Суперстан: Акындардын диний чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындардын диний чыгармалары

#81 Пользователь офлайн   rumaika5544   02 Июль 2015 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Жаратып,жашоо берип Адамзатка .
Жалгыз Ал кудуреттин ээси гана!
<<Жакшылап талдап корсон ишенээрсин> >
Жараткан сени-мени Жалгыз Алла!
Карачы, кандай сулуу жаратылдын.
Кемтик жок,турпатында таба алдынбы?! Кормоксон боло албассын," кереметке"
Коз алдында ааламдын жаралышы.....
Коротпогун шылтоо издеп убактынды!
Корком десен,колго ал,оз парзынды!
Ойгончу,козунду ач,тургун эми,
Ойлончу, кимисине кулсун деги....? Ооп кетээр дунуйого же туболук.
...Оо диндешим тандап алаар сенин эркин.
..................... ... Жаман корбо, жон гана даваатым
бу.
..Жок дегенде ыр менен айтайынчы...
Жуз жыл болоор,коп болсо жашаарыбыз. Жок дегенде таанып ал КУДАЙЫНДЫ! !!

Илип койдум уялбай :tongue:
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   SMS Aroma   17 Июль 2015 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 801
  • Катталган: 03 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Дек 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Кайгырып , санаа тартып кирдебегин ...
Башкаларды жаман коруп тилдебегин
Билгинин , самандай сапырылып,
Жон эле жашоого келбегенин ...

Кан тамырда кан айланып турган кезде,
Унутпай Жаратканды коп-коп эсте ...
Олумго омурунду байласан да...
Бул жалгандан жарыктык нурун изде ...

Ээрчигин Мухаммад пайгамбарды ,
Окугун чын дилинден намаздарды ,
Билгинин бул кундорун кайтып келбейт ...
Олгон сон мумкунчулук
кайра бербейт ...
Пайда тап, ар бир кундон жалкоолонбой,
Ибадат кыл, ар нерсеге шылтоолобой.
Жашагын ар бир кунду акыркыдай...
Жакшылактан сооп иштерди изде тынбай !
М.С
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Jadyrashka   28 Июль 2015 - 23:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Турмуштун жолдорун тар кылба Аллах
Эч качан перзентке зар кылба Аллах
Махабат суйууго туш кылсан эгер
Ыймансыз, арсызгы жар кылба Аллах
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Jadyrashka   29 Июль 2015 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Мен дуйного ибадатка келгемин,
Тубум ылай туркук эмес пендемин.
Бугун болсом убактылуу дуйнодо,
Эртен эле сурак берчу жердемин.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Mediziner   29 Июль 2015 - 12:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эн сонун! Азаматсыздар, рахмат!
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Begim_4   31 Июль 2015 - 11:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Халифалык! Үммөт сени сагынды!
Бүгүн үммөт мүдүрүлдү кагылды,
Улуу Куран очоктордо жагылды.
Коргоочусу башчысы жок темселеп,
Халифалык! Үммөт сени сагынды!
Зулум күчөп улуу үммөт багынды,
Өчүрүштү Исламдагы жалынды!
Мусулмандар өз мабдасын унутуп,
Халифалык! Үммөт сени сагынды!
Аллах аты мечиттерде асылды,
Имамдары түз Исламды жашырды.
Куран , Хадис текчелерде тизилип,
Халифалык! Үммөт сени сагынды!
Кордоп жатса жашыңды да карыңды,
Мусулмандын кулак көзү жабылды.
Илгеркидей биримдик жок, майдаланып,
Халифалык! Үммөт сени сагынды!
Тартып алды кен - байлыкты , барыңды,
Шылдыңдады муслима кыздарыңды!
Куралы жок аскер сындуу өңдөнүп ,
Халифалык! Үммөт сени сагынды!
(с) Mr Muslim

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Aruushaa   04 Август 2015 - 16:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Жаратканым жалынамын ыйман берчи жүрөккө,
Жалган менен аралашып, жаман, алсыз күн өтпө.
Жарышкансып баратабыз байлык менен алышып,
Жандуу туруп окшоп калдык ыймансыз бир сүрөткө.

Жүрөктү ээлеп дарт сыяктуу байлык, бийлик, мансабы,
Дүйнө ээси ким экенин унутуп барат канчасы,



Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   rnurzida   10 Сентябрь 2015 - 02:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Алыс болуп зына, күнөө кылгандан.
Алыс болуп байлык, мансап жыйгандан.
Кадырлашып аз күнчөлүк өмүрдө.
Ар намысты баштайлычы ыймандан.

Адал болсун тапканыбыз, дилибиз.
Ардайктайлы бирибизди—бирибиз.
Жаратканга шүгүр кылып жашайлы.
Жалган жашоо болсо дагы " тирүүбүз ".

Жүзүбүзгө берсин Алла ыйык нур.
Жарыктыкта дуба кылуу ыйыктыр..
Жай намазга башың жөлөп, беш убак.
Жалгыз гана Жаратканды сүйүп жүр.


Уулкан Амираева.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2016 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"Мусульман кызы.", "Эээ пенде....", "Динге чакырган ырлар Керек.", темалары менен бириктирилди.

Акындардын жана өздүк калемге таандык диний чыгармаларды ушул темадан уланталы.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Келген калбас,
Кеткен кайтпас.
Убактылуу бул дүйнө,
30 жылбы, 60бы,
Өтүп кетээр бат эле.

Март айында жаз башталаар,
Жаздын да бүтөөрү бар.
Ошол сымал бул дүйнөнүн,
Бүтө турган чагы бар.

Бул сөздөргө ишенбесең,
Ишенбестен жалган десең.
Кана айтчы кайда кетти,
Жашап өткөн ата-бабаң?

Дагы далил керек десең,
Кана ач көз Харун деген?
Фираунда, Намрутда,
Баары өткөн бул дүйнөдөн.

Ошондуктан келгилечи,
Башыбызды ийели,
Жаратканга сажда кылып,
Ибадатта жүрөлү.

Автору белгисиз

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 19 Май 2016 - 15:54


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 22:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Aziyatka.Kg (19 Май 2016 - 20:45) жазган:

Soonun chygarmalar jazylyptyrgo bul temaga. Uykuchu dagy jazchy seninyam chymynyn bar okshoyt a?


Менде эч кандай чымын жок. Болгону окуганымды бирөөлөр менен жөн гана бөлүшүп коём

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   uikuchu7   20 Май 2016 - 10:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Ажырашкандарга жана ажырашчуларга…

Ашыктык тураар түпкүрдө кайнап,
Бакытың турбайт үстүңдө жайнап.
Үзүлүп түшүп үйлөнөт көптөр,
Үмүтүн кыска үч күнгө байлап.

Бактылуу күндөр биригип нурдан,
Бир дене болот, бир үмүт курган.
Тилекке толгон «жинди суу» менен,
Той дагы бүтөт жинигип турган.

Каректей сактан, эрте тур, ойгон,
Калбайбыз жашоо эркеси бойдон.
Эзелки кыял ээрчитпейт сени,
Элирбей тойдун эртесин ойлон.

Бөлүнгөн жанды тарыхым дебе,
Бүк түшөт кээде багытың деле.
Анткорлук менен өчөшүп турчу,
Ак нике бизге абысын беле?..

Бу турмуш кээде катуу жамгырлайт,
Каректин жашы ачуудан кургайт.
Өрөпкүп турган өзгөрмө жашоо,
Өбүшүү менен жатуудан турбайт…

Санаага толгон караңгы чакта,
Сабырың менен жараңды чапта.
Ойлонбой кыйган дарактай кылбай,
Ортодо турган балаңды сакта!

Эки жуп бирин нак коштош керек,
Баталуу болуп бак топтош керек.
Бир жүрүп саткан душмандай болуп,
Ажыраш үчүн баш кошпош керек.

Бутуңду тешкен кылдырак жолдой,
Бу тагдыр көптү кылдырат болбой.
Чечкиндүү жигит бүлөөсүн сактайт,
Ар кимди угуп былжырак болбой.

Калышты көптөр өчүп, тынышып,
Очогун таппай көчүп, жылышып.
Бир түгөй менен, бир нике менен,
Жашаган дурус көчүктү кысып....!

Б.Жамгырчиев



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   uikuchu7   21 Май 2016 - 21:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Билбеген соң кайсыл күнү кетээриң,
Кайсыл бурчтан ажал сени күтөөрүн...
Аллахка ант пенделердин баардыгы,
Жаратканга берээр акыр эсебин.

Ыйлап келдик жып жыланач баарыбыз,
Кайра деле жыпжыланач кетебиз,
Дүйнө жыйып алтындан тоо үйсөк да,
Оо адамдар не мураска жетебиз?!



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   uikuchu7   26 Май 2016 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ДИНДЕШ БОЛГОН ТУУГАНЫМА АСЫЛБА!! !

Сен күлгөнгө күлө албасам каткырып,
Сен сүйгөндү сүйө албасам жактырып.
Билбейсиңби менин дагы тандоом бар,
Мажбурлаба өз жолуңдан бастырып...

Жашоосунда бара жаткан түз басып,
Сакалчанга, жоолукчанга асылба.
Алар үчүн салык төлөп жаткандай,
Аңкоо сындуу сөз айтканга шашылба!

"Сакалчан" деп бет кылдарга асылып,
Мечит көрсө кирбей качат жашынып.
Котур болгон эшек сындуу айкырат,
Дааватчы деп, дамбалчан деп кашынып.

Жоолук салса "Хиджапкүл" деп мазактап,
Чөлдөн келген чөөлөр сындуу карашат.
Сандар ачык, төш булактап жүргөндү,
Сулуу кыз деп жүрөк сууруп баалашат.

"Террорчу" деп мечиттерди аңдышып,
Шектенишет жаакты көрсө карарган.
Элди бузган сойкулар да "террорчу" ,
Күнөөлөбөй санын самайт агарган...

Динибизди сакал менен баалабай,
Жоолук салса чалыр болуп карабай,
Билип жүргүн ак-каранын салмагын,
Акыл калчап, таразалап дааналай...

Намаз окуп дин жолунда жүргөндөр,
Тийишпейби, сен да аларга тийишпе.
Бирөөгө эмес керт башыңа сурак бар,
Өзүңдү ойлоп башкаларга киришпе...

Каршы эмесмин кимге айланып сыйынсаң,
Мейли тарса, теңирчи бол, баптист бол!
Диндеш болгон тууганыма асылба,
Ислам дини мээрим толгон ыйык жол!!!

Автор: Жибек Акматбекова


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Tahmina.Musaeva   29 Май 2016 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 25 Май 16
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2021 09:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

~ПАЙГАМБАРДЫ ЖАКШЫ
КОРОМ
ЖУРОКТОН,ЭЛЕСТЕТИП СУРДОЙ БЕРЕМ
СУРОТТОН~
Пайгамбарым, пайгамбарлар мыктысы,
Сен келгенин бут ааламдын бактысы,
Суннотторун, амалдарын калтырып,
Айттын эле ''Намаз- бейиш ачкычы''
Кеткен элен ар бир созго токтолуп,
Хадистерин кетпейт сенин жок болуп,
Ар бир жанга жол корсотуп,адаштырбай,
Амалдарын келет бизге жол болуп.
Уммотторум адашпасын туз жолдон деп,
Омурунду арнап кеттин биз учун.
Кээ бирлер бир да сени ойлоп койбойт,
РасулАллах, эмне кылдык сен учун?
Дин жайылттын сап башында баш болуп,
Сахабалар турду сага тош болуп,
Аллахыма мин мертебе шугур кылам,
Калганыма бир озуно уммот болуп.
Бут ааламды ислам жолго ундодун,
Каршыларга кабагынды туйбодун,
''Жараткан, ыймансызга ыйман бер''-деп,
Канча отту намаз менен тундорун.
Ойлоп кетем айланага карап коюп,
Эх,инсандар эмне болуп баратабыз,
Пайгамбарым уйроткон го баарысын,
Табалычы ыймандуулук даарысын.

✏Автор:
Зайнабидин кызы Тахмина.





Акын деле эмесмин:-). Калем кармап чиймелеп койдум эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   uikuchu7   29 Май 2016 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мухаммад ким? Адамзаттын таажысы!
Муну билбей чыкты душман дабышы.
Жан кейиткен махшар күнү Ин Ша Аллах.
Жалдырашат пайгамбарга баарысы!


Жеңишбек Жумакадыр



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   arsenal.11   30 Май 2016 - 11:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 15 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2017 18:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ

Просмотр сообщения Tahmina.Musaeva (29 Май 2016 - 15:17) жазган:

~ПАЙГАМБАРДЫ ЖАКШЫ
КОРОМ
ЖУРОКТОН,ЭЛЕСТЕТИП СУРДОЙ БЕРЕМ
СУРОТТОН~
Пайгамбарым, пайгамбарлар мыктысы,
Сен келгенин бут ааламдын бактысы,
Суннотторун, амалдарын калтырып,
Айттын эле ''Намаз- бейиш ачкычы''
Кеткен элен ар бир созго токтолуп,
Хадистерин кетпейт сенин жок болуп,
Ар бир жанга жол корсотуп,адаштырбай,
Амалдарын келет бизге жол болуп.
Уммотторум адашпасын туз жолдон деп,
Омурунду арнап кеттин биз учун.
Кээ бирлер бир да сени ойлоп койбойт,
РасулАллах, эмне кылдык сен учун?
Дин жайылттын сап башында баш болуп,
Сахабалар турду сага тош болуп,
Аллахыма мин мертебе шугур кылам,
Калганыма бир озуно уммот болуп.
Бут ааламды ислам жолго ундодун,
Каршыларга кабагынды туйбодун,
''Жараткан, ыймансызга ыйман бер''-деп,
Канча отту намаз менен тундорун.
Ойлоп кетем айланага карап коюп,
Эх,инсандар эмне болуп баратабыз,
Пайгамбарым уйроткон го баарысын,
Табалычы ыймандуулук даарысын.

✏Автор:
Зайнабидин кызы Тахмина.





Акын деле эмесмин:-). Калем кармап чиймелеп койдум эле

Ма Ша Аллах,ото маанилуу жана таасирлуу.калеминиз курчуй берсин
Жыргалчылыкта Аллаhты эстесен,кыйынчылыкта Аллаh сени эстейт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   uikuchu7   04 Июнь 2016 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эй, замандаш!
Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын?
Өтүп кетер кур өмүрдө,
Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын.
Түшүнгөндөр туура десе,
Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын.
Баш чайкаган мерез чыкса,
Бактысыз бу башымды муңайтайын.

Оопасыз ушул дүйнө,
Оту өчсө дене - бойдун,
Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу.
Оюнунду анан улант,
Он мүнөт сабыр кылчы,
Орозодон кебимди улантайын.

Орозо не?
Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын,
Жасаган ибадаттын аныгыдыр.
Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып,
Ыйманына күч берген салымыдыр.
Ыймандын жарымы сабыр болсо,
Орозо ал сабырдын жарымыдыр.
Өлбөгөн ким бар дейсиң?
Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн,
Орозо нурун чачкан жарыгыдыр.

Орозо не?
Ой айтсам, орозодон терендеген,
Ой жетпес керемети терең белем?!
Оо, пенде рамазан ыйык айды,
Опол тоо зор бактыдан кур калууда,
Орозосуз өткөрөм деген менен!
Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес,
Акыретте жакшылык бар беленделген!
Антты бар орозого Жараткандын,
Сооп жазар периште да билбей турган,
«Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген!

Орозо не?
Жөн гана ачкалык деп ойлогондор,
Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор,
Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп,
Үмүтсүз Акыретин болжогондор,
Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп,
Орозого моюнун толгогондор,
Ойлонбойбу? !
Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү,
Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды,
Жан-жаныбар бүт куштарды,
Аралыгын бузбай турган,
Асмандагы жылдыздарды,
Ойлонбойбу, ойлонбойбу? !
«Ким кылды?» -деп жок десе,
Кандай момун, ден соолугу бар туруп,
Курсак сылап орозодо,
Кардым менин ток десе!
Орозого күлгөн жандар,
Билбейт өзү, баратканын от кече.
Орозого данк алгандар,
Орозосун ой-тоого жар салгандар,
Мактангандар,
Ойлон, пенде!
Андайлардын орозосу жокко эсе!

Орозо - бул купуя сыр,
Ободогу Аллах билсин бир гана.
Тааныбасаң, Кудайыңды,
Тааныштырам, мен сага.

Аллах улуу кудуреттуу,
Анын болбойт шериги.
Атасы жок, апасы жок,
Анын болбойт теңири.
Ааламга да сыйбай турган,
Анын орду кеңири.
Ал акыркы, ал биринчи,
Айтылбаган оюңду да билүүчү.
Аллах өлбөс, Аллах тирүү.
Каалаганга өмүр берип,
Каалаганын өлүм менен ноктолойт.
Аллах баарын жаратуучу,
Жаралгандын бирине да окшобойт!

Жараткандын буйругунан,
Жүрөктөрдүн согушу,
Аллах өкүм бербегенде,
Бүт дүйнөдө жел да жүрбөй,
Суулар акпайт болуучу.
Ааламдардын Падышасы,
Эч ким аны жеңе албайт!
Эч нерсеге муктаж эмес,
Эч ким кеңеш бере албайт!
Аллах насип кылмайынча,
Адам басып жол албайт!
Карангылык Аллахымдын көрүүсүнө,
Эч бир тоскоол боло албайт!

Асман карап Жаратканды,
Алыс дебе таптакыр.
Сага Аллах билгин келсе,
Сенин күрөө тамырыңдан жапжакын!
Аллах, Аллах Ал уктабайт,
Үргүлөбөйт, чарчабайт!
Ыймандуулар Аллах сырын билүүдө,
Жалгыз гана таш жүрөктөр байкабайт...
Ал Мээримдүү, Кечиримдүү,
Сабыр кылган баарына.
Эч бир жандык калбас эле,
Биз жасаган күнөө үчүн,
Эге алса, каарына...

Чыр бүтпөгөн бул жалганды,
Чындык үчүн жараткан.
Жиндер менен инсандарды,
Кулдук үчүн жараткан.
Кулдуктун да кулдугу бар,
Кудай берген жол ошо.
Аллахына жакын болор,
Адам дилин оңосо,
Кулдуктун да эң мыктысы,
Жараткандан парз кылынган,
Отуз күндүк орозо.
Ишенбесең, ишенсең да,
Акыретте тирилүү бар кайрадан,
Кенен макшар талаасына,
Кабырлардан туруп алып,
Келет пенде жайнаган.
Көлөкө жок найза бою
Күн төбөдө кайнаган! ..

"Чын экен да, Акырет!»- деп,
Чындык сүйбөс пенделер түңүлгөндө. ..
Ата-эне баласы эмес,
Жанын ойлоп,
Аркы-терки жүгүргөндө. ..
Аллахка ишенбестер,
«Аттиң!»- деп күйүнгөндө. ..
Атасын таштагандар,
Энесин бакпагандар,
Этинен тилингенде. ..
Ушакчы ууга батып,
Тилинен илингенде...
Сойкулар жардам иштеп,
Аракеч бармак тиштеп,
Батканда ириндерге...
Эсеп-кысап сааты келип,
Эчен жан агылганда...
Кылганы айкын болуп,
Китептер таразага салынганда. ..
Өкүнүч үндөр чыгат!
Өкүнүч үндөр чыгат!
Аллах бизди кайрадан жаратканда! ..
Дилибизди Аллахка арнаар элек,
Саждадан баш көтөрбөй,
Саргайып калбаар элек!
Садака, зекеттерден аяп катка,
Санаксыз байлыктарга барбаар элек!
От чачкан тозогуна күмөн кылбай,
Орозо кармаар элек!
Аллах бизди кайрадан жаратканда! ..

Ушундай азап күндөр келе электе,
Кызарып күндөр батып,
Кудурет Кыяматын бере электе,
Келгиле, ибадатка турбайлыбы? !
Айтканга тилди берген,
Көргөнгө көздү берген,
Акыйкат динди берген,
Аллахка шүгүрчүлүк кылбайлыбы? !

Ый менен нурдан бүткөн,
Ыймандын бешиги бар.
Адамды жокко теңеп,
Адамдын кесири бар.
Кудайдан корккондорго бейиш берер,
Коркпогон текеберге кейиш берер,
Кудайдын чечими бар!
Ойлон, пенде! Ойгон, пенде!
Акыры адамбыз го, сезими бар.
Жалгыз гана орозо кармагандар кире турган,
Жаннатын «Раййан» аттуу эшиги бар.


Рамазан - керемет ай!
Раббиңден түндүгүңө кут конор,
Орозо туткан жандын,
Оозунда бир жагымсыз жыт болор,
Ал жыт бирок, Аллах үчүн жыпарлардын жыпары.
Ою тайыз жаралганбыз,
Ошондуктан, эч сезбейбиз биз аны.
Кээ бир жандар айткандарды,
Жомок дешер каткырып.
Өзүлөрү кылды бекен?
Аллахчалык бир жандыкка жакшылык.

Азамзат, эй!
Чын эмеспи жалган дүйнө күн өтмөк,
Акыретин билсе пенде,
Кымындай да жамандыкты жасабай,
Жалаң гана напси менен күрөшмөк.
Жакшылыкты тынбай жасап,
Көңүлгө нур түнөтмөк.
Рамазан ыйык айдын асылдыгын,
Берекесин билгенде,
Пайгамбарым айткан сымал,
Бир жылдагы он эки айды,
Рамазан болсо экен деп тилешмек!

Аллахка шүгүр кылам,
Ал Затка бүтпөй турган сүйүүбүз бар.
Бул жарыкка көз ачып келген өңдүү,
Бул жарыктан көз жумар күнүбүз бар.
Орозолуу адамдарда,
Эки чоң сүйүнүч бар:
Биринчиси ооз ачып,
Ырыскыга көңүлүн бөлгөн кезде,
Экинчиси, Акыретте,
Жараткан Улуу Затты көргөн кезде!..

Орозо кармагандар чын дилинен,
Алдыдагы ырыскыдан таткыла!
Жараткан Аллахымды көрөр кезде,
Мындан өткөн бакыт барбы айткыла!
Рамазан - орозо ай,
Отуз күндө кетип калар тез учур.
Рамазан - орозо ай,
Дуба кылсаң, эч күмөнсүз.
Кабыл болор кез ушул.
«Дуба кыл!»- деп Жараткан да,
Кулдарынан сурады.
Кел, замандаш!
Орозодо бирге дуба кылалы.

Оо, Аллахым!
Биздин кылар ишибизди жеңил кылгын!
Оо, Аллахым!
Дил агартар ар адамга пейил кылгын!
Ыймандан соолубаган булак бергин,
Ата-энебиз азап менен чоңойтту эле,
Аларга бекем кайрат, кубат бергин!

Оо, Аллахым!
Өзүңдү көрүш үчүн,
Көкүрөккө эңсеткен куса бергин!
Онтогону айланып каткырыкка,
Ооруган кулдарына шыпаа бергин!
Оо, Аллахым!
Алакандай элибизге,
Акыйкат ыйман менен чындык бергин!
Ала-Тоо жерибизге,
Береке тынчтык бергин!
Күлүктөргө арыш бергин!
Жигиттерге намыс бергин!
Оо, Аллахым!
Сен үчүн сабыр кылдым,
Оо, Аллахым!
Кабыл кылгын!

Жеңишбек Жумакадыр.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   uikuchu7   05 Июнь 2016 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Оо, Аллахым!
Өзүңдү көрүш үчүн,
Көкүрөккө эңсеткен куса бергин!
Онтогону айланып каткырыкка,
Ооруган кулдарына шыпаа бергин!
Оо, Аллахым!
Алакандай элибизге,
Акыйкат ыйман менен чындык бергин!
Ала-Тоо жерибизге,
Береке тынчтык бергин!
Күлүктөргө арыш бергин!
Жигиттерге намыс бергин!
Оо, Аллахым!
Сен үчүн сабыр кылдым,
Оо, Аллахым!
Кабыл кылгын!

Жеңишбек Жумакадыр.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Monchoshka   31 Август 2016 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Кечир Кудай сага гана муктажмын,
Сен Аруусун, сенден гана сураймын! !.
Адаштырба мени ушул омурумдон,
Ыйман менен, саждада коз жумайын!! !.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 05:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: