөнүн куйругу жерге тийгенде жогорпулайт.

-Таза шайлоо үчүн монголдордун шайлоо системасына өтүшүбүз керек.

(Президент Алмаз Атамбаевдин 2013-жылдын февралында КТРКга берген маегинен.)

Жыйынтыгы: Жомок.

- Эгер Жерүй кенине инвесторлор келбесе аны өзүбүз иштетебиз.

(Президент Алмаз Атамбаевдин студенттер менен болгон жолугушуусунда берген убадасы.)

Жыйынтыгы: "Беш өрдөк" учту.

-Фейсбук аркылуу эл менен баарлашуу үчүн өздүк баракчамды ачам.

(Президент Алмаз Атамбаевдин студенттер менен болгон жолугушуусунда берген убадасы.)

Жыйынтыгы: Фейсбук жакта али күнчө жок.

- Кумтөрдү улутташтыруубуз керек.

(Президент Атамбаевдин фракция башчылары менен болгон жолугушуусунда берген убадасы)

Жыйынтыгы: Кезектеги калпы

-Оппозиция менен парламенттин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Менин ишим башка. Эгерде, ал сүйлөшүүлөрдөн пайда чыга турган болсо эмне, Мотуев менен сүйлөшүүгө барайынбы? Же Т.Акун мененби? Убакытты үнөмдүү пайдалануу керек да. Мен бул жерге саясий оюн ойноо үчүн келген эмесмин

(2013-жылдын 16-декабрында журналисттер менен болгон жолугушуусунда сөзү)

Т. Акун менен сүйлөшпөсө да, салам дубайын Таабалдиевден жөнөтүп турган. Т.Акундун жазгандарынан: "Таабалдиев мага телефон чалып “Турсунбек, сен омбудсмен катары “Азиз Батукаевдин оруусу катуу, 2-3 күндүк өмүрү калды” деп айтып койсун деп президент Атамбаев суранып жатат”-деп.
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Nursaikal   26 Декабрь 2013 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ошентет, Коречга пансионатты сатты, кыргызгазды газпромго тамак кылды, эми пирамидага ажыдаарлардын козу тушуптур, бул кошоматчы, мамлекетти алсыз кылаары анык болуп калды
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   aigul85   27 Декабрь 2013 - 22:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 03 Май 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2014 09:01

Биздин ажобуз кудай буюрса деп көп айткан адам. Кудай деген кур калбайт дейт кыргызда. Ажобузга бакиевдин куйруктары канчалык көө сыйпап, ушак таратса да акты каралай албайт. Анткени баарына кудай тараза. Бириктик колдон келди. Буюрса өнүгүүгө бет алдык. Ал эми иттер үрө берет ичи тарып, кербендер жүрө беребиз жакшылыкка жол салып. Уурулардын заманы бүттү. Кыргыздардын заманы өнүгө баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   aigul85   27 Декабрь 2013 - 22:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 03 Май 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2014 09:01

бакиевдин ушакчылары жайнайт го чиркин. улуттар биримдиги, өнүгүү, ата-журт деген партияларды түзүп берген бакиевдин тилеги орундалбай акчасы асманга сапырылды. Бул партиялардын курамында жалаң гана кыргызга душмандык кылгандар чогулган. улуттар биримдигинде кыргызга каршы согуш ачкан кадыржан батыровдун санаалаштары жүрөт. Аларды партиясына кошкону аз келгенсип иштен айдалган мелис деген жаныштын камчысы Ош шаарына депутат кылып койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   27 Декабрь 2013 - 23:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Мен Атамбаевди жамандай албайм анткени мудагы 2 призиденттерден караганда жакшы эле иштемиш болуп жатат бирок Кыргызстанды онуктуруп кетет деп ойлобойм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   muxammet   28 Декабрь 2013 - 00:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Атамбаев суйунуп журот Европа олколору мага ишенип карыз берип жатат деп.



В. Жириновский на заседании госдумы по обсуждению вопроса списания долга КР перед Россией в $500 млн пренебрежительно отозвался о Кыргызстане, заявив, что «этот Бишкек раньше был маленькой деревушкой, (…) там были аулы и скот: овцы, верблюды». «Они привыкли, что при советской власти Москва все давала. И сейчас они считают, что и новая власть должна все отдавать», - сказал депутат.

«Пусть отдадут Иссык-Куль – великолепное теплое озеро, которое гораздо лучше, чем Черное море, не загаженное, песочек, кругом деревни, где по-русски говорят, питание есть. Что мешает?!» - заявил В. Жириновский.




Буга эмне дейсинер? Ишенген орусиядан ушул соз чыгып жатат. Эми элестете бергиле кытай эмне дейт


Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Argymak007   28 Декабрь 2013 - 05:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

aigul85 , Ошончо кыйын экен, Бекназаровду эмнеге камакка албай жатат? Бакиевге оппозиция болгону үчүнбү? Айтор билбеймин го, жанагы телефондо сүйлөшкөн сөзүн укканда эле, Бекназаровду камакка ала турган болсо, кимдин ким экени айтылар беле, силер Бакиевден өткөн пысмык неме экенсиңер деп, кыйла доомат артты эле го.

Сен айткан Атамбаев соо дегени турасыңбы? Сариев байкеңден бери, алкымы толо уурулар экен да, кетти баары бүттү колунан келбегенден кийин, чындыкты айтканы, былгып Бакиевди жамандашпаса, анчалык жамандаса чынын көрсөтүп муно күнү мындай болгон, ушуга Бакиев керт башы менен жооп бериш керек деп көкүрөк кагып кыйкырып чыккан жан болбоду го.

Баардык атылган ок айтылган сөздөрдү билгени жокпу , ушунча адамдын ичинен?

А жанагы митинге чыккандар эс учунан кетип мас жүргөнүнө эмне дейбиз, ат эле ат деп кийим кечесинен бери чечип ыргытып жүргөнүчү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   aigul85   28 Декабрь 2013 - 12:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 03 Май 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2014 09:01

Просмотр сообщения muxammet (28 Декабрь 2013 - 00:06) жазган:

Атамбаев суйунуп журот Европа олколору мага ишенип карыз берип жатат деп.
В. Жириновский на заседании госдумы по обсуждению вопроса списания долга КР перед Россией в $500 млн пренебрежительно отозвался о Кыргызстане, заявив, что «этот Бишкек раньше был маленькой деревушкой, (…) там были аулы и скот: овцы, верблюды». «Они привыкли, что при советской власти Москва все давала. И сейчас они считают, что и новая власть должна все отдавать», - сказал депутат.
«Пусть отдадут Иссык-Куль – великолепное теплое озеро, которое гораздо лучше, чем Черное море, не загаженное, песочек, кругом деревни, где по-русски говорят, питание есть. Что мешает?!» - заявил В. Жириновский.

Буга эмне дейсинер? Ишенген орусиядан ушул соз чыгып жатат. Эми элестете бергиле кытай эмне дейт



Маалыматтарды тескерисинче угуп алган экенсиң да. Атамбаев Европа 30 миллион евро бөлүп берели десе, "жардам кылып сунуштаган акчаңарга ыраазыбыз. Рахмат! Бирок ал акчаны алуудан биз баш тартабыз" деп баш тартып койду. Ал эми 500 миллион доллар карызды Путин кечтим деп 2013-жылдын 8-май күнү кол койгондо, Жириновкский Кыргызстанга асылды. Ал сөзү үчүн 13-майда Жириновский экинчи Кыргызстанга киргизилбесин деп ЖКда депутаттар чечим кабыл алынган. Эми ал адам Кыргызстанга кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   aigul85   28 Декабрь 2013 - 12:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 03 Май 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2014 09:01

Просмотр сообщения Argymak007 (28 Декабрь 2013 - 05:13) жазган:

aigul85, Ошончо кыйын экен, Бекназаровду эмнеге камакка албай жатат? Бакиевге оппозиция болгону үчүнбү? Айтор билбеймин го, жанагы телефондо сүйлөшкөн сөзүн укканда эле, Бекназаровду камакка ала турган болсо, кимдин ким экени айтылар беле, силер Бакиевден өткөн пысмык неме экенсиңер деп, кыйла доомат артты эле го.

Сен айткан Атамбаев соо дегени турасыңбы? Сариев байкеңден бери, алкымы толо уурулар экен да, кетти баары бүттү колунан келбегенден кийин, чындыкты айтканы, былгып Бакиевди жамандашпаса, анчалык жамандаса чынын көрсөтүп муно күнү мындай болгон, ушуга Бакиев керт башы менен жооп бериш керек деп көкүрөк кагып кыйкырып чыккан жан болбоду го.

Баардык атылган ок айтылган сөздөрдү билгени жокпу , ушунча адамдын ичинен?

А жанагы митинге чыккандар эс учунан кетип мас жүргөнүнө эмне дейбиз, ат эле ат деп кийим кечесинен бери чечип ыргытып жүргөнүчү.


Бекназаров менен Мотуев досу экөөнү түшүнүп коюуга болот. Аларды кармаганда пайда жок. Сөз сүйлөп ушак таратты деп камаганга учурдагы мыйзам жол бербейт. Бир гана далилдүү факты болсо ошондо камакка алынат. Мына мыйзам иштей баштады деп айтсак болот. Бекназаров менен Атамбаевдин телефондогу сүйлөшүүсүн акылы жетик адамдын баары жакшы билет Бекназаров кандай максатта ошол сөздөрдү телефондон сүйлөгөнүн. Бирок ошол эле учурда Бекназаровго каршы чыгып Атамбаев бажыга өз кишилерин койгону чын. Бирок жыйынтыгы эмнеге алып келди ал дайындоонун? бакиев учурунда бажыдан мамлекетке 1 жылда болгону 18 миллиард сом түшүп турса, Атамбаевдин кишилери келээри менен бажыдан 1 жылда 36 миллиард сом мамлекетке түштү. Демек жыйынтык жакшы. Мурда сол чөнтөккө кетип жаткан акчалар мамлекетке түшө баштады. Мунун эмнеси жаман?
===============================================================================
Атамбаев 20 жыл бою Акаев менен бакиевге каршы туруп келди. Акаев бизнесин тартып алган. бакиев да кысым көрсөтүп, бир эмес эки ирет ууландырды. Бирок Атамбаев кудай деген киши болгон үчүн ажалдан аман калып, учурда президент болуп отурат. Сариевди мен жактаган жерим жок. Ал Үзөңгү-Куушту сатууга макул деп добуш берген. Андыктан Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны сатууга макул деп добушун бергендердин баарын түрмөдө чиритүү керек деп эсептейм.
===============================================================================
7-апрель күнү мас болуп жүргөн бир адамды көрдүк мени ат деп төшүн тоскон. Калганы соо эле жүрдү. Мас болсо да кыргыз үчүн күйүп, еврейлердин саясатынан кутулуу үчүн төшүн окко тосту. Кыргыз октон коркпойт, өлүмдөн коркпойт! Демек ал баатырдык деп эсептейбиз! мадумаров ал жерде жүргөндөрдүн баары алкаштар, бомждар дегендей айтыптырсың. Ушул сөзүңдү ошол күнү бейкүнөө окко учкан баатырлардын үй-бүлөсүнө айта аласыңбы бетине уулуңар мас болчу ошон үчүн ок жеди деп. Жок айталбайсың. Антип айтканга сенин духуң да жетпейт! Экрандын ары жагына отуруп алып канкорлорго кошомат кылып аларды мактагандан башка элге эмне пайда тийди?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Argymak007   28 Декабрь 2013 - 18:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

aigul85 , Фактысы жок каралап эле, өлтүрдү гөмдү сатты жеди деп жүргөн сен, :) Атамбаев жана Сариев менен сүйлөшкөн Бекназаровду ушак сүйлөдү деп коёлу, ал түз өзүнө чыгып айтканы факты эмес ушак болсун, Фактыны жүр түз эфирден чыгып далилдейбиз дегенде, Атамбаев баш тартканы карандай калп деп айталы.

Бекназаровду, камакка алам деп айтканда Атамбаев.

Бекназаров, азыр артыңдан адам салам кайда жүргөгүңдү, билип анан сүйлөшөбүз дегени калп дейби.

Демек ал мыйзамга жооп бербейт, эгерде чын эле аппак Атамбаев десең чыгат эле да,жүр түз эфирге деп. Бирок андай кыла албады, демек бул факты, сен жок дооматыңа караганда,разговор между собой болсо дагы, бул калп сөздөр болот тура.

Мыйзам качантан баштап күчүнө кирди айта кетсең, коррупция боюнча? :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   aigul85   28 Декабрь 2013 - 20:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 03 Май 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2014 09:01

Просмотр сообщения Argymak007 (28 Декабрь 2013 - 18:52) жазган:

aigul85, Фактысы жок каралап эле, өлтүрдү гөмдү сатты жеди деп жүргөн сен, :) Атамбаев жана Сариев менен сүйлөшкөн Бекназаровду ушак сүйлөдү деп коёлу, ал түз өзүнө чыгып айтканы факты эмес ушак болсун, Фактыны жүр түз эфирден чыгып далилдейбиз дегенде, Атамбаев баш тартканы карандай калп деп айталы.

Бекназаровду, камакка алам деп айтканда Атамбаев.

Бекназаров, азыр артыңдан адам салам кайда жүргөгүңдү, билип анан сүйлөшөбүз дегени калп дейби.

Демек ал мыйзамга жооп бербейт, эгерде чын эле аппак Атамбаев десең чыгат эле да,жүр түз эфирге деп. Бирок андай кыла албады, демек бул факты, сен жок дооматыңа караганда,разговор между собой болсо дагы, бул калп сөздөр болот тура.

Мыйзам качантан баштап күчүнө кирди айта кетсең, коррупция боюнча? :)


Телефон боюнча сүйлөшүүнү бетиңе кармап, калган экөөнө неге унчукпай калдың?
Эми ошол сүйлөшүүнү дагы бир ирет жакшылап угуп көр. Ал жерде кимди ким каматам дегенин. Ал сүйлөшүүдө "Жээнбековдун балдарын бажыга алып бардың, алар уурулар, алардын баарын каматам" деп Бекназаров Атамбаевге атырылган. Атамбаев "эгер далилдериң болсо камат, мени ар кайсы сөздөрүң менен, революция жасап жиберем деп коркута албайсың" деп жооп узаткан. Ошондо Бекназаров каматам эле каматам көрөсүң деген бойдон калган. Кулакты жакшы итетиш керек андай маанилүү нерселерди угаарда. Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Argymak007   29 Декабрь 2013 - 07:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения aigul85 (28 Декабрь 2013 - 20:05) жазган:

Телефон боюнча сүйлөшүүнү бетиңе кармап, калган экөөнө неге унчукпай калдың?
Эми ошол сүйлөшүүнү дагы бир ирет жакшылап угуп көр. Ал жерде кимди ким каматам дегенин. Ал сүйлөшүүдө "Жээнбековдун балдарын бажыга алып бардың, алар уурулар, алардын баарын каматам" деп Бекназаров Атамбаевге атырылган. Атамбаев "эгер далилдериң болсо камат, мени ар кайсы сөздөрүң менен, революция жасап жиберем деп коркута албайсың" деп жооп узаткан. Ошондо Бекназаров каматам эле каматам көрөсүң деген бойдон калган. Кулакты жакшы итетиш керек андай маанилүү нерселерди угаарда. Сүрөт


Үзүр камакка алам дегенинен жаңылыпмын, дебатка чыгабыз дегени чын окшойт деп койдум. ;)/>/>

Бетиме кармабай эле, тапа так сүйлөшкөнүн кармап атбайбызбы экөөбүз тең, :)/>/>
Ошол жерде сен айткан мыйзам колдонбой калып жатбайбы кокуй күн. :гезит:/>/>

Сенин тейшең ошол текчеде эле турат досум, деп да жатабы. :35:/>/>

Анан да 400 миң долларды кайда, катканын айтбай жатат окшойт ээ чамасы? :tongue:/>

Сариев экөөнү айткан болсоң, мен эмес, Атамбаев эмнеге унчукпай калды деп, сен эле эмес мен да эс учуман таңмын. %)/>/>

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 29 Декабрь 2013 - 07:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   TasmaOSH   29 Декабрь 2013 - 12:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 24 Июль 13
  • Соңку аракети: 01 Апр 2017 16:09
  • Жынысы:Эркек

Атамбаев биздин олкобузго корунукду иш алып баралбай жатат тышкы саясатта эч чечкиндуу эмес эн негизи олко арасында кадыры жок жанына жакшы кадырларды алып келбейт элибиз жасаган революциянын максаттары аткарылбады биз мындай башчы менен тунгуюк багыт м.н кетип жатабыз биздин олко абдан оор мезгилде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Mr.katagan   29 Декабрь 2013 - 18:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 550
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Мар 2014 22:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Башы оогон жерде

Саясатчынын баарбы бул жерде турбайбы
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   aijan   30 Декабрь 2013 - 02:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Шо то Айгул айым айтып жаткан зынкыйган крассавчик Атамбаев мырза менен президент Атамбаев ('кулакка кесме илуу б.ча кара курдун ээси') эки башка киши окшоойт деп калдым.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Voin.teni   30 Декабрь 2013 - 02:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 470
  • Катталган: 27 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2015 06:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:moscow

Кийинки шайлоо качан болот?
Судьба не приговор, судьба творение...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Mr.katagan   30 Декабрь 2013 - 09:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 550
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Мар 2014 22:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Башы оогон жерде

Шайлоо болот дегенде.Биздин айылда озгочо майрамда.
1)Столболор алмашылып жаңңңы зым тартылат.
2)Жол асфальт болот ортосунда полоскасы менен болот
3)Арак тизеден уйлардан бери арак ичет.Иттер мас тоок эчкини айтпай эле койойун.Тоону томкорот тим эле .
Портердин устуно чыгып алып (а дегенде элди арака дымдап туруп анан)кокуууй мен мындаймын мен тигиндеймин кудаяр хандын колун кармаган чон атам деп туруп шыбакты жакшылап шыбайт да кетет.
Эртеси кайра башка бироо келет кайра эле ошол корунуш арак аррррзан закускеси артис болгусу келген бироону ээрчитип алат ырдай берип тили саландап калган байкуштун.
Кысскасы бир ай той да шайлоо болот дегенде.
Шайлоодон кийин кечирип кой махабат.
Жашоо 11 кылым
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Argymak007   30 Декабрь 2013 - 10:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Шайлоого, өтө көп секундалар бар алдыда. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   zhiza   30 Декабрь 2013 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Айгул айым, айта берсек арман коп... "Кыргызавтомаш" заводун менчиктештирип алган Атамбаев кужулдоп иштеп турган заводду мулжуп, талап - тоноп, тетиктерин темирге пулдап, акыры жоготуп тынды. Эки жолу премьер - министр болуп иштеди, азыр олконун президенти. Башканы сындап, "коррупционер" , "ууру" деп куугунтуктаганды коюп, "Кыргызавтомашты" кайрадан авто - машина чыгарган завод кылып, зынкыйтып иштетип койсо, чет олкодо темселеп иштеп жургон мекендештерибиз оз эл, оз жеринде жумуш менен камсыз болот эле го.Мындай кылуу улуу урматтуу президентибиздин оюна дагы келбейт. Анткени, тапкан акчасын Кыргызстанды онуктургонго жумшагысы келбейт!
Макул, коррупцияга каршы курош ачты деп коёлу. Бул курошту саясий оппоненттерине гана ачып жатса, анда буга кандай ишенебиз? Саясий атаандаштары менен курошкон кишинин келечеги тар болот.Бийликке таза жол менен эмес, кыргыздын канын тогуп бийликке келип алып, "коррупция менен курошом" дегенине тан каласын. "Кумтор" эл учун иштесин дегендердин алдын камап, артын козун агыза аттырып жаткандар "коррупция" менен кантип курошот? "Кыргызгаз" 1 долларга сатылбасын, андан коро ушул мекемени банкротко учураткандар жазалансын дегендерди камап жатса, анан кайдагы коррупцияга каршы курош?!
Анан, "Кумтор" койгойу бир канча президенттин, парламенттин башын жеген. Эгерде, азыркы парламент менен президент "Кумторго" адвокаттыгын токтотпосо, булар да моонотунон мурда кетишет.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Vazir   30 Декабрь 2013 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Айгул деген немеге акыл айткандан пайда жок козуно сайып коргозсонда АША жакшы деп тура берет, кыргызда жакшы соз бар Акылы барга бир соз акмака мин соз деген,
Биздин Президент "Марионетка" Путиндин ошон учун оз алдынча саясат жургузо албай жатат , Озунун коомун кура алган жок белгилуу бир чойронун гана Президенти болуп калды .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (33 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 23:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: