Суперстан: Ата Журт менен Республиканын биригиши.. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Ата Журт менен Республиканын биригиши.. ким кандай ойдо.

#1 Пользователь офлайн   Acer   20 Октябрь 2014 - 21:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 13 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 28 Дек 2020 16:46

Шайлоого даярдык башталдыбы? Ким колдойт? Мисалы мен колдойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   MACKA   20 Октябрь 2014 - 21:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

" Республика Ата-Журт" партиясын эски эки лидер жетектемей болду.

Бабанов менен Ташиев жаңы түзүлгөн "Республика Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы болушту. " Республика" менен "Ата-Журт" партиясы юстиция министрлигинен жаңы биргелешкен партияны каттоодон өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өмүрбек Бабанов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бириккен жаңы партия "Республика Ата-Журт" деп аталат.
"Партиянын тең укуктуу эки төрагасы болсун деген чечим кабыл алынды. Алар мен жана Камчыбек Ташиев" - деди Бабанов.
Жогорку Кеңештеги эки фракциянын биригиши мүмкүнбү? - деген суроого ал эки фракциянын депутаттары көптөн бери эле бирге иштеп атканын белгиледи.
"Юридикалык жактан эки партия бириге албайт, анткени алар парламентке башка, башка партиялардан келген. Бирок эки фракциянын депутаттары көптөн бери эле бир багытта иштеп келе жатат" - деди Бабанов.

Бүгүн кошулган партиянын алгачкы cъезди болуп өттү.


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 20 Октябрь 2014 - 21:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   MACKA   20 Октябрь 2014 - 21:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Серепчи: Бир партияда эки лидердин болушу саясий туруктуулукка алып келбейт.
20-октябрда Бишкекте "Республика" менен "Ата-Журт" партияларынын съезди өтүп, эки партиянын бириккени съезде расмий түрдө жарыяланды. Сүрөт Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте "Республика" менен "Ата-Журт" партияларынын съезди өтүп, эки партиянын бириккени съезде расмий түрдө жарыяланды. Алар бириккен жаңы партияны Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшүп, аны "Республика Ата-Журт" деп аташты. Ошондой эле Өмүрбек Бабановду жана Камчыбек Ташиевди бирдей укук менен партиянын лидери кылуу чечими кабыл алынды. Бул боюнча саясат таануучу Бакыт Бакетаев өз пикирин билдирди.

- "Республика" жана "Ата-Журт" партияларынын биригүүсүнө сиздин көз карашыңыз?

- Бул эки саясий партиялардын биригип жатышы, диалектиканын мыйзамына жооп берүү. Партиялардын биригүүсү саясий маданияттуулуктун көрсөткүчү. Эгерде алар өз иштерин так жана даана алып кете турган болушса, бул жакшы иш.

- Учурда жаңы түзүлгөн "Республика Ата-Журт" партиясында кош лидерлик жаралды. Мындай башкаруу партиянын ишине терс таасирин тийгизбейби?

- Кыргызда эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деген сөз бар. Бир партияда эки лидердин болушу саясий туруктуулукка алып келбет. Ошондуктан кимиси лидер боло тургандыгын алар чечип алышы керек. Эгерде бул маселе чечилбесе, мындай партия туруктуу боло албайт. Ушул классикалык нерселер партиянын туруктуулугуна көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Эки лидер биригип бир партияны алып кете албайт. Маселен, бүгүн эки партиянын съездинде Жылдызкан Жолдошова болгон жок. Бул эмнеден кабар берет? Бул "Ата-Журт" партиясынын "Республика" менен биригүүсү боюнча анын бардык мүчөлөрү бирдей пикирде эмес экендигинен кабар берип турат. Чындыгыда булардын оң жагынан дагы терс жактары көп болуп жатат. Ошондуктан бүгүн алар ким лидер боло тургандыгын аныктап алышы керек болчу. Эки лидер болгондо ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып жатып, тирешүү күчөп, акыры келип бир күнү жарылат.

- Мындай биригүүлөр башка патриялардын ортосунда дагы болушу мүмкнүбү?

- Албетте, бүгүнкү биригүү башка партияларга дагы түрткү болот. Жаңы жылга чейин, жаңы жылдан кийин дагы бул процесс күч алат. Анткени шайлоодо жалгыз партия жеңип чыкпай тургандыгын саясатчылар жакшы түшүнөт. Андыктан көпчүлүк майда партиялар КСДП, "Ата Мекен" сыяктуу таанымал партияларга кирүүгө аракет кылат. Анткени булар учурда парламентте отурушат. Алардын аброю өсүп, элге таанымал болуп калган. Бирок башка партиялар дагы эки лидерлик жол менен бириксе, туруктуу боло алышпайт. Бир партияда бир гана лидер болушу керек.

Ошол эле "Ата-Мекен" менен КСДП партиялары биригиши мүмкүнбү?

- Бул партиялар эч кимге кошулбайт жана бири-бири менен дагы бирикпейт. Тескерисинче буларга кошулушу мүмкүн. Анткени "Ата Мекен" партиясынын түптөлгөнүнө 20 жылдан ашык убакыт болду. Алардын тамыры кеңири тараган. Ал эми КСДП болсо президенттин партиясы. Ал деле күчтүү партиялардын бири. Андыктан эки партия эч качан бирикпейт.

- Партиялык системага көз карашыңыз кандай?

- Шайлоого партиялык жол менен келүү өтө начар система. Бирок мындан жакшы жолду адамзат таба элек. Бардык өнүккөн мамлекеттер ушундай эле система менен иштеп жатышат. Башка ыкма жок.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Talant86   21 Октябрь 2014 - 10:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 466
  • Катталган: 25 Январь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 16:26
  • Жынысы:Эркек

Менин оюмча кезектеги саясий оюн. Чындыгында бул эки партия тен 2010ж парламенттик шайлоодо берген убадаларын аткарган жок андыктан кезектеги шайлоодо парламентке башка жол мн келуунун планы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aikow92   21 Октябрь 2014 - 11:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Бул боюнча интернетте турдуу пикирлер айтылып жатат.
1). Бул эки партия эмес, эки башы жоктун, алдамчылардын, элдин акын жегендердин, паракорлордун биригиши. Уялбай кыскартып "РАЖ" - деп коюптур. Өмурбек болсо биз жөн эле “кочкор” эмеспиз" -дептир. Туура айтасың силер кочкор эмессиңер. РАЖ деген сөзду "ЖАР"- деп тушунсө болот. Камчы сен шымыңды айрытканың эсиңден чыгып калса, аны эл унута элек. Чөнтөк телефондорунда жазып алып кээде көрүп алып каткырып күлүшөт. Өмүрбек сенин Туркиядан парага алган аттарңды эмне кылдың, Экөң шайлоого барбай эле, элдин башын оорутпай эле жүргүлөчү !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aikow92   21 Октябрь 2014 - 11:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Дагы:
1) биригип кыргызстанды тунгуйуктан алып чыккылачы качанга чейин ит жинибиз бирикпей журо беребиз аракетинерге рахмат ишинер ийгиликтуу болсун.
2)
Чынгызхан президенттин малайына айланыптырго. Ха Ха Ха.
3) Контрабандист менен бийиктикке секируучу спортсмен бириктиби?
4) Ресторандын официанттарына окшоп калышыптырго! ХАХАХА. Ата мекен менен Ар намысчылар бириксе кимге кимге окшоп калышат ыя?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aikow92   21 Октябрь 2014 - 11:38

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Акын:
Бабанов кол берип Ташиевге,
Биригишип камыр-жумур болушту,
Азыртадан портфелдерди бөлүшүп,
Беш-бармакка сугуншуп тоюшту.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 21 Октябрь 2014 - 11:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aikow92   21 Октябрь 2014 - 11:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Өмүрбек Бабановдун короосуна таластык жердеши Равшан Жээнбеков таш ыргытты. Көптөн бери көрүнбөй кетип, саясат талаасында кайрадан пайда болгон Өмүкең Кыргызстанда өкмөт дагы, парламент дагы иштебей, жалгыз эле пре­зидент иштеп жатканын айткан. Жердешинин жетине албай айт­кан бул кебине Равшан Жээнбековдун жини келип, “конформист болчу, конформист бойдон калыптыр” -деди. Мунусу жалпак тил менен түшүндүргөндө “өз позициясы жок, күн тийген жердин күкүгү болчу, ошол эле бойдон калыптыр” - дегенди билдирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Daud   21 Октябрь 2014 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Talant86 (21 Октябрь 2014 - 10:05) жазган:

Менин оюмча кезектеги саясий оюн. Чындыгында бул эки партия тен 2010ж парламенттик шайлоодо берген убадаларын аткарган жок андыктан кезектеги шайлоодо парламентке башка жол мн келуунун планы.


Эптеп добуш чогултуунун айласы да. Болбосо 3 жыл мурда болгон теледебатта Ташиев менен Бабанов бири-бирин жакшы эле чукушкан эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 15:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Daud (21 Октябрь 2014 - 11:41) жазган:

Эптеп добуш чогултуунун айласы да. Болбосо 3 жыл мурда болгон теледебатта Ташиев менен Бабанов бири-бирин жакшы эле чукушкан эле.


Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун 2010-жылы теледеги кайым айтышуусу.

"Ата- Журттун" лидери Ташиев менен "Республиканын" лидери Бабанов 2010-жылдын 29-сентябрында Коомдук биринчи канал аркылуу бири-бирин сындашкан эле.

Дебаттын жүрүшүндө эки лидердин кайнаса каны кошулбай тургандай таасир калтырган. Бирок арадан 4 жыл өткөндө эки партия бир партияга биригип, 2014-жылдын 20-октябрында "Республика Ата-Журт" деген жаңы партия түзүштү.
Мындай 4 жыл мурдагы дебаттын жүрүшүнө көз салып, ким кимди эмнеге айыптаганын көрүңүздөр.

Ташиев: - Сен мына Максим Бакиев келгенде кетип калгам деп атасың, бирок сен Максим Бакиев менен чогуу эле бизнес кылып жүрбөдүң беле. Эмне болду?

Бабанов: - Эми... Эми урматтуу Камчыбек, Максим Бакиев менен чогуу кылган бизнести сен өзүң жакшы билет болушуң керек. Өзүң кандай кылгансың бизнести. Мен болсо 2006-жылы Бакиевге каршы чыгып туруп, аянтта кыйкырып, конституцияны кабыл алганда конституция өзгөрүп, ошол себептен Бакиев бийликтен кетти. 2006-жылдан баштап менин компанияларымдын башы соттон чыккан жок. Анан мен кантип Максим Бакиев менен иш калым.

Ташиев: - Кайдага соттон башым чыккан жок деп айтып атасың. Максим Бакиевдин эле офисинде жүрбөдүң беле. Же жалганбы?

Бабанов: - Максим Бакиевдин офисинде жүргөнүмдү сен көрсөң ошону айтпайсыңбы.

Ташиев: - Айттым го.

Бабанов: - Мен эч качан Максим Бакиевдин офисинде жүргөн эмесмин.

Ташиев: - Сен биринчи вице-премьер- министр болуп иштеп турганда бул бийлик жакшы болбой атат деп мага айткансың. Бул темада сен экөөбүз сүйлөшкөнбүз.

Бабанов: - Камчыбек, биз экөөбүз Ошко учуп баратканда айтканмын "ээ, булардын иши болбой калды" дегенде сен мени колдогонсуң. Анан кучакташып алып Максим Бакиевдин тоюна бардыңар...

Ташиев: - Өмүрбек досум дагы бир суроо. Айтып атпайсыңбы, өтө кыска мөөнөттө иштедим деп. Туура кыска мөөнөт иштедиң. Жаман иштеген жоксуң, жакшы эле иштедиң. Эч кандай притензия жок. Бирок кечээ Алай районунун Нура айылында болгон жолугушууда айылдын элдери мага суроо берди, "- Курган үйүңөрдүн сырты урай баштады. Ошого келип жардам бербейсиңерби? " - дешти. Мен билем, ошол үйлөрдү тандоо компаниянын төрагасы сен болдуң эле. Азыр ошол үйлөр урай баштаптыр. Эмне кылабыз?

Бабанов: - Эми биринчиден, урматтуу Камчыбек досум Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда ошол үйлөрдү сен кургансың.

Ташиев: - Эми мындай, сен өтө кыска убакыт иштегендиктен ким курганын дагы билбейт экенсиң. ӨКМ эч качан үй курган эмес. Биз ал жакта жол курдук, электр зымдарын тарттык, спорт зал курдук, баня курдук. Бирок бир да үйдү курганыбыз жок.

Бабанов: - Ал үйлөрдү ӨКМ курган.

Ташиев: - Эмнеге антип айтып жатасың? Эмнеге эки жүздүүлөнүп атасың. Чынында мен үйгө колум менен да тийген эмесмин. ӨКМда 7 миңден ашык киши иштейт. ӨКМ ал жакта бир дагы үйдү курган эмес. Мына сенин компанияң курган ошол үйлөрдү.

Бабанов: - Камчыбек досум биринчи чындыкка келсек бул жерде тендер болгон. Ал мен биринчи вице-премьер боло элекке чейин болгон иш...


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 21 Октябрь 2014 - 15:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 15:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жолдошова: Мени "Ата Журттан" кетирүүгө Ташиевге саясий күчтөр буйрутма берген.

"Саясий күчтөр Жылдызкан Жолдошованы лидерликтен жана "Ата Журт" партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарсаң сенин соттолгондугуңду жоёбуз деген убада беришкен." "Камчыбек Ташиевдин айтуусу боюнча кайсыл бир саясий күчтөр Жылдызкан Жолдошованы лидерликтен жана "Ата Журт" партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарсаң сенин соттолгондугуңду жоёбуз деген убада беришиптир. " Мындай пикирин бүгүн, 21-октябрда " Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова билдирди. Анын айтымында, кечээ "Ата-Журт" жана "Республика" партияларынын съездине Камчыбек Ташиев Жолдошованы чакырган эмес. "Ташиевге саясий күчтөр буйрук бергендиктен ал киши ушундай кадамга барды. Мен ага таарынбайм. "Ата-Журт" партиясы "Республика" менен бириксе, мен Ташиев менен Бабановго ийгилик гана каалайм. Алар кандай кырдаал болбосун бири-бирин сатпагандай, бири-бирине чыккынчылык кылбагыдай болуп саясат алып барышса деген гана тилегим бар," - деди ал. Ошондой эле Жолдошова Ташиевдин жогорудагыдай сунушун кабыл албагандыгын билдирди. "Мен ал сунушту кабыл алган жокмун. Ташиев буйрук берген адамдын буйрутмасын аткарып жатат. Ал эми фракциянын лидерин алмаштыруу маселесин фракциянын мүчөлөрү гана чечет. Алар кандай чечим кабыл алышса, мен ошого баш ийем. Ошондуктан фракция кандай чечим кабыл алса, мен ал менен макулмун," - деди депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-октябрда Бишкекте "Республика" менен "Ата-Журт" партияларынын съезди өтүп, эки партиянын бириккени съезде расмий түрдө жарыяланган. Алар бириккен жаңы партияны Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшүп, аны "Республика Ата-Журт" деп аташкан. Ошондой эле Өмүрбек Бабановду жана Камчыбек Ташиевди бирдей укук менен тең төрага кылуу чечими кабыл алынган. Жыйынга "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү жана фракция лидери Жылдызкан Жолдошова келген эмес.


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 21 Октябрь 2014 - 16:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   vankuver.   21 Октябрь 2014 - 16:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Экоо тен бир кор.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Asan-aka   21 Октябрь 2014 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 548
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.

Азырынча бир нерсе деп айтыш да кыйын убакыт коргозоор кир шакал ким пакал экенин
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР







А.ОСМОНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 19:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 21 Октябрь 2014 - 19:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   alibekova94   21 Октябрь 2014 - 19:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Саясат жонундо уккум деле калды пайдасы жок ...

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Aidyn   22 Октябрь 2014 - 11:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

красавчики. Лично мен колдойм. КР ушундай патриот жигиттер кк
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Кайрат   22 Октябрь 2014 - 11:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 139
  • Катталган: 03 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 14 Фев 2022 03:45
  • Жынысы:Эркек

"Саясат бул коколой баштын кызыкчылыгы учун коомдук иш менен алектенуу" деп бироо айткандай бул эки кайбар тен 2010-жылкы парламенттик шайлоонун алдында бири "ош коогаланынын арты менен келесе, бири кызылдай акчанын арты менен келген чайкоочу немелер. Антип шайланып келгендин арты кандай болгонун парламеттеги фракциялары корсотту! Мына келгендерине 5 жыл болду бийликте да турушту бир нерсе озгордубу жок! Экоо тен (айрыкча бабанов) оз комочторуно кул тарткандан башка эч нерсе кылган жок. Мага десе мин жолу бириксин бирок булар эртен парламентке шайланып келсе абалдары бугункудон да чачырап мындан да жаман болот. Бул биригуу эптеп парламетке шайланып келип алуу, депутат болуп беш жыл отурса андан кийин дагы бир кудайдын айтканы болоор деген гана умут менен болгон биригуу. Жеке мен бул биригууну кыргыз эли учун кыпындай пайдасы жок биригуу деп ойлойм.
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   22 Октябрь 2014 - 15:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Ташиевтин курчтугу, Бабановтун акылы балким ишке жарап калаар?!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aikow92   22 Октябрь 2014 - 17:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Просмотр сообщения Nurmuxammet (22 Октябрь 2014 - 15:16) жазган:

Ташиевтин курчтугу, Бабановтун акылы балким ишке жарап калаар?!...


Балким... Бирок Кыргызстандын саясаты божомолдоп ар бир саясатчяга мумкунчулук шанс бере турган абалда эмес экен азыркы саясий элита тушунсо жакшы болмок. кайра кайра бир анга тушкон жагымсыз го кыргыз эли учун. айла жок биригищшти эми коро жатарбыз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   timan.86   22 Октябрь 2014 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 731
  • Катталган: 31 Май 14
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2020 14:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Озгон районунан 8кл алыстыкта

Булар Шайлоо жакындаганда гана биригишип шайлодон отуп кетишсе кайра ажырашып эле эрди катындан айырмасы жок болуп калдыго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 17:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: