Суперстан: Дүйнө мындан ары эмне болот? Глобалдуу проблемалар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Дүйнө мындан ары эмне болот? Глобалдуу проблемалар. Дуйнодогу оорчундуу маселелер.

#1 Пользователь офлайн   vankuver1   01 Январь 2015 - 18:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 531
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 15:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Коопсуздук
.
Узаган жылда дүйнөдө уруштар көбөйдү

_________________________

Эксперттер бир жыл мурун дүйнө жүзү азыркыдан кыйла тынчыраак болгонун айтышат. 2014-жылы адамзат деги 21-кылымда бейпилдик жана өнүгүү жолуна түшөбү, же согуштар менен жакырлыктын сазына батабы деген суроо курчуду.
2014-жылы малайзиялык бир эмес үч учак кыйраганы, Нигерияда 200дөй өспүрүм кыз жихадчыл согушкерлердин тузагына илингени, кандуу эрегиш тутанган палестин-израил чатагы, Ирак менен Сирияга бүлгүн салган “Ислам мамлекети” кыймылынын куралдуу чабуулу, Европадагы бейпилдикти бузган украин жаңжалы, Батыш Африканы каптаган Эбола вирусунан улам дүйнө мурдагыдан кооптуурак аймакка айланып бараткандай таасир калтырды. Дүйнө лидерлери, Улуттар уюму баш болгон эл аралык мекемелердин азырынча бул чыр-чатактарды токтотууга кудурети жетпеди. Анда эл аралык коомчулукту кабатыр кылган негизги очокторго токтоло кетсек.

___________________________
Украина
.
Саясий серепчилер экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыяпат деп атаган Украина кризиси март айында тутанды. Орусия ушул айда Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап, же өзүнө каратып алып, эки айдан кийин Донецк менен Луганскта орусиячыл жикчилер эки чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жарыялашты.
.
Ошентип, Украинада эрте жазда башталган куралдуу кагылыштарда азыркыга дейре набыт болгон адамдардын саны 3 жарым миңден ашты, буга украин асманында атып түшүрүлгөн малайзиялык учактагы 298 киши кошулган жок. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча куралдуу эрегиш уланып жаткан Донецк жана Луганск облустарында 147 окуу жай сентябрдан бери жабык турат, анын айынан 50 миңдей баланын окуусу үзгүлтүккө учурады. Улуттар уюму украин согушунун айынан 1 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгонун, алардын жарымынан көбүрөөгү Украинанын тургундары экенин билдирет.
.
НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украинанын чыгыш тарабына миңдей аскерин, согуштук техника, курал-жарак жөнөттү деп айыптап, Москвага каршы катаал экономикалык санкцияларды киргизишти. Украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер элдешүү тууралуу келишимге кол коюшкан, ал азырынча так аткарылбай, ар кайсы жерлерде ок атышуу уланууда.
Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск азырынча Орусия-Украина эрегиши жакын арада мындай же тигиндей чечилет деп айтуу ашепкелик кылаарын белгиледи: “Украинанын келечеги тууралуу сөз кылганда, биздин келечек, Европанын келечеги жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз. Азырынча оптимист болууга шарт жок, реалист болгон оң го. Украинанын тегерегиндеги оюндар узакка созулаарын моюнга алып, ошого жараша иш кылышыбыз керек”.
.
Орусия Батыш өлкөлөрүнүн катаал санкциялары, мунайдын баасынын арзандап кетишинен улам экономикалык каатчылыкка кабылып турган кези. Орус рублинин наркы улам төмөндөп отуруп, европалык тамак-аш, товарларга киргизилген эмбарго кошул-ташыл болуп, жалпы товарлардын баасы 2015-жылы эксперттердин эсебинде 40% чейин кымбаттаары күтүлүүдө. Жалпы экономикалык рецессия, же төмөндөө канчалык деңгээлге жетээрин так айтуу кыйын дешет адистер. Владимир Путин өзү соңку пресс-конференциясында жашоо-турмуш эки жылдан кийин оңоло баштайт деп билдирди.

.__________________________
Сирия
.
Сириядагы жарандык согуш башталганына үч жылга чукулдап калды. 2012-жылы козголоңчулар байыркы Алеппо шаарына кеңири чабуул койгондо, Башар Асаддын режими кулаарына аз калды дегендер көп болгон. Андан бери үч жылдай мезгил өттү, президент Асад биринчи кезекте Орусия жана Ирандагы колдоочуларынын жардамы менен чектелүү аймакта болсо да өз бийлигин улантууда.
Сирияда өлгөндөрдүн саны 140 миңден ашты.
Улуттар уюму биздин замандагы эң чоң алаамат деп атаган бул уруштун айынан 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштай тынчыраак жай издеп жер которушту. Өлгөндөрдүн саны 140 миңден ашты. Сирия өкмөтүнүн аскерлери менен козголоңчулар ортосундагы урушка быйыл өзүлөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган согушкерлер армиясы жана "ал-Каиданын" канат-бутагы саналган "ал-Нусра" кыймылы кошулду. Былтыр ушу маалда Сирияда элге каршы химиялык курал колдонулду деген маалымат тарап, АКШ абадан чабуул коюуга камданып калган. Америкалык генералдардын мындай чечимин Британия колдобой коюп, кеңири аскердик операция жүргүзүү планы ишке ашпай калган. Андан бери Сириядагы үч жылга созулган башаламан куралдуу салгылаштар акырындап коңшулаш Ирак менен Ливанга жайылып, диний агымдар ортосундагы куралдуу эрегиш чөлкөмдө жаңы коркунучту – “Ислам мамлекетинин” баш көтөрүшүнө алып келди.
Эксперттер Сириядагы чыр-чатак аябай татаалдашып, көп жактуу болуп кеткендиктен, анын аягы эмне менен бүтөөрүн болжолдоо аябай оор экенин айтышат. Ушу тапта "Ислам мамлекетинин" жоокерлери жана аларды колдогон жихадчылар Сирия аймагынын үчтөн бирине жакынын, үч жылдан бери Башар Асаддын бийлигине каршы күрөшүп жаткан жана азыр ич ара эрегишип бөлүнүп калган козголоңчул күчтөр дагы үчтөн биринен азыраагын, калганын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп жатканы кабарланууда. Улуттар уюму далай шаар-кыштактарда балдар, аялдар, карыялар тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам алалбай гуманитардык апаатка туш болгонун айтып коңгуроо кагып келатат.
Азырынча жаатташкан тараптардын ал үндү уга турган түрү жок.

__________________________
.
Ирак менен Сирияга бүлгүн салган "Ислам мамлекети"

.
"Ал-Каида" уюмунун Ирактагы бутагын түптөп бекемдеген радикал исламчылар 2013-жылдын апрель айында Сириянын чыгыш тарабында "Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети" деп аталган уюмдун кара байрагы астында куралдуу козголоңун баштады. Алар тез эле Сириянын чыгыш жагында, Ирактын түндүк жана батыш тарабында бир кыйла аймактарды өзүнө каратып, жолдо учураган башка диний жана улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн куугунтуктап, далайын кырып өлтүрүп, жортуулун улантты.
.
.
Кийинчерээк өзүлөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган кыймылдынкатарында миңдеген чет элдик согушкерлер да бар. Алардын кандуу жүрүшүн пастатуу максатында АКШ баш болгон, катарына Бахрейн, Иордания, Катар, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары кошулган эл аралык күчтөр быйыл сентябрь айында жихадчыл согушкерлерге абадан сокку ура баштады.
Иракта Мосул, Фаллужа өңдүү шаарларда басымдуулук кылган сунни мусулмандары жана экс-президент Саддам Хусейндин тушунда армияда кызмат өтөгөн аскер офицерлери кошулуп кеткендиктен, "Ислам мамлекети" тез эле бир катар маанилүү шаар-аймактарды өзүнө каратып алган. Соңку күндөрү АКШ жетектеген эл аралык күчтөрдүн тынымсыз аба чабуулунан улам "Ислам мамлекетинин" жоокерлери айрым жетекчилеринен айрылып, мурда ээлеген жерлеринен бир аз кетенчиктей баштаганы кабарланды. 2015-жылы Ирак менен Сириядагы жихадчылар бат эле алсырап калышы күтүлбөйт, азырынча бул кандуу эрегиш дагы бир топ убакытка созулчудай. Ирактагы саясий биримдиктин жоктугу, элдин бийликке болгон ишеничинин азайганы, Сириядагы башаламандык "Ислам мамлекетинин" чырагына мындан ары да май тамызчу башкы факторлор.

_________________________
.
Ооганстан
.
Эл аралык коалициялык күчтөр акырындап аскерлери менен согуштук техникасын чыгарып кетип жаткан Ооганстанда карапайым тургундар арасындагы өлүм-житим 2014-жылдын биринчи жарымында мурунку жылга салыштырмалуу 24%га өстү.
.
Жакында эле Кабулга барып, жаңы ооган президенти Ашраф Гани менен жолугушкан АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел келээрки жылдын биринчи жарымында Ооганстанда 11 миңдей америкалык аскер кызмат өтөөрүн, жыл аягында алардын саны беш жарым миңге чейин кыскартылаарын жарыялады. Сентябрь айынан бери жергиликтүү талиптердин чабуулдары жанданып, карапайым элдин коалициялык күчтөр чыгарылгандан кийинки коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусу күчөдү. Ооганстандан баш алган куралдуу чабуулдар Борбор Азия чөлкөмүнө жайылышы мүмкүн экенинөзбек президенти Ислам Каримов эскертүүдө. Эксперттер ооган армиясы менен коопсуздук күчтөрүн каржылай турган чет элдик ири акча каражат 2017-жылга чейин жетээрин, андан кийин экономикалык жактан кыйла алсыз ооган өкмөтү талиптер менен козголоңчулардын дымагын басуу ишин толугу менен өз колуна алышы керектигин белгилешет.

___________________________
.
Израил-Палестина чатагы

.
Быйылкы жай израил-палестин чатагындагы эң кандуу мезгилдердин бири болду. 8-июлда Израил армиясы Газа тараптан атылган ракеталарга жооп катары абадан жана жерден кеңири чабуул койду.
Соңку маалыматтар боюнча, августтун аягында Египеттин ортомчулугу астында кол коюлган элдешүү келишимине дейре 2100дөн ашуун палестин курман болду, Израил армиясы 66 аскерин жана жети жай тургунун жоготконун билдирет. Байкоочулар кандуу эрегиштен эч ким утпаганын, палестин аймактарында 17 миңдей үй жана башка турак жай талкаланып, 100 миңдей киши көчөдө калганы маалымдалды. Азырынча ок атууну токтотуу келишимин эки тарап салыштырмалуу аткарып жатканы кабарланууда.

___________________________
Эбола
.
Африка континентиндегибир нече өлкөнү каптаган Эбола вирусун Дүйнөлүк саламаттык уюму буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал жана курамы, табияты жагынан эң татаал вирус деп атады.
Нигерияда бул коркунучтуу вирустан өлгөндөрдүн саны 2000 адамдан ашты.
Азыркы күнгө чейин Гвинея, Сьерра Леоне, Либерия, Сенегал жана Нигерияда бул коркунучтуу вирустан өлгөндөрдүн саны 2000 адамдан ашты. Вирустан өлгөндөрдүн 40% ага чейин белгисиз дарт каптаган күндөн үч жума өтпөй көз жумду. Оксфорд университетинин илимпоздору вирустун кеңири аймактарга жайылышын токтотуш үчүн жок дегенде 50 миңдей кишини токтоосуз текшерип дарылоо керектигин, вирус жакырлык каптаган кыштактарда гана эмес, чоң шаарларда да табылгандыктан, коркунучтуу оорунун арышын токтотуу планын ишке ашыруу абдан татаал экенин белгилешет.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   01 Январь 2015 - 18:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Аллахтын буйруганын коробуз. Бир нерсе деп айтууга болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   dominic_toretto   01 Январь 2015 - 20:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 21:09
  • Жынысы:Эркек

Туура,алдыда дагы кандай шумдуктуу окуялар күтүп турганын пенделерден эч ким так,даана айтып бере албайт.айтып бергенге мүмкүнчүлүгү да жок.Баары,бир гана жараткандын айтканы менен болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   hihikayu   01 Январь 2015 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Аллахтын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт.....
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   jon_jurbos.   09 Январь 2015 - 04:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 05 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 23:37
  • Жынысы:Эркек

Ванюша ушуга окшогон геморойлорго башынды оорута бербечи.Кудайдын бешенеге жазганы болот да эмне болмок эле.Кел алып ийели андан короСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   sister   09 Январь 2015 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Теманы бир аз башка нукка буруп койсом.
Келечекте боло турган ачылыштар, жетишкендиктер, илимдин онугушу жонундо окуп калсам, угуп калсам эле эсиме Р. Земескистин "назад в будущее" тасмасы келет. Ал тасмада адамзаттын 1985 - жылы 2015 - жылды элестеткен фантазиясы чагылдырылган. Азыр биз 2015 те жашап жатабыз, ошол тасмадагы кобунчо фантазиясы фантазия бойдон эле калды. Ошондуктан "келечекте мындай болушу мумкун, тигиндей болушу мумкун" дегенди келечектин оз мумкунчулугуно калтырып койсок. Келечеке бир эле туура жол бар - ал ыймандуу болуу. Адамзаттын канчалык ыйманы кучтуу болсо, келечеги ошончолук жарык болот.



brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   09 Январь 2015 - 23:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Көөп нерсе болот...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   AZIK01   11 Январь 2015 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Көп болду окуганыма, кайдан окугам экен. Көз ачыктык эмес.Статистикалык маалыматтардын, серепчилердин оюу боюнча, жылдар ушу темп менен кетсе ( ошол жылдарга жетсек) "Технология менен адамдар ортосунда согуш башталат" -деп жазышкан экен. Канчалык чыны, калпы бар көрө жатарбыз. Карап көрсөк акчаны да адамдын муктаждыктарын кандыруу үчүн, адамга кызмат кылуу үчүн ойлоп табышкан. Бирааз башка нукка бурулуп, адамдар акчага кызмат кылып калды.
Бул техникалар да адамдардын ишин жеңилдетүү үчүн, бизге кызмат кылуу үчүн жаратылып жатат. Кийинчерээк, биз буларга кызмат кылып калбасак болду. Бул техникалар адамдардын ордун ээлөдө. Мындай бара берсе, техника иштеп адамдын күчү керектелбей калат. Жумушсуздук күчөйт. Дагы байлар жашап калат. Адамдар жалкоо болуп калат. Мындай карасаң адам зат, өз келечегине өзү балта чаап аткандай.

Андан сырткары толгон токой глобалдуу көйгөйлөр турат. Абанын "Озон" катмары тешилди, чоңоюп жатат сыяктуу сөздөрдү айтып келебиз. Аны да ким жасап жатат, биз адамдар. Бекер нерсенин кадырына жетпейбиз, ойлонуп көрөлү бул абаны да сатса кандай болмок?
Сатылып турса, ал үчүн эч тыйынды аямак эмеспиз. Аллаһ Таала бекер тартуу кылып койгон экен. Оону кадырлабай, жок кылып жатабыз. Бул да жер планетасынын глобалдуу көйгөйү!
Баардык нерседе "Баланс" (тең салмактуулук) бар. Тең салмактуулукту жоготсо, ар бир иш, механизм бузулат.
Планетабызда баланс жоголуп жаткандай ар кандай климаттын өзгөрүүсү, согуштар. Негизи жашоонун балансы бузулду.

Динибизде баардыгына чечим бар. Ислам канча кылым мурда негиздеген "Ортолук" деген түшүнүктү.;)

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   EjEviKa.   11 Январь 2015 - 12:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 17 Янв 2015 18:54

"Глобалдуу проблема" эмес "койгойлор" деп атаса туура болчуудай. Тема боюнча дуйнонун койгойлору менен башым деле оорубайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   bIHTbIMAK   11 Январь 2015 - 13:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 23 Май 14
  • Соңку аракети: 07 Авг 2018 17:22

Дуйно жузундо ЫНТЫМАК орносун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bad-boy   12 Январь 2015 - 02:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Аллахтын айтканы болот да, келечекти эч ким айталбайт. Мындай койгойлорго баш оорутуунун кажети жок. Бешенеге жазганын коробуз...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Mydearzh   27 Январь 2018 - 12:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

3 жыл убакыт отуптур. Дуйнодо койгойлор кобойгондон кобойуп барат. Форумчулар кайда?? Чын эле теманы жандандыруу керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 02:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: