Суперстан: Буйрубаган махабат - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Буйрубаган махабат

#1 Пользователь офлайн   Toktogulov   19 Август 2019 - 23:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 15 Май 18
  • Соңку аракети: 21 Мар 2021 06:20

БУЙРУБАГАН МАХАБАТ
Ал убак кээ бирине жат кээ бирине көнүмүш адатка айлангандай эле жашоо болчу. Жашымдан сыноонун кырында өстүм. Кенедей кезимден талаада иштедим. Элдин кыздарындай эркеликти көрмөк турсун эрке деген сөздү түшүнбөй өстүм. Кудайга шүгүр ата энем бар. Кээ бирине атанын жардамы же атадан бир нерсени үмүт кылып жашаса, мен атамдын бар болушун гана каалайт элем. Ооба, айрым учурда атамды жек көрүп алчумун. Анткени атам ичкиликке дос эле. Соо кезинен мас кези көп. Ичкиликтин айынан апам экөөбүз борборубуздун эс ал алуу бактарында далай түнөдүк. Апамды урган күндөрү атамдан өткөн душман жок, соолугуп эркелетип ойноткондо атамдан өткөн жакшы адам жок эле. Айтор жашообуз жыргатчу деле эмес. Кудайдын сыноосу менен бул күндөр да көпкө узаган жок. Акыр этеги ажырашып тынышты. Мени сиңдим менен бөлүп алып, Ошко алып келе берди. Окуумду ушул жактан уланттым. Апам бизди жокчулукту көрсөтпөй өстүрүүгө аракет кылчу. Мен да окуудан сырткары иштеп, апама жардам берчүмүн. Убакыт деген убакыт тура. Зымырап кантип өткөнүн билбей калат экенбиз. Баштагы жашоо түгөнгөн. Эл катары элден кем калбай жашап калганбыз. Андан бери топ жылдар өттү. Мен мектепти аяктадым. Жогорку окуу жайга ийгиликтүү тапшырып алдым. Жалпак тил менен айтканда бойго жеттим. Адам болгон соң сүйүүнү үйрөндүм. А дегенде билген эмесмин.
Бизге коңшу турган келишимдүү жигит бар болчу. Кээде короодо чогу топ ойноп калчубуз. Мамиле куруп да койчубуз дегендей. Бир күнү жакшылап, жакындан тааныштык. Айтымында ал экөөбүздүн тагдырыбыз коёндой окшош. Сырдашып көп жүрдүк. Бирок ал мага жөн гана тапнышымдай туюлар эле.
Биринчи курсту толук бүтпөй айылга кетүүгө туура келди. Күнүмдүк турмуш менен аны эбак эстен чыгаргам. Эстеп жүргүдөй эч ким деле эмес болчу. Же мага ошондой туюлат эле. Номеримди кайдан тапкан белгисиз бир күнү чалды. Көпкө сүйлөшүүнү каалабадым. Аны негедир жактырбагандай кача берчүмүн. Айтымында биздин айылга алыс жайгашпаган военный часка армияга келиптир. Дарегимди сурай берчү. Жолугууга көп чакыраар эле.
Билбейм. Кантип жактырып калганымды да түшүнбөйм. Кийин телефондон көп сүйлөшчү болдук. Биздин сөздөр башталганда көздөр жумулуп калгыча түгөнбөйт эле. Күндөн күнгө ал жигитке көнө баштадым. Жаштайымдан көп запкы чеккен үчүн анын мөздөрү мага жаңыча дем жаңыча жашоо тартуулап турат эле. Каникул аяктап шаарга окуумду улантууга жөнөдүм. Биздин мамиле кыйла муздай түшкөн. Баштагы чалуулар жок. Айла жок чыдап жүрдүм. Жаңы жыл жакындап калганда торт көтөрүп алып военный часка бардым. Жакшы ниет менен жаңы жылы менен куттуктап келейин деген гана ой болчу.
Чыкты. Эмнегедир көңүлү сууз. Мени такыр күткөндөй эмес. Муздак кабыл алды. Бир топ сүйлөшүп отурдук. Мен тууралуу көп нерсе айтты. Менин өзгөргөнүмдү сөз кылды. Ооба, андагы убактан далай өзгөргөм. Шаардын талабына жараша өзгөргөм. Анан да аны таң калтырган жерим менин боёнуп алганым болду. Балким көп балким чеги менен боёнгондурмур. Бирок мунун баары ошол жигит үчүн болчу. Мен ага жагат деп ойлогом. Баары тетирисинче болду. Кана андагы узун чач? Кана андагы боёнбогон адам? Кана андагы мен сүйгөн жөнөкөй кыз деген суроолорду уктум. Эмнеге мынча өзгөрдүң? Шаарда кантип атасың деп бир топ суроолор дарегиме келип жатты. Бирок менин ичимде мен ошол эле кызмын деген ой турду. Ошентип мен үйгө кайттым. Андан кийин да сүйлөшүп турчубуз. Ал армияда болгондуктан көп сүйлөшчү эмеспиз.
Экинчи курсту аяктаарыма аз калганда ал армиядан келди. А мен болсо боёнбой, чачымды кыркпай калгам. Ток этерин айтканда ал эңсегендей болууга аракет кылчумун. Анткени ал адам мен эн бир кымбат адам эле. Ошко келди, жолуктук. Бирок бир күн туруп өз айылына кетип калды. Көп өтпөй кайра келди. Ал күнү биздин үйдөгүлөр коноко кетишкен болчу. Учурдан пайдаланып аны үйгө алып келдим. Тамак жасап сыйладым. Эч ким ишенбесе керек, ортобузда эч кандай нерсе болбоду. Чын сүйгөн адам сүйгөнүнө залакасын тийгизүүдөн коркот деген ушул тура. Менин бактылуу күндөрүм башталды десем, анын ою ошол күн коштошуу экен. Аны ошол учурда билсем гана. Кеч кирип ал кетем деди. Анын калуусун бир топ өтүнгөнүмдү укпады. Ошол учурда курбуларым чалып бассейнге чакырып калышты. Чогу чыкмай болдук. Жөнөп жатып ал мени кучактап алды. Ошол кучакта мээрим, жылуулук айтор сүйүүдөгү баалуулуктардын баары бар эле. Менден өткөн бактылуу жан жоктой турдум. Бетимден бир сүйүп койду да чыгып жөнөдүк. Баятан бери байкабаган колунан шакегин көрүп калдым. Сиздер үчүн кадимки шакектей сезилээр, бирок анча мынча эркеке шакек жарашпагангабы же чынында кооз шакекпи мага абдан жакты. Тартынбастан анысын мага калтырууну сурадым. Ал да акырын колунан чыгарып, мени эстей жүр деди. Ал нерсеги маани деле берген жокмун. Аттиң ошондо билсемчи коштошуп жатканымды. Эч нерсе оюмда жок коштоштук. Көп өтпөй анын Москвага кеткенин билдим. Өзүм кайдан билмекмин. Анын Айдана аттуу мен курактуу тууганы бар. Ошол айткан соң билдим. Уккан кулагыма ишенбей мес болуп калгам. Жакынын менен коштошоордо тамагың буулуп өңүң бозоруп, эч нерсе жакпай калат эмеспи. А мен коштошпой кетиргенимди укканда баары миң эсе оор болду. Түркүн ойлорго баттым, өзүмдү өзүм жеп бүттүм. Жазсам жооп жок, номери өчүк. Кийинчерээк Айданадан номерин алдым. Байланыштым. Суроолорум түгөнбөй жаап жатты. Сөздөн качты, өзү тууралуу эч нерсе айткысы келген жок. Мен тууралуу гана сурап жатты. Ошентип кол үзүштүк. Ар бир ажырашуунун аркасы көп убакыттык кыйноону талап кылат тура. Жоопсуз суроолорду ойлонуп көп жүрдүм. Кыз болгон соң кээде ыйлап да алчумун.
Айдана менен бир күнү сүйлөшүп калдым. Ал жигитим менен сүйлөшкөнүн айтты. Мен акыбалымды, эмне болуп жатканымды толук айтып бериптир. Ал болсо мен аны бактылуу кыла албайм. Мен аны жашоосун бактылуу кылып өткөрүүсү үчүн коё бердим дептир.
Көрсө анын арасы ооруп, карызга батып калган экен. Ошол себептен мени мен кол үзүптүр. Мунун баарын уккан соң мен дагы да алсырай түштүм. Эч нерсенин кызыгы калган эмес. Акыры айылга кеттим.
Айылга барып алаксып, жашоом оңолот деп ойлогом. Тескеринче абал курчуй берди. Эмнеге деген суроо мени жеп бүтмөй болду. Өчөшүп балдар менен көп сүйлөшчү болдум. Кыйналгагымдан ушул акыбалдан чыгуу үчүн көп жигит менен сүйлөштүм. Баары бир анын дүйнөсүндөй дүйнө тапкан жокмун. Унутууга аракет кылган сайын көп эстечү болдум.
Кайра окууга келдим. Баарын токтоттум. Эч нерсенин кызыгы калбады. Ал эми азыр болсо үмүт менен жашап келем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Umka..00   20 Август 2019 - 22:42

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Сүйүү адамды ар түрдүү ахыбалга салат тура. Анчалык азап тартып кыйналбаңыз сүйүү никеден кийин башталат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rashka_99   22 Август 2019 - 23:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 264
  • Катталган: 29 Август 18
  • Соңку аракети: 04 Фев 2021 11:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ушул дуйнодо канча адам суйуудон жапа чекти болду экен(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Nostalgia   01 Сентябрь 2019 - 16:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 04 Март 19
  • Соңку аракети: 03 Май 2025 16:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Баары отуп кетет, бактылуу болунуз !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nurmuhammed2016   04 Сентябрь 2019 - 23:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Сен 2019 21:45

Гджьпоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   begim1002   07 Сентябрь 2019 - 18:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 09 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 02 Дек 2019 10:42
  • Жынысы:Белгисиз

Мммммм де
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   elisbek84   07 Сентябрь 2019 - 21:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 25 Август 19
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2021 19:50

Мм... Суйуу адамды озгортуп жиберет да кээде. Авторго айтаарым ага очошуп жигиттер мн коп суйлоштум дегениниз жакпады мага. А эгер анын журогу бош болсо дагы деле кеч эмес го. Ар бир адам суйгонуно жетсин ылайым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Rashka_99   29 Сентябрь 2019 - 22:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 264
  • Катталган: 29 Август 18
  • Соңку аракети: 04 Фев 2021 11:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дагы бир жолу аракет кылып корушунузду суранат элем,попытка не пытка дешет го,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Июл 2025 15:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: