Суперстан: Арзан баанын азгырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров

#21 Пользователь офлайн   Aizurok   30 Январь 2015 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Биз сизден ошол себеп менен кандай кеңеш бере аласыз деп, келген элек. Бул досум ал тамдын баасы арзан экен деп, арзандыгына карап алып, алганы азапты берип жатат. "Арзандын тузу татыбайт" - деген кеп бар эмеспи . Анын сыңары арзан баанын азабы, бизди сизге алып келди. Ысмайыл айтылган сөздү анча жактыра берген жок. Бообекти жактап:-Билбестик да. Аны саткан кишинин сөзүнө ишенди да. Болбосо ким эле жаман ой менен бир нерсе сатып алсын. Жүрү үйгө киргиле. Даам сызып олтуралы. Келген адам сырттан кеткен салтта жок. Мен силерге эмне кылыш керек айтып берейин деп, экөөнү сөз менен кызыктырып койду. Бообек ичинен абдан ыраазы болуп турду. Жакшы адамдын оозунан ар качан жакшы сөз чыгат. Ысмайылды көргөндө эле байкаган, жакшы адам экенин.Сөз алдыга бир чыныдан чай куюлгандан кийин кызыды. Ысмайыл кабагы ачылып, жайдарылана сөз улады.-Бообек, сен эми мындай кыл. Сен алгач үйдү адам сөөгүнөн тазала. Менин баамымда, ал үйдө адам сөөгү кыйналып, жерге ак кепинделип берилбегени үчүн кара күч ал үйдү басып алган болуш керек. Өзгөчө алиги терезеси короо жакты караган үйдүн полун сууруп, казып көргүлө. Тиги Сергейдин айткан сөзүнө караганда, ошол мен айткан бөлмөдө кыз баланы кыйнаса керек. Кызуу келатып Сергей ал кыздын элесин көрүп, кадимкидей соолуга түшүптүр. Анан башка бөлмөлөрдү дагы байкагыла. Жакшылап тазалап алсаң, ал үй акжолтой үй. Кийин көрөсүң, ишиң алдыга жылып, жашооң оңолот. Эң негизгиси, сен ал үйдөгү табышмактуу жана сырдуу көрүнүштүн түйүнүн таап алсаң, калганы өз нугу менен өтөт. Мен дагы бул үйдү жаңы сатып алганда, кандайдыр бир нерсе түнкүсүн сыр берчү. Анан мен мындай кылгам. Алгач сен сыяктуу абдан кыйналдым. Жаз келип күн жылыганда эле болгон үйдүн полун сууруп, бөлмөлөрдүн ичин карадым. Бирок эч нерсе таба алган жокмун. Акыры учуру келдиби же болбосо мага аян келдиби, айтор бир күнү уктап жаткан жеримди тура калып эле, күрөк менен казып кирдим. Мен терезенин түбүндө темир кроватта жаткам. Калп айтпасам, эртең мененки саат жетилер болуп калса керек эле. Силерге калп, мага чын. Баягы өзүм жаткан жерди жарым метрдей казганда менин шайым ооп кадимкидей уйкум келип, талыкшып баштадым. Эгер мен алсыздык кылып ишти ошол бойдон таштап салганымда анда иш, тетирине айланмак. Өзүмдүн өжөрлүгүм менен баарын жеңдим. Адам баласы бир ишти баштап алгандан кийин, эмне болгон күндө дагы аягына чыгыш керек. Муну мага атам ыраматылык көп айтчу. Ошентип мен дагы жаным жер тартканына карабай, ишимди токтоткон жокмун да, акыры баягы табышмактуу көрүнүштүн түйүнүн таптым.Ал жерде кадимки эле адамдын сөөгү көмүлгөн экен. Менин баамымда көп жылдан бери жатып калса керек. Чынын айтсам ал сөөктү молдонун кеңеши менен ак кепинге ороп, мүрзөгө койгондон кийин гана баягы көрүмчүдөн кутулуп, ошондон кийин ишим алдыга жылды. Арадан туура бир айдай убакыт өткөндө түш көрдүм. Бир ак кепин кийген сөлөкөт мага ыраазы экенин билгизип, белги берди. Андан бир айдай убакыт өткөндө ал жөнүндө элге сөз тарап, бир кезде дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү экени билинди. Ал адамдын канына сабын болгон адам, эбак эле абака түшүп, ал жактан жок болуп кетиптир. Менин айтайын деген сөзүм, силерди дагы алдыда көптөгөн кыйынчылыктар күтүп турат. Ар нерсеге жетүү үчүн алгач анын азабын тартыш дагы керек. Эгер силер баштаган иш жеңил болсо, ушул убакка чейин эле ал үйдө жашагандар, бул иштин түйүнүн чечип коймок деп сөздү учурун келтирип айтты дагы, дароо сөздү башкага бурду.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aizurok   30 Январь 2015 - 16:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Тээ илгери мен анда чыт курсак бала кезим эле. Биз жашаган айылдын үстү жагындагы коктунун ичинде эскилиги жеткен там бар болучу. Ал тамга кечинде эмес күндүз киши жакын басып бара алчу эмес. Мунун себеби учурунда ал үйдө басмачылар байыр алып, кийин бир кемпири менен чал жашап өтүптүр. Негизи эле бардык нерсенин жаңы кези, адамдын жаш кези жакшы эмеспи. Учурунда алиги мен кеп кылган эски тамга суктанбаган киши болбоптур. Акыры убакыт жаңыны эскиртип, ал үйдүн эскилиги жетип, киши жашамак турсун баш бага албай калганына мына мен өзүм күбөмүн. Чынында эле бир кезде ал үйдө карамүртөз, адамга жакшылыгы жок, абдан начар адам жашаган экен. Совет доору орногондо ошол адам алгачкылардан болуп, совет дооруна каршы чыгып, басмачылыктын башында болуп, алиги тамдан көптөгөн адамдарды кыйнап жан тазлим кылган үчүн тамды кара күч басып,көзгө суук көрүнүп калган тура. Азыр ал үйдүн орду эле калса керек. Мен муну менен эмнени айтайын деп жатам. Адамдын сырткы келбетин кийим оңдогондой эле, салынган тамдын дагы көрүнүшүн анын жасалгасы көзгө жакшы көрсөтөт. Сен сатып алган там, бир караган кишиге абдан жакшы көрүнгөнү менен, анын ички көрүнүшү жана тамдын жан дүйнөсү тактап айтканда аурасы абдан булганган үчүн, жанагындай терс көрүнүштөргө толуп кеткен. Адам баласы жетишпеген жашоодон жана өтө байып кеткенде жаман жолго түшөт. Ал эми жашаган тамга дагы жылуу мамиле менен оңдоп түзөп туруу аба менен суудай эле керек. Ошол себептен "карабаса катын кетет, бакбаса мал кетет"-деген сөз айтылып калган. Кыскасы азыр силер абдан жоопкерчиликтүү ишти баштап алган экенсиңер, эми аягына чыкканга аракет кылгыла. Эгер такыр эле кыйналып бара жатсаңар мени чакыргандай болгула. Албетте каршы күчтөр, сөзсүз болбой койбойт. Ага туруштук берүү абзел. Мени айткан сөздөрүмө түшүнгөн чыгарсыңар. Бообек сөз кезеги келгенде айтсамбы же айтпасамбы деген эки анжы ойдо калып анан оозун камдап алган үчүн айта турган сөзүн баштады.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Aizurok   30 Январь 2015 - 16:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Дагы колум бошогондо жазам капа болбой турунуздар, ботон жерде жаман экен иштебесемда болбойт , неле интерден чыкпай олтурасын деп жаман болуп атышат, жунбаштар
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Bogotik   30 Январь 2015 - 19:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

kuttobuz

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   DaRhaN.   30 Январь 2015 - 22:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Сизге куч кубат берсин,дагы кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 16:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

- Аксакал, сиз ал үйдүн таржымалын жакшы билсеңиз, эмнеге ушул убакка чейин ичиңизге сактап келдиңиз? Сатып алган адамдарга жол-жобосун айтсаңыз болот беле? Ысмайыл карыя ушул суроонун берилишин күтүп тургансып, дароо жооп бергенге шашылбай жер тиктеп бир саамга олтурду дагы, берилген суроо менен Бообектин кандай адам экенин билип, сын көз менен карап алды. Айтылган кеп бар эмеспи "кимдин-ким экенин анын берген суроосунан жана сүйлөгөн сөзүнөн улам билсе болот" деген. Ансыңары Ысмайыл карыя дагы берилген суроо менен Бообектин кайсы жерлик экенинен бери билип койду. Кыргызстан кичине болгону менен, чектеш мамлекеттердин тилин чалып сүйлөгөнү менен кимдин кайсы жерлик экенин билип койсо боло турганы баарыбызга маалым эмеспи. Ал эми Бообектин кайсы жерлик экенин анын сөзү менен эмес, берген суроосу менен билип койгон Ысмайыл карыя:-Туура, мен эбак эле алиги тамдын сырын чечип койгонго аракет кылган болучумун. Бир жолу үйдү сатып алган адамга там жөнүндө сөз баштаганымда ал мени кагып койгон "менин тамым менен сиздин ишиңиз болбосун" деп, анан кагуу жеген соң эч кимге кайрыла алганым жок. Эгер силердей болуп үйгө атайын келип суранышса, анда силерге айткан кеңешимди берет болучумун. Эч ким келбеди, мен дагы эч нерсе айта алганым жок, ал там жөнүндө. Бообек туура эмес сөз айтканын кеч билди дагы уялган түр көргөздү. Өскөнаалы учурдан пайдаланып: -Аксакал, сиз абдан жакшы сөз айттыңыз. Азыр элдин аң сезими такыр башка. Жакшы ниет менен бир нерсе кылгың келет, бирок анын жаман жагына ооп калса көңүл сынып калат экен. Өткөндө кошунам короо салып жатканынан өз оюмду айткам "бир метр артка жылдыр, көчөгө чыгып кеттиң. Кийин убара болуп каласың"- десем мени урушуп койгон "Сенин кандай ишиң бар"деп. Мына эми жогору жактан киши келип, короосун бузууга туура келип жатат. Азыр жакшылык кылсаң билбейт деди эле, карыя мыйыгынан күлүп:-Бир гана улуу Алла билсе болду. Жакшылык жерде калбайт. Аны коюп досуңа жардам берип, иштин аягына чыгышына кол кабыш кыл, орто жолдон айнып кетпей. Мен дагы барганга аракет кылам, эки-үч күндөн кийин. Бул сөздүн артында "эми бара берсеңер болот"- деген сөз жатканын экөө тең түшүнүштү да, ордуларынан козголушуту. ....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 16:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Тээ алыскы ак карлуу тоо башынан таңдын атышынан белги берип, күндүн кызыл нуру жаңы гана чача баштаганда эки дос үйдөн чыгып, ээрчише басып табышмактуу үйдү көздөй жөнөштү. Өскөнаалы үйдөгү мышыгын баштыкка салып алган, мыёлотуп. Бул анын бир кезде уккан сөзүнүн таржымалын билүүнүн бир учуру болучу. Мышык дагы коркунучтуу нерсеге туш боло турганын билдиби же жөн эле үйдөн алыс баргысы келбеген үчүнбү, айтор тынчысдана баштады. Негизи эле ар бир убактын өзүнчө бир кооз учуру болот эмеспи. Таңдын жаңы аткан учуру эмне деген кооз көрүнүш. Ал эми түш менен кечтин дагы өздөрүнө таандык кооз учуру бар. Эки дос эмнегедир бул жолу шашкан түр менен кадамдарын алдыга тез таштап, шашылып бара жатышты. Ооба, антишпесе алардын убактылары аз. Түш оой электе ишти алдыга жылдырып алышпаса, такыр болбойт. Болбосо дагы табышмактуу үйдүн сырын чече албай калышы толук мүмкүн. Кадам алга жылган сайын мышыктын шаштысы кете баштады. Бул да болсо анын жүрөгү бир нерсени сезгенинен белги берип турду.Экөө үйгө келишти дагы терезелерди бекитип, мышыкты үйгө киргизип жиберип, сырттан карап турушту. Мышык босогондон жылбай кандайдыр бир коркунучтуу нерсени көргөнсүп, абдан аянычтуу кыйналып, жан соого сураган өлүм алдында жаткан адамдай, ушундай бир башкача үн менен мыёлооду эле, Өскөнаалынын чыдамы кетип эшикти ачып жибергенде, мышык ушуну эле күтүп тургансып,сыртка атып чыгып, артын карабай качып жөнөдү, бирөө кармап калчудай. Бул көрүнүш эле үйдүн жүк басканынан дагы бир жолу белги берди. Мышыктын жан далбас кылып, жан үрөп кыйналып үн чыгарганы кулака жаңырып, экөө үйгө киргенден кооптонуп бир саамга турушту да, анан алгач үй ээси Бообек алдыга кадам таштап үйгө кирди. Бирок экөө эч кандай эч нерсе көрө алышкан жок. Мурунку күнү полун сууруган үйдүн ичин дагы бир сыйра карап чыгышты, эч бир илинчээк таба алышкан жок. Аз убакыт өтпөй ишти баштап, полду сууруй башташканда сырттан татар карыя кирип келип, ооз учунан салам берди. Ошондо гана экөө иштерин токтотушуп, тиги кишинин келгенин билишти. Татар карыя эмнегедир кабагы ачык:-Балдар иш илгери болсун!- деген болду. Бообек башын ийкеп.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Андай болсун келиңиз, деп сыпаалыгын көргөздү. Татар карыя үй ичин кыдыра карап:-Кечинде мен атайын түн ортосунда сыртка чыксам, мага бир сыр көрүндү. Ал жөнүндө мен кийин айтам. Силер ишиңиерди токтотпой уланта бергиле. Бир чети абдан туура иш кылып жатасыңар. Эгер силер бул үйдүн сырын тапсаңар, мага дагы жакшы болот эле. Түнү менин үйүмдөгүлөр сыртка чыкпай калышты эле… деп дагы бөлмөнүн ичин сыдыра карап:-Бообек, эгер мүмкүн болсо тактайлар алынып болгон соң, үйдүн ичин бир метрдей казып чыгууга туура келет го. Антпесең жашыруун сырдын түйүнүн табуу кыйын болот. Баса алдагы буручту жакшылап карасаң, эмнегедир топурагы борпоң көрүнгөнсүйт деп, сөзүн аягына чыкпай көзүн алайтып туруп калды, корккон түр көргөзүп. Балким көзүнө бир нерсе көрүндүбү айтор, өңү дагы бозоруп өзгөрүлө түштү. Оозун кыбыратып,дароо келме келтирип жиберди. Бообек бурчка келип буту менен топуракты шилеп көрүп:-Ооба, бул жердин топурагы бош экен-деп жооп берип, татар карыяны карап коркуп кетти. Анткени анын корконубу же эски оорусу кармадыбы, талмасы кармаган адамдай жалдырып эле турганын байкап:-Аксакал, сизге эмне болду?-деп суроо берип, ушунчалык ыкчам кыймыл менен ага жетип кармап калды. Болбосо ал жыгылып бараткандай сезилип кеткен болучу. Карыя башын чайкап:-Мени сыртка чыгаргылачы деп, араң жан үнүн жапыс чыгарып, үн катты. Экөө эки тарабынан кармап тигини сыртка чыгарышканда, карыя кенен-кенен дем алып:-Балдар, силер абайлагыла. Алиги бурчтан мага кадимкидей көзүмө бир нерсе көрүнгөндөй болду. Деги силер сак болгулачы деп, андан аркы сөзүн таппай калды. Көп жашап, көптү көргөн карыянын бул жоругу дагы кандайдыр бир нерсенин жооптулугунан белги берип, эмне деп сөз айтууну билбей экөө туруп калышты эле, татар карыя өзүн колго алып:-Балдар силер коркпой эле койгула, мен тээ илгери болгон бир жагымсыз окуяны эстеп кетип, өзүмдү жоготуп койдум. Мен барайын, силер ишиңерди уланта бергиле. Алиги топурагы бош жерди казып көргүлө. Эгер кандайдыр бир сыр берилсе Ысмайылды чакырып келип, анан казгыла. Бөөдө жерден билбестик кылып, бир балээге калгандан алыс болгула. Билинбегени менен көзгө көрүнгөн көрүмчү дагы адамды ооруга кабылтып койгон учур дагы кездешет деп, карыя сөзүн чукул бүтүрүп, үйү тарапка шашыла кадам шилтеп баскан болду. Бообек ушул саам дагы бир нерседен шек алып, үйгө киргизи келбей үмүт менен досун карады эле, ал дагы кабагы салыңкы:-Бообек кел экөөбүз дагы бир эки баланы жаныбызга караан кылып чакырып алып, алиги жерди казып көрөбүз. Балким ошол жерде биздин тынчыбызды алган нерсенин табышмагы табылып калаар. Эгер чындап эле ал жер бир сыр берсе Ысмайыл карыяны чакырып келебиз-деди эле, Бообек башын ийкеп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен каршы эмесмин. Аны коюп кимди караан бол деп чакырсак болот, эч кимди тааныбасак: -Ал жагын мага кой. Азыр мен анын эсебин табам деп, Өскөнаалы сыртты көздөй басты. Бообек бөлмөдө жалгыз калганда өзүн бирөө карап тургансып , денесин майда калтырак басып, кысынып кетти да, артын карагандан жазганып,олтурган ордунан ыкчам туруп бери жакка басканда кандайдыр бир күч кармап кала тургансып, өзүнөн-өзү шашып кадамын тез шилтеп басып келе жатып, бутун жаза басып алып жыгылып кетти. Көзүнөн от чагылыша түштү да, жыгылган жерден дароо бутун басып олтура калды. "Жан адамдын ооруган жеринде"- деп дагы айтылган кеп бар эмеспи. Анысысыңары Бообектин жаны кыйналып, ооруксунган жерин кармалап, эмнеден коркуп шашып жыгылганына жооп таба албай, артын карап эч нерсе көрө алган жок. Анткен менен убакыт алга жылган сайын ооруган буту аз да болсо калыбына келип, ооруганы басаңдап баштаганы өзүнө сезилип, азыраак кабагы ачыла түштү. Ооба, бул жашоодо ден-соолуктан өткөн байлык барбы. Тээ илгери бир акылман инсан айткандай, адам баласы алты саны аман басып жүргөнгө каниет кылбай, болгон сайын болсо деген ой менен жүрүп ооруга чалдыккандарын өздөрү дагы билбей калгандары, бул жашоодогу көрүнүш экенин жашырганда эмне. Бообек ооруган жери басаңдай түшкөн кезде Өскөнаалы эки баланы ээрчитип келип, жерде олтурган досун көрүп дароо эле алгачкы берген суроосу бул болду: -Бообек сага эмне болду?-деп көзүн алайтып туруп калды, маанилүү жооп укчудай. Бообек кабагы салыңкы колун шилтеп:-Эч нерсе деле болгон жок. Бутумду жаза басып алдым-деп, күнөөлү кишидей карады дагы тиги эки балага көз агытты "силер кимсиңер" -деген мааниде. Бул жерден алардын ысмын сурамак турсун, өзү ордунан эптеп туруп, аксаңдап алдыга баскан болду. Бою узун кара баланын жүзү арака күйгөнбү же болгон ажары ошолбу эмнегедир Бообекке анын турган турпаты, көз карашы такыр эле жаккан жок. Ал эми берки орто бойлуу сөзгө сараң сары чийкил баланын маңдайы жарык, бир нерсени ачык айтканы менен көзгө толумдуу экенин байкаган Бообек андан бир нерсени үмүт кылды. Негизи эле бул жарык дүйнөдө аз сүйлөп, аз тамак ичкен адам батымдуу жана жагымдуу болот эмеспи. Тиги узун кара келгенден бери эле маанисиз сөздөрдү сүйлөй берип, дароо эле өзүнүн кандай адам экенин билгизип алды. Ала көөдөк, мактанчаак, өзүн кыйын сезгени менен ал иш жүзүнө келгенде эч нерсе жасай алган жок. Өскөнаалы, Акман экөөнө болгон ишти жолдо келатып эле баарын түшүндүрүп берген. Ал турсун жасаган иштерине жараша акча төлөп берүүнү дагы кеп кылган болучу. Чынында эле алиги узун бала ишти баштаганда катуу киришкен, чабал өрдөк мурда учат болуп. Аз убакыт өтпөй эле чарчап чабалдыгын билгизгени аз келгенсип, эмнегедир чылым чеккени көбөйдү. Ал эми Акманбек аз сүйлөгөнүнө жараша көрсөтүлгөн жерди казып, бир топ арбытып жиберди. Эгер экөөнө Өскөнаалы акча сунуш кылбаганда алар келмек дагы эмес. Бир чети Акманды бул көркунучтуу үйдүн сыры дагы кызыктырган үчүн, Нурбекти болбой азгырган болучу. Нурбек экөө курулушта иштешет. Бүгүн, экөө атайын ишке чыгышкан эмес. Анткени базарга чыгышмак. Бутун кокустатып алган Бообек ишке аралашпай бери жакта карап туруп, өзүнчө эле кара көңүл болуп, денеси оор тартып кетти. Бир кезде Нурбек:- Акман, сага эч нерсе байкалган жокпу? Билбейм мени бирөө жаман көзү менен карап тургансып, бул бөлмөгө батпай кеттим. Акман менен Өскөнаалы жерди казып жаткан калыптарынан жазбай, ишти улантып жатышып бир ооздон:...
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Эч нерсе байкаган деле жокбуз. Сендей болгон жалкоолорго эле бир нерсе байкалбаса деп, тамашага чалып айткан болушту да, борпоң топону казкандарын токтошушкан жок. Убакыт алга жылып, казылган жер улам ылдыйлаган сайын Өскөнаалы дагы бир нерсени шек алды. Бирок болгон күчүн жыйып, эптеп чыдап, сыр бербегенге аракет кылды. Бул учурда сөзү катуу чыгып жаткан Нурбек олтура албай сыртка чыгып кеткен. Ал эми Бообек өзүн алаксытыш үчүн көзүн жумуп алган. Бир кезде Акмандын күрөгүнүн учу бир нерсеге тийгендей болду. Ага удаа эле кулакка жат, коркунучтуу дабыш чыкты. Аны Акман ишке алаксып жатып укпай калды. Ал эми Бообек менен Өскөнаалы алиги үндөн укканда дароо шашыла сыртка чыкканча шашышты. Качан гана Акман жалгыз калганда, эч нерсе болбогондой эки жакты карап, анан тигилердин артынан сыртка чыгып:-Ой, силерге эмне болду? Карасам жалгыз эле калыптырмын. И, баса, мен бир нерсени байкадым. Алиги биз казып жаткан жерден сөөктүн учу чыкты. Эмненин сөөгү экен деп карайын десем, жанымда эч ким жок. Жүрүгүлө чогуу ичкери кирип, ал сөөктү казып алып чыгалы. Балким ал бул үйдөгү сырдын түйүнү болбосун?-деп, суроолу карап, көзү алая түштү. Анткени тиги үчөөнүн өңдөрү ак чүпөрөктөй болуп купкуу болуп чыкканын байкап: -Ой, силерге эмне болду деги?-деди. Тигилер жооп бергенге алдары келбей, кайра артка кетенчиктеп, үйдөн алыстамакка артары менен жылып баратканына дагы бир жолу таң калган Акманбек, артын карап эч нерсеге түшүнө бербей:-Эмне бир нерсе көзүңөргө көрүндүбү?-деди да, кайра ичкери кирип, чечип койгон киймин алып чыкты. Анын бул жоругуна таң калган үчөө көз караштары менен билгизишти "кантип коркпой үйгө кирип чыктың"деген сөздү. Акман ошондо гана билди үйдөн тигилерге бир сыр көрүнгөнүн. Беш он метр алыс үйдөн узак жерде турушкан үчөө ошондо дагы үй тарапты бир башкача көз караш менен карашып, бирөө кармап калчуудай качканга даяр экендерин жүздөрүнөн окутуп койду. Акман тигилерди алаксытыш үчүн:-Ой силерге эмне болду? Эмне мынча коркуп алгансыңар? Кааласаңар мен барып кайра карап келейин үйдүн ичин!-деди, үнүн шайдоот чыгарып. Бообек алгач сөзгө келип:-Акман, алиги сөөк эмненин сөөгү экенин байкай алдыңбы? Бизге сен иштеп жатканда коркунучтуу үн угулуп, шашып сыртка чыктык. Сен ал үндү уккан жоксуң. Болду эми ишти токтотолу. Андан көрө биз Ысмайыл аксакалды чакырып келели. Болбосо бир нерсенин ичинен чыгып калышыбыз мүмкүн. Бул жерде чоң сырдын түйүнү катылып турат-деди, сөз улап. Баятан бери өзүн кыйын сезип жаткан алиги Нурбек эч сөзгө келбей, бул жерден кетип калуунун амалын кылып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Аны өзүңөр билгилечи. Биз анда кете берели деп, бул азаптан кутулуп кетүүнү амалын жазады эле, Акман:-Жок, мен кетпейм, Нурбек сен кетсең кете бер. Бул жердеги катылган сырдын түйүнүн чечпесем болбойт. Силер алиги аксакалга барып келгиле, мен ага чейин үйдөн алыс кетпей күтүп турам. Билбейм, мага эч кандай эч нерсе байкалган жок. Өскөнаалы сөзгө кошулуп:-Акман, сенден сураныч, үйгө жалгыз кире көрбө. Балким катуу коркуп калсаң ден-соолугуңдан ажырап калышың толук мүмкүн. Анын сырын биз кеп кылган Ысмайыл аксакал чечип бербесе, башка эч ким чече албайт. Акман башын ийкеп:- Түшүнөм, мен дагы бир кезде силер кабылгандай бир укмуш окуяга кабылгам. Аны айтсам узун сабак кеп болот. Андан көрө силер эртели күндү кеч кылбай барчу жериңерге барып, алиги аксакалды тезирээк чакырып келгиле. Ал эми сен Нурбек базарга барып керектүү нерсеңди алып, эртеңки күнгө даярдана бер. Көзүнөн өткүрлүктүн белгизи билинген Акман сөзүн ишеничтүү жана так кесе айткан үчүн, үчөөнүн бири дагы эч нерсе деп каршы сөз айтканга жарашкан жок. Үй жакты караганга дагы жарабаган үчөө алеки саатта, ал жерден караандарын үзүшкөндө Акман абдан таң калып, өзүнө өзү суроо берди.-Аларга эмне көрүндү?-деп, бир саамга ойлонуп туруп калды. Бирок кандайдыр бир күч ички дүйнөсүнө ээ бербей, алга кадам таштаганга түрткү берди. Акман үйгө кайра кирди да, болгон бөлмөнүн ичин кыдырып чыкты. Эч кандай корко турган нерсени баамдай алган жок. Ал турсун терезеден сырты карап, ойлонуп туруп бир нерсени эстеди. Ооба, мындан беш, алты жыл илгери Доку деген досу экөө тоо арасындагы эски сарайга барып кеч киргенде сырдуу окуяга туш болушкан. Күн уясына батып, күүгүм кирип калган кезде, сарайдын төр жагынан кадимкидей үн угулганда экөө артарын карабай качып, кенен эки саатта араң айылга келишкен болучу. Анан аталаш чоң атасына болгон ишти айтканда, Куту карыя:-Балам ал сарай абдан эски сарай. Тээ согуш учурунда кыштын суук күнүндө тоого ууга барган Матен деген мергенчи тоңуп каза болуп калыптыр дагы, анын сөөгү эки апта жерге берилбей калган. Ошол окуядан кийин ал сарайдан күүгүм киргени белгисиз үн чыкканын көп эле жолу угуп келдим. Анын эч кимге деле зыяны жок. Куран окуп же келме келтирип койсоңор болмок. Баласыңар да, деп сөзүн кыска бүтүргөн. Эртеси Акман кайра барган болучу, ал үндүн кайдан чыгып жатканын изилдеш үчүн. Бирок сарайга жакындаганда эле денесин майда калтырак басып, коркуу сезими сарайга жеткирбей кайра артка тарттырган. Эми кудум ошол окуя кайталанганын сезип, бир нерсе болсо коркпой келме айтканга даяр болуп, абдан өзүнө сак турду. Анткен менен эч кандай коркуу сезими болгон жок. Артын карады дагы, алиги казып жаткан жерге келип, күрөктү колуна алып каза башдады. Бир кезде кадимки адамдан манжасы көрүндү аны менен бирге күмүш шакек көзүнө урунду. Баарынан дагы ал шакек көзгө көрүнгөнү менен ал шакекте бир сыр катылып тургансып, өзүнө тартып турду. Ушул саам эмнегедир коркуу сезими денесин бийлеп,тулку бою бөлмөгө батпай сыртка кантип атып чыкты өзү дагы билген жок. Качан гана сыртка чыкканда аба жетишпеген жерден чыккансып кенен-кенен дем алып, жерге олтура кетти. Канча олтурду өзү дагы билген жок. Аңгыча эле чоң энесинин бир кезде ыйлап, жоголгон кызы менен бирге, кайын энеси берген күмүш шакек кошо жоголгонун кеп кылып, алиги шакек ошол чоң энесинин шакегиндей сезилип кетти. Баарынан дагы ал жоголгон эжесин Акман элес-булас эле билбесе, аны унутуп калган болучу. Ушул саам кандайдыр бир нерсе күчүнө- күч кошуп, ичкери киргенге шаштырып ордунан кантип турду өзү дагы билбей калды. Үйгө шашыла кирди дагы, көзүнө урунган шакекти кунт коюп карап, бир нече мүнөт туруп калды. Жансыз дененин оң колу гана көмүлгөн жерден чыгып турган. Аңгыча эле сырттан кобуранган үн чыкканда, Акман ушунчалык тездик менен алиги күмүш шакекти алганга үлгүрдү. Сырттан кирген Ысмайыл карыя менен чогуу кирген экөө Акманды көрүп дагы таң калып калышты. Ал эч нерседен коркпой үйдүн ичинде турганына ишене беришкен жок. Качан гана карыя сөзгө келип, алгач салам айтып жибергенде Акман уялып:-Жакшы, өзүңүз кандайсыз?-деп сурап жиберди. Ысмайыл карыя адам баласынын колу жерден чыгып турганын көрүп эле:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Балам, ысмың ким?-деди, көзү тиги жакты караган тейде. Анткени эч коркпой жалгыз үйдө сөөктү казып жатканына көзү жетип. Акман өзүнө берилген суроо жооп берип, ысмын айтты, бирок аны карыя укпай калды. Анткени анын болгон дити жердеги сөөктө болучу. Колу менен жаңсап жанындагыларга белги берди дагы, олтура калып куран окуду, кыраатын келтирип. Анан колун жүзүнө жакындатып ичинен дуба окуп алаканын жүзүнө тартып, өзүнүн вазыйпасын аткарды да, анан сөзгө келди:-Бообек сен тезирээк аймактык милицияга кабар айт. Анын көзүнчө сөөктү казып албасак, жоопко тартылып калышыбыз толук мүмкүн. Ал эми Өскөнаалы, сен кошуналардан бир-экөөнү чакырып кой. Алар дагы күбө болушсун. Бул сунушту туура кабыл алган экөө дароо алган тапшырмаларынын өтөсүнө чыгуу үчүн сыртка чыга жөнөштү. Ысмайыл карыя суурулган полдун тактайларынын ордун кылдат карап чыгып, Акманга кайрылды:-Бул үйдү абдан жүк баскан экен. Дагы жакшылап карап чыгыш керек. Балким дагы башка жерлерде адам сөөгү болушу мүмкүн. Бул сөөктүн көмүлгөнүнө көп эле жыл болсо керек. Кап! Ушул күнгө чейин билинбей жаткан сөөктү карачы. Кандай гана канкор адамдын колунан келди болду экен. Мага илгери мындан көп жыл мурун бир кемпир жолугуп: "Кызым жоголду. Ушул аймакта бирөөнүн үйүндө батирде турчу эле" деп айткан эле. Эне үчүн баладан өткөн ыйык эмне бар. Азыр мен бул сөөктү көргөндө эле дароо ал бейтааныш кемпирдин келбети көз алдыма тартыла түштү. Акман колундагы шакекти көргөзбөй чөнтөгүнө салды да, анан суроо узатты:-Аксакал, сиздин баамыңызда бул жагымсыз окуя кайсы жылдарга таандык болуп калат?-деди. Ысмайыл кабагын чытып:-Так учурун айтыш кыйын. Аны анализ алган билермандар илимдин тили менен изилдеп так учурун айтпаса, азыр айтуу кыйын го. Негизи эле бул жалган дүйнөдө "билбейм" деген гана сөз жакшы. Бир нерсени "билем" деп сөзгө илинсең болду, бир балээнин ичинен чыгасың. Баарынан дагы союз тараганы "демократия" деген балекет чыгып, улуу-кичүүни карабай эле арылдап беттен алган жаман адат өнөкөт ишке айланды. Илгери айылдын башкармасын койдум, кой ферманы тик карап сөз айтуу болгон эмес. Азыр болсо ажону баш кылып, депутаттарды төш кылып беттен алып ажылдаган аялдар чыкпадыбы. Сөз менен иш бүтүрүп койгондон өткөн оңой эмне бар. Эгер тартип катуу болгондо азыркыдай башаламандык болмок беле. Бул замандын эмес, элдин бузулганы эмей эмне. Сөз ушул жерге келгенде сырттан татар абышка баш болгон эки киши кирип келип калышты. Ысмайыл татар абышка Каимжанды жакшы тааныган үчүн көңүлүү көтөрүңкү учурашты да, аны менен кошо кирген экөөнү салкын көз караш менен карап, негизги сөзгө өттү:-Мына, өзүңүздөр көрүңүздөр, үйдөгү сырдуу окуянын түйүнү деп, колу чыгып турган сөөктү көргөздү. Татар абышка башын чайкап:-Кайран гана Иван кандай жакшы тилек менен бул үйдү курду эле. Ал сатып кеткенден кийин, бул үйдү улуту күрт Мамед менен Бактыбай деген бала абдан булгады. Экөө тең капталын жеген калпычы жана кумар оюну менен алп урушкан шылуундардан болучу. Кимисинин колунан келди, аны эми ким билет деп, Каимжан жерди теше тиктеп туруп калды. Ооба, бир жолу жаш кызбы же келинби айтор жаш аял затынын абдан аянычтуу үнү чыкканда, эмне болду деп барып кабар алып койгону үйдөн чыгып, артка кайра тарткан "эмнеге анда бул жакка келди"-деп. Ошондогу жоругу үчүн азыр өзүн күнөөлү сезип кетти. Эгер анда баш багып койгондо, бир адамдын өмүрүн сактап калат беле ким билет. Баары бир адам баласы бирде болбосо бирде өз күнөөсүн сезээрин Каимжан ушул саам билди. Кулагына ошол аянычтуу үн кадимкидей жаңырып, кетирген күнөөсү үчүн өзү-өзүнө батпай турду. Бирок, толук эстей албай койду, ошол кезде бул үйдө Мамедби же Бактыбайбы кимиси жашап турганын. Анткени Мамедден кийин Бактыбай бул үйдө жыл маалына жетпей жашаган болучу. Негизи эле бир гана убакыттан өткөн калыс эмне бар. Баарын бир гана убакыт таразалап, убакыт гана калыс болооруна Каимжан ушул саам билип турду. Сөзгө жашы эр ортону элүүдөн жаңы өткөн Мукан аралашты:-Бул үйдөгү сырдуу окуя ушуну менен эле чектелип калса болду. Деги эле адам баласынан өткөн мыкаачы жан бар болду бекен. Бул дагы бирөөнүн алпештеп өстүргөн кызы же баласы болсо керек да. Балким илгери үмүт менен келип калат деп, ата-энеси күтүп жүргөн чыгар. Кап!-бул да болсо кырсык эмей эмне деп, жанындагы орто бойлуу, кара тору, мурдуу коңкогой, маңдайкы тиши жок жашы алтымышка жакындап калган Эшболду карады. Экөө жакын кошуна. Андан дагы бир жерде чогуу иштешет. Эшбол башын чайкап:-Ушул иш кандай адамдын колунан келди болду экен!? Керек болсо жерде бараткан кумурсканы басып алсак ич ачышат. Атайын адам баласынын жанын кыйган кантип болсун деп, өкүнгөнүн билгизип үшкүрүнүп алды. Каимжан башын жерден көтөрүп:-Эмне турабыз, казып чыгара бербейлиби? -деп, Ысмайылды карады эле ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып:-Шашылбагыла, азыр аймактык милиция келсин. Аны күбө катары тартпасак алда кандай күн болот? Баарын мыйзам чегинде кылалы-деди. Акманбек берки бөлмөгө чыкты да, төр жактагы терезе туштан өзүн бирөө карап тургансып коркуп кетти. Бир нерсени адам баласы баары бир жүрөгү менен сезет эмеспи. Бул бөлмөдө дагы бир балээнин чети чыгып турганын дароо сезип, берки бөлмөгө ушунчалык тез кирип келип:.....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Аксакал, деп Ысмайылга карап:-Бул жакка чыксаңыз?-деди, бир нерседен кабар бергенсип. Ысмайыл шашыла берки бөлмөгө баш багып, ал дагы терезе туштан бирөө карап тургандай коркуп кетти да, келме келтирип жиберди. Артынан келген беркилер эч нерсени байкай алышкан жок. Ысмайыл кабагы салыңкы:-Акман балам, биз бул жерде сени карап туралы, сен тиги терезе туштагы тактайды Өскөнаалы экөөң сууруп көргүлөчү-деди, шек бербей. Ушул эле сөздү уга албай тургансып, Эшбол:-Эмне болду, дагы бир нерсе болуп кеттиби?-деп көзүн алаңдатып жиберди. Ысмайыл карыя болор- болбос жөтөлүп:-Эч нерсе деле болгон жок, менин баамымда тиги тушка дагы бир нерсе көмүлсө керек-деп, сөзүн кыска бүтүрдү. Акман менен Өскөнаалы жаңы гана тактайды сууруп баштаганда Бообек эки милиция менен келип калды. Аймактык милицияга бул коркунучтуу там жөнүндө көп эле арыз түшкөн, бирок буга анын ишинин тиешеси жок болгон үчүн, кош көңүл мамиле жасап койгон. Үйдөгүлөр менен кол алышып учурашкан соң, жерде жаткан адам баласынын сөөгүн көрүп, чочуп алды. Эмне болгон күндө дагы жаны жок дененин сүрү болот эмеспи. Баарынан дагы өзү дагы бир жолу ушул үйдүн тушунан түн ортосунда өтүп бара жатып, абдан аянычтуу үндү уккан болучу. Ошондо азыркыдай денеси ичиркенип, коркуп кеткенин тана албайт эле. Бир саамга үнсүз туруп, анан сөз баштады, коңур үнү менен:-Кана эмесе, анда ишти баштай берелиби. И, баса мен азыр бөлүмгө кабар айтып койгонум туура го. Алар дагы бул окуяга күбө болушканы оң. Азыр белгисиз жоголгон адамдардын саны арбыды. Бул сөөк эркек адамга тиешелүүбү же аял затынабы, аны дагы изилдеп чыгышы керек. Алар келгенге чейин биз сөөктү казып чыгып, даярдап койгонубуз оң. Сөздү Ысмайыл алды:-Муктар, сен абдан туура сөз айттың. Сенин дагы чоңдоруң бул иш менен кабардар болгону абзел. Мен барып ак чүпөрөк алып келейин. Бул сөөктү бүгүн эле кайра мүрзөгө алып барып жашырганыбыз жөндүү. Ушунча жыл ак кепинделбей жерде жатканы эле жетиштүү болсо керек. Андан көрө жай казганга дагы киши керек го… Муктар сөздү аягына чейин укпай телефон менен сүйлөшүп, маанилүү кабар айткан адамдай үнүн өктөм чыгарып сүйлөдү да:-Тезирээк экспертизанын балдарын алып келип калгыла деп, буйрук бергенсип айтты. Албетте мындай иштин бетин ачуу же кандайдыр бир кылмыш ишине байланыштуу илинчээк табуу милиция кызматкерлери үчүн чоң иш экенин ким тана алат. Муктар өзүн кожоюн сезип, эми бул жерден башкарууну колуна алып, буйрук бере сүйлөдү:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Кана, балдар урушта туруш жок. Тезирээк күрөктү колмо-кол алып, сөөктү казып чыгалы. Калганын дагы көрө жатабыз. Сиз Ысмайыл аба, чүпөрөккө барып келиңиз. Калганыбыз дагы башка жактарын ойлонуштуралы- деп, бөлмөнүн ичин сыдыра карады. Негизи эле милиция кызматкерлери баамчыл болот эмеспи. Муктар дароо полдогу урулган мыктарга көз агытып:-Карасаңар, бул жерге урулган мык кийинки мык экен, ал эми тиги мыктар Сталинский мыктар. Демек, бул кылмыш иши жакынкы аралыкка таандык-деп бүтүм чыгарып, берки бөлмөгө кадам таштады. Ысмайыл карыя шашыла өз ишин бүтүрмөккө жолуна түшкөн. Ал эми беркилер казылып жаткан сөөктү карап турушкан. Аңгыча эле Муктардын өңү бузулуп кирип келди. Корккон адам баары бир сыр бергизи келбеген күндө дагы, өңү билгизип коют эмеспи. Муктардын купкуу өңүн көргөн Эшбол: -Ой, сага эмне болду? Бир нерсе көрдүңбү, өңүң бузулуп турат-деди эле. Муктар кара күчкө жылмайып:-Эч нерсе болгон жок-деп үн катып, сөздү башкага бурду:-Абайлагыла, сөөктү жылыштырып жибербегендей болгула. Күрөктүн учуна сак болуу керек деп, ишке алаксыган болду. Бирок, баары бир санаасы бир жерде эмес экенин билгизип, сыр алдырып койду. Аңгыча эле качан чыгып кеткенин ким билет, жаш милиция бала наркы бөлмөдөн ушунчалык ылдамдыкта шашып кирип келди дагы, көзүн алаңдатып:-Жолдош капитан,тиги бөлмөдөн дагы жаш келиндин келбетин көрдүм. Балким ал жакта дагы…деп сөзүн аягына чыкпай туруп калды.Бул көрүнүш ал жердегилерди бир топ эле калдастатып койду. Баары жабыла берки бөлмөгө киришти эле, эч кандай сөлөкөттүн карааны көрүнбөдү. Бул алиги Ысмайыл карыя менен Муктарга жана Акманга көрүнгөн караан болучу. Каимжан кабагын түйүп:-Мен бул үйдүн терезесинен далай эле жолу жаш келиндин караанын көргөн болчумун. Бирок, аны кимге айта алат элем. Балким бул үйдүн полунун алдында дагы бирөө жарымдын сөөгү катылган болуп жүрбөсүн?- деген болду эле Муктар терезенин түбүнө кырааккылык менен көз салып:- Бул жерде адамдын каны сиңип калса керек. Карасаңар?-деп, полдун эски сырына катып калган нерсени көргөздү. Ар ким өз ойлорун айтып жатышып, акыры бул үйдүн полун дагы сууруп, алдын карап көрүүнү эп көрүштү. Экиге бөлүнгөн топтун теңи полду сууруп, теңи сөөктү казып чыгуу менен алек болуп жатышканда, чакырылган милициялар келип калышты. Экспертизанын балдары сөөктү алып чыгышкандан соң, изилдөөнү башташты. Алгач эле узун бойлуу арык жигит:-Каракушка кату соку тийген. Эки кабыргасы сынып, ичкери кирип кеткен. Кыскасы бул сөөк жаш келинге же кыз балага таандык деп, бүтүм чыгарып салды. Аңгыча берки бөлмөнүн полу суурулуп, ал жакка дагы изилдөө жүргүзүлүп бош топону кичине эле казганда, дагы адам баласынын сөөгү табылды. Бул сөөк беркиге салыштырмалуу чоңураак болучу. Муну тез аранын ичинде эле казып чыгышты да, ага дагы изилдөө жүргүзүп, кыйноо жолу менен жан бергенин анализ чыгарганга үлгүрүштү. Эми булардын ким экенин билүү үчүн экспертизанын балдары өздөрүнө тиешелүү нерселерди алышты да, эки сөөктү таза жууган болушуп, ак кепинге ороп, жакын жердеги мүрзөгө алып барып жашырышты. Баардык ырасмий жасалып болгон соң, Ысмайыл карыя Бообекке карап:-Эми Бообек сен бир мал сатып алып, атайын арнап союп куран окут. Арбактар ыраазы болсун. Болду эми сени жана кошуналарды кыйнаган кара күч менен сырдуу көрүнүш ушуну менен жок болот-деди. Бул сунушту Каимжан коштоп кетти:-Абдан туура сунуш. Бир чети элден бата ал, бир жагынан куран окутуп, өзүңдүн милдетиңден кутул деп, өз оюн ортого салды. Бообек бул айтылган сунушту туура кабыл алып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Анда эртең толугуңар менен келип калсаңыздар. Мен таң эрте туруп эле мал алып келем. Батага саат сегизде келгендей болсоңуздар деп, шашып жооп берди. Бир чети чоң балээден кутулганына сүйүнүп, өзүнө-өзү батпай турду. Чын эле үйдүн сырткы көрүнүшү дагы көзгө бир башкача көрүнүп, жаңы салынган тамдай ачылып тургансып элес берди. Кетээринде Ысмайыл карыя дагы бир жолу куран окуп, жүзүнө алаканын жайып, дуба кылды да, чоң жеңишке жетишкен адамдай үйүн көздөй жай кадам таштап жөнөдү.Элдин бары үйлөрүнө кеткенде, Бообек менен Өскөнаалы үйдүн ичин бир сыйра тазаламыш болушту да, кеч күүгүмдө гана сыртка чыгышты. Бирок мурунку күндөгүдөй үй түнөрбөй, оор жүктөн кутулган жандай жеңилдей түшкөнү даана байкалып турду. Өскөнаалы чарчаганын билгизип:-Бообек, жүрү үйгө. Сен бүгүн бул жакта калба-деп оюн айтты эле Бообек:-Ооба, мен бул жакта жалгыз калбай калайын. Керек болсо бир аптага чейин жашабай турам. Эртең куран окуткандан кийин, жасай турган иш көп. Болгон бөлмөлөрдүн тактайын сууруп чыгып, жакшылап текшериш керек. Анан мен кыйын деген молдо-бакшыга үйдү тазалатып туруп, андан соң жашабасам болбойт. Ушунча жыл бир эмес эки адамдын сөөгү байыр алган үйдүн тазаланышына албетте убакыт керек-деди. Эки дос ээрчише басып кыска көчө менен келе жатканда, алдынан Акманбек чыгып калды. Ал эч нерсе айтпай, ал турсун коштошпой туруп эле кетип калган болучу. Алгач Бообек оозунуп:-Ой, сен эмне эч сөзгө келбей кетип калдың? Эртең келип тамак ичип кет. Сенин эмгегиң чоң. И, баса, сен акча албай кетип калыптырсың. Сага канча берем? деди эле,Акман кабагын чытып:-Эч кандай акча бербей эле коюңуз. Аны коюп мен сизге бир күнү келем, жакшылап кабыл алсаңыз болду. Калганын ошондо айтам деп, сөзүн табышмактантып бүтүрдү.


БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Шакектин сыры............. Акманбек, таң эрте туруп дароо жаңы авто бекетке келип, такси менен алыстагы үйүн көздөй сапар тартты. Мунун себеби, кечээ жансыз дененин, тактап айтканда кепинсиз көмүлгөн сөөктүн колунан чыгарып алган шакекти, жашы сексенден өтүп калган чоң энеси Бүрайга жетип көргөзбөсө, жаны жай албачуудай шашып алган. Мунун дагы тамыры тереңде. Анткени азыр дагы Бүрай эне бир кезде жоголгон кызынан күдөрүн үзбөй, илгери үмүт менен анын жолун карап, дале болсо күтүүнүн жүгүн артынып келе жатканын кантип эсинен чыгарат. Шаардан барган сайын кайран эне сөз кезегин келтирип, кызынын дайынын сураган адатка айланганын Акманбек эч унутта калтырбайт. Эгер, ал эжеси дайынсыз жоголбогондо, Бүрай эне карылыкка мынчалык алдырбайт эле. "Санаа" деген неме мите курттай гана жеп, кайран энени жашынан эрте карыганга түрткү бергенин эч танып болбойт. Акманбек такси менен келе жатып, чачын ак баскан чоң энесинин жол карап олтурган элесин эстеп, аны чын ниетинде аяп кетти. Ооба, кызынын жоголгонуна кеминде он беш жылга жакын убакыт болду, бирок эне байкуш дале болсо үмүтүн үзбөй жол караганы эле эмне деген чоң түйшүк жана баа жеткиз бийиктик. Эненин тарткан азабына бул дүйнөдө эч нерсе жетпейт го. Ошол себептен эне баарынан "ыйык" деп айтылган сөз калганын ким тана алат. Маржанды, Бүрай эне бир жашка чыга элек кезинде багып алган. Анткени, келини Каныш жыл маалына жетпей удаа төрөп, Маржандан он бир ай кийин төрөлгөн сиңдиси Мээрканга алаксып калган болучу. "Баккан бала баарынан ысык болот" деп дагы айтылган кеп бар эмеспи. Андан дагы небереси Маржанды эмне кылып гана бакан жок. Өзү төрөп өстүргөн балдары бир тең, небереси Маржан бир тең эле го. Учурунда, куда түшүп колун сурап келгендерге өзү моюн толгоп койбоду беле "кызым окуйт"деп. Эми минтип окуган окуудан дайын жок же кызынын бар-жогун билбей ат көтөргүз "санаа" деген жүктү артынып, илгери үмүт менен жашап келетат. Ооба, Маржан шаарга кетем деп даярданып жүргөн кезде, колундагы кайын энеси белекке берген күмүш шакекти берген болучу "жоготпой тагынып жүр, кийин сен дагы жакшы көргөн келиниңе, кызыңа же небереңе бергин"-деп. Шакектин жоопкерчилиги жогору экенин билген Маржан аны карегиндей сактаганга өткөн. Бирок, чоң энеси айткан аманаты аткара албай калганына өкүнүп калган. Акманбек түбү жок ойдун кучагына сүңгүп кирип,таап алган шакек жоголгон "эжесиники болбой калса экен" деп ичинен миң миртебе тилеп, терезеден канча жылдардан бери созулуп жаткан тоолорго көз агытып, бул жарык дүйнөнүн айтып бүткүс сырларына таң берип, өз оюунун кучагынан чыга албай келе жатканда, алдыңкы орунда олтурган сакалдуу киши суроо берип, алаксыткан болду.-Ээ, балам, эмне мынча ойго алдырып? Алыс жолду кыскартып бир нерсе сүйлөп берсең боло. Баятан бери байкасам деле сөзгө кошула тургандай эмессиң. Деги кайсы жердин уулу болосуң?-деди эле Акманбек берилген суроого айылынын атын айтып жооп берди эле, тиги киши:-Жакшы, анда сен өзүбүздүн эле бала турбайсыңбы. Сен ал айылда жашаган Бүрай энени тааныйсыңбы? -деди эле Акманбек: -Мен ал кишинин небереси болом, таанымак турсун. Алтымышка жашы таяп калган Омор сакал коюп алгангабы өз жашынан кары көрүнөт. Башын ийкеп:-Жакшы, Бүрай эне азыр күүлү- күчтүү эле жүрөбү? Бир кезде колхоздо чогуу иштеп калдык эле. Кайран киши кызы жоголгондон кийин карылыкка моюн сунуп калды. Болбосо абдан кайраттуу жан болучу. Ошол жоголгон кызы табылбай, дайынсыз, ың- жыңы жок билинбей калды го ээ?-деп, артын карап суроолу карады эле, Акманбек башын ийкеп гана жооп берди. Анткени тиги киши ички жарасын козгоп, суроо бергенин билген жок да. Омор сөз кезегин келтирип:....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Эмесе мен узун жолду кыскартып, бир болгон окуяны айтып берейин. Силер кулак салып угуп олтургула. Азыркы жаштар улуу сөзгө көңүл бурбай да калышты. Болгон эрмектери чөнтөк телефон болуп, биздин учурдагыдай китеп окулбай баратат. Телефондун зыян экенин теледен-радиодон жакшы эле какшап айтып жатышат. Бирок ага көңүл бурган жан адам жок. Сагыз чайноо менен телефондун зыяны эң алгач кулакты алып тынат экен. Муну мен газетандан окуп билдим. Айтайын дегеним азыр мен айта турган сөздү угуп алгыла деген ой. Тээ илгери биз бала кезде Манас айтканда чымын укса угулчудай тынчтыкты сактап укчу элек. Азыркы жаштар Манас эмес жомок айтсаң дагы уккандан чарчап кетишет. Бул элдин тайыздап, жукаланып баратканы эмей эмне. Тазалык бар жерде таза сезим, таза ой жүгүртүү болот. Ал эми азыр болгон адамдардын бир гана максаты жана ойлогон оюу "кантип акча табу керек"-дегенге барып такалат. Билбейм, ушул жол менен барсак жашоо эмнеге барып токтойт болду-экен. Кой, мен наалып- напчыбай айта турган сөзүмдү айтайын:-Тээ илгери бир кемпирдин жалгыз кызы болгон экен. Абышкасы эрте эле каза болуп калып, эркек бала төрбөй калыптыр, курган кемпир. Ошол кездеги сүйүүнүн күчүн ушундан улам билсек болот, кемпир абышкасынын арбагын сыйлап, ага арнаган сүйүүсүн сактап, колун сурап келгендерге такыр макулдугун берген эмес экен. Кийин кызы бойго жетенде кызы дагы өзүндөй болуп абдан пакиза, акылдуу жан болуп чыга келет. "Кыз кылыгы менен, келин келбети менен, уул урматы менен кары сөөлөтү менен кымбат"-деп айтылган сөз бар. Баягы кемпирдин кызы барган сайын чырайына чыгып, ал басып баратканда аны кызыгып карагандардын саны арбыйт. Ошол себептен "сулуу кыз көздүн көркү"-деп айтылган сөз калган. Бир күнү бир менменсинген байдын жалгыз уулу көчөдөн алдынан чыккан кишилерди каарып, камчы менен чапчуусун чаап, өзүнүн эркелигин карматып келе жатканда, байкоосуз жерден кызды көзү чалат. Биринчи көз караштан кызды жактырып калат да, дароо өзүнүн эмне үчүн бул ишти жасап жатканына жооп таба албай туруп калат. Анткени кыз дагы көз карашы менен билгизет "эркеликтин дагы чеги болуш керек"-дегенди. Буга чейин өзүн-өзү билип, оюндагысын жасап көнгөн эрке балага, керек болсо атасы дагы катуу айтып көргөн эмес болот. Бала ошол жерден дароо атынын башын тетири бурат дагы, бет алды чаап жөнөйт. "Уят өлүмдөн катуу"-деген сөз бар эмеспи. Бала дагы өмүрүндө биринчи жолу сынып, биринчи жолу катуу уят болот. Болгондо дагы тун сүйүүсүнүн алдында. Көрсө бирде-болбосо дагы бирде адам баласы өзүн канчалык баатыр же бай сезген күндө да, сына турган учуру болот экен. Бала ошол күндөн тартып такыр башкача болуп өзгөрүлөт. Күндө кыз жашаган үйгө жакын келип, кызды караган адатка айланат.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бирок кызга көрүнбөйт. Билинбегени менен чыныгы сүйүү адамды акылдуу же акмак дагы кылып салат. Анткени кээ бир сүйгөнүнө жетпегендер кандай гана ыпластыкка барып, ачкыл суунун кулу болуп кетип жатат. "Алыскы жол атты сынайт, убакыт адамды сынайт"-деген япон элинин накыл сөзү бар. Анысысыңары бала дагы болуп көрбөгөндөй өзгөрүлүп, азап чегип, сүйүүнүн түйшүгүн тартуу менен кызга үйлөнөт. Албетте кыз алгач так секирип, каршы болот. Бирок, айыл эли, элге кадыры сиңген байдын улам эшигин чертип келгени,бала жанын койбой көлөкөдөй ээрчигени кызды бура бастырбай калып, акыры кыз алты айласы кетип, турмушка чыгып кеткенде кайран эне жалгыз калып, абдан санаа чегет. Анткени кемпир кызына көнүп алган болучу да. Бул дүйнөдө жалгыздыктан өткөн жаман эмне бар. Жалгыз кызын караан тутуп жашаган эне байкуш акыры жашынан эрте карып, карылыкка моюн суна баштаганда, кызы алты айласы кетип энесине бир кедейдин ортончу кызын жардамчы кылып жалдап берет. Бирок, ал кыз баары бир өз канынан жаралбагандан соң, кемпирге берилип кызмат кылып бербейт. Анткен менен жанында караан болуп, аз да болсо жалгыздыктан кутулганына сүйүнөт. Бир күнү байдын баласы кыздан кызыгы тараганда, баягы эски кыялын карматып колу тиет. Ошондо кыз балага айтат " мен сага өз каалоом менен тийген эмес элем, сенин мага арнаган арзууңду сыйлагам. Сага тийген убакытта жакшы эле аракет кылдым, сени жакшы кишилердин катарына кошу үчүн. Бирок, сенин бала кезден калган кыялың калбайт экен. Мени эми бул жерге эч ким кармап тура албайт. "Эркек болсоң артымдан басып барба, мен эми апамдын гана көңүлүн алуу үчүн жашайм. Мага баары бир апамдан өткөн мени аяган эч ким жок экен. Сен мага сүйүүңдү арнап артымдан көлөкөдөй ээрчигениңде, кадырыма жетет деген ойдо болгом, кош бол" деп, бир сыйра кийимин алып чыгып кетип, кайра артына кайрылбайт. Кызынын турмушу бузулуп келгенине эне капа болбойт. Кайра анын жанына келгенине сүйүнөт. Кызы келгенде кайран эне байкуш кадимкидей жашарып, жаш баладай сүйүнгөн экен. Анысысыңары Бүрай эне дагы кызы табылып калса, тарткан азабы жуулуп, кайра жашара түшөт беле ким билет. Билинбегени менен баарынан эне гана санаачыл болот.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Өткөндө, биздин итибиз тууп, көзү жаңы ачылганда бир күчүгүн эки көчө ылдый жашаган таанышыма берип койгом. Кечинде байкуш итим ит болсо дагы эне да, эч тыным албай абдан кыйналганынан күчүгүн кайра алып келдим "он чакты күн коё турчу, энеси кыйналып жатат"-деп. Күчүгүн көргөндө итимдин сүйүнгөнүн көрүп алып, эненин улуулугуна ошондо баа бердим. Көрсө болгон жан-жаныбарлардын эң асылы жана бийиги эне экенин биз эсибизден чыгарбаганыбыз оң. Бул айтылган сөз салондогуларга абдан жакты. Сөзгө рулду башкарып бара жаткан шафёр кошулду:-Чынында эле баланы эненден айрыбасын. Бирок, азыр балабы, кызбы баштагыдай болбой калды. Таң калганым, акыркы кезде кыздардын түн катканы көбөйдү. Аларды ойлоп кайран ата менен эне түн уйкудан калып, санаа чегип жатканын билишсе, түн катпайт эле да. Алар дагы кийин өздөрү эне болгондо билет эненин кадырын. Өткөн аптада түнкү саат үчтө, бир кыз жалгыз көчөдө баратыптыр. Тоспосо дагы токтоп ала кеттим да, барчу жерине жеткирип койдум. Көрсө ал кыз жигитине таарынып, үйүнө жөө барууну чечиптир. Анын антип жалгыз көчөдө жүргөнүн кайран ата-эне билишкен жок да. Анан кантип кыздар жоголбойт дагы, кырсыкка учурабайт. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү"-дегендей кыздардын түн катып көчөлөп жүргөнү көзгө абдан өөн эле учурайт. Бул айтылган сөз Акманбекке жоголгон эжесинин дарегине карата айтылгандай таасир берди. Бир чети абдан туура сөз айтылды. Кыз бала эле эмес эркек баланын көчөлөп жүргөнү, калыс алып караган кишиге туура эмес. " Көп баскан аяк чок басат"-дегендей, түн катып жүргөн адам бирде болбосо бирде, жаман нерсеге кабылышы толук мүмкүн экенин ким тана алат.-Ооба, десең, илгери биздин учурда кечинде эшикке чыккан кыз атуу болчу эмес эле. Кыздын көчөлөп жүргөнү ыймандын жоктугунан. Ыймандуу кыз эч качан түн катпайт, сүйүү эмес андан ашык нерсеге кабылса дагы. Азыр кайран сүйүүнүн дагы кадыры кетип, көчөдө улуу адамдарды көзгө илбей кучакташкан жаштарды көргөндө айла жок тетири бурулууга туура келет. Бул эми тайыздыктын белгизи эмеспи.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Aizurok   31 Январь 2015 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Тээ мындан он чакты жыл илгери менин бир кошунамдын баласы үйлөнмөк болуп,ала турган кызынын атасына "куда түшүп кел"-деп атасын жиберет. Баланын атасы куда түшкөнү барып эле кызды көрүп, баласын айнытат. Анын себеби баланын атасы ошол баласы ала турган кызды шаардан бир бала менен кучакташып турганын өз көзү менен көрүп, ал кызды келин кылып алгандан баш тарткан-экен. Бала болгон окуяны кызга айтып келгенде, кыз уялганынан артын карабай качып кетиптир. Мына улуу-кичүүнү көзгө илбей өбүшкөндүн бир пайдасы.Сөз- сөзгө уланып, жол абдан эле кыскарып, Акманбек келчү жерине кантип келип калганын билбей калды. Негизи эле жакшы жана маанилүү айтылган сөз адам баласын кандай алаксытат. Омор карыя сөз баккан, сөз таап сүйлөгөн адам экенине сапарлаштары абдан ыраазы болушту. Чынында эле улуу кишинин улуу сөздөн көзгөгону жакшы жышаан эмеспи. Акманбек, таксиден түшүп жатып ачык маанай менен коштошту. Омор кайра-кайра "Бүйра энеге салам айтып кой" деп, эскертип, машина жылганга чейин көзүн алган жок. Машина ордунан жылып кеткенде гана жолдун четинен үйүн көздөй келе жатып, Акманбек чукул жерден ойлоно калды, шакекти алгач чоң апасына эмес, өз апасына көргөзүнү. Анткени анын дагы жөнү бар эле да. Кайран кишинин үмүт отун өчүрүү да өзүнчө бир азап экенин жашырганда эмне.Үйгө келгенде алдынан алгач эле кайран эне тосуп чыкты. Ушул жерден Акманбек, Асанкалый Керимбаевдин "энекем" деген ырын эстеди. Учурашып үйгө кирип, жай алып олтурган соң гана Акманбек:-Чоң апам кандай жүрөт, ал киши көрүнбөйт го?-деди. Чай куюп сунган апасы:-Кайда болмок эле,ал киши деле карылыкка моюн сунуп калды. Күнестеп үйдүн артында олтурган чыгар. Чоң апаң баштагыдай тамак дагы иче албай, бир күндө үч гана маал тамак ичет. Конок келип калса дагы тасмал четинде олтурбай туруп кетет. Болгон эрмеги жол карамай. Баягы жоголгон эжеңден дале болсо күдөрүн үзө элек. Сенин келгениңди көрбөй калды го. Үйүнө болсо Асан байкеңдин кичүү уулун киргизип койгонбуз. Акманбек кабагы суз:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 08:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: