Теманы ачууга кечээ күнү болгон кырсык себеп болду:
Ички иштер министрлиги "Керемет суу" эс алуу жайындагы жаңжал боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө:
“Бүгүн саат 12:00 чамасында 1986-жылы туулган Мырзажалил Тажиев 4 досу менен “Керемет суу” эс алуу жайына келишкен. Бирок эс алуучу жайдын ээси менен алардын ортосунда төлөмдөр боюнча түшүнбөстүк чыгып, мушташка айланып кеткен. Анын кесепетинен Өрүктү айылынын тургуну Мырзажалил Тажиев алган жаракатынан улам каза тапкан. Мындан улам аталган жерге каза тапкан жарандын туугандары жана айыл тургундары келишип, эки кабаттуу үйдү жана 3 унааны өрттөп салышкан. Учурда кылмышка шектүү катары “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси Ишен Ашыров жана 4 адам кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп айтылат.
Чындыгында көлгө барсаң, бүт жээгинде пансионат, санаторийлер орун алган. Биздей башка өрөөндөн келгендери кой, ошол жерде жашаган жергиликтүү эл бекер кире албайт. Баасын сурасаң чет өлкөдөгү баалар. Карапайым калк өз жеринде алган жарыбаган айлыгы менен көлдө эс ала албайт. Ичиң күйөт. Жок дегенде 50% скидка кылышса болбойбу? Мейли мага 50% кылбасын, бирок баарыбыздын ата-энебиз бар 2000-3000 сомдук пенсиясы менен жок дегенде ошолорго скидка кылса болобу? Акыры мындай көрүнүш элдин кыжырын келтире баштады окшойт. Мына кечээ бирөө каза болуп, биринин пансионаты күйүп, унаасы өрттөлдү. Бул көйгөйдү менин оюмча чечсе болот. Чечилбесе, кырсыктар дагы да көбөйөт. Кыргыз эли сабырдуу келет, бирок сабырдын да түбү бар.
Силердин оюңар боюнча бул көйгөйбү? Кантип чечсе болот?
Кыргыз болуп туруп өз жерибизге ээлик кыла албайбыз
#2 14 August 2015 - 11:31
Ар бир иш аракет мыйзам чегинде болуш керек да...эс алуу жайлардын кожоюндары,
айрым бир кызматкерлери эс алууга барган карапайым элге кылган мамилесин коруп туруп айласыздан "коздорун май баса баштаган го" деп кубуронуп алсак,ошол эле жерде жургон кереметтуу колду "менчиктеп"
алган айрым бир "местный"
балдардын башка бир дубандан барган эс алуучуга корсоткон "эрдигин"
карап туруп,"кыргыз кыргызга катылса кантип онугуу,биригуу,
ынтымак болот" деп сарсанаа тартпай кое албайсын.
Негизинен алып караганда Умут айымдын которгон маселеси эн туура,оз убагында ( балким мурдараак которулгондо кечээки кырсык болбос беле...бирок мунусуна да шугур) которулду деп ойлойм.
Андыктан ушул маселелер айланасында ой болушсок. Канткенде мындай жосунсуз жоруктарды, кайдыгер мамилени,тенсинбоону жоюп, татыктуу тейлоо-керемет эс алууну камсыздай алабыз?
Негизинен алып караганда Умут айымдын которгон маселеси эн туура,оз убагында ( балким мурдараак которулгондо кечээки кырсык болбос беле...бирок мунусуна да шугур) которулду деп ойлойм.
Андыктан ушул маселелер айланасында ой болушсок. Канткенде мындай жосунсуз жоруктарды, кайдыгер мамилени,тенсинбоону жоюп, татыктуу тейлоо-керемет эс алууну камсыздай алабыз?
#3 14 August 2015 - 12:46
Бардык аракеттер мыйзам чегинде журушу керек.Мисалы кечеги сиз айткан окуя..билишимче ошол жер
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#4 14 August 2015 - 12:57
Ошол жердеги жергиликтуу адамдар ортосунда уруш чыккан,себеби эс алуучу жайдын баасына болгон толом...мыйзам боюнча ошол эс алуучу жайдын ээси жеке ишкер болуп саналат,ал тиешелуу салык-тарифтерди,
санитардык нормаларды камсыздайт.
.анан ал жеке менчик болуп эсептелет...
эми ойлоп корунуздор,
биз местныйбыз деп келип 50% женилдик сурашса,эс алуучу жайдын толук укугу бар отказ беришке..себеби мыйзамда жок женилдик тууралуу жергиликтуу элге..
Материалдык жак жол бербейби кымбат пансионатка? анда кучун жеткен жайга барып эс ал же толук акысыз жайга бар...Колдун жеегинде акысыз жайлар толтура..
Анан биз местныйбыз, бизге скидка болушу керек деп омгоктогон мамиле болбогон корунуш...
Материалдык жак жол бербейби кымбат пансионатка? анда кучун жеткен жайга барып эс ал же толук акысыз жайга бар...Колдун жеегинде акысыз жайлар толтура..
Анан биз местныйбыз, бизге скидка болушу керек деп омгоктогон мамиле болбогон корунуш...
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#7 14 August 2015 - 23:06
Мындай окуялар коп болууда бизде, окунучтуусу акча чечип калбадыбы баарын.
Акча десе атасын тааныбаган заман да карапайым калкты ким ойломок.
Акча десе атасын тааныбаган заман да карапайым калкты ким ойломок.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#8 14 August 2015 - 23:20
Ар бир кыргыз республикасынын жараны кыргызча сүйлөөгө, туулган мекенин көз карегиндей сактоого милдеттүү!
Бир жумушум менен бир кабинетке кирсем, өзбек улутундагы аял экен. Аябай корс мамиле жасады, унчуккан жокмун. Ичимден үшкүрүнүп кала бердим өз жерибизде кор болуп, башка улуттун өкүлдөрүнөн уруш-запкы чеккенибиз албетте өкүнүчтүү.
#9 15 January 2016 - 20:58
Менин да ушундайларга кыжырым келет, Беш-Таш токойуна эс алганы барганда да акча толоп киребиз, качан токтойт оз жерибизге толоп эс алмай .
#10 16 January 2016 - 02:18
Автор куйуп туура айткан. Жергиликтуу элдин акыбалына да карашса. Болбосо пенсия,айлык акыларды да жогорулатуу керек
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео














