Суперстан: Махабатымдын автобусу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Махабатымдын автобусу

#21 Пользователь офлайн   Aika96   23 Декабрь 2014 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 446
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 18:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Азыр Москва

Чыныгы суйуу экен, кызга боорум ооруп кетти кышында жайкы туфли менен жургон.:cray: :cray: :cray:


Суйуу сонун суйуу кызык баарынан,
Ашыгымдын чыккым келбейт жанынан.
Бир мунотум бир кылымдай сезилип,
Корбой калсам куса болуп сагынам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   sekelek96   23 Декабрь 2014 - 17:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 20:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-Кол

Анааааааан.. ..
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   kara_kulzha   23 Декабрь 2014 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кышында кандай кыз жайкы туфли менен жүрдү экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Supataev.Salamat   24 Декабрь 2014 - 06:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2017 20:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:якутск

... 2011-жыл. Актай баракка жазылган арызымды окуган райондун акими Рысбай Сарыбаев агай мени суроолу карады да:
- Бул эмне кылганың? Кайда кетип атасың? Эмне болду? Жакшылап ойлондуңбу? - деди. Мен жөн гана күлүмсүрөп:
-Ооба агай. Буюрган жумуш тургандыр. Сизге чоң рахмат!,- дедим да кабинетинен чыгып кеттим. Бир саат өтпөй акимчиликте аппарат жыйыны болуп аппарат жетекчиси ордумду Салтанат Чоргоевага өткөрүп бердим да буюмдарымды жыйнап алып бир жарым жыл иштеген акимчиликтен чыгып кеттим. Менин күтүүсүз чечимиме достор да, душмандар да ишенип-ишене алышпай суроолуу карап кала беришти. Менин ошол кездеги тоо көтөрө алгыс кубанычымды, мен үчүн кандай гана кызмат же мансап эң жакын адамымдын бактысынан жогору турарын билишкен жок... Анткени мени алты жыл издетип жүрүп тапкан Арайым казак жергесинде күтүп жаткан эле... Толук бир айдан кийин 15- март күнү баш коштук...

2010- жылдын ызгаардуу кышынын муздак күндөрү эле. Бакиевдин доораны сүрүп турган учур. Ал кезде оппозицияны колдогон активисттердин бири болгондуктан туруктуу иштеген ишим жок же үй-бүлөдөн жок көптүн бири болуп жүргөн кезим. Үйдөгүлөр күндө "Качан үйлөнөсүң? Тигинин баласы биринчи класска бармак болду?",- деген көнүмүш сөздөрүн күндө айтышат. Сексен үч жашка чыккан алтын атакемдин карылыкка алдырып баратканын көрүп зээним кейийт. Ата-апамды кубантып бирөө менен сүйлөшүп үйгө алып келсемби дейм? Бирок антип өзүмдү-өзүм алдасам зыяндан башка пайдасы жок экенин жакшы түшүнөм. Сураган адамдарга: "Ушул күздө үйлөнөм" деп жүрүп алты ирет күз алмашты... Атам да кудай берген, союздун атеисттик доорунда да коркпой намазын окуп, орозосун кармап келген касиеттүү адам болчу. Негедир менин сырымды билгендей: "Казактан ал кызды. Казактар менен куда бололу",- деп калат. Кайда барбайын ак пальточон Арайымды издеп жүргөн кезим. Бирок аны турмушка чыгып 2-3 баланын энеси болуп калды деп үмүтүмдү үзөм... Бирок жүрөк кургур бир нерсени сезгендей куса болом. Аны эч кимге ыраа көрбөйм. Өзүмө батпай канча уйкусуз түндөр өттү? Эмне үчүн фамилиясын сурабадым? Эмне үчүн айылын сурабадым? Эмне үчүн окуган окуу жайынын атын сурабадым? Болгону үшүп-тоңуп атып эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүз да эсимде жок... Ошол бороондуу күндөгү анын шыбыраган добушун, мени жалооруп карап, кыйналып үшүп атса да мээримин төгүп сүйлөгөн ар бир сөзүн эстегенге тырышам... Канчалык аракет кылсам да бороонду күнү бурганактаган кардын арасында жалгыз калгандай элестеримден адашып кетем... Көрсө өзүм да үшүккө алдырып тоңуп турган учурумда мен анын сулуу көздөрүнө арбалып махабатка мас болгонумду түшүндүм... Ал кезде анын сөздөрү эмес апакай жүзү, ак пальтосу, карагаттай төгүлгөн чачтары менен апакай туфлиси эсимде калыптыр... Ал үчүн канча ирет азаптанып ооруганымды да унутуп, анын аманчылыгын тилейм. Социалдык тармактардан анын атын жазып канча издедим? Жок... Анын сүрөтү да жок эле... Болгону анын элеси менин жүрөгүмдө сакталган эле. Бирок Жаратканым мага өмүр бою эсимден кеткис белек даярдап койгонун сезген эмес экенмин...
Ал кезде Бишкекте агамдын үйүндө жашачумун. Бирок базарга барып соода кылганды жаман көргөндүктөн, мени базарга жумшаган адамдарды жинимдей көрчүмүн. Өзгөчө авто унаанын тетиктерин айтып ала келчи дегендерин уккум келчү эмес. Менин ал сырымды билген туугандарым базарга жумшачу эмес эле...Аптанын ишемби күнү болгондуктан агам үй-бүлөсү менен Дордойго барабыз деп бүлүнүп калды. Мурда базардан качкан жаным негедир баргым келип машинесине кошо түшүп алдым. Тагдырды карабайсызбы, Дордойго жетип башкы катар менен келе жатсак бир балпайган аял чоооң сумкаларын көтөрө албай майышып кетип баратыптыр. Боргулданып тердеген, чарчаган кебетесин көрсөңөр бооруң ооруйт. Андайда карап турбаган жаным тиги эжеге барып жардам берейин десем, аябай кубанып: "Рахмет қарағым" деди... Ооо, казак тилин укканда көкүрөктөгү казак булбул сайрап чыкчу да, мен да казакча төгүп кирдим. Ал эже менен сүйрөшүп, чиркешип отуруп мен да кара-терге түшүп чек арага кетчү маршруткаларга жеттик. Эже кебетесин оңдоп, жолугун оңдонуп калды... Негедир жүрөгүм болкулдап кетти. Жакшылап карасам Арайымдын көзү... Кудайым аааай деп жан дүйнөм тыбырчылап кетти. Мен аны тиктеп калганымдан уялып кеттиби:
-Жайчылыкпы? - деди күлүп. Бирөө башка чапкандай эсиме келдим да уялып ары-бери өткөндөрдү карап калдым. Тигил эже эсин жыйып алгандан кийин эне эмеспи, рахматын айтып ал-жайды сурап кирди. Анан өзүнүн таржымалын айтып баштаганда аз жерден жүрөгүм жарылайын деди го чиркин... Кзылордадан келдим атайын деди. Дордойго кудалыкка кийит алганы келиптир... Кичүү кызы турмушка чыгыптыр. Мен чыдамым кетип канча баласы бар экенин, кайсы айыл экенин сурадым... Ал эже жооп бергичекти болбой сүйлөшүп койгон такси чалып кайра шашып калды. Бирок мен эженин номерин алып калганга жетиштим... Ошентип эженин жүгүн таксиге салышып узаттым. Ал кетип баратып бетимден өөп батасын бергенде ушундай жакын адамымдай кубандым... Мындай окшош көздөрдүн болушу мүмкүн эмес эле. Болбосо адам махабат менен ооруганда бардык көздөрдөн сүйүүңдү издеп каласыңбы деп өзүмө суроо берем? Ал эженин мээримдүү бакырайган көздөрү мени кайра Арайымды эстетип азапка салды да кетти... Мен көпкө чыдап тура алмак эмесмин. Арадан бир апта өткөндөн кийин эжеге чалдым. Тойду жакшы өткөрүп алдыңарбы деген шылтоо таптым. Негедир ушул эже аркылуу Арайымды тапчудай болуп дээлигип турган элем... Менин чалган чакырыгыма эже бат эле жооп берди. Телефондун ар жагынан жетине албай той мыкты болгонун айтып келип "Атың ким эле карагым?" , - деди. "Асейин" дедим. Ааа "Әсейін" экен да деп казакча кайталады. Менин атым угулганда ары жактан бирөө кайталап сурагансыды. Ага да атымды кайталап айтып берди. Ошентип экөөбүз көңүлдүү коштоштук. Бирок мен баары бир батынып канча уулу-кызы бар экенин сурай албадым. Кийинки ирет дедим... Ошол күндөн баштап тынч ала албай калдым такыр... Анан жашоомдо чукул өзгөрүүлөр болду. Өлкөдө митингдер, райондо оппозициянын уюштуруу иштери, анан 7-апрель... Анан күтпөгөн жерден 21-апрелде алтын атакем бир күн комада жатып каза болду... ((( Канча жылдан бери тилек кылып келген менин келинчегимди көрбөй, колунан даам сызбай, менин балдарымды моокуму кана жыттап эркелетип сакалы менен ойноткон күндү көрбөй сыздатып, кайгыма-кайгы кошуп кете берди... Атакемдин өлүмү бир капталымды эңшерип кетти... Анан Конституциялык Қеңешмеде өлкөнүн Баш мыйзамын иштедик. Анан Ош окуясы, Референдум. ... Мамлекеттик кызмат. Ошентип бошобой отуруп мен Арайды унуттум... Тиги эжеге бир эки сапар чалсам телефону өчүк. Ошол бойдон байланыш үзүлдү... Атам каза болгондон кийин дүркүрөгөн той берип үйлөнүүнү да туура көрбөй, баарына Арай күнөөлүүдөй аны жектеп жүрдүм. Эгер ал болбогондо мен эчак үйлөнүп атакем убайымды көрүп калмак деп...
Эсимде 17- август болчу. Алтын апакемдин төркүндөрүндө Тамчы айылындагы таякелердикинде эс алып жүргөнбүз. Көлгө түшүп жүрсөм жээним: "Таяке звонок келдии",-деп жээкти жаңырта кыйкырды. Мен шашып барсам белгисиз Казахстандын номери түшүп калыптыр. Кайра чалсам баягы Кзылордалык эже экен. Ал жай сурашып, атам каза болгонун айтсам аябай кейип-кепчиди. Үчүнчү кызым ооруп Алматыга келген элек. Больницага жаттык деди... Мен маани деле бербедим. Анан коштошуп атып: "Әсейін сен Алматыда окуган эмес белең?",- деди. " Ооба эжеке. Айттым эле го биринчи сумкаңарды сүйрөшкөндө" ,- дедим жактыра бербей."Аа кызым сурап аткан",- деди. "Макул эжеке жакшы болуп кеткиле", - дедим да телефонду бастым. Ал бир нерсе деп айтып калганын укпадым. Сөзүнүн аягына чыкпады... Ошол менен күндөр өтө берди. Жай бүтүп күз келди. Тиги эжени акыркы жолкусунда капа кылып алганымды сезип, улам чалам деп коюп убакыт өтө берди. Арайды атакем каза болгондон кийин ойлобой деле калгам... Ошол жылы ноябрь айында баягы Кзылордалык досум уулду болуп тоюна чакырып калды. Ал Кзылорда шаарына көчүп келип иштеп аткан эле. Жумушумдан суранып досумду көздөй жөнөдүм. Негедир ошондо Кордайдан көктө шаңдуу желбиреп турган көк тууну көргөндө бир башкача болдум. Бир чети каным ойгонуп, экинчиси казак жеринде калган махабатым эске түшүп айтор Кзылордага чейин миң түркүн ойго батып бардым... Бирде атакемди, бирде үйдө батасын берип калган апакемди, бирде жетпей калган махабатым Арайымды ойлойм... Ошентип той да бүтүп, бир-эки күн досумдукунда конок болуп калып калдым. Баягы автобекетке да бардым... Канчалык өзүмдү карманайын десем да болбой атама өкүнгөнгөбү же кичинекей кезде эки элге алмашкан тагдырымабы же махабатымабы айтор сүйүүмдүн жарчысы болгон автобекеттин баягы терезесинде автобустарды карап ыйлап кирдим... Канчалык элден жашырсам да болбой улам көзүмдөн жаш куюлуп ичимдеги болгон арманым көз жашка айланып сызылып агып турду.. Чоң эле жигиттин ыйлаганы кызыктай көрүнсө керек да бирок мен токтоно албай көпкө турдум... Айланамдагы элдер таңыркап караган боюнча кетип жаткан сөлөкөттөрүн айнектен көрүп жаттым. Ошол менен үйгө кайтып досумдукуна баратып эжени эстеп телефон номерин тердим. Чек арадан Казахстандык оператордун симкасын алгандыктан эже биринчи тааныбай, кайра тааныган кезде жетине албай барбалактап ал-жайымды сурады. Кзылордага келгенимди угуп таза жетине албай калды. Мындайда кыргыз-казактын кандан бүткөн меймандостугу ойноп турат эмеспи конокко келип кет атакеңе да куран окутуп коелу деди. Бир көтөргөн баштыкты милдет кылып төрүнө басып отургум келбесе да атакемди укканда барайын деп чечтим. Алар айылында экен. Эртеси досум экөөбүз конокко жөнөдүк. Бир кезде бороон калтыраткан, махабатымдын автобусунун изи калган кара жол менен кетип бараттык. Алты жылдан бери ал жак таанылгыс болуп өзгөрүптүр. Тиги эже үйүбүз досумдукунан алты айылдан кийин дегенинен үмүтүмдү үзгөн элем. Арайым болсо төрт айылдан кийин түшөм деген эле... Жолдон досумдун апасынын бейитине куран түшүрдүк да тиги эженикин көздөй жөнөдүк. Өзгөчө төртүнчү айылдан өтүп баратканда Арайды эстеп айылын улам карап үнсүз өттүм... Бирок мени алдыда катуу кубаныч күтүп турганын сезбептирмин. ..
Эже айткан дарек менен келсек биз ойлогондон башка экен. Зыңгырап салынган эки кабат тамда болгон туугандары чогулуп күтүп алышты. Уялганымды айтпаңыз. Эже жетине албай мени ар кимге мактайт десеңиз. Көрсө кичинекей эле жакшылык, адамдын жан дүйнөсүнүн ажарын ачат окшобойбу... Бизге атап кой союп өздөрүнчө убара. Берекеси төгүлгөн дасторкондо отуруп өзүнчө бир сезимдердин кучагына чырмалдым. Бир уялып, бир кубанып айтор ошол күндөгү сезимдерди айтып бере албасмын... Бир кезде төрдө отурган аксакал киши домбра чертип ырдап берип анан ата-тегибизди сурап, өздөрүн айтып кирди.. Көрсө эженин күйөөсү жаш кезинде эле өтүп кеткен экен. Жалгыз төрт кыз бир уулду өстүрүптүр. Анан эле аксакал эээ ушундай бир чырагыбыз майып болуп калды деди. Анан кышында автобуста калып деп баштаганда эле мен: "Арайбы атаке" дедим? "Иә иә Арайлым", - деген жооптуу укканда кандай кубанганымды азыр сөз менен айтып бере албасмын. Сөздүн күчү жетпес ал сезимдерге! !! Ичимден Аллахыма миң ирет жалбарып жатат... Айтор элдер кызыбызды куткарган жигит деп өөп атышат, ыйлап жүргөндөрү бар... Тиги эже болсо балам эле балам дейт!!! Менин ак пальточон ханышам экинчи кабатта экен... Ал да, мен да ыйлап алганбыз... (( Баягы жоодураган көздөр... Мээримдүү көздөрүм.... Анын сандан ылдый буттары жок болсо дагы мен үчүн алты жыл мурдагы вокзалга ак пальточон суйкайып кирип келген Арай, автобуска кечигип кирип элдин жемесине мени жек көргөн көздөрумө кабылып ындыны өчсө да назик жылмайган Арай, менин тонумду жамынып мага ыраазы болуп башын төшүмө койгон Арайым турган эле... Менин алтын Арайым... Мен жаштык кылып анын буттарын үшүктөн сактап кала албаганыма сыздап турдум ичимден... Өзүмдүн бутумду чечип берип же бутун ороп аракет кылганда эмне деп өкүнүп турдум... Мен ошол борооду күнү аны менен коштошуп кетип баратып гана буттарын байкагам да... ((( Ошол менен Арайымдан ажыраган жокмун. Азыр кудайга шүгүр Алия деген принцессабыз бар!!! Жакында дагы бир баатыр келет буюрса!! ! Арайым үчүн көп нерсени курмандык кылдым. Бирок мен үчүн ал нерселер түккө татыбайт! !! Мен үчүн алтын апакемдин мээрими менен Арайымдын сүйүүсү баарынан артык турат!!! Ошол Дордойдогу эжем азыр менин балпайган экинчи апакем!! ! АРАЙЫМ туура эле төрт айылдан кийин деп айткан экен. Алты жыл ичинде дагы эки айыл түшкөн экен ортосуна... Мен бактылуумун азыр!!! Карачы Аллахымдын тагдырын, сыноосун жана белегин... Рахмат сага Аллахым! Рахмат сага бороонду күн! Рахмат сага махабатымдын автобусу! !!! PS facebook.com
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Ulutum_Kyrgyz   24 Декабрь 2014 - 07:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 15 Август 12
  • Соңку аракети: 04 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где моя Звезда.

Жакшы окуя экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Ulutum_Kyrgyz: 24 Декабрь 2014 - 07:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   admin_superstan   24 Декабрь 2014 - 09:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Махабатымдын Автобусу уландысы" темасы менен бириктирилди.
Supataev.Salamat , ушул эле темада улантыңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   edu.kg   24 Декабрь 2014 - 18:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Жакшы чыгарма экен ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   mani   24 Декабрь 2014 - 19:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 09 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2016 02:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош Узген

да сонун чыгарма экен. Окууп олтуруп кызга боорум оруп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   bossmos7   24 Декабрь 2014 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Шумдук окуя! Ушундай кутуу, узаак убакыттагы жолугушуу. Тагдырдын буйругу !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   happy02   24 Декабрь 2014 - 21:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Коздон жаш тегеретет го. Дуйнодо туруктуу, таза, аруу махаббат болот экен да э...
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   tagokg   26 Декабрь 2014 - 23:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 161
  • Катталган: 12 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Сен 2024 13:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сөздөрдүн тизилгенин кара, бали. Бактылуу болушсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Karahanid   29 Декабрь 2014 - 19:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 14 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 12:44

Baktyluuluk kaalaim.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   kg.sity93   03 Январь 2015 - 22:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 15 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 10:15

Кандай сонун э аягы ушундай бактылуу болуп бутсо.ак суйуу бар экени мына ушул окуя далилдейт экен...небере чоборо кыбыра коргуло.бактылуу болунуздар. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   damirbek.seiil   03 Январь 2015 - 22:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 18 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 06 Окт 2015 11:54

Бактылу болгула балдарынар коп болсун чынында ыйлап жибердим ушундай узак убакыт куту кутулбогон жолугушу карагылачы жашоонун кызыгын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Likvidator   06 Июнь 2015 - 21:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ушул окуядагы Арайдын бул дуйно менен кош айтышканын угуп канырыгым тутоп кайгырып отурам. Бакыт кушу коз ирмемге гана конот тура башыбызга. Анан ошол кунду бактылуу кун катары омур бою эскерип, эстеп журуп омурубуз отот тура адамзат. Асейинге конул айтам. Арайдын жаткан жери жайлуу болсун!Сүрөт
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   raia   07 Июнь 2015 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Тобо,ушунчалык суйунуч менен окуп аяктап келе атып,жаман кабарга ишенип,ишене албай турам.Экоонун суйуусуно окуган элдин козу тийдиби? Бирок окуугандын баары эле кубануу менен жакшы тилектерин каалап келишти эле го.Атин арман чын суйушкондор жетпейт,жетсе да узакка жашабайт дегендери чын бекен...
Арайдын жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун.жургон жери бейиш болсун.
Аркасында калган чурполору аман болсун.Асейинге сабыр берсин аллахым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   DaRhaN.   07 Июнь 2015 - 09:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Арайдын олгонун каяктан окуп жатастар,биакада илиниздерчи, сураныч!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   happy02   07 Июнь 2015 - 09:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Эхх арман дуйно ай. Ишенгим келбей турат... Жалган болуп калса экен. ((((((
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Likvidator   07 Июнь 2015 - 10:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения DaRhaN. (07 Июнь 2015 - 09:49) жазган:

Арайдын олгонун каяктан окуп жатастар,биакада илиниздерчи, сураныч!


Фейсбуктан окуп калдым. Асейин ал жака да жазган экен бул окуяны. Ошол темада конул айтуулар болуп жатат.Сүрөт
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   happy02   07 Июнь 2015 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Likvidator (07 Июнь 2015 - 10:51) жазган:

Фейсбуктан окуп калдым. Асейин ал жака да жазган экен бул окуяны. Ошол темада конул айтуулар болуп жатат.Сүрөт

Ссылкасын же адресин айта аласызбы?
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 01:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: