Суперстан: Арзан баанын азгырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров

#101 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ооба, Гүлшат учурунда көзгө толумдуу, бой мүчөсү келишкен кыз болучу. Мектепти бүткөн жылы, жаңы гана окууга өткөндө турмушка чыккан. Бирок, турмушка чыгуу али планында жок болучу. Күйөөсү бир көрүп эле алакачып алган, салтка таяп. Анарбек өзүнөн үч жашка улуу, аскерден жаңы эле келип, аскердик сыны али тарай элек,чачын суулап тарап, шымынын кырын чыгарып үтүктөп, көзгө сүрдүү көрүнүп турган кезинде Гүлшат аны чанып кете албай, ал турсун тик карай албай сүрдөп, каршылык көргөзбөй олтуруп калган болучу. Төрт жыл жашап, экини төрөгөндө, кырсыктап каза болгон. Эки кызы менен калган Гүлшат ошол бойдон турмушка чыккан жок. Айласы кетип турмушунан аксап турган кезде Бактыбайды кул базардан үйүнө чакырып келип иштетем деп, буюмун жоготуп алып олтурган үчүн, ошол күндөн бери бүт дитин бир гана жоголгон буюмду табуу көкүрөгүн өйүп, минтип чала уккан сөздү чындай көрүп, таттуу кыялга батып, өзүнчө эле Бообекке жолугууга тымызын даярданууда. Бул да болсо илгери үмүттүн жанганынан белги берип, жакшы тилекти жандырды.Эртеси күнү күнгө дүйшөмбү болуп, бул күн коомдук иште иштегендер үчүн оор күн болуп саналат. Андан дагы аптанын биринчи күнү Ош базарында тазалануу күнү болгон үчүн Гүлшат базарга барган жок. Ал эми шейшемби күндүн келишин күтүп, түнү бою уктабай, таң атканга чейин сана чегип, Бообекке жолуканда сөздү эмнеден баштасам болот деп, өзүнчө эле чоң жыйында сүйлөй турган адамдай даярданганы узун сабак кептин башын козгойт. Эртең менен канчалык кеч уктаса дагы саатын чырылдаганын угуп, жаны жер тартып турса да жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыгып келип, бетин чайыды да анан таңкы наарга олтурду. Ишинен түшкө чейин суранып алган "ишим бар эле"-деп. Эгер Кумаш сөздү апыртып айтпаган болсо, түшкү тамак учурунда эле Бообекке келип жолугуп кетмек. Үйдөн жасанып чыккан Гүлшатты сыртынан көргөн адам,ак үйдөгү ажого жолукканы баратат деп ойлогондой жасанып алган. Ушул жашка чейин мынчалык жасанбаган Гүлшат, өзүнүн сулуулугуна күзгүнүн алдына келип көрүп алып, таң калды. Кечинде сандыкта катылып жаткан болгон кийимдерин алып чыгып, улам бирин кийип олтуруп, бир кудадан кийип келген,өзү бул кийимди киймек турсун кереги тийгенде кийем деп катып коюп, унутуп калганын аны көргөндө гана эстеди. Атаганат, эгер Гүлшат баалуу буюмдарын жоготпогон болсо, өзүнө куп жарашкан бул кийими, сандыктын түбүндө катылып гана жата берет беле ким билет. Чыштай жазанып, көчөгө көрк берип кадамын майда таштап келе жаткан Гүлшатты кызыгып карабаган жан калбады. Өзүнөн алда канча жаш балдар дагы суугун арта караганы Гүлшатты таң калтырды. Ушул жерден "адамдын көркү чүпөрөк"- деген сөздүн нак айтылганын билсе болот эле. Буга чейин боюна карабаган Гүлшат өзүнүн сулуу экенин билбеген сымал, кареги талыганча караган эркектердин жанынан сүрдөп, баса албай дагы калып жатты. Маршуруткага түшүп келе жатса анын шафёру ушундай бир суктана карап:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 01:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Эжеңерге орун бергиле-деп дагы айтып жибергени Гүлшатты дагы бир жолу таң калтырды. Көрсө бул жалган дүйнөдө адамдар үчүн кооздук, сулуулук жана көркөмдүк өзүнчө эле бир ажайып кереметти тартуулайт тура. Ал турсун өзүнөн улуу адам орун бошотуп бере салганы, Гүлшатты ойго салды "эмне үчүн мен буга чейин өзүмдүн сулуулугумду балаган эмесмин"- деп, бошогон орунтука олтуруп терезени карады. Эмнегедир эле көңүлү өсүп, айлана-чөйрө дагы көзүнө кооз көрүнүп, жашоого карата оюу өзгөрдү. Качан гана маршурутка базарга келип, түшүп баратса шафёр коңур үнү менен айткан:-Бийкеч жакшы барыңыз-деген кулака жагымдуу сөзүн укту. Бул дагы өз ордунда көңүл көтөрүп, шафёрду жылмайып карап койду. Жылмайгандагы жарашыктуу келбети өзүнө дагы байкалып, маршуруткадан түшүп калды. Көрсө кулак дагы жакшы сөз укканга муктаж экенине Гүлшат ушул саам баа берди. Баягы эле кужулдаган базардын ичи. Гүлшат келгенде базар ишке ортодон жогору абалда киришип калган экен. Кадимки он сегиз жаштагы кыздай кылыктана басып, базар аралап келе жатса алдынан сыйда кийинген, ак көйнөгүнө жарашыктуу галстук тагынган, өзүнөн азыраак улуу көрүнгөн адам алдынан чыгып, тааныбаса деле учурашып:-Сиздей сулуу дагы базарга келээрин оюма албаптырмын- десе боло. Бул айтылган сөз менен Гүлшат тиги кишинин айткан сөзүн туура кабыл алып:-"Ат баспайм деген жерин миң басат"-дегенди билесизби? Ишим болбосо мен мындай кыжы-кужуга келбейт элем-деп, аны менен сүйлөшкүсү келип, сөзүнүн аягында жарашыктуу жылмайып койду. Ансайын баштагыдан чырайлуу болуп көрүндү белем тиги киши:-Сиздей болгон бийкечтин мындай жерде жалгыз жүргөнү көзгө өөн учурайт экен, мүмкүн болсо базардан чыкканга чейин узатып койсом болобу?-деди, көзүн кымыңдатып. Ооба, эстесе буга чейин минтип эркектердин тийишкени деле болбоптур. Жылуу айтылган сөзгө Гүлшат күлүп:-Жеңеден бирди көрүп калып жүрбөңүз, мени узатам деп жүрүп!-деп шаңк эте күлүп койду. Шатман дагы коштоп каткырып күлгөн болду да:-Карындашым, мени кыскана тургандай жеңең жок. Болсо сиздей сулууга тийишпей, өз жолум менен кетет элем. Сени көргөндө, алдымдан жеңеңдин элеси көрүнүп, сага минтип өзүмдөн-өзүм буйдалып калдым. Чынын айтсам, сиз ал кишиге абдан окшош экенсиз. Андан дагы сиздей сулууга учурашпай өтүп кеткендин өзү туура эмес да-деп, сөзүнүн аягында тийишип алды. Гүлшат шашып бара жатканын эсинен чыгарып:-Эмне жеңе менен ажырашып кеттиңиз беле?-деп, кызыгуусу арта сурап, жооп күтүп туруп калды. Шатман башын ийкеп:-Ооба, алты ай болду, ажырашканыбызга. Согончогу канабай койду. Анан мага айтпай ишиме кетсем, кагазга кат жазып кетип калыптыр "мени кечир, сенин артыңдан туяк калышы керек, мени издебе"-деп. Бирок кантип издебей коём, он жылдан ашык жашап, денебиз сиңишип калса. Ата-энесинин үйүнө барсам, алар айтты "Росияга кетти, эми башкага үйлөнө бер,сага бала керек"-деп. Жана алгач сизди көргөндө, Сурманы көргөндөй болуп сүйүнүп кеткем. Анан жакын келгенде эле сиз болуп чыктыңыз. Экөө эмне болуп сүйлөшүп кетишти билбей дагы калышты. Сөз-сөзгө уланып Шатман, Гүлшаттын ишинин телефонун алды дагы, шашылыш экенин билгизип, жолуна түштү. Ал жанынан узап кеткенде Гүлшат ээн талаада жалгыз калгансып коңултуктай түштү да, анан алдыга кадам таштап бара жатып "бир көрүп сүйүп калуу болот"-деген сөздү өзүнүн башынан өткөрдү. Чын эле Шатманды сүйүп калдымбы же жөн эле жакшы көрүп калдымбы?-деп ага так жооп таба албай, көздөгөн жерине кантип келип калды билбей да калды. Эгер Шатманга жолукпаган болсо азыр бул жерге сүрдөп, кечинде даярдап алган сөзүн миң кайталап, катуу даярдыкта келет беле ким билет. Бообекке жолукканы билди, ким үчүн жасанганын. Өзү күтпөгөндөй, Кумаш айткандай бой көтөргөн бай эмес эле карапайым Бообекти көргөндө Гүлшат өзүн эркин сезип, учурашкан соң:-Сиз алиги Бактыбайды тааныйсызбы? -деп сурады эле Бообек ишин улантып жатып:- Алиги, мага үйдү саткан Бактыбайды айтып жатасызбы?-дегенде, Гүлшат Бактыбайдын ысмын укканда сүйүнгөнүнөн башын ийкеп жооп берди да, анан:-Ал баланы мен кайдан тапсам болот?-деп сурап жиберди. Бообек:-Эмне сиз дагы ал баладан үй сатып алдыңыз беле?-дегенде, Гүлшат сөз кезеги келди деп, болгон окуяны бир баштан айтып баштаганда, Бообек сөздү бөлүп, шашылыш экенин билгизип:Эже, мүмкүн болсо азыраак күтүп тура аласызбы, мен товарларымды жайгаштырып алайын деп,сунуш киргизгенде Гүлшат четке чыгып күтүп туруп, Шатманды эстеди...
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Beki035   04 Февраль 2015 - 01:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 651
  • Катталган: 16 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 19:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Автор кооп коооптон жазчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   dominic_toretto   04 Февраль 2015 - 03:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 21:09
  • Жынысы:Эркек

Үйдүн проблемасы бүтүп эле анан шакектин сыры башталганга чейин окудум.Ушинтип эле бир каармандан башка каарманга аттай береби? Кызыктай эле жаза беришет тообо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   DaRhaN.   04 Февраль 2015 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Автор бутойун дедиби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Dorogaya.   04 Февраль 2015 - 17:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2015 18:20

Ар бирин суроттоп, анын ийне жибине чейин жазып кереги бар беле?чынын айтсам коп жерин откоруп жиберип, уй жонундо жазылган жерлерин окуп аттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   04 Февраль 2015 - 18:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Мен бирин да калтырбай окуп атам;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   aqua-94mema   04 Февраль 2015 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Мен бул чыгарманы окудум эле однокадан . бирок аягына чыкпай калгам . ...кичине калды эле жазса окумакмын .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   atai9292   04 Февраль 2015 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 02:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

качан жазат болду экен еее бугун дагы жазса керек
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   piramida   04 Февраль 2015 - 18:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 12 Май 13
  • Соңку аракети: 14 Сен 2020 10:19

Автор кутуп калдык тезиреек иле койунуз еми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   kuba-kg1987   04 Февраль 2015 - 18:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 19 Январь 14
  • Соңку аракети: 06 Июл 2017 23:15
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Dorogaya. (04 Февраль 2015 - 17:57) жазган:

Ар бирин суроттоп, анын ийне жибине чейин жазып кереги бар беле?чынын айтсам коп жерин откоруп жиберип, уй жонундо жазылган жерлерин окуп аттым.


мендагы ошентип окудум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   murat88   04 Февраль 2015 - 21:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 18 Авг 2021 16:09

Данзалуу доор болуп кеттиго эртерек эле жазып койунузчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кечиресинер, докмент менен кармалып фмс ке барып келдим , кутургон учун кечирим сурайм, мага жаккан чыгарма ар ким ар кандай окуйта , автору жакшы озум эмес ( тамаша)



Мурунку күнгө караганда аз да болсо өзүнө келип калган Маржандын абалы Жаныштын көңүлүн көтөрдү. Оозунуп салам берген Жаныш:-Кандайсың, Маки?-дегенде Маржан бир кездеги эстен чыгып бараткан сөз эсине келип, ага жараша жооп берди:-Дурус, Жаки!- деп. Бул сөздөр экөөнүн тең эски жараларын козгоп, көзгө мөлтүр жашты пайда кылды. Аттиң, жаштык! "Жаш кезек жаңы кийимдей" дегендей, экөө ушул саам элес алышты, жаш кездери өтүп кеткенин. Анткени бир кезде бирин-бири эркелетип айткан сөздөрү ооздоруна жарашпай калганын билишти да, үнсүз туруп калышты. Ооба, чынында эле ошол өткөн кезде Маржанды алгач Жаныш, Маки деп айтканда кулагына кандай жакшы угулду эле. Ал аталыш бара-бара кулака көнүмүштөй угулуп калбады беле. Бирок канчалык экөө бирин-бири эркелетип аташканы менен биринин дагы оозунан сүйүү тууралуу сөз чыкпаганын кантип унутушат. Сөз бир топко уланбай ортодо тынчтык өкүм сүрүп, өз ойлору менен алек боло түшкөндө, бул тынчтыкты бузуп сыртан мед сестра кыз кирип келип калды. Маржанга эки таблетка дары берип:-Эже, бирөөнү азыр ичиңиз дагы, бирөөнү жарым сааттан кийин ичиңиз, унутуп калбасаңыз- деп, сылык сүйлөп чыгып кеткенде гана сөз уланды:-Маки, билесиңби мен, сени канча күттүм. Акыры сенин дайының такыр билинбеген соң, өткөн жылы гана сага окшош кызга үйлөндүм. Бул айтылган сөз менен Маржан,берилген суроонун тереңи кайда жатканын билип:-Жаки, сен мени кандай күтсөң, мен сени көргөнгө чейин "карааныңды бир көрсөм арманым жок эле" деген тилек менен жашап келдим. Тилегим кабыл болгонун ушундан улам бил, алгач эле сени жолуктурбадымбы. Бул айтылган сөз Жаныштын жүрөгүн тилип кетти. Эч ойлогон эмес эле "Маржан мени ойлоп жүрөт"-деп. Акырын колун кармап:-Маржан, мен үчүн таңдын атмагы азап болду. Ушул күнгө чейин күткөнүм бир тең, таңдын атмагы бир тең болуп,сага эрте келгенимдин жөнү ушул. Эмне мынча азапка салдың!? Билесиңби? Сен жоголгону издебеген жерибиз калбады. Баса, Жусуп байке менен Каныш жеңе шаарда. Маржан сөздү бөлүп:-Жаки, калп айтпай түз айтчы, менин апам барбы деги?-деп, ушундай бир көз караш менен карады эле Жаныш, бул берилген суроо менен өз атасы менен апасынан Бүрай эненин жогору тутарын билип:-Бар, ал киши азыр сени дале болсо күтүп жүрөт. Бирок, карылыкка алдырып койду, акыркы кездерде. Маржан бул айтылган сөздү укканда көзүнө жаш алып:-Кайран гана апам! Ал кишини мен абдан сагындым! Көзүн көрөр күнүм болот болду бекен?!. Баса, алиги мени кармаган уюшкан топту кармадыңарбы? Алардын эң чириги жана ана башчысы Шайил колго түштүбү? Баарын кылган ошол шүмшүк! Ал адам балыктай гана туйлаган, абдан амалдуу куу киши. Болгон кылмышты ошол адам ойлоп табат. Ал колго түшмөйүн уюшкан топтун куйругу үзүлбөйт. Бул айтылган сөз менен Жаныш дагы бир нерсени көңүлүнө алып койду да:

Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 04 Февраль 2015 - 22:47

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Маржан, тилекке каршы алиги уюшкан топтун көзүрү, сен айткан Шайилди биз колдон чыгарып жибердик. Бирок, издөөнү абдан күчөттүк. Маржан кабагын түйүп:-Анда ал киши менин түбүмө жетип тынат. Баары менин осол ишимдин арты менен болду. Кап! Жакшы эле байкагансыдым эле телефон чалып жатканда, алиги чечен жигит кайдан келип калды билбей калып, аларга билинип калбадымбы. Эми Жаныш керекке жарасаң мени эч ким таппаган жерге катып тур. Болбосо бүгүн түндөн чыгарбай анын адамдары мени жок кылып кетиши толук мүмкүн. Баса, биз менен табылган тажик кыз Зарифа кайда? Анын дагы учурда жаны жай албай турса керек. Анткени ал кыз алиги Шайилдин эң жакшы көргөн аялы. Ансыз ал тура албайт. Ал кыз аркылуу Шайилди колго түшүрүп алышыңар мүмкүн. Айтмакчы колуңдан келсе кечке калтырбай, мени эч кимге билгизбей бир жерге кат! Шайил керек, болсо сенин ишенимдүү адамыңды акчага сатып алашы толук мүмкүн. Болбосо, "мен кыйын" деген жигиттери менен, мени бул жерден оңой эле алып кетет. Жаныш сөз узарып баратканын билип:-Маржан, андай болсо азыр эле сени башка бөлүмгө которуп кетсин. Түш оогондо мен сени өзүмдүн үйүмө алып кетем. Бул сунушту Маржан жактыра берген жок:-Жок, Жаныш, андан көрө мени сенин эмес, органдан башка жакта иштеген досуңдун үйүнө алып бар. Азыр силердин ар бир кыймылыңар тигилерди көз алдында. Алар ушундай бир ишти кынтыгы жок аткарышат. Болбосо бул топ эбак эле колго түшүп, жоголгон кыздардын дайыны табылат эле го. Мен айткан Шайил жоктон барды кылган, мээси укмуш иштеген адам. Андан дагы абдан эле аял затына жакын киши. Анын канча аялы бар экенинен так маалыматы жок. Мен ушунча жыл ал мифия менен эриш аркак жүрүп,көп нерсени өз көзүм менен көрдүм. Көрсө адам баласынын колунун эмне деген гана иштер келбейт. Ким ойлойт "адам сатып жан багат"-деп. Туркияда эле эмес, Афганстан, Пакистандын тоо арасындагы айылдарда эмне деген кыздар сатылып, өз мекенинен алыс жүрөт. Аны койдук бул эле казакстандын чөлүндөгү жалгыз-жарым айылдар бар, ал айылдарга алыстан киши барбайт. Канчалаган кыргыз мекендештерибиз көз-жаштарын агызып, мекен көздөн учуп жүрөт. Эх, анын баарын эстегим да келбейт. Сөздү Жаныш бузду:-Маржан, мен ишиме барайын. Анан кайра келем. Ага чейин сени атайын бөлүмгө жаткызууну өтүнөм. Бирок эч ким билбегендей болот,сен кайсы бөлмөдө экениңди. Маржан көзүн ирмеп гана жоп берди "тездет" -деген белгини.Сыртка чыгып кайра тез эле келген Жаныш эки-үч оорулунун көзүнчө:-Сизди, бөлүмгө алып кетебиз, даярданыңыз? -деп буйрук берген болду да, эшиги ичинен илинген, эч ким кире албаган палатага жаткызды. Врач таанышына катуу эскертип, сыртка чыккандан соң, телефон аркылуу Сарыбаевди чакырды:-Улан, тез ооруканага келип кал! Врач Карыновго жолуксаң сага иш тапшырат. Мен келгенче сен бул жакта бол. Колдон келсе жаныңа ишенген жигиттериңден бирди алып ал. Экөөбүз иштей турган иш көп!-деп сөзүнүн аягына чыкпай телефонду өчүрүп, машинасына олтурду да, анан ишине жөнөдү. Арадан аз убакыт өтпөй эле милиция формасын кийген эки жигит Маржан жаткан палатага келип, аны таппай калышты да, ал жердегилерден сураганда, карылыкка кадам таштап калган, кыймылы өтө эле жай Бермет:-Ал келинди аз убакыт илгери эле бир милиция "бөлүмгө барабыз" деп алып кетти. Менин баамымда кылмышка кириптер болгонбу-деп калдым. Бул сөздү уккан экөө түз эле Жаналы Карыновдун эшигин чертип киришти да:-Бизге кечинде түшкөн Маржан деген келин керек болучу. Ал азыр кайда?-деди эле Жаналы бул экөөнөн бүшүркөп, бир нерсени шекшип:-Аны бөлүмгө алып кетишпедиби? Силерди мында ким жиберди?-деп сурады эле, жашы жогорусу үнүн өктөм чыгарып:-Анын баарын биз сизге айтып олтура албайбыз. Ким деген неме алып кетти?!-деп өктөм сүйлөгөндө, сыртан Жаныш жиберген Улан менен Казыбек келип:-Жаналы Карынов сизсизби?-деди эле, берки экөө сөз тыңшап туруп калганда, Жаналы башын ийкеп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ооба, силерди ким жиберди?-деди. Улан бир нерсени байкап:-Жаныш Умарович. Ушул жерден Жаналы, Жаныштын айткан сөзүн эстеп:-Бул экөө менен сырттан сүйлөшүп алгылачы. Кечинде түшкөн Маржанды сурап жатышты эле, дегенде тиги экөө шек алыдырып коюшту да, сыртка чыга жөнөштү. Сарыбаевге, Жаналы үстүртөн түшүндүрүп айтканда, тигилердин артынан чуркап чыгып эле, экөөнү таппай калышты. Ооба, Маржан айткандай тиги эки милициянын киймин кийгендер Шайилдин жигиттери жалдагандар болучу. Ишти кынтыксыз аткарып көнгөн үчүн бул жерден дагы куйруктарын үзгөнгө жетишип калышты. Жаныш бул кабарды угуп алып, абдан таң калып калды да,атайын милициянын машинасы менен өтө кылдат, Маржанды ооруканадан алып чыгып, алгач бөлүмгө алып келишти, анан ал жактан эркек кишинин киймин кийгизип,аңдыгандар болбосун деген ойдо эч ким шексибесин деп, жигули менен кыйын деген досунун үйүнө алып барып, ошондо дагы эки жакты аяр карап, Сарыбаевдин өзүн кайтартып койду. Ал эми Шайилдин эки жигити канчалык аңдыгандары менен Маржанды бөлүмдөн кайсы учурда алып чыгып кеткенин аңдабай калып, бул саам Жанышка утулуп калышты. Жаныш ишине келип, өзүнөн жогоркулар менен кеңешип, алиги тажик кызды бөлүмдү аңдыгандардын көзүнө көргөзүп, узатып чыгып, атайын дайындалган машинага салып, өздөрү калып калышты. Бирок ал машинаны тың үч жигитке аңдытып коюшту " Ар бир он мүнөт сайын кабарлашып тургула" деп. Машинанын артынан түшкөн тиги экөө шаардын батыш тарабындагы Кызыл-Аскер тарапка келип калганда, машинаны колго түшүрүү үчүн алдын торошту. Алар үчүн эң ыңгайлуу учур, ушул жер болучу. Башка жолу жок болгон үчүн тобокелге барышты. Машина токтогондо эле курал көтөрүп, шафёрду коркутуп, кызды алып кетээрде аңдыгандар келип калып, экөө айла амалдары жок колго түштү. Булар Шайилдин эң ишенимдүү эки жигити болучу. Анткен менен мушташты жакшы өздөштүрүп, каршылыкты жогорку деңгээлде көргөзүштү. Эгер дагы беш киши жардамга келбегенде, анда кутулуп кетиши толук мүмкүн болучу. Бул жолу Жаныштын тапкан амалдары иштин ийгилигин берип, нак кылмышкерлер колго түштү. Тажик кыз бул экөөнүн колго түшкөнүнөн аз да болсо өзүн эркин сезип, улутунуп алды. Анткени суудан кургак чыккан экөө жок Шайил, убакытка уттурушу толук мүмкүн эле. Бир жолу кулагы чалган, Шайилдин өз оозунан "мага күч берген эки гана жигитим бар, аларга каалаган учурунда, сураган акчасын берип турам"-деп аравиядан келген досуна айтып жатканын. Ал ишенген эки жигитинин ордун толуктаганча, эми Зарифа мекенине барып, жашынганга мүмкүнчүлүк табышына толук ишенет. Ал эми алиги эки милиция акчага сатылган адамдар экенин Жаныш дароо эле билип, аларга издөө салып, болгон окуяны Маржанга айтып бергенде ынта коюп уккан Маржан:-Жаныш, эми сен өзүңө сак бол. Айткандай силер Шайилди абдан эле алсыратып койдуңар. Бирок ал дагы бир нерсени ойлоп табышы толук мүмкүн. Эми мени качан үйдөгүлөр менен жолуктурасың? -деп, аяр анын ийнине башын жөлөдү, эркелеген түрдө. Жаныш үнсүз бир топ туруп:-Маржан, мен эми эмне кылам? Кааласаң мага экинчи аял болуп турмушка чыкпайсыңбы? Мен сенсиз жашай албайм го. Билесиңби, кандайдыр бир сыйкырлуу күч мени, сен тарапка тартып турчу болду!-деп, акырын бетинен сүйдү. Бул жагымдуулук Маржанга абдан жакты, бирок азыртан эле сыр алдырууну эп көрбөй, акырын үнүн чыгарып:-Жаныш, бүгүн дагы күн сапарын карытты. Эртең мени ата-энем менен жолуктур. Алар дагы санаа чегип жатышат го?-деп, сөздү башкага бурду. Аңгыча эле Жаныштын чөнтөк телефону чырылдап, сөз үзүлүп калды. Кулагына телефонту такаган Жаныш бир топко туруп:-Маржан мен барайын, алиги экөө үчүн чоң акча сунушталып жатыптыр, аларды колдон чыгарбаш керек!-деп, шашып жолуна түштү. Маржан бул кабарды укканда ичиркенип алды, денесине жылан оролуп алгансып. Анан кантет, ушунча жыл азап тартып жүрүп, мекенине келип алып, дагы да болсо кайтаруудан бошоно албай, минтип жашынып жүргөнү, андан дагы эл тагдырын чечүүчү мыкчыгерлер акчаны баарынан бийик коюп калганы Маржанды кантип ойго салбайт. Ойдун кучагынан үй ээсинин аялы Сурма бошотту:-Маржан, жүрү тамак ичели. Баса, билесиңби, менин бир таанышым айтты "бир үйдөн эки аял затынын сөөгү табылыптыр. Алардын ал жакта жатканын он-он беш жылдай болгон го. Кыскасы, бирөөнүн колунан күмүш шакек табылып, ал шакектин ээси азыр тирүү имиш. Бул сөздү укканда Маржан курбу кызы Жаңылды эстеди. Ал жаңы гана "берсең, шакегиңди тагынып көрөйүн деп, апасы берген шакекти сураганда, эч жаман нерсе оюнда жок колунун чыгарып бергенде, ал жаңы гана колуна тагып "сонун шакек экен"-деп айткыча эле экөөнү эки машина көчөдөн салып кетип, шакеги досунда калганын эстеп, Сурманын калган сөздөрүн укпай калды.....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Жусуптар иштин татаалданып калганын билишкен соң, эми ушунча болду күтө туралы, эң негизгиси кызыбыздын көзү тирүү экен деп, Маржандын дайынын билген соң жүрөктөрү ылдыйлаганда, Акмандын сунушу менен Бообектин үйүнө келишкен. Бул кезде Бообек жаңы эле үйдөн чыгып кеткен болучу. Качан Бообек келип учурашкан соң, сөздүн негизги өңүтү үйгө киргенден кийин башталды:-Мен жаңы эле мүрзөгө барып куран окуп келдим эле. Акман туура айткан. Ал окуяга өзү күбө болгон, бирок, шакекти чыгарып алганын билбептирмин. Баарынан дагы үйдүн мурунку ээси канча кишиге бул үйдү сатканын билбейм, келген кишинин баары эле "кантип жеңдиң, сырдын түйүнүн" -деп сурагандар. Анан мен дагы сиздерди ошондой адамдар го деп, ойлодум эле. Сөздү Жусуп алды:-Бообек, азыр эми үйдүн баштагы саткан ээси кайра сага келдиби же келген жокпу?-деп. Бообек чай сунуп жатып:-Ал азыр камакта, сурак берип жатат. Анын алдаган жана уурулук кылган дагы кылмыштары бар өңдүү. Кыскасы, эмне болгон күндө да мен үйдүн ээси болуп калдым. Азыр эми менин көңүлүм жайында. Дегеним баштагыдай элдин үйрөйүн учурган сырдуу окуя азыр ооз менен эле айтылбаса, башка кайталанбайт. Элдин оозу элекпи, билбейм, мени жөн эле чоң жоону жеңген баатырдай, кулак укпаган сөздөр менен кеп кылып алышканы мени таң калтырды. Каныш сөз кезеги келгенде, сурап калды:-Мүмкүн болсо алиги эки адамдын сөөгү табылган жерди көрсөк болобу?-деп. Бул кезде чай ичилип болуп калган. Бообек ушуну күткөн эмес. Жактырбаган түр менен, кабагы салыңкы:-Эже, каршы болбосоңуз аны билбей эле койсоңуздар. Анткени кайра -кайра эле эскини жаңырта бергенде болбой калат экен. Дегеним, аны үйдөгүлөрдөн мен эле билейинчи. Керек болсо аялым азыр угуп жатат. Мен жокто үйдөн коркуп ал бөлмөгө кирбей калышы да мүмкүн. Бул сөздү Жусуп туура көрүп: -Мейли, деги аман болгула, негизгиси-деп, шакектин сырын айтып,эмне максат менен келгенин билдирди эле, Бообек таң калып:-Анда, ал шакек колунан табылган кыз,кызыңардын жакын курбусу болсо керек . Башында бул үйдү күрт улутундагы адам сатып алыптыр. Бул иш ошол күрт улутундагы адамдын эле колунан келди, Бактыбай адам өлтүрчү бала эмес. Бирок ушундай алдаганга жакын, сөздү кайдан табат билбейм-деп, айтты эле Акманбек:-Алдамчылар азыр тилинин учу менен эле акча табат. Саясатчыларды, депутаттарды эле алалы. Алар кооз сүйлөп койгону үчүн азыр элибиз эмне болуп жатат. Эгер алар тили менен эмес колу менен иш кылышкан болсо, жашообуз эбак эле оңолуп кетмек. Алдамчылардын менин баамымда бир гана тили иштеп, алдоо жолу менен жашаганын байкам,баам салып калдым. Сөзө-сөзгө уланып, бир сааттан ашык убакыт өтүп кетти. Качан гана баары үйдөн чыкканда, караңгылык пардасы тартылып, сырта светтин жарыктары күйүп күн, түнгө айланып калган болучу. Жусуп үйдөн чыгып баратып, Сыйнатты карап:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

- Бообек, жакшы колуктуң бар экен. Менин баамымда кайын ата менен кайын эненин батасын алган түрү бар. Ылайым бактылуу болгула. Менин жеке оюмда силерди бир жакшы несе күтүп турат. Көзүмө көрүнгөндөй болду "өзгөчө сенин колутктуңа ыраазыбы, ак элечек кийген аял заты, жакшы көз караш менен караганын байкадым" -деди эле Каныш:-Я, абышка эмне көзүң ачылып баратканбы? -дейм. Бизге көрүнбөгөн неме сага эле кантип көрүнө калды?-деди эле Сыйнат:-Эже, күйөөгө антип айтпайт. Аны мен дагы байкагам. Бүгүн тамдын башынан эски аял затына таандык буюмдарды таап алганбыз. Аны мен тазалап, ак чүпөрөккө ороп, бийик жерге катып койгону, алиги байкеге көрүнгөн нерсе мага эки, үч жолу көрүндү. Ылайым арты жакшы болсун. Айткандай жакшы жышаандар, ою жакшы адамдарга көрүнөт деп уктум эле. Байкенин тилеги кабыл болсун-деди эле, Жусуп:-Каныш, сага канча айтам,тилиңе сак бол!-деп. Сыйнат туура айтат. Жакшы адамдар дайыма жакшы гана нерсени ойлойт. Жакшы нерсени ойлогон улуу Аллага дагы жагат. Мен жана алгач бул үйдү аттап киргенде эле, үй ичинен жарык нурду байкагам. Демек үй дагы жаңы келген кожоюндарына ыраазы. Даабатчылар деле айтат го "эркек киши даарат менен жүрсө, ырыскы үйдүн эшигинин алдына келет, ал эми аял киши даарат менен жүрсө, ырыскы үйдүн төрүнө өтөт"-деп. Анысы кандай аял заты алгач ойду оңдоп, таза болгону оң. Сыйнат менин улуу кызым менен тең өңдүү, бактылуу болуп, тийгениң менен тең кары. Бообек колуктуңа ырыскы ооп калыптыр, аны капа кылба!-деп айтып, сөзүм бүттү дегенсип алдыга кадам таштап, машинаны көздөй жөнөдү. "Жакшы сөз жан эргитет"- дегендей Сыйнаттын көңүлү өсө түштү. Ал эми Каныш эмне деп сөз айтууну билбей, дагы бир жолу сына түштү. Дүйшөн машинаны айдап баратып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Я, жеңе, алиги келин абдан туура айтты. Мен дагы байкадым, ал келиндин таза оюн. Күйөөсүнүн көзүн гана карап турат экен. Тарбиясы жакшы экен. Чын эле жакшы жышаандар, жакшы гана адамдарга көрүнөт. Тээ илгери Калыгул деген олуя азыркы заманды көрүп айтканына албетте ал кишинин бийик сапаты, жакшы ой тилеги себеп болгон. Жусуп байкенин жакшы адам экенин алиги келин таамай эле айтып койду го. Баса, эртең Маржан табылып калса, мүрзөгө барып куран түшүрүп койгонубуз оңбу-дейм. Бул сунушту Каныш жактыра бербей:-Койгулачы, бөйрөктөн, шыйрак чыгарбай. Аны коюп, Маржандын көзүн тирүү көрүп, үйгө тезирээк барсак экен. Үйдөгүлөрдөн санаам тынбай жатат-_деди эле Акманбек сөзгө кошулду:-Апа, сиз дайыма тескери сүйлөйсүз. Алиги шакек канча жыл анын колунда жарык көрбөй жатты. Андан дагы ал шакек кантип анын колуна тийип калды аны эжемден уккандан соң, кантип арбакты ыраазы кылбай кетет элек. Ансыз деле эки күн убакыт бош кетти го. Баятан бери үч жолу кагуу жеген Каныш кабагын бүркөп:-Болдучу ай бала, баары сенин айыңдан болду. Болбосо тирүү кызыма куран окутуп, элге уят болмок эмес элек-деп ачуу тилин агытканда Жусуп:-Каныш, кой, кандуу жолдо баратканда тилиңди тартып сүйлөчү. Атаганат, уулум ушул жерден абдан туура сөз айтты. Алиги шакектин табылганы балким кызыбыздын дайынын билгизген чыгар. Жөн эле албуутана бересиңби? Деги байкап сүйлөгөн учуруң качан болот. Качан болсо уруштун сөзүн сүйлөп, кагуу жеп эле жүрөсүң. Жок дегенде борбор шаарга келгенде тилиңди тартсаң боло. Бул жер үйүң эмес да. Каныш туура айтылган сөздү дагы жөн кетирбей:-Бир үйдөн бир эле киши жакшы болгону дурус. Жакшы сапат сага эле буйрусунчу. Качан болсо эле менин сөзүмдү жактырбай турат!-деп мурдун чүйрүп, терезени караганда Дүйшөн:-Жеңе, эми уруштун сөзүн токтотуп, азыр мындай кылалы. Жаныштын ишине барып, так маалымат алалы. Сиз айткандай үйгө дагы эрте барбасак иш калды-дегенде Каныш ушул эле сөздү күтүп тургансып:-Менин оюм деле ошол. Үйгө эрте барбасак бүт иш калды. Аны тиги байкең билмек беле. Ага шаар кыдырып эле жүрө берген жагат!-деп күйөөсүнө тийишип өттү эле Акманбек:-Апа, сиз үйгө барганда эмне иш кылат элеңиз. Аны коюп Турус байкемдер келип конок болуп кеткиле дебеди беле. Ушундай бош убакыт барда конокко барып алсаңар болмок. Атам каршы болсо болбой өзүңүз барабыз, айылда кайсы күйүп жатка иш бар эле деп, убада берип койбодуңуз беле!_дегенде Каныш сөзгө жыгылып:-Кап, аны эсимден чыгарып салган турбаймынбы! -деп, күнөөлү кишидей унчукпай калганда Жусуп:-Каныш, байкап сүйлө дедим беле? Дагы айтам байкап сүйлө! Чын эле сенин айылда кыла турган эмне ишиң бар. Дүйшөн болсо ишинен калып жатат. Экөөбүздүн кайсы ишибиз бар эле. Сен мында чыгарда эле кызыңа айтып келбедиң беле "Дордойдон сага куртка алып келип берем, бир күндү базарга арнайм"-деп. Бул сөздү укканда Каныш:-Болдучу, ай. Тим эле жөн койсо уулуң экөөң эки жактан мени талайсыңар да! Бул сөздү укканда Дүйшөн айласы жок күлүп:-Жеңе, алар сизди талаган жок, сиздин берген убадаларыңызды эсиңизге салып жатышат. Ага эмне мынча териктиңиз? Сөз ушул жерге келгенде, Жаныштын ишине келип калып, машина токтоду. Каныш бул айтылган сөзгө каяша айта албай калганын билгизип:-Эптеп, үйүмө жетсем болот эле!-деп кобуранып алды. Бул кезде убакыт кеч болсо дагы Жаныш ишине жаңы эле келип, алиги акча сунуштаган кишилер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аларды кантип кармоо керек экенин пландаштырып жаткан болучу, үч киши менен. Албетте бул жерден ак үй тарапта иштеген бир шишка ортого аралашканына үчөөнүн кыжыры келип жатканын танып болбойт эле. Жусуптарды көргөндө Жаныш баштагыдан жакшы маанайда кабыл алып:-Байке, Маржандан эч кам санабагыла. Ал азыр ишеничтүү жерде турат. Биз азыр анын арты менен чоң уюшкан топтун көзүрлөрүн кармаганы жатабыз-деп айтып, ушул жерден чукул ойлонуп жиберди "Маржанды азыр эле алып кетишсе кандай болот, эч токтоосуз" -деп ойлоп, азыраак ойго алаксып туруп калды.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Гүлшат, ушундай бир толкундануу менен Бообекти күтүп туруп, оюнун учкуну Шатманга барып такалып, анын ар бир айткан сөзүнө жооп издеп, өзүнчө ойго алаксып турганда, анын оюн Бообек бузду.-Эже, эми сүйлөшөлү, сизди күттүрүп койгонум үчүн кечирип коюңуз. Баса, сөздү эмнеден баштап айтып жаттыңыз эле?-деген болду сөз улансын үчүн. Гүлшат кадимки жаш кыздардай кылыктанып, жакын басып келди да:-Бообек, мен сенден алгач Бактыбай жөнүндө сурайын дегем. Экинчиден ал менин үйүмдөн бир кезде атайын таянем берген бумдарды уурдап кетип, азыр ошол буюмдар жөнүндө өзүнөн сурап билип, буюмдарды таап өз ээсине берип аманаты аткарбасам, жаным жай алчудай эмес. Билесиңби, ал буюмдар тээ илгери эле атактуу колунан көөрү төгүлгөн устанын колунан жасалып, колдон колго өтүп келген экен. Анан таянем мага тапшырган болучу "сен дагы жакшы көргөн, сактай билген кызыңа тапшыр"-деп. Бактыбай деген немени үйгө сырт иштерди жасатканы чакыргам. Ал анан аны кантип уурдап кетти билбейм-деди эле Бообек:-Алар эмне буюмдар эле?-деп кызыгуусу арта сурады. Гүлшат жакшы жооп укчудай:-Шуру, шакек, билерик өңдүү аялдарга тиешелүү буюмдар болучу. Баса ал буюм табылып калса, сага сүйүнчүсүн жакшы берет элем-деп, ашыкча сөз сүйлөп жиберди эле Бообек күлүп, эки жакты аяр карап:-Эже, кечинде ушул жерге сүйүнчүңүздү алып келиңиз. Ал жоготкон буюмдарыңыздын чып чыргасы коробой менин колума өткөн. Калган сөздү анан сүйлөшөлү. Азыр кардарларга тоскоол болосуз-деп, келген кардарга алаксып калганда, Гүлшат уккан кулагына ишенбей:-Бообек, мен кечинде сөзсүз келем, эч жакка жылбай туруп тур макулбу?-дегенде Бообек кардарды кетирип жиберип:-Эже аны коюп кечинде үйгө эле келиңиз -деп, үйүнүн дарегин кагазга жасып берип. Бир нерсе үмүт кылган түр менен:-Эже, сүйүнчүсүн анан көрүндүгүн унутпасаңыз- деди. Гүлшат болуп көрбөгөндөй сүйүнүп:-Албетте, сөзсүз андай ишти унутпай калайын-деп, акырын басып изине түштү. Жумушуна келсе жанында иштеген жаш кыз:-Эже, сизди бир киши телефон чалып үч жолу сурады. Ким экенин айткан жок. Келсе бул телефонго чалып койсунчу-деди, деп кагазга жазылган телефон номерин берди. Гүлшат дароо эле Шатман го деп ойлоп, телефон чалды эле, бир чоочун киши алып:-Сиз, милиция бөлүмүнө эртең саат онго келип калыңыз-дегенде Гүлшат коркуп кетти да:-Эмне иш боюнча?-деп сураганда алиги киши:-Келгенде билесиз. Сиздин ар бир суроого жооп берүү биздин иш эмес-деп, телефонду коюп койду. Эми даана Гүлшатты санаа басты "менин милицияда эч ишим жок эле, эмнеге чакыртты болду экен"-деп. Аңгыча эле дагы телефон чырылдап калды. Гүлшат кайра алып:-Алло,угуп жатам дегенде, кулака тааныш Шатмандын үнү чыкты. Анын үнүн укканда эле Гүлшат сыр алдырып койду. Ал турсун аны менен көзмө-көз жолугуп жаткансып, сүрдөп да алды,үнү каргылданып дагы кетти. Телефон менен сүйлөшүп болгондо жанындагы кыз:-Эже, эмне мынча ачылып алгансыз. Көчөгө чыкпаңыз, бирөөлөр ала качып кетип балээ болбосун деп тамашалаган болду. Гүлшат бул айтылган сөз менен өзүнүн сулуулугун дагы бир жолу баамдап:-Эмне, бул кийимдер жакшы жарашат экенби?-деп сурады эле Чолпон:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Эже, билесизби, сиз кандай өзгөрүлүп калганыңызды? ! Керек болсо кадимки Акмөөрдөн дагы ашыкча сулуу болуп кетипсиз. "Кийим адамдын көркү"-деген ушул. Мен сиздин сулуу экениңизди "азыр билип турам" деп сөзүнүн аягына чыкканда, бул бөлүмдүн шефи Аскар Карымов кирип келип, оозуна сөз келбей эле туруп калды:-Гүлшат, бул сенсиңби?-деп. Ушул жерден билди,көрсө аял заты өзүнө карап жүрү керек экенин.-Ооба, сага эмне болду мынчалык?-деди. Аскар, Гүлшат экөө тең чамалаш болгон үчүн бири-бирине "сен"-деп сүйлөшөт. Бой келбетине жарашыктуу кийимди кийген Гүлшат чынында эле көзгө такыр башкача көрүнгөндүктөн, ар бир кирген киши таң калып жатты. Аскар чыгып кеткенде, аз убакыт өтпөй берки бөлүмдөгү орто жаштан өтүп калган Керим Сапаров кирип келип, ал дагы:-Гүлшат, бул сенсеңби! ? Сен кайдан асмандан түшкөн үрдүн кызындай болуп. Деги турмушка чыгып кеткенден алыссыңбы,мынчалык жасанчу эмес элең?-деп ал дагы тийишип калды. Аңгыча эле түшкү тамакка чыгышканда, ашканадагы болгон мен эркек дегендердин көздөрү өзүнө кадалып, такыр эле сүрдөп, ал турсун өзүн бактылуу сезип кетти. Аял заты үчүн мындан өткөн бакыт барбы.Ошол себептен аялдар көйрөңүрөөк келишет эмеспи. Базарда сатылып жаткан кийимдердин дээрлик токсон пайызы аялдарга арналып тигилгени эле, аялдардын кийимди көп сатып алышынан белги берип турат го. Жасануу өзгөчө аял затына тааныдык экенин Гүлшат бүгүн сезип турат. Ооба, чынынды эле жолдошу каза болгону конокко деле барган жок. Эки кенедей кызы менен кайда барат. Андан дагы сапатту кийим сатып алуу колунан деле келген эмес. Турмушка чыккан кезде, жолдошунун колу жука болуп, квартирада жашап турушту. Анан эптеп тамга жеткенде күйөөсү каза болуп калып, анын арбагын сыйлап жыл маалынан өткөнгө чейин үйдөн чыккан жок. Улуу кызы турмушка чыкканда, анын себин төркүндөрү көтөрүп, кудага барганда ушул сырт кийимди кийип келген. Кудагыйы атайын айткан болучу "Кудагый, бул кийим атайын Италиядан алынды, эч кимге бербей кийип ал, көз ачып көргөн кудагыйым сиз болдуңуз" -деп.Гүлшат тамакты шашып ичип, кабинетине келгенче шашты. Анткенинин себеби да болуп калды. Аялы жаңы каза болгон Толкунбек "сени алам" деп сөз айттырып жүргөн. Ал көрүп алып, тамак ичпей эле жалдырып караганы, ушуга түрткү берди. Ишиндеги кагаздарды карап жаңы эле олтурганда, сырттан Толкунбек кирип келип:-Сулуу бийкеч кандайсың?-дегенде, ушуну күтпөгөн Гүлшат жактырбаганын билгизип, кабагы салыңкы:-Дурус- деди да, көңүл буруп карабай койду. Аңгыча эле берки кыздар кирип келип калып, Толкунбек сыртка чыгып кеткенде Сагынбүбү:-Гүлшат, жуучулар келе баштаган го-деп тамашалады эле, Гүлшат күлүп:-Айтпаңыз эже. Ашканадан баары эле мени карап тургандай сезилип, тамак иче алганым жок. Ушунча жыл жашап, керек болсо кыз кезимде дагы мага эч ким мынчалык кызыккан эмес эле. Бул жерде бир сыр бардай. Билесизби, эже бүгүн мен баягы жоголгон буюмумду таап, көңүлүп өсүп турат. Андан дагы кайра эле көңүлүмдү чөгөргөн азыркы кирген Толкубек. Мен муну кыз кезимден бери эле билем. Такыр жакпайт. Сөз айтып жатат "мага тий"-деп. Анын аялын жакшы таанычуу элем " Жакында эле каза болду" деп уктум эле. Эгер аялы тирүү болуп өзү өлсө, аялы турмушка чыгууну ойломок турсун, үйүнөн чыкпай олтурат болучу. Сөз ушул жерге келгенде телефон менен кожоюн өзү, тактап айтканда директор чакырып калды, кирип чыкчы-деп.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 13:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: