Бакиевдин өлкөгө келишине кандай карайсыңар?
#81 07 Апрель 2016 - 08:24
#82 07 Апрель 2016 - 10:22
у кучтору топ озуно келип,ушул жаатта да онугуу болгон. Билишимче Атамбаев бийликке келгенден бери согуштук техникалар сатып алынбай калды, же мен кабарсызмын. Куралдуу кучтордун башында туруп берген. Президенттерди айдап чыгарып койгон туура эмес.
#83 07 Апрель 2016 - 12:33
#84 07 Апрель 2016 - 12:45
#85 07 Апрель 2016 - 15:19
#86 07 Апрель 2016 - 15:26
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#87 07 Апрель 2016 - 21:12
#88 07 Апрель 2016 - 21:59
#89 08 Апрель 2016 - 00:37
#90 08 Апрель 2016 - 11:34
#91 08 Апрель 2016 - 11:47
#92 08 Апрель 2016 - 14:13
Откондо Бир агай суйлоп калды мурдатан бери Кыргызстандын башкаруучулары туштуктон болгондо мамлекет онуккон,мин талашып тартышсак дагы генетика жактан туштуктуктордо элим жерим онуктуром деген намыс деген нерселер бар а тундуктуктор орус чалыш болуп кетишкен,мына Бакиев дагы туштуктон президент болгондо мамлекет кыйла онукту кызыкчылыктарга Караганда мурдатан туштуктон башкаруучу чыгышына копчулугу каршы экендерин айтты со стороны ойлоп корсон созундо Бир аз чындык бардай. Анын устундо кече шайлоодо дагы туштуктон чыккан лидерлерди Ар шылтоо менен жок кылды Бул живой пример болуп бере алат.
Преподтун созун жаздым болунуу жарылуу Деп бан кылып салбан админ ака и так биринчи нигим банда

#93 08 Апрель 2016 - 14:32
Missing-u (08 Апрель 2016 - 14:13) жазган:
Откондо Бир агай суйлоп калды мурдатан бери Кыргызстандын башкаруучулары туштуктон болгондо мамлекет онуккон,мин талашып тартышсак дагы генетика жактан туштуктуктордо элим жерим онуктуром деген намыс деген нерселер бар а тундуктуктор орус чалыш болуп кетишкен,мына Бакиев дагы туштуктон президент болгондо мамлекет кыйла онукту кызыкчылыктарга Караганда мурдатан туштуктон башкаруучу чыгышына копчулугу каршы экендерин айтты со стороны ойлоп корсон созундо Бир аз чындык бардай. Анын устундо кече шайлоодо дагы туштуктон чыккан лидерлерди Ар шылтоо менен жок кылды Бул живой пример болуп бере алат.
Преподтун созун жаздым болунуу жарылуу Деп бан кылып салбан админ ака и так биринчи нигим банда

Вот именно точкасын айтыпсын. Туштук эли туштуктук болсо гана жакщы жагын коро алат тундуктон болсо козу кор болуп калат. Как бутдо дубалап койгондой. Жогору жакта ким эмне кылганы жазылып турса да жоок деп танып турасынар. Акты ак, караны кара дей албаган карангы экенсинер Бакиевди колдогондор. Силерге тезек тергиле, светтин балекетин алгыла деп бекер тамак берип койсо ой президенттей башкарат экен деп баш ийип бергенди олло жактыргандар. Уй булосун эле аралаштыганы болбосо Бакиевде вид бар болчу дейсинер. Бирок казак, орустун президенттери аны айылдык кишидейле корчу прессаларда деле бар. Уй булосун башкаралбаган адам мамлекетти кайдан. Жакшы болсо отурат эле го торубуздо. Кана??? Мен эч кайсы президентти укмуш дебейм, баарынын катасы бар, бирок аллергияны карматып дунганды мактай бербегилечи. Жакшы болсо силерди таштап качпайт эле. Свет азыр эле эмнс силер суйгон президентинердин убагында 2 эсе кымбаттаган билбесенер билип алгыла. Пенсияны котордук деп 200 сом кощуп берген, ал азфр деле кошулуп турат.
#94 08 Апрель 2016 - 14:52
men_da_kattaldym_xexe (08 Апрель 2016 - 14:32) жазган:
Чындык чычалатат да ушинтип, сенин козун кор болсун жакшы адамды баалай албаган!
Бакиев келсин лично мен оз добушумду берем!
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#95 08 Апрель 2016 - 15:49
Senuchunzhashaim (08 Апрель 2016 - 14:52) жазган:
Бакиев келсин лично мен оз добушумду берем!
Мен анчалык сени каргабадым чон кыз. Сендей билими жок башкача айтканда базарская бабалар учун албетте Бакиев жакшы болчу. Чындык чычалатат дегег бул жерде таптакыр тескерисинче Бакиев качып журот демек менде уйку тынч)) Кочого жатып ыйласанар да мин жакшы деп чычаласанар да кайтып келбейт, кайрат кылгыла))
#96 08 Апрель 2016 - 16:35
men_da_kattaldym_xexe (08 Апрель 2016 - 15:49) жазган:
Бакиевдин денгээли - колхоздун бригадиринин денгээлиндей эле, "ушунча жыл жашап, бойрогум кайда экенин эми билип отурам" деп, олтургондой. Же болбосо 2006 жылдын беле, же 2007 жылдын беле, Нооруз майрамда жокорлору менен аянтта шоро сатып отурган аялга келип, шоро ичип, анан чонтогунон 1000 сом алып чыгып, "Я угощаю всех" деп.
АША - оозуна келгенин оттоп ийген жери бар. АША кучтуу президент эмес, алсызыраак.
Ал эми суйлогон жагынан президенттерден Акаев мыкты суйлоочу, бирок колунан эч нерсе келичуу эмес, катын-балдарына олкону башкартып.
Негизи, Президенттике татыктуулар Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов анан Бекмамат Осмоновдор эле. Калк жакшы билет, Бекмамат Осмонов Жалал-Абадда губернатор болуп турганда Бакиевди кочукко тээп кууп чыкканын. Калп айтпасам Бакиев замгубернатор болсо керек эле. Кийин аны Акайыч Тогуз-Торого кайра аким кылып алып барган.
#97 08 Апрель 2016 - 16:44
Бекмамат Осмонов: эл эсинде калган өмүр
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновду мындан 16 жыл мурда эл ортону элүүдөн жаңы ашып, күчкө толуп турган кезинде 28-октябрда шум ажал алып тынган эле.

К ечээ жакында коомдук ишмер Анарбек Сатыбалдиев студиябызга келип, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон маркумдар мурдагы премьер-министрлер Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Анарбек Бакаев, мурдагы маданият министри Чолпонбек Базарбаев, парламенттин мурдагы депутаты Сатыбалды Жээнбековдун өрнөктүү өмүр жолу, эл үчүн жасаган иштери унутулуп баратканын айтып, аларды эскерип туруу учурдагы аткаминерлердин парзы экенин кыйытты.
Аны менен баарлашып, учурунда эл үчүн жасаган иши, эр мүнөзү менен караламан калктын эсинде калган Жалал-Абад облусунун алгачкы губернатору Бекмамат Осмоновдун бизге белгисиз жактарынан маалымат алдым.
Бекмамат Осмоновдун жылдызы 1988-1990-жылдары Токтогул райондук комитетинин 1-катчысы болуп иштеп турганда улуу акын Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесин Кетмен-Төбө өрөөнүндө 125 боз үй тиктирип, жогорку деңгээлде өткөргөндө бир жарк этип жанган. Ошондо Москва бийлигинен Токтогул районундагылар үчүн электр кубатынын баасын бир тыйындан төлөтүүгө жетишкени эл арасында аңыз болуп айтылып келет.
1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы, бир жылдан кийин жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган. Ал жерде облустун инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө, жолдорду оңдотууга зор салым кошуп, анын демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы уюшулган.
Каралоодон кийин текшерүү башталып...
Маалыматтарга таянсак, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, анын эл үчүн жасаган иштери, карапайым калк арасындагы кадыры ошол кездеги бийликке жага бербей, ага каршы ар кандай кутумдар уюштурулган. Бекмамат Осмоновду жакындан билгендер анын боюна жараша ички дүйнөсү да кенендиги, бетке чабар тайманбастыгы, чынчылдыгы, эр жүрөк көк жалдыгы бар эле деп калышат.
Аны облустун “падышахы” деп жалган жерден жамандашса, Орусиянын “Комсомольская правда” гезити Осмоновду “Эскобар” деп атап, көлөмдүү макала жарыялаган. Ал эми Пабло Эскобар Колумбиядагы ири наркобарон, ХХ кылымдагы канкор, каардуу кылмышкер катары тарыхта аты калган.
Мына ошол окуяга күбө болгондор белгилегендей, борбордон Жалал-Абад облусуна кайра-кайра текшерүүлөр барып, Осмоновдун бир кемчилигин табууга аракеттер болгон. Ошондой текшерүүлөрдүн бирине барган Анарбек Сатыбалдиев буларды эскерди:
"Облустун чарбалык, финансылык документтерин бүт текшердик. Ошол жердеги катардагы кызматкерлер, аппарат менен жолугуштук. Коомчулуктун пикирин уктук. Облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринен тартып, жөнөкөй кыматкерлер менен жолугуштук. Бекмамат Осмоновдун дарегине нааразы болгон бир да адамды таба албадык. Атүгүл жаңы үй салган жерге чейин бардык. Эми ал жерде жашаган башка да адамдар бар экен. Салып аткан үйүнүн проектиси деле өтө өзгөчө эмес, башкалардан айырмаланбаган эле катардагы адамдар салгандай үй.
Анан мен финансылык жана башка кагаздарды карап көрсөм бюджеттин эсебинен же мамлекеттик финансы тартибин бузган фактыны көрө алган жокмун. Анын баары боюнча справкаларды толтуруп, тийиштүү жерге тапшырганбыз. Аны менен жеке жолугушуп сүйлөшкөн учурум болуп калды. Ал кишинин ишке болгон көз карашы абдан бийик, жооптуу жетекчи экен.
Мисалы, Жалал-Абад облусунда Кара-Алма, Сары-Челек, Көк-Арт, Арсланбап, Орток деген абдан кооз жерлердин бар экенин, сейрек кездешүүчү мөмө-жемиштерге бай экенин, курорттун тегерегинде мистелер, минералдык суу бар, мына ушуларды жакшылап иштетип, туризмди өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеген. Ушунун баарын системага салып, жашылча-жемиш иштетүүчү ишканаларды куруп, продукцияны экспортко чыгарып, жумушчу орундарды түзүүгө болоорун айткан.
Жалал-Абад шаарын тоого чыгып карасаң жапыз. "Мына ушул жерге бийик, кооз мейманканаларды салсак жаратылыштын байлыгына чет мамлекеттен адамдар өздөрү келип, элибиз тез өнүгөт" деген болчу".
Ичи кенен, улут үчүн күйгөн адам
Бекмамат Осмоновдун замандаштары аны кыргыз деп улутка күйгөн патриот, оюндагысын бетке айткан, тайманбас эр мүнөз эле деп сыпатташат. Анарбек Сатыбалдиевдин айтымында, ал көп окуганы үчүн бардык жагынан төп келишип, мыкты жетекчилик сапаттарга жетишкендиги байкалчу.
- Бул киши адабиятты, маданиятты, искусствону, спортту абдан жакшы түшүнүп, айыл чарбасына ой-чабыты кенен киши экен. Көп окугандыгы анын классиктердин чыгармаларына болгон көз карашынан билинди. Көрсө ал адабий китептерди көп окуптур. Ал эми мүнөзүнө келсек, мындай караганда сымбаттуу эмес беле. Кандай адам болгондо дагы сырткы келбети менен эмес, ички маданияты менен бааланат. Анын сыңарындай Бекмамат Осмонов сыртынан караганда канчалык алыбеттүү, зор адам болгону менен ичи жылуу киши экен. Анан кишилер менен сүйлөшкөндө “сен” деп кекетип сүйлөгөнүн көрө албадым. Сүйлөшө келгенде башка адамдардан айырмаланган күркүрөгөн үнү болсо да, сылык-сыпаа, ички маданияты, дүйнө таанымы кенен киши болчу.
Осмоновдун замандаштарынын айтымында, 1992-жылдын октябрь айында Акаевдин бийлиги Бекмамат Осмоновду кызматтан алууга чечкиндүү киришип, аны кызматтан алуу үчүн Бишкектен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрү да тартылып, Жалал-Абадда чоң жыйын болот. Карапайым эл Бекмамат Осмоновду колдоп, кызматтан алууга каршы турат. Ошол учур тууралуу Анарбек Сатыбалдиев буларга токтолду:
- Мына ошол жыйындын соңунда “мени кайсы кызматка которобуз десеңер даярмын. Бул кызматка менден татыктуу адам болсо өткөрүп берейин”, - деп элди бөлүп-жарбай, эч кандай сөз айтпай, мыйзамга баш ийип өткөрүп берген. Азыркы айрым аткаминерлерге окшоп митинг-пикет өткөрбөй, жолду тоспой, артымда миңдеген электоратым бар дебей эле кызматтан кеткен.
Бул кишинин иш бөлмөсүнүн алдында күндө ар кандай кишилер толуп турганын көргөм. Анан алардан "силер арызданып келдиңерби, эмне маселе менен келдиңер? Кабыл албай атабы?" деп сурадык. Алар "жок, биз бул киши менен бет маңдай сүйлөшкөндө бардык маселени кабыргасынан коё алабыз. Эмне айтса, кайсы сөз оозунан чыкса ошону аткарат. Ал өз сөзүнүн кожоюну. Ошол үчүн биз бул жерге келип, кезекте туруп атабыз”, - деген.
Бекмамат Осмонов көзү тирүүсүндө телевидениеге берген интервьюсунда бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кызматтан кеткенин белгилеген.
- Акимдиктен кетип калганымдын себеби, биринчиден, мен АКШга кеткенде менин ордума кызыкдар адамдар катуу тополоң кылышып, ар кандай саясий оюндарды жүргүзгөн. Бирок ошол адамдардын бирөө да жыргап кеткен жок. Бардыгы кийин оор абалда калышты. Эч качан буга таба дебейли, Кудай дейли. Ар бир адам ушул дүйнөгө жакшы жашап, жакшы турмуш куруп, жакшы күндөрдү көрүш үчүн келген. Ылайым өмүрү жакшы өтсүн. Бирок эң жаман жери - кандай иш кылганыбызда да эртең бирөөгө чапкан чалгы кайрылып келип өзүңдү чабарын унутпаш керек. Мен биздин бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим.
Башкаларга үлгү
Бекмамат Осмонов 1989-1995-жылдары чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда өлкөгө пайда алып келбеген, улуттун кендирин кесе турган маселелерге каршы пикирин билдирип турганы менен да эсте калды.
Коомдук ишмер Анарбек Сатыбалдиев Бекмамат Осмоновдун өмүр таржымалы эскерилбей баратканын айтып, азыркы мамлекеттик жетекчилер үчүн анын уюштуруучулугу, сөзгө турганы, иш дегенде кара жанын карч уруп иштегени, эл арасындагы кадыр-баркы, жетекчилик мүнөзү, мырзалык сөөлөтү үлгү болуш керек деп эсептейт.
- Бекмамат Осмоновдой иштеп кеткен инсандардын эмгеги эч качан унутулбаса. Ал аким болуп иштедиби, Жогорку Кеңеште депутат болуп жүрдүбү, министр болудубу, мамлекеттик кызматтарда жүрдүбү, айтор эл үчүн жанын үрөп, татыктуу иштеген эмгектерин архивден көтөрүп чыгып, теледен-радиодон бердирип, мектеп программаларына киргизип, “Жаңы кыргызстандын тарыхы” деп жазылып калса жакшы болот эле. Мына, азыр саясий партиялардын, фракциялардын шарапаты менен келген айрым жетекчилердин деңгээлин көрүп эле атпайбызбы. Эки ооз сөздү жөндөп кошо албагандар бар.
Ал эми Султан Ибрагимовдой, Бекмамат Осмоновдой адамдардын эмгеги айтылып турса, орусча ой жүгүрткөн, орусча чалып сүйлөгөн кийинки муундарга өрнөк болот эле. Мындай жетекчилердин маселе көтөрүү, сүйлөө стили, сөзгө конок берүү стили, жыйындарда отуруу, өзүн-өзү алып жүрүү стилинен үлгү алуусу зарыл.
Аскар Акаев өлкөдөн качып кеткенден кийин "Dе-факто" гезити анын маегин чыгарган. Анда ырахматылык Бекмамат Осмоновдун: "Бакиевди кызматка коюп бекер кылып атасыңар. Бул жеткен интриган, азапты кийин ушундан көрөсүңөр" , - дегенин укпай койгонун айтып өкүнгөнүнүн канчалык чындыгы бар экенин тарых тастыктар.
Үзүрлүү эмгек жолу
Бекмамат Осмонов 1946-жылы 14-майда Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы мектеп интернатты 1963-жылы аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине кирген жана аны 1968-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
Бекмамат Осмонов эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Катта-Талдык” асыл тукум кой заводунда зоотехник-селекционер болуп иштөөдөн баштайт. 1968-1969-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-1971-жылдарда кайрадан “Катта-Талдык" совхозунда башкы зоотехник болуп эмгектенет. 1971-1972-жылдары Араван районунун айыл чарба башкармасына башкы зоотехник болуп дайындалат.
Ал 1972-жылы Алай районунун “Чоң-Алай” совхозуна директор болот. Ал бул кызматта 1978-жылга чейин үзүрлүү иштеген. Бул мезгилде “Чоң-Алай” совхозу алдыңкы совхоздордун катарында болуп, ири ийгиликтерге жетишкен, элдин социалдык-экономикалык абалы жогорулаган.
1978-жылдын ноябрь айынан баштап ал Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. 1985-жылы партиянын Ош облустук комитетине айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматына которулат.
1988-1990-жылдары партиянын Токтогул райондук комитетинин 1-катчысы. 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңештин төрагасы болуп шайланган. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган. Бул кызматта ал 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген.
Андан кийин КЫРГЫЗАГРОИМПЭКСтин түштүк филиалында башкы директор, 1994-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 1995-жылы Ош облустук кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Андан кийин республикалык Токой агенттигинин Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча башкармалыгынын башкы директору, министрдин орун басары болуп эмгектенет. 1996-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облусунун токой чарба башкармалыгынын директору болуп турган.
Облустук Кеңешке 7 жолу депутат болуп шайланган. 1989-1995-жылдары чакырылган, эл оозунда "легендарлуу" атыккан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз элине сиңирген эмгеги үчүн 1984-жылы “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган. 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган.
Бекмамат Осмонов жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операция жасалып, 1997-жылы 28-октябрь күнү 52 жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында 1998-жылдын январь айындагы №745-1 токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебине Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылган.
http://www. [moderated]/content/ kyrgyzstan_politics_osmonov_remember/25152932.html
#98 08 Апрель 2016 - 16:52
ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ : БАКИЕВДИН МАМЛЕКЕТТИК КЫЛМЫШТАРЫ ТОЛУП КЕТТИ
«Реформа үчүн” кыймылы 2-ноябрга белгилеп жаткан митингге карата Жогорку Кеңеш өз көз карашын ушул жума аягы билдирмек болууда. Мындай чечим кечээ кабыл алынып, талкуунун жүрүшү КТРден да көрсөтүлмөк болууда. Ошондой эле президент менен оппозициянын ортосундагы диалогго салым кошуу үчүн депутаттык топ түзүү сунуштары да айтылды. Парламентте ушул жана башка жаңылыктар тууралуу “Азаттык” менен депутат Дооронбек Садырбаев ой бөлүштү.
- Кечээ кабыл алынган чечимге ылайык, Жогорку Кеңеш жетекчилери ошол эле парлaменттин өзүндө отурган “Реформа үчүн” кыймылынын 2-ноябрдагы митингге карата өз көз карашын билдиргени жатат. Сиз кесиптештериңизден кандай бааны күтүп жатасыз. Сындагандар, же ортомчулар басымдуулук кылабы?
- Басымдуулук кылгандар азырынча митингге чыгабыз деп аткандар. Бирок «Алга Кыргызстан” партиясынын лидерлери токтотуп койбойсунарбы деп, народный дипломатияга салып, бешинчи күнү талкууга чыксакпы деп атышат. Биз толук бойдон кабыл алдык. Эгерде түз трансляция болсо, бешинчи күнү эмес онунчу күнү да талкууга чыгууга даярбыз. Президент да,башкасы да келсин, биздин айтып аткан ой-пикирибизди өз кулактары менен угуп, өз көздөрү менен көрүп кетсин деп атабыз. Бирок азырынча түз көрсөтүү, түз уктуруу чечиле элек.
- Демек ушул сунушту сиздер оң эле кабыл алдыңыздарбы?
- Оң эле кабыл алдык. Себеби митингге чыкканда деле биздин айтарыбыз ошол. Биздин айта турган ойлорубуз элге, Бакиевдин кулагына, назарына жетсе экен деп атабыз. Бүгүнкү күндө Куловдун да, Бакиевдин да мамлекеттик кылмыштары толуп кетти. Бул жолу жөн эле адабий чегинүүгө жол бербестен, статьялар боюнча гана сен камалышың керек деп айып коюп сүйлөйүн деп отурам.
- Эми ошол талкуунун жыйынтыгында парламенттин атынан чечим деле кабыл алынбаса керек?
- Парламенттин атынан чечим кабыл алынбайт, бирок парламентке «Алга Кыргызстандан” келген депутаттар кесиптешкер катары сурандык эле, маселеттешип албайлыбы, кийин чатак чыгып жүрбөсүн деп. Биз оппозиция мүчөлөрү бетме-бет сүйлөшүүдөн, чындыкты айтуудан, кимдир бирөө менен тегерек столдо отуруп сүйлөшкөндөн эч качан качкан эмеспиз. Жалгыз гана өтүнүчүбүз - биздин сөздү бузбастан элге жеткире алышса, биз дайым даярбыз.
- Акүй демилгечи болуучу тегерек стол качан өтөөрүнөн кабар барбы?
- Ал башка. Маселе жума күнү боло турган сүйлөшүүдө. Ал эми Акүй демилгечи боло турган тегерек столдун жыйынына оппозициялык маанайдагы депутаттардын 90 пайзы катышпайбыз деп атышат. Себеби алар дайыма мурдагыдай өзүнүн шартын коюп, калп айтат, убадасына турбайт, элге жаман көргөзгөнгө аябай машыгып алышты. Өзгөчө КТРди Азаттыктын мурдагы жетекчиси Кыяс Молдокасымов жетектеп калгандан кийин пропаганданы теңирден тескери жүргүзө башташты деген пикир чыгып атат.
- Кечээ Жогорку Кеңеште массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга кылмыш кодексине сунуш кылган өзгөртүүлөр да каралды. Ошол сунуштардын бирине ылайык, экстремисттик делген материалдарды таратты деп айыпталган журналисттер 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө отуруп калышы мүмкүн экен. Бей өкмөт уюмдар албетте буга тынчсызданып жатышат. Эгер ушул мыйзам колго салынса, колдойсузбу?
- Мен кечээ күнү балдар менен сүйлөштүм, угуп отурдум. Бир эмес эки мыйзам сунуш кылынды. Экөө тең жарабайт. Оппозиция жөнүндөгү мыйзамы дагы сунуш кылынды. Экстремисттик жөнүндөгү мыйзамды дагы кабыл алганга болбойт. Анда 2-май күнү митингге чыккан адамды ошол мыйзамга таянып жөн эле колунан жетелеп камак кое берсе боло тургандай болуп калыптыр. Мыйзамды шашып кайсы бир окуяга карата, кайсы бир адамдын кызыкчылыгына карата жазууга болбойт. Мыйзам деген баарына бирдей болуш керек. Экстремизм, оппозиция жөнүндө мыйзам болуш керек. Ал узун-туурасынан изилденип акылдуу, бей тарап адамдар тарабынан жазылыш керек, президенттин администрациясындагы кошоматчылардан эмес.
http://www. [moderated]/content/ article/1256515.html
#99 08 Апрель 2016 - 17:04
men_da_kattaldym_xexe (08 Апрель 2016 - 15:49) жазган:
Озундун билимин жок! Билимин болгон убакта да оз оюн жок, ким билет Аша убагында мыктылап тойгузуп койсо керек да курсагыны убактынчалык азгырыка азгырылып Кыргызстанды жеп бутургуло ошол сен ишенген бийлигин менен! Мага жооп жазбайлекойчу сен. Оставь свое мнение при в себе! Ученаямиш. Билимдуу болсон билимсиздерге тенелбейлекой!
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#100 08 Апрель 2016 - 21:42
Senuchunzhashaim (08 Апрель 2016 - 17:04) жазган:
Мага ушунчанын ичинен жооп жазган бир эле сенсин. Башкалардын оюн да сыйлай бил, ниже плинтуса сенин уровенине эч ким тушпойт. Каякта чыр болсо как проститутка сен журосун. Катуу айтсам кечир, жеткирип жатасын. Мага жооп жазган озун, кайра чырдаган озун. Алыс ойно. Мен Атамбаевди жактабайм деп жогоруда айтып оттум.