"Дары ичип эле атам, бирок эч таасир берген жери жок. Дагы эле ооруп жүрөм",-деп муңкангандарды көп эле көрүп жүрөбүз. Алар кеп дарыда эмес, дарыны ичүүдө экенин билишпейт. Анткени, тез айыгуу үчүн дарыны да туура иче билүү керек.
Дарыны туура ичүү - эрте айыгуунун жолу. Пайдалуу кенештер....
#1 14 April 2015 - 11:43
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 14 April 2015 - 11:46
Эмне менен ичүүгө болбойт?
Чай
Эгерде дарыны чай менен ичсеңиз, алар дарынын курамын, ден соолукка тийгизүүчү таасирин өзгөртүп жиберет. Чайдын курамындагы танин аттуу заттын таасири менен ичилген дары көпкө чейин эрибей жүрө берет, натыйжада, организм ал дарыны оңой менен кабыл албайт.
Кофе
Дарыны өтө тездик менен көз ачып-жумгуча организмден айдап чыгат да, дары сизди айыктыруу үчүн жардам берүүгө да үлгүрбөй калат. Эч пайдасы болбойт.
Шире, компот
Ширенин курамындагы мөмө-жемиш кислотасы дарынын курамын бузат, дарылык касиетин өзгөртөт. Дарынын таасири абдан жай болуп, эч жардам бербейт. Ууланууга алып келет, ашказанды жабыркатат. Ширенин айрым түрлөрү болсо, тескерисинче, дарынын өлчөмүн (дозасын) ашыкча көбөйтүп жиберүүгө жөндөмдүү келишет. Ошентип, адамды күтүүсүздөн өлүмгө да алып келиши ыктымал.
Сүт
Бекеринен ууланган адамдарды илгертеден бери сүт менен сактап келишпегендир. Анткени, сүт дарынын таасирин нөл пайызга жок кылат.
Газдалган
суусундуктар
Курамындагы ортофосфор кислотасы жана башка химиялык кошулмалар (темир, кальций ж.б.) дарынын курамындагы активдүү заттарды, кычкылдуулугун бузат да, ашказандын кычкылдуулугу өтө азайып, дарынын дарылык касиети начарлайт.
Спирт ичимдиктери
Алкоголдук ичимдиктин кайсы түрүн болбосун, эгерде дары менен ичсеңиз, дароо артериалдык кан басымыңыз түшүп, өлүм алдында жатып калышыңыз ажеп эмес. Мындан тышкары, организмде ички кан агуу жана мээге кан куюлуу да болушу күтүлөт.

#3 14 April 2015 - 11:48
Дары ичүү
боюнча кеңештер
Ичип жаткан дарыны аягына чейин үзбөй ичүү керек. Бир канча күн ичип, анан токтотуп койсоңуз, анын организмге эч таасири болбойт.
Дары ичүүнүн алдында көрсөтмөгө көңүл буруңуз. Эгерде чайналуучу дары болсо чайнаңыз, сорулуучу болсо соруңуз, тилдин астына салуу керек болсо, анда ошондой кылыңыз.
Таблетканын дал ортосунда бир сызык бар болсо, ошол жерден экиге, Х түрүндөгү сызык бар болсо төрткө бөлүп туруп ичүү зарыл. Эч кандай сызык жок болсо, бүтүн бойдон ичүүгө тийишсиз.
Айрыкча сырты жылтырап, жылмакай болуп өзгөчө капталган дарыларды эзип ичкенге, ортосунан бөлүүгө, тиш менен чайноого болбойт! Бүтүн бойдон суу менен жутуп жиберүү керек.
Бир эле учурда бир канча таблетканы бир ичүүгө болбойт. Мунун зыяны чоң. Эгерде ичүүгө туура келип жатса, анда ар бир таблетканын аралыгын эч болбосо 30 мүнөттөн кылып ичиңиз. Мисалы, антибиотикти температураны түшүрүүчү же уктатуучу дары менен бирге ичүүгө уруксат эмес. Андыктан, дары ичүүдөн мурда аны кантип ичүү керектигин сөзсүз түрдө врачтан сурап алуу кажет.
Капсуладагы дарыны турган же отурган абалда 100 граммдан кем эмес суу менен ичүү керек. Андан аз суу менен ичсеңиз, капсула ашказандын капталына чапташып калат.
Көпчүлүк дарылар ачкарын ичилет. Ачкарын ичкенде ал 10-15 мүнөттөн соң толук бойдон канга өтүп кетет. Таасири тез болот. Ал эми тамак менен бирге ичкенде тамак ашказандагы дарынын тез эрип кетишине тоскоолдук кылат. Тамактын курамындагы айрым заттар дарынын курамын өзгөртүп, дарылык касиетин жок кылып жибериши да күтүлөт. Бирок кеп мында эмес, башкада. Ичилген тамак 4-7 саатка чейин ашказанда тура берет. Демек, ичкен дарыңыздын да эрибей турушу ошончо убакытка созулат! Ошентсе да тамак менен бирге же тамактан кийин ичилүүчү дарылар да бар экенин унутпаңыз. Бул дарынын курамына жана организмге тийгизген таасирине жараша болот. Айрым дарыларды ачкарын ичсе зыяны көп. Андыктан, ачкарын ичүүчү дарыны тамак менен, же тамак менен ичүүчү дарыны тамактан кийин кылып, кыскасы, туш келди иче бербеңиз. Көрсөтүлгөн эрежени бекем сактаңыз.

#4 14 April 2015 - 11:51
Антибиотик
деген эмне?
Антибиотик - бул жугуштуу оорулардын алдын-алуу жана айыктыруу үчүн ичилүүчү дары. Грек тилинен которгондо "анти" - "каршы" , "биос" - "жашоо" дегенди түшүндүрөт. Антибиотик организмдеги ооруну пайда кылуучу бактериялардын, микробдордун өсүп-өөрчүүсүн токтотуп, өлтүрүп жок кылат.
Эске алуучу нерсе: Антибиотиктерди кайра-кайра колдоно берүүгө да болбойт Анда организмдеги ооруну пайда кылуучу бактериялар жок болбостон, тескерисинче, антибиотикти азык катары колдонуп, ого бетер көбөйө баштайт. Ар бир жолу ичкен сайын организмдеги бактериялар ошол антибиотикке каршылык көрсөтүүгө өтүшөт да, акырындык менен ал дарынын таасири жок болот. Ошондуктан, оорусаңыз дароо эле антибиотик ичпеңиз. Башка дарылар таптакыр жардам бербей калганда, эң акырында гана ичүүгө уруксат.
Антибиотиктер кээде организмге зыян да алып келет, башка ооруларды пайда кылат. Ошондой эле айрым ооруларды айыктырууга таптакыр жардам бербейт. Жакшысы, врач менен гана кеңешип ичүү зарыл.

#7 14 April 2015 - 15:57
Эн жакшы кенештер!
мен азыр балама прививка алып келип,температура чыгып,дет.парацетамол ичирип атам.талкалап сутумо аралаштырып ичирип койдум.Боло береби?
Анан дагы башка дарыларыда бар эле.аларды удаа удаа эле берип аткам.эми 30мунот аралыкта беришим керек экенда ээ.

Супер-Инфо
super.kg
видео