Суперстан: Жүрөгүмдөгү сыр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Жүрөгүмдөгү сыр

#21 Пользователь офлайн   Bogotik   20 Январь 2015 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

wawtyrbagyla avtordu wartyga karap jazatda ne bizdei erteden ke4ke beker4i bolso bir jon

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   umutarman   20 Январь 2015 - 18:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

кечирип койгулачы менин сүйүктүү окурмандарым. Кечээ жазып жатып, өткөн күндү эстеп шолоктоп ыйлап, көп ойлонуп чын окуямды жазсамбы, жүрөгүмдөгү сырды ачсамбы же биротоло өмүр өткөнчө сактасамбы деп, жазбастан токтотуп койгом. Бүгүн ойлоп мени бул сайттан ким издеп тапмак эле, ким мени таанымак эле, чындыгын жазсам балким окурмандардын кеп кеңештерин угамбы, кичине болсо өзүм менен алып жүргөн оор жүктү биротоло таштаймынбы деп кайра улантууну чечтим.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Aizurok   20 Январь 2015 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Туура ойлогонсун журок ойугон сырды айтып алсан, кыйла женилдешип каласын , шашпай улантып жаза бер
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   umutarman   20 Январь 2015 - 18:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Күндөр өтүп көптөн күткөн жайкы каникул да аяктап, 31-август күнү Ош шаарына келдим. Сагынып, сүйгөн жигитимди көргөнчө от болуп, жатаканага шаштым. Оюма ар нерсе келип, мени да мен аны сагынгандай ал да мени чыдамсыздык менен күтүп жаткандыр деп, азыр көчөдөн көрүп калсам эмне кылам, көп күндүк айрылуудан кийин аны көргөндө эмне болом деп жатаканага жеткенимди да билбептирмин. Келдим да өзүм жашаган 3 подүезд 3 этажга көтөрүлүп, эми эле буюмдарымды жайгаштыра баштаганымда эшик тыкылдады. Ачсам жанагы биринчи жактырган досум турат, ал күн майрам күн болгондуктан, ал мага: "жүрү майрамдап келели, кечке комнатта бекер жатбастан" деп сунуштап келген экен, мен да жок дебестен сразу эле макул болуп ал досум менен Новои паркына түштүк, паркта айланып жүрсөк, менин алтыным, жаным сүйгөн жигитим башка кыз менен айланып жүрүптүр. Ал мени көрүп, ыңгайсыз абалга калды окшойт айтор өзүнчө актанууга кирди. Мени болсо айткан адамдын өзү жок, (ошол убакта деле азыркыдай күнөө иш жасап койсом биринчи эле нападение кылганды жакшы көрчүмүн), сразу эле ага кобураңдап сүйлөнүп капаланып кетип калдым. Менин характерим өтө татаал, аябай кызганчаакмын, ал убакта да ошондой болчумун, анын башка бирөө менен айланып жүргөнү мага жакбагандыктан анын мага болгон сүйүүсүн четке кагып, өзүм аны катуу сүйүп, сүйгөнүм үчүн баарына даяр болуп жатсам да "болду сен мага кыянаттык кылдың, башка менен жүрөсүн, мындан ары жолугушбайбыз" деп ортодогу болгон мамилени үзүп салдым. Эмнеге мынчалык капаланганымды силер түшүнбөйсүнөр, жанагы ээрчишип жүргөн кыз көп жигиттер менен жыныстык катнашта да жүргөндүктөн, туруктуу бир жигити болбогондуктан, мени ошол кызга алмаштырды, менин сүйгөнүмдүн ою да ошол экен да деп ызаландым. Ошентип марттын орто ченине чейин салам да бербей жүрдүк. Мен катуу ойлонуп кусаланып, сагынып, сагынычка чыдабай жүрсөм да өзүмдү анын алдында жерге урбаймын деп жүрүп ооруп больницага да жатып чыктым. Жүрөк ооруга чалдыгып, ата-энем менин айтканымды жасачу болду. Кыйналбасын, ойлонбосун деп мурдагыдан да көбүрөөк акча бере башташты. Окууга болгон кызыгуум кетип, досторум менен кафелерден башым чыкбай калды, бирок спиртной ишчү эмесмин. жатаканада староста болгондуктан көп иш-чараларды уюштурчуумун. Ошентип Нооруз майрамы да келип калды. Акча чогултуп эжейлерибиз менен сүйлөшүп, сүмөлөк жасап, оюн зоок уштурдук. Кечкисин апаратураларды койдуруп, дискотека болду. Бийлеп, ырдап ошол күнү жыргап жүрдүм. Бир убакта кечки саат 9 жарымдарда бийлеп жатсам мага менден кичүү курста окуган инилерибиз келип "Сизди чакырып жатат" деди. Ким деп ойлонуп жаткандырсынар, албетте менин сүйгөн жигитим болчу. Өзү биринчи менден кечирим сурайт окшойт деп сүйүнүп бардым. Бардык балекеттин баары ошол кечтен башталды. Миң ирет ошол кечке карганамын. Кана эми артка убакыт кайтсачы, мен аны сүйсөм да, ал үчүн канча жолу өлөм десем да ошол 9 жарым чамасында чакырган жерине барбайт болчумун. Кечиргиле мага өтө оор болуп жатат. Ызаланып, кайра ыйлап баштадым, мени түшүнбөсөңөр керек баары бир. Азыр мага жазыш өтө оор, кечиргиле мени, анан улантамын. ..................... .......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   bossmos7   20 Январь 2015 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Жаз эми............... ...................... ........оор болсо да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   BeStOne   20 Январь 2015 - 19:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 273
  • Катталган: 06 Июль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 11:04
  • Жынысы:Аялзаты

Эмнеге барбайт болчунуз, эмне болду баргандан кийин...
Макул куто туралы жогоруда жазганыныздай балким коз алдынызга келтирип ыйлап аткандырсыз.
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   boris8907   20 Январь 2015 - 20:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 240
  • Катталган: 23 Июнь 11
  • Соңку аракети: 11 Авг 2021 14:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения BeStOne (20 Январь 2015 - 20:50) жазган:

Эмнеге барбайт болчунуз, эмне болду баргандан кийин...
Макул куто туралы жогоруда жазганыныздай балким коз алдынызга келтирип ыйлап аткандырсыз.

зордуктап койгонго менимче байкушту
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   bema_bema   20 Январь 2015 - 21:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ой боой тема ачкандан кийин баарына чыдап кыска нуска кылып бутуруп салын,озунуз айткандай сизди эч ким тааныбайт,форумчулар кенешин берип кичине болсо да маралдык жактан жардам корсотушот.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 20 Январь 2015 - 21:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Leo.   20 Январь 2015 - 22:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Oi boi ejekesi, tema achardan murun oilonup chechpeit beleniz!! Bawtap koiup emi kundo oilonboi!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Nurmatova   20 Январь 2015 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

iiiiii tez tez jazyp salynchy avtor.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   21 Январь 2015 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Өзүңүздү өзүңүз сыгып кыйнабай ыйлап алганыңыз да туура. Бул да болсо тагдырдын сыноосу. Башты бийик көтөрүп, сыноого сынбастан тагдыр менен күрөшүңүз. Албетте сиз жеңесиз. Макул күтө туралы, күч топтоп жазганга аракет кыласыз деп ишенем. Кайгырып чөккөн сайын, тагдыр сизди ошончолук чөгөлөтөт. Башты көтөрүңүз, келечегиңиз али алдыда!! !
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   umutarman   22 Январь 2015 - 16:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Кутман күнүңүздөр менен, урматту окурмандарым. Менин жазгандарымды окуп, уладысын күтүп жаткан окурмандарымдан кечирим сурап, мен кайра улантууну чечтим.
Ошентип ошол кеч жарым жылдык ажырашуубуздан кийин биз жолуктук, аны-муну айтып, урушуп, анан сүйгөнүмдүн татыныкай мен үчүн арнап кыпкызыл розадан жасалган букет гүлүнө же болбосо чөгөлөп тизе бүгүп "Алтышка мени кечир, мен сенсиз жашай албайм, сени чексиз, катуу сүйөм. Ушул күнгө чейин канчалык кыйналганымды, мен сени канчалык сагынып күткөнүмдү билбейсин. Мени кечир эмне десен аткарамын" деп айткандарына ишендимби, айтор мен акмакмын аны кечирдим. Экөөбүз Ак-Буураны жээгинде айланып жүрдүк, оюма бир нерсе келе түшүп, ага карап "Пончик сен мени чындап сүйсөн, ушул дарыяга кийимчен түшөсүн, андан кийин сүйөөрүнө ишенемин" дедим. Аңгыча эле ал дарыяга түшүп кетти. Жаз мезгилинин март айы болсо да күн аябай суук болчу. Кайра жатаканага келгенче үшүп тоңду байкушум. Жатакананын алды ызы-чуу дискотека болуп жатыптыр дагы эле, биз анын комнатасына кирдик. Ал кийимдерин алмаштырууга киришти, ал эми мен болсо ыссык чай демдеп берейин деп убарамын. Экөөбүздөн бактылуу киши жок. Бири-бирибизди карап күлүп олтурдук. Мага кола ичесинби деп сунуш кылды, мен жок дебедим, балконго чыкты да жарым ичилген кола алып кирди. Кола ичип экөөбүз сүйлөшү кучакташып олтурдук. Капысынан мага сөз баштап "Алтышка мен сага баары бир үйлөнөмүн, чынын айт сен кызсынбы" деп суроо берди. А мен андан бул суроону күтбөгөндүктөн, албетте деп шаша-буша жооп бердим. Ал мага "а мен сага ишенбеймин, сени сүйгөн, артыңдан ээрчип жүргөн жигиттер көп, кантип эле 5 жыл жөн жүрдүң" деп каяктагы сөздөрдү баштады. Мага катуу тийгендиктен мен бир сыйра ыйладым кайра кечирим сурады ошентип олтуруп бир убакта башым тегеренип, бир башкача боло түштүм. Мен өзүмдү өтө кыйын сездимби, керек болсо мен сага тастыктап берем деп ачууланып кирдим. Ал мени сөзүмдү кайра улантууга тоскоол болуп кучактап, өпкүлөп кирди, мен да аны катуу сүйгөнүмдөн, унчукбадым. Кантип чечинип, кантип алданганымды сезбей калдым. Ошентип 5 жыл бою өзүмдүн ыйманымды, абийримди кетирбестен жакшы жүрүп, бир күндө бир саатта алданганымды сезбей калдым. Таң атканда эмне кылып койгонумду билип аябай ыйладым. Ал мени кучактап "Алтышка мени кечир, эми мен сага чындап ишендим, сен түбөлүккө меникисиң, сен мени эми таштап кете албайсын" дегенинен ого бетер ыйладым. Ыйлаганымдан эч кандай пайда чыккан жок. Эртеси каникул болуп айылга кеттим. Жаным ооруп кыйналып жүрдүм. Апам мени: "эмне болду сага, эмне мынча бозоросуң, темселебей тез-тез кыймылдап иштериңди бүтүр, пайдаң тийбес болду" деп урушкан сөздөрө мага жакбады. Апам экөөбүз уруша кеттик, апама каяша сүйлөгөндөн апам мени тилдей баштады. Үйгө кирдим да аптечкада болгон таблеткаларды бир заматта баарын ичип алдым. Апам көп ооруган үчүн аптечка толо даыр-дармек болчу. Оюмда ушул менен өлүп калам деп. Калганын эмне болгонун билбейм көзүмдү ачсам оозумдан, мурдумдан шланг чыгарып коюшуптур. Милициялар келип суракка алышып, апамды сиз өз балаңызга басым өткөзүп күч колдонгонсуз деп, ал иштин артын жапканы акча да сурашып, апам ал акчаны да бериптир. Кроче ал күндөр да өттүп кетти. Ошол күнү апамдын өмүрү мен үчүн канчалык кыскарганын эми сезип олтурам. Кана эми убакыт артка кайтсачы, ал кылгандарыма аябай өкүнөм, бирок........... ...................
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Nurmatova   22 Январь 2015 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

даары ичкен менен олбойт адам асынып алыш керек же венаны кесиш керек.......Журок тушка бычак сайыш керек.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   bossmos7   22 Январь 2015 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Просмотр сообщения Nurmatova (22 Январь 2015 - 14:41) жазган:

<br />даары ичкен менен олбойт адам асынып алыш керек же венаны кесиш керек.......Журок тушка бычак сайыш керек.......< br />
<br /><br /><br />


Нурматова Сен кайда билесин :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   umutarman   22 Январь 2015 - 17:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Бирок убакытты артка кайтарууга болбойт экен. Сүйгөнүм менен 3-4 жолу учураштык, ал жакшы окугандыктан май айында эле досрочный экзамендерин, дипломныйын бүтүрүп, кетээринде мени күт, мен сөзсүз үйдөгүлөрдү көндүрүп келем деди. Мен да окууну аяктадым, күн өткөн сайын өзүмдөн өзүм алым куруп, көңүлүм айланып, эмне болгонун сезбей жүрдүм. Ал убакта азыркыдай тест деген жок болчу, гинеколог врачка барсам, боюнда болуптур куттуктайм куйооңө сүйүнчүлөп кой деди, а мен врачтан аборт кылса болобу биз азыр жаш үй-бүлөөбүз бала күткөнү али пландаштыра элекбиз десем, врач мага аборттон кийин эч качан балалуу болбойсуңар деп койду. Эмне кылышымды билбей көп ойлондум, ыйладым, акыры чечкиндүү болоюн, менин сүйгөнүмдөн жаралган балам, балада эмне күнөө, балким бул сыноодур, сүйүп жүргөн адамым мени таштабайт, ал баары бир келет, алып кетет деп күтүп жүрдүм. Ошентип курсагымдагы балам 5 айга жакындап калганда атам байкап калып, апама айтып мени суракка алышты. Эч нерсени айтбастан качып кеттим. Мен көп жылдар бою күндөлүк жазчумун (азыр деле жазам), ал күндөлүктү ата-энем таап алып окушуп ыйлашыптыр. Мени издешип барышкан, мен эчак эле сүйгөнүмдү таап, аныкында "мурда эле турмуш куруп алганбыз" деп жашап жүргөнбүз. Ата-энем мени издешип, таап барганча билбейм аларга канча азаптар болду. А биз болсо бактылуу жашообузга бир айдан ашык убакыт болуп калган, күтбөгөн жерден ата-энем, тайэжем болуп барып калышты. Биздин жашообуз өзүбүзгө бактылуу болсо, кайын ата, кайын энеме "каалоосуз келин" болуп жүрдүм. Мени көрбөй эле жактырбашын мурда эле билгем, анткени бир күнү жатаканага сүйгөнүмө ата-энесинен передача келген (ал убакта автобустун шоферлорунан жашап турган адресиңди, аты жөнүңдү жазып алыскы облустарда турган ата-энелер продукты жөнөтүшчү) ичинде кат бар экен, Катта (ошол кат азыркы күнгө чейин менин колумда, сактап койгом): "Уулум биз сени Оштон үйлөнүп алсын деп, окуткан эмесбиз, Оштун кыздары бузук болот, сени түшүнөбүз сенин да башыңды ошондой бузуку кыздар айландырып салган турбайбы, окууңду эртерээк бүтүргөнү аракет кыл таэнең катуу ооруп жатат" деген сөздөрү бар болчу. Ошол үчүн окууну тез бүтүрүп сени келип алып кетем, ата-энемди көндүрөйүн деген боюнча дайыны жок болгон. Ал баргандан кийин таэнеси да көз жумуптур. Апасы болсо оорукчан эле. Ата-энем менен чогуу барган менин таэжем менен анын таэжелери уруша кетишип: "силер бай болсоңор кызыңарга күйөө сатып бергиле, алып кеткиле", деп, ал эми менин ата-энем: "менин чыдап жашаймын дегениме карабастан алып келе беришкен" . Кошуналарымдан уялып кийин мен кайра кетип, шаарда квартирада жашап жүрдүк, ал мага ата-энем сени менен жашай бер деп айтты десе ишениптирмин, көрсө ал центрге жумушка орношуп, эч кимге айтбастан жашап жүргөн экен. Бир күнү бир тууган тагасы издеп келип, мени көрүп, ага жинденип, урушканынан, ал мага Ошко барып жашайбыз сен барып тур, мен