Токтогул ГЭСинен чыккан электр энергиясын бөлүштүрүү үчүн алгач Өзбекстанга жөнөтүп, андан соң Казакстандын электр зымдары аркылуу Кыргызстандын түндүгүнө жеткирчүбүз.
Бул СССР учурунда түзүлгөн энергетикалык шакекчеден бир жылы Казакстан чыгам деп коркутту. Эгер алар шакекчеден чыкканда Кыргызстандын түндүгү жарыксыз калмак. Себеби бизге электр энергиясын ташып келүүгө Казакстандан башка жол жок. Анысы аз келгенсип Казакстан менен Өзбекстанга электр зымдарын пайдаланганыбыз үчүн жыл сайын аларга 900 миллион сомдун тегерегиндеги акча төлөчүбүз. Мына ушул көз карандычылыктан кутулуу үчүн президент Датка-Кемин
подстанцияларын курууну тапшырган. Учурда эки подстанция тең бүткөрүлүп,
аларды бириктире турган электр зымдарын тартуу иштери жүрүп жатат. Датка менен Кемин подстанциялары 2015-жылга чейин толук аяктаса, Кыргызстан коңшу эки өлкөгө болгон көз карандылыктан толугу менен кутулат. Мурдагыдай 900 миллион сомду аларга төлөбөй, мамлекеттин казынасына калат.
Бул эң чоң жетишкендиктердин бири.
Бирок бул ишти мурда эле президент болуп келип жасагабагандыгы үчүн да Атамбаев күнөөлүү)))
Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү?
#242 29 Январь 2014 - 09:20
Кыргызстандын түндүгүндөгү Бишкек-Нарын-
Торугарт жолунун 90 пайызы салынып бүтүп калды. Мурда 2 полоса жол эле, учурда ал 4 полосалуу
чоң жолго айланды. Бул жолдун узундугу 590 чакырым аралыкты түзөт. Буюрса 2014-жылы Жалал-Абад-
Нарын-Ысык-Көл
автоунаа жолу курула баштайт. Алгачкы даярдык иштери бүтүп, жаз айынын башында бул ишке киришишет. Мына ушундай жолдорду мурда эле салдырса болмок Атамбаев. Бирок ал кезде президент эмес эле. Мурда президент болбогону үчүн ушул жерде да Атамбаев күнөөлүү )).
кечиресин бул маалыматтын чын экендигине далилиң барбы? деги эле кичине бир нерсе болуп кетсе дежур каналдар(ктр, элтр) айлап мактанчу эле же мен көрбөй калдымбы?
#243 29 Январь 2014 - 13:12
Жаңы бийлик келгенден бери уйларды аңдып, тезек тербей калдык. Электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип, баасы 1 сомдон 70 тыйынга арзандады
. Мына ушинтип тезек тербей жашайлы деп, тезек терүүгө тыюу салган үчүн да Атамбаев күнөөлүү)))
Гуд бай, форумчулар!
!!
#244 29 Январь 2014 - 13:24
Жаңы бийлик келгенден бери уйларды аңдып, тезек тербей калдык. Электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип, баасы 1 сомдон 70 тыйынга арзандады
. Мына ушинтип тезек тербей жашайлы деп, тезек терүүгө тыюу салган үчүн да Атамбаев күнөөлүү)))
А.А. Атамбаев келечектуу жакшы нерселерди жасап эле жатат, озубуз жатып алыпле президенттерибизди куноолой бермей адат таап алдык окшойбуз да, отравление болсо да Атамбаев куноолуу, озу жеп коруп анан бизге бербегени учун э !!!
#245 29 Январь 2014 - 13:26
электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип дег сөзүңө кошула албайм! мурда кандай схемада өчүрүлүп жандырылса азыр да ошондой. эч кандай алдыга жылуу жок. баасына келсек жөжөнү күзүндө санайбыз. баарын убакыт көрсөтөт.
#246 29 Январь 2014 - 13:44
Атамбаев биздин кыргызский Кеннеди
. JFK стилистика жактан.
Анан дагы ал мурдагы президенттердин "традициясын" уже бузду - туугандары саясатта же бизнесте жок,
анан оз убагында кетем деди.
Уже ошол учун эле молодец.
Калганын коробуз. Аны критика кылып турсак болот, жана туура нерсе, бирок ушак же калп провокация менен жалаа жапкан туура эмес.
Анан дагы ал мурдагы президенттердин "традициясын" уже бузду - туугандары саясатта же бизнесте жок,
анан оз убагында кетем деди.
Уже ошол учун эле молодец.
Калганын коробуз. Аны критика кылып турсак болот, жана туура нерсе, бирок ушак же калп провокация менен жалаа жапкан туура эмес.
#247 29 Январь 2014 - 13:52
ал мурдагы президенттердин "традициясын"
уже бузду - туугандары саясатта же бизнесте жок,
Саясатта кандай экенин билбейм, бирок "Кыргызавтомашты" ким көзөмөлдөйт деп сурап көрчү элден, ошондо билесин "туугандары бизнесте жок" экенин.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#248 29 Январь 2014 - 14:02
былтыр кышта машиненин ичинде туноп балдарынар сабак окуганын унуттунбу?свет азыр деле кундо ар кайсы жерде чуйдо очуп жатат Тезегин болсо жагып жылуу отурмаксын.
Бакиевди жактабайм бирок Бакиевди оруся куудурган гансини чыгарбаганы учун билсенер гансинин кыргызстан учун пайдасы ото чон канттагы авия базага орусия бир сом толобойт америка чон сумма толойт коопсуздукка да жакшы аларда демократия ким негрди президент кылып шайлайт?Биз тундугубуз туштуксун туштугубуз тундуксун деп отурабыз.Нарын жолунун сапаты ото начар он жылга чыдаарын кудай билет.Таможенный союзга кааласакда каалабасак да кошулабыз анткени Атамбаев президент болоордо убада берген Гансини чыгарам таможенный союзга кошом деп кошпосо,Ганси чыкпаса Бир кундо Анын кислородун бууп койот.Таможенный союзга кошсо машине алып кор эр болсон Дордойдогу жуз мин элдин элуу мини жумушсуз калат карасуудагы элдин элуу мини жумушсуз калат.кытай товарды казакстан россияга туз ташыйт.Кумтор айтпаса да белгилуу.Жолдордун курулганы жакшы бирок кайсы акчага курулуп жатат аны кийин ким толойт?Эгер убакыт болсо сага туздон тузкайсы куноолорун жазмакмын.Сенин Атамбаевиндин.
#249 29 Январь 2014 - 14:07
Үй-бүлөлүк бийликти кулатуу жана анын түп тамырын кыркуу- элдин эң негизги талаптарынын бири болгон.
Бул жаныганан алганда Атамбаев сөзүнө турду. Бир дагы үй-бүлө мүчөсүн мамлекеттик бийик кызматка койгон жок. Мурдагы президенттердей болуп үй-бүлөсүн бийликке алып келбей, элди алдабай койгон үчүн Атамбаев күнөөлүү. Себеби, кыргыз саясатында салт боюнча шайлоого чейинки убадасынан тайып, элди алдаш керек эле да)))
Бул жаныганан алганда Атамбаев сөзүнө турду. Бир дагы үй-бүлө мүчөсүн мамлекеттик бийик кызматка койгон жок. Мурдагы президенттердей болуп үй-бүлөсүн бийликке алып келбей, элди алдабай койгон үчүн Атамбаев күнөөлүү. Себеби, кыргыз саясатында салт боюнча шайлоого чейинки убадасынан тайып, элди алдаш керек эле да)))
Гуд бай, форумчулар!
!!
#250 29 Январь 2014 - 14:15
Мурдагы президенттер Кыргызстандын атынан Орусиядан 25 миллиард сом, Түркиядан 2,5 миллиард сом карыз алган. Мына ушул карыздардын баарын Атамбаевдин аркасы менен эки өлкө тең кечип, кыргыздардын карызын жойду. Бул үчүн да Атамбаев күнөөлүү. Анткени алган карызды төлөбөй койгон бул адамгерчиликке жатпайт да туурабы. Кыргыздар алгандан кийин төлөшүбүз керек болчу))).
Гуд бай, форумчулар!
!!
#251 29 Январь 2014 - 14:25
Атамбаев дурус эле аракет кылып жатат, Бирок жазда дагы тополон болушу мункун. Кыргызстанга азыр стабилдуулук керек.
#252 29 Январь 2014 - 14:29
Эми свет маселесине келсек свет норма эле. Бирок норма болгону учун Атамбаев куноолуу.
#253 29 Январь 2014 - 16:02
Өткөн жылдары төө буурчактын баасы болгону 30-35 сомду түзүп келсе, быйыл башталгыч баа адегенде эле 70 сомдон башталып учурда 115 сомго жетти. Баа 3 үч эсе көтөрүлүп дыйкандардын ак мээнети кайтып отурат. Буга чейин төө буурчакты сыртка ташуу бизнесин бийликтеги аткаминерлер көзөмөлдөп,
карапайым дыйкандардын эмгегин жеп келгени белгилүү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев: "- Мен Түркияга чейин барып, төө буурчакты алгыла деп өкмөт башчысы Эрдоган менен сүйлөшкөм. Жакшылап карасак, кеп өзүбүздө экен. Төө буурчакты сатууда ортомчулукту бийликтегилер уюштуруп, пайда табышчу экен. Ал гана эмес Акаевден баштап, Бакиевге чейин сатылып жаткан буурчактан акча алып турушкан. Мына 30 сомго жетпеген төө буурчак азыр 80 сомдон ашты. Анткени коррупция жоюлду, ортодогу кызыл кулактар кетти. Чоңдор, кландар киришпей калды. Эгер кландар киришип, Атамбаевдин үй-бүлөсү да "отуруп алса" дагы деле 30-40 сом болмок. Башка 40 сому бирөөнүн чөнтөгүнө кетмек"
- деген эле.
Мына бул ишке да Атамбаев күнөөлүү. Анткени карапайым дыйкандын эмгегин жеп ортодон акча таап жаткан бок курсак чиновниктер ачка калып арыктай баштады)))
Мына бул ишке да Атамбаев күнөөлүү. Анткени карапайым дыйкандын эмгегин жеп ортодон акча таап жаткан бок курсак чиновниктер ачка калып арыктай баштады)))
Гуд бай, форумчулар!
!!
#254 29 Январь 2014 - 16:13
чын чынына келгенде АШАнын тагдырын бир гана батукаев маселеси чечип коет! башкасын айтпай эле турайын.
#255 29 Январь 2014 - 16:27
Тажикстан менен болгон атышуудан кийин Кыргызстан чек араны бир тараптуу жаап салды. Мына ушундан тарта Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, ага катар азык-түлүктөрдүн да баасы өсүп кетти. Кыйналган тажиктер өзүлөрүнүн президенти Эмомоли Рахмонго абдан нааразы болуп жатышат. Бул үчүн да Атамбаев күнөөлүү. Анткени чек араны жаптырып салып, тажиктер кыйналууда)))
Гуд бай, форумчулар!
!!
#256 29 Январь 2014 - 16:42
Кыргызстандын элинин негизги талаптарынын бири АКШнын Ганси аскердик базасын жаап, өлкөдөн чыгаруу болчу. Себеби, АКШ кайсы өлкөгө барбасын ал өлкөнү талкалап анан элин кул кылары белгилүү. Мисалы Вьетнамды алалы. Аталган өлкөгө АКШ өзүнүн аскердик базасын жайгаштырып,
андан соң Вьетнамга согуш ачкан. Мына жакынкы жылдардагы Ирак, Ливия, Сирияны алалы. Бул өлкөлөрдү АКШ бийлиги эмнеге айлантты? Согуш тааласына айланып, жүз миңдеген адамдардын каны төгүлүп, миллиондогон адамдар өз мекенин таштап качкын болуп жүрүшөт көрүнгөн жерде. Андыктан тыйынына кызыкпай чыгаруубуз керек деп Акаевдин кулагын эл жеди. Акыры Акаев чыгарам дегенде, АКШнын бийлиги Акаевди бийликтен кулатты. Бакиев дагы чыгарам деп Орусияга убада берип, 300 миллион доллар акчаны Орусиядан алган соң орустарды алдап койду. Анын кесети карапайым калкка да тийди. Мигранттарыбызды кысымга алышты. Акыры бакиевдин адам болбосуна көзү жеткен кыргыздар аны бийликтен кулатууга аргасыз болду. Андан соң Атамбаев келди. Адегенде эле Гансини сөзсүз чыгарам деп убаданы берди. Айтканы айткан, дегени дегендей болуп президентибиз АКШнын базасын 2014-жылы июнь айында чыгып кетсин деген буйрукка кол койду. Демек сөзүнө турду. Бирок АКШнын базасы чыгып кетсе, жогорку кызматта отуруп алып, күйүүчү май ташыган ишканалары бар чиновниктер каржы булагынан айрылат. Ал эми карапайым бизге окшогон жарандарга анын зыяны да, пайдасы да жок. Бул бок курсак чиновниктердин чөнтөгүнө кедергисин тийгизет. Буга ким күнөөлүү? Албетте карапайым калктын талабын аткарган Атамбаев күнөлүү)))
Гуд бай, форумчулар!
!!
#257 29 Январь 2014 - 17:25
Тажикстан менен болгон атышуудан кийин Кыргызстан чек араны бир тараптуу жаап салды. Мына ушундан тарта Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, ага катар азык-түлүктөрдүн да баасы өсүп кетти. Кыйналган тажиктер өзүлөрүнүн президенти Эмомоли Рахмонго абдан нааразы болуп жатышат. Бул үчүн да Атамбаев күнөөлүү. Анткени чек араны жаптырып салып, тажиктер кыйналууда)))
Кичине реалдуураак болунунз Презтденттин ПРисти,кайдагы Тажиктеги кымбаттоолор?
Билип коюнуз Лейлектен болгон мен билемби де сиз?
Тажикстан продуктага карандысыз, даже досторум коргону боюнча алар даже не в курсе что жол жаьылган,биринчи кундору аларда ГСМ 70сомго чыгып кеткен туура,азыр Озбекстан ГСМга жол ачып Лейлектен да арзан алып жатышат
Эми Лейлекте Бишкектен келген 5литр ак май450сом,жумуртка 10сом инкуб,ун арзандаптыр 1700,илгери тажиктен келгенде мындан жарым эсе арзан болчу
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#258 29 Январь 2014 - 17:35
Кубанычбеккаган туштуктогу маселелерге аралашпачы сен корбогон сон. Атамбаевдин жуугундусун ичкен ММКлар чыгарган далилсиз макалаларды жарыялай бербечи
#259 29 Январь 2014 - 18:47
Кубакабан... кечирим сурайм. Кубакаган неге Датка-Кемин электр болуштургучун Бакиев баштап кеткенин неге жазбай жатат болду экен?
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#260 29 Январь 2014 - 19:00
Бул жердеги Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстандын президенти Атамбаев эки башка адамго анда ээ
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия