Суперстан: Арзан баанын азгырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров

#121 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 22:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Гүлшат таң калып калды "эмнеге чакыртты болду экен, эми шеф өзү сөз айтпаса болду"-деп тамашалады эле кабинет ичинде күлкү жаңырып, өзү сыртка чыга жөнөдү. -Болсунбек Калыкович, эшик кагылып Гүлшат кирип келгенде көзүндөгү көз айнегин алып, таң кала карап:-Кел, Гүлшат, эмне мынча ачылып алгансың? Эмне эле сени сурап чалып жатат десе, сөз такыр башка жакта турбайбы?-деп сөзүн табышмактантып айтып анан:-Гүлшат, сени менин бир досум ишинен бошотуп койчу-деп өтүндү. Азыр ал киши мында келет, сен эч кимге эч нерсе айтпай, мени иш тапшырды деп, аны менен барып кафеге кирип койчу. Ушул жашка чыкканы менден эч нерсе суранган эмес эле-деди. Бул айтылган сөз менен дароо оюна Толкунбек келип, эмне деп айтышты билбей:- Болсунбек Калыкович, эгер жашыруун болбосо ал киши ким болду экен-деди эле Болсунбек:-Министерстводон, улуу башын кичүү кылып өтүндү-дегенде, Гүлшат дагы таң калып калды "эмне Толкунбек ал жакта иштеп калды беле"-деп. Аңгыча эле сырттан Шатман кирип келип, учурашкан соң:-Боке, ишиңе тоскоол болгон жокмунбу?-деди да, Гүлшатты карап:-Кечирип коюңуз, мен эртең Росияга командировкага кеткени калдым, анан сиз менен кенен олтуруп даамдашып алайын деп, атайын директоруңан уруксаат сурадым. Негиздүү сөздү укканда Гүлшат мыйыгынан күлүп:-Алгач мени менен убадалашып алсаңыз болмок экен-деди эле Шатман күлүп:-Кечинде баардык эле аялдар үйүнө шашып калат. Ал эми эркектерге эмне үйгө эрте барганда. Аны коюп бол тезде, сырта машина күтүп калды. Гүлшат чыгып кеткенде Шатман:-Боке, мындай сулууну эмне буга чейин мага көргөзбөй алып жүрдүң?-деди эле Болсунбек күлүп:-Анын сулуу экенин таназар деле албаптырмын. Эми барсаң барып, эптеп көңүлүн таап, үйлөнүп ал. Бой келин. Жолдошу каза болуп калды эле. Сөз ушуну менен уланган деле жок. Гүлшат ишинен чыгып, өзүн күтүп турган машинага олтуруп жатып:-Бекер кылгансыз.Мага телефон чалсыңыз өзүм деле суранып чыкмак болчумун-деди эле Шатман:-Гүлшат, ишенесиңби? Бүгүн мага такыр убакыт өтпөй койду. Бул жаш өткөндө келген сүйүү адамдын жаман тынчын алат экен. Сен ишиңе келгенге чейин мен үч жолу телефон чалдым. Сен кечиккенде санаа тартым "кап машина менен жеткирип койбой"-деп. Бул жашка келгени Гүлшат биринчи жолу эркек атуудан кулака жагымдуу сөз угуп, эч тартынбай кефеде сүйлөшүп олтурганы ушул болучу. Таттуу сөздөр айтылып, жакшы тилектер камтыган сөздөр Гүлшаттын көңүлүн абдан өстүрдү. Кеч кирип калган кезде Гүлшат:-Шатман эгер макул көрсөң сөздү кыскарталы, мен бир дарекке барышым керек эле деп, болгон окуяны ийне жибине жеткире түшүндүрүп айтып берди эле Шатман таң калып:-Чын элеби? Анда сенин бүгүн кубанычтуу күнүң турбайбы! -деп туруп калды да:-Жүрү, экөөбүз барып келебиз. Шафёрду болсо кетирип жибергем. Гүлшат бул сунушту туура көргөн жок. Бирок машина менен барып, үйдү тапканга ыңгайлуу деп ойлоду да, анан макул болду. Убакыт келип кафеден сыртка чыгышканда, базардагылар тарап, үйлөрүнө кете башташкан. Гүлшат үйүнө келип керектүү нерселерди алды да, анан тез эле кайра чыкты. Жолдон торт, майда барат дасторкон алганды унуткан жок. Бул кезде Бообек үйүнө келип Сыйнатка болгон окуяны айтып, конок камын көрүп, тасмал жайып олтурушкан болучу.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кимдин ким экенин адам баласы башка иш түшкөндө гана билет эмеспи. Анысысыңары, Маржан тасмал четинде олтуруп Сурма менен күйөөсү Окендин жасаган мамилесине ыраазы болуп, аларга ичи жылып олтуруп, башынан өткөн окуяны айтып берди. Окен менен Сурма үн дебестен сөздү бөлбөй угуп олтурушту. Ан сайын Маржан сөз арасында бир ыйлап, бир күлүп эки саатын ашык убакыт сүйлөдү.Мен жаңы гана окууну бүтүп, шаарга келгенде айылдашым Жаныш менен жакшы мамиледе болуп, абдан ынак достордон болуп кеттик. Ооба, алгач шаардын жашоосуна көнө албай жүрүп, акыры айлам жок көнүүгө дагы туура келди. Кышкы сецияны аяктап үйгө барганымда багып алган чоң апам мени ушундай бир катуу даярдык менен тосуп алды. Ал мени кандай сагынса, мен апамды андан эки эсе ашык сагынган болчумун. Жаңы союлган козунун этин жеп болуп, жыйналгандан соң мага күмүш шакегин берди "бекем сактап, сен дагы кызыңа бер, муну мага сенин чоң таянең, менин апам берген, аманаты аткарайын, тагынып жүр"-деп. Мен ал күмүш шакекти колума тагынганда, өзүмө ушундай бир чоң жоопкерчилик алгандай сезип, аны сактап, ээсине берүүнү эп көрдүм. Кап!ал шакекти үйгө эле калтырап кетсем эмне. Шаарга келгенден кийин, чогуу окуган Жаңыл деген кыз сураганда берип, ал жаңы гана колуна тагынганда, белгисиз эки машина экөөбүздү эки машинага салып, каякадыр алып кетти. Ал азыр кайда экенин билбейм. Мени алгач казакстандын эч ким барбаган жерине алып барып сатмак болду. Анан ал жердегилер "бизге кыз эмес, мал кайтарганга бала керек болучу"-деп албай коюшканда, мени убактылуу тура турсун деп айтып,ал жерге калтырып кетишти. Бирок казак карыя мени көп деле кыйнап иш жасаткан жок. Эки жылдан ашык убакыт ээн талаа эрме чөлдө казактардын көргөн күнүн көрүп жашадым. Кийин бир өзүбек баланы алып келишти да, мени Түрцияга алып кетишти. Азыр ойлосом, качып деле кетсем болмок экен, казакты алдап. Бирок кайда барууну билбей калбадымбы. Күн жерден чыгып, жерге батат экен. Анан кайда качып барышты билбей ичимден сызып жүрдүм. Ошондо да апам эсимден кетпей, ага карата сагынычым күч алып, канча ыйладым. Күндө шамал болот, кум асманка учуп. Деги мен барган жердеги казактардын жашоосуна такыр ичим жылыган жок. Ал эми казактар көнүп калган окшойт, эч жакка деле барбай малы менен болуп, жаңылыктан алыс, чөлдү байыр алып эле жашай беришет экен. Алыстан атчан киши же машина көрүнсө кадимкидей сүйүнгөн күндөр болду. Ал жерди казактардын көбү,андай жер бар экенин билбесе керек. Кээ бир жерлер бар го, бизде тоо арасында,эч ким барбаган, нак ошондой көздөн далдоо жер экен. Андан дагы суу чоргодон аккансып кичине эле сызылып чыгат, бир чака суу алыш үчүн он беш мүнөт күтүү керек. Ал жерди тиги түрктөр кайдан билип алышканын билбейм. Керек болсо азыр ошол жерди мага көргөз десе, ал жерди таба албайм. Созулуп эле жаткан мелмилдеген талаа. Бир гана аттын жолу, анан чөп баскан машинанын жолу бар. Ириде айттым го, элден чет жашаган ал жердегилерге сырттан бир киши келсе, жөн эле шаар болуп калат. Жаңы жыл келгенин да билбей каласың. Айдын канчасы экенин кээде радиодон угуп калганың болбосо, башка күнү билип болбойт. Окшош күндөр өттү. Мен кемпир чалдын кызы болуп калдым. Алар дагы мага көнүп калышкан. Ар бир аптада же эки аптада азык-түлүк келет. Тамак деле ичилчү эмес. Көбүнчө уйдун сүтүнүн каймагы менен чай ичип жашадык. Ал эми кышында кардын калыңдыгынан жердин учу көрүнбөйт. Мал кол карап калат, абышкага көмөк берип малга чөп салышып, жардам берем.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ал жерде ашып кетсе беш түтүн эл жашайт. Илгерки отузунчу жылга түшүп калгандай эле болдум. Эстерине келиштиби, ким билет мени алып кеткени келгендеги сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Машинага түшүп ал жерден кеткенче ишене албай турдум, машинага түшкөндө гана көзүмө жаш алып, кадимкидей сүйүндүм. Машинанын терезелери тонировка болгон үчүн жол деле көрүнгөн жок, салондун артынан. Андан дагы биз жолго күн батып баратканда чыккандыктан тез эле караңгы кирип, мен дагы ал жактын жолун эстей албай калдым. Кетип бара жатып, менин ордума барган өзбек баланы абдан аядым. Ал дагы канча жыл ал жакта жашайт ким билет. Менин баамымда ал баланы алдап барган окшойт, көп акча төлөп беребиз деп. Кайран балага абдан боорум ооруду. Биз таңга жуук гана казактын бир шаарына келдик. Ал жерден тамак ичип алып, кайра жолго түштүк. Анан Астанага келдик да, алгач Стамбулга учуп, кайра эле джип машинасы менен беш сааттай жол жүрүп, акыры барчу жерге бардык окшойт, машина токтогондо дагы сүйүндүм. Жамбашым талып, олтура албай калгам. Баса мени ал жерге бир эле киши алып барган, калгандары Стамбулдан эле калып калышкан. Ал жер дагы туркиянын бир киши барбаган айылы экен. Алиги киши мени алып келген үчүн абышкадан акча алды көрүнөт, кыскасы абышкага сатышканын кеч билдим. Абышканын беш жыл кызматын кылдым. Бирок мага ал абышка тийбегени менен иш жасатып беш жыл кыйнаганда, Шайил келип өзүнүн үйүнө алып кетти. Анын алган аялдарынан баш адашат. Мен орус тилин билген үчүн, көбүнчө орустар менен сүйлөшкөндө тилчи болдум. Эмне болуп он жылдан ашык убакыт өтүп кетти билбей дагы калдым. Мен көргөн азаптарымдын көбүн жашырып койдум. Ал жактан кыздарды абдан катуу кыйнап, арабдарга, орустарга сатып, ыйлатып, кыздардын көз жаштарынан акча жасаган шылуундарды өз көзүм менен көрүп, тилимди тишиме катып, Шайилдин айтканын аткарып гана аман калдым, десем болот. Бир чети орус тилин үйрөнүп алганым мени көп нерседен сактады. Бир жолу бир орус киши сунуш киргизди "мага турмушка чык, сени бул жерден алып кетем"-деп. Атамдай болгон неменин ал сунушуна макул болгон жокмун. Ким билет ал дагы мени алдап барып, дагы бирөөнө сатып жибериши толук мүмкүн болучу. Эки жолу мени зордогону аракет кылган түрктү Шайилге айтсам, аны дароо иштен алып салды. Акырындык менен Шайилдин ишеничине кирдим да, акыры эптеп Кыргызстанга келген кыздар менен келип, минтип силер менен насиптеш болуп олтурам. Баса, мен бул сапар келмек эмес болчумун. Аравияга, Кыргызстан аркылуу кыздарды алып өтүү керек болуп, тилди билесиң деп, мага ишеничи арткан Шайилдин ишеними менен гана келип калдым. Акыры буйрук менен өз жердин абасын жутуп, даамын сызып олтурам. Ушуга дагы тобо дейин. Чынын айтсам бул жашоонун кыйынчылыгын көрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңдум-деп, жаңы гана сөзүнүн аягына чыкканда, Сурма:-Анан бир дагы кишиге турмушка чыккан жоксуңбу?-деди. Бул айтылган сөздүн артында "сени эч ким зордогон жокпу?"деген сөз жатканын айттырбай билип, Маржан үнүн ишенимдүү чыгарып:-Ким зордойт, алгач жалаң абышкаларга сатылсам. Анан канча аялы бар экенинин так саны билинбеген Шайилдин колуна өтсөм. Кыскасы, мени жакшы эле сактады, ар кандай кырсыктан. Эки гана жолу асылып, аракет кылган түрк бала болбосо. Анын иштен айдалганы башкаларга сабак болдубу, деле бир дагы эркек аттуу жаныма жологон жок. Кыскасы, мен чоң сыноодон өттүм. Сөздү Окен алды:-Маржан, мен сени алгач көргөндө эле байкагам, муңайыңкы көз карашыңан кыйноо тартканыңды. Эми мындан аркы жашооң оң жолго түшсө болгону деп, сөздү жаңы эле улап келе жатканда, чөнтөк телефону шыңгырап калды. Кулагына такаган Окен:-Макул, сен айткандай болот-деп, жооп берген соң:-Маржан, сүйүнчү, ата-энең менен Жаныш мында келе жатышыптыр. Бүгүн, түнү менен айлыга кетет окшойсуңар, айткан кебине караганда деди эле, бул айтылган сөздү укканда Маржан ордунан тура калды, сүйүнгөнүнөн. Аз убакыт өтпөй эшиктин алдына машина токтогондо Маржандын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздагандай бат-бат согуп, бир орунга олтура албай сыртка чыга жөнөдү,көзүнө келген жашты сүрткөнгө алы келбей. Бул жерден көкүрүккө батпай кеткен кусалыктын, сагынычтын, айтып сөз жеткисе алгыз ичке толгон буктун ачыкка чыгуусу күтүлүп жатканынан белги берип турду, байкап турган адамга

Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 04 Февраль 2015 - 23:03

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Телефондун чырылдаган үнү Жаныштын оюн бузуп, ага алаксып калды. Улам-улам "да,да" деп жооп бергени болбосо, башка сөздөрү жанындагыларга угулган жок. Бир кезде Жаныш телефон менен сүйлөшүп жатып сыртка чыгып кетти да, бир топко кармалып кайра кирип:-Байке, сизден өтүнүч. Азыр сиздердин колуңарга Маржанды салып берем, түнү менен айылга кетип калгыла. Болбосо иш чатагына айланып кетиши күтүлүүдө. Шаарда азыр биздин ар бир изибиз аңдууга алынып, тиги уюшкан топтун кишилери, бура бастырбай калышты. Эптеп эбин келтирип тигилерди колго түшүрүп алсак, жакшы болот эле. Кыйчалыштап, тоскоолдуктар болуп жатканы бизди минтип түнгө чейин иштегенге мажбур кылууда. Сөз уланып жаңы гана сыртка чыгарда, сырттан бир милиция кызматкери кирип келип:-Жолдош майор, сизге атайын тапшырма менен кишилер келди өңдөнөт. Сырта күтүп турушат-деди эле. Жаныш калдастап калды да:-Жусуп байке сырта бир азга күтө турсаңыздар, мен тез эле чыгам-деп, келген кишилерди кабыл алмак болду. Аңгыча эле сырттан мурундары коңкойгон эки киши кирип келип калды. Буларды көргөндө Жаныш, экөөнү Шайилдин кишилери го деп, ойлогон болучу. Учурашып ал-жайды сурашкан соң тиги экөөнүн бири:-Жолдош Жаныш Умарович. Сизден өтүнүч. Биз Туркиянын элчилигинен келдик. Сиздерде Шайил Азизовдун колго түшкөн кишилери бар экен. Алар абдан коркунучтуу, издөөдөгү кишилер. Колуңуздан келсе калгандарын дагы кармап, бизге кабар берип койсоңуз дурус болот эле. Биз сиздин командириңизге кайрылсак, сизди билет дегенинен улам сизге келдик деди. Бул сөздөрдү укканда Жаныш абдан сүйүнүп кетти да:-Абдан жакшы. Азыр эле алиги Шайилдин кишилери менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Алар акча сунуш кылып жатышты эле. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, эртең аларды дагы колго түшүрүп беребиз. Бизге эң негизгиси жогору жакты колго алып берсеңер болду-деп, ишке кимдер тоскоол болуп жатканын үстүртөн билгизген болду эле, алиги экөөнүн бири:-Бизде атайын Турциядан келген төрт орган кызматкери бар, алар силерге жардам берет-дегенде Жаныш:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Анда абдан жакшы болот. Азыр мага телефон чалгандарды анда силердин кишилер кармаганы оң. Алар азыр кайда, мында тез келип калышсын, мен эки жигитти кошуп берем, алар билет, тиги Шайилдин ортого түшкөн кишилери кайда экенин. Бул сунушту укканда элчиликтен келген экөө сүйүнүп кетишти да, дароо телефон менен Турциядан келген органдын кишилерин чакырышты. Алар келгенге чейин Жаныш, Сарыбаевге болгон ишти түшүндүрүп берди да, Ысык- Көл мейманканасына барып, аларды эч кимге билгизбей кармап, булардын колуна салып бер!-деп, буйрук берди. Ал ортодо майда барат кагаз иштерин ирээтке келтиргенче, убакыт да өтүп кетти. Сырта күтүп тургандарды ойлоп, Жаныш шашкан болду, бирок иштин жагдайы ушул болуп калды. Аңгыча эле бойлору узун төрт киши сырттан кирип келип калды. Жаныш аларга болгон ишти үйстүртөн түшүндүрүп берип,өз иштеринин аягына чыгуу үчүн сыртка чыкты да, күтүп турган машинага олтуруп жатып:-Өх, эми жакшы болду. Алиги кишилер Турцияда дагы издөөдө жүргөн адамдар экен. Аларды эми Турцияга алып кетип, алар жаза беришет. Болбосо бул жактан биздин соттор акчага сатылып, эртең эле аларды боштондукка чыгарып жиберишмек. Дүйшөн байке айдаңыз. Акман сен менин машинама олтуруп алчы, шафёр билет, кайда барууну-деп, өз машинасына түшпөй бул жакка олтурду.Жусуп менен Каныш кызыбыздын жүзүн чын эле көрөбүзбү?-деп ишене бербей ойлору менен алек болуп жатышып, Жаныштын берген суроолорун укпай да калышты. Ушуга чейин тарткан азаптары бир тең, азыркы тарткан азаптары бир тең болуп, өздөрү машинанын салонунда болушканы менен ойлору менен такыр башка жакта болушту. Анан эмне кылышат "өлдү" деп куран окуткан кызы минтип табылып жатса, андан дагы аны менен жолукканы бара жаткандарына ишене алышпай, машина жөн эле бир жерге токтоп туруп алгандай сезилди. Бир кезде Жаныштын телефону чырылдап калды эле Жаныш кулагына такап, бир саамга турду да анан:-Дүйшөн байке, кайра артка айда, мен шашып жатып маанилүү кагазымды ишиме унутуп калыптырмын. Ушул телефонду ким ойлоп тапты болду экен? Эртеңкиге калса анда абдан уят болмок турбаймынбы. Мына байке, жаш туруп унутчаак болуп калдык. Жанагы кытайдын тамак аштары унутчаак кылып бүтмөй болду-деп, күнөөнү башка жактан издеген болду эле, сөздү Дүйшөн улады:-Ооба, десең, азыр сен эмес мектеп окуучулар дагы абдан унутчаак. Бешинчи класста окуган балама энеси эстетип турат, сабактарынын баарын. Алар чоңойсо эмне деген иш бүтүрүшөт билбейм. Өткөндө Самаш досум аялы менен базарга келип, айылга чыккан кардарларды салып алып, аялын унутуп коюп кетип калыптыр. Артынын аялы жол тосуп келиптир. Аялы кагаз же буюм эмес да, сендей болуп унутуп кетип калгандай. Азыр керек болсо буюм эмес каратып туруп кишини дагы унутуп калган заман болду. Бул кытай деген неме адамдарды согушу жок эле жеңип коё турган болдубу деп калдым. Илгери камырды камыр турушка эле ачытчуу эле, азыр кытайдын дрожжу менен ачытып, бүт эл унутчаак болуп бүтмөй болду. Алар ошол дрожжго химиялык зыян затты кошот экен. Аларда эл көп да. Элдин санын азайтуунун бир жолу ушулбу деп да калдым. Мындан ары сөз деле уланган жок.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   mir_0110   04 Февраль 2015 - 23:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2020 19:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чаткал

коооооооптон жазылса кандай сонун болмок ушул жагына шугур кылып туралы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кызыбызды көрөбүз деп шашып бараткан экөөнө, машинаны артка айдаган такыр жаккан жок. Аттиң десең, машинанын жылбаганындай сезилгенинен дагы кайра артка кеткендери өзгөчө Каныштын итатайын карматып, билгизбей ичинен кайрып алды "эми дагы эмнеси чыга калды"-деп. Машина бөлүмдүн алдына келип токтогондо Жаныш сыртка чыгып, чуркап эле жөнөдү, шашкан түр көргөзүп. Жусуп, калдастап шашып, жакшы аракет кылган Жанышка ичи жылып, кийин бир кой берип койсомбу-деп ойлогончо Дүйшөно оюн окуп билгенсип, нак учурунда:-Я, байке, бул баланы дагы учуру келсе бир ыраазы кылып коюш керек го. Калп айткан менен болобу, абдан жакшы чуркады-деди эле Каныш:-Иши ушул болсо чуркайт да. Баарына ушунтип эле өзүбүз баштайбыз, пара бергенди. Өзү айтты го "Маржандын арты менен уюшкан топту кармадык" деп. Эгер биз Маржан жөнүндө ага кабар айтпасак, анда эмне кылышат эле-деп, туура айттымбы дегенсип жооп күтүп туруп калганда, Жусуп:-Анда биз азыр Маржанды такыр көрө албай калмакбыз. Айтты го, Маржанды ооруканага жаткыздык, колу-буту таңылуу бойдон алып баратканда кармадык -деп. Андан дагы ооруканадан, дагы аны кайра уурдап кетүүгө аракет кылганын өз оозунан уктуң го. Эгер баары жайында болсо Маржан табылганда эле колубузга тиет болучу. Бул жерде биз али биле элек дагы бир сыр бар. Жана эле Жанышка боор тартып сүйлөп жатып, эми кайра эмне тетирлеп калдың?-деди. Бул жолу дагы да болсо Каныштын айткан сөздөрү оюндагыдай жемишин бербей, дагы кагуу жегенде Каныш туура айтылган сөзгө жооп айта албай туруп калды. Аңгыча эле Жаныш бөлүмдөн чуркап чыкканын көргөн Дүйшөн:-Жеңе кара, эгер бул баланын бизге карата оюу жаман болсо минтип шашпайт эле. Бизди күтүп калды деп, бул деле болгон аракетин жасап жатат.Жаныш машинага олтуруп жатып:-Буйруса иш оңунда, балдардын ыкчам кыймылын карасаңар, биз бул жерден чыга албай жатсак алар барып, тигилерди кармаганга үлүгүрүшүптүр. Жардамчым абдан иш билги бала. Тигилерди сыртка чыгып тургула деп, алдап чакырып алышып, анан колго түшүрүшүптүр. Бүгүн түнү жолго чыкпасаңар, Маржанды суракка чакыра берип тажатышат. Мен Маржанды жоготуп алдык-деп коём, тигилерге-деп, Окенге телефон чалды:-Окен, биз жакындап калдык, Маржан бүгүн ата-энеси менен айылына таңга калбай азыр кетиши керек болуп калды. Калган сөздү анан айтам деп, телефонду өчүрдү. Машина үйгө жакындаган сайын ата менен эненин жүрөктөр дүкүлдөп, өздөрү-өздөрүнө батпай, эч нерсе боло электе эле көздөрүнө жаш ала башташты. Кайран гана ата менен эне ай, анан эмне кылышат. "Ичтен чыккан ийри жылан"-деп айтылгандай, кантсе дагы Маржан экөөнүн канынан жаралып, канынан бүткөн кызы болгонүчүн, улам жолугушчу учур жакындаган сайын, кармануу күчү алсыздап, марага жете турган күлүктүн күч менен дем алганындай, дем алуулары дагы кысынып, аба жетишпей баратты. Эх, бул учурду көз менен көргөн адам сөзсүз ыйламак. Машина токтогондо эле Каныш үңүлдөп ыйлап баштады. Бул көз жаш албетте балага карата болгон эненин сагынычынан жаралган көз жаш экенин эч ким тана албайт эле. Ал эми Бүйрай эне кандай абалда кызынын жүзүн көрөт, ал кандай абалда калат ал азырынча табышмак.


БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Илгери эле алдыны көрө билген "Олуя"- деген атка конгон Калыгул бай уулунун айтканы кеби бар эмеспи "адамдын байлыгы, анын пейилинде" -деп. Анысысыңары Бообек менен Сыйнат тээ үйлөнгөн кездеринен бери эле конок тосконду ниеттеринде абдан жакшы көрүшөт. Андан дагы дасторкондору кенен. Келген коноктордун үйлөрүнөн кетмеги азап. Кээде таң атканча олтуруп, эртеси дагы конок болгондор болгон. Ал эми башка жолдошторунун үйүнө барышса, тамак ичилгенден кийин эле "кетебиз" -деп шашып кетишет, өзгөчө шеринелештери. Бул жолу дагы абдан сыйлуу адамды тосчудай, аз убакыттын ичинде даярданышып, келчү конокторду күтүп калышкан. Балдары дагы "конок келет" дегенди уккандан бери эле өздөрүнчө сүйүнүп, жол карап кирип чыгып убара. Куда келчүдөй алар жолдон көздөрүн албай, улам сыртка чыгып, кайра кирип "кандай кишилер келет болду экен" деп, келе турган кишилердин караандарын көрмөккө кызыктар. Келгендерине эки күн боло электе конок күтүү Сыйнаттын дагы оюна келген эмес. Аңгыча эле күүгүм кирип, караңгылык пардасы тартылып калган кезде, эшиктин алдына өздөрү күтпөгөн, кадимки чоңдор минген ак түстөгү джип машинасы келгенде, Сыйнат эле эмес, Бообек өзү дагы сүрдөп кетти. Ал эми эки баланын көздөрү жайнап, таң калып эле карап калышты. Машинадан бой келбети келишкен сулуу аял түшкөндө, өзгөчө Сыйнат аны аялдык сын менен караганга дагы үлгүрдү. Өзгөчө ал аялдын сырт кийми, боюна жарашыктуу болуп, көзгө алгач урунганы Сыйнаттын көзүн, өзүнө бурду. Негизи эле баасы кымбат нерсенин баркы дагы бийик болорун Гүлшат, дагы бир жолу ушул саам байкады. Анткени үйдүн ээсинин аялы алгач кийген кийимине көз артканы ушул ойду пайда кылды. Жеке эле Сыйнат эмес бүгүн кечке канча киши кийген кийимине кызыгып, ал турсун бир да жолу көрбөгөн Шатман минтип жанында жүргөнүнө дагы, жарашыктуу кийген кийми себеп болгонун жашырып болбойт болучу. Кудагыйы бекер айтпаганына бүгүн дагы бир жолу баа берди. Ооба, ал кайра-кайра айпады беле "Кудагый, бул кийимди жан адамга бербей кийип алыңыз, сизден өтүнүч"-деп. Гүлшат алгач Сыйнат менен учурашты, болгондо дагы анын эски таанышындай бетинен сүйүп. Анан Бообекке карап:-Күтүп калган жоксуңарбы? Тез эле караңгы кирип кетти, биз антип-минтип чыкканча -деп сөз улаган болду. Бообек, Шатман менен кол алышып учурашкан соң, Гүлшатка карап:-Мен деле азыр эле келгем. Кириңиздер, үйгө -деди. Алдыга басып астананы аттаган Гүлшаттын көзүнө бир кезде көрүнүп турчу ак элечек эне болоор болбос көрүнүп кеткенде, кабагы дароо ачыла түштү. Анткени жоголгон буюмдар бар учурда дайыма ушунтип көзүнө элестей калчу. Бул сыр менен эле билди буюмдар ушул жерде экенин. Даярдалган тасмалдын четине олтуруп жатып Гүлшат үйдүн ичин бир сыйра кыдырата караган болду. Муну байкаган Бообек:-Үйгө жаңы эле кирип, жыйнала элекбиз-деп, сөз улады, Гүлшаттын оюн билгенсип. Гүлшат уурусу кармалып калган адамдай, өзүн ыңгайсыз сезип:-Жакшы үй алыптырсыңар, өзүңөргө кут кылсын деп, унчукту да, бирдеме сүйлө дегенсип, Шатманды карады. Шатман,Бообекке карап: -Иним кайсы жерден болосуң?-деп оозуна келген сөздү айтып, суроо берип калды. Бообек куюлган чайды сунуп:-Алайдан болом, айтылуу Курманжан датканын жеринен деп айтты да, анан:-Байке, сиз эженин жолдошу болосузбу?-деди. Бул берилген суроого жооп берүү чынында эле чоң эмгекти талап кылды, бирок, сыр бербей:-Жок, чогуу иштешебиз-деп, калп айтууга туура келди. Анан эмне деп айтат эле. Бир чыныдан чай ичилгенде Гүлшат:-Сыйнат алиги баштыктагыны алып чыксаң?-деп, ала келген нерселерин көргөзмөккө аракет кылды. Андан дагы эртең менен Бообек көрүндүк, менен сүйүнчүнү ала келиңиз-деген сөздөн улам, ала келгендерин бетке кармады "Бул жерде анын менин дагы буюмдарымды көргөзкүлө, көңүлүм тынч алсын"- дегендик жаткан болучу. Сыйнат баштыктагы таттуу-тарапа жана костюм шым, өзүнө сырт кийим, анан дагы торт менен шампан, балдарга суусундуктарды алып чыкты. Муну менен тасмал үстү жайнап эле жатып калды. Чай ичилип бүткөнчө стакандарга шампан куюлуп, биринчи тосту Шатман алды:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Калганын дагы колум бошогондо жазайын, капа болбой турсаныздар сураныч эртен бутурушко аракет кыламын, колумдан келишинче коооооптон жазганга аркет кылып атпаймынбы, али тамакта иче элекмин келип эле сайтка кирдим , туура тушунунуздор

Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 04 Февраль 2015 - 23:11

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   atai9292   05 Февраль 2015 - 00:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 09 Июн 2025 23:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

омииий кызыгына келгенде бутуп калдыгоо мейли эми бирок ушунча жазганынызга рахмат кее бирлерине окшоп айда жылда бир жазбай
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   DaRhaN.   05 Февраль 2015 - 10:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Рахмат автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Болуптур анда, алган үйүңөр кут болсун, эшигиңер жакшылыкка эле ачылсын деп, калоо тилек айткан соң, ооз тийип стаканды ордуна коюп койду, "ичпейм, машина айдайм" деп. Ошонтип стакандар теңдеп, аз болсо дагы көнүшө түшкөндө Бообек:-Сыйнат, эженин буюмдарын алып келчи, ал толук болду бекен?-деп, болгон окуяны үстүртөн түшүнүктүү кылып айтып берди. Окуянын өңүтүн укканда эле Гүлшат, башын чайкап:-Ал шүмүк ушуну кылмак. Карасаңар, алеки сааттын ичинде кантип үйгө кирип, уурдаганга үлгүрдү-деп жатса, бул жакта анын кылыктары толтура турбайбы! Сыйнат баштыкты алып келип, андагы буюмдарды алып чыгып жатканда эле Гүлшат ыйлап жиберди, сүйүнгөндөн: -Нак ушулар болучу. Түшүмө дагы кирген, абдан чаң жерде катылып турганын эки жолу түшүмдө көргөн болчумун. Ыракмат силерге, эгер силерден башка бирөө болсо сатып жиберет эле да-деп, сүйлөй да берди, буюмдарды кармалап да жатты. Бул жерден бул көрүнүшкө карап тургандардын боорлору ооруду. Анан кантет, атайын тапшырган аманатты жоготуп жиберип, кайра табып жатса. Бул баам салып караган кишиге абдан жооптуу экенин танып болбойт эле. Гүлшат чөнтөгүнөн жүз доллар алып чыгып:-Бул көрүндүгү, бул сүйүнчүсү-деп эки миң сом берди. Мынчалык акча алабыз деп ойлогон эмес эле экөө. Сөз ушуну менен уланып, Бообек үйдү кантип сатып алганын, кантип тазалаганын, кандай адамдардын жардамы тийгенин жигине жеткизе айтып берип жатканда, Шатман менен Гүлшат кунт коюп угуп олтурушту сөздү бөлбөй. Сөз арасында Бообек, эбин келтирип:Бул жашоодо ооздон чыккан тилек дагы кабыл болуп калат экен. Тээ илгери союздун учурунда болгон бир окуяны айтып берейин, эби келип турат деп, узун сөзгө кирди-Адамдын эң биринчи душманы тил деп айтылгандай, чынында эле канчалаган пенделер оозунан чыккан сөздүн кулу болуп турмуштарынан аксап,кейиш менен күндөрүн өткөрүп келишпеди. Ооба учурунда сөздүн күчүнө баа бербегенибиз менен кийин баары өтүп кеткенден соң өкүнүп калган бул адат, тээ илгертен бери эле келе жаткан адам баласынын өнөкөт иши. Пенденин оозунда периштенин кулагында дегендей,адам баласы байкап сүйлөбөсө,сөздүн күчү дагы өз дээңгелинде жашоодо таасирин берээрин эсибизден чыгарбаш керек экен. Сөз ооздон чыкканча адамдын кулу, ооздон чыгып кеткенден кийин адам сөздүн кулу болуп калат эмеспи. Ансыңары байкап сүйлөш парс. Бул жерден сөздү көп чойбой болгон окуянын өңүтүн айтайын.Качкынбектин азыр жашы алтмыштан ашып калса керек. Болгону бир баласы бар. Түбөлүк жубайы Сагынбүбү дагы карылыкка моюн сунуп, идиш аягын кармай албай калса керек. Ал эми экөөнүн жалгыз баласы Самаган алардын керегине жарамак турсун, өз жанын бага албай алигиге жакын болуп, дайын дареги жок өз күнүн көрүп жүрөт өңдөнөт. Качкынбек мындай жашоого туш болгонуна өзүнүн ооз кесир сүйлөгөн сөзү себеп болгонун кеч түшүнүп,баары өтүп кеткенден кийин өкүнүп турган учуру.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

" Бул жашоо турмуштун оюну"-деп айтылгандай, жашоодон жаңылбай жашаган адам гана турмуштун даамдуу даамын татып жашайт эмеспи. Ал эми Качкынбек тээ жигит кезинде эле, ооз кесир сөз сүйлөп, жашоосун такыр башка нукка буруп алган. Ошол кезде Качкынбек болгону он тогуз жашка чыгып,толуп болуп турган кези болучу. Аскерге кандайдыр бир себептер менен барбай калган. Атасы Багыш карыя жакшы эле айткан "Балам үйлөнүп өзүнчө түтүн буулат, баланчанын кызына куда түшүп койдум"-деп. Бирок, Качкынбек атасынын тилин албай, такыр башка сөз айтат. Ата убара болбоңуз, мен азыр үйлөнбөйм. Кийин убакыт сааты жеткенде көзү кыйшык, бетинде чаары бар аял алам. Ага чейин менин тынчымды албагыла. Мен азыр али жашмын. Андан көрө иним Кылычбекти үйлөнтсөңөр болот дейт.Ошондо Багыш карыя олтурган ордунан тура калып:- Я, балам сөзүңдү кайра ал! Ошонтип кантип айтсын. Ооздон чыккан сөз тилеген тилекке тете. Мен сени "адам болсун" деп багып чоңойтподум беле. Ал эми сен минтип жүйөөлү сөз айткандын ордуна, каяктагы көзү кыйшык бети чаар аял алам дейсиң да. Качкынбек өзүнүн курчтугуна салып:- Ата буйруктан ким качып кутулуптур. Менин маңдайыма жазылганы ошол болсо "мен эмне кыла ала",деп көзү ачыктай азыркы турмушун көрүп тургандай айканда, Багыш карыя бармагын тиштеп:- Кап балам, ушул сөздү оозуңдан чыгарбай ичиңе сактасаң, сенин кийинки жашоо башка нукка бурулат эле. Эми болбой калды, өзүң айткандай тагдырыңа жазганды көр. "Мен эми сенин ишиңе жана жашооңо кийлигишпейм" деп катуу өкүнгөн экен.Көрсө, уулу Качкынбекке берилген аян бир кезде өзүнө да берилип, Багыш карыя ал сырды эч кимге айтпай, аялды ала качып алып, өзүнүн жашоосун башка нукка бурганын уулунун айткан сөзүнөн кийин эстеп, "сөзүңдү кайра ал" деп өтүнгөнүнүн себеби тереңде болучу.Бирок Качкынбек ооздон чыккан сөзүн кайра алмак турсун, күчөтүп жибергени Багыш карыяны абдан капа кылды.Качан эле ата, баланы жамандыкка кыйды эле. Бир нерседен шек алган үчүн Багыш дитин таштап өтүндү эле, баласынан, бирок болбоду. Ошол окуядан соң Качкынбек он жети жылдан кийин бир кезде өзү айткан көзү кыйшык, бети чаар олтуруп калган азыркы аялы Сагынбүбүгө жөндөн жөн жерден эле үйлөнүп, жашап калган. Айткандай Сагынбүбүнүн жашы ошол кезде отузга таяп калса керек. Анда отуз жашка чыккан, кыз бала үчүн өтө эле карылыктын белгисин берчү эмес беле. Отуз жашка чыккан ал кездеги аял заты жок дегенде төрт, беш баланын энеси болуп,бир үйдүн жүгүн толук көтөрүп калчу. Качкынбек менен Сагынбүбү үйлөнгөндөн кийин үч жылдан соң балалуу болушат. "Самап жүрүп көргөн бала" деп ысмын Самаган коюшуп, экөөнүн жашоосу бир нукка түшкөнү менен убакыт баарын таразалап, карыганда минтип экөө тең жалгыз калып, Качкынбек өткөнгө өкүнүп, "атасынын сөзүңдү кайра ал "деген сөзүнө учурунда баа бербегенин кеч түшүнүп, маңдайга жазган жазымыштын буйругун көрүп жүргөн кези.Ооба , жаш кезде баарыбыз эле курч болуп, көп нерсеге моюн бербегенибиз менен турмуш өзү тараза ташына салып, тилеген тилекке жеткирип же ооздон чыккан сөздүн кулу кылып коёт тура. Качкынбек азыр алдан тайып, жашоонун оюнунан четтеп калганда гана, турмуштун таразасына баа берип турган учуру. Эгер Качкынбек атасынын тилин алып жаш кезинде эле үйлөнүп алганда, баары башкача болот беле ким билет. Бирок аны муну айтканыбыз менен баары тагдырдын буйругу менен болот эмеспи. Эмне болгон күндө дагы эң негизгиси сөздү байкап сүйлөш керек экен. Мен бул окуяны эмне үчүн айттым.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Тээ бала кезде мен дагы тилек кылдым эле "шаардан баасы арзан там алсам, бирок ал тамды ким салса дагы, ал салган адамдан сатып алган үйүмдү таза кармап, үйдүн баркына жетсем"-деп. Чынын айтсам мен шаарга жөндөн жөн эле келип калдым да, бир кездеги тилегим кабыл болуп, минтип баасы арзан тамга жетип, тилегим кабыл болуп олтурат. Сөз ушул жерге келгенде Сыйнат:-Бообек, тамак эзилип кетмей болду,сөздү кыскарт-деди эле Бообек:-Алып келе бер!-деди. Тамак алдыга келгенде Гүлшат:-Силерге абдан чоң ыракмат. Эгер силер бул буюмдарды мага бербеген болсоңор, азабын тартмаксыңар. Анткени бул буюмдардын колдон колго өтүп келе жатканына үч кылымдай убакыт өттү. Эми мен дагы кызыма берип, аманаттан кутулбасам, канча жылдан бери ичкеним ирим, жегеним желим болду. Сыйнат, макул көрсөң экөөбүз эми эже сиңди болуп катышып жүрөлү. "Жакшыга жанаш, жамандан адаш"-деген кеп бар эмеспи, мен мында келгенден бери силердин жакшы адам экениңерди баалап, оозуман ушул сөз чыкты. Мүмкүн болсо менин дагы үйүмө конок болуп кетүүңөрдү өтүнөм-деп, чын ниетинен ыраазычылык билдирди. Шатман сөзгө алаксып жатып ишинен калганын сөз арасында айтып,тамакка бата тиленгенден соң:-Гүлшат, мени деле конокко чакырасыңбы? Бообектер менен. Көрсө адам баласынын ичинде кандай жакшы кулакта кала тургандай сөздөр бар экенине бүгүн гана баа берип турам-деди. Гүлшат күлүп:-Сизсиз кантип мен конок чакырат элем!- деп, бир ооз сөзү менен ага берилип калганын билгизип алды. Шатманга үчүн бул айтылган сөз абдан жакшы таасир берип, жаш улан түгөйүн тапкандай, тун сүйүүгө кабылгансып абдан толкунданып алды. Көрсө бул жалган дүйнөдө бир ооз сөз дагы чоң роль ойноп, адам баласынын көңүлүн өстүрөт белем. Гүлшат, жалгыз келбей Шатман менен келгенине ичинен абдан кубанып, ал турсун аны аз убакыт ичинде эле жактырып калганын билгизбей келип, сөз арасында биигизип алган соң уялып калды. Бата тиленип орундарынан турганда Бообектин кичүү баласы:-Ата тортту жебей кетишеби? дегенде гана Бообек колун чаап: -Кап, эми эки мүнөт убактыңарды бөлүп койгула, балам эстетпегенде такыр унутуп калмак турбайбызбы! -деп, шашып калды. Эх адам баласы конок келгенде кетиргизи келбей калат эмеспи, өзгөчө жакшы олтурганда. Ал эми ичимдик ичилген болсо,анда кетиргенче шашат. Анткени ичимдик ичилгенде ар кандай сөздөр козголуп кетээринде эч шек жок. Торт желип болгондо, эми чындап орундарынан турушту. Бул кезде сааттын жебеси түнкү бирди көргөзүп калган. Шатман машинада келе жатып:-Гүлшат, кеч болуп кетти,азыр биздин эле үйгө барбайлыбы, менин үйүмдү эч ким жок!-деди эле Гүлшат табылган буюмдарына толкунданып: -Жок, Шатман, биздин үйгө баралы. Менин дагы үйүмдө эч ким жок, мени азыр билесиңби, кандай сүйүнүп турам? Ушул сүйүнүчүмдү сени менен тең бөлүшкүм келет. Эч качан ойлогон эмес элем, "жоголгон буюмдарды сендей жакшы адам менен бирге барып таап келем"- деп. Кыскасы машинаны үйдү көздөй айдсаңыз болот. Биринчи жолу жолугуп, бирге конок болуп, андан дагы жоголгон "ыйык" деген буюмдарынын табылышына күбө болгонуна туш болгон Шатман өзүнчө ойлоп койду "бул жакшы жышаан"-деп. ......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Жүрөгү дүкүлдөп соккон Маржан машинадан алгач түшкөн атасы Жусупту чуркап барып эле кучактаган бойдон, үнүн катуу чыгарып ыйлап жиберди. Жусуп дагы ушундай кызын сагынган экен,ал дагы көзүнө жаш алып, кызын бир топко чейин коё бербей кучактап,кадимкидей уңулдап ыйлап, Маржанды кучагынан коё бербей турду. Анан Канышка кезек келгенде ал ыйлаган абалында, үнү эч кимге угулган жок, бир нерселерди эле кобуруп, Маржанды кучагына алды. Маржан эми апасын кучактап, жөн эле уңулдап ыйлаганда көптөн берки куса ушуну менен чыгып жаткандай сезилди. Бери жакта карап тургандар дагы табышкандарды көрүп алышып, алар дагы көздөрүнө жаш алышты. Эх бул дүйнөдө эмне болгон күндө дагы туугандык сезим, ата менен эненин сагынычы, жакын адамдардын жолугушуусу баары бир жүрөк титиреткен абалды тартуулаганын, ага күбө болгон киши гана нак сезет белем, Сурма дагы өзүнчө эле ыйлап алган. Маржан, Дүйшөн менен жеңесин, иниси Акманды көргөндө дагы аларды узакка кучагынан бошоткон жок. "Бир туугандын кадырын сагынганда билесиң"- дегендей, Маржандын чектен сырт куса болуп, туугандары чын эле көздөн учканын жолугушуудагы абалынан билгизди. Баары менен учурашып чыкканда, толкундангандан эсин дагы жоготуп койду. Айтып койгон оңой бирок,ошончо жыл кордук көрүп, сагынычы менен кусалыгы денесине батпай кеткен адамдын акыбалына туура баа берген оң. Маржан кеминде жарым сааттан кийин гана эсине келип, өзүн карманып, сөз кезеги келгенде, эч кимди көзгө илбей Жанышты кучактап, жүзүнөн өөп:-Ата, апа, силердин көзүңөрдү көргөнүмө ушул адамдын эмгеги абдан зор. Ата, мени чындап кызым десеңиз, жанын канжыгага байлап, бандиттер менен кармашып, алардын колунан бошотуп алган эмгегин баалап бир ат мингизиңиз. Кийин мен ал атты таап берем!-деди эле, Жусуп кызынын өз оозунан уккан сөздү бийик тутуп:-Кызым, бир ат жерге кирсин, керек болсо машина алып берсем дагы аздык кылат-деди. Жаныш сөз менен болсо дагы эмгеги бааланганына ыраазы болуп:-Ыракмат, Жусуп байке, мен сиздердин ушул айтып койгон сөзүңүздөргө эле ыраазы болуп, өзүмө батпай турам. Айтылган кеп бар го "бирөөнү сындай билген оңой, эмгекти баалай билүү кыйын"-деген. Ушунча жыл иштеп жүрүп, өзүмдүн эмгегим ушул жолу акталганы эле мен үчүн абдан чоң сыймык. Ичи таар, эмгекти баалай албаган адам болсоңуздар "Жаныштын иши ушул, ушул ишти жасаган үчүн өкмөттөн айлык алып жатат"-деп коймоксуңар. Пейилиңиздерге ыракмат!-дегенде Каныш бул айтылган сөз, өзүнө карата айтылгандай эле сезилип калды. Дүйшөн бул сөз Жаныштын оозунан чыкканда дароо Канышты карады да, эч сөз сүйлөбө дегенди, көзү менен билгизди. Сөзгө Анипа кошулду. Негизи эле аз сүйлөгөн кишилер таамай айтып, көп сүйлөгөн адамдын, былжыраган сөздөрүн бир гана ооз сөз менен туюндуруп коёт эмеспи. Шаарга келгени эч сөз сүйлөбөгөн Анипа ушул жолу учурун келтирип:-Жеңе, жоголгон кыз табылды, эми ушунтип эле унчукпай каласызбы?-деди эле Каныш сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билип:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ай, Анипа, аны өзүң билип эле алып келе бербейсиңби? -деп актанды эле Анипа:-Жеңе, сизден оозунуп, өзүм билемдик кылганга менин адамдык сапатым жол бербейт!-деп катыра жооп берди. Бул айтылган сөздүн учу дагы Каныштын огородуна таш ыргытылгандай эле болду. Каныш алдына ала даярдалган машинадагы "жентекке" деп алынган баштыкты алып келди, Анипанын жардамы менен. Негизи эле илгери бала жоокерлик кызматтан келсе, же көп жыл алыс жакка барып келгенде "балаң кайра төрөлдү"- деп, жентек доолаган, салтта бар эмеспи. Ошол себептен, табылган кызга деп арнап, атайын жентек даярдалган. Жолугушуу аземи болгон соң, баары текши тасмал четинде олтурушканда, Маржан үстүртөн гана башынан өткөн окуяларды айтып берди. Ичимдиктин оозу ачылганда сөздүн учу түгөнбөй калаары чындык. Улам бири сөз сүйлөнүп жатып, таңкы төрттө гана Жусуптар жолго чыгышты. Дүйшөн тең жолго келгенде машинаны Акманга берди. Аз да болсо уктап алган Акман асфальт жолдо газды түбүнө чейин басып, жаштык курч жүрөгү менен катуу айдап, жолду жакшы эле кыскартты. Жолдо карата баары уйкуга киргени менен Маржан менен гана Акманбек уктаган жок. Маржан кантип уктайт. Бул жашоодо бир гана Бүрай энеси гана өзүн жамандыкка кыйбай, али күнчө чын жүрөгү менен күтүп, чын ниетинде санаа чегип, азыр да түн уйкусун бөлүп тилек тилеп жатканын кантип жүрөгү менен сезбейт. Бул дүйнөндө ар бир адамдын жүрөгү сезет, кимдин өзүнө карата оюу кандай экенин. Ал турсун артынан кимдин жамандап айткан сөзүн дагы билет, ким жаман көрүп жатканын жүрөгү менен сезет. Бирок аны сыртка чыгара албайт. Бул адамдын ички туюу сезими. Машинада баратып, Маржан кадимкидей сезип турду, Бүрай энеси төшөктөн туруп, олтуруп алып, эки алаканын жүзүнө жакындатып "кызымдын жүзүн көрсөт, анын жүзүн көрсөм арманым жок"-деп тилек тилеп олтурганын. Эненин тарткан санаасынан өткөн бул жалган дүйнөндө санаа жок. Бирок, каапырлардын изине түшүп, батыш элинин салт санаасын колдоно баштаганы, кээ бир энелерден дагы калыстык кеткенин танып болбойт. Өңгө жана байлыкка карап эки сүйлөгөн энелер, учуру келгенде, тактап айтканда карылыкка кадам таштаганы балдарынын алдында баркы кетип, кээ бир энелер үйүнө, балдарына, кыздарына батпай карылар үйүнө туш келип калган учурлар, энеден кеткен калыстыкты тастыктап турат го.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ал эми кекиртектин кулуна айланган, куучуңдаган карыялар куу кекиртектин айынан, карылык сөөлөттү кармана албай, сакалынан чуурута ичимдик ичкени кайсы сыйга татыйт эле. Айылга жакындаганда Каныш машинанын силкингенинен улам ойгонуп кетип, өзүнчө ойго батты. Шаарга келгени канча жолу туура эмес сүйлөп алып кагуу жегенинен дагы, Жаныштын таамай айткан сөзү жүлүнүнө жетип, өзүнүн кандай аял экенин, адамдык жүзүн билип, калпыс айткан сөздөрү үчүн өзүн-өзү жек көрүп кетти да, кимдин- ким экенин жана адам баласы адамдык сапаты менен гана бийик экени өзүнөн, күйөөсү Жусуптун кадыры жогору турарына көзү жетип, аз сүйлөгөн адам барктуу экенине нак баа берди. Ал турсун Жусуп, өзүнө теңелбей, кандай ачуу сөз айтса дагы унчукпай койгону үчүн абысыны менен кайнисинин сыйына татыктуу болгонун, канча жолу байкады. Баарынан дагы өз канынан жаралган улуу эле канча жолу сын айтты. Андан дагы ушунча жыл жоголуп кетип табылган кызы дагы өзүнө караганда атасына ыктаганы, кимдин-ким экенинен белги берди. Машина айылга жакындап, айылдын карааны көрүнгөнү Маржан кадимкидей толкуданып, дагы көзүнө жаш алды. Анан эмне кылат. Балалык кези өткөн жер, андан дагы ушунча жыл күдөрүн үзбөй, үмүт менен апасы Бүрай жол карап күтүп турганы көз алдына тартылып, жакшы түш көрүп жаткан адам "ойгонуп кетпесем экен" деп тилегендей, ушул учурдун токтоп турушун ичинен миң кайталап тилеп жиберди. Тээ алыскы ак карлуу тоонун башынан күндүн нуру жерге чачырап, айылга көрк бергени Маржандын тээ бала кезин эске салды. Ушул кезде дайыма уйду саап, бадага кошкону келгенде бою кыска, азыраак аксап баскан, дүкөндүн кароолчусу Аманбай карыя, сайдын суусунан өтүп, оорукананын короосуна жакындаганда дайыма "бара бер кызым, мындан ары өзүм эле айдап барам"-деп, кетирип жиберчү эмес беле. Ал эми көбүнчө аялдар уйларын саап, сыртка чыгарып Аманбай карыяны күтүп турушчу. Кудум ушундай күн жаңы гана чыгып келе жатканда, сүйлөшүп алышкансып айылдын болгон уйлары бир жерге чогулуп, баданы кайтара турган кишинин алдына салып беришчү эмес беле. Ушул жерден Маржан жанында олтурган Каныштан сурап калды, күтүүсүз жерден эле:-Апа, Аманбай карыя барбы?-деп. Каныш башын акырын буруп:-Кайдан, кемпири экөө тең арабыздан узап кеткен. Жакшы адамдар эле-деп жооп берип, аны эмне сурадың дегенсип карады эле Маржан:-Билесизби? Ал киши дайыма биздин көчөнүн уйларын чогултуп, айдап бадага кошчу эмес беле, кудум азыркыдай күн нурун жерге жаңы чачып келе жатканда. Каныш үшкүрүнүп:-Азыр ал кездегидей "бада" деген жоюлуп, кокту-колоттун баарын элдер тосуп алышып, мал жайылган жайыт таарыган-деп кыска гана жооп берди. Чын эле айыл ичи Маржанга баштагыдай эмес, эмнегедир кунарсыз көрүнүп кетти. Көрсө айылдын көркү аксакал, кары адамдардын калдайган карааны менен гана көркүнө чыгып келгенин Маржан кеч түшүндү. Машина эшиктин алдына келип токтогондо, үйдөн таягын таянып, Бүрай эне чыкканда Жусуп:-Маржан, сен апамдын көзүнө азыр көрүнбө, сени көргөндө сүйүнүп кетип, дагы бир нерсе болуп кетпесин. Алгач сөз менен айтып, анын аң сезимин даярдайлык, анан көрүн дегенде, бул сунушту Дүйшөн туура кабыл алып:-Байке, абдан туура айтыңыз, Маржан ушунча жыл чыдаган,эми беш-он мүнөт чыдап, өзүңдү-өзүң кармап машинадан түшпөй тура тур!-деди. Маржан бул сунушка макул болуп, бетин жууган жашты сүрткөнгө алы келбей, апасынан көзүн албай карап туруп, жүрөгү кысылып кетти.Алгач Каныш машинадан түшүп:-Апа, кандайсыз?-дегенде Бүрай эне:-Кандай болмок элем, баягыдай эле жатам. Деги силер кайда жүрдүңөр, көзгө көрүнбөй?-деди эле Каныш:-Шаарга барып келдик!-деди. Бүрай эне кадамын токтотуп:-Баяга Маржанымдан кабар барбы? Аны күтүп жүрүп карымай болдум, көзүн көрөр күнүм болот болду бекен!- деген сөздү Маржан даана угуп, өзүн кармана албай болго күчү менен үңүлдөп ыйлап, эч кимге ээ-жаа бербей чуркап келип эле "апа!" -деп энесин басып жыгылды......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Гүлшат менен Шатман үйгө келгенде, баштыкагы буюмдарды жерге төгүп, өздөрүнчө дагы бир сыйра карап чыгышты. Шатман күмүш менен жасалган, кооз буюмдардан көзүн албай карап:-Я, Гүлшат, бул буюмдар кандай уста адамдын колунан жасалган? Керек болсо техниканын өсүп турган учуру,азыркы кезде дагы мындай иш, эч бир адамдын колунан келбейт. Карачы,бастырылган оюларды. Мен азыр сени урушкым келип турат. Мындай асыл буюмдарды эмне үчүн ачык жерге коюп, уурдаттың! Чын эле бул буюмдарды касиеттүү адамдар колдонгону билинип турат. Дагы жакшы кайра табылып калганы. Билесиңби, азыр буларды жүз миңдеген долларга сатсаң дагы аздык кылат. Көрсө сен жөн жердин кызы эмес турбайсыңбы. Гүлшат кабагын түйүп, күнөөсүн моюнга алып:-Сен айткандай бул буюмдар абдан кымбат болгон үчүн,ушул күнгө чейин эч талыкпай издеп келбедимби. Менин болгон тилегим бул буюмдарды табуу болучу. Эми мен бул буюмдарды кызыма берип, күйөө бала экөөнө катуу тапшырышым керек "эч убакта сатып жибербей, силер дагы кызыңарга тапшыргыла" -деп. Азыркы жаштарга ишенип дагы болбойт эмеспи. Шатман сөздү бөлүп, маанилүү сөз айтчуудай бир азга үнсүз туруп:-Жок, Гүлшат, бул буюмдарды күйөө балаң көрбөй эле койгону оң. Тээ илгертен айтылган кеп бар " күйөө бала менен келин душман"-деген. Эгер кыйынчылык баштарына келип калса, күйөө балаң бул буюмдарды кызыңа ээ кылбай сатып жибериши толук мүмкүн. Бул жагын дагы ойлон. Гүлшат бул сунушту туура кабыл алып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Шатман, сен дагы абдан жакшы кеңеш айттың. "Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык"-деген сөз абдан туура айтылган. Билесиңби? Биз дагы катуу кыйналганда, жолдошум айтты эле "ушундай учурда баалу буюм болсо сатып жиберсек, кандай жакшы болот эле"-деп. Эгер мен ага бул буюмдарды көргөзгөн болсом, ал мага ээ кылбай эле эбак сатып жиберет эле да, мен азыр сени менен минтип олтурбайт элем. Ушул буюм үчүн мен атайын базарга жасанып бара жатып, сени менен таанышпадымбы. Шатман күлүп:-Мени менен таанышканың эч нерсе эмес, билесиңби?- сен чоң жоопкерчиликтен кутулууга эми тезирээк аракет кыл! Болбсо бул баалуу буюмдардын дайынын бирөө эле билип калса, түнү менен келип сенден алып кетет. Анан дагы убара болосуң, кайра издеп. Бул айтылган сөздүн төркүнү эмне жөнүндө болуп жатканына дароо баа берген Гүлшат:-Шатман, сен абдан туура сөз айттың! Мен эртең эле кызымды үйгө чакырып, буларды көргөзүп колуна тапшырам,анан жүрөгүм ылдыйлабаса, жаным жай алчудай эмес. Шатман сөздү бөлүп:-Гүлшат, сен канча жылдан бери жалгыз жашайсың?-деди. Берилген суроонун аягында эмне деген сөз жатканын билип:-Мен жалгыз жашабайм, экинчи кызым менен жашайм. Ал азыр тогузунчу класста окуйт. Айылга кеткен эртең келип калат. Бирок ал кызыма караганда мен улуу кызыма ишенем. Ошол себептен бул буюмдарды улуусуна берүүнү эп көрдүм. Андан дагы кичүү кызым кандай бала турмушка чыгат, аны ким билет. Шатман сөз кезегин келтирип, Гүлшаты аяр өзүнө тартып, жүзүнөн сүйүп:-Гүлшат, кел экөөбүз биригип алып жашайбыз. Билесиңби? Бир көрүп эле сени жактырып калдым. Эртең мен Россияга кетем да, үч күндөн соң келем. Келгенге чейин сени чын ниетимден сагынам го. Гүлшат боюн ага ыктап:-Мен дагы өзүмө-өзүм таң калып турам. Ишенесиңби, сени жанымдан чыгаргым келбей, сага эмне мынча тез арбалдым билбейм. Ушул сөздү укканда Шатман, Гүлшатты кучактап жүзүнөн баштагыдай тартынбай өптү эле, Гүлшатка бул көрүнүш абдан жагып, каршылык көргөзгөнгө дарманы жетпей, кайра анын ыгы менен болуп, ысык эриндер бири-бирине чапталып,таттуу өбүшүү өзүнүн өкүмүн жүргүздү. Ушул жашка чыкканы Гүлшат "бир көргөн адам менен тез аранын ичинде өбүшүп калам" деп эч оюна алган эмес. Ал турсун көчөдө өбүшүп турган жаштарга сын тагып, аларды жаман көзү менен карап, такыр эле жаман көрчү. Эми минтип "сынчынын сыңар өтүгү майрык"-деп айтылгандай, сын таккандан тажабаган Гүлшат өз үйүндө бир көргөн эркек менен өбүшкөнү, бөксөлүккө кадам таштагандын белгиси эмей. Бир кезде Шатман чектен чыгып баратканда гана Гүлшат эсине келе түштү. Андан дагы бирөө жаман көзү менен карап тургансып,кысынып кетти да, Шатманды боюнан оолак түртүп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Болду, Шатман эсиңе кел! Токтотолу, бизге жарашпайт экен! деди. Балга конгон аарыдай, бек кучактап алган Шатман каргылданга үнү менен:-Гүлшат, жок дебечи, сен ушундай дагы таттуу белең, мурда кайда жүрдүң?-деп, эми чабуулду таттуу сөзү менен баштап, бир топко чейин ээ берген жок. Өбүшүп бети ачылып калганда, эркектердин үстөмдүгү күч алат эмеспи. Барган сайын Гүлшаттын дарманы азайып, кумар отуна баш ийип, аз эле жерден калды, болбосо эмне болуп кетет эле. Шатман толгон-токой убадаларды берип, үйдөн чыгып кеткенде гана, Гүлшат сапсайган чачтарын ирээтке келтирип, күзгүдөн өзүн карап, эмнегедир жийиркенип кетти. Анткени жолдошунан башка жан адамга жүзүн өптүрбөгөнгөбү же бир көргөн адам менен эле ушундай ишке барганынабы төшөккө жатканга чейин ичинен өзүн-өзү тилдеп, эптеп бул балээден кутулу үчүн жатууга баш койду. Бирок, убакыт түн ортосунан оогонгобу, тез эле уктап кетти. Терезеден тийген айдын нуру жүзүнө төгүлүп, эркекке өптүргөн бетин эми айдын нуру аймалагансып, Гүлшаттын чачы жазылып жаткан турпаты көзгө укмуш кооз көрүнүп, түн чүрөгүнүн келбетин тартуулап турду. Атаганат, ушул көрүнүштү колунан келген сүйрөтчү, кагаз бетине түшүрүп тарткан болсо, дүйнө жүзүндө биринчи орунду алат беле, ким билет. Калп айткан менен болобу, бул жалган дүйнөнүн көркүнө көрк кошуп турган аял затынын сулуу турпаты экенин ким тана алат. Мен кыйын деген Шырдакбек дагы канча элди башкарып, жоого алдырбай, эч кимге алданбай, эл эгеси болуп туруп, аял затына алданганы эле , сулуулук менен көркөмдүктүн ээси аял заты экенинен белги берип туру го. Ал эми дүйнөгө баатырлык сапаты менен ысмы тарыхта калган Чыңгыз хан эле канча аял алган. Бул да болсо адам баласынын кооздукка, сулуулукка, көркөмдүккө баш ийгени экенин ким тана алат. Шатман үйдөн чыгып, машинасы менен үйүнө баратып, өзүнө-өзү таң калып, сулуунун жүзүнөн өпкөнүнө ишене албай, аял затынын жан эриткен ысык койну көз алдына тартылып, өзүн абдан бактылуу сезип баратты. Эми ал кантип Гүлшатка үйлөнбөйт. Анын ысык даамынын бир үзүмүн татып калгангабы, керек болсо россияга барбай, эртең эле Гүлшатка үйлөнүп алгысы келип, анын жанынан жаңы эле узаса дагы сагынычы күч алып, толкуданып баратты.Бирок Гүлшат учурунда абдан жакшы сөз айтканын эсинен чыгарган жок. Эгер ал сөздү айтпаган болсо, анда анын үйүндө эле жатып калмак. "Шатман, ысык темир бат муздайт. Биз бүгүн эле таанышып, сенин оюңдагы ишке барганыбыз, ортодогу жаңы пайда болуп келе жаткан сезимдин тамырына балта чабат. Ушунчабызда токтотуп, экөөбүз бири-бирибизди сагынып, улуу сезимдин алдында таза бололу. Баардык нерсенин өз учуру менен болгону жакшы"-деп, курч жана маанилүү айткан сөздөрү Шатманды ойго салып, анан кетүүгө мажбур кылды. Шатман жолдо келе жатып Гүлшаттын акылына дагы баа берип, эми аны колдон чыгарбоонун жолун ойлоду. Ууз сүйүүгө кабыл болгон жаш уландай, Шатман өзүн абдан бактылуу сезип, үйүнө келди да, төшөккө жатканы менен таттуу кыялдын кучагынан бошоно албай жатып уктап кеткенин билбей калды."Уйку менен күлкүгө ар жок"-дегендей, уйку баарынан алаксытып, өз чөлкөмүнө тартып алып, баардык нерсени унуткарат эмеспи. Анысысыңары, Шатман дагы уктап кетип гана Гүлшатты оюнан чыгарды.....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 18:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: