Ушул темага кайра кайтып келгим келип жатат, себеби баажы союзуна кируу астанасында турабыз. Мумкун баажы союзу менен чектелбей дагы озгоруулор болор.
СССР империясы Он жана терс жактары.
#22 28 December 2011 - 12:44
Мобу эле кысталак Бүтүн (Путин) бир күнү минтип айтканы бар: "Ким СССРди жаман эле десе, жүрөгү жок. Ал эми ким аны кайра калыбына келтирүүнү эңсесе, мээси жок,"-деп.
Сен жалаң терс жактарын гана санапсың го?..
Путин таамай айтыптыр . Ушул созу жакты мага.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#23 28 December 2011 - 17:39
Азыр эми кайра бириге турган болсок, бизге зыян эле болсо керек. Бажы союзу да канчалык деңгээлде пайдалуу экенин убакыт көргөзөөр. Бул тема мага да кызык болуп жатат, улантсак жакшы болоор эле. Тему,автор катары өз пикириңди кененирээк калтырып кетсең?
#24 14 January 2012 - 06:40
Он жагы бизге чейин болгон,Терс жагы-мен корбой калдым....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
#25 14 January 2012 - 10:52
3 копеек (тыйын)га Газдалган суу ичет элек. 1 рубль (сөлкөвай деп коёт беле)(сом)уң болсо бай элеңго өзүнчөле. 4 күн тамактанчылек мектептин ашканаларында.
Эсимде калыптыр!
#26 14 January 2012 - 11:07
Medaldyn da eki jagy bar degendei SSSRnyn jakshy da jaman dagy jagy bolgon,birok menimche jakshy jaktary koburook go...
Апакем менин кымбатым!
#27 04 February 2012 - 18:32
СССР дин терс жактары кыргыз кыргыз экенин унутуп бараткан. Оң жактары тарбияга чоң маани берилген, идеология күчтүү болгон.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#28 04 February 2012 - 22:21
СССРдин убагында зоопарктагы жаныбарлар сыяктуу элек. Баарысын даярдап берчү, бирок капаста жашачубуз. Азыр капастан чыктык. Даяр тамак жок. Ошондон улам, тамак табуунун айласынан жырткыч да, куу да, алдамчы да, мыкаачы да болуп баратабызбы дейм?!! Алибетте, элдин баары эле эмес.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#29 05 February 2012 - 11:57
CCCРдин оң да, терс жактарын да санап өтүшүшүптүр.
Кайталабай эле коеюн. Азыркы учурда кайра ошол мезгилге кайтууга мүмкүнбү (бажы биримдиги ж.б. уюмдар аркылуу) деген суроого оюмду айта кетсем. СССРдей мамлекет эми кайра кайтып келбейт. Кыргызстан өз алдынча өлкө болсо гана келечеги бар. Болбосо кыргыз улут катары жок болот.
```
#30 21 April 2013 - 08:48
Могу орустардын СССР бир гана орустардыкы болгонсуп көбүнчө кинолорунда "русские"
деп бардык жетишкендиктерди өздөрүнө ыйгарып алганына ачууң келет. Мисалы, мен тарыхый документалдык тасмаларды,
Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу кинотасмаларды кызыгуу менен көрөм. Ошолордон көп байкайм да. Жеңишти ошолор эле алып келгенсип, "Русские победили"
ж.б.у.с. сөздөрдү айтышат. Тылдагы кыргыз, казак, тажик, түркмөн, азербайжан,
армян жана башка элдеринин жардамысыз ошондо Москвадагы,
Ленинграддагы эл ачкадан кырылып, аскерлер кара нанга зар болуп немистердин алдында тизе бүгүп берет эле.. Анан ошонун баарын "унутуп койгонун"
кара!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#31 21 April 2013 - 10:04
Могу орустардын СССР бир гана орустардыкы болгонсуп көбүнчө кинолорунда "русские"
деп бардык жетишкендиктерди өздөрүнө ыйгарып алганына ачууң келет.
"Имперское мышление - русская консервативная традиция" ©
#32 28 January 2014 - 15:49
Таллас бут курал жаракты ошолор ойлоп чыгарса, Русские дейт да анан. Бирок башка элдердин да салымы чон жеништерге.
Блокадага кабылганда Орто Азияга кочургон канчалаган адамдарды. Орто Азия болбогондо блокадада калып ачкадан кырылышмак.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#33 28 January 2014 - 17:48
Падыша бийлигинин учурунда тундуктогу туз жерлерге ОРУСтарды жайгаштырып кыргыздарды тоого кууган... Кокондун доорунда озбектерди Туштуктун туз жерлерине жайгаштырып кыргыздарды тоого кууган..Кыргыздар сабатсыз, кругозору тар болгондуктан тоо-таштарда мал кайтарып жургон учурда Озбек-Орустар "жайлашкан"
Мени ушул нерсе кейитет...
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#34 28 January 2014 - 18:40
Мен союз маалын эч түстүү элестете албайм. Жана баргым келе берет убакытты артка жылдырып.
#35 28 January 2014 - 18:42
Украина биринчи чыгып кетип СССР ден бүт курал жаракты менчиктештирип алган. Украиндер жашаган жерде күчтүү курал жарактар сакталчу.
#36 28 January 2014 - 23:44
СССрдин ыдырап кеткенине боор орубаган бул таш боор, СССрди кайра тузом дегендер башы иштебегендер.
В.В Путин.
В.В Путин.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#37 04 March 2014 - 14:13
СССРдин убагында озун суудагы балыктай сезгендер,капитализмге баш койгондо толкун менен кошо жеекке чыгып калган балыктай эле кор тирлик учун туйлап калышты го дейм. Социализм менен капитализмдин карама каршылыктары,
пайдасы жана зыяндары сыяктуу эле адамдар дагы эки типке болунушот экен.Биринчи типке СССР убагындагы спекулянттар аталгандар кирсе,экинчисине даяр оокатка каниет кылып стабилдуулукко конуп,жаны агымга терс коз карашта карагандар болсо керек. СССРдин кыргыз элине тийгизген пайдасы бир топ эле;Эл арасындагы тендик,жалпы Кыргызстандын бардык тармактар боюнча онуп осуусуно зор салымын кошкон.(Завод,
фабрика,инфраструктура,
билим илим,медицина ж.б.нерселер) азыркыга караганда болуп корбогондой осууго жетишкен ошол кез менен салыштырмалуу .Жонокой эл стабилдуулук эмне экенин жакшы сезген., бекер окутуу,бекер дарылануу,балдар бакчасынын айыл кыштак жерлерине чейин жетиштуу турдо болушу,электро-
энергия,газ тоодогу чабандарга чейин жеткиликтуу жана узгултуксуз берилиши.,айта берсе абдан коп экен жакшы жактары....Кемчилдиги;
адамдардын укуктары чектелуу(дин,
саясат,дуйнолук маалыматтардан артта калуу,бир же бир нече авторитети жогорку деп эсептелген адамдардын коз карашын жалпы копчулукко тануулап ишендируу,соз боштондугунун жок экени дагы ж.б.нерселер.
..Эми жогоруда айтып кеткен адамдардын эки типке болунуусу боюнча биринчи типтеги адамдар азыркы абалга толук канаттанса,
экинчи типтегилер СССРди энсеп умуттуу эскеруулор менен жашап келишкендигинде...
#38 31 March 2014 - 14:21
СССРге мен терс коз караштамын.
Бир гана бизге кылган жакшылыгы катары сабатсыздыкты жойгону.
Ал эми калган баары бизге зыян гана берген.
Бир гана бизге кылган жакшылыгы катары сабатсыздыкты жойгону.
Ал эми калган баары бизге зыян гана берген.
#39 04 April 2014 - 17:24
СССР! коммунизмге барабыз деп коммунизмден отуп кеткенибизди билбей калыппыз да ошол кезде элдин пейли кандай ток эле тенчилик эле мисалы биз жок деген нерсени билбей бейкапар чонойдук балалыгыбыз баладай отту эх ошол кундор кайра келер болсочу эч айтып туготкус жакшы жактары коп болчу.Эгемендуулук дейбиз бирок элибиз кыйналууда баары бар бирок адамдардын ынтымак жок жаз келсе эле пикет бийлик талашмай эртенки кунубуз кандай болоорун биле албайбыз деги эле элибизде тынччылык эле болсо экен

Супер-Инфо
super.kg
видео
























