Суперстан: Акындардын диний чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындардын диний чыгармалары

#121 Пользователь офлайн   Meruet84   06 Май 2017 - 01:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан



Карачы, канча күнүң артта калды.
Байлыктан, бактылуулук кимдер тапты?
Күнүмдүк көр оокатка азгырылып.
Канчасы, ыйманы жок көргө жатты.

Алданба убактылуу өмүрүңө.
Жашооңдуу байлап алба жүрөгүңө.
Унутуп, конок болуп келгениңди.
Дүйнөнү салып алба түнөгүңө.

Эстечи, бугуң батпай ыйлаганың.
Жан дүйнөң ыйманы жок кыйналганын.
Бул дүйнө кенен болуп турса дагы.
Кысылып эч жерине батпаганың.

Жашоонун аягына кимдер жетет.
Өмүрүң суудай болуп агып кетет.
Түшүнүп, ыйман жолун тапкан болсоң.
Ыйманың эки дүйнө пайда берет.

Жаштыгың кайрылбастан артта калат.
Сулуулук, бырыш болуп карып барат.
Түшүнүп, Жаратканды таанып алсаң.
Жан дүйнөң бактылуулук жолун табат.


Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 06 Май 2017 - 01:11

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   kaidasyn   10 Июнь 2017 - 18:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Абдулла ибни Мубарак (рахимахуллаху) айткан:
"Хадис илимпоздорунун бири,кырк мин хадисти топтогон экен,анын ичинен торт минин тандаптыр да андан кыркты тандап,кырктын ичинен ушул торту жагыптыр:
> Аялзатка такыр ишенбе;

> Эч качан байлыгын менен мактанба;

> Ашыкча тамак жебе;

> Пайдасыз илимди уйронбо".


Аялды уйдо карма болуп катаал,
Алардын маани,кейпи окшош татаал.
Ботонду уйго койбо,чыгарба аял,
Ботонго бузулууга аял даяр!

Коз корбос-конулдо арзуу болбойт,
Коргондон сон конулун тынчып койбойт.
Карабасан журогун козголобу,
Козголбосо журогун тоз болобу!

Аялга эркек менен бербе тамак,
Бирге болсо арамдык жолго барат.
Аялдарды чыгарба уйдон алыс,
Уйдон чыкса оп-оной бузуп салыш.

Аял деген -чийки эт,сакта озун,
Ал бузулса -пайдасыз аракетин!
Аялынды кадырла,айтканын тап,
А эшикти ботондон жылчыксыз жап.

Аялдарга илгертен ишеним жок,
Конулу дайым журот козун коштоп.
Куч менен остурулгон, кошмо дарак,
Момо бербес,берсе да арам тамак!

Нечен мин козго толгон берендерди,
Аялдын текебери алдап,женди.
Нечен эр,жузу жарык,абийир алган,
Аялдарга алдырып,жер караган.

Нечен бир азаматтар атагы ашкан,
Тируулой жерге кирген аялдардан.
Аларды кантип бузбай сактоо керек?
Тенирим,боло коргун озун жолок!

(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   kaidasyn   10 Июнь 2017 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Пайгамбар алейхиссалам айткан:

"Акыр кыяматта Алла Таала-

> Байларга - Сулайманды;

> Кулдарга - Жусупту;

> Ооруларга - Айюубту;

> Жакырларга - Исаны далил кылып корсотот" .

Сулайман деген Давуттун уулу,
Сыйлактан берген тенирим алкап.
Сымбаты,сыны бузулбай откон,
Салмагы анын асманга таркап.
Сынады аны шакекти берип,
Соз айтты ага периште келип.
Сыйлады аны жандуунун бары,
Сан жеткис элдер саламын берип.
Кудукка тушуп кутулуп чыккан,
Кудайдын кулу Жусуп кул болгон.
Кыйноонун баары башынан отуп,
Кудайдай болуп бийликке конгон.

(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   -NURIK-   10 Июнь 2017 - 18:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Автору мен. Кемчиликтери бар бирок окуса болот.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20170606_220643_359.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   ozumele   18 Июнь 2017 - 14:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 09 Февраль 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 17:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ноокат

Жан-жаныбар макулук,
Он сегиз миң ааламды,
Бийлеп турган бир Алла.
Акындарың ыр курат,
Дилиңе салып ар кыл кеп,
Сүйлөтү турган бир Алла.
Өмүргө улап, жан берип,
Күүлөтүп турган бир Алла.
Кыш чилдеси бүткөндө,
Жаркырап жаз келгенде,
Гүлдөтүп турган бир Алла.
Ай-ааламды жаркытып,
Биринен - бири өзгөчө,
Түрлөтүп турган бир Алла.

Аллага ашык кишинин,
Оюнда жүрөт бир Алла.
Ою менен кошулуп,
Боюнда жүрөт бир Алла.
Тобокел кылган кишинин,
Соңунда жүрөт Бир Алла.
Ибадатын таштабас,
Ислам үчүн жан берер,
Момунда жүрөт Бир Алла.
Жолго бир чыксаң аттанып,
Балээден жанды куткарып,
Жолуңда жүрөт бир Алла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   ozumele   18 Июнь 2017 - 14:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 09 Февраль 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 17:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ноокат

Жаркырып нуру төгүлгөн,
Күндү берген бир Алла.
Адам өлүп кеткенче
Түйүнү түк чечилбес,
Сырды берген бир Алла.
Акындардын оозунан
Үзүлбөстөн уланган,
Ырды берген бир Алла.
Эч ырыскың түгөнбөйт
Чыдамкайлык кылгын деп,
Сабыр берген бир Алла.
Чыдамы жок пендеге,
Жабыр берген бир Алла.
Кыяматка жеткенче,
Сурак берип турсун деп,
Кабыр берген бир Алла.
Кан айланып турсун деп,
Денеде чуркап жүрсүн деп,
Тамыр берген Бир Алла.
Ой жүгүртүп, ой калчап,
Эси менен болсун деп,
Акыл берген бир Алла.
Бейиштин болгон ачкычы,
Мээримдүү жан энедей,
Асыл берген Бир Алла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 11:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: