КАПЧЫГАЙДАГЫ АТЫШУУ
(мурунку заман)
-Оо Кудай бу не кылганың, кайран гана алтындарым,
кайран гана байлыктарым.
Карачы канчалаган гана байлыктарым жөндөн-жөн эле талаага чачылып кала берди, -Улукбек өзү менен өзү сүйлөшө өзүнчө күйүп бышып наалып жатты, -талаага чачылган бул алтындар менен бир адам өмүр бою кенен кесир жашап өткөнгө жетмек. Кайран гана менин алтындарым.
..
-Сага алтын керекби же алтындан да кынбат жан керекби?! – акыры чыдай албай кетип Жоломан мергенчи да анын сөзүн бөлүп жиберди, 0 эгер алтындарды бирден чачпаганда алар бизди кууп жетип кармап алышып, дароо ошол жерден эле атып салышмак. Биз алардын бейкүнөө эки адамын өлтүрүп салбадыкбы.
Анда бир кап эмес, экөөнөн тең айрылмакбыз,
өзүбүз эбакта тигил дүйнөдө жүрмөкбүз. Ушуга да Кудага тобо деш керек...
Үңкүрдүн оозуна келген мергенчи атынан жеңил гана секирип түшүп куржундагы карган алтындарды жерге көтөрүп түшүрдү. Анан аны ары жакка көтөрүп барып жерге жая төгүп таштады.
-Ушул эмне байлыкбы, байлык деген адамдын, өзүңдүн ден соолугуң, үй бүлөң, бала бакыраң. Мына чыныгы байлыктан ажырады деп мени айтса болот. Сүйгөн жарымдан, кызымдан ажырадым. Бул деген жансыз дүйнө. Жандуу болуп туруп жансыз нерсени эч убакта өзүңдөн жогору койбошуң керек. Тээ тоонун башына чыгарып кой, же суунун түшбүнө алып барып ташта бир ордунда былк этпей жата берет. Керек болсо колдон-колго өтүп кете берет. ОШондуктан муну байлык деп эсептебеш керек, алтын башың аман болсо мындайдын далайын табасың. Андан көрө өзүңдүн аманчылыгыңды тиле, аман калганыңа сүйүн.
Жерде чачылып жаткан ар түрдүү алтын буюмдарды, тыйын-теңгелер көздүн жоосун алып күнгө чагылыша жалт-жулт эти пжатты. Жоломан анын жанына басып келип бир аз тиктеп турду.
-Биз жыландын куйругун басып ажыдаарга жем чачып алгандай болдук. ТИги орус солдаттары жерге чачылган алтындарды терип алышкандан кийин жөндөн-жөн кетип калышпайт. Алар да бул жоголгон казына туралуу угуп калышып, издеп жүрүшөт болуш керек.Демек алар бизди издеп соңубуздан келишет. Ошондуктан издерибизди жашырышыбыз абзел, же аларды адаштырып башка жакка алып кетишибиз керек. Көрөсүң жарым чай кайнамга жетпей алар бул жерде болушат. Ме мобул мылтыкты, тиги кылычты ал. Алдагы колтугундагы кош миздүү шамшарыңдын эч пайдасы деле жок. Баса, мылтык атканды билесиңби?
-Кудая шүгүр, убагында Хамзанын алдында иштегем.
-Эң жакшы демек Хамзанын үңкүрүн жакшы билет экенсиң да.
-ооба.
-Андай кандай кылабыз... тигилер бул аттардын изи боюнча артыбыздан келе жатышат. Ме бул баштыктагы окторду ал. Ал эми тигил алтындарды болсо жашыра турган жер табам. Ал үңкүрдөн он кадамдай алыс жерде жаткан бир кулачтай чоң таштын жанына келди да мага жардам бер дегендей Улукбекти өзүнө чакырды. Экөөлөп ал ташты ары карай жылдырып жиберишти. Ары жакта терең оюк бар экен. Мергенчи эч ойлонбостон алтындардын баарын чүпүрөккө ороп ошол ары жагы көрүнбөгөн караңгы оюкка таштап жиберди.
-Бул жөнүндө эч кам санаба, баары жайында болот, андан көрө мага жардамдаш ташты ордуна жылдырып коёлу.
Экөөлөп ташты ордуна жылдырып мурунку калыбына келтирип коюшту. Таштын алдында оюк бар экенин эч ким ойлочудай эмес экен.
Мергенчи жаңылбаптыр бир нерсени сезгендей ордунан тура калып оң кулагын жерге такап тыңшап калды.
-Алар толук келатышат. Көп өтпөй мына-ана бул жерде болушат. Сен тезинен тээтиги жар башына чык, мылтык менен аткылап алаксытып тур, калганын мен тейлейм. Эгерде алар көп болушса тээтигил тоонун кыры менен жүрүп отуруп экинчи колотко өтүп кетесиң, ошол жерде тике жарга бар, ошонун башына чыгып мени күтүп тур. Буларды алаксытып жүрүп отуруп акыры адаштырып анан мен да ошол жерге барам. Эгер булар аз болсо анда ушул жерден эле баштарын тегеретебтз.
Мен белги бермейинче от чыгарба. Колум менен жаңсап белги берем ошондо ата башта. Экөө эки жакка бөлүнүп кетишти. Мергенчинин так текедей түйүлүп, жеп-жеңил таштан-ташка секирип чуркап баратканын көргөн Улукбек башын чайкап койду. “Өмүр бою ушул тоо-таштын арасында кийик, арка-кулжалар менен куушуп чоңойгон неме, карачы, жаш курагы өтүп кетсе дагы кандай өзүн жеңил алып жүрөт. Бул жактын коён жатагына чейин билет болуш керек, ошол себептен булардын баштарын тегеретебиз деп өзүнө ишенимдүү айтып жатпайбы” ал улам-улам артын кылчак-кылчак карап коюп, шагыл таштуу тике тоо менен жардын башына чгып баратты. Бышылдай-күшүлдөй эптеп жатып Жоломан айткан жерге жетип тоо бетинен аркы өйүхүн карады. Мергенчи эбакта эле жетип өзүн карап туруптур. Жерге көчүгү тие электе эле Улукбек бир нерсени ойлоп кетти. “Тигил таш алдында жашырылган алтындарын алып мени өлтүрүп таштабайбы.
Балким арамзаланып атайылап алып келгендир мени бул жакка. Эгер өлтүрө турганга көздөнө турган болсо дагы мындан да көп алтындар бар экенин айтыш керек, ошондо өлбөй калышым мүмкүн”. Мергенчи акырын ордунан козгооло Улукбекке белг бере баштады. Мунусу тигилер келатат даяр болуп тур дегендин белигиси эле. Улукбек аны түшүндүм дегендей колун көтөрүп жооп берди да төмөн жагына көз жүгүрттү. Көп өтпөй эле барыдыгы окшош кийинишкен топураган атчандар тобу арттарнына чаң ызгытыша үңкүргө жакындап келе жатышты.
-Бир, эки, үч.., Улукбек биринин соңунан бири ээрчишип келаткан атчандарды санап кирди. Алдыңкы жол башчысын кошкондо болгон он эки адам экен. Үңкүрдүн оозун жеткенде алдыңкы жол баштап келатканы токтогула дегендей белги берди. Бирөөсү түшө калып аттардын изин карап кирди. Экөө аттары үңкүрдүн ичине алып кирип жашырып коюшкан эле. Мергенчинин берген белгиси боюнча Улукбек атчан тургундардын бирөөсүн далдап мээлеп кирди. “Ат” деген белгини көргөн соң мылтыгынын машасын басып калды. “Тарс!” деген үн зооканы жаңырта атчандардын бирөөсү атынан кыйшайып барып жерге шыпырылып түштү. Солдаттардын баары аттарынан жерге секирп түшүшүп өз аттарынан далдаланыша Улукбек жакты карай мылтыктарын сунуп калышты. Көп өтпөй эле алар да өйдө карай аткылай башташты. Улукбек бир топ өйдө жакта болчу, ошентсе да октор ага жете барып таштарга тийип “чю” деген үн чыгарып атты. Аркы беттен Жоломан ок чыгарып алаксытып тур деген белги берди. Улукбек тийгие атпаса да мылтыгын төмөн карай багыттап машаны басып калып атты. Тарсылдаган мылтыктын үндөрүнө зоо жаңыра тоодогу жапайы үн куштардын баарын үркүттү. Жетекчисинин буйругу менен бардыгы жабылыша өйдө карап жөнөштү эле ошондо гана Жоломан ок чыгар баштады. Ал адегенде төмөндөгү буйрук берип аткан жетекчисин томолото атты. Анын артынан удаа-удаа эки-үчөөсүн кошо сулатты. Солдаттар кайра төмөн түшүп ар кайсы аттарга далдаланыша шаштылары кетип калышты. Анын үстүнө жетекчисинин окко учканын көрүшүп кичине сестене түшүштү. Дүрбөлөң түшө өз тилдеринде бир нерселерди сүйлөп кыйкырышып,
туш келди эле айкыра аткылап жатышты.
Көп өтпөй эле Жоломандын бир колу менен мылтыгын кармап алып таштан-ташка так текедей секирип башка жакка чургап баратканын көрдү. Таш башынан сорок этип башы чыга калып кайра жок болуп кетти. Көп өтпөй эле экинчи жардын башына чыгып барганын көрдү. Анан ал аткылап алаксытып тур деп колу мененжаңсап белги берди. Улукбек түшүндүм дегендей кайрадан мылтыгын октоп алып аткылап кирди. Төмөн жактагылар да үстөкө-босток аткылап жатышты. Алардын топуракка тийгенде “бурк” этип ташка тийгенде “чың” эте бир пазга жаңыра түшүп Улукбекти баш көтөргөнгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жоломан дагы экөөсүн сулатты. Бир кезде жаңыдан мылтыгын октоп аткан Улукбектин сол жак ийни “тыс-с” эте ысый түштү. Көп өтпөй эле ич кийиминен ысык кан жая берди. Сол жак ийни ооруганына чыдабай мылтыгын таштап жибрип бөк түшө отуруп калды. Анан башын көтөрө Жоломан жакты каралы. Ал таштан-ташка секире башка жакка орун которгону чуркап баратыптыр.
Кайра солдаттарды алаксытыш үчүн ордунан туруп мылтыгын алды да бир колу менен октоп кайрадан аткылап кирди. Жоломан төмөн карай чуркап барып ар кайсы жерде ташта жашынып калгансолдаттарды карады. “Казанчынын өз эрки кандан кулак чыгарса” дегендей бул жердеги жер шартын эң жакшы билгендиктен каалаган жеринен чыга калып солдаттарды бирден терип томолото атып жатты. Канча калганы белгисиз бир кезде эки-үчөөсү аттарына чуркап барып секирип синишти да качууга кам урушту. Дагы бирөөсү атына мингени баратып кайра чалкасынан түштү. Аны Улукбек томолото аткан болчу. Менин да колумдан бир нерсе келет экен дегендей ал өзүнө өзү ыраазы болуп жылмайып койду.
Үчөөсү биринин артынан бири ээрчише аттарын камчылаша кайра төмөн карай чаап жөнөштү. Ошол маалда “тарс” эткен үн чыгып алдыда бараткан оңкосунан кулады. Чоң таштын үстүнөн ары жакта турган аттардын бирөөнө мышыктай секирип минген Жоломанды мээлеп атмакчы болду эле ага үлүгтпөй Улукбек аны артынан далыга атты. Анын колунан мылтыгы ыргып кетип жерге кылап түштү да жаны чыкпай майда таштардын үстүндө тыбырчылап жатты.
Куушуп кеткен үч караандын соңунан эле айлана эч нерсе болбогондой тымтырс боло түштү. Тирүү калгандар барбы дегендей жакты сактана карады. Дегеле кыймыл эткен жан жок. Бир топко турган соң акырын сактана төмөн карай жылып жөнөдү. Бир маалда тээ төмөн жактагы коктудан “тарс” этип удаа атылган мылтыктын үнү угулду.
Улукбек мылтыгын алдына суна шашпай төмөн карай түшүп келип, ар кайсы жерде сулап жатышкан орус солдаттарына көз чаптырды. Бирөөсү араң жан кыймылдай же өлалбай же бери келе албай эки дүйнөнүн ортосунда кыйналып жаткан экен. Анын жанына басып кели да чекесне мылтыкгын такап туруп машаны басып койду. “Тарс” эткен үнгө удаалаш тиги дароо эле оңкосунан сайла кыймылсыз жатып калды. Көп өтпөй эки атты жетелеген Жоломан мергенчи келди. Аттарга солдаттардын өлүгүн арта салып коюптур.
-Булардын бирин да соо кетирбеш керек. Анткени үңкүрдү көрүп калышты, кайра келишмек. Экөөлөп өлөгөн солдаттарды санап көрүштү эле туптуура он эки адам болуп чыкты. Демек бири да аман калбаптыр. Көп өтпөй эле экөөлөп өлгөндөрдүн камын көрө башташты.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#362 22 May 2015 - 00:45
КЕЧ ОЙЛОНУЛГАН ИШТЕР
(бүгүнкү заман)
-Демек баары түшүнүктүү, - Хамид жылмая колдору байланып турган үчөөнө карап койду, - экөөңөрдүн бул жакка жөндөн-жөн эле келбегениңерди билгем. Ошол себептен өзүмө иштеткени алгам. Саидди да бекерден бекер издеп жүрбөгөнүңөрдү түшүнгөм. Бул жерде жашыруун бир нерсе бар экенин алдын-ала сезгем.
Хамид пистолет кармап турган желдеттеринин баарын сыртка чыгып тургула деп белги берип, өзүнүн ишенимдүү кишилеринин экөөсүн алып калды.
Буга Саид да Кахар да Каныбек да эч нерсе түшүнбөй трушту.
-Таңгалбай эле койгула, силердин бул жакта эмне максат менен жүргөнүңөрдү мен эң жакшы билем. Ишенбей турсаңар азыр далил таап берем, - Хамид бармагы менен сөөмөйүн тарс эткизе белги берип койду эле, бери жакта тургандарын бирөөсү чыгып кетип кичинекей кутучаны көтөрүп келди. Сыягы ал диктофон же магнитофон окшойт. Хамид анын точкасын акырын басып койду. Эки адамдын сүйлөшкөн сөздөрү угула баштады. Саид менен Кахардын мейманканадагы сүйлөшкөн сөздөрү бүт жазылыптыр. Ал аз келгенсип Кахар менен Каныбектин өз бөлмөсүндө сүйлөшкөн сөздөрү бүт жазылыптыр. Бардыгы унчугушпай жарым сааттай алардын сүйлөшкөн сөздөрүн угуп турушту. Анан калганын аягына чейин укпай Хамид магнитофонду өчүрүп койду. Бир аздан кийин Саиж менен Кахардын мейманканадагы сүйлөшкөн сөздөрүн кайрадан угузду. Магнитофонду өчүргөн соң үчөөнө кайрылды.
-Кана менин бүркүттөрүм буга эмне жооп бере аласыңар?
Демек Кыргызстандын бир жеринде катылган эбегейсиз зор байылк жаткан экен да. Анын кайсыл жерде катылганын менимче жалгыз гана Саид билет. Ошондуктан бул оюнга экөөңөр артыкбаштык кыласыңар. Экөөңөрдүн көздөрүңөрдү курутам дагы Саиддин өзүн колго алам. Анткени казынанын, эбегейсиз зор байлыктын картасы Саидде, туурабы? – ал Саидге карады, - же мен жалга айтып жатамбы?
Саид унчуккан жок, башын төмөн сала бир жердин теше тиктеп унчукпастан отура берди. Бир аздан кийин ал ооз учунан “күңк” этти.
-Менде эч кандай казына жок, болгон да эмес...
-Анда бул магнитофондогу сүйлөшкөн сөздөрүң эмне жалган айтып жатабы?
-Бул экөө мени кимдир-бирөөлөр менен чаташтырып алышса керек. Мен казына тууралуу силерден биринчи угуп жатам.
Баары саамга тымтырс болуша айлана туржурай түшүштү.
-Анда мейманканадагы казына туралуу сүйлөшкөн сөзүңөргө эмне деп жооп бере аласыңар?
Кайрадан айлананы жымжырттык кучагына алды. Бир аздан кийин бул жымжырттыкты Хамид бузду.
-Болуптур, баары бир силердин тагдырыңар, келечегиңер менин колумда. Мындан ары жакшы жашагыңар келсе өз кабыргаңар менен кеңешип көргүлө “Жалгыз дарак токой болбойт” деп өзүңөр айткандай кыргыз жергесинен баары бир анча байлыкты сыртка алып чыгып кете албайсыңар. Буга биздин жардамыбыз керек. Биздин бул боюнча дасыккан чеббер адамдарыбыз бар. Ал эми силер экөөңөр болсо, ал Каныбек менен Кахарга кайрылды, -канча калса эмгегиңер бар силердин. Эгер силер болбосоңор бул казына туралуу мен эч нерсе билген эмесмин. Ошондуктан силердин көп нерсеңерди кечирем. Тескеринче чогу иштешебиз. Жакшылап ойлонгула, менден деги качып эч жакка кете албайсыңар. Ойлонгула жакшылап. Баргыла бошсуңар. Бирок качып кетебиз деп ойлобогула, силер катуу кайтыруудасыңар, өзүңөргө эле жаман болот. Анда түрмөгө камагандай колуңарга кишен салып сыртыңардан каматтырып таштайм.
Саидди өзүнчө бөлмөгө алып кетишти. Кахар менен Каныбек болсо өз бөлмөлөрүнө кетишти. Экөө эки кроватка жата шыпканы тиктеп турушту.
-Даа, экөөбүз бир топ нерседен катачылык, жаңылыштык кетирдик. Бөлмө ичинде биздин сүйлөшкөн сөздөрүбүздү жазып алуучу аппараттар бар экени кантип оюбузга келбеди экен. Балким азыр да с.йлөшкөн сөздөрүбүз жаздырып алып атышкандыр, бөлмө ичин кылдат текшерип көрбөйлүбү?
-Уже поздно, мурун убагында ушинтсек болмок, атүгүл ал аппараттарды өзүбүз менен кошо ала да жүрөбүз. Кайсыл жерибизде болду экен ручка, саат топчу, көз айнек, кур дагы эмнелерибиз бар?
Алар кийимдерин кылдат текшеришип отушуп, топчунун, сааттын ичинен кичинекей аппараттарды таап чыгышты.
-Вот, в чем дела дагы жакшылап текшер бир жерибизде дагы асылып жүргөндүр?
Экөө бөлмө ичин кылдат текшерип отурушуп өздөрү отурган столдун алдынан, кроваттын жанындагы тумбочкадан, түндөгү жарык берүүчү “светильниктин” алдынан бир нече кичинекей аппараттарды таап чыгышты. Бардыгын стол үстүнө коюшту да эки жерде ойлоно туруп калышты.
-Баары бир өтө кеч болуп калды. Муну күн мурунтан ойлонуштуруш керек болчу...

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#363 22 May 2015 - 00:51
ҮҢКҮРДӨ
(мурунку заман)
Жетекчиси баш болгон он эки орус солдаттарын өз жайларына жайгаштырып, жерге жашыргандан кийин Жоломан алардын эң жакшы деген төрт мылтыгын, төрт кылычын эки шамшар, окторун болсо дээрлик эч нерсесин калтырбай чогултуп алды.
-Калагндарын болсо тээтигил жердеги жар боорундагы тешикчени көрдүңбү, ошол жакка сойлотуп ташта. Керек болуп калса ошол жерден пайдаланабыз, кереги тийбесе тим коёбуз, кимдир бирөөлөрдүн, тирүү жандыктардын өмүрүнө кедерги болгуча ошол жерде чирип жоголсун. Бул мылтык эмне үчүн жаралган, жер жүзүндө жашап жаткан тирүү жандыктардын өмүрүн алуу үчүн. Мунун аркасынан бирөө жашайт, экинчиси өмүрүн кыят, бирок мунсуз жашоо да болбойт. Мына мен өмүрүм өтөкнчө эле ушул мылтыктардын аркасынан күн өткөрүп келем. Бул болбосо билбейм менде кандай жашоо болот.
Экөө орустардын олжого түшкөн кылыч, мылтыктардын бардыгын терең чуңкурчанын ичине сойлотуп жиберишти.
-Булардын аттарын эмне кылабыз, ээр-токумдары менен базарга алып барып сатып жиберелиби? –Улукбек ары жакта юир жерде үймөлөктөшүп бири-бирине байланып турган аттар тарапты колу менен жаңсап көрсөттү.
-Булардын зыянынан башка пайдасы жок. Бардыгынын ээр-токумдарын сыйрып, өздөрүн туш-тарапка бирден экиден кылып чачыратып туруп айдап жиберигһш керек. Кыскасы даректери менен билинбей жоголушсун, орус солдаттары шек алып калышса бул жакка сөзсүз келишпей койбойт.
Экөөлөп бүт аттардын ээрлерин сыйрып алып ары жактагы чуңкурдун ичине ташташты да үстүнө топурак, чырпык таш менен билгизбей корумдап салышты. Аттарды болсо ар кайсы жерге чачырата алыска алып барып ташташты.
Кайра кайрылып келишкенде айланага күүгүм кирип калган болчу. Жоломан жолдо келатып эки коён атып алган. Ошону арыдан-бери союп, терисин сыйрып жиберди да үңкүрдүн ичине от жагып экөөнү тең узун жыгачка сайып туруп куйкалай баштады. Мурун бул үңкүргө кишилер жашаганбы же атайын табигаттын өзүнөн эле ушундайбы кире бериш жери бир киши ат менен өтчүдөй кууш келип ичи кенен болуп кетет экен. Жерде аюу талпактан эки-үчөө жабылып турат. Ортодо очок анын арыраак жагында анча чоң эмес казан, ар кандай идиш-аяктар таш дубалда эки мылтык берирээк жакта эки жолборстун, бир канча түлкүлөрдүн, карышкырдын терилери илинип турат. Бурчта болсо эки-үч мылтык. Мергенчинин болгон көр байлыгы ушуо экен.
-Бизден анча алыс эмес жерде Мазар-Булак деген кокту бар, сууну ошол жерден алып турабыз “анын өзгөчөлүгү жайы-кышы дебей тоңбойт”, -мергенчи идишке суу алып келди. Экөө куйкаланган коёндун этин жеп, кайнак суудан ичип сүйлзшүп отурушту.
-Чай, нан керек болсо тоо жаныбарларынын майына, этине, терисине алмаштырып келем калаадагы базарга барып.
Мергенчи бир нерсени эстегендей ордунан туруп кетти да көп өтпөй эле алтын чөйчөктү көтөрүп келди.
-Тиги алтындарды терең чуңкурга төгүп жиберип, үстүн таш менен менен бастырып койсоң ошол боюнча эч ким ала албайт деп ойлоп жатасыңбы. Мунун өзүнчө жашыруун сыры бар. Сырттан таш капкакты жаап койгонуң менен ал алтындарыңды азыр үңкүрдүн ичинде. Ташты ордунан козголтуп отурбай эле бул жактан тешиктен сойлоп барып алып алсаң болот. Баса, айтмакчы, бул алтындарды эмне кылайын деген оюң бар?
-Кандай десем..., Улукбек күтүлбөгөн суроого мукактанып жооп бере албай бир топко туруп калды, - буларды ар нерсеге айырбаштайм да. Мисалы үй-жай, мал-сал, катын алып дегендей...
Анын сөзүнө мергенчи каткырып күлүп жиберди.
-Өзүң муну кантип иштете алат элең. Ким болсо да сени жөн эле өлтүрүп коюшмак же алтындарыңды тартып алышмак. Алтын бар жерде ажал бар дегеним чын бекенби. Мына күтүлбөгөн эле жерден бейкүнөө он эки адам өлүп кетти. Бул башталышы гана. Эгер бул алтындар ордунан улам-улам башка жакка которула берсе “курмандыктар” да ошончо көбөйө берет, -ал алтын чөйчөккө суу куюп ууштай кармай аны теше тиктеп өзүнчө сүйлөнө берди.
-Менимче бул алтындар Кокон хандыгынын казынасына тиешелүү болуш керек. Бул алтын чөйчөк менен алар шарап, вино гана ичишчү. Мунун калган алтындары каякта?
Улукбек айтсамбы айтпасамбы деп мергенчиге көп анча ишене бербей турду. Жоломан муну айттырбай эле көз-карашынан, кыймыл-аракетинен сезди.
-Чочулабай эле айта бер, мен көр оокатка, байлыкка кызыккан адам эмесмин. Анын үстүнө мына мындан ары бир тууганбыз. Жакшылыкты да жамандыкты да бирдей көрүшүбүз керек. Мен сенин коргоочуң, калканычың гана болуп бере алам.
Улукбек бир аз ойлоно унчукпай турган соң ооз учунан болор-болбос үн чыгара араңдан зорго “күңк” этти.
-Алар көрүстөндөрдүн арасында көмүлүү... Калмактарды, алиги зайыбың менен кызың жаткан көрүстөндөрдүн арасында... Экөө ортодогу очокту тиктеше унчукпай калышты.
-Бул алтындар үңкүрдө жата берсин, алар канчалык соодага түшүп, кыймылдай баштаган сайын ошончолук азап-тозогу көбөйө берет. Артыңдан аңдыгандар көп болот. Карактагысы, тоногучу келгендер пайда боло баштайт, андан көрөкчө бул алтын буюмдарды үңкүр ичине же өзүбүзгө пайдаланалы.
Анын үстүнө Улукбек тикеден тике эле каршы болуп чыкты.
-Жок андай болбойт. Ушунча жылдан бери жер кезип тентип, көрбөгөн кордуктарды көрүп эми гана мунун убайын көрөрдө бул тоо арасында үңкүрдө өмүр бою жашап жүрө албайм. Ушунча байлыкты алдыбызга басып коюп тоо-таштын арасында жүргөнүбүз бизди Кудайым өзү дагы кечирбеши мүмкүн. Мына ушунча байлыкты Кудайым өзү мага буюруп атат, анан жөндөн жөн эле талаага таштап салыш бул өзү кечиримсиз иш. Муну ОРто Азия боюнча канчалаган гана адамдар издеп дайындарын таппай жүрүшөт. Аны, мына жападан жалгыз мен же экөөбүз гана билебиз. Жок болуп кете электе же башкаларга тарттырып жибере электе муну тез арада соодалаш керек. Тез арада байып адамча жашаш керек. Көрөсүң эми экөөбүзгө кандай гана жашоо болот. Ош, Алай өрөөндөрүнө атагы чыккан бай адам болуп чыга келебиз. Мен деген ушул үңкүрдө жашаш үчүн өмүр бою азаптанган эмесмин. Жарым өмүрүм ушул алтындардын азабынан кор болуп жүрүп өттү. Андан көрө экөөлөп бул алтындарды эч кимге билгизбей саталы дагы мындан ары эң жакшы жашоону баштайлы. Мага макул бол, керек болсо убакытты чойбой эртеңден эле баштайбыз. Биз деген Орто Азияга белгилүү байлардын бири болбуз...
-Аны мезгил өзү көрсөтөт, -мергенчи кош көңүл анын сөзүн бөлүп кетти. –Албетте кыялданган да жакшы нерсе, бирок буга аябай ишенип, берилип кеткен да болбойт. Алдыда дагы кандай тоскоолдуктар, кырсыктар болорун кайдан билесиң. Болуптур, алтындарга аябай азгырылып алыпсың, бул жактан бир канча ал да базарга сатасыңбы же бай көпөстөргө сатасыңбы канчага сатасың ал өзүңдүн ишиң. Барып кел.
-А сенчи?
-Мен бул жактан экөөбүзгө бир аптага жеткидей күлазык камдайын. Азыр кийиктердин өөрчүп турган маалы, жок дегенде бир-экөөсүн атып калайын.
Улукбек дароо эле мергенчи көргөзгөн жакка барып сатууга ылайыктуу алтын буюмдарды өзүнчө иргеп бөлүп койду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#364 22 May 2015 - 00:53
АЛГАЧКЫ СЫНООЛОР
(бүгүнкү заман)
Арадан бир күн өткөндөн кийин Хамид үчөөнү өз-өзүнчө чакырып келип жекеме-жеке маек курушту. Адегенде Саидди чакырып алды.
-Кана Саид мырза жакшылап ойлондуңбу, биз менен чогуу иштешкенге даярсыңбы? Акча Кудая шүгүр жетиштүү, бул операцияга кааласаң атайын тандалма эң кыйын деген он чактыдай жигиттерди топтом коём. Кааласаң өзүбүздүн ишенимдүү деген гана жигиттерибизди алабыз.
Саид көпкө унчукпай мелтиреп тура берди, анан Хамидке тике карады.
-Чынымды айтсам менде эч кандай катылган казына да алтындар да жок. Тигил экөө каяктагы нерсени ойлоп таба коюшканын билбейм. Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү эгер чын эле кыргыз жергесинде жашырылган казына болсо бул жакта ошончо байлыкты таштап коюп чыдап жүрмөк белем. Анда бул жакка келбейт да болчумун. Балким чын эле бардыр жашырылган казына, тигилер мени ошолор менен чаташтырып атышты окшойт.
-Ошолоруң ким?
-ОШол алтын оюнуна катышкан топторду айтып жатам. Балким ошолоржун араларында да Саил деген адам бардыр... Хамид чыдай албай кетти.
-Болду жетишет!-анан ары жактан кассетаны алып келип кайра башынан койду.
-Буга эмне деп жооп бермекчисиң же сүйлөшкөндөрүңдүн баары жалганбы? Досуң экөөң Бактиярдан качып кеттиңер анан сен досуңду өлтүрүп койгонуң чынбы?
-Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин, тигилер мени кимдир бирөөлөр менен чаташтырып жатышат...
-Болуптур чачаштырып жатышсын дейли,анан эмне үчүн досуңду өлтүргөнүңдү мойнуңа алдың?
-Мен эч кандай мойнума алган эмесмин.
-АНда угуп тур..., Хамид магнитофонду кайра башынан иштетти. Кахар экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрүн угузуп келип так эле Саиддин “Мен аны өлтүрбөсөм ал мени өлтүргөнгө көздөнүп калган” деген сөзүнө келгенде магнитофонду токтотту.
-Эми буга эмне дейсиң?
-Мен аны алтын үчүн өлтүргөн эмесмин, өзүбүздүн өзүбүзчө эсебибиз бар болчу ошо себептен бири-бирибизге кол көтөрүүгө туура келди.
-Болуптур дейин, анда Кахардан “баса, бул жөнүндө тиги наркомафиянын жетекчиси, бизче “Босс”, Хамид билеби?” деп эмнени сурадың эле?
-Ошол киши өлтүргөнүм туралуу сурагам.
-Бул сөзүң окшошпой калды “Муну экөөңөрдөн башка дагы ким билет?” деп чочуп сураганың эсиңдеби? Болуптуп булардын бардыгына ишенейин дейин, анда эмне себептен Кахарды пистолет менен желкеге чаап эсин оодарып, колу-бутун байлап кроваттын алтына сүйрөп салып, балкон аркылуу качып чыктың?
-Киши өлтүргөнүмдү эч кимге айтпасын деп...
-Чынын айтканда алар үчүн сенин киши өлтүргөнүң бир тыйын, туурабы. Кеп башкада.
-Кахар менен биз бала кездерде бир убакта чогуу болгонбуз...
-Бошсуң бар кете бер, мен сага дагы бир жолу эскертем, эгер дагы ушинтип кылтың-култуң эте берсең мойнуңа албасаң киши түгүл ит көрбөгөн кордуктарды көрөсүң, кыскасы тозоктун кыйноосунан өтөсүң. Ага да макул болбосоң, сөөгүңдү сөпөт кылып орго сиритем. Кыргызстандагы алтындарыңа жете албай экинчи көрбөй каласың. Эгер биздин шартка макул болсоң өзүңдүн өмүрүңө бала-бакыраңа, небере-чөбөрөңө кенен жеткен байлыкка ээ болосуң. Өзүңдүн үлүшүңдү башкаларга салыштырмалуу көп аласың. Ошондуктан жакшылап ойлон. Сага же тозоктун оту менен өлүм күтүлөт, же болбосо жакшы бейиштин жашоосу болот. Мунун баары өзүңдүн колуңда, дагы бир жолу эскертем жакшылап ойлон. Бошсуң бара бер.
Эки жигит Саидди ээрчитип чыгып кетти. Көп өтпөй эле сырттан Кахар менен Каныбекти ээрчитип келди. Хамид тигил жакка отургула дегендей бурчта турган столду көрөттү.
-Силер Кахар экөөңөр азаматтык кылдыңар. Экөөңөр болбосоңор бул алтынар тууралуу эч нерсени билмек эмес экенмин. Саид катылган алтындардын бардыгын каякта экенин айтып, казынанын картасын көрсөттү. Кудай буйруса жакында атайын топ түзүп Кыргызстан жакка жөнөп кетебиз. Мени да ушул оюнга катыштырганыңар үчүн аябай кубанычтамын. Экөөңө болбосоңор мен эч нерсе билбей калмак экенмин. Силерди биздин топко кошулат болуш керек деген оюм бар. Экөөңөр көп жылдан бери мунун үстүндө иштеп жаткандан кийин силерди кантип эле талаада калтырып таштап кетели. Бирөөңөр чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн “кара пояссыңар” экичиңер болсо көзгө атар мергенчисиңер. Тигил жактан бизге көп пайдаңар тиет. Кана айткылачы менин сунушума макулсуңарбы?
Каныбек менен Кахар бул чын айтып жатабы, сынап айтып жатабы түшүнүшпөй бирин-бири карашты. Анан Кахар унчукту.
-Чындыгында биз алтын туралуу эч нерсе билбейбиз.
-Эң жакшы, анда экөөңөрдү тең бул жакка калтырабыз да, өзүбүз кете беребиз. Артыбыздан кууп жетип келебиз деп ойлобогула. Анда дароо эле оо дүйнөгө жөнөтөбүз. Дагы бир жолу эскертип, силерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк түзүп берем. Ойлонгула жакшылап же бул жерге каласыңар же биз менен чогуу кетесиңер. Экөө чыгып кетишкенден кийин Хамид өзүнчө ойлонуп калды. “Чын эле катылган алтындар барбы Кыргызстанда же Саид айткандай экөө жаңылышып кетип калыштыбы?”.
Ал тамексисин күйгүзүп бир аз ойлонуп турган соң чөнтөгүнөн кичинекей кутучаны алып чыгып чекитчени басып койду. Бул Саидин сүйлөгөн үндөрүн жаздырып алчу аппарат болчу. Аппараттын экинчи бөлүгү Саиддин туфилисинин такасында орнотуган.

#365 22 May 2015 - 00:55
ТҮШ
(мурунку заман)
Самарканд шаарынын базарына барып соода кылгандан чочулаган Улукбек өзүнүн алтын буюмдарын көтөрүп Ташкетке сапар тартты.
Өзү көтөрүп жүргөнбаштыкчанын ичинде жыйырмадай алтын тыйын, үч билерик, ондон ашык алтын шакек, эки чқйчқк анан сабына алтын карматылган канжар, муштумдай болгон алтындын уюткусу бар болчу. Төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен ар кайсы улуттагы соодагерлер ар ким өздөрүнүн алып келген товарларын сунуш кыла ар кыйсы тилдерде кыйкырып, айланасындагыларына жарыялап жатышты. Бул жерде басымдуу көпчүлүгү чаралекей чапан, топу кийишкен өзбектер менен уйгурла болчу. Улукбектин Ташкент базарына келбегенине дээрлик он алты жылга жакындап калыптыр. Анда Максүт экөө дервиш болуп жер кезип, эл кыдырып жүрүшкөндө келишкен. Базар мурункудан кыйла өзгөрүп, кеңейип соодагерлер да эки эсеге көбөйүптүр. Өзүнүн товарын кимге сунуштаарын ким менен сүйлөшөөрүн билбей кимдендир чочулап, алактап жүрдү. Анткени бул жакка Үрүмчү жактан да соодагерлер көп келишчү. Хабибуллонун кишилерине же өзү кызмат кылып жүрүп качып келкен Хамзанын желдеттеринин бир-экөөсүнө же болбосо өзүн издеп жүрүшкөн Кокон бийлигинин адамдарына, Самаркандда өзү мууздап кеткен Хайрулланын адамдарына да жолугуп калышы толук мүмкүн болчу. Алтын тыйындар менен шакектерип бат эле соодалап жиберди. Баарынан алтын саптуу шамшар кынбатка бааланды. Анын алгачкы соодасы ийгиликтүү болду. Үңкүргө кайтканда үч атка жүктөлгөн толгон токой буюрдарды, кийимдери иран, түрктөрдүн килемерин алып келди.
-Көрдүңбү мен айтым беле. Булар бизди талаада калтырбайт, Кудай буюрса бат эле байып кетебиз, -ал базардан сатып келген оокаттарынын баарын үңкүргө ташып кире баштады, - эми бир эле барып келсем бул үңкүрдүн ичи таанылбай калат. Ал килемдердин баарын жерге жайып төшөп атты.
-Мынакей тамак-аш деген бир апта эмес жети-сегиз аптага кенен жетет. Эми тоо-ташты аралап мергенчилик кылып да кереги жок. Улукбек бүгүнкү соода кылып келген болгон дүр-дүйнөсүн ачып мактанып мергенчиге көрсөтүп жатты. Анын бул кылык-жоругу мергенчиге анча жакпай турду.
-Мунун арты баары бир кан жыттанып турат. Бул буюмдарың менен сырттагы душмандардын баардыгын бул үңкүргө өзүң менен кошо ээрчитип келесиң. Андан көрө ач кулактан тынч кулак өзүбүз менен өзүбүз болуп тынч оокат кылганыбыз жакшы болчу.
Баары бир Улукбек анын сөзүнө кошулбай өз айтканын бербей жатты.
-Жок, көрөсүң бизде кандай гана жашоо болот, мынакей өзүң деле көрдүң го бүгүнкү эле алып келген байлыгым үңүрдүн жарымын ээлеп калды. Кудай буюрса экинчи жолу барганда эле мунун ичин байлыкка толтуруп салам. Калаадан үй сатып алабыз. Үйүр-үйүр малдуу болобуз, керек болсо малай жумшап эч иш кылбай чалкалап калабыз. Ал өзү ала келген кынбат баалуу чапандардан улам бирин кийип кычырап, менменсине ары-бери басып атты.
Улукбек менен мергенчинин ортолорун түшүнбөстүк да келишпестик да эки жакка бөлүп турду.
-Эгер булардын баарын талкалап, алдыга чүпүрөк-сапырактардын бардыгын өрттөп жибергенде менде кандайдыр жеңилдик пайда болот эле...
-Жок, буларды талкалап, өрттөгөнгө болбойт. Менин өмүрүмдүн жарымы жалаң ушулардын азап-тозогу менен өттү. Булар үчүн канча жолу тиги дүйнөгө барып келдим. Эми булардын убайын көрөр мезгил жетти, адамча жашаш керек...
Экөө бир пикирге келе алышпай түн бир оокумга чейин талашып-тартышып жатышты. Мергенчи аюу талпактын үстүнө өзүнүн чапанын жамынып жатты. Улукбек болсо өзү менен кошо ала келген килемдерди кабат-кабат төшөп жаңы чапандарды асты-үстүнө төшөнүп, жатты. Ал түн бир оокумга чейин санаасы менен байып кыялга чөмүлүп магдырап уйкуга көшөлүп кетти. Түшүндө бир шаарда жетектеген өзүнчө эле бир атактуу адамдардын бири болуп жүрүптүр. Алдында аппак ат, үстүндө жылтырак чапан, артында жети-сегиздей жигит өзү сыяктуу аппак ат минише жандап ээрчип жүрүшөт. Көчөдөгү элдердин баары аны көргөндө чөгөлөй, тизелей калып таазим кылыша жүгүнүп жатышты. Атынын жабыдыктарынын баары алтындай жаркырайт. Жүрүп отуруп кандайдыр бир бийик дубалдуу короонун ичине кирип кетти. Дарбазаны ачып беришкен адамдар эңкейише ага таазим кылышууда. Атынан түшө бийик тепкичтер менен жогору карай чыгып жөнөдү. Тепкичтердин тээ жогору жагында жаркыраган үй турат. Бул менин үйүм болуш керек деп эсептеген Улукбек жогору карай көтөрүлүп чыга берди. Артта ээрчип келатышкан элдердин баары тээ төмөн жакта кала беришти. Жаркыраган үйдөн эшигине жакындай бергенде каалга өзүнөн өзү ачылып кетип күтүлбөгөн жерден тааныш адамдын келбети пайда боло калды. Жакшылап карай салса өзүнүн мурунку кожоюну Хабибулло экен. Аны көрө сала кайра артка кетенчиктеди. Ылдый түшөйүн десе артындагы тепкичтер өзүнөн өзү жоголуп кетти. Алиги үй абада калкып асманда учуп баратты. Жер тээ алда кайда төмөн жакта калды. Секиргенге мүмкүн эмес болчу. Секирмекчи болуп эки жолу тап бергенде желкесинен бирөө капшыра кармады. Карай салса Хайрулла экен.
-Менин башымды кечип ыргытым жибердим деп ойлодуң беле... Жок жаңылышасың, мен али тирүүмүн сендеги алтындарды алып тынмайынча сени эч жакка коё бербейм, ха-ха-ха!, -ал катуу кыйкырды эле айлана, асман жаңырып жатты. Ары жакта эки колу-буту байлануу, өзүнөн жардам сурап жаткан Мэхрибанды көрдү. Башын жерге сала эч нерсени көрбөгөн билбеген болуп бала кезден чогуу өскөн досу дервиш Максүт отурат. Кыдырекей колдоруна мылтык кармашкан алтындар менен кошо көр ичине атып салган Хамзанын жигиттери отурушат. Кечээ жакында гана өлөн он эки орус солдаттары да жүрөт. Мэхрибандан башкаларынын баары өлгөн адамдар. Желкесинен кармап турган Хайрулла бир колу менен аны таптак өйдө көтөрдү. Булуттардын үстүндө учуп бараткандай асманда үй менен кошо учуп баратышты.
-Менин башымды кечип салдым деп ойлодуң беле. Мени али тирүүмүн. Ушунча алтындарга жеке ээлик кылам деп ойлодуң беле. Ушул алтындарың менен тозокко түшөм деп ойлогон жок белең. Тээ төмөн жагыңды карачы...
Улукбек төмөн жагын карады эле жердин ордунда жалбыттаган өрт болуп атыптыр.
-Бул деген тозоктун оту, тиги дүйнөдө өмүр бою алтындардын азабын тартып жүрүп өтөсүң бу дүйнөдө тозоктун отуна куйкаланып жүрүп өт. Бара гой, - ал бир колу менен Улукбекти жепжеңил гана көтөрүп туруп төмөн жактагы отторду карай таштап жиберди. Ошол бакырган боюнча чочуп ойгонду. Таң агара айланага эбакта эле жарык кирип калыптыр. Жоломан мергенчиден дайын жок. Көнгөн адатынча таң атпай тоо-ташты аралай ууга чыгып кеткен окшойт. Былчылдап тердеп кетиртир. Бул түш алтын окуясынын аягы жакшы болбосуна аян бергенсин койду. Ары жакта турган алтын чөйчөктөгү сууну шыпкап көтөрө ичип жиберди. “Түшкө өлгөн кишилердин киргени жакшы жышаан эмес. Кудайым деги оң жолго түшүрө кырсыктан тышкары кылып жолумду ача көр”. Ал асманды карай өзүнчө күбүрөнө эки алаканын жайып батасын берип жатты.

#366 22 May 2015 - 00:57
ТОЗОКТУН КЫЙНООСУНДА
(бүгүнкү заман)
Үч-төрт күндөн бери Кахар менен Каныбекти бөлмөдөн тышка чыгууга тыюу салып, сырттарынан үч-төрт жигит кайтарып турушту.
Ушул аралыкта Хамид да келип аларга бир да жолу баш баккан жок.
-Таңгалыштуу булар эмне планды түзүп, эмне ойлорду ойлоп жатышат болду экен? Же чын эле бизди калтырып коюшуп өздөрү кеткени жатышабыз Кыргызстанга?
-Андай болушу да мүмкүн, бирок...
-Эмне бирок?
-Бирок бизсиз ал жакка бара алышпайт болуш керек.
-Себеп?
-Бизден аларга жардам керек экенин билишет да...
Эмнеси болсо да көрө жатарбыз...
Бул мезгил аралыгында Саид катуу кыйноодо болуп, тозоктун кыл көпүрөсүнөн өтүп жаткан болчу. АНы Хамид өзү суракка алып жатты.
-Кана айтасыңбы, Кыргыз жергесинде алтындарды жашырганыңар чынбы?
-Жок, жалган, мен эч кандай алтындарды билбейм, көргөнүм да жок. Мен болгону ал жакта Жума Наманганинин кол алдында кызмат өтөп гана келдим. Артыкбаш эч жакка чыкканым деле жок. Кыргыз жергесинде болсом эле булар мени кимдир бирөөлөр менен чаташтырып алышса керек.
Хамид жини келе оң колу менен аны чачынан уучтай кармады.
-Болуптур, али да кеч эмес, убакты бар ойлон жакшылап, - ал артын карай эшикти “тарс” эткизе жаап сыртка чыгып кетти.
Ошондон көп өтпөй эле сырттан узун-туурасын бирдей лөкүйгөн үч жигит кирип келишти да шапа-шупа аны колдон кармай кандайдыр столго барып отургузушту, колу-бутун байлап ташташты. Анан көйнөгүн сыйрып ыргытышып, денесине, башына, бетине кандайдыр бир проводдору бар темирлери чаптап салышты. Экөөсү бет маңдайында тикесинен тура карап турушту. Бирөөсү барып шнурду токко сайды. Анан точканы басып койду эле а өмүрү көрбөгөн кыйноону көрө баштады. Ток денесине, бетине, башына тийгенде бүт денесине ийне менен сайгылап жаткансып жанын көзүнө көрсөтө баштады. Чыдай албай кыйкырайын деди эле тигил экөө кара чүпүрөк менен оозун да таңып ташташты. Ток менен мындай кыйноону биринчи жолу көргөндүктөн бети-башын бырыштыра чыдай албай ары-бери тыбырчылап жатты. Үчөө үч жактан ага улам улам ток жөнөтүп унчукпай карап турушту. Ал денелеринин ушунчалык ооруганына чыдай албай тим эле тигил дүйнөгө барып кайра келип атты. Мындай кордуктан көрө өлүп калгысы келип бирок алтындар көз алдына элестегенде өзүнө-өзү кайрат берүүдө.Бир кезде денелери, бети башы ток күчүнө чыдай албай ар кайсы жерлеринен тинине кан шорголоп ага баштады. Жарым сааттык кыйноо жарым жылга тете болду. Нерви чытырап катуу кыйноого туруштук бере албай эсин жоготуп койду.
Канча жатканы белгисиз эсине келгенде колу-буттары чечилүү кроватта жатыптыр. “Жок буларга жөндөн-жөн эле алтындарымды тарттырып жибербейм. Менин өзүмдүн пландарым, максаттары бар. Чыдаш керек. ТИгил экөөсү да кайдан келе калышты эле. Баары бир далилдери жок, мен мойнума албайм”. Эртеси күнү Хамид кайрадан келди.
-Кана Саид жакшылап ойлондуңбу. Мен сага эч жамандык каалабайм, тескерисинче жакшылык гана каалайм. ТИги дүйнөдө тозокто жүргөнчө бул дүйнөдө бейиште жүргөнүң жакшы. Болгону жардам гана берем.
-Мен айттым го, эч нерсе билбейм деп, тигилер мени чаташтырып жатышат кимдир бирөөлөр менен. Чынымды айтып жатам...
-Болуптур али убакыт бар, мен шашпайм эч жакка, сен дагы жакшылап ойлон, -Хамид унчукпай ордунан турду да шашпастан жай калгый сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй эле кечеги үчөө кайраданк ирип келишти. Дудук кишилерче эч сөз сүйлөшкөн жок, тигини колу-буттан ала көтөрүп келип көмкөрөсүнөн жаткырышты да экөөсү бүт денесин кабыштыра кармап үчүнчүсү ичке шнур менен сабап кирди. “Чып-чып” этип шнур денесине тийген сайын Саид чыдай албай онтоп жиберип атты. Үчөө алмактан-салмак кезек менен токтобостон сабай беришти. Анын артыкы денесин кирдир бирөө бычак менен кескилеп, тилип жаткандай далысынын ооруганы уламдан улам күчөй берди. Эми алар жоонураак шнур алып келишип, мурункудан да катуу болгон күчтөрү менен сабаганга өтүштү. Ал бөлмө жаңырта өкүрүп-бакырып атып акыры эсин жоготуп койду.
Эсине келсе мурункудай кроватында жатыптыр. Арты тим эле бирөө от менен куйкалап аткансып от менен жалын болуп күйүп-жанып жанын көзүнө өрсөтүүдө. Кыймылдайын десе кымылдаганга дарманы жок. Көзүн жумса эле Кыргызстандагы алтындар көзүнө элестейт. Алар кайрат, күч, кубат, дем бере өзүнө өзү сөз берип жатты. “Баары бир эч нерсе айтпайм...”
-Саид мурза, кандай ал-ахвалың? –анан оюн Хамиддин үнү бузду, -биз эмнегедир жакшы тил табыша албай жатабыз. Мына өзүң деле ойлоп көрчү, ушинтип кор болуп төзөктун төрүндө отурганың жакшыбы же көңүлдүү эс алып убактыңды өткөргөнүң жакшыбы. Сулуу кыздар, сауна, ресторан, таза аба, бассейн, акча... кандай жакшы угулат кулакка баары тең. Ушул жерде кыйналып атып кыргыз жергесиндеги алтындарыңа жете албай арманда өлгөнүң жакшыбы же жогорудагы жашоо менен күнүнө үлпөт куруп жашооңду рахат менен өткөргөнүң жакшыбы?
-Мен дагы айтам, эч кандай алтындарды билейм, көргөнүм жок. Мени аясаңар боло чындыкты айтып жатам.
Хамид шашпастан турду да эч сөз айтпастан эшикке чыгып кетти. Алиги жан алгычтай болгон үчөөсү кирип келгенде Саиддин дене-бою бир нерседен үрккөндөй жыйрыла бурчка бүк түшө калды. Үчөө аны дароо колдон-буттан ала кайдадыр көтөрүп жөнөштү. Саиддин аларга каршылык көрсөткөнгө дарманы жок болучу. Эшиктин тушуна жеткенде дароо токтоу калышты да тигинин манжаларын эшиктин артына такай коюшту. Бирөөсү эшикти акырын жаба баштаганда манжалары кысылып Саид чыдай албай өкүрүп жиберди. Эшик күч менен түртүлүп жабылганда манжалары сынып кетти. Аны тыбырчылап өкүртүп-бакыркан боюнча кроватка жаткырышты да бирөөсү үстүнө баса экинчиси кроваттын темирлерине колун коюп калган соо манжаларын кирпич менен жанчып сындыра баштады. Бөлмөнүн ичинде эркектин өкүргөн аянычтуу үнү жаңырып турду.
Ага боору ооруган, анын үнүн уккан бир да адам болгон жок. Алиги эки зөөкүр кеткен соң Саид кроватта ары-бери томолонуп онтоп кыйналып жатты.
Колдорунун локулдатып оорутканы ар бир нервине таасир бере жанын көзүнө көрсөтүүдө. Эки кол заматта шишип чыгып, колдору жок адамдай эч нерсе сезбей калды. “Мен түшүнүп турам, булар баары бир алтындарды каякка катылуу экенин билип алышкандан кийин менин көзүмдү куурутуп коюшат. Чын эле ушунча байлык булардын колдоруна түшкөндөн кийин менин керегим не. Жөн гана көз көрүнө өлтүрүп коюушу мүмкүн, уу берсе дагы мени жоготушат. Оозунан жемин алдырган түлкүдөй болуп, ушунча байлыкты колдон чыгарып жиберип өлгөнчө, тигилерге эч нерсе көрсөтпөй өлгөнүм жакшы, баары бир мени өлтүрө алышпайт. Анкени алтындардын кайсыл жерге жашырылганын жалгыз гана мен билем” –Саид катуу кыйналып онтоп жатса дагы ушуларды ойлоп жатты.
Эртеси ага эч ким келген жок, үч күн өткөндөн кийин гана ага кайрадан Хамид келди. Анын жанында дагы бир топко чейин унчукпай отурду. Анан Саиддин ички оюн түшүнүп жаткандай айтып кирди.
-Биз сага жамандык жасайлы деген деле ниетибиз жок болчу, азыр дагы ошондой ойдобуз. Мунун баарына өзүң күнөөлүү болуп жатасың, же сенин катылуу байлыгыңды да алыбалып өзүңдүн көзүңдү куруталы деген деле ой жок. Мынча байлыкка ээ болуп анан өзүңдү өлтүрүп коюш бул Кудай Таалама да жакпайт. Анча байлыкты биз эмне кылабыз, ансыз деле бул жакта өзүбүздүн байлыгыбыз Кудайга тобо деш керек, жетиштүү. Бул жакта сен да атактуу адамдардын бири болсоуң. Заңгыраган үйлөрүң, алдыңда каалаган машина, каалаган кызматкерлериң, айтчы бул жашоодо мындан башка сага эмне керек?
Биз жардам бере албасак баары бир анча байлыкты Кыргыз жергесинен алып өтө албайсың. Чек арадан өткөн күндө да башка өлкөлөрдүн чек араларына солдаттарына кабыла бересиң, ошончо байлыгыңды жөн гана алдырып коёсуң. Анда кеч болуп калат.
Менин дасыккан, тандалма, бардык жагына жетилип, бышып бүтүшкөн жигиттерим ал жактан жөн эле эч кыйынчылыксыз алып өтүшөт. Чынын айтканда Орто Азия аркылуу Европа жакка эч кимге билгизбей канчалаган бангизаттарды алып өттүк. Ошо сыяктуу эле алып өтүп кетебиз, бизде ушундай жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Шашпай ойлон жакшылап. Ме тамеки чегесиңби, ал бир куту кандайдыр чет элдик тамеки таштап кетти.
Көптөн бери тамеки чекпегенге аны дароо эле ала коюп жанталашып күйгүзүп үчтөккө-босток соруп жиберди. Аралан бир аз убакыт өтпөй эле башы айланып, ооруганын баары унутулуп өзүнчө эле магдырай баштады. Айланасындагылардын баары көзүнө кызыктай көрүнүп, өзүнчө күлкүсү келе баштады. Бир жумадан берки кыйноонун баарын унутуп, айланасындагылардын баарыдгы айлан-көчөк боло тегеренип, эмне себептен мындай болуп жатканын өзү да түшүнбөй жатты. Сырттан келген өзүнө тааныш эки караанды көргөндө күлкүсү келип өзүнчө эле кыйкырып жыргап күлө берди. Алардын суроолоруна эмне деп жооп берип жатканын өзү дабилген жок.
Эртеси эсине келсе кроватында жалгыз жатыптыр, кечээ эмне окуя болуп кеткенин өзү да түшүнбөй калды. Дене-башы кадимкидей оор тарта ооруп калыптыр. Кроваттын башындагы кечээки тамекини көрүп, кайрадан тамеки тарткысы келип кетти. Албайын десе деле болбой бирди алып, күйгүзүп жанталаша түтүнүн соруп кирди. Бир аз убакыттан кийин эле дене-башы кайрадан магдырап өзүн жеңил сезе түштү. Бир күн бою тынбай ичкилик ичип эртеси күнү башы ооруп атканда бир стакан арак басып алганда денси ушундай болуп магдырай түшчү. Бул эмне болгон тамеки деп карап койду да бир нерседен шекшип турса да баары бир өз эркин кармай албай бурулдатып тарта берди. Башы айланганы менен өзүн жакшы сезип жатты. Анан башын өйдө көтөрө бет маңдайында отурган Хамидди көрдү.
-Кана, эми жай отуруп сүйлөшөлүчү, биз менен иштешүүгө макулсуңбу. Жакшылап эс аласың бир-эки аптадай, алдыңда кызматчыларың да болот...
-Мен силер менен иштешүүгө макулмун, бирок эч кандай катылган алтын казына дегенди билбейм. Чынымды айтып жатам.
-Эчнерсе билбейм дечи?
-Чынымды айтып жатам.
Хамид колун көтөрүп койду эле сырттан кичинекей кутуча аппарат көтөргөн киши келди да Хамидге берип, Саидди бир карап коюп, кайра чыгып кетти.
Хамид аппараттын бир точкасын басып койду эле Саиддин кечээки мээсин тумандап жаткандагы сүйлөгөн сөздөрү угула баштады. “Ооба, мен алтындардын каякта катылуу экенин билем...”
-Ал каякта?
-Кыргызстанда, менден башка аны эч ким билбейт, жалгыз гана мен билем. Ошо себептен мени эч кимиңер өлтүрө албайсыңар. Мен деген силердин Кудайыңар болом...
Хамид аппаратты өчүрдү.
-Мен эч нерсе билбейм дейсиң, буга эмне деп жооп бересиң?
Чынында Саид кечээ буларды айтканынын бир да эсинде жок. Сырттан бирин-экин сөлөкөттөр кирип алар менен сүйлөшүп атканын элес-булас билет, калганын эч нерсесин эстей албай кодй.
-Чынында айтып жатам мен эч нерсе билбейм, булардын баары жалган...
Хамид эч сөз сүйлөбөстөн ачуулана сыртка чыгып кетти.
Көп өтпөй эле алиги эки караан кирди. Аларды көргөндө тозоктун кыйноочулары келгендей дене-бою үркө, жыйрыла түштү.. Саидди колдон буттан ала калың жип менен байлап жиберишти да көтөрүп барып кроватка жаткырып коюшту. Дегеле шашышкан жок, эмне кыйноону баштаар экен деп Саид да алдын ала даярдана баштады. Бирөөсү ары жактан чоң желим баштык алып келди, анан шашпастан Саиддин башына кийгизип ылдый жагын аба өткөрбөй кармап турду. Желим баштыктын ичинен аба уламдан улам жетишпей баратты.Таптакыр аба калбай калганда деми кыталып бети-башы тырыштыра жанталаша ары-бери туйлап кирди. Мындай кыйноону ал өмүрү көргөн эмес, кыйналып, жанталашып тыбырчылап атып акыры эсин жогтуп койду. Тээ бир топтон кийин эчине келсе экөө бет маңдайында тамеки тартып отурушуптур. Улам-улам анын бетине тамеккинин түтүнүн үйлөп коюп, шашпай ордуларынан турушуп кыноолорун кайрадан улантышты. Түшкө чейин ар бир жарым саатта ушинтип кыйнай беришти. Улам эсин жоготуп, кайра эсине келе анын таптакыр эле алы кетип кыймылдоого дарманы калбай калды. Дагы бир жолку катуу кыйноодон кийин кайрадан эсин жоготуп койду. Эсине келгенде бөлмөдө эч ким жок экен, кроватта кол-буту чечилүү жалгыз жатыптыр. Акырын ордунан тура столдо турган тамекинин кутучасын көрдү. Дароо анын ичинен бирди алып күйгүзүп дембе-дем соруп тарта баштады. Тээ бир топтон кийин барыпп, кыйналып денеси кайрадан жазылып, нымшып, магдырай түштү.
Кыйноо улантыла берди, кийинки жолу юашын ылдый салаңдатып туруп, бутунан байлап калың жип менен бир күн кечке шыпкага асып ташташты. Канын баары бетине тээп чыга бир күн бою кыйналып башынан ылдый салаңдап турду. Ага көңүл бурган кирген бир да киши болгон жок. Буттары көөп, дене тамырлары уюп, денесин кара тер басып өлүү-тирүүсү билинбей эки дүйнөнүн отосунда жатканда гана алиги жан алгычтай болгон экөө бутун бошотуп, көтөрүп барып кроватка жаткырып кобшту. Ал эсине келип келбей жёэки күн жатты. Үчүнчү күнү гана буттарына акырын кан жүгүрүп жан кире баштады. Бир күндө бир жолу нан, анан кандайдыр апелсин ширесин даамдалган сары суюктук алып келип берип коюшат, башка эч нерсе жок. Стол үчтүндөгү кутудагы тамеки гана мунун жанын сактап калып жатты. Анын түтүнүнөн соргондо бу дүйнөдөгү баардык нерсени унутуп, магдырай бейишке түшкөндөй болуп калчу. Эртеси кайрадан тозоктун кыйноосу башталат. Денесине ысык темир басышып, буттарынын, колдорунун алдына ийне сойлонуп адам баласы көрбөгөн кордуктардын баарыдыгын көрүп чыкты. Кыйноо бүтүп алар чыгып кетээри менен ал кутудагы тамекини жан талаша ала коюп соруп кирет. Тамеки эмнегедир такыр түгөнбөй койду. Сырт жактагылар аны улам алмаштырып коюшчу. Кыска аралыктын ичинде сакал-муруту өсүп, аябай арыктап араң жан кыймылдап атты. Ага кайрат берип, дем берген бирден бир жакшы жолдошу алиги кутудагы тамеки гана болуп атты. Ал болбосо бул дүйнөдөгү жашоо-өмүрү бүтүп калчудай.
Эки-үч күндөй эмнегедир алиги тозоктун кыйноосу да бүтүп калгандай болду. Зөөкүрлөр кыйнап жатып акыры эч нерсе чыгара алышпай коюшту окшойт. Кез-кез тамак алып келип таштап кеткени эле болбосо бул жакка эч ким баш бакбай калышты. Саид мунун себебин өзү да түшүндөй жатты. Арадан анча-мынча убакты өтпөй эле эми ага чыныгы тозоктун кыйноосу өзүнөн өзү башталды. Алиги бейишке жеткирип денесин магдыратып жаткан тамекиси түгөнүп колу-буту калтырай, денесин оору басып ал өзүнөн-өзү кыйналууга өттү. Сырттан киргендерден суранып көрдү эле аны бербей коюшту. Эки күн бою ал аябай кыйналып бу дүйнөдөгү жашоо кызыксыз, кунарсыз боло баштаганда сырттан келгендерден Хамидди чакыртты.
-Мен баарына макулмун “алтындарды каякка катканымды да айтып берем. Эми мындан ары чогуу иштешкенге мен кошулам. Алиги тамекиден бергилечи, өлүп, жаным чыгып баратат”.
Анын ушу бир-эки ооз эле сөзү тозоктун кыйноосун бүт бойдон жууп, тазалап кеткенсиди.

#367 22 May 2015 - 00:57
КАНЖАРДЫН СЫРЫ
(мурунку заман)
-Бул канжарды кайдан алдың? – шаар башчысы Алайдан кеген соодагер, сүткөр Ибрагимдбекке кайрылды. Белиндеги оролуп турган алтын саптуу бычакты базарга көзөмөл салып жүргөн шаардагы жергиликтүү бийликтин желдеттери көрүп калган болчу. Анан аны кармап алып шаар башчысына алып келишкен.
-Базардан бир адамдан сатып алдым...
Шаар башчысы алтын саптуу канжарды ары-бери томолотур айландырып карап турду. Канжардын эң жогорку жагында жолборстун башы жасалган болчу. Сабынын калган төмөн жагы оймолонуп-чиймеленип, өзгөчө коодолуп, чебер устанын колунан жасалганы билинип турат.
-Кайсыл тилде сүйлөйт экен ла кишиң?
-Улуту кайсыл экенин билбейм. Бирде өзбекче, бирде кыргызсча, бирде уйгурча кыскасы көп тилде сүйлөй алат экен.
-Сенин улутуң кайсы?
-Кыргыз, Алайлык болом...
-Сени менен кыргызча сүйлөштүбү?
-Ооба, таксыр.
-ОШол кишинин өңүн жакшы тааныйсыңбы? Кайсы куракта экен?
-Менимче кырктардан өтүп калыптыр. Ээчитип келсеңер өңүн албетте тааный алганга кудуретим жетет таксыр.
-Болуптур аны тапмайынча сен эч жакка кетпейиң, бара бер, -алиги көпөс чөк түшө, башын ийип арты менен сыртка чыгып кетти.
Шаар башчы алтын саптуу канжарды кылдап кармалап текшерип чыкты да жанындагы жөөкөрлөрүнө кайрылды.
-Бар тез Амирахунду чакырып кел.
-Куп болот таксыр, -сыртка кеткен жигит бат эле алиги айткан кишисин ээрчитип кайра келди. Шаар башчыгы тигини отур дегендей жанындагы отургучту көрсөттү.
-Кана айтчы Амирахун мобул алтын саптуу канжар жоголгон казына ичинде бар беле?
-Албетте бар болчу таксыр, мындай алтындардын дагы эки-үчөөсү базардан кармалды. Алар да бардыгы бир эле кишиден сатып алышыптыр. Алардын айтуусу боюнча ал алтын саткан кишинини өңү-түсү, жашы келбети бирдей келишип жатат.
-Демек алардын баары бир эле казынанын алтындары дечи, жаңылган жоксуңбу?
-Кантип эле жаңылайын таксыр, аларды дайынсыз жоголуп кеткенге чейин өз колум менен бирден эсебин алып жөнөткөм. Кызыл-Үңкүрдө чуу болуп кеткенден кийин алар баш-оту менен дайынсыз жоголуп кетпедиби. Аларды кыргыздардын кандайдыр бир чакан тобу түн ичинде жашыруун алып кетишиптир. Каякка алып кетишкени белгисиз, ошол боюнча дайыны чыкпай калбадыбы.
-Дагы бир жолу айтам, жаңылган жоксуңбу?
-жок таксыр, мобул көзүм менен ишенип айтып атам. Эгер жаңылган босом башымды туурасынан кесип таштаңыз. Убагында бул канжарга өзүм да кармалып кызккам.
-Болуптур ишенейин. Андай болсо алиги жигитти жердин жети кабат түбүнө кирип кеткен кетсе да таап, кармап бул жакка алып келгиле. Аны тапмайынча кайрылып келем деп ойлобой эле койгула. Эгер аны алып келбесеңер алдагы томолок башың ийниңден таштай томолонуп түшөт, уктуңбу? Бир көзүңдөн кан, бир көзүңдөн жаш алам, ушунча байлыктан ажырап куру жалак калышыбыз болбойт. Жөнөгүлө тез аранын ичинде, болгула тез! Бүгүндөн калбагыла, дагы бир жолу эскертем, ансыз кайтып келбегиле, Жөнжөн жөн куру колкайтып келем деп ойлобогула!
Амирахун башын ийе, таазым кылып чыгып кеткенден кийин шаар башчысы жерде төшөлүп турган Ирандыктардын чоң килемине чөгөлө тизелей отура калып эки алаканчн жая асманды карап кудайга жалынып баштады.
-Оо Жараткан күчтүү Кудайым, жоголгон үмүтүбүздү кайра жандырып, жоголгон казынабызды кайра кайрып бере көр!
Бул мезгилде тээ алыста тоо арасындагы үңкүрдө Улукбек чуңкурда катылуу турган алтындарды өзүнчө иреттеп алып, кезектеги соодага даярданып жаткан эле.

#368 22 May 2015 - 00:58
АРГАСЫЗДЫК
(бүгүнкү заман)
Эки аптадан ашык убакытка чейин Кахар менен Каныбекти сыртка чыгарып басууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Эмнегедир бүгүн аларды кайтарган эч ким болбоду, сыртка чыгып ээн-эркин юасып жүрүштү. Файзабад шаарына таң азандан баштап жаан шатыратып төгүп жатты. Негизинен кыргыз жергеси менен салыштырганда бул жакта жаан аз жаайт экен. Жай мезгили аябай ысык келип, кышы да анча суук эмес. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү аба, жер-шартына ылайыкташкандай кара-тору келишет. Жайы-кышы дебей бир эле кийим менен жүрө беришет.
Кечке жуук аларга Хамид өзү басып келди.
-Мен силерге бир сунуш, бир шарт менен келдим. Катылган байлыктын чиймесин, силерче айтканда картасы менин колумда. Саид бардыгын айтып берди, Кудай буюрса ал биз менен чогу иштемей болду.
-Саид өзү каякта? –Каныбек анын сөзүн бөлүп жиберди.
-Ага да атайын мейманканадан бөлмө бөлүп бердик эс алып жатат. Шашылбагыла жолугасыңар ага да. Андан көрө силер менен бир маселени чечип алалы. Канча калса да силер ал жактын жер шартын, элдерин жашоо-турмушун жакшы билет эмессиңерби. Ал жакта жашырылып жаткан байлыкты алып келүү үчүн атайын тандалма топ түзүлүп жатат. Бизге кыргызча таптак сүйлөй ала турган киши керек. Силер экөөңөр тең кыргыз тилин жакшы билесиңер, жергиликтүү элдин үрп-адаттарын, жашоо-шартын экөөңөрдөн кыйын билген киши жок. Канча калса да силер ал жакта жашап калбадыңарбы, биздин топто кыргыз, өзбек, тажик тилдерин билгендер да бар. Каражат болсо Кудая шүгүр жетиштүү. Тажикстан, Кыргызстан жактары менен канча жолу наркотик алып өттүк. Жергиликтүү элдин жардамы менен бир да жолу кармалган жокпуз. Баңги заттарды бининбей кандай алып өтсөк буларду да ошондой кылып билгизбей алып чыгып кетишибиз керек. Эптеп бул жакка ошончо байлыкты алып келип алсак аны өзүбүзчө жалпы казынага коюп чогуу иштетебиз. Эгер кимде ким өз энчисин алып өзүнчө жашагысы келсе ага да каршы эмеспиз. Ар ким өзүнүн кызматына жараша энчисин ала алат.
Бул жерде Ооганстандын жарымысын өзүнө ийдирген күчтүү мафия турат. Анын башында биздин кожоюнубуз бар, Кабулда турат. Аты Рашид, ал жакынкы күндөрдө бул жакка келип калат, ага чейин силердин бар же жок деген макулдугуңар керек. Эгер макул болсоңор анда биздин атайын даярдалып жаткан топко кошуласыңар, а эгер макыл болбой моюн толгосоңор. ., анда силер менен башкача сүйлөшөбүз. Бир сутка убакыт берем ойлонгула. Коркпой үркпөй эле ээн эркин сүйлөшө бергиле, эми силерде эч кандай аппараттар жок тыңшоочу. Ойлонгула, өзүңөрдүн кабыргаңар менен акылдашып, кеңешкиле, кыскасы эртең жообу даяр болсун, -Хамид ордунан турду да башка эч сөз айтпастан сыртка чыга жөнөдү.
-Саид кайда, аны менен жолугуп сүйлөшсө болобу?
-Адегенде экөөңөр бир чечимге келгиле, анан аны менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк аласыңар, -Хамид токтой калып артына бурулуп жооп берди да анан шарт чыгып кетти. Экөө эмне сүйлөшөөрүн билишпей тунжурап туруп калышты.
-Бул Хамид эмненин башын кылтыйтып атат, чын айтып атабы же атайын бизди сынап атабы?
-Саид дароо эле признавать этип, алардын колдоруна “ме” деп картаны бере коюшу мүмкүн эмес. ОШончо байлыкты ким эле башка бирөөнүн, биринчи жолу эле кезиккен адамдын колуна өткөрүп бере койсун.
-Хамиддин колунан баары келет, коркутса да, алдаса да, азгырса да ар кандай жолдор менен анын эркин текшерип көрүп, анын слабый точкасын таап алып, ошонун негизинде аракеттенип, баш ийдирип, атүгүл айттырып алышы да мүмкүн. Анын үстүнө Саид казынаны билген жападан жалгыз адам да. Азыркы күндө тигил жакта, кыргыз жергесинде канчалаган топ жоголгон казынаны издеп жүрүшөт. Анын жападан жалгыз кожоюну болсо бул жакта жүрөт. Эмне кылышыбыз керек, тигинин сунушуна кандай жоопту табабыз?
Кахар билбейм дегендей ийнин күйшөп койду.
-Экөөбүздү колунан келишинче пайдаланып алып, казынанын баарын кыргыз жергесинен, чек арасынан алып өткөндөн кийин биздин көзүбүздү тазалап коюшсачы. Алтындар кыргыз жергесинен чыгып кеткенден кийин биздин аларга керегибиз не. Жөн гана ит аткандай атып салышат же уу берип өлтүрүп салышы да мүмкүн...
-Биринчи кезекте чын эле Саидде казынанын картасы бар бекенби билеличи андан кийинкисин дагы ойлонуштурабыз.
-Анда кеч болуп калат, бизге болгон бир сутка гана ойлонууга убакыт берди тигинин өзүнүн айтуусу боюнча. Алардын шефи Рашид КАбулдан келгиче бул жактагылардын бардыгы даяр болуп турушу керек.
-Булардын бардыгын өзүнүн оюнан чыгарып айтып жаткан бослочу, атайын бизди сынап?...
-Баары бир...
-Эмне баары бир?
“Кайда барсаң да Мамайдын көрү”, Хамид бизди мынчалык деңгээлде билбеш керек болчу, ушунча айыбыбыз ачылып калгандан кийин кайра артка кайтууга мүмкүн эмес. Подслушивающий аппараттары бар экенин биз убагында ойлонгондо мынчалык ызы-чуу болбойт эле, ал бизди кандайдыр башка бир нерсеге даярдап, жигиттерин машыктырып жаткан. Каякка даярдыктан өткөрүп жатканын дагы айткан эмес “аны кийинчерээк айтам” деген. Мына эми, өзүбүз да башка кылтыкка илинип алдык, эми бул кылтыктан оңою менен чыга албайбыз. Бул алтын оюну башталганы Хамид мунун аягына сөзсүз чыкпай койбойт. Саид дагы экөөбүз дагы алардын тукунубуз. Эч нерсе жасай албайбыз. Эмне кылабыз анда анын сунушуна макул боло берелиби?
-Биздин экөөбүздүн сүйлөшүп жатканыбызды тигилер аппараттары менен угуп жатышат болуш керек.
-Мейли укса уга берсин бизге эми баары бир.
-Кана эмне кылалы анда, бул деген биз үчүн аргасыздык болуп жатат?
Каныбек акырын келип Кахардын кулагына шыбырады.
-Азырынча макул боло берели, анан кийинчерээк мүмкүнчүлүк болгондо Саидди алып алып качуу керек. Ага чейин Саид чын эле баарын айтып таштадыбы ошону билеличи, балким жалган айтып жаткандыр?
-Болуптур анда биз тигилердин сунушуна баарына макулбуз. Эгер качканга мүмкүнчүлүк болсо, анда булардун тобуна кошулуп бара беребиз кыргыз жергесине. Андан кийинкисин көрө жатабыз...

#369 22 May 2015 - 01:12
БЕЙТАНЫШ КАРАКЧЫЛАР
(мурунку заман)
“Мынча буюмдун бардыгын үңкүрдүн ичине батыра албайбыз, андан көрө алтындарды акчага соодалап, ал эми акчага болсо калаанын чет жакаларынан короо дубалы бийик, дарбазасы бар Үрүмчүдөгү Хабибулло көпөстүкүндөй болгон үй сатып алыш керек. Ал эми үй ичин оокатка толтуруу масалеси жеңил эле. Мен Хайрулладан эмнем кем, керек болсо андан эки-үч эселеген байлыгым бар, андан ашып түшкөн, атагы чыккан көпөстөрдүн бири болом”. Улукбек өзү менен өзү сүйлөшө кыялга батып кетип баратты. Бул жолкусунда ал алтындарды соодалаганы Ош тарапка кетип бараткан. Анын кийген кийимдери, минген аты, ат жабдыктары чөң көпөс байлардан эч айырмасы жок эле. “Бул ишиңди токтотсоңчу жетишет, момунчаны сатып келдиң. Мынча байлыктын баарын башыңа үйөсүңбү. Дгеи бир балээнин башынан чыкпасаң болду, алтын бар жерде чыр-чатак, ажал коштоп жүрөт. Тынч эле оокатыбызды кылалы” деген мергенчи Жолондун сөзүн укпай кайрадан аттанып чыккан болчу базарга. “Бүгүн Ошко барсам, эмдиги жолкуда Памир-Алай, Таш-Курган, Бустан-Терек жакка барам. Анан Андижан, Наманган, Маргеллан жакка саякаттайм. Бир жерде дайым соода кылбай улам бир жерди, бир базарды кыдырып жүрө берсем болот да, менден ким шек алмак эле. Түштүк Фергана, Дарат-Курган, Чолок-Коргон, Ташкендин өзүнө да баруум абзел. Соодагерлер деген жердин баарын кыдырып жүрөт, антпесе адам баласы байыбайт”.
Ош базары, Самарканд, Ташкентке салыштырмалуу кичирээк болгону менен туш тараптан соодагерлер көп келишет. Жума күнүнөн баштап үч күн катары менен соода жакшы жүрөт. Анткени ошол күндөрү чет жактан келген соодагерлер көп болот, калган күндөрү кадимки эле базар сыяктуу. Улукбек ушул күндөргө туштап чыккан болчу. Бул жолу да адаттагыдай эле базаржа эл көп экен. Соодагерлер алуучунун кийген кийимдерине карап өздөрүнүн товарларын сунуш кылышат эмеспи, бардыгы Улукбекке жабыша “меникин алың, таксыр” деп сунуш кылып жатышты. Ал соодасын адегенде эле алтын теңгелеринен баштады. Алтын буюм тайымдары куржындын ичинде болчу, кыржын болсо атына арта салынып койгон. Алтын чөйчөктү бир көпөскө соодалап алаксып жатып атына арта салынып турган куржунун кандайча алдырып жибергенин өзү да байкабай калды. Бирок ууруну алыска узаткан жок, жаш бала көтөрүп чуркап бараткан өзүнүн куржунун алыстан эле тааныды.
-Кармагыла ууруну, менин куржунумду уурдап баратат! –деп алган болгон күчү менен айкырып коё берди. Бирок анын сөзүн уккан эч ким болгон жок, ар ким өзү менен өзү боло укмаксан болуп алдындагы товарларын сатып отура беришти.
-Кимде-ким ууруну кармап, куржунду кармап берсе, алтын теңге берем!-деп кыйкырды ал айласын кеткенде. Бир эки жолу жазар жаңырта кыйкырып оозун жыя электе эле далдайан эки-үч жигит баланы кармап куржуну менен кошо жетелеп келишти.
Ушул жерден ал бир чекилик кетирди. Аларга бирден алтын теңге карматып, дароо ары көздөй барды да ичиндегилер жоголбоптурбу дегендей куржундун ичин ачып текшерип карады. Барыдыгы эле ордундагыдай экен, жоголбосо керек. Колдору менен ары-бери аңтарып текшерип көрдү да оозун жаап айланасын карады. Элдердин бардыгы аны жабыша караша, өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышыптыр. “Сактыкка кордук жок” дегендей сак болбой одоно иш кылып жибергенине өкүнүп калды. Анын соодасы эмнегедир тетирлей баштагансыды. Анткени анын жалгыз экенин билишип, бир топ караандар артынан акмалап, жүрүшкөнүн байкап калды. Ары басса ары басат, бери басса бери басышат. Алар соодалашканга таптакыр мүмүкнчүлүк бербей коюшту. Анткени бадыгынын эле көздөрү куржунда алардын көздөрүнчө куржундагы алтын буюмдарды алып чыкканга мүмкүн эмес болчу. “Кой бул жерден эртерээк кетпесем болбой калды, тигилердин ниеттери бузулду, кокусунан мени өлтүрүп, куржундагы байлыктарымды алып кетишпесин”. Улукбек дароо кетүүгө ашыкты. Эмнегедир артында куйрук болуп акмалап келатышкан караандар көрүнбөй калышты. Базардан чыгып кууш көчө менен атын желе жастыртып кетип бара жатты. “Кап кашайгырдыкы, соодам бүгүн жакшы болбой калды каргашадай болуп ууру баланын чыга калганын карабайсыңбы. Эми буларды кимге сатам кайра соода кылбай кайрылып барганда мергенчи мени шылдыңдап күлүшү мүмкүн. Эмне кылсам, кимге соодаласам, базарга барып көрөсмбү? Азыр али эрте, Памир-Алай базары жакка барайынчы ал жакта мени эч ким билбейт да товарым өтүп керээр” –Улукбек атынын оозун дароо күн батыш тарапты көздөй бурду.
Күн төбөгө көтөрүлгөнү менен али түш боло элек болчу. Ал кербен жолго түшө атынын башын ылдамдата бастырып келе жатты. Анча бийик эмес дөбөнү аша бергенде тээ арт жакта өзүн карай катуу чаап келе жаткан атчан беш-алты караанды көрдү. Булар соо адамдар эмес экенин, жүрөгү бир нерсени дароо сезди да атына камчы урду. Алдындагы зоот ат болгон күчү менен зыркырай үстүндөгү кожоюнун алып жөнөдү. Аркыраган шамалдын илеби башындагы тебетейин жылып кетти. Улукбек анысына деле кайыл, максаты эптеп эле артындагы куугунчулардан аман-эсен кутулуп кетүү. Бир кезде артындагы куугунчулар тээ алыста калды. Ал ошол бойдон токтобостон атына үстөкө-босток камчы чаап Кудайга жалына, кайра-кайра келме келтирип жүрүп отурду.
Эгер куугунчулар жакын келе турган болушча өткөн жолку Жолон мергенчини туурап куржундагы алтын буюмдарды бирден алып чыгып сыртка ыргытмак. Жакын келип калган куугунчулар жердеги алтындарды талашып балким артта калып калат беле. “Ох Кудая шүгүр этип кутулдум окшойт алардан” Улукбек чекесиндеги терин аарчып катуу бараткан атын кичине жайлатты. “Менин аргымагым аларга алдыра койбос” ал алдындагы атына куугунчулардан куткарганына ыраазы боло кетип бара жатты. Беш-алты анча бийик эмес дөбөнү ашып өткөндөн кийин артын кылчайып карады. Сыягы жете албастарына көздөрү жетип, арта карып калышса керек, эч бир караан көрүнбөйт. Катуу терге түшүп калган атын жайлата жорголотуп жүрүп отурду.
Арадан дарым чай кайнамдай убакыт өткөндөн кийин анча бийик эмес жарчыны айлана бергенде капталындагы дөбөдөн эки атчан караан чыгып, түз эле өзүн карай атырылып келатышты. Ал кайрадан атына камчы салды. Көп өтпөй алиги анча бийик эмес жарчынын ары жагынан өтө эле чукул аралыктан күтүлбөгөн жерден дагы эки атчан атырылып чыкты. Улукбек колунан келишинче үстөкө-босток атына камчы сала улам-улам артын карай кайрадан Кудайга жалына баштады. Ал кербен жолуна эмес таптакыр башка жакка атынын башын бурду. Арт жагын кылчайып карады эле төрт атчанга дагы эки атчан кошулуптур. Өтө чукул келип калгандарына караганына алар өтө чукул жолго салып, жол кыскартып кууп келишсе керек. Эми Улукбекке куржундагы алтындары эмес жан керек болуп калды. Чаап ьараткан боюнча экиге бөлүнүп арта салынган куржунду бычак менен кечип жибермекке белиндеги кош миздүү канжарын кынынан сууруп ала койду.
Ошо маалда кимдир бирөө ага чалма ыргыттып, аркан мойнунан ашып өтүп көкүрөгүнө чейин илинип түштү. Анан атынан камгактай топ этип учуп барып жерге оонап жатып калды. Кийими-баштары тытыла бир топко чейин сүйрөлүп барды. Алиги атчан чалманы ыргытып жиберди да кауу калыбынан жазбай кетип бараткан атынын соңунан кетти. Ордунан атып тура калган Улукбекти кимдир бирөө союл менен жон талаштыра чаап өттү. Көзүнөн от чагылыша заматта жер айлан чөчөк болуп түштү, өзүн кармай албай топутак жерге эт-бетинен кулады.
Ал жерде канча жатканы белгисиз, бир маалда эсине келип көзүн ачса жападан жалгыз ээн-талаада жатыптыр. Алиги каракчылар көйнөк дамбалын гана калтырып жылаңачтап кетишиптир. Желкеге катуу сокку жегендиктен мойну-башы чыдатпай оорутуп кыймылдатпайт. Анын үстүнө чалмага катуу сүйрөлгөндүктөн буттары, далылары сыйрылып кетиптир. Кан агып, топурак аралашып катып калыптыр. Ордунан туруп келатып өзүн кармана албай кайра чалкасынан кулады. Атка катуу сүйрөлгөндө денелери таштарга тийсе керек, таптакыр кыймылдаганга мүмкүнчүлүк бербейт. Убакыт түштөн ооп кетиптир. Ал чалкасынан жаткан боюнча чайттай апачык бир булуту жок көпкөк асманда карады. “Оо Кудуретүү Күчтүү Кудайым мага байлык тартуулабай эле азапты тартуулагансың го. Мына ушунчалык көп байлыктын ээси болгонум менен канчалаган гана анын кордугун тарттым. Өмүр бою алтындарын азабын тартып жүрүп убайын көрбөй өтүп кетемби? Кандай адамдар анча-мынча алтын колго тийсе бат эле байып кетишет. Ушунча байлык менен жүрүп эл сыяктуу бай жашап, малай жумшап, эки-үч жерге үй салдырып, короо-короо мал күтүп, эки-үчтөн аял алып, эмне үчүн башкалардай жашай албайм, эмне үчүн?” Ал чалкасынан жаткан боюнча ызаага буулугуп көздөрүнөн жаш шорголоп атты. Көрдөн чыккан адамдай болуп топурак кан аралашкан көйнөк-дамбалы ар кайсы жеринен айрылып кеткен болчу. Онтолоп бир топко кыйналып жатып араң дегенде ордунан турду да айланасына көз жүгүрттү. Ээн талаа, эрме чөлдө калгандай айланасында бир да тирүү жандык көрүнбөйт. Анан асманды бир карап Кудайга жалынып алды да бет келди темселей басып жөнөдү.

#370 22 May 2015 - 01:15
ТҮНДӨГҮ КАЧКЫНДАР
(бүгүнкү заман)
-Эң жакшы, мен силердин макул болооруңарды билгем, ошондуктан эч кимге тийгиздирбей өз жайыңарга койбодумбу. –Хамид тиги экөөнүн ийиндерине колун коюп өзүнүн ыраазычылыгын билдирип жатты. “Жалгыз дарак токой болбойт” дегендей баары бир экөөңөрдүн колуңардан эч нерсе клмек эмес туурабы. Мындай иштерге атайын топ түзүп алып туруп анан аракет кылыш керек, антпесе болбойт. Кудай буюрса жакында биздин кожоюнубуз келет Кабул жактан. Ошого чейин атайын тандалма ишенимдүү кишилерден топ түзүп, бардык нерсеге даяр болуп турушубуз керек. Силерден жашырганда не, эми өз киши болуп калбадыңарбы, мына жакында күз айларында Орто Азия аркылуу эң күчтүү баңги заттарды Европага алып өтөбүз. Ошол менен кошул-ташыл ал жакта катылуу жаткан алдындарды дагы алып чыгып кетүүгө аракет кылабыз. Балким ага чейин эле кетип калышыбыз да мүмкүн. Анын аарын кожоюнубуз чечет, эми ал келгенде көрө жатарбыз. Ага чейин өзүңөрдүн келишим боюнча түзүлгөн мурунку жумушуңарды жасап, жигиттериңерди машыктыра бергиле, баарын мезгил көрсөтөт. Азырынча бошсуңар барып эс ала бергиле.
-Саид каякта аны көрсөк, жолуксак болобу?
-Саиддиби? –Хамид кабагын бүркөй эмне айтаарын билбей бир азга ойлонуп туруп калды. Анан калп жылмая экөөнүн жүздөрүнө үңүлдү.
-Эмнеге болбосун, албетте болот. Ал бир аз ооруп ооруканага жатып чыкты, азыр да дарыланып жатат. Бара бергиле аны өзүм жиберип жиберем, Хамид экөөнүн көздөрүн сынай карай акырын кетип калды.
Арадан жарым саат өтпөй Саид келди. Экөө аны тааныбай жатышып араң дегенде таанышты. Жыйырма күндүн ичинде аябагандай өзгөрүп кетиптир. Жаактары шимилип арыктап жүдөп, жалтыраган эле эки көзү калыптыр. Аксаңдап араң басып жүрөт. Чачын жаңы эле тегиздетип, мончого түшүп, сакал-муруттарын жаңы эле алса керек.
-Берчи тамекиңер барбы? –келе элек жатып эле ал экөөнөн тамеки сурады. Каля-калч этип түнү бою арак ичкенсип эки колу калтырайт.
-Биз экөөбүз тең тамеки чекпейбиз...
-Аа-аа, -ал чөнтөктөрүн сыйпалап жатып тамеки таап алды да клач-калч эткен колдору менен эптеп күйгүздү. Анан аны дембе-дем соруп кирди. Алар кечээгү эле адамынын таптакыр бат эле башка киши болуп өзгөрүп кеткенине таңгалып бир топко унчукпай карап турушту.
-Сага эмне болгон Саид? –экөө тең ага суроолуу карады. Дүлөй кишиче ал эч нерсени укмаксан болуп бир топко турду да анан ооз учунан араң “күңк” этти.
-Мага эч нерсе болгон жок, катуу ооруп калып ооруканага жатып чыктым, -анын бир нерсени жашырып жатканы сөздөрүнөн эле байкалып турду. Ары-бери өткөн Хамиддин кишилери тоскоол болуп аткандыктан үчөө жакшылап сүйлөшө алгышкан жок.
Экөө өз иштери менен алек боло атайын дайындалган кишилерин машыктырып жүрүштү. Бирөөсү чыгыш элдеринин мушташуу ыкмарын, экинчиси болсо таамай атуунун жолдорун. Үчөө кез-кез жолуга калышып, кыска-кыска сүйлөшкөндөрү гана болбосо алардын үстүлөрүнөн көзөмөл салып жүргөндөр кенен-кечир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бербей атышты.
Арадан жарым ай өткөндө Хамид өзү баш боло “кожоюн” келди деп баары дүрбөп калышты. Кара Мерседес машинадан түшкөн, бою эки метрдей, көлөмдүү, далдайган, кара-торусунан келип сакал-муруттары өскөн, аскердик талаа формасын кийген кишини баары жабыла тосуп алышты. Анын баскан-турганы Кубанын жол башчысы Фидель Кастрону элестетип турду. Кыймыл-аракети сүрдүү көрүнгөнү менен тосуп алгандардын баардыгына жылмая карап кол алышып учурашып жатты.
Хамид кол алышкандардын ар бирин аны менен тааныштырып үшгүрүүдө. Ал Кахар менен Каныбекке келгенде бир азг буйдала түштү. Ортодо Хамид чебелектей бир нерсени түшүндүрүп жатты.
-Баягы мен айтып жаткан жигиттер ушулар. Бирөөсү чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн кара пояс, экинчиси болсо көзгө атар мерген. Экөө тең кыргыз жергесинен келишкен. Тигил кыргыз –аты Абдурасул, ал эми экинчиси болсо бул жактын эле жигити улуту афган, аты Кахар.
-Үчүнчү жигит каякта?
-Саидби, -ал өз бөлмөсүндө эс алып жатат, бул жакка келе алган жок, ооруп калыптыр. Ал эч нерсе деп башка сөз сүйлөгөн жок, унчукпай ары көздөй асып кетип калды. Афгандагы эң күчтүү, атактуу мафиянын бири болгон, ошонун кожоюну Рашид Файзабад шаарында бир аптадай жүрүп кетти. Ушул убакыттын ичинде Хамиддин кишлери менен эки жолу чогулуш жасады. Кыргызстандагы жашыруун алтындар туралуу бир да жолу сөз болгон жок. Баңгизаттарын Орто Азия аркылуу кантип алып кетүү жөнүндө гана пландар айтылды. Хамид да аны менен жүрүп Каыбек менен Кахарга жолукканга мүмкүнчүлүк ала алган жок.
Кожоюн кайра Кабулга жөнөп кетээри менен эле Хамид Каныбек менен Кахарды өзүнө чакырып алды.
-Иштин баары таптак чыктык. Алтындары алып келүү боюнча он кишиден турган атайын топ түзүлмөй болду. Алардын ичинде силер экөөңөр, Саид да бар. Кудай буюруп жолубз болсо күзгө жетпей эле кетмей болдук кыргыз жергесине. Ал эми баңгизаттарга биздин эч тиешебиз болбойт, аларды башка топ алып өтүшөт. Түшүндүңөрбү ага чейин даяр болуп тургула, кетээрибизге аз калганда өзүм эскертем.
Ошондон кийин Хамид тигилерге бат-бат келчү болду. Алардын бөлмөсүнө кирип бир-эки сааттай сүйлөшүп отуруп кетет.
Арадан бир аптадай өткөндө Хамид жумуштары менен Кабул шаарына жөнөп кетти. Кырдаалдан пайдалана экөө Саидди акырын өздөрүнө чакырып алышты.
-Жашырбай чыныңды айтчы Саид, казынанын картасын аларга бергениң чынбы?
-Ооба бергем, мажбурлап алып коюшту, мени дээрлик үч аптадай тозокко алып барып кайра алып келишпедиби. Ооруканага жатып чыктым деп жөн эле айтып койгом. Алар мени силерге “эч нерсе айтпа, ооруканада ооруп жатып чыктым” деп айт” деп мажбурлашкан.
-Демек алар казынанын кожоюну болуп калышкан экен да, биз алар үчүн анча деле роль ойнобой калган турбайбызбы.
-Жок, азырынча биздин кадыр-баркыбыз алардын алдында кете элек. Анткени карта толугу менен чийилген эмес, тигилер түшүнбөгөн табышмактуу жерлери бар. Биз аларга баары бир керекбиз. Силер болсо ал жактын жер-шартын, жергиликтүү элдин тилин жакшы билесиңер. Биздин көзүбүздү тазалаганга али эрте.
-Карта кимде?
-Хамиддин өзүндө, балим аны Кабулга Рашид өзү менен кошо алып кетиши да мүмүкн. Жакынкы аралыкта бир же эки айдан кийин жөнөп кетебиз деп атышпайбы.
-Бизде бир жакшы ой бар, анан мүмкүнчүлүк болуп турат Саид, эгер сен аны туура түшүнсөң. Алтынды кыргыз жергесинен алып чыгып кеткенден кийин булар баары бир бизди соо коюшпайт. Ар кандай жолдор менен акырын билгизбей өлтүрүп коюшу мүмкүн.
-Мүмкүн эмес эле, бул ишке барышаары айдан ачык.
-ОШондуктан темирди кызуусунда согуш керек.
-Эмне айтайын деген оюңар бар?
Үчөө жашыруун угуучу аппараттан аябай сак болуп калышкан эле. Бул жолкусунда да жан жерлерин дагы бир сыйра текшерип чыгышты.
-Азыр бизде мүмүкүнчүлүк, кырдаал жакшы болуп турат, колдон келсе үчөөбүз бул жактан качып чыгышыбыз керек.
-Кантип, ал мүмкүн эмес да?
-Мүмкүн, толук мүмкүн. Бүгүн түнү качып чыксак, бизди Афганстандын кайбы бир бурчунан таба алышат. Машине менен болобу, ат менен болобу, поезд менен болобу, жөө болобу иши кылып эч кимге шек алдырбай жүрүп отурабыз түндүк тарапка. Эптеп Тажикстанга жетсек ал жактан Кыргызстанга оңой эле өтүп кетебиз. Эң башкысы кармалбасак эле болду.
-Эгер кармалып калсакчы? Бизди өлтүрүп коюшат го.
-Өлтүрүшпөйт, бирок качып кеткендигибиз үчүн катуу жазалашат жана катуу эскертүү беришет.
-Кантип качабыз?
Файзабад шаарынын чет жакасында май куючу станциясы бар эмеспи бүгүн түнү саат экилерде ошол жерден жолугушабыз. Биздин Хонда машинебиз ошол жерде болот. Машинеге май куюп алып жөнөп кетебиз. Калганын, Кудайыбыздын башка салганын көрө жатабыз. Сүйлөштүкбү?
-Сүйлөштүк.
-Тобокел кылып көрөлүбү? Антпесек болбойт.
-Тобокел.
-Анда бүгүн түнү саат экиде май куючу жерден жолугушабыз.
Алар ошол боюнча тарап кетишти.
Түнкү саат экилерде Каныбек менен Кахар Саидди чыдамсыздык менен күтүп отурушту. Саат экиден эбакта эле өтүп кетти. Саатын кайра-кайра караган Каныбектин тынчы кете баштады.
-Саидге эмне болду, шек алдырып коюп кармалып жатабы же биз менен баргысы келбей айнып калдыбы?
-Ким билет, күтө туралы дагы, ал келбесе диз дагы артка кайтууга туура келет.
Арадан дагы он беш мүнөт өткөндө жанталашып чуркап келаткан Саиддин карааны көрүндү. Ал күшүлдөп-бышылдай эптигип жете келди.
-Тигил жактан кармалып калбадымбы. Өчөшкөндөй бөлмөгө кишилер келип отуруп алышпадыбы. “Кеткеиле уктайм” деп араң чыгардым.
Көп өтпөй эле “Хонда” машинеси асфалть жол менен түндүктү карай зымырап кетип бара жатты.

#371 22 May 2015 - 01:17
КАРГАШАЛУУ КҮН
(мурунку заман)
Өң-алеттен кеткен Улукбек бир күндө жетчү жерине илең-салаң басып жүрүп отуруп үч күндө кыйналып жатып араң дегенде жетти. Анын кейпин көргөн Жолон мерген эч сөз айткан жок, мейли өзүнө сакболсун деп койду. Ошол боюнча Улукбек эки-үч күндөй төөктөн турбай жатты. Ден-соолугу оңолуп, калыбына келип, жакшы боло баштаганда кайрадан чамына баштады. Бул жолкусунда өзү жалгыз баргысы келбей Жолон мергенчини да азгырып кирди.
-Бул жатканда эмне кыласың, андан көрө мени менен бар, алдагы эчки-тоо текелериңден он эсе көп пайда табабыз. Убакыт өтүп жатат, Кудайым өзү берген байлыктын кадырын билбей жатабыз...
Буга Жолон дароо эле каршы боло кетти.
-Өзүң барсаң бар, бирок мени өзүң менен илээштирбей жайыма койчу, мага артыкбаш түйшүктүн кереги жок, жаным тынч, курсак ток башканын керекги не, барсаң өзүң бар, мени азгырба.
-Канча калса да көзгө атаар мергенчисиз, айла-амалдуу, көптү көпгөн акылдуусуз, жок дегенде бир-эки жолу мени менен барып кел, анан жакса мага кошул жакпаса экинчии суранбайм, бир-эки жолу эле... Анан болду.
-Жок баралбайм, кандай түшүнбөйсүн мен эле көп, ызы-чуулу жерде жүргөндү жаман көрөм, андан көрө тоо-ташты аралап кийик аңдып жүргөнүм жакшы. Мен боорумдан көтөрүлө электе эле тоо-ташта өсүп чоңойгом. Өмүрүм өткөнчө-тоо ташта болом. Ал менин киндик каным тамган жер.
Энем да атам да ушул тоо таштын арасында коюлган. Менин өмүрүм да ушул тоо, эегер көзүм өтүп кетсе сөөгүм ушул тоо-таштын арасында коюлушу керек, калаага барып жашайбыз деп мени азгырба, жайыма кой.
Баары бир улукбек да айтканынан кайтпай туруп алы. Акыры көк беттигин карматып атып өзү менен кошо бир эки-үч жолу базарга барып келүүсүнө макулдаттырды.
Экөө эртеси күнү таң атпай Фергана жактагы базарга сапар тартышты. Бул жолкусунда алтын чөйчөккө толтура болуп салынган ар кайсы улуттун алтын тыйындарын алып чыгышкан. Алтын билериктен үчтү, сөйкөдөн бешти, шакектен онду алышкан болчу.
Экөөнүн сүйлөшкөндөрү боюнча Улукбек алтындарды соодаламак, ал эми Жолон мереген болсо бери жакта аны кайтарып акмалап жүрмөк. Фергана базары Улукбекке анча жаккан жок. Ташкент менен Самарканд, Ош базарына салыштырмадуу эми да аз, чаңдуу да экен. Соода кылгандардын басымдуулугу өзбек менен уйгурлар. Кыргыз, казак, тажиктер дээрлик жокко эсе. Башака базарларга салыштырганда ызы-чуусу да аз, ар бир кыйкырып өздөрүкүн макташпай, жайма-жай отуруп алып соода кылышууда.
Кандай базар болбосун жума, ишемби, жекшемби күндөрү базардын шааниси чыгат. Экөө туура эмес убакытта барып алышыптыр. Улукбек он кадамдай алды жакка өтүп алып алтын теңгелерин соодалап жүрдү. Көпчүлүк соодагерлер анын чыныгы алтын экенине ишенишпей жанындагыларга көрсөтүшө, анан тиштеп да көрүп жатышты. Бул жолкуда Улукбек аябай сак болуп калган, өткөнкүдөй ачыктан-ачык алтын буюмдарын алып чыгып соодалашкан жок. Эки жагын сактана карап мойнунда асынып жүргөн куржунунан бирден алып чыгып алдындагы алуучуларга сунуштап жатты. Баары бир көпчүлүгү чыныгы алтын экенине анча ишене бербей турушту.
Анын соодасы түшкө чейин жакшы жүрдү. Дагы анча-мынча убактысы болгондо өзү менен ала багран товарлардын бардыгын өткөрүп бүтмөк. Бирок, күтүлбөгөн жерден каргашадай болуп куралчан беш-алты адамга кабылып калды. Алар Улукбекти атайын издеп жүрүшкөн жергиликтүү бийликтин солдаттары болчу.
Алдыда атчан кетип бараткан толмочунан келген коюу муруту бар, кара тору киши өзүнө далысын салып алып алтын билериктерди соодалап жаткан жигитке көзү түштү. Булардын капысынан чыга калышканын Жолон мерген да байкаган эмес. Улукбекке белги бергенге үлгүрө жетише албай калды.
Алар шашпастан Улукбектин жанына бастырып келишти. Кызуу соодага берилип калышкан экөө адегенде тигилерди байкашкан эмес, качан гана өздөрүн тегеректеп турушкан атчандарды көрүшкөндө баштарын көтөрүшө колдорундагы алтын буюмдарын баштыкка жашырышканча шашты. Алиги толмочунан келген киши Улукбекке үңүлдү.
-Алдагы баштыгыңда эмне бар бери берчи.
Улукбек жанталаша колундагысын артына ката кеткенчиктей берди эле тигинин ачуусу келе жанындагыларгы баштыгын алгыла дегендей башын ийкеп койду. Солдаттардын бир-кэөөсү эңкейе калышып тикесинен турган Улукбекти жерден улак эңгендей таптак көтөрүп кетишти. Үчүнчүсү болсо ага жакыныраак бастырып келип, тигинин колундагы баштыгын ыкчамдык менен шап этип жулуп алды да өзүнүн жетекчисине берди. Жеткечиси баштыктын оозун ачып ичине үңүлдү да өз көзүнө өзү ишенбей турду.Анан колун ичине салып алтын билерик, шакектерди алып чыкты. Бул чын эле алтынбы дегендей ары-бери айлантып карап алды, анан чындап эле алтын экенинен ишенген соң Улукбекке кайрылды.
-Баларды каяктан алдың?
-ӨЗүмдүн эле буюмдарым, базарга соодалайын деп келгем...
-Ушулардын баарынбы, чириген байсың го дейм... Бирок кейпиңе караганда окшошпойсуң. Андан көрө ууру окшойсуң сен. Чыныңды айт бул буюмдарды каяктан алдың?
-Чынымды айтып жатам таксыр...
Аңгыча ары жактан шыпылдаган бирөөсү басып келди.
-Бул деген мындан башка дагы көптөгөн алтын буюмдарды сатып жатканын мен өз көзүм менен көрдүм.
-Чыныңды айтып жатасыңбы?
-чын таксыр, эртеден бери башка жактан келген ушул чоочун адамды акмалап жүрбөдүмбү. Баштыгындагы буюмдардын бардыгы алтын экен.
Атчандардын жетекчиси Улукбекке кайрылды.
-Сен жергиликтүү эмессиңби?
-Ооба.
-Кайдан келдиң?
-...
-Эмне унчукпайсың, же менин суроомо түшүнбөй калдыңбы?
-Самарканддан. ..
-Аякта соода жүрбөй калдыбы, эмнеге бул жакка келдиң?
-Бул жакка да сатып көрөйүн дегем...
-Сен соо адам эмессиң, ушунча алтындарды базарды кыдырып сатыш деген... Сен же уурусуң же каракчысың же болбосо жеткен чириген байсың. Бир киши мынча алтынга ээлик кыла албайт болчу, мунун ким экенин тигил жакка барганда териштиребиз. Алып кеткиле, - жетекчиси атын андан ары бастырып жөнөдү эле бир экөөсү Улукбектин колун ары-бери байлап салышып өздөрү менен кошо жөө жетелеп жөнөштү. Эртеден бери алардын сүйлөшкөн сөздөрүн угуп акмалап турган Жолон мерген алардын соңунан түштү.

#372 22 May 2015 - 01:26
САРАЙДАГЫ АТЫШУУ, БЕЙТААНЫШ ӨЛҮКТӨР
(бүгүнкү заман)
Файзабад шаарынан түнү бою токтобой катуу ылдамдык менен “Хондо” машинеси кумдуу ээн талаада кетип бара жатты. Алар түнү бою тыным албай жүрүшкөндүктөн таңга жуук тике жарчалуу тоонун түбүнө токтошо, бир аз эс ала кетишти.
-Бул жактын жер-шартын мен жакшы билем, -Саид экөөнө түшүндүрүп кирди, -Эгерде куугунчулар түнү менен бизди издеп соңубузга түшүшсө, анда алар эки-үч сааттан кийин ушул жерде болушат. А эгер биздин качып кеткенибизди күндүз билишсе анда алар жети-сегиз саатта бул жакка жетип келип калышат. Аларга куйругубузду карматпоого аракет кылалы. Кой, жылдык анда.
-А балким бул жакка кеткенибизди билишпейт чыгар?
-Андай болушу мүмкүн эмес, машиненин изи калып жатпайбы артыбыздагы кумда. Анын үстүнө Хонда машинесинин дөңгөлөгү даана болуп байкалып, билинип турат. Бизге асфалть жол менен жүрүүгө болбойт. Анткени тигилер телефондор аркылуу бири-бири менен байланыш түзүп Хонда машинесинин баарын жөн өткөрүшпөйт. Ошондуктан төтө жол менен түнтүктү карай жылып жүрүп отурабыз. Эптеп чек арага жетсек түнү менен болсо дагы тоо ашып өтүп кетебиз. Машине кайрадан от алып ордунан козголду. Экөөсу уктап, ьирөөсү кезектештп айдап эч жерге токтобой жүрүп отурушту. Кандайдыр чакан айылга кирип өздөрү да бир азга дем алыпмашинелерине бензин куюшту. Жергиликтүү элдеин бирөө да алардан шек алган жок. Ал айылда жыйырма мүнөттөй турушкан соң сапарларын андан ары улантышты. Тоо аралап жүрүп отурушуп, кандайдыр бир эси жок мал сарайга келишти.
-Биз үчүн бул сарай эң ыңгайлуу жер, машинени сарайдын ичине кийирип, эшигин ичинен бекитип алып, тигил самандардын арасына уктап алсак да болот. Менимче бул жакка эч ким деле келбейт окшойт.
Үчөө машинеден түшүп сарайды айлана бир сыйра карап чыгышты. Малчынын эски үйү сыртынан эшик терезеси жыгач менен урулуп бекитилиптир. Ичине көз жүгүртүштү. Сыягы бул жакка малчынын жашабаганына бир топ жылга аяк басса керек.
-Ушул жер биз үчүн аябай ыңгайлуу жер окшойт. Тамактанып, жакшылап уйкубузду кандырып алалы. Таң эрте сапарыбызды андан ары улантабыз.
Үчөө тең чөнтөктөрүндө толук октолуу тапанчалары бар болчу. Тигил жактан качып чыгышканда өздөрү менен кошо алып алышкан. Качкандар үчүн бул куралдар кайсыл мезгил болсо да пайдасы тиймек.
Алар бир жарым сутка боюу тыным албай жол жүрүшкөндүктөн аябай чарчашкан болчу. Бир аз шам-шум этип алышып, сарайдын үстүнө чыгып айланага бир сыйра көз жүгүртүп, текшерип алышты. Эч бир жан жок экенине ишенишкен соң сарайдын эшигин ичинен жакшылап бекитишип, калың самандын үстүнө жата кетишти. Тим эле мамык төшөктүн үстүнө жатышкандай түнү боюу мемиреп катуу укташты.
Таңга жуук мотордун күрүлдөгөн катуу добушунан биринчилерден болуп Каныбек ойгонду, андан кийин Кахар да көзүн ача башын көтөрүп акырын тыңшап калды.
-Эмне болду? –ойгонуп кеткен Саид эч нерсе түшүнбөй экөөнө суроолуу карады.
-Чщ-щ акырын, Каныбек анын оозун басып калды дагы чөнтөгүнөн сактана пистолетин сууруп чыгып, эшик жакка жылып барды. Анан жылчыктан шыкаалап сырт жакка көз жүгүрттү. Бири-бирине окшош капкара үч мерседес үйдү айланта токтоп ичинен куралчан кишилер сыртка чыгып жатышыптыр.
-Булар Хамиддин кишилери го дейм?
-Менимче ошондой окшойт.
-Кандайча бизди таап келип алышты булар?
-Из кубар иттер да булардай боуп шимшилеп дароо эле издеп жетип келишпейт.
-Канчоо экен алар?
-Азыр, азыр, кана бир эки, үч... бардыгы тогуз адам экен, ар бирибизге үчтөн туура келет. Кана коргоно алабызбы?
-Кахар сен бизге караганда атууну эң жакшы өздөштүргөн көзгө атар мерген эмессиңби, эми өнөрүңдү көрсөт.
-Ушундайда пистолет эмес автомат же мылтык болгондо эмне, тигилерди бирден терет элем, мейли эми Кудайдын башка салганын көрө жатарбыз.
Сырттагылар машиненин изин кууп жүрүп отурушуп ушул жерге келип такалышса керек. Сактаныша үйдү айлана текшерип чыгышты, андан соң сарай тарапка багыт алышты. Ар биринин колдорунда мылтык, автоматтар бар. Сарайдын ичиндеги үчөө пистолеттерин оңдоп атканга даяр болуп турушту. ТИгилер сарайдын ичинеде адам барбы жокпу деп күмөн санап келатышкан. Кахар акырын экөөнө шыбырай сүйлөдү.
-Кана, мен бир,эки, үч деп санайм, үчкө жетээрим менен эшикти тээп ачкыла да бейкапар келаткан тигилерге ок жаадыра тыным албай атып калгыла. Эскертип коёюн таамай атканга аракеттенгиле, тигилер эч нерседен бейкапар ачык эле келатышпайбы жок дегенде жарымысын сулатканга жарайлы, ошондо анча-мынча болсо да күч тең боло түшөт.
Тигилер эч нерседен бей капар өз ара күбүрөп сүйлөшө сарайдын эшигинин алдына жакындап келип калышкан болчу. Күтүлбөгөн жерден сарайдын эшиги “тарс” этип ачылып кетип, ичинен үч караан атылып чыга калып, үстөккө-босток ок жаадырып киришти.
Мындай күтүлбөстүккө тигилердин эки-үчөөсү оңкосунан сайылышып, калгандары дүрбөлөңгө түшүп калышты. Дагы экөөсү окко учуп кулады. Калган төртөөсү машине жакка качып жөнөштү. Машинеге жеткенге үлгүрбөй жолдо бирөөсү жарадар болду. Калгандары машиненин артына калкаланышты. Жарадар болгону эптеп сойлоп отуруп машинеге араң жетти. Үчөө кайра сарайдын артына кирип кетип, эшигин жаап алышты. Кахардын бирден бир көздөгөнү өлгөндөрдүн мылтыгын алып кетүү болчу. Бирөөсүнүн мылтыгын өзү менен кошо сарайга ала кирди. Жети ок бата турган чет элдик мылтык экен. Ал тапанчага караганда мылтык менен таамай жазбай атчу. Бир аздан кийин машине жактагылар сарай тарапка автоматтыр менен мөндүрдөй, тындырбай ок жаадыра башташты. Алар сарайдын ичинен бөлөк жагына өтүп кетишип терезеден карап турушкан. Сырттагылар сарайдын жыгач эшигин тымтыракай чыгара аткылашты.
Он, он беш мүнөттөй аткылашкан соң бир азга тыныгуу жасашты.
Албетте куралдануу жагынан сырттагылар алда канча артыкчылык кылып жатышты. Бир жаман жер айланын баары ачык болгондуктан тигилер үчүн машинесинин артынан башка жерде жашырынууга жер жок болчу. Үчөө үй жакты карап турган үч терезеге келишти. Эки жак тең жашырынып аткылашып, жатышкандыктан бири-бирине ок тийгизүү кыйын болуп жатты. Алмактан-салмак кезектен-кезек бирине-бири ок атып атышты. Сарайдын ичиндегилерге караганда сырттагылардын октору өздөрүнө жетиштүү экени билинип турду. ОШондуктан аткылашуу учурунда сарай ичиндегилерге үстөмдүк жасай башташты. Тигилерге жооп кайтарышып кез-кез ок чыгаргандары болбосо сарай ичиндегилер эмне кылуулары керек тууралуу кырдаалды ойлонуштуруп жатышты. Бир аздан соң машине жактагылар гранамёттор менен аткылаганга өтүштү. Ар кайсы жерде жарылуулар болуп сарай ичиндегилердин ахыбалы кыйындай баштады. Анын үстүнө сарайдын ичиндеги самандар түтөп аба жетишпей баратты. Кахар айланасына көз жүгүртү жогору жакты карады да шыйпырды мылтыгынын кундугу менен сындыра сарайдын үстүнө көтөрүлүп чыкты.
-Силер да чыккыла биякка, -Кахар төмөн жактагыларга акырын кыйкырды. Бир кезде сарай ичиндеги самандар “дүрт” этип от алып жалбырттап күйө баштады. Бул сырттагылардын чырактарына май тамгандай болду. Ичиндегилер качан өкүрүп-бакырып өртөнгөн боюнча колдорун көтөрүп чыга калышат деп күтүп турушту. Сарай ичиндеги өрт уламдан-улам жалбыттай күчөй берди.
Бири-бирине кол суна сарай үстүнө артынып чыгышкан үчөө сарайдын арткы бетине секирип түшүштү. Өз ара акыл-кеңеш куруша дароо үч жакка боөлүнүп кетишти. Көп өтпөй машинесинин артына жашырынып алышып сарайды автоматтары менен мээлеп турушкандарды акырын келип курчап калышты. Атышуу көпкө созулган жок, анткени Кахар алардын артынан келген болчу. Арадан он мүнөт өтпөй машиненин жанында төрт өлүк кыймылсыз сулап жатышты.
Үчөө өлүп жаткан тогузун тең бир сыйра текшерип чыгышты да эмне кылалы дегенде бири-бирин карашты.
Жерде кыймылсыз сулап жаткандардын бардыгы бейтаныш адамдар экен.
-Булар кимдер болду экен, Хамид жиберген атайын куугунчуларбы же таптакыр эле башка адамдарбы?
-Түшүнсөм буюрбасын, буларды эмне кылалы?
-Эмне кылмак элек, тиги өрттөнүп жаткан сарайдын ичине ыргытабыз, антпесек болбойт артыбыздагы изибизди тазалап туралы?
-Тиги машинелердичи?
-Бирөөсүн калтырып экөөсүн сарайдын ичине айдап кийирип өрттөп таштайбыз.
Булар кимдер экенин түшүнүшпөсө да, алар өлүктөрдүн баарын сарайдын ичине сүйрөп кирип ыргытышты. Анан машинелерди да сарайдын ичине айдап кийиришип өзүлөрү андан оолак боло беришти. Көп өтпөй машиненин бензиндери жарыла сарай ого бетер кара кочкул боло жалбырттап күйө баштады. Алар сарайды бир аз карап турушкан соң кара мерседес машинесине отуруша сапарларын андар ары улантышты. Жол карата Каныбек өзүнчө сүйлөнүп кетип баратты.
-Мен өмүрүмдү ушунча көп адамды биринчи өлтүрүшүм... Кахар анын сөзүн бөлүп кетти.
-Сен аларды өлтүрбөсөң, алар сени өлтүрмөк, кээде турмушта ушундай күтүлбөгөндүк болуп бири-бирине шайкеш келтирбей таштайт.
-Баса айтмакчы, силер кандай ойлойсуңар, булар Хамиддин кишилери эмес го дейм?
-Алар Хамиддин кишилери болсо да болбосо да болор иш болду. Башкалары келип кала электе эми изибизди суутуп бул жерден дароо көздөн кайым болушубуз керек.
Кара мерседес машинеси көп өтпөй чой асфалть шоссе жолго түшө, түндүктү карай зымырап кетип бара жатты.

#373 22 May 2015 - 01:27
КУТКАРУУ
(мурунку заман)
Улукбекти ошол эле Фергана базарынан анча алыс эмес жердеги үй түрмөдө эки күндөй кармашты. Жергиликтүүөкүлдөрдүн бири алтын сатып жүргөн киши туралуу кабарлаганы Ташкенге киши чаптырган болчу. Ал жактан жооп келээри менен эле Улукбекти Ташкенге алып кетишмек.
Үй түрмөнүн терезеси жоон темир менен төрт чарчы болуп тоулуп коюлуптур. Эшиги жыгач болгону менен сыртынан чоң кулпу бар катуу бекитилип, кезек-кезек менен үч жигит кайтаырп турушту. Мунун артынан киши келет деп эч кимиси ойлошкон жок, ал эми эки күндөн бери ушул үй түрмөдөн алыс кетпей Жолон мергн акмалап жүргөн. Күндүзү ал жерде ары-бери баскан киши көп болуп, үйгө жакындоого эч мүмкүнчүлүк болгон жок. Түнкүсүн болсо куралчан үч жигит кезек менен үйдү кайтарып жатышат. Бир жагынан Жолонго дөбөт ит да тоскоол болуп жатты. Жакындайын десе эел анысы үрүп кирет. Жолондун максаты биринчи кезекте иттин көзүн тазалаш керек болчу, андан соң тигил кароолчуларын алып салуу жеңил болмок. Дөбөткө жакындоого мүмкүнчүлүк ала албай жатты, бирок жаныбарлардын ички дүйнөсүн, сезимин жакшы билгендиктен Жолон анын жолун бат эле тапты. Күндүз бир эки жолу эч кимге байкатпай итке сулк эттен бир кечимден таштап кетип жүрдү. Кечке жуук да акырын өтүп баратып итке бир кечим эт таштап кетти.
Анча-мынча болсо да ит ага көнө түшкөн. Ал жакындап келатканда үрмөк тургай качан эт таштаар экен деп ага үмүттүү көздөрү менен карап калчу болду. Элдин баары кызуу уйкуга кетишкен маалды, түн ортосунда Жолон үй түрмөгө акырын жыла басып жакындап келе жатты.
Бул жолкуда эмнегедир алиги дөбөт ит көрүнбөйт, эки жагын акмалай караган Жолон Улукбек жаткан үйдүн босогосунда үргүлөп отурган кароолчунун көздөй акырын акмалап үй арты менен жашына басып келатты. Бир кезде күтүлбөгөн жерден алиги дөбөт ит чыга калып Жолонду карай арсылдап уруп кирди эле Жолон бир орунда какан казыктай катып калды. Уктап жаткан кароолчу ордунан атып тура калды да айланасына бир сыйра көз салып, эки колун керип-чоюп, оозун керек ачып эстеп алды. Дөбөт итке ишенгендей аны бир карап коюп кайра экис ордуна отура кетти. Анан оңдогуп жатып алып кайрадан уйкуга көшөлдү. Темир торлуу терезенин алдында дагы бирөөсү уктап жаткан болчу, үчүнчүсү болсо көрүнбөйт.
Жоломан (китепте мерегнчинин аты ушинтип эки башка болуп жазылыптыр. Бирде Жоломан десе бирде Жолон деп. Кыскасы окуп кете бериңиздер) бул жерди ызы-чуу кылбай акырын тынч Улукбекти куткарып алып кетүүнү ойлоп жаткан, кандай болсо да артынан дароо кууган түшүргөнгө мүмкүнчүлүк бербеш керек. Ошо себептен Жолон бардыгын алдын ала ойлонуштуруп, план түзүп койгон. Койнунан сулп эт алып чыгап акырын иттин алдына таштады. Күндүзү анын колунан эт жеп калган анча-мынча болсо да көнө түшкөн ит үргөндүн ордуна терсерисинче кожоюнуна шыйпаңдагандай Жолонгоүмүттүү көздөрү менен карай куйругун шыйпаңдата кетти. Ага эч ким анча көңүл бурбагандыктан ачка болчу. Бир тилим эт таштады эле дароо лап эте сугунуп ала койду, анан экинчисин үчүнчүсүн таштап улам жакындап келип отуруп колун акырын созуп сылап, эркелеткенге өттү. Иттин кожоюну мындай мамиле жасап эркелетчү эмес, атүгүл такмакты деле жакшылыктуу берчү эмес. Ачуусу келгенде камчысы менен аны чаап, кууп да жиберчү. Жолон акырын сылап, эркелетип, жоошунтуп атып иттин моюнуна моюнтук салды да ары көздөй ээрчитип кетти. Байлануу турган эки аттын жанына жетелеп келип жипти аттын ээрине байлап, ага дагы акырын эт кечип таштап койду. Ит ак көңүл адамга кадимкидей көнө түштү. “Жакшылап көңүл бөлүп караса жакшы ит болчудай” –Жолон ичинен ушуну ойлоп койду.
Эски ордуна кайрылып келгенде үчүнчү кароолчусу да пайда болуп калыптыр. Экөөсү болсо эч нерсе сезбей уктап жатат. Биринчи кезекте туруп жүргөнүнүн көзү тазалаш керек болчу, ал эми эч нерсе сезбей уктап жаткандардын жарасы жеңил эле. Кырыңгы жер менен жыла басып ага жакындап келип бери бурула бергенде аны мылтыктын кундугу менен башка чапты. Ал катуу бир онтоп ала жерге кулап түшкөндө, терезенин түбүндө уктап жатканы ойгонуп кетип көзүн ачты. Бет маңдайында турган караанда көргөндө эч нерсе түшүнбөй шашкалактай ордунан турууга аракет жасады. Башка катуу жеген соккудан ал дагы эсин жоготуп койду. Үчүнчүсүн болсо ошол уктап жаткан боюнча эле эсине келтирген жок. Үч жерде сулап жаткан кароолчуларды жип менен катуу байлап салды, антпесе эсине келгенде учурда ызы-чуу түшүп арттарынан куугун салышмак. Үй түрмөнүн кулпусун арыдан-бери сындырып жиберди да эшикти ачып ичине кирип барды. Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт. Ар кайсы жерди сыйпалап “Улукбек” деп акырын шыбырап туткунду издей баштады. Улукбектин уйкусу катуу болчу, Жолондун кирип келгенин да сезбей бурчта уктап жаткан. Өзүн кимдир бирөө жулкулдатып ойгото баштаганда көзүн ачып эч нерсе түшүнбөй айланасын карады.
-Улукбексиңби?
-Ооба, сен кимсиң?
-Бол тур өйдө, кеттик, -Жолон анын байлануу колун арыдан-бери чечип жиберди. Ошондо гана эчине келген Улукбек жанталаша ордунан козголду. Сыртта байлануу турган үчөөгү үйдүн ичине сүйрөп киришип, эстерине келишсе кыйкырышпасын деп ооздорун да чүпүрөк менен таңып салышты. Алардын арттарынан жаап бекитип байлануу турган аттарга жылып барышты. Ит Жолонду көргөндө эсин көргөндөй шыйпаңдай кетти. Аттарына ары-бери мине калышып бет алды карай чаап жөнөштү. Көп өтпөй алар карангылыкка сиңип кетти. Алар менен кошо дөбөт ит да ээрчип кетип бара жатты.
“Кызык, тигилер ушул анча-мынча эле алтындарымды көрүп алышып мени чириген бай болушуң керек деп ойлоп жатышат. Тигил үңкүрдөгү, көрүстөндөгү алтындарды көрүшсө таза эле чалкасынан кетишмек экен го. Же чын эле мен алтындардын баркын жакшы билбей жатамбы? Балким мен алардын кадырын жакшы биле албай жаткандырмын? Күтүлбөгөн жерден эле эч эмгек кылбай ушунча байлыктын кожоюну болуп калуу, чын эле алардын кадырын мага билгизбей жаткандыр. Анткени артыбыздан куугун түшсө эле алтындарыбызды аларга чачып киргенбиз го” –Улукбек өзүнчө ушуларды ойлоп бара жатты.

#374 22 May 2015 - 01:31
ЖОЛДОГУ АТЫШУУ
(бүгүнкү заман)
-Эми кайрадан эски жолбуз менен жүрүп отурушубуз керек экен да, -машиненин рулунда отуруп бараткан Каныбек жанындагыларга кайрылды, -канча калса да экөөңөр жергиликтүү эмессиңерби бизге караганда жолду, жер-шарттын жакгы билесиңер.
-Жер-шартын го жакшы билебиз, ал эми Хамид менен Рашидден кантип кутулуп кетебиз? Алардын Ооганстандын ар бир жеринде өз кишилери бар. Аман-эсен бул жактан чыгып кетүү биз үчүн өьө эле кыйынга турат.., Кахар өзүнчө санаага батып кетти, -баарынан да карындашыма жаман болду го. Менин кайда жүргөнүмдү айтасың деп аны катуу кыйноого алышпаса болду.
-Жолдогу адамдардан Хамиддин адамжарына жолугуп калсак эмне кылабыз? –Саид ортого кийлигишти.
-Ошондуктан өтө сак болушубуз керек, башка кийинип, кара көз айнек тагынып, чачтарыбызды таптакыр кылып кырдырып таштайлы. Анын үстүнө машине да башка эмеспи биздин машинени токтотпос.
Көп өтпөй кара мерседес машинеси асфалть жол менен жүрүп отуруп кандайдыр айылга кирип келди да токтобостон андан ары жүрүп отурду. Тамактанганы ашкана издешип эч жерден таппай коюшту, ал эми жергиликтүү эле болсо алар менен сүйлөшмөк турсун үрөйлөрү учуп жаа бою качып атышты. Бир нерсе сурайын деп машинелерин токтото калышса үйлөрүнө кире качышып, эшиктерин, короолорунун дарбазаларын бекитип алаганга шашылышууда.
-Буларга эмне болгон, чоочун адамдардан коркуп, жедеп жүрөктөрү түшүп калыштканбы. Үчөө эптеп отуруп көчөдөгү бир жаш кызды кармап алышып, алдап-соолап түшүндүрүп, жолго тамак аш сатып алашты.
Айылдан чыга бергенде аларды кандайдыр бир машине кууп жетип токтотту.
Үчөө сактаныша куралдарын атууга даяр кылып турушту. Сарайда өлгөндөрдүн дагы автоматтарын ала кетишкен. Башы тасырайган толмочунан келген киши машинеден чыга калып бери көздөй жүгүрүп келди. Анан машинедеги үчөөнү көрүп таңгала ордунда катып туруп калды.
-Кечирип койгула, силерди мен башкалар менен чаташтырып алдым окшойт.
-Эч нерсе эмес, боло берет, -тигилер мерседести от алдырыша андан ары сапарларын улап кете беришти.
-Мен бир нерсеге таңгалам –рулда отурган Каныбек тигил экөөнө кайрылды, -элдердин баары эмне ушунчалык эле коркуп, жалкоотай болуп калышкан. Согуш эбакта эле бүтпөдү беле?
-Менимче булар чоочун адамдардан коркпой эле машинеден коркуп атышат. Бул машинедеги кечөөгү биз өлтүргөн куралчан адамдар эмне болгон кишилер экенин биз кайдан билебиз. Балким алар жергиликтүү элдердин үшүн алган каракчылардыр? Кыскасы биз түшүп бараткан машине да соо машине эмес, алиги айылдын четинен кууп келген машине да бизди жөн токтоткону жок, бул машинени таанып, анан артыбыздан кууп келди. Анан ичинде башкалар отурганын көрүп кечирим сурап калып калбадыбы. Ал бул машине туралуу өз кишилерине кабар берип коюшу мүмкүн, анда эле иш чатакка айланды дей бер.
Мерседес ылдамдыгын дагы катуулатып, сапарларын андан ары улады. Кахар жаңылбаптыр, анын айтканын баары туура чыкты.
Көп өтпөй эле кара асфальт шоссе жолдо арт жактан өздөрүнүн машинесине окшош үч кара мерседес машинеси пайда болду да жаыктарын өчүрүп-күйгүзүп токтогула деп белги бере баштады.
-Жок токтогонго болбойт, булар же ушул машиненин кожоюндарынын адамдары же тигиХамиддин кишилери. Эгер Хамиддин кишилери болсо бизди жөн гана өлтүрүп коюшат. Аларга экөөбүздүн тоскоол кылгандан башка эч деле керегибиз жок, ал эми Саид болсо керектүү киши. Алтындардын кайда жашыргандыгын андан башка эч ким билбейт. Келе, биякка отур да рулду мага бер, кыйын болсо жетип көрүшсүн, -Кахар КАныбекти жанына отургузду да рулга өзү отурду. Эгер тигилер ок чыгара турган болушса силер да жооп кайтаргыла автомат менен, бизден оолагыраак жүрүшкөндөй болушсун.
Алдыда бара жаткан мерседес машинеси болгон ылдамдыгы менен алдына карай атырылып, учуп жөнөдү. Бир аздан кийин арт жактагылар да ошондой эле ылдамдык менен тигинин соңунан түшүштү. Жол кенен, асфальт, анын үстүнө ары-бери өткөн машинелердин да кыймылы аз болгондуктан биринин артынан бири куушкан машинелер өтө эле катуу ылдамдыкта кетип баратышты. Кокусунан алдыларынан чыга берген машинелер тигилерге жол бошотуша жолдун четине чыга берип же атайылап өткөрүп жиберүү үчүн токтоп калып атышты. Арт жактагылар бирде жакындап, бирде алыстап кетип катуу ылдамдыктарынан жазбай куушуп жүрүп отурушту. Көз ачып жумганча эки айылды аралап өтүштү. Кайрадан ээн талаага чыгышканда арт жактагылар машинеден баштарын чыгарып алышып пистолеттери менен аткылай башташты. Аларга жооп кылып Каныбек менен Саид автоматтары менен аткылашты.
Ошондо гана жакындап өтө, чукул келип калган мерседестер кайрадан артка калып өздүнөн анча-мынча алыстай беришти.
-Бул түрлөрүбүз менен бир сутка болсо да куушуп жүрө берчүдөйбүз. Андан көрө бир нерсе ойлоп табышыбыз керек, антпесе тигилер куйрук болуп артыбыздан калбай ээрчип жүрө беришет...
-Эмне кылалы анда, булардан куйругубузду кантип үзөбүз?
-Өзүм да билбей турам, минтип кууша бергенде пайда жок, баары бир эртеби кечпи буларга кармалып калышыбыз да мүмкүн.
Күтүлбөгөн жерден машине жайлай баштады. Анан жолду бөгүп туурасынан токтоду. Үчөө үч автомат алып машинеден атып чыгышты. Арт жакта кууп келаткан машинедегилер тигилерге отуз кадам жетпей машинелерин токтотушту. Анан бардыгы жабыла сыртка чыгышты.
-Ар бир машинеде экиден болгону алтоо эле турбайбы, анын үстүнө булардын ар биринин колдорунда тапанча. Бизде болсо ар бирибизде автомат булардан эмне качтык экен. Бир аз турушкан соң өз ара сүйлөшө тигилер кайрадан машинелерине отурушту да катуу ылдамдык менен биринин артынан бири ээрчише үчөөнү качыра беришти. Бирок мөндүрдөй жааган окко туруштук бере алышпай кайра артка чегинүүгө мажбур болушту. Үчөө үч автоматтын обоймалары түгөнгүчө аткылашты. Үч мерседестин айнектери быркырап, ичиндегилердин баары окко учуп, бир гана адам жарадар болуп калыптыр. Ал дагы сүйлөгөнгө дарманы келбей кансырап араң жан жатты. Саид анын чекесине пистолет такап туруп машаны басып койду эле “тарс” эткен үн чыгып, тигинин башы “шылк” дей түштү.
-Өз ажалдарын өздөрү ээрчише ушунча убакыттан бери, аралыктан бери эмнеге кууп келишти десең, -Саид өзүнөн-өзү ыраазы болгондой мыйыгынан жылмайып койду.
Алар ал жерде көпкө кармалышпады, өлүктөрдү жол боюна калтырыша үчөө сапарларын андан ары улашты. Бирок аларды алды жакта мындан да кыйынчылык, каргаша күтүп турганын сезишкен жок.

#375 22 May 2015 - 01:36
ҮҢКҮРДӨГҮ КУРЧОО
(мурунку заман)
“Бейтааныш соодагерлерди жерден чукусаңар да, көккө көтөрүлүп же жердин жети кабат түбүнө кирип кетсе да тапкыла. Биз көп жылдан бери убараланып издеп жүргөн жоголгон казынанын учугу ушул адамда. Жалаң алтын буюмдарды жөнөкөй буюм саткандай болбогон эле баада сатып жүргөн бул адам соо адам эмес. Анын үстүнө мунун ичинде казынага тизмеге кирген буюмдар да жүрөт. Алтындардын каякта экенин бир билсе ушул гана билет, аны кайдан болсо да тапкыла”, -Ташкент тараптан ушундай буйрук келген болчу. Базарда алтын сатып жүргөн жашы кырктан өтүп калган бейтааныш киши тууралуу кабар кыргыздарга да жеткен. Андан сырткары ал жигитти тажик менен уйгурлардагы издей башташкан.
Бул мезгилде эч нерсе менен иштери жок Жолон менен Улукбек тоо арасында өздөрүнүн үңкүрүндө отурушкан.
-Мындай таза алтындан жасалган буюмдарды базарга алып чыгып сатканга болбойт болчу. Бирөө болбосо бирөөлөр сени өлтүрүп кетишет. Өзүбүзгө өзүбүз көр казып жатабыз.
-Базарга сатпаганда анан каякка сатам, буларду пайдасыз жер алтында, көр алдында басып жата бергенде не пайда. Алтындардын убайын көрбөсөк анда эмнеге кожоюну болуп жүрөбүз булардын?
-Ушунча болуп тоо арасындагы менин үңкүрүмө бир дагы адам келген эмес. Эмичи, бул жер кандуу үңкүргө айланып бара жатат. Он эки орус солдаттары да так эле ушул жерден өлүштү. Алардын кишилери эмне буларды издеп келбейт деп ойлойсуңбу. Эртеби кечпи баары бир бул жерге келишет аларың. Аэ эми үңкүрдөгү алдагы сен базардан сатып келген буюмдарыңды көрүшсө шек албай койбойт. Аман-сообузда башка жакка жер которолу...
-Башка каякка барабыз?
-Мен бир эң жакшы жерди билем. Ал жакка адам баласынын аягы басып көрө элек. Тээ мөңгүлүү бийик тоо арасында, аякка жетүү да кыйын, эч ким да барбайт, эң жакшы үңкүр бар, ал жакта тынч жашайбыз эч ким тоскоолдук кылбайт...
-Эл аягы жетпеген тоо-таштын арасында жашагандай биө жапайы тоо жаныбары эмеспиз. Анда бул жарык дүйнөдөгү жашоонун эмне маңызу бар. Андай боло турган болсо анда бизге алтындардын кереги не, тоо-таштын арасында кийик-кулжалар менен жүрө берели жапайы адамдардай болуп...
-Анда эмне кылалы дейсиң?
-Адам болгондон кийин адамча жашаш керек.
-Бул алтындарың бизди адамча жашаганга мүмкүнчүлүк бербейт, бизге тынчтык да болбойт. Эми сен базарга түгүл айылдарга да жакындап бара албайсың, дароо эле кармап алышат. А кармалдың дегиче ишиңдин бүткөнү, бүт алтындарыңдан ажырайсың. Бул алтындарды издебеген адам жок азыр, биягы биринчи кезекте өзбектер, тиягы тажик менен кыргыз-кыпчактар, уйгурлар атүгүл кытайылктар да жоголгон алтындарды издешип, дайындарын таппай жүрүшөт.
-Алтындардын бардыгын аттарга жүктөп алып, таптакыр бизди эч ким билбеген алыс жактарга кетпейлиби?
-Ушунча алтындар менен алыс каякка бара аласың. Алтындар менен каякка барсаң да мамайдын көрү. Ал жакта деле ушундай көрүнүш болоору ажеп эмес. Мындай узай электе эле кармап, бирөөлөрдүн жеми, олжосу болосуң.
Экөө өз ара келише алышпай, жалпы тил табыша алышпай жатышты. Аңгыча экөөнүн талашын күтүлбөгөн жерден иттин үргөнү бузду. Экөө тең мылтыктарын колдоруна алыша сырты карай умтулушту. Убакыт түштөн ооп калган учур болчу. Күтүлбөгөн жерден сырттан бирөөнүн дарылдаган үнү чыкты.
-Ээй үңкүрдө ким бар, бери чыккала! Силердин кыйын, көзгө атар мерген экениңерди албетте билебиз. Бирок каршылык көрсөткөндөн майнап чыкпайт, курчоодосуңар. Үңкүрдөн эч жакка качып кете албайсыңар!
Айлана бир пазга жымжырт боло түштү. Экөө бири-бирин карап калышты.
-Булар кимдер болду экен. Же кечээ келишип, бизди атайын кеишибизди күтүп, аңдып турушканбы?
-Андай болушу мүмкүн эмес, үңкүрдүн ичинен эч нерсеге тийбептир. Булар из кууп келишти болуш керек. Сен туруп тур, мен баш багып карап көрөйүн сырттагыларды, -Жолон Улукбекти үңкүргө калтырып өзү сыртка чыкты.
-Силер кимсиңер, силерге эмне керек?!
-Суроону силер эмес мыны биз беребиз. Аман калабыз десеңер сөз сүйлөбөй мылтыктарыңарды таштап колуңарды желкеңерге кармай бирден чыккыла. Каршылык көрсөтө турган болсоңор бардыгыңардын өмүрүңөр ушул үңкүр ичинде калат жапайы жандыктарга жем болуп.
Жолон колундагы мылтыгын таштабастан өзүнөн жыйырма кадамдай алыс жерде таштарга далдаланып турушкан караандарга көз жүгүрттг. Бардыгы окшош кийинишкен орус солдаттары экен, көз болжол менен эсептегенде отузга чукулдап барып калат окшойт. Бири да калбай бардыгы тең мылтыкчан.
-Айткылачы бизден силерге эмне керек?!
-Көп сүйлөбөй биздин айткан буйруктарды аткар, болбосо..., -бирөөсү коркутмакчы болдубу айтор мылтыгы менен Жолонду карай атып жиберди. Жолон ийинин баса кайра үңкүргө кире качты. Бери жакта жашынып турган Улукбек ага жетип келди.
-Эмне болду, атып жибериштиби?
-Эч нерсе эмес ийнимди ок чырпып кетти, жеңил жара. Булар бизди бул түрлөрү менен соо коюшпайт. Өткөн жолку өлгөн он эки орус солдаттарынын изи менен келишсе керек.
-Туткун кылып алышкан күндө да бизди тирүү калтырышпайт. Ал эми алтындар бизде бар экенин билишсе бүт байлык тигилердин колуна өтөт.
-Анда эмне кылышыбыз керек? –Улукбек айласы кеткендей Жолонго суроолуу карады. Жолон дегеле шашкан жок. Кан агып жаткан ийнин чүпүрөк менен байлап, өзү таңып алды.
-Буларды үңкүргө киргенге мүмкүнчүлүк бербей караңгы киргенче кармаш керек. Анан айлана караңгы болгондо анын жолун табабыз. Сырттан дарылдаган алиги кишинин үнү кайрадан “зыңк” этип жаңарды.
-Ээй үңкүрдөгүлөр, силерди күткөндөй убактыбыз жок, эгерде азыр дароо чыкпай турган болсоңор аткылай баштайбыз.
-Буларды үңкүргө колдон келишинче баш бактырбаш керек, -Жолон тигиге акырын шыбырап сүйлөдү. Экөө эки жерге чоң таштын түбүнө жашынышты да экиден мылтык алышып, октоп тигилерди күтүп жатышты. Бир аз убакыттан соң сырттагылар үстөккө-босток үңкүр ичиндегилерди тарсылдатып мылтыктары менен аткылай башташты. Көп өтпөй босогодо эки-үч орус солдатты пайда болду эле үңкүр ичинен чыккан окко жашырганга да үлгүрө алышпай оңкосунан сайылышты. Ары жакта келатышкандар кайра артка чегиништи. Сырттагылар кайрадан аткылай башташты, бирок кайсыл жакты аткылап жатышканын өздөрү да билишкен жок, анткени үңкүрдүн ичи карангыраак болуп, эч нерсе көрүнбөйт болчу. Ич жактан да жооп кылып кез-кез атып коюп жатышты.
Сыртагылар эки-үч жолу үңкүргө кирүүгө аракет кылыша босогого жеткенде эле үч-төрт өлүктү калтырышып, кайра артка кетип жатышты. Атканынан жазбаган Жолон мерген босогого баш баккандардын бирин да соо койгон жок.
Сырттагылар бир азга тынчып, жоошуй түшүштү. Бир топ убакыт өткөн соң алиги дарылдагандын үнү кайрадан өрөөндү жаңыртты.
-Ээ үңкүрдөгүлөр менин сөзүмдү уккула, силер баары бир бул жактан аман чыга албайсыңар. Бизде бир шарт бар, ошону аткарсаңар баарыңар аман каласыңар.
-Эмне шарт айта бергиле! –бери жактан Жолон мерген тигилерге кайрылды.
-Силерде алтын бар экенин билебиз. Эгер ошол алтындарды өз ыктыярыңар менен берсеңер аман каласыңар. Бергиңер келбесе алдагы жактан бириңер да тирүү чыкпайсыңар жакшылап кабыргаңар менен кеңешкиле! Жолон менен Улукбек өздөрүнчө кеңеше башташты...
-Эптеп кандай болсо да убакыттан утушубуз керек. Мен бул жерден мылтыкты октоп жашынып турам, сен болсо тигил жердеги алтын чөйчөк, кумура, ар кандай идиштерди сыртка алып чык да үңкүрдүн оозунан анча алыс эмес жерге коюп кой. Аларды азгырып, алаксытып көрөлү. Кимиси батынып алтындарга келе алар экен.
-Мени атып таштасачы?
Алдагы колуңдагы алтындарды көрүшкөндө эч кимиси даап ата алышпайт. Өзүңдү таанытпай бетиңе чүпүрөк байлап алганды унутпа.
-Болуптур, -Улукбек беш-алтыдай алтын буюмдарды алды да эки колуна кармай сыртка жөнөдү.
Айлана жымжырт болуп калды. Ал үңкүрдүн оозунан үч-төрт кадамдай ары жылып барды. Анан бардыгынын көздөрүн кычыштыра ортодогу ачык жерге, анча чоң эмес таштын үчтүнө кыдырекей кылып тизип коюп койду. Азыр дагы алып чыгам дегендей белиги клып кайра үңкүргө кирип кетти. Ошол боюнча ордуна барып жашынып алды да кайра чыккан жок. Сырттагылар аларды көпкө күтүштү. Тээ бир топ убакыттан кийин солдаттардын үч-төртөөсү таш үстүндө турган алтын буюмду карай чуркап жөнөштү эле Жолон бардыгын тең бута аткандай терип салды. Алиги дарылдаган үн кайрадан кыйкырып кирди.
-Болдубу, ушул элеби болгон алтыныңар. Эгер чындап эле аман калгыңар келип үмүттөнсөңөр, дагы алып чыккыла алтындарыңарды!
-Мынакей. Болгон алтындарыбызды алып чыгып силерге бербедикпи, эми өзүңөр келип алып алгыла! Бир пазга жымжырт боло түштү. Сырт жактагылар өз ара бир нерселерди талкуулашып, кыжы-кужу сүйлөшүп калышты. Анан үч-төрт солдат ортого атып чыгышып таштын үстүндө турган буюмдарга жеткени чуркап жөнөштү. Бирок ага жетпей эле төртөө тең жерге “жалп” дей түшүштү. Ок таамай тийгендиктен ошол жер кучактаган боюнча былк этишкен жок. Сырт жактагылар үңкүрдүн оозун карай кайрадан окту мөндүрдөй жаадыра башташты. Үңкүр терең болгондуктан ары жагы анча көрүнбөй сыртагы солдаттар туш келди божомолдоп аткылап жатышты.
Бир аздан кийин эки жагы тең дымып калышты. Жетекчиси буйрук бердиби айтор эки солдат жашынган жерлеринен чыгышып акырын сактанышы таштын үстүндө жалт-жулт этип көздү азгырып, арбап турган буюмдарды көдөй жылып келатышты. Ташка эки кадам калганда үңкүрдүн оозу жактан “тарс” эткен үн чыгып алдыда келатканы жерге оңкосунан сайылды. Арткысы болсо дароо кайра артка бурулуп качып жөнөдү. Бирок жашынган жерине жете бербей ал да эт-бетинен кулады.
Сыртта жашынып турушкан солдаттар кичине сестенише бери ачыкка чыкканга даабай турушту. Бир кезде Жолон мерген ортону карай акырын сойлоп келатышкан караандарды көрүп, акырын четинен бирден терип атып кирди. Алтындарга жаңыдан колун созуп кетакан солдат ошол таштагы алтындарды кучактаган боюнча кулады.
Солдаттар үңкүрдү түтөтүп ичиндегилерди сыртка чыгууга мажбурламай болушту. Эки-үчөөсү чырпык, чийлерди алып келип үңкүрдүн оозун ташташты. Алар от тутандыра алышпай көпкө убараланышты. Анткени от койгону келаткандарын эле Жолон сулата атып жатты. Бир кезде от тутанып чырпыктар күйө баштады. Күн ачык болгондуктан чырпыктар түтөбөй бат эле күйүп кетти. Арадан бир топ убакыт өткөндө окту мөндүрдөй жаадырыша үңкүрдүн ичине жабылып киришкен солдаттар жер сыпалап эч кимди таппай калышты. Бул мезгилде тигил экөө жер алтындагы оюкка кирип оозу чоң таш менен жаап башка жагы менен сыртка чыгып кетишкен болчу.
Экөө ары жактагы ойдуңчада бир жерде үймөлөктөшкөн аттарды кайтарып турган солдаттын ээсин оодара чабышып, бүт болгон атты дүрбөтө айдаша кокту менен төмөн карай түшүп кетишти. Эч нерсеге элес албаган үңкүрдөгү солдаттар напсилерин токтото алышпай таш үстүндөгү алтын буюмдарды талаша кызыл чеке болуп мушташып, согушуп жатышкан болчу. Алтындын азарты менен айланага билинбей күүгүм кирип келатканын эч кимиси туюшкан жок.

#376 22 May 2015 - 01:39
БУКТУРМА
(бүгүнкү заман)
Эки-үч сааттан бери кара мерседес машинеси ушунчалык катуу ылдамдык менен шоссе жолдон эч тыным албай кетип бара жатты. Жол карата аларды тоскон эч ким болгон жок.
-Ушул жүрүшүбүз менен Гульбах, Македонка айылдарынан өтүп кетсек Кабулга эртең менен эрте жетип барып калат элек. Файзабад шаарына караганда Кабыл биз үчүн өтө деле коркунучтуу эмес. Ал жактан болсо Жума Наманганинин адамдарына кошулсак дагы эптеп Тажикстанга жетип алат элек. Чек арадан ары жакка өтүп алсак бизге бир даалай жеңил желпи болуп калат эле.
Жарым суткадан бери тыным албай келатышкандыктан Кахар рулда оуруп экөө үргүлөп келатышкан.
Узундугу жыйырма мертдей келген чоң көпүрөнүн үчтүнөн өтүп баратканда күтүлбөгөн жерден чоң жүк машине туурасынан жолду бөгөй тосуп калды. Аны сүзүп дагы буйтуп өтүп кеткенге дагы мүмкүн эмес болчу. Кахар катуу ылдамдык менен келаткан машинесинин тормозун дароо тепти, “чыйк!” деген катуу үнгө тигил экөө тең ойгонуп кетишти.
-Эмне болду?
Автомат кармап алды жакта турган көп караанды көрүштү. Артка айдайын деди эле артта да катар тизилишкен үч машине катар туруп калыптыр. Ал жактан да жети-сегиздей топтошкон адамдар пайда болушту. Атайын күн мурунтан машиненин келе жаткан багыты боюнча ушул жерде даярданып буктурма уюштуруп үчөөнү күтүп турушса керек. Машине менен качып чыгууга эч мүмүкн эмес болчу. Көпүрө өтө эле бийик экен. Үчөө машинеден сыртка атып чыгышып көпүрөдөн төмөн жакта да кайыктар менен кишилер турушуптур.
Көп өтпөй гранатамёттун огу тийип үчөө келаткан машине быт-чыты түшүп жарылып, андан чыккан өрттүн илеби үчөнү сергип өттү. Үчөө машинеден туш тарапка учкан сынык калдыктардан баштарын калкалаша көпүрөгө көмкөлөлөрүнөн жата калышты. Бир аздан кийин кайра ордуларынан туруша алды артына көз жүгүртүштү. Ортодогу көпүрө ачык жерде болгондуктан ок атып каршылык көрсөтүүгө да эч мүмкүн эмес. Арт жакта да алды жакта да куралдарын алга сунушуп, топураша башкан караандар өздөрүн карай жай, шашпастан жакындап келатышты.
Үчөө автоматтарын алга артка сунган боюнча топтошкон караандарды күтүп турушту.
Аларга каршылык көрсөтүүгө эч мүмкүнчүлүк жок болчу. Анда эле аларды өлүм күтүп турган.

#377 22 May 2015 - 01:40
ТУТКУНДА
(бүгүнкү заман)
Эки колдору байланып, жогору жакка илинип койулган үчөө эки суткадан бери капкаранга жер төлөдө асылып турушту. Аларга бир да адам басып келип, ал-жайын сурап келишкен жок. Үчүнчү күнү гана бир бей тааныш адам келип колдорун анча-мынча бошотуп суюк шорпо менен бир-эки кечим нан таштап кетти. Ал дагы эч нерсе сүйлөгөн жок, үчөөнү бир сыйра кара коюп унчукпастан чыгып кетти да жер төлөнүн эшигин сырттан бекитип таштады. Бөлмө ичин кайрадан карангылык каптады. Кез-кел келемиштердин “чыйк-чыйк” деген үндөрү чыкпаса айлана өлүү жымжырт, сырт жактын күнү-түнү билинбейт. Үчөө айлануу колдорун буттарын чечүүгө аракет кылып көрүштү эле андан эч майнап чыккан жок. Караңгыда колдоруна тийген нандарды таап жеп, калай табактагы шорпону түгөтүштү.
Айланага кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Бир аздан кийин жымжырттыкты Каныбектин үнү буздуү
-Убакыт канча болуп калды экен?
-Ким билет.
-Булар кимдер, биз кимдин туткуну болдук?
-Шайтан билсинби.
-Менин оюмча булар Хамиддин эле кишилери болуш керек. Жүргөн-тургандарына, кийген кийимдерине, колдорундагы куралдарына карганда Хамиддин эле кишилери...
Кахар жаңылбаптыр, ошондон көп өтпөй эле элект жарыгы күтүлбөгөн жерден “жарк” дей түштү да жер төлөнүн ичи жапжарык болуп калды. Үч күндөн бери караңгылыкка көнүп калган көздөрү уяла жумуп жиберишти. Арадан беш мүнөттөй убакыт өткөн соң эшик ачылып, сырт жактан Хамид баш болгон үч-төр адам топураша, биринин артынан бири ээрчише кирип келишти. Аны көргөндө үчөө тең мостоё түшүштү. Ал үчөөнүн так эле бет маңдайына келип жүздөрүнө бир сыйра карап өттү.
-Эмне жорукту баштап жибердиңер, же менден качып кулуп кетебиз деп ойлодуңарбы? Өзүңөр деле жакшылап ойлонбойсуңарбы. Тиги Абдурасул го, болуптур, жергиликтүү эмес, ал эми экөөңөрдү кайсыл шайтан ээликтирди. Менин уруксатымсыз бул жактан кантип чыгып кете аласыңар. Силер кеткени ар бир кыймыл аракетиңер, бара жаткан багытыңар биздин көз алдыбызда турду. Үчөөңөрдүн бут кийимиңердин таманында жашырылган аппарат силердин каяк жакка багыт алып баратканыңарды, кайсыл жерге токтогонуңарды компьютерден көрсөтүп берип атты. Ушуну эсиңерге дагы бир жолу туюп койгула, бизден качып эч жакка кете албайсыңар. Ооганстан деген менин мекеним. Бул жердегилер биз аркылуу дем алып турушат, уктуңарбы? Биздин тамырыбыз бул жерде согуп турганда силер да бизге баш ийүңөр зарыл. Менин сөзүм укпай качып кеткениңер үчүн силерди жазалап өлтүрүп салыш биз үчүн жетиштүү болмок. Качып чыкканыңар менен бизге чоң пайда келтирдиңер, ошон үчүн силерди катуу жазалоодон, өлүмдөн алып таштадык. Эмне пайда алып келгениңерди билесиңерби? Албетте билбейсиңер, силер деген бизге атаңңдаш бирден-бир чоң бандалардын бири болгон Зафардын адамдарын жок кылып бердиңер. Качан болду эле деп таңгалып жаткандырсыңар, тоо арасындагы сарайдагы окуячы, эстедиңерби? Сарайды да, өздөрүн да машинелери менен өрттөп жибериптирсиңер го. Жолдон артыңардан кууп барган мерседес машинелери, баары тең Зафардын кишилери болчу. Тим эле бардыгын тең калбырдай кылып аткылап жол боюна таштап кетипсиңер. Силерден мындай эрдикти күткөн эмеспиз. Алар биз менен эрегишип жүргөн күчтүү бандалардын бири болчу.
Бандалардын жетекчичи Зафардын оң колу болгон Наджим да ошолор менен кошо силердин колуңардан курман болуптур. Ал аябай дасыккан, чебер, карт бөрүлөрдүн бири эле, кандайча силердин колуңардан каза болуп калганына да ишенбей да кетесиң. Менимче алар силерди ок атат деп күтүшпөсө керек. Ойдо жок жерден окко кабылышып, бөөдөдөн бөөдө өздөрүнө ажал тилеп алышты.
Силердин бул окуяңар Рашидге да угулду, ошондуктан силер катуу жазадан жеңилдендиңер. Эми канча убакытка чейин камакта отурушуңарды бир Кудайымдын өзү билет. Буга өзүңөр күнөөлүсүңөр. Рашиддин купулуна толуп, жагып келаттыңар эле, өзүңөргө өзүңөр жаза тилеп алдыңар. Эми камактан эртерээк аман чыгышыңар өзүңөрдүн дүрүш-турушуңарга жараша болот. Бирок жакынкы аралыкта бошонуп чыгабыз деп ойлобой эле койгула.
Хамид айткандай үчөө дээрлик төрт-беш аптадан ашык ошол караңгы жер төлөдө камалып жатышты. Бир күнү үчөөнү жарыкка алып чыгышты.
Дээрлик бир айдай караңгы жерде жатышкандыктан жарыкка чыгышканда көздөрү эч нерсе көрбөй калды. САкал-муруттары аябай өсүп, тамакты аз чиишкендиктен арыктап, өзгөрүп, бири-бирин тааныбай калган ахыбалга жетишиптир.
Үчөөнүн тең колдорундагы жипти чечип, ордуна темир кишен салып, кайдадыр алып жөнөштү. Короо ичиндеги жерде терең болуп казылган ор бар экен, ошол жакка түшүрүштү.
-Эсиңерге келип оңолмойунча ушул жактан чыкпайсыңар. Алар ушуларды эскертип өтүштү. Анан үчтүнөн темир тор менен жаап, сыртынан кулпулап бекиитип салышты. Бул жак жер төлөгө караганда түзүгүрөөк экен, анын үстүнө жарык да болуп төбөлөрүндөгү көпкөк асман кадимкидей көрүнүп турат.
Арадан бир аптадай убакыт өткөндө Хамид өзү баш болуп келип тигил экөөнү калтырып Саидди чыгарып кетишти.
-Экөөңөрдүн азырынча зыяныңардан башка пайдаңар деле жок. Силер азырынча жата тургула, андан кийинкисин дагы көрө жатарбыз, -Хамид кетип баратып ушуларды айтып кетти. Ошол боюнча Хамидден да Саидден да эч кабар жок, таптакыр дайындары чыкпай калды. Арадан бир айдай убакыт өткөндө гана алар катылган казынаны алышканы Кыргызстанга мындан жарым айдай мурун жөнөп кетишкенин билишти. Аны да күндө тамак алып келип берип турчу, ордун кароолчусу айтты. Муну угушканда экөө тең бири-бирин караша эмне кылышаарын билбей көздөрүн алайтышты.

#378 22 May 2015 - 01:43
ОРДУНАН КОЗГОЛГОН КАЗЫНА
(мурунку заман)
Түнү менен тоо аралап жол жүрүшкөн эки караан таң атаар маалда гана ачык жайыкка талаага чыгышты. Өздөрүнөн эки чакырымдай алыс жерде токой сыяктуу жыш, бийик өскөн чийлер бар эле, ошол чийлерге жакындап келишкенде экөө аттарынын ооздугун тартыша жерге түшүштү. Булар Жолон мерген менен Улукбек болчу.
-Мына алтындарыңдын пайдасы эми экөөбүз тең турак-жайсыз калдык. Ал үңкүрдө мен дээрлик элүү беш жылдан ашык жашадым, -Жолон мерген өзүнчө оору үшкүрүнүп алды, -эне-атам да өмүр бою мергенчиликти кечип кылып, ошол үңкүрдү байыр алып жашашкан. Чын-чынына келгенде ал жакка бир дагы адамдын аягы басып барган эмес. Орус солдаттары үңкүрдү таап алышкан соң сенин катылган алтындарыңды да таап алышат. Ал эми ал алтындар табылды дегиче үңкүрдүн ичин эч нерсе калтырбай шимшилешип калган алтындарды издешет. Эми алар ал жакка бат-бат барып да турушат, келип калышаар бекенби деп бизди да аңдышат.Биз ал жакка экинчи кайрылып барбайбыз. Ал жакта бизди азап-тозок анан өлүм күтүп турат...
-Каякка барып жан сактайбыз? –Улукбек анын сөзүн бөлүп кетти. Жолон мерген көпкө бир жерди теше тиктеп ойлонуп турду.
-Азыр Орто Азия боюнча бүт ар кайсы улуттагы адамдар жоголгон казынанын дарегин таба алышпай активдүү издеп жатышат. Көпчүлүгү, өзгөчө кыргыз-кыпчак, өзбектер сени жакшы таанып калышты. Базарга алып барып алтындарды сапташ керек болчу. Бардык жер-жерлерде сени издеп жаткан учур, кармалды дегиче бүттү ишиң, алардын туткуну болдуң дей бер. Эми колго түшсөң сени куткаруу кыйын болуп калат мен үчүн, анткени кийинкисинде катуу көзөмөлгө алышат сени. Сен деген алар үчүн эң баалуу адамсың. Эми экөөбүз тең эч кимдин көзүнө көрүнбөшүбүз керек. Тез арадан бул жактан экөөбүз тең кетишибиз зарыл, көздөн далдоороок болуп...
-Алтындарды эмне кылабыз?
-Азыр аларды алып кеткенге мүмкүнчүлүгүбүз жок...
-Эмне үчүн жок, мобул орустардын аттарына жүктөп эле алып кетебиз.
-Каякка алып кетейин деген оюң бар?
-Мейли каякка болсун, иши кылып эле бул ызы-чуу жерден алысыраак алып кетсек, анан алтындардын убайын көрүп тынчыраак жашасак...
-Булардын баарын алып кеткенге экөөбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз, дараметибиз жетеби? ТИгил жакта өзбектер, бул жакта кыргыз-кыпчактар менен орустар, тажиктер, уйгурлар ушул алтындардын үчтүнөн ууга чыгып жүрүшөт. Бул деген оңой байлык эмес, мынча байлык менен бир өрөөн аймак бай жашаса болот.
-Андан көрө бир чечимге келеличи, эгерде алтындарды бул жерге таштап салып, өз куйругубузду кыпчып убактылуу болсо да алыска качып кетсек, кайра кайрылып келсе алабызбы ким билет. Кудай анын бетин ары кылсын дечи бизди бирөөлөр өлтүрүп кетишсе эмне кылабыз?
-Алтындарды дайыма ажал коштоп жүрөт деп айтып жүрбөймүнбү, мынча байлыкты өзүбүз менен кошо ала чыкканда даана ошондо ажалыбыздан мурун өлөбүз. Булар болбосо мен өз үңкүрүмдө тынч эле оокатымды жасап жүрө бермекмин. Мынча бейкүнөө кан төгүлмөк да эмес.
Уктап жаткан итти ойготпош керек болчу, мына мен эми өмүр бою келаткан кесибимди таштап, мергенчиликтен алыстап, капкайдагы ойдо жок алтын кумарына аралашып кеттим. Менин оюмча мунун арты жакшылык менен бүтпөйт, жүрөгүм менен туюп жатам. Бирок ач кулактан тынч кулак бул жактан эртерээк алыс жакка кетиш керек. Кана өзүң айтчы Улукбек, мага караганда дервиштик кылып жер кезип, көптү көрдүң го, каяк жакка кетели деген оюң бар?
-Менимче кыргыз жергесинен алыс жакка кетпей эле түндүк жагына барсакбы?
-Түндүк дегениң кайсыл жак?
-Көл тарап, ал жакта Бугу уруусу жашайт. Бул жоголгон казына туралуу эч кимиси билишпейт. Бизди да эч кимиси таанышпайт. Көл боюнда тынч оокатыбызды өткөрсөк болот.
-Ал жакта да орус солдаттары бар болсочу?
-Орустар ал жакты анча билишпейт, бул жакка болсо Кокон хандыгы менен араздаша кетип, кыргыздарга жардам бергени келишкен. Ошол боюнча кетпей жүрүшпөйбү.
-Көл жакта тоо барбы?
-Чоң Көлдү айлана тоо курчап турат, аркар-кийик аткың келсе ошол жактан деле атасың.
-Ал жактын элдери кандай?
-Бул жактагыларга караганда тынчыраак, жөнөкөй, карапайым элдер.
-Болуптур анда мындай кылалы, тигил калмактардын мүрзөсүндөгү алтындардын баарын бул аттарга жүртөйлү дагы түнү менен сапар тартып, күндүзү далдоо жерге жашырынып жат көздөрдүн алыс болуп жүрүп отуралы. Ал жакка аман-эсен жетип алсак дароо тоо тарапка алып кетебиз алтындарды. Анан үңкүр таап алсак буларды ошол жакка эптеп жашырабыз.
Экөө күндүз кечке калың чийдердин арасында жашырынып коен атып алып отко куйкалап жешип, айлананы караңгылык каптап түн болгондо жолго чыгышты. Таңга жуук гана Кызыл-үңкүрдүн тушундагы калмактардын эски көрүстөнүнө араң жетишти. Жолон мерген биринчи кезекте эле күмбөз ичине коюлган кызы менен аялына багыштап куран окуду. Өздөрү менен кошо ээрчитип жүрүшкөн орустардын жети атын (калгандарын жолдон коё беришкен болчу) далдоо жерге алып барып кармашып, кайрадан түндүн болушун күтүштү. Бул мезгил аралыгында Жолон мерген Кызыл-Үңкүргө барып эки атка жети-сезиздей бош каптарды алмаштырып келе койду. Экөө күүгүм киргенче ошол күмбөздүн ичинде жат көздөрдөн жашырынып отурушту. Чак түштө деле көрүстөндөргө эч ким жолочу эмес. Тээ алыс жактан айланып өтүшчү. Айланага караңгы кирээри менен экөө ишке кирише башташты. Алтындар жашырылып турган көрдүн оозун кененирээк кылып ачышып, ичинде чачылып жаткан алтындарды (эски каптар эбакта чирип, алтын буюмдар жерге төгүлүп, чачылып калган болчу) капка бөлүп салыштыра башташты. Көрдүн ичинен май чыракты жагып коюшуп эч нерсени калтырбай терип салышты. Бир жагынан көр ичине сойлоп кирип алышкан жыландар да аларга бир топ тоскоол кылышты. Кош миздүү шамшарлар менен аларды тең экиге бөлүп барчалап жатып, беш-алтыдай жыланды өлтүрүштү. Барымтада турган аттарды бери алып келишип каптарды аларга арта салып жүктөй башташты. Кааптарга салыштара келгенде барыдыгы болуп он эки мүшөктөй чыкты. Муну Жолон тургай Улукбек да күткөн эмес.
-Кудайыма тобо деш керек, алтын буюмдардын ушунча көп экенин күткөн эмесмин. Канчасын чыгымдап жумшадым. Теңинен көбүн мойсоп жиберген экем деп ойлогом, көрсө чети да оюлбаптыр да.
Каптардын баарын аттарга артып бүткөн соң экөө тизелеп отуруп алышып жалпы маркумдарга багыштап куран окушту. Анан “Кудайым жолубузду ача көр” деп баталарын берише жолго аттанышты. Бир аздан кийин булуттан чыккан ай жерге алтын нурларын чачыратып айлананы жапжарык кылып жиберди.

#379 22 May 2015 - 01:48
КАНЫБЕКТИН АМАЛЫ
(бүгүнкү заман)
-Эми эмне айла кылабыз? –Каныбек Кахар бири-бирине суроолуу карашты, -ушунча убакыттан берки аракетибиздин баары текке кетеби? Ушул кызына үчүн канчалаган азап-тозокторду көрбөдүк, Кудайдын кудурети менен канча жол өлүмдөн калдык. Саидди издеп канча убара тарттык, аны жаңы эле таап максатыбыздын соңуна жакындап келе жатканда капкайдагы эле бирөөлөргө ушинтип казынаны алдыртып жиберебизби? Ушул жерде сөөгүбүз сөпөт болуп, чирип өлөбүзбү? Экөө баштарын жерге сала үңкүйүп отурушту. Бийик он метрлик ордун ичинен бирөөнүн жардамысыз өйдө көтөрүлүп чыгууга эч мүмкүн эмес болчу. Улам-улам тешиктен көгөргөн асманды карап коюшуп баштарын мыжып отурушту.
-Чындыгында аларга экөөбүздүн керегибиз деле жок, тоскоолдук кылгандан башка эч пайдабыз тийбейт. Тигилер ошону билип туруп, бизди калтырышып, Саидди чыгарып алып кетишпедиби. Ал эми Саил үчүн биз эмес тигилер менен жүргөн ыңгайлуураак. Анткени аларда бизге караганда бардык каражат, шарт, мүмкүнчүлүк бар. Бизди өлтүрүп коюшса да алар үчүн ысык-суугу жок болчу. Эмне себептен бизди тирүү кармап атат, түшүнүп болбойт.
-Рашиддин оң колу болгон Хамид да жөн адам эмес, бизди бир нерсеге расчёт жасап жатат. Эртеби кечпи баары бир бизден бир нерсе чыгаарын сезип атат.
-Бул жерде терең ордо, сыз жерде отурганча Кыргызстандын түрмөсүндө түрмө баландасын ичип отурганым жакшы болчу, -Кахар өзүнчө кейий башын мыжып отурду, -бул жерден качып чыкканга эч мүмкүнчүлүк жок, канчалык айла-амалды колдонсок да баары бир эч нерсе кыла албайбыз.
-Балким бизге тиги үстүбүздөн тамак таштап кетип аткан кишини азгырып, көндүрүп көрөсөкчү?
-Алар Хамиддин ишенимдүү, ага баш-оту менен берилген кишилер, алтыды башыңдан ылдый куям десең дагы макул болушпайт. Кайра шылдың кылып күлүшөт.
Экөө ным жерге жата кетишти. Бирөө көмкөрөсүнөн көзүн жума, экинчиси чалкасынан тешиктен асманды карап жаткан.
-Муну без выходный положение деп коёт. Кудайым колдоп бул ордон бизди чыгарып жиберсе кандай гана жакшы болот эле.
Экөө унчугушпай көпкө жатышты. Бир кезде Каныбек ачуулана ордунан атып турду.
-Ушинтип алма быш, озума түш деп эле жата беребизби, а тигилер болсо тияк жакта жүрүшөт. Кандай болсо дагы алтынды алып кеткенге мүмкүнчүлүк бербеш керек.
-Эмне айла кыласың, кана өзүң айтчы? –Кахар ордунан көтөрүлө жерге малдаш токунуп отурду.
-Мунун кароолчулары менен сүйлөшүш керек.
-Сүйлөшкөндө деле эч майнап чыгара албайсың. Акча аларда Кудая шүгүр жетиштүү. Орто Азим аркылуу Европага бекеринен наркотик ташып атышкан жок.
Каныбек чыдамы кетип бир ордунда тура албай ары-бери баса баштады. Акыры чарчашканда экөө эки жерде суналып жатып калышты.
Бир кезде жогору жактагы тешиктен кароолчунун башы көрүндү. Каныбек көзүм жума акырын кирпиктеринин арасынан анын ар бир кыймыл-аракетин карап атты. Экөөнүн кыймылсыз жатканын тиктеп турган жогору жактагы кароолчу акырын кыйкыра кетти.
-Ээй тирүүсүңөрбү, эмне кыймылдабайсыңар! –ал жогору жактан бир нерселеди төмөн карай ыргытып жатты. Эч нерсеге көңүлдөрү чаппаган экөө көздөрүн жумган боюнча былк этпей жата беришти, жогору жактагы киши аларды бир аз карап турду да акырын кетип калды.
Экөө дагы жарым сааттй былк этпей жатышкан соң Кахар ордунан козголо жогору жактан ыргытылган тамак-ашты терип кирди эле аны Каныбек колдон кармап калды.
-Коё турчу менде бир идеа жаралды, ага сенин эркиң жетеби билбейм.
-Эмне идея?- Кахар жерде чачылып жаткан нандарды терип келатып тигиге кулак сала токтоп калды. Каныбек чалкасынан жаткан боюнча көзүн жума бир топко унчуккан жок.
-Менде бир идея пайда болду бирок....
-Эмне бирок?
-Бир ал ишке аша алабы, ашпайбы толук гарантия бере албайм. Бирок бул болсо да биз үчүн бир мүмкүнчүлүк.
-Айта бер.
-Анда мындай... алдагы тамактарга тийбе, кайра кандай чачылып жатса ошондой кылып ордуна кой.
-Болуптур, -Кахар кайра нандарды орду-ордуна коюп чыкты, -мына эми, анан эмне болду?
-Жогору жактагы кароолчу бизге карап, “ээй тирүүсүңөрбү? !” деп кыйкырганда бул идея жаралып кетти мага. Кыскасы мындай, биз азыр кандай жатсак ошондой былк этпей жатабыз. Кароолчу эртең келгенде, так эле азыркыдай кыймылдабай жатышыбыз керек. Тишил тамактарга да тийбе, балким беш-алты күндөй тамак ичпешибиз да мүмкүн.
-Ко-ош анан эмне болот?
-Өзүң деле кичине соображайт этсең, ал бизди былк этпей жатканыбызды көрүп, өлүп калган экен деп ойлошу мүмкүн. Беш-алты күндөй текшерип көрөт, биз ал келгенде былк этпей, козголбой жатышыбыз керек. Курсак ачып баратса тигил чачылып жаткан нандардан алып ооз тийип турабуз, бир аз санда гана.
Алар түн ичнде да келишип, жарык кылып текшерип көрүшү мүмкүн. Биз ага эч шек алдырбашыбыз абзел.
-Та-ак, анан?
-Анан ал беш-алты күн өткөндөн кийин өлүп калдыбы деп шек санайт да кыйкырып тажаган соң акыры чыдай албай бизди текшергени төмөн карай түшүп келет. Биз ошол монентти пайдаланышыбыз керек.
-Ал ишенбей, биздин кууланып жатканыбызды билип калсачы?
-Бирден бир биз үчүн “выходка” ушул, башка айла жок, андан көрө беш-алты күн тамак ичпей чыдай аласыңбы?
-Мен готүрмөдө жатып тамакты аз ичип көнүп калгам, андан көрө өзүң чыдайсыңбы?
-Анүчүн темирдей бекем эрк керек, аракеттенип көрөм.
Экөө эртеси күнү кароолчу келээр маалында дал эле кече күнкүдөй болуп былк этпей жатып калышты. Каныбек чалкасынан жаткан боюнча көзүн чала жума кирпиктеринин арасынан кароочунун башы кылтыйып тигилерди сынай карап турганын көрдү. Анан ал кайрадан корс эте кыйкырды.
-Ээ-эй төмөн жактагылар тирүүсүңөрбү? Эмне унчукпайсыңар, тамакты чанып калдыңарбы, эмнеге жеген жоксуңар?! – ал тигилерди бир азга сынай карап турду, -мейли өзүңөр билгиле, курсагыңар ачканда нан эмес топуракты кошо жейсиңер.
Ал дагы анча-мынча тамак таштады да кетип калды. Кахар ордунан козголгоюн деди эле Каныбек акырын токтотуп койду. Көп өтпөй эле кароолчу кайра келип башын жарым жартылай чыгарып акырын аңдып жатканын көрдү. Экөө былк этпей жата беришти. Ал көпкө тиктеп турду, анан жок болуп кетти. Каныбек менен Кахар түнкүсүн ары-бери басып, отуруп алышат да күндүзү кечке былк этпей жатышат.
Кароолчу эртеси күнү да келди, бул жолкусунда жалгыз эмес, жанында бирөө бар экен. Экөө төмөн жакты карап алышып бир топко кужуңдашып сүйлөшүштү. Анан бирөөсү төмөн жакка кунт коюп үңүлүп карады.
-Ээй, төмөн жактагылар арамзаланбай эле койгула, аныңардан эч майнап чыкпайт. Андан көрө биз берген тамакты жеп, Хамиддин келишин күтүп коюп, Кудайдан эркиндикти тилеп коюп жата бергиле, балким ал келгенде силерди үстүнө алып чыгар?!... Ээй эмне унчукпайсыңар тинден калдыңарбы ыя?! Мейли дагы бир-эки күн ушинтип жата түшкүлө. Баса кимге таарынп жатасыңар силер, Хамидгеби же кожоюнгабы? Ага өзүңөр күнөөлүсүңөр да, болбосо биздин катарыбызда жүрө бербейт белеңер!
Экөө дагы ар нерселерди айтып бир топко турушту да анан кетип калышты. Эртеси күнү адамдын табитин ачып, көздү кычыштырган аябай даамдуу тамак алып кетип ташташып жогору жактан карап турушту. Төмөн жактагылар мурункудай жаткан боюнча эч былк этишкен жок. Алар түн ортосунда да келип төмөн жактагыларды көпкө чейин аңдып жатышты. Баштарынын кылтыйып турганын экөө асмандагы айдын жарыгынан кадимкидей көрүп турушту. Анан кол фонариктери менен төмөн карай жарык кылышып бир нерселерд сүйлөшүп калышты. Ордун оозунда көпкө турушту.
Эртеси күнү таң атпай келишти да бирөөсү узун шаты коюп төмөн карай түшө баштады. Экинчиси болсо жогору жакта карап турду. Жерде былк этпей жаткандарга үңүлүп жүздөрүнө карады. Анан буту менен көмкөрөсүнөн жаткан Кахарды оодарып аласалдырмакчы болду эле аны менен кошо өзү да оңкосунан сайылды. Эртеден бери даярданып тургандыктан Каныбек тигинин колундагы тапанчасын жулуп алды да жогору жактагыны атып жиберди. Ал төмөн жактагыларды өлүп калды деп эч нерседен бейкапар тамеки тартып отурган, ары жакта турган автоматты алганга үлгүргөн жок. Тээ жогору жактан учуп келип үчөөнүн жанына топ этип кулап, кыймылсыз жатып калды. Күтүлбөгөн катуу соккудан төмөнкүсү да ээси ооп калган болчу. Экөөлөп аны арыдан-бери байлап, оозуна чүпүрөк тыгып салышты. Анан бирөөсүнүн автоматын, экинчисинин тапанчасын алып шаты менен жогору карай көтөрүлүп чыгышты. Ордун оозун бекитип салышты да ачкычын калың чөптөрдүн арасына ыргытып жиберди.
Экөө жан алдыра калбай кууш көсө менен жүгүрүп кетип баратышты. Бул айылды Каныбек тургай Кахар да билбейт экен. Көчөдөгү ары-бери өткөндөр булар кимдер дегенсип таңгала карап калып жатышты. Аңгыча короонун сыртында кожоюну жок токтон турган кара “Тойота” машинесин көрө коюп акырын жакындап басып келишти. Айланаларына бир сыйра көз чаптырыша айнегин талкалап машиненин эшигин ачып алышты да зым менен от алдырып алышты, болгон ылдамдыкка салып заматта көздөн кайым болуп кетишти. Көптөн бери туш тарабы туюк үңкүрдүн нымдуу кысылган абада дем алып жатышкандыктан экөө тең эркиндиктин абасын керек-керек жута өздөрүн аябай жеңил сезип кетип баратышты.

#380 22 May 2015 - 01:52
КАНДУУ САПАР
(мурунку заман)
-Биздин бул сапарыбыз чын-чынына келгенде кандуу сапар болгону турат окшойт. Бул экөөбүз үчүн өмүрүбүздөгү эң кыйын, эң татаал узак сапардын бири болот. Ушунча атка жүктөлгөн алтындар менен канткенде көл тарапка өтүп кете алабыз. Күндүз далдоо жерге жашынып, түнү менен жол жүргөн күндөда кантип эле чоочун жат көздөргө урунбай коёлу. Эң башкысы амалкөйлүк, анан кыраакылык керек. Кээ бир кырдаалдарда киши канына забын болушубуз да ыктымал. Азыр алтын сатып базар кыдырып жүргөн киши туралуу бардык жерде айтып, сени издеп жүрүшөт. Эгер кокустан бирөөлөргө жолугуп калып, таанып калыша турган болсо анда эле ишибиздин тетире жакка айланды дей бер. Көлгө жетүү кыйын болот анда, -Жолон мерген тигиге акыл-кеңешин айтып, өзүнчө сүйлөп баратты. Алты атка экиден болуп жүктөлгөн каптар үзүлүп кетчүдөй болуп ары-бери ооп, аттарга күч келип атты. Эки күндөй алар чоочун көздөргө чалдыгышкан жок. Түнкүсүн жол жүрүшүп, күндүзү кечке күүгүм киргенче күмбүздөрдүн ичине, бадал-чийлердин арасына, кээде бийик өскөн камыштардын арасына жашынып отурушуп, айланага карангылык киргенде гана чыгышат жолго. Асманда ала булуп каптап турганда экөөнүн жолу шар болот, ай тийип турса эки жактарын алаңдап карашып бир нерседен чочулашып, кооптонуп, сактанышып, Кудайга кайра-кайра келме келтиришип, жандарын ооздоруна тиштеп өтүшөт. Бет алдында коопту жерлер болсо адегенде Улукьекти чалгынга жиберет. Жедеп эч ким жок экенине чындап ишенгенден кийин гана алга жылып жөнөшөт. Экөөндө экиден мылтык бар болчу, бирөөсүн алтын жүктөлгөн аттардагы каптарга кошо асып коюшкан, экинчи мылтыктарын болсо экөө тең жондоруна асып алышкан. Андан сырткары өлгөн орус солдаттарынан алышкан ок-дарылардын баарын чогултп алышкандыктан, ок Кудая шүгүр жетиштүү болчу.
Бүгүн алардын төртүнчү күнү жол жүрүп баратышканына. Бир-эки жолу алыс жерден атчан караандардын кетип бараштышкандарын көрүшүп далдоо жерге жашынып турушту, алыр узап кетип көрүнбөй калгандан кийин гана сапарларын улантышты. Азык-түлүктөрдү жолго кенен камдап алышкан, Жолон мерген чийлердин арасынан качып чыккан коёндорду алыска узатпай атып алып өздөрүнүкүн болсо үмөмдөп кетип баратышты. Тоо беттеп кетип баратышканда анча коркунучсузураак болуп, жайык жерге чыга калышканда, атчан бирин-серин өткөн караандарды да көп кезиктиришчү.
-Жети-сегиз адам болсок эптеп өтүп кетет элек, экөөбүз жете алаар бекенбиз?-Жолон өздөрүнө анча ишене албай атты.
-Ушундай каргашадан тышкары болуп эч кимге жолукпай жүрүп отурсак, Кудай буюрса аман-эсен болсок жетип алаарбыз...
-Дагы канча күн жол жүрөбүз?
-Күнү-түнү тынбай жолдо болсок бат эле жетмекбиз. Биз күндүзү токтоп, сокур үкүлөрдөй болуп түнкүсүн жол жүрүп жатпайбызбы, анын үстүнө түнкүсүн да ары-бери өткөндөр бизге тоскоол кылып жатышат. Канча күндө жетээрибизди мен айта албайм, эң башкысы ар кандай тоскоолдуктарга жолукпасак эле болду.
Дээрлик бир аптадай киши көп жүрбөгөн ээн жерлер менен эч тоскоолдуксуз жол жүрүштү. Күндүзү коктунун ичиндеги үңкүрчүгө аттарды эс алдырышып, бир маал оттотуп алышты. Анан караңгы кирээри менен жүктөрдү аттарга жүктөшүп эртелеп жолго чыгышты. Алар кокту-колокторго өтүп тоо таянып жүрүп отушһрушту. Булар үчүн тоо ичи коркунучусузураак болчу. Бирок күтүлбөгөн жерден так эле бет маңдайларынан беш-алты атчан киши чыга калышты. Экөө тең шашылыша жондорундагы мылтыктарын ала коюшуп алга карац сунушту. Алар аттарын топуратыша жакындап келатышта эле Жолон кыйкырып коё берди.
-Ээй токтогула, болбосо азыр атабыз!
Атчандар дароо токтошту, анан өздөрүнчө кобураша сүйлөшүп калышты. Бирөөсү беригирээк атын бастырып келип, экөөнө кыйкырды.
-Силер кимсиңер, каяктан каякка баратасыңар? !
-Биз жолоочу соодагербиз, түндүк-чыгыш жакка сапар тартып баратабыз, өзүңөр кимсиңер?
-Үйүр жылкыларыбызды айдап кетишти, ошону издеп баратабыз, Силер көргөн жоксуңарбы үйүр жылкы айдап бараткан кишилерди. Алдыңардагы аттар кимдики, биздикки эмеспи?, -алиги киши аты менен алга карай жылып жөнөдү эле “тарс” эткен мылтыктын үнү тоо жаңырды. Алиги киши атынан жерге оңкосунан барып сайылды. Аны Жолон атынын бутуна атып жиберген болчу. Мындай күтүүсүздүккү арт жактагылар удургуй түшүүштү.
Алар жактан да ок жаңырды, ок Улукбектин кулак түбүнөн “чуу” этип кайып өтүп кетти. Эми Улукбек да Жолон мерген да экөө тең бирдей мылтыктарынан ок чыгарышты тигил жактагы эки караан ат-паты менен кошо кулады. Алар кыйкырык, ызы-чууга салыша биринин артынан бири ээрчише, кайра артка чегинише көздөн кайым болушту.
Тигилер тараптан үч атка ок жаңылып, жарадар болуп калыптыр, кишенелеп, жерде тыбырчылап жатышты.
-Ок чыгарбаска айла жок болуп калды, болбосо булар бизге жакындап келиши да мүмкүн болчу. Өзүбүздү көздөй бир да адамды жакындатпаш керек, өтө эле чукул кирип келди дегиче, анда эле иш бүттү дей бер.
Анда ок атып каршылык көрсөткөнгө да коргонгонго да мүмкүнчүлүк болбой калат. Бул каргашалуу жерден эртерээк кетпесек болбой калды, тигилер киши топтоп артыбыздан кууп келиши да мүмкүн. Экөө кайчы жерде туйлап чала жан болуп жатышкан аттарды айланып өтүшө андан ары сапарларын улашты. Бул түн экөө үчүн жол жүргөн, алыска сапар тартканга ылайыктуу түн болду. Анткени асманды ала булт каптап караңгы кыла айдын жүзүн көрсөтпөй таштаган. Аттар менен кошо жай өйдө көтөрүлгөн чаңдар кайдадыр жылып кетип атты. Аттар кээде ташка мүдүрүлүп кайра басыктарын оңдоп кетишүүдө. Кербенчилердей болуп биринин артынан бири ээрчишкен аттар тоо таяп ылдамдык менен жылып кетип баратышты. Булар бир жарым аптадан бери түнкүсүн жолго чыгып, күндүзү уктап эс алып көнүп калышкандыктан чыйрак, өтө сак, сезимтал болуп жол жүрүшүүдө. Дээрлик өмүрүнүн жарымын дервиштик кылып ак уруп жер кыдырып жүрүп көл тарапка барчу жолду жакшы билгендиктен Улукбек алдыда, Жолон мерген болсо арт жакта. Убакыт түн ортосунан ооп калган болчу, айланага жарык кире баштаса эле булар эч ким көрбөгөн далдоо жер издешип аттарды эс алдырып откозушмак да өздөрү да айлага жарык кирээри менен эс алууга кам көрүшмөк. Күндүзү да экөө алмактан-салмак кароол кылып күзөтүшүп, бир-бирден укташат. Алыста кетип бараткан караандар болсо эле аттарды жашырышып алар узап кеткичекти дүрбү менен карап турушат. Булар өткөн жолу орустардын дүрбүсүн да алып алышкан.
Күтүлбөгөн жерден тээ алыстан кыйкырык-сүрөөн менен он чактыдай атчан адамдардын өздөрүн карай чаап келатышканын көрүштү.
-Аттарды тиги далдоо жерге кой, кокуй ок тийип зыян тартышпасын! –Жолон Улукбекке кыйкыра аттарда сайылып турган экинчи мылтыкты да колго алды, -кана эми, булардын кыйын экенин көрөйүнчү.
Улукбек арт жактагы коктудагы ойдуңчага аттарды жайгаштырып, каршы-терши кылып бири бирине байлап салды дагы экинчи мылтыкты алып Жолон мергенге жардамга келди. Экөө эки таштын түбүнө жашырыныша тигилердин келишин күтүп турушту.
-Он, он бег орус солдаттарын жайлаган булар мага кимдер болуп калыптыр, -ташка жаагын таяй Жолон өзүнчө сүйлөнүп отурду.
Катуу чаап келатышкан атчандар жакындай беришкенде “тарс-тарс! ” эткен эки жерден мылтыктын үнү чыгып кокту жаңыра түштү. Катуу ылдамдыкта келатышкан алдыңкы экөө оңколоурунан сайылышты.Ага удаа эле дагы эки жолу мылтыктын үнү чыкты, дагы экөөнүн аты күү менен келип жер сүздү. Бир аз арыраак барып кайр атоктошту. Анан өз ара күбүрөшүп сүйлөшүп калышты. Алардын бир экөөсүндө эле мылтык бар экени билинип турду. Калагдары союл, кылыч, найза, шалк этне менен куралданышыптыр. Эки-үчөөсү мылтыктарын октоп түтөтө башташты. Аларга салыштырмалуу булардагы эң жакшы аталган орус солдаттарынын мылтыктары бар болчу. Арттан кууп келишкен куугунчулардын бардыгы аттарынан түшүшө ары-бери жакка чачырай, акырын бери карай жылып жөнөштү.
Улукбек менен Жолон мерген орундарын которуша башка жерге далдаланышты. Жолон Улукбекке эскертип өттү.
-Орус солдаттарын азгыргандай буларды өзүңө карай ок атып алаксытып тур, мен болсо тээтиги чоң таштын ары жагына чыгып алып, буларды чил тергендей терейин. Сак бол тигилердин түтөтмө мылтыктарынын отһктору жаңылып кетсеин сага. Эң башкысы буларды тигил биздин аттарга жолотпо, Жолон мерген эки мылтыгын эки колуна алды да көнгөн адатынча таштан ташка секире жогору карай ыкчамдык менен жөнөдү. Топ караандар биринин артынан бири ээрчише акырын жакындап келатышты. Улукбек эми мылтыкты октоп алып алмак-салмак тынбай аткылай таштан ташка жашынып Жолон мерген кеткен тарапка чегинип кетип баратты.
Бир кезде жогору жактан удаа-удаа атылган эки мылтыктын үнү чыгып тмөн жактан келаткандардын экөөсү бакырыша оңколорунан сайылышты. Улукбек да эки мылтыкты эки жерге коюп алмак-салмак аткылап атты. Караңгыда жакшы көрүнбөгөндүктөн тигилерге төрт киши мылтык менен аткылап жаткандай туюлууда. Улукбекти карай жылып келатышкандар апкаарыша алга жылгандан чоочулаша бир ордуларында катып калышты. Алар сан жагынан көптүк кылганы менен курал жагынан алсызыраак болчу. Бирөөсү таштан ташка жашынган Улукбекти карай чуркап жөнөдү эле тээ жогору жактан “тарс” эткен үн чыга жерге кулай аласалып кетти да ошол бойдон былк эткен жок. Жолон жашынган жеринен туруп башка жакка орун которуп кетиптир. Жогору жактагы атылган мылтыктын огу ар кайсы жерден чыгып атты. Бири-бирине кошул-ташыл боло төмөн жактан Улукбек, жогору жактан болсо Жолон мерген тындырбай аткылай беришти. Айланага акырындап жарык кире баштаган сайын куугунчулардын караандары кадимкидей көрүнүп, Жолон мерген эми атканын жазбай таамай атып жатты. Тындырбай аткылаган мылтыктын үнүнө чыдай алышпай куугунчылар артка чегинише качып жөнөштү. Он чактыдай аламдан бешөө эле калыптыр, Жолон качып баратышкандардын дагы экөөсүн сулатты. Калган үчөөсү шапа-шупа атка миништи да чапкан боюнча көздөн кайым болуп кетишти.
Бир аздан кийин Жолон мерген төмөн карай түшүп келди. Караңгыда ок чала тийип жарадар болуп жаткан кишинин жанына басып келди. Ок далысына тийсе керек, кызыл-ала болуп канга бөлөнө араң дем алып жатыптыр.
-Жан соога баатыр, мени өлтүрө көрбөгүлө, -ал жан далбас кыла бетин калкалады. Кырктардан өтүп калган жигит экен. Көп өтпөй ары жактан Улукбек да жетип келди.
-Али тирүү бекенби, мындай турчу, биротоло кыйналтпай түбүнө жетейин, -ал мылтыгын октоп жерде араң кыймылдап жатканды мээлеп калды эле Жолон анын мылтыгынын учунан кармап ары карай буруп койду.
-Бул сага тоо жаныбары эмес ыргыта атып таштагандай, андан көрө булардын ким экенин билеличи, -Жолон мерген жерде кансырап жакан кишини башынан жөлөп көтөрдү.
-Силер кимсиңер, эмне үчүн артыбыздан куудуңар?
-Мындан бир күн мурун биздин уруунун жылкычыларын кимдир бирөөлөр келип байлап салышып, бүт үйүрү менен айдап кетишиптир. Түндө ошолордун артынан кууп келатып силерге кабылбадыкпы. Жылкы айдап кеткен силер экен деп ойлогонбуз, анан киши топтоп алып артыңардан кууп келгенбиз. Силердин түрүңөр жылкы уурдаганга окшобойсуңар. Кийинген киймиңерге, куралдарыңарга, жазбай аткандарыңарга караганда бул жердиктерге да окшобойсуңар, силер өзүңөр кимсиңер?
-Биз деген алыска сапар тартып бараткан жолоочубуз, силердин аймагыңардан жөндөн жөн түн ичинде өтүп кетели дедик эле өзүңөр кабылып, өзүңөр тийишип алдыңар. Биздин эч киге жамандыгыбыз жок болчу. ОШентип айтып бар тигил жактагыларыңа, экинчи биздин артыбыздан кууп, тынчыбызды да алышпасын, ал эми жылкы уурдагандарды болсо башка жактан издегиле, -Жолон менен Улукбек чала жан жаткан жигитти тургузушуп, ок жаңалган жерин жакшылап таңып туруп ары жакта калган аттардын бирөөнө мингизишип жөнөтүп жиберишти. Ал узап кеткен соң сапардарын андан ары улашты. Айланага эбакта жарык кирип кеткендиктен чоочун көздөрдөн оолаагыраак болуш үчүн далдоо жер издеш керек болчу. Улукбек ордунда катып Жолон мрген күндүзү жашынганга жай издеп кетти.

Супер-Инфо
super.kg
видео