Бул дуйного жаралгандын озу бакыт.
Жашоодо менден башканын баары бактылуудай көрүнөт
#21 10 January 2015 - 17:20
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#24 17 January 2015 - 18:30
Автор, адам биринчи өзүн сыйлашы керек. Өзүңүздү сыйлабасаңыз , эчким сизди сыйлабайт. Өзүңүздү неге антип кемсинтип жүргөнсүз? Ата–энеңиздин ажырашканы сиздин катаңыз эмес да..
#25 18 January 2015 - 02:00
Адам качан бактылуу болот?
" Адам качан өзүн бактылуу санаганда, бактулуу болот!" -деген экен, бир ойчул.
Айланадагылардын баары бактылуудай сезиле берет, ичине кирсеңиз сиздин көйгөйүңүздөн да оорлору бар. Шүгүр кылыңыз!
Бир бала бут кийими жакпай кийгиси келбей турат экен да, караса буту жок жарым жан кетип жатыптыр. Сүйүнгөн бойдон "шүгүр" кылып, бут кийимди кийип кетиптир. Шүгүр кылың, мындан да жаман тагдырга кезикпегениңизге.
Бактылуулук жолу албетте кыйын болот. Сирот (өлгөндөн кийин өтүүчү көпүрө) от, жалын үстүндө турат. Андан тайбай өтсөңүз бейишке киресиз.
Ар бир пенде, бактылуу болууга татыктуу. Качан ыйман жолдо жүргөндө. Сизге да бакыттын даамы насип этсин, ылайым!
" Адам качан өзүн бактылуу санаганда, бактулуу болот!" -деген экен, бир ойчул.
Айланадагылардын баары бактылуудай сезиле берет, ичине кирсеңиз сиздин көйгөйүңүздөн да оорлору бар. Шүгүр кылыңыз!
Бир бала бут кийими жакпай кийгиси келбей турат экен да, караса буту жок жарым жан кетип жатыптыр. Сүйүнгөн бойдон "шүгүр" кылып, бут кийимди кийип кетиптир. Шүгүр кылың, мындан да жаман тагдырга кезикпегениңизге.
Бактылуулук жолу албетте кыйын болот. Сирот (өлгөндөн кийин өтүүчү көпүрө) от, жалын үстүндө турат. Андан тайбай өтсөңүз бейишке киресиз.
Ар бир пенде, бактылуу болууга татыктуу. Качан ыйман жолдо жүргөндө. Сизге да бакыттын даамы насип этсин, ылайым!
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#26 24 January 2015 - 19:42
Ал агай менен ото жакын болуп кеттик,анын айтуусу боюнча апасы ото байлыкка,сулуулукка кызыккан текебер аял болуп чыкты.Мен анын апасы жонундо канча коп уксам ошончо озумду андан алыс сездим.Экообуз дарыянын эки жээгинде турдук,мен аны каттуу суйдум деп айталбайм,бирок ага болгон сезим жылуу болчу.Ошентип окуу улана берди тууган уруктан эч кандай материалдык жардам болбоду,апам экообуз эптеп контрака акча топтойбуз.Мен болсо апама жардамды жакшы окуп сабактан калбай льготаларга жетишип гана бере алдым.Эжем да ажырашып келген тийген куйоосу сотто иштечу семьясы байлардан эле кайненеси тоготподу,адамзат байлыктан гана бактысын таппашын учурунда тушунбойт турбайбы.Ал апам менен мен окууга кеткенде иштетишет,эжем мага караганда бир аз бейгам,кыска ойлогон,арканды ото алыска ыргытпаган адам.Анын характери ата деген адамга окшош апамдын айтуусу боюнча.Окуудан келгенде анча мынча кочодо атабыздын инилери туш келип калса даже окуу кантип жатат кыйналбай жатасынбы деп сурап койгонго да жарабайт.Ошондой мезгилдерде катуу кекенчумун эгерде окууну бутуп бир жерде иштеп калсам колума тушуп калсанар ошондо эсептешебиз деп.Жакын кошунабыз бар эле семьясы менен башка айылдан кочуп келишкен ошол киши анча мынча жолкире деп акча берчу ал кишини азырга дейре сыйлайм.Бир кун окуудан келсем апам байкуш камоктон тушкон бир сомдуктарды жаныларын топтоп койуптур мага деп туну камокто апама шерик болуп отурсам берди алсам 40сом экен колума акчаны кармап козумо эрксизден жаш келди экообуз тен ыйладык.Менин характерим аябай катуу анча мынчага ыйлабаган адаммын,кээде туруп кудайга капа болом жок дегенде коз жашты деле менден аяганына.Катуу кыйкырып ыйлап ыйлап алсам ичимде ушунча арман,ненависть калбайт беле деп.Бут бардык нерсени ичиме жутуп эч качан бироого арыз мунумду айтып коргон жан эмесмин,канчалык ичимде бук арман,окунч,
бардыгын озумдун гана ичиме катып журдум.
#27 24 January 2015 - 20:13
Арманынды,кайгынды элге айткандан эч кандай пайда чыкпасын кайра ар бир айтылган созум озумо душман болуп кайтарын билчумун.Мени сыртымдан коруп тааныбаган адамдар ото бактылуу эч кандай проблемасы жок деп баа беришет экен.Апамдын бир алысырак синдиси апама кызын ото бир туру суук бала менен суйлошот экен деп агай экообуздун ортобузду бузганга жетишти.Ар бир эне учун озунун баласы жакшы корунот экен,бирок ар бир суйлогон созубуз менен оз балабыздын келечегине балта чаап алганыбызды билбей да калат экенбиз.Мен бирок апамды куноолобойм балким бул тагдыр,апам барып агайды урушуп келген экен мен аны кийин агайдан уктум.Ошентип мен экинчи курсту бутуп каникулга келдим,жанагы класташ балам мени жактырып жургон ал да Москвага жол алды атасы кредиттен банкрот болду,кетеринде мага келип мени кут мен барып сени чакыртып алам деп кеткен.Жеткенден кийин ал мезгилде телеграфка барып суйлошчу элек,ошол жерде иштеген кишиге саатын айтып келип турсун деп чалыптыр.Бардым суйлоштук,мен бул баланы да суйдум деп айталбайм просто мени сыйлаганы учун гана менде ага деген жакшы коруу сезими пайда болгон.Ошентип анча мынча телефондо телеграфка барып суйлошуп турдук,туулган кунумдо акча салды куттуктап ал андай нерселерди унутпайт эле.Анын мага болгон суйуусу чындык беле же просто балалык сезим беле билбейм,анын апасы каршы болду дагы деле ошол маселе кембагал,корпуста жашайт,атасы жок деген нерселер.Бирок ал менден апасынын создорун жашырчу,биз качып кетип коп балалуу болгондо келебиз деп коп айтчу.Кайра эле окуу башталды мен окуумду уланттым окшош эле кундор уланып жатты.Окууну кызыл дипломго буткону жатам,бирде туруп кубансам бирде туруп мен учун мааниси жоктой сезилчу.Окууну да буттум уйго келдим жай мезгили болгондуктан туулган кунумо Москвадан акча келди ошого кошуп эле паспортторумду беришимди мени алып кетишини айтты,бир алысыраак байкеси бут документтеримди билетке деп салган акчаны алып кетти.Билеттин куну белгиленип мен Бишкеке барып турмай алар ошол жерден алып кетишмей болду.Мен белгиленген кундон бир кун алдын бардым борборго жолго чыкчу убакыт келди тигилерден дайын жок,Москвага звонок кылдым мени таштап кетип калыптыр аны угуп капа болуп эптеп уйго келдим.Апам байкуш жолкирени толоду,арадан бир жума откондо апасы документтеримди алып келип мен каршы болдум деп айтып таштап кетиптир.Балам ото кызганчаак ал жакта тогуз бала бирге жашап иштешет экен кокусунан тигилердин бироосу синдине карап койсо балам алар менен мушташат деп ушуга окшогон шылтоолорду айтыптыр.Ал болсо мага таарынат сен келбедин деп акыры айттым апан ушинтиптир деп,ошону менен ал да апасына капа болуп дайыны жок болуп кетти.Окууну бутуп диплом да албай кайра Бишкеке жол алдым барып иштеп келем деп,ал жакта бир тууган болом жашачу ошонун уйуно бармай болдум.
#28 24 January 2015 - 20:22
Сиздерден кечирим сурайм эгер тушунуксуз болуп кетсе,просто алдын ала даярдабай эле жазып жатам.Подробно да жазалбайм устурттон эле жазайын озумду да силерди да кыйнагым келбей жатат.Азыркы кунумо чейин жазып жеткиргенге аракет кылам,эч кимдин аты жонун,айылдарымдын да аты жонун жазбаганымды да туура тушунгуло.Менин жашоо принсиптеримдин бир болугун бузуп ичимдеги нерселердин жок деген 30%тин болсо да жазганга аракет кылып жатам.Чоон рахмат баарынарга.
#30 25 January 2015 - 22:49
мына ушундай денизчи, биздин баштан нелер гана отпоптур ээ. менин да атам жок,бизди таштап кеткен,мен аларды ажырашууда кайсы бирин куноолобойм,
жакшы тушуном,жардам деле берчу. учунчу аялына уйлонуп,кыздуу болуп анан бизди таптакыр карабай койду. Шаарга келдик,эптемей жашоо. бирок жакшы,жашоомо мурда нааразы элем,азыр баары бир,ар бир коз ирмемден бакыт,жылмаюу издейм. эн жаман кундордо да кулку менен жашашка аракет жасап атам. менде документ да жок,окууну да бутпогом,арман,
жек коруу толтура эле. орусча айтканда жалкий человек. билбедим,мындан ары да азыркыдай жашашты каалайм. колу-бутум бар,иштесем тиштейм,апам жанымда жалгыз эмесмин, мени канааттандырат,
жашоого нааразы эмесмин. атамды жакында кордум,бизде бурмалоо болбогон,атамды тааныбай,унутуп бараткам. апам атан келатат кара деди,барып учураштым,бооруна кысты,адаттагыдай колума 1000сомду албайм десем да болбой карматты. телефондо байланышып журдук,менин журогумдогу кандайдыр бир боштук толгондой,телегейим тегиз эле. анан алыстай баштады,мен аракет кылдым,ашыкча жалынуунун кереги не? убагында куп кордогон,билбейм,
бирок аларды эч бир иште айыптабайм анан убакыт корсотоор
#31 25 January 2015 - 23:02
кыпчыла кетейин,атайын тема ачсам теманын саны эле кобойбосо сапаты ошол эле кыргызча болуп жатпайбы. учурда бироонун уйундо жашайбыз, апрельден бошотушубуз керек. кудай озу эпчил,дагы бир кунду короорбуз,эн негизгиси тынчтык,амандык болсун. Мага катуу запкы-эн жакын адамым мени ага болгон ишеним,суйоонуудон ажыратып койду. бир чети жакшы,эми озумо гана ишенем,жашоодо кучтуу болушума оболго тузот. бир чети коркуу,алсыздык.
нени ойлоп жашасан ошол болот деп ким бироо айткан экен,мындан ары да жакшы умутторго жетеленип жашайлы замандаштар
#32 25 January 2015 - 23:10
жыртык-жамак,
эски кийдик,жаман-
жакшы соз уктук,ушудук,
коркуудун кучагында калдык,муну жашоо дейт тура. басындым,чунчудум,
акыры чарчадым. азыр кызыктырбайт эл не десе дей берсин,мен колумдан келишинче жашайм,биздин устубуздон кулгонго же басынтканга эч кимдин акысы жок. ошентип азыр баары менин оюмда жакшы. Ар ким озун билсин экен
#33 26 January 2015 - 06:31
[quote name='anyay' date='25 Январь 2015 - 23:10' timestamp='1422205813'
post='2159402'
]
жыртык-жамак, эски кийдик,жаман- жакшы соз уктук,ушудук, коркуудун кучагында калдык,муну жашоо дейт тура. басындым,чунчудум, акыры чарчадым. азыр кызыктырбайт эл не десе дей берсин,мен колумдан келишинче жашайм,биздин устубуздон кулгонго же басынтканга эч кимдин акысы жок. ошентип азыр баары менин оюмда жакшы. Ар ким озун билсин экен
[/quote
Алла таалам жакшы коргон инсандарына кыйноо,сыноо коп берет деп мага коп айтышат.Бирок бул дуйнодон бакытылуулуктун даамын татпай отуу деген да кыйын маселе экен,кээде туруп айтам мендеги сабыр деген нере тугоп баратат мындан аркыларын которо албаймго деп корком.
жыртык-жамак, эски кийдик,жаман- жакшы соз уктук,ушудук, коркуудун кучагында калдык,муну жашоо дейт тура. басындым,чунчудум, акыры чарчадым. азыр кызыктырбайт эл не десе дей берсин,мен колумдан келишинче жашайм,биздин устубуздон кулгонго же басынтканга эч кимдин акысы жок. ошентип азыр баары менин оюмда жакшы. Ар ким озун билсин экен
[/quote
Алла таалам жакшы коргон инсандарына кыйноо,сыноо коп берет деп мага коп айтышат.Бирок бул дуйнодон бакытылуулуктун даамын татпай отуу деген да кыйын маселе экен,кээде туруп айтам мендеги сабыр деген нере тугоп баратат мындан аркыларын которо албаймго деп корком.
#35 27 January 2015 - 20:57
Сауле,кудай берээрин унутпасын.Эн жакшысы сенде адамдык сапатынды, ар намысынды жоготпо,ал нерсени жоготуп алган адам анын ордун башка менен алмаштыра албайт.Дайыма озунду бийик карма.Укмуш уйдо жашап, коп акча кармаган,женил ойлуу кыздардан коро сен дайым бийиксин, коздуу мончок жерде калбайт,и ошол учурда дайым кичи пейил бол.
#37 28 January 2015 - 15:52
Негизгиси бироо бир ненсе дейт уят ана мына деп кысынып кыйналуунун кереги жок экен. Ар ким озу учун жашаган сон (эгер жакшы жашону максат кылсан) эч нерседен тартынбастан жашаганга уйронуш керек окшойт , бул нерселер баштан оттуго. Тартынып жатып баарынан кеч каласын жэ жетпей каласын ,ошондуктан тарс тарс кылып уялбай эле илибой ишти менимче келечекте бактылуулуктун дамын эл катары татасынго. Турмушта эмне гана нерселер болбойт автор кайгырып капалануунун кереги жок.
#38 29 January 2015 - 09:27
Ошентип борборго иштегени келдим,апамдын бир тууган эжесинин баласы аялы менен жашап Баткен базарында иштешчу.Апамдын эн чон эжеси аябай начар акылы кыска аял,келиндерине кун бербегендиктен бут балдары 2-3аял алышты.Ошондой акылы,кругазору тайкы адамдарга кудайым жакшы эркектерди туш кылат окшойт жездебиз момун киши оозунан бир ооз жаман созу чыкпайт.Менин иштегени барганымды уккан эжеси апамдын кунуго телефон чалып баласына уйдон чыгарып сал деп журду аны мага болом айтат,сен маани бербе апам суйлой берет деп.Болом да аялы да жакшы,женемди да эжебиз ал тигиндей мындай деп жактырчу эмес.Женем экообуз иш издедик мага бир швейный цехтен иш таптык,уйдо озум кол машинада бардык нерсени тигип жургом.Ал жерде тепмей машина экен иштете албадым,анда уйронгучо деп биринчи топчу кадап иштеп калдым.Озум негизи бат бат кыймылдаган адаммын кылган ишимен ыраазы эле болушту,бирок айлык аябай аз.Азыр эсимде жок бирок тыйын болчу ар бир кадаган топчуларым.
Болом болбойт ага иштебей эле кой дейт мен сени багалбай калат белем деп урушат.Жок деп иштеп журдум,анан женем экообуз дагы жумуш караштыра баштадык.Рекламадан таап дагы бир цехке бардык ал жер частный экен,ал жерге утюжникке киши керек экен.Билбейм десем уйротобуз кыжалат болбо деп алып калышты,эки бир тууган эже синди колдук эжелер бар экен тигуучу эжесинин аты Гуля синдисинин аты Карлыгач 1979 ж.эле (булардын аты жонун жазганымдын себеби мумкун арабызда окурман катары жургондур деген умут) анан бир дизайнер аял киши,жакшы эжелер экен мага бат эле уйротушту озумда бир коргон нерсемди бат оздоштурчу характерим бар эле.Иштеп журдум кундор жакшы эле отуп жатты айлыктан дайын жок,утюжниктин арасында туз сызыктарды тиккенди,аверлог тартканды уйротту Карлыгач эже Колдон болушат экен жакшы таанышып тил табышып кеттик.Колдук болом десе бизде психологиябызга синип калган нерсе баары коп ичкен адамдар элестелет эле,жоок Карлыгач эже даже кола иччу эмес эле.Биринчи укканда аябай тан калдым.Кунуго бир топ эле алыс жерге ишке пешком келип кетем.Бир кун иштен келсем болом апам келет экен эртен дейт,женем экообуздо жан жок коркуп эми эмне кылабыз деп уктай албадык.Эрте менен бештерде келди эжебиз,эжем эшиктен киргиче женем чуркап чыгып мага баласыны сиз ала кетиниз деп жалдырайт.Болом болду экоон тен коркпогула мен турамго деп бизди алаксытат,эжем кирди мени жаман козу менен карап сага эми тууган керек болуп калдыбы деди.Мен ушул создун маанисине азырга дейре тушунбойм.Болбосо уйундо кыз баласы аз болгондуктан мектепте окуп жургондо жардамга коп барчумун талаа иштерин бутурушуп эле жургон элем,унчукпадым танкы алтыда чыгып кеттим уйдон куз мезгили болгондуктан кун суук,кайда бараарымды билбейм.Ишке жонодум акырын басып жеткичем саат болуп калаар деп,аябай ыйлагым келди ыйлай албадым.Бирок журокто дагы бир чон жара пайда болду,мендеги бул жара арадан канча жыл отсо да досехпор айыкпады.Ишке бардым эми иш бутсо кайда барышым проблема,жакшы эстей албай жатам студент мезгилде чогу жашаган жердеш дос кызым бар эле ошонун эжесинин уйун таап бардым.Ал дос кызымдын мени менен тен эжеси бар эле ошого болгонун болгондой айттым,эжем кууп чыкты деп айтыш деле кыйын нерсе экен.Алар мени жакшы таанып билишкен учун дос кызым экообуз сырдаш болчубуз аяш апамда ото жакшы аял.Дос кызымдын эжеси уйдо отурат тамак жасап сатат эле,жездеси болсо майор эле органда иштечу.Азыр эстеп аябай боору кенен адамдар экен 4-ком.квартирасында баарыбыз биригип бир 10-12адам жашайт элек тамак аш деле сеники меники жок мени оз бир туугандарындай эле кабыл алышты.Эжесинин кайнилери,озунун синдилери эми эки тарап тен ынтымактуу жашадык жездебизди корбойбуз деле комнатасынан чыкчу эмес оор басырыктуу киши болчу.Мен ишиме бардым эртеси ошол кунго дейре иштегеним 500 сом болду аны алып иш буткондо кайра ошолордун уйуно келдим,дос кызым экообуз чыгып ош базарынан бир нерселерди алып келдик.Эртеси жумушка барсам Карлыгач эже капа эмне болду десем атам тамагынан рак менен ооруп калган эле оорусу кучоп калыптыр кетпесек болбойт деп калды,ошол куну коштоштук алар туну кетмей болушту колго.Дизайнер эже акчаны кийин берем деди мага калганын,Карлыгачтар келсе чалам сага келип иштей бересин деп калды.Ошентип кайрадан иш жок уйдо отуруп калдым,дос кызымдын эжеси анда иштебесен менин балдарымды карап уйдо отура бер деп айтты.Аябай суйундум макул деп эрте менен туруп баары кеткенде уйлорду жууп тазалап бир кыз бир уулу бар аларды курсагын тойгозуп ойнотуп келем.ЖЕздеге обедке бир нерсе бышырып койом келип озу жеп кете берет.Аяш апамдар белаводскийде жерге иштешчу куз болгондуктан жыйын терим кылып калышты.Алар жугору алып келип шаарга сатышат,дос кызымдын мени менен тен эжеси аны бышырып кочого алып чыгып сатып келет,болбосо юрфакты буткон кыз озу.Кээде ага чыгып жанында сатышып турам,бир синдилери окуйт эле ал уйдо болгон кундору мен эжесине жардам берем.Уйдо тамак жасап ош базарына алпарып сатып келчубуз.Аяш апамдар келишип тиги беловодскийде бираз жыйналчу овощи бар ошолорду жыйнап уйду карап жашап тургула деп бизди жанагы дос кызымдын мени менен тен эжеси экообузду жонотту.Ал жерге барып жашап калдык уй ичиндеги жумуштарды бутуруп,анан дунгандардын сабиз экчу тааласына жумушка бардык кунуно 100сом жулуп тазалап каптайбыз,ал жерден бираз акча топтодук.
#39 29 January 2015 - 10:43
Акыры алардыкында журо бергенден тартынып кетууго аракет кылдым апам байкуш таксиге тушуп келе бер акчаны толойм деп калды.Бир кун шаарга келип боломдун уйуно барып кичине акча сурап турсамбы деп бардым уйуно,болом эшикке чыгып эле суйлошуп турду да калп эле уйго кирсен болот эое сенда апама очошуп эле ошолордукуна кетип калдын дейт,унчукпадым копко туруп кеч болуп баратат кетейин деп жолго чыктым маршрутка акчан барбы деп да сурабады жанымда бир тыйын акчам жок болчу.Пешком раб.городоктон ош базарына киев кочосуно жонодум,жолдо келе жатып аябай боломо капа болуп каттуу ойлонуп кетипмин бир перекрестоктон отуп солго бурулушум керек эле баткен базары тарапка а мен онго бурулуп башка жака кетип калыпмын кеч кирип калган,карасам альянс заправкасына жетип калыпмын токтоп адашканымы билип кимден сурашымды билбей туруп калдым.Бир киши корунду улуту узбек аралашпы тажикпи билбейм кыргызчаны таза суйлогон киши экен озуда жупуну эле кийинген менимче жумуштан келе жаткан окшойт стройкада иштегендей корунду.Байке деп жанына келип ушундай адашып калдым дедим ушул жака барышым керек эле десем журу деп кайра артка жонодук,дагы кудай сактаптыр мен жоолугуп калып дагы 50-100метр басканында кул базарга жетип калат элен.Ал жерден соо чыкпай калат элен деп калды мени чон жолго алып келип тушчу маршруткага салып колума беш сом карматып жетип ал деп кетип калды.Акчам жок экенин тушунду окшойт ушунчалык ичимден ыраазы болдум ошол бейтаныш кишиге,азырга чейин ошол адамды коп эстейм ким болду экен может кайра жолгушуп калсам кандай жардам болсо да аямак эмесмин.Жузун деле эстеп калалган эмесмин окунучтуусу.
Менден кайтпаса кудайдан кайтсын деп эле тилеп журом.Ошентип уйго жеттим дос кызым семьясы менен кыжаалат болушуп отурушуптур эми кайдан издейбиз деп кирип барсам эле суйунуп кетишти.Аларга да эмне болгонун айтып бердим бейтаныш кишиге ыраазы болушту.Аяш апамдар мени уулуна алып беребиз деп пландаштырып алышыптыр алардын конулун калтыра албаймда мейли суйлошуп королу деп койдум,

Супер-Инфо
super.kg
видео
