артыңдан барам деп, өзү мени таксиге салып, жөнөткөн. Сен мага ишенбесең мына бул менин паспортум деп өзүнүн паспортун да берген. Мен кайран башым, ошондо ушул иштеген башым болсочу эмне кеттим, аябай алыс жол болгондуктан, Ошко туну бир убакта келгенимден бараарга жерим жок ХБК да бир досумдун үйүнө бардым. Ал экөөбүз аябай жакын дос болгонубуздан, болгондун баарын айтып бердим, ал мага биздин үйдө жашай тур андан ары көрө жатарбыз деди. Мен эрте менен эрте туруп айылга бир тууган эжемдикине кеттим, эжеме баарын айтып бердим (ата-энем менин кайра кайтып келгенимди билген эмес). Эжем экөөбүз баня жактык, баня ысыганча кечки тамакка чүчвара кылып, тамактанып алып баняга түштүк. Баняда тайып жыгылып, менден суу кетип, ал убакта жаш болгонумданбы же андайды окуп билбегендиктенби эмне болуп жатканын да билбедим. Ичим ооруп жатат десем эжем мага суук өткөн окшойт деп ыссык чай ичирип ороп жаткырып койду. Жыгылып суу кеткенин айткан жокмун. Бир убакта этим ысып, кыйналып чыктым. Таэжемдин ичи ооруп жатат деп эжемдин балдары жездемди чакырып келишти. Жездем да эмне болгонун билбей, больницага алып баралы деп, күндө жүрүп, эми эле көчөдөн айдап кирген машинасы жүрбөй жездем убара. Акыры кошунасын айтып больницага жөнөдүк жолдо кыйналып, жанымдын оорусуна чыдабай бакырып ыйлап бараттым. Жездем менин төрөшүмдү билбестен эмне хирургиягабы дейт, ичегиси түйүлгөнбү деп, роддомго деп эжем бакырат. Больницага жетип келдик, жездем менен кошунасы насилкага салып көтөрүп киришти, төрөт канасына кирип мени жаткырып чыгышып кеткенден кийин эле 10 минуттан кийин төрөдүм. Төрөт каанасында 2 сааттай жаттым. Баламды тиктеп алып аябай ыйладым, тагдыры эмне болот, мен акмакмын, мен бузукмун, мен акылсызмын деп ыйладым. Мен турмушка чыгымыш болуп, саналуу эле айлар жашаганымды жакындарымдан башка эч ким деле билбейт болчу. Ошол үчүнбү мен өзүмдү бузук айым катары сезем, бул оюм мени кыйнап келет. Азыргача мен жолдошума да, мен жактырып, азыркы убакта сүйүп жүргөн адамыма да: "Чынын айтчы мени эмне деп ойлойсун, мени бузук, же "шлюха" деп ойлойсунбу" деп суроо берип келем. Азыр ушул моментте жазып жатып өзүмдү ушунчалык жек көрүп кеттим, мени канча тилдешсе да жарашат. Арадан 15 ке жакын жылдар өтсө да жүрөгүмдөн бул арман түшбөй келет: "Кана эми убакыт артка кайтса, ата-энем сыймыктанган, кыз болбойт белем, ата-энем алакан жайып күйөөгө узатып, ак-көйнөктү чайпалта кийип турмушка чыкбайт белем. душмандарыма тике карап сүйлөбөйт белем". Бул сырды эч ким билбесе да кээде жумушта, досторумдун арасында эрте тийип, төрөп койгон кыздар боюнча сөз ачылса эле уяла берем. Баары мени карап мага айтып жаткандай болушат. Мен өзүмө жийркенип, өзүмдү жек көрөмүн. Кээде мени болуп койгондо көрөм кызыңардын бактысы ачылганын деп капа болгон аяш энемдин каргышы тийгенби деп, ошондо окубастан эле турмушка чыгып кетсем болмок деп ызаланам.
Азыр мен силерге жазып жатып ыйлабадым негедир көкүрөгүм жеңилдегендей боло түштү. Өткөн күндөрдүн кесепетинен азыркы күндө да жүрөгүм ооруп келет, ошондуктан урматтуу окурмандар силерден мени кемсинте турган коментарийлерди жазбагылачы деп өзүмдү аяп, силерден суранып кетээр элем. Уландысын эртең. Мени түшүнүп мкамиле жасаганыңыздар үчүн Силерге рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   anGelina-345   22 Январь 2015 - 18:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 20 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 21 Авг 2019 21:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:..

Эже коп кыйнабаныз озунузду. Болоор Иш болду эми канча окунсон да убакыт артка кайтпайт. Ар адам жанылат жанылбаган адам жок. Алдыдагы кундорду жакшы откорушунузди тилейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   kg.sity93   22 Январь 2015 - 18:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 15 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 10:15

Куноолумун деп озун жей Берген да болбойт.откон иш отту кетти.кайра келбейт.бул тагдыр мандайга жазылган.. алдынкы жашоону ойлоо керек..бактылуу болуу.балалуу болуп очор бачар болуп кетсениз эле.балдарга алаксып унутулат.куйоонуз сизди суйуп бирге жашагысы келеби.келсе озунорчо жащай бергиле да..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Nariste...12   22 Январь 2015 - 18:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Учурда уй булоолу окшойсуз э? Ал кундор кетти, ошол кетирген каталарыныздан турмуш сабактарын алыпсыз. Бактылуу болунуз. Журогунузду эмне ойкоп, кыжаалат кылчу сырларынызды бут кагаз бетине жазыныз. Бул бир жагынан сизге женилдик жана ден соолугунузга да таасирин тийгизбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Diamond09   22 Январь 2015 - 19:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 581
  • Катталган: 06 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Июн 2017 17:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:In my own World Fantasy

Бул иштер уже болуп отуу ушунча озунузду жемелединиз, уруштунуз ушинтип кейишти токтотпосонуз! Туура псих больницага тушосуз. Нервтин барын жейсиз, ден-соолуктан жок болосуз! Так что эми азыркы жана эртенки жашоонуз учун жашашты уйронунуз.
1ден бекер окупмун деп жатасыз. Эгер ата-энениз окутпай куйоого бергенде, азыр ушул болумдо "Мени ата-энем окутпай койгон, арман кылып калдым, эл катары жаш кезимде ойноп кулгон эмесмин демексиз."
2ден суйгонуз чоголоп кечирим сураганда бекер кечирипмин деп жатасыз. Эгер кечирбей болок адамга турмушка чыканызда, кокустук болуп ажырашып же катуу урушса "Суйгонумо жетпей арманда калдым, ага тийгенде жыргал жашоодо жашамакмын демексиз"
Здон азыркы акылым ошондо болгондо депсиз. Эч качан андай болмок эмес, себеби адамдын коз карашы жаш откон сайын озгоруп, ошого карап акыл топтой.
Туура тушунгон болсом сиз азыркы куйоонуздон мени бузукуу "шлюха" деп ойлойсунбу деп сурайткенсиз? ?? Кана сизде самооценка? Анчалык озунуздуу жерге урбан. Куйоонуздун астында кадыр-баркынызды тушурбон да.

Кыскасы эртерээк жазып бутурсонуз. Биз да сиздин тагдырынызды окуп керектуу жерлерин анализдеп, сабак боло турганын конулго тутуп алалы.
Умей говорить в глаза, a не за спинoй.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   rusalka.kgz   22 Январь 2015 - 20:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Май 2015 20:48
  • Жынысы:Аялзаты

Аттин ай..убакытты кайтарып алууга болбойт.Турмушта баары болот эн негизгиси биз аны кандай кабыл алсак ошондой таасирин берет,журоко жакын алсак анда журок оорулу болуп калышыбыз мумкун.Ошондуктан болгон ишке Оомин деп точка коюш керек. Кимде ким отумушу (прошлый) менен жашай берсе ал адамдын келечеги жок деген соз бар.Бул жашоодо жигитине алданган жалгыз эле сиз эмес,тою жок турмушка чыккан жалгыз эле сиз эмес.Главное бактынызды ойлонуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 05:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: