Достор, Жаңы жыл - кайсы бир деңгээлде үй бүлөлүк майрам. Бала кезде албетте үйдөн ата-эне бир туугандарыбыз менен тособуз. Кээ бирлери 9-11-класстан баштап дос-курбулары менен тосо баштайт. Үй-бүлөдөн башка же Кыргызстандан башка жерде Жаңы жыл тоскондогу кызыктуу учурлар жөнүндө жазып кетели. Мындай тема болушу мүмкүн, бирок бул темага башка мамлекеттерде Жаңы жыл учурундагы кызыктуу окуяларды жазалы. Жаңы жыл бир гана 31-декабрь күнү эмес деп ойлом. Григорий календары 12 ай болсо жок дегенде январь-февраль ичи календарды жаныртып турсак жакшы маанай менен.
Чет өлкөдө тоскон Жаңы жыл Мен, сен, ал мекенден (үйдөн) башка жакта Жаңы жыл тоскондо.
#2 06 January 2015 - 12:27
Япониядагы гезиттер Жаңы жыл түнү 128 киши тамагына аш тыгылып, тез жардам кызматына кайрылганын,
алардын ичинен тогузу өлгөнүн жазды. Ушундан улам жапон бийлиги элге тамакты аз-аздан, шашпай чайнап жешти сунуштады. Маалыматка ылайык, жапондор жаңы жыл тосууда салттуу түрдө күрүчтөн жасалган “мочи” деп аталган таттууну жешет. Дарыгерлер жабышкак таттуу шашып, көп жегенден улам кишинин тамагына такалып, анын какап калуусуна алып келерин айтышат.
#3 06 January 2015 - 12:35
Жакшы тема экен.Биз жубайым экообуз жаны жылды,тагыраагы 2013-жылды Москвада тосконбуз.Сааттын жебеси он экини какканда сын алгыдан орустардын мамлекеттик гимни жанырып жатканда,баарыбыз ордубуздан туруп,Кыргызстандын мамлекеттик гимнин он колду сол жак кокурокко коюп,бир дем менен аткарганбыз.
Анан гимн буткондон шампанскийди аттырганбыз.
Мен учун ошол жаны жыл эсте калган
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#4 06 January 2015 - 12:45
Мен Дайыма үйдө ата-энем менен тосчумун жаңы жылды. 2009-2015-жылдары 4 жыл үйдөн тоскон жокмун. Окуу жайдын жатаканасында жашаганда бир жолу тоском. Бөлмөдө жалгыз болгонум эсимде. Күндүзү сабак окуп, кечинде кадимкидей стол жасап, тамактанып жүргөм. Үйүнө кетпегендер көп экен бири бирибиздин бөлмөбүзгө куттуктап кирип, майрамдап, фейрверк анан дискотека уюштурганбыз.
50дөй адам болсо керек эле. Жаман деле болгон эмесмин. Кайра жылмайып эле жүргөм.
Дагы бир жолу диний сабактарга чогуу барып жүргөн кыздар менен болгом. 6-7 кыз чогуу маклюбе жасап, салаттардын түрүн, торт жасап кызыктуу оюндарды ойноп отурганбыз. Акыркы эки жыл катары менен шаардагы үйдө болдум. Бир жылы иним менен, экинчи жылы синдим менен. Быйыл площадда саат 00:00дө болуп фейрверк коруп турдум.
Дагы бир жолу диний сабактарга чогуу барып жүргөн кыздар менен болгом. 6-7 кыз чогуу маклюбе жасап, салаттардын түрүн, торт жасап кызыктуу оюндарды ойноп отурганбыз. Акыркы эки жыл катары менен шаардагы үйдө болдум. Бир жылы иним менен, экинчи жылы синдим менен. Быйыл площадда саат 00:00дө болуп фейрверк коруп турдум.
#5 06 January 2015 - 12:59
Биз быйыл жаны жылды Москвада тостук жолдошум экообуз сонун болду эсте калганы туну сыртка чыгып каарда ойнодук.
#6 06 January 2015 - 13:02
Мен фейрверкти аябай жакшы кором. Жаны жылдагы дуйнодогу кооз шаарлардагы салюттар. Видеодон кесип алгандыктан сапаты бир аз жаман болуп калды. Бул ДУБАЙ.
#11 06 January 2015 - 16:44
Кызыктуу маалыматтар бар экен. Шашпай окуп чыгайын. Тиги Дубайдагы фейерверк былтыркыдай эле болгон окшойт. Жанылык жок экен.
#12 06 January 2015 - 22:41
Ектеринбургда Жаңы Жылды үчүнчү жолу тостум. Бул жерде площадда аябай кооз, ледовой городок бар, жаңы жыл келе электе эле концерт болуп аткан. Ледовой городок дагы деле турат. 15-чейин иштейт го.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#13 06 January 2015 - 23:03
Ектеринбургда Жаңы Жылды үчүнчү жолу тостум. Бул жерде площадда аябай кооз, ледовой городок бар, жаңы жыл келе электе эле концерт болуп аткан. Ледовой городок дагы деле турат. 15-чейин иштейт го.
Мен да бир кезде Екатеринбург шаарында торт жыл катарынан тосуп келгемин. Сен айткан лединый аянтчага барчубуз. Жакшы шаар.

Супер-Инфо
super.kg
видео













