Акындардын диний чыгармалары
#61 10 Декабрь 2014 - 18:24
Коз алдымда тамгалары куралды.
Куюлушкан кереметуу суроолор,
Кыналышып сап сап болуп чубалды.
Сунгуйм улам кыраатына берилип,
Сыйкыр жоктой мындан артык сезилип.
Мына мына учуп барам каалгып
Ай ааламга канаттарым керилип...
Бул сезимди жеткире албайм мен эч кимге ,
Башка жан да кабылганбы бул сезимге.
Ыйык Куран алып учуп корду беле,
Оо бурадар айтынызчы суроо сизге?..
#62 13 Декабрь 2014 - 10:55
Алла Таала- бут ааламды жаратуучу,
Алла Таала- бут нерсени байкоочу,
Алла Таала- адилеттик кылуучу!
Билдирүүнү түзөткөн: Aygul: 13 Декабрь 2014 - 10:56
#63 17 Декабрь 2014 - 18:53
Багымдатка ача албадым козумду,
Бекер созго жумшап кечки убактым
Зулумдука салган экем озумду,
Эрте туруп, аз маз жата турайын
Анан туруп тааратымды алайын,
Деген бойдон кеткен экем уйкуга,
Багымдатты окуй албай кун сайын.
Эй ........... ишенгенин ушубу?
Бул да сенин ишенимин суздугу!
Уйку сага багымдаттан таттуубу?
Алладан корк, башта эрте турууну!
Уйку жакшы эгер болсо чегинде,
Чектен ашпа эрте тургун эринбе,
Мактоо айткын Аллах эн бир татыктуу,
Аллах жалгыз болсун дайым эсинде.
Шугур кылып руку кылгын Роббине,
Сунноторду айландыргын хоббине,
Мындан кийин багымдатка бекем бол,
Нафс дегенди койбогун оз эркине!
#64 18 Декабрь 2014 - 02:40
Коздордон жаштар агып чыкканда,
Ибаадаттын даамдарын татканда,
Мемиреп журок чиркин жыргайтта!
Кеебирде Намаз десе ээринип,
Дааратка аран барам керилип,
Сууну куйуп жузду аран жууганда,
Жан эргитет муздак суусу танзаарда!
Куранды ачып алып окусан,
Сезилет жаннат жыты байкасан,
Чынында кереметтуу Китеп деп,
Жаратканга мактоо айтам чексиздеп!
#65 21 Декабрь 2014 - 02:46
Жашообуз журуп жатат бироо учун,
Канчалык ылтынсакта биз алдына,
Буйрубаса баары бизге эмес тура!
Жаралуу озунон озу болбодуго,
Жаратуучу баарын нурга ородуго,
Тушунбой ал нурларды издедикко,
Ал нурлар, 99 ысым, 1001 сыпат экенго!
Буларды эмнеге жазып оттум,
Кудайды данктап создон бираз токтум,
Намазды унутпай окуп жургун,
Себеби баарыбыз кайтабыз биркун!
Айтып берейин кечееки окуядан,
Ал киши кыйналып, жудоп алган,
Кезинде исламга болгон душман,
Илимдин профессор-наук атыккан!
Ооз тийип динсиздиктин даамынан,
Ошол кезде Кудай жок деп кыйкырган,
Кече кордум мечиттин жанынан,
Ибаадатка багыныптыр аргасыздан!
Учурашып кепке тарттым шашпастан,
Тажадым, жыйган байлык-мансаптан,
Журокто тынчтыгым эч уктатпастан,
Жургон экем жыргал багын таппастан!
Мына азыр Намазы бутту Жуманын,
Рахаты келди журогумо Курандын,
Арман кылдым, откоргонумо жашымдын,
Дедида, басып кетти акырыын!
Эх биртууган ойгонолу батырак,
Омур отот эч кутпостон зымырап,
Биздагы каарып калсак калтырап,
Барабызго ошол Кудай уйуно тамтандап!
А бирок аргасыздын ибаадаты,
Айырмасы болот экен арадагы,
Ошон учун жаштыкты берген экен,
Ибаадатын ото бийик болот деген!
Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 21 Декабрь 2014 - 03:33
#66 25 Декабрь 2014 - 18:40
Кыямат жыттанып келе жатат,
Канчалык тырышпайлы бул жарыкда,
Бир куну болобузго кабыр кучагында!
Ал жерде суроо болот, Роббин ким деген,
Жаныбызда эчким болбойт жардам берген,
Арбир жасаган куноолор учун эчендеген,
Чагып сойлойт, азапчы периште жылан деген!
Кел биртууганым, жашоону озгортолу ибаадатка,
Конул бурбай пайдасыз (бидат) жанылыктарга,
Барбайлычы маанисиз шаан-шокот жайларга,
Себеби нурсуз барып калабыз кабыр-кыяматка!
#67 25 Декабрь 2014 - 20:58
кидают камень, отвечайте плодами»
#68 12 Январь 2015 - 01:33
Азаптуу кундоруну карманып,
А биз болсо эстегенге назданып,
Журобуз ойундарга азгырлып!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#69 14 Январь 2015 - 15:08
Көз жетпеген мунарыктуу жактардан,
Күн-түндөрдөн, чак түштөрдөн издебе
Күүгүмдөрдөн, коюу түндөн, ак таңдан.
****
Тааны Алла сыпаттарын, ай пенде!
Таанытууга кайдан жетсин ал менде.
Жерде, көктө, кыбылада эмес ал,
Жараткандын орду бар да ар жерде.
****
Мээримине бүт нерсени нурдаган.
Маалым Ага кандай болгон мурда аалам.
Улуу Алла кемчилдиксиз тек бир Зат,
Убакытка, мейкиндикке сыйбаган.
****
Андан башка кудай, теңир жок теңдүү,
Ал жаратат карды, гүлдү, көктөмдү.
Бүт нерсеге жетет анын илими,
Билет баарын; келечекти, өткөндү.
****
Кара пенде! Жер-көккө көз жиберип,
Кара, сырды акыл жетпес бүдөмүк.
Алла уста түзгөн аалам системин,
Ал дайым бар, болот дагы түбөлүк.
****
Эй пенделер, жолуң баскын тууралап,
Эртелегин, боло электе кыямат,
Өзүң арнап Жаратканга баш ийгин,
Өмүр барда Ага кылгын ибадат.
****
Эй пенделер, тартпа күнөө сүдүрөп,
Эй пенделер, ойгоо болгун идирек.
Алла Таала – кудайыбыз, тааныйлы.
Ал теңдешсиз, Ал Адилет, Кудирет.
#70 12 Февраль 2015 - 03:53
Ойгон үммөт, өйдө болгун, тур эми,
Оо диндешим, не үйөсүң күнөөнү.
Пастык менен күн кечирип жатасың,
Пайгамбарың пастыгыңды билеби?
Ойлон, ойлон, ой чогултуп бүтүмдөп,
Оомал дүйнө, бүтпөс майда ишиң көп.
Соолуп жаткан гүл диниңди билишсе,
Сахабалар кир жүзүңө түкүрмөк.
Көрбөйсүңбү диниң күйгөн апаатты,
Көз көрүнөө пайгамбарды ашатты.
Акыл калча, коргобосоң Элчини,
Анан кантип кылат сага шапаатты.
Өлүм жүргөн жан күйгүзгөн ысыкта.
Өмүрдү унтуп, кочкул канды кусуп да,
Кара жанын тиштеп алып Нур ээсин
Коргошту эле сахабалар Ухудда...
Уу тил менен кандай гана дебесин,
Урган ташын, каргыш сөзүн, жемесин,
Таифте Зайд ибн Харис Султанды
Тосту эле го калкан кылып денесин.
Ал эрдикти жарабайсың ойлоого,
Азыр Батыш намысыңды кордоодо.
«Ай, мунуңар туура эмес» деп сүр кылып,
Алдыңбы сен Мухаммадды коргоого.
Куруп кетсин кур бекерге күлгөнүң,
Кайридиндей жашаганың, үйлөнүүң.
«Бусурманмын, сүннөт тутам» дейсиң да,
Буруу динчил чыгарганы кийгениң.
Сөзүмдү уккун , ызааланбай, демикпей,
Сен жүрөсүң, тирүүсүң да өлүктөй.
Алла айткан «акылыңды иштет» деп,
Артта калдың а сен такыр өнүкпөй.
Кайдан келди эрк тушаган күн корлук,
Кеп айталбай алсызданып тим болдук.
«Бир жыланга эки жолу чактырып»,
Биз ким элек, айтчы эми ким болдук?
Бекерпозсуң, керээли кеч жөн жүргөн.
Балит шайтан эбаак буга көндүргөн.
«Фанта» «Кола» «Пепси» ичесиң пулга алып,
Фабрикаң жок, буюмуң жок өндүргөн.
Набийге нак үммөтмүн деп өзүңү,
Насип болсун десең ага кезигүү.
Сүннөт жаша, бир нерсени ойлоп тап,
Сүннөт деген алга умтулуу, өнүгүү.
Өтүп жатат кур бекерге өмүрүң,
Өчүп жатат тунук акыл, сезимиң.
Арам менен достошсуң да сырдашсың,
Анан, айтчы, мусулман дейт сени ким?
Кенен ойлон, өз оюңдан чочубай,
Кең ойлонсон сөз беремин, жок убай.
Аллах үчүн суранамын, керсейбе,
Акылдуусуң эч нерсени окубай.
Даттап кеткен билесиңби, диниң бүт,
Жашап калдык оокат менен күнүмдүк.
Каапыр дейсиң диндешиңди опоңой,
Кайда тынчтык, оо мусулман биримдик???
Тургун үммөт, бүткүл аалам чаңысын,
Төрөлгөнсүң айбалтанын сабы үчүн.
Ойлоруңду таразала, бир тууган,
Ойгонсунчу дин исламдык намысың!
#71 12 Февраль 2015 - 04:32
Кудум эле коргоочун бардай ак уйдо,
Ак уй, Кок уй баары жооп берет мурзодо,
Заар чачып, жылан чагат сурдото!
Ыймандуунун куноолорун жаясын,
Озун качан сук напсинди тыясын,
Арам-адалбы, корку болсо суктанып,
Жеп журосун тойгонуна кубанып!
Эхх айымдар жабалычы абийирди,
Туптойлучу жашообузга ак динди,
Тыялычы арам создон тилдерди,
Мына ошондо толтурабыз Бейишти!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#72 12 Февраль 2015 - 18:16
Аскалардай көк тиреп сен бийиксиң билип ал.
Атаң тирүү бар кезде дөөлөт болот билип ал,
Жыгылганда таяган жөлөк болот билип ал.
Кези келсе бир тууган бөлөк болот билип ал,
Ыйман сурап Алладан, насаат айтса угуп ал.
Көкүрөккө керезин түйүн кылып түйүп ал.
Түркүк болбойт дүйнөгө кимдигинди билип ал,
Атаң тирүү бар кезде, сый көрсөтүп сүйүп ал.
#73 13 Февраль 2015 - 21:11
Бул жашоодо неге бакыт самайсын?
Суйдум деген сезимдерге малынып
Кутуп дайым анын жолун карайсын.
Шайтан жолун эмне учун тандайсын?
Ал жол менен эч узакка барбайсын
Билсен пенде бул жашоонун азабын
Ал жашоодо,акыретте байкайсын
Чексиз мээрим тогот дайым Аллахым
Шериги жок тендеши да ал заттын
Куноо кылган пендесине ар дайым
Сабыр кылат,тообо кыл деп ар дайым.
Откор пенде омурундун калганын
Ысымына арнап дайым Аллахтын
Белеги коп пендесине арнаган
Бакыты бар тугонбогон ал заттын!!
#74 17 Февраль 2015 - 20:54
Ыман болбойт тугонбогон жыргалда
Талпын дайым жаратканды улуктап
Акыреттик бакыттардан кур калба
Жанды бербей шайтан аттуу душманга
Ал шайтандын тузагына тушалба
Канат байла кайрат кылып баарына
Билим жана Ыйман коздой учарга
#75 22 Февраль 2015 - 21:28
Алданды бул жашоодо азгырыка,
Пайгамбарын Кудай деп данктаса,
Эргешти кайдагы бир ыпластарга!
Билдирүүнү түзөткөн: Speznaz41: 22 Февраль 2015 - 21:29
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#76 27 Апрель 2015 - 01:49
Суйуу ырларын, коп жазыштан
айбыгам,
Кээде жазып,окуп алып
кайгырам,
Мен суйгон сон,ал да мени суйоор
деп,
Жок нерсени,кыялымда бар кылам!
Канча ырларым,калып келет жазылбай,
Ачыла элек кендерге окшоп казылбай!
Богот болуп, тосуп турат ыйманым,
Куюлушуп, турса дагы ачылбай!
Алла барын,жургонумдо тушунбой,
Арт артынан,канча ыр чыкты узулбой!
Туну уктабай жазган суйуу ырларым,
Азыр мага сезилгенсийт тушумдой!
Ошол ырлар,турат ойдо сакталып,
Атым чыкмак,жазганымда мактанып!
Ырларыма таазим кылып далайлар,
Бул дуйнодо жашайт белем баркталып!
Бирок менин алдыдагы максатым,
Пайгамбардын(С А В.) ишеничин акташым!
Тизе бугуп сыйынбасам Аллага,
Кыяматта эмне болот керт башым.
#77 27 Апрель 2015 - 01:54
Кун чыкса да кайра батып кеч кирээр.
Жалгыз гана сенин таза журогун.
Жалан гана жакшылыкка жеткирээр.
Бардык адам каталыктар кетирээр.
Тобо кылсан жалгыз Аллах кечирээр.
Биз куранга амал кылып жашасак.
Бир кун келип бейиш торго жеткирээр.
#78 27 Апрель 2015 - 02:28
акыл берип адамга,санаткансын Аллахым,
коз ирмемче ургулоп, чарчабайсын Аллахым,
бут ааламды бир озун, калкалайсын Аллахым!
Мээримине ааламды, болоп турган Аллахым,
тушурбостон асманды, жолоп турган Аллахым,
бир заматта ааламды, жок кылуучу Аллахым,
туболукто тозокту, от кылуучу Аллахым!
Бир тамчыдан адамды, пайда кылган Аллахым,
олгондон сон тирилтип, кайра кылган Аллахым,
ак караны тен болуп, сыноо берген Аллахым,
моюн сунган пендесине, ыроо берген Аллахым!
#79 27 Апрель 2015 - 23:53
Жетилсе да толуп бышып акылым!
Туура жакка пайдаланып калсам дейм!
Отуп жаткан омурумдун закымын!
Изилдеймин жашоо турмуш тартибин!
Конул коюп угуп келем ар кимин!
Таразалайм, ээрчибеймин жон эле!
Ширин суйлоп,тамызса да бал тилин!
Байкап корсон,ынтаа коюп жакындан!
Ар бир адам,озунчо эле акылман!
Женил ойдун жетегине берилип!
Копторубуз адашканбыз акылдан!
Жок дегенде,уйронбойбуз келмени!
Башкаларга далилдейбиз эмнени!
Бут ааламдын, кожоюну Аллага!
Эмне иш кылдык,бул жашоого келгени!
Арстанбек М.
Билдирүүнү түзөткөн: TAYNAYA: 27 Апрель 2015 - 23:54
#80 28 Апрель 2015 - 01:45
Канча билим алсан дагы жогору,
Менменсинип билимине таянып,
Илимсизди кемсинткендер онобу?
Же илимин кемчиликти жоёбу,
Жан дуйнондун жардылыгы толобу,
Билгенинди билбегенге тануулап,
Билбегенди капа кылсан болобу,
Биринчиден, кимден алдын жондомду,
Акыл эсти,баарын байкап коргонду,
Билемин деп акылына таянып
Унутпагын,мезгил жетип олгонду!
Бут ааламды жалгыз озу жараткан,
Башталышы аягы жок абалтан,
Акыл эске денгээлине жараша,
Суралабыз эрте кечпи Аллахтан!