Жер которуп кеткенине байланыштуу мен аны көрбөгөнүмө 10жыл болгон экен эле!
Өткөн жылы соц.сеттен достук келди аты тааныштай болгону менен сүрөттөрүн көрүп тап такыр тааныбадым! Ушунчалык өзгөрүптүр ал жай сурап, анда санда сүйлөшүп жатык сен кайда, мен кайда эмне менен алексиң дегендей!
Бирок сүрөттөрүнүн арасында бир кыз менен түшкөнүн көрүп тымызын ичимден кызганып койдум, канча убакыт өтсөда сезимдерим таза бойдон сакталып калганын сездим! Бакыт гана кааладым!
Кеч күздө үйлөнүптүр! Бактылуу бол!
Мекенде болгонумда балким бармакмын эң бактылуу күнүңдүн күбөсү болуп!
