Суперстан: Акындардын диний чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындардын диний чыгармалары

#101 Пользователь офлайн   merim97   16 Сентябрь 2016 - 11:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 161
  • Катталган: 04 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2016 20:42

Аябай тасирдуу ыр экен.Аллах ыраазы болсун сиздерден.
Жибек Акматбекова менен кандай байланышсак болот билбейсиздерби.
Иним ушул эженин ырларын ырдап чыгайын деди эле уруксат сурайн деген.Эгер билгендер болсо айтып койунуздарчы. кантип байланышсак болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   TAMAPA   17 Сентябрь 2016 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 22 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Авг 2017 18:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чет мамлекеттерде

Просмотр сообщения uikuchu7 (05 Июнь 2016 - 00:26) жазган:

Оо, Аллахым!
Өзүңдү көрүш үчүн,
Көкүрөккө эңсеткен куса бергин!
Онтогону айланып каткырыкка,
Ооруган кулдарына шыпаа бергин!
Оо, Аллахым!
Алакандай элибизге,
Акыйкат ыйман менен чындык бергин!
Ала-Тоо жерибизге,
Береке тынчтык бергин!
Күлүктөргө арыш бергин!
Жигиттерге намыс бергин!
Оо, Аллахым!
Сен үчүн сабыр кылдым,
Оо, Аллахым!
Кабыл кылгын!

Жеңишбек Жумакадыр.



ото таасирдуу чыгармалар экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   rumaika5544   18 Сентябрь 2016 - 10:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Кетип жатып сүрүн көрүп мүрзөнүн.
Эмнегедир тып басылды күлгөнүм.
Канчалаган адамдардын типтирүү.
Коргон элем кечээ гана жүргөнүн.

Алар кайда? кечээ жүргөн алдымда.
Өлбөчүдөй сүр көрсөтүп тагдырга.
Ана эми ичээр суусу түгөнүп.
Ар кимиси жалгыз жатат кабырда.

Бир маалда демим чыкты кыстыгып.
Түшүнүксүз ой санаалар ышкырып.
Эртен эле мен да өлөм алардай.
Деген ойдо жол уладым үшкүрүп.

Өз оюмдан өзүм корко баштадым.
Бир нерсени келип турду баштагым.
Эң алгачкы эң биринчи ошондо.
Кудай үчүн көз нымдалып жаштадым.

Баарын таштап мечит жака чуркадым.
Шайтан айтты токто деди укпадым.
Ошол күнү намаз окуп алгачкы.
Ошол түнү аябай тынч уктадым.

Мына ошентип туура жолду тандадым.
Көп жагымсыз кылыктарды таштадым.
Мурдагыдай жашоомо наалыбай.
Бар нерсеме шүгүр кыла баштадым.

Сен да өкүн күнөөлөрдү армандап..
Ойлоп көрсөң ажал оңой ажал бат.
Меникиндей кирдеп кеткен дүйнөңдү.
Сен да мендей тазалап ал адамзат.

Таирбек Эрматов

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 18 Сентябрь 2016 - 10:08

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   uikuchu7   30 Сентябрь 2016 - 21:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

БАЛЫК БАШЫНАН САСЫЙ
БАШТАДЫБЫ???

Жоолукчан көрсө чочушту 
Жоромол ойун токушту 
Катынбай ачык жүргүн деп
Катындар менен согушту

Террорист десе коркушту 
Тамырын таппай койушту
Халатта байкуш эмне айып
Хиджабтар менен согушту

С и р и я десе чочушту 
Себебин таппай койушту
Система менен күрөшпөй
Сакалың ал! деп согушту

Жуманын жолун тосушту 
Жанарын каршы койушту 
Жарандык укук тебелеп
Жарандар менен согушту

Казино, клуб ачышты
Куран курс ачса жабышты
Көбөйүп жатат мечит деп
Көр албас ойун айтышты

Түн клуб, кафе ачтырды
Түн бою бийлеп,каткырды
Азанды айтса бир мүнөт
Айттырбай үнүн бастырды 

Алкасаң сени жактырды
Алкашка медаль тактырды 
Ак жолду элге көргөзгөн
Аалымдын оозун жаптырды 

Кемчилик айтса таптырды
Кама деп сотко тапшырды
Күлдүрүп жүргөн куудулду
Коколоп оозун жаптырды 

Балыгы баштан сасыды 
Байышып ичин кашыды 
Беришпей,кесип жөлөк пул
Бечара байкуш жашыды

Спикер жаңы шайланды
Арактар агып майланды 
Арактын ээси шайланып
Баарынын башы айланды

Арактын жолун ачтырды 
Алкашка бийлик тапшырды
Жоолукчан кызын мазактап
Жылаңач жүрсө жактырды

Партия күчкө байланды 
Пара алчуу жайга айланды
Марадер менен баскынчы
Депутат болуп шайланды

Канцлер келсе чочушту 
Кошамат нерсе токушту 
Кудайдын парзын мазактап
Көчөгө илип койушту 
(Нур)

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Monchoshka   07 Октябрь 2016 - 13:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Просмотр сообщения merim97 (16 Сентябрь 2016 - 11:08) жазган:

Аябай тасирдуу ыр экен.Аллах ыраазы болсун сиздерден.
Жибек Акматбекова менен кандай байланышсак болот билбейсиздерби.
Иним ушул эженин ырларын ырдап чыгайын деди эле уруксат сурайн деген.Эгер билгендер болсо айтып койунуздарчы. кантип байланышсак болот


Фейсбук Жибек Акматбекова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   rnurzida   28 Октябрь 2016 - 01:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Секунд сайын өмүр турат кыскарып.
А биз муну тан албайбыз кыр салып.
Оо туугандар суранаарым силерден.
Кайдыгерлик болбосунчу мычалык.

Акыретке мээнет кылып туралы.
Гөрүбүздө жатуу үчүн тынч алып.


Таирбек Эрматов
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   rnurzida   28 Октябрь 2016 - 01:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Аз акчаны берээр болсок садака.
Көп көрүнөт, бул көөдөндө жарака.
Толгон-толгон акчаларды а бирок.
Аздай көрүп коротобуз арака.

Окуганда он мүнөттүк намазды.
Көп көрүнөт намаздан адам аразбы?
Азгырылма интернетте а бирок.
Канча-канча олтурсак да дагы азбы?

Дуа кылсак сөзүбүз араң чыгат.
Бул жерде да куу шайтан арачылап.
Ким бирөөнүн айтканда кемчилигин.
Сөздөрүбүз тамакты жара чыгат.


Таирбек Эрматов.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 28 Октябрь 2016 - 01:57

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   rnurzida   28 Октябрь 2016 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Адам болуу кыйын экен адамга.
Төгөрөгүң толуп турса жаманга.
Жаман кылып канчалары жүрүшөт.
Бүт баарыны шылтап коюп заманга.

Бирөө жасайт каалаганын, эркелик.
Өз каалоосу бүт ааламга тең келип.
Жаман ишти жакшылыктай көрүшөт.
Эмне дейин, пенделик да пенделик.

Заман келди ата - бала соттошкон.
Каарынан жараткандан коркпостон.
Бир туугандар туугандыгын унутуп.
Заман азыр мына ушундай олдоксон.

Наркы тушүп ыйман күчүн жоготту.
Бул дегени элестетет чоң отту.
Бейиш турса жолун куруп намаздан.
Күнөө кылып тандайбызбы тозокту?

Билип туруп жамандыка шашабыз.
Биз адамдар неге мындай кашабыз.
Өзүбүздүн каталарды жашырып.
Өзголөрдүн айыбыны ачабыз.

Кимдер билет кайсы күнү өлүшүн?
Бул теманын кызыгы жок көбү үчүн
Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырбай.
Оңололу, өлөөрүңдүн өзү чын.
.
Ар адамдын ичинде бар жакшылык.
Деп айтылган Сократтын сөзү чын.


Таирбек Ерматов
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   rnurzida   28 Октябрь 2016 - 02:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Көбүң эле шылтоо кылып мүнөзүң.
Башкаларды капа кылып жүрөсүң.
Башканын да тыз дей түшөт жүрөгү.
Жаман сөзгө тыз эткендей жүрөгүң.

Оройлуктан эч ким кадыр таппаган.
Орой дүйнө кир жүрөктү каптаган.
Мен да бүгүн оройлуктан жашынып.
Мээримдүүлүк бир жактарга аттанам!! !!


Таирбек Ерматов.


P.S. жогорудагы ыр кулк-мүнөз тууралуу болгондуктан көчүрүп койдум.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   rnurzida   28 Октябрь 2016 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Энемдин курсагында жалгыз элем,
Ак кепинге оролот жалгыз денем.
Мындан оор кыйыны ойго салат,
Кабырда да суракты жалгыз берем.


Жеңишбек Жумакадыр.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   rnurzida   29 Октябрь 2016 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Пайгамбарды сүйөм дейсиң. айкынбы?
Ооз менен сүйө берет ар кимди.
Сүйсөн анда жок дегенде ар күнү.
Пайгамбарга бир салават айттыңбы?


Таирбек Ерматов
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   rnurzida   29 Октябрь 2016 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ыйман кайда? азыр айтам! мечитте.
Кара тууган чурка! шашыл! кечикпе.
Тиги жерде ажал турат шыкаалап.
Үлгүрүп кал ыйман менен кетишке!

Ыйман эмне? ыйман намаз беш убак.
Намаз баштап, андан ары кет улап.
Көптөр азыр өлөөр күнүн билчүдөй.
Жаш өткөндө окуйбуз да деп турат.

Жок жок тууган бул аябай жаңылыш.
Азыр оку! жакшы бала, жакшы кыз.
Бир бололу жаркыраган бейиште.
Сен, мен, ал, биз ток этеери жалпыбыз!



Таирбек Ерматов
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   uikuchu7   13 Апрель 2017 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Акыр заман болоордо

Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.

Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.

Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.

Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.

Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.

Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.

Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.

Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.

Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.

Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.

Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.

Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.

Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.

Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.

Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.

Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.

Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.

Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.

Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.

Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.

Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.

Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.

Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.

Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.

Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.

Туяк акын (1856-1912)

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2017 - 22:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Махмут Кашкари,Калыгул олуянын ырлары бар китеп бар "Мунабиххат" деген ошону окусаныздар абдан коп ырлар жазылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   kaidasyn   19 Апрель 2017 - 01:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек



"БИЛЕ ЖУРГУН "

Жетим көрсөң,сылай жүргүн башынан.
Ал бечара, азап тарткан жашынан.
Сындырып бер, нанындын тең жарымын.
Өтүп кетпей, ал байкуштун жанынан.

Жетим көрсөң, ага колдоо көрсөткун.
Жийиркенбей, жүздү жылуу өзгөрткун. Эң мээримдүү, мамилени аяба.
Тагдыры оор, ал бечара бөбөктүн.

Кенедейден, кабылып оор тагдырга.
Жетим балдар, араң жүрөт ансыз да.
Кубандырып, тойгузуп кой курсагын.
Жардам кылып, эч кими жок жалгызга.

Ушуп калса, жылуу кийим кийгизип.
Ачка болсо, ыссык тамак ичинтип.
Кагып силкип, качпагыла алардан.
Адам деген, касиетин билгизип .

Ичинде бар, ызаа, кайгы, муң, заары.
Кантсин анан, болбосо тирек кылаары.
Жаштайынан жетим деген наам берип.
Жаратканым, сыноо менен сынады.

Ыйлабасын, эгер жетим ыйласа.
Көздөрүнөн, жаш куюлуп сыздаса.
Эмне болуп кетееринди биле жүр.
Жер титиреп, ушул дүйнө кыйраса.

Жараткандын убадасы хадисте.
Ким мээримдүү, болсо эгер жетимге.
Анын баардык күнөөлөрүн кечирип.
Киргиземин даражалуу бейишке.

Оо адамдар, биз боорукер бололу.
Жетим көрсөк, жардамга кол созолу.
Жок дегенде, жылуу сүйлөп аларга.
Маңдайынан, назик сылап коёлу.

Автор :АКМАТОВ РАМИЛЬ МАКСУТОВИЧ. .


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Arianaa   19 Апрель 2017 - 13:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 25 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 08:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Бишкек

Эй Аллахым! Ыйман берчи баарына
Молдо доктур жаштар жана карыга
Журогундо ыйман болсо адамдын
Ынтымакта жашай берет дайыма.

Эй Аллахым! Ыйман берчи пендене
Ыйман менен жашайынчы мен деле
Алкаш менен урууга да ыйман бер
Дал ушуну каалап келем элдерге.

Эй Аллахым! Ыйман берчи жалкоого
Анкоо болуп калышпасын тар жолдо
Эгер бизде ыйман деген болбосо
Калабызго окшошконсуп мал койго

Эй Аллахым! Ыйман берчи элиме
Ыйман менен дем кошулсун демиме
Эгер элим Аллах десе дайыма
Ырыскылар толуп турат жериме
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Акыр заман болоордо

Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.

Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.

Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.

Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.

Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.

Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.

Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.

Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.

Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.

Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.

Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.

Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.

Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.

Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.

Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.

Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.

Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.

Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.

Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.

Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.

Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.

Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.

Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.

Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.

Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   JoldoshMantekov   23 Апрель 2017 - 00:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2021 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол- Бишкек

БИР НАСААТ
Көргөн сайын маркумдардын
айылын,
Эске салам ак сөөктөрдүн жайыгын.
Жанын берген жазасына кошоктоп,
Үй тургузат, ташка жазып дайынын...
Эл көрсүн деп мактанычка
барышып,
Кураны жок күмбөз курат
жарышып.
Бүт дүйнөнүн кооздуктарын берсең да,
Маркум жатат көр алдында
карышып...
Ушул жорук миңге бөлөт
санаамды,
Басырылып мен да ташта каламбы? Көзүм көрсө сыздап кетем терс
карап,
Арбактардан начар турган адамды...
Жаны кеткен денесинен айрылып,
Өлгөн адам келбейт кайра
кайрылып. Кымбат таштан кооз эстелик
салганча,
Муктаждардын кышын оңдо жай
кылып.
Автор: Жибек Акматбекова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   JoldoshMantekov   26 Апрель 2017 - 11:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2021 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол- Бишкек

АЯБАЙ ЖАМАН БОЛДУ!
Адашып кээбирлери
Тенирчи шаман болду
Кыргызга ушул жорук
Аябай жаман болду!
Арамды Адал кылып Жегенин каман болду
Орустан жуккан жорук
Аябай жаман болду!
Тонналап ондурушуп
Ичкенин Арак болду
Аракты Арам деген Дарооле Араб болду!
Суннот деп сакал койсо
Террорист Вахаб болду
Кончита сакал койсо
Макташып Чатак болду!
Тымызын сатып койуп Балдарын утка болду
Кыздардын кийгендери
Кып кыска юбка болду!
Эл Журтун Тентип кетип
Оруска жаран болду
Кыргызым жакпай ага Узкий глаз баран болду!
Калкынын мулкун жеген
Депутат торпок болду
Боюнда бала бардай
Курсагы томпок болду!
Чиновник бюджет тоноп Курсагы этке толду
Ачка Эл ууру кылып
Турмолор Зекке толду!
Ак-Уйун Бала бакчан
Алганы Пара болду
Коррупция гулдоп осуп Айыкпас жара болду!
Акчанын кучу кетип
Баркы жок саман болду
Финансы кризис кучоп
Аябай жаман болду!
Журналист берип жаткан Маалымат жалган болду
Чындыкты чыркыратса
Журокко Арман толду!
Жетимдер уйлорундо
Балдарын ачка болду
Абалын элестетип Карегим жашка толду!
Карабай Ата Энесин
Балдары таштап кетти
Каарылар уйун коруп
Журогум какшап кетти!
Демократ тонун кийген Капитал Эзим болду
Оз элин шылдындаган
Ажыккыз чечим болду!
Исламды сунуштасан
Коркунуч сезим болду
Ушуга алып келген Капитал Эзим болду!
Бул тузум зулум кылып
Аябай жаман болду
Буларды айтып берген
Озундун балан болду! Адыл Момунов
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Sagyn.91   30 Апрель 2017 - 00:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Жогорудагы ачуу чындыкты жазыпсыз, азаматсыз))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 05:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: