Суперстан: Эмнеге доллар кымбаттап жатат? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • > Өкмөт жооп берет
  • > Экономика министрлиги
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эмнеге доллар кымбаттап жатат? Эмне үчүн жыл сайын жай мезгилинде курсу түшкөн доллар бул жай сезонун

#1 Пользователь офлайн   damir007   10 Август 2016 - 14:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Июл 2019 11:45

Менде Улуттук банкка суроолорум бар эле. Эмне үчүн жыл сайын жай мезгилинде курсу түшкөн доллар бул жай сезонунда кымбаттап жатат? Жыл башынан бери доллар канча сомго кымбаттады, анан качан туруктуу деңгээлдесакталды?

Билдирүүнү түзөткөн: damir007: 10 Август 2016 - 14:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   10 Август 2016 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Суроого КРнын Улуттук банкынын Акча кредиттик операциялар башкармалыгынын Дилингдик операциялар бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти Арзат Кольбаев жооп берди.

Суроо: - Эмне үчүн жыл сайын жай мезгилинде курсу түшкөн АКШ доллар бул жайында кымбаттап жатат?

Жооп: - Валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо талап көбөйгөндө анын курсу өсөт жана сунуш көбөйгөндө анын курсу түшөт. Ошондуктан алмашуу курсу чет өлкө валютасынын сунушу менен суроо-талабына жараша кээ бир убакытта жогорулайт же төмөндөйт. Мындай көрүнүш АКШ доллардын курсунун өсүшү же төмөндөшү мезгилге гана ылайык болбостон, ар кандай ички жана тышкы финансылык рыногунда болгон жагдайга байланыштуу да болот.

АКШ долларынын курсунун серпилүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени биздин өлкөдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курс режими жүргүзүлүп келет. Мындай режимге ылайык Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу максатында интервенцияларды өткөзөт.

Суроо : - Жыл башынан бери АКШ доллар канча сомго кымбаттады, анан качан туруктуу деңгээлде сакталды?

Жооп: - 2016-жылдын башынан тартып 9-августка чейин АКШ доллардын курсунун динамикасы ар кандай багытта болуп, анын диапазону 67,0894төн 75,9000го чейин жеткен. Жылдын башында АКШ долларынын курсу жогоруласа, март айынан тартып ички рынокто АКШ доллардын курсу тескерисинче төмөндөгөн.

2016-жылдын 26 июлунан тартып тышкы терс жана ички факторлорго ылайык ички валюта рыногунда АКШ долларга болгон суроо талаптын көбөйүшү байкалууда. Мындай көрүнүш АКШ доллардын курсунун жогорулоосуна алып келди. Ошентип, АКШ доллардын курсу 2016-жылдын 26-июлунан тартып 9-августуна чейин 2,3 пайызга жогорулады (67,1333 сомдон 68,6589 сомго чейин). Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында, 2016-жылдын 28-июлунда 14,55 млн АКШ долларды сатуу боюнча интервенциясын өткөзгөн.

Жалпысынан алганда, 2016-жылдын башынан 9-августка чейин АКШ долларынын курсу 9,5 пайызга төмөндөгөн (75,8969 дан 68,6589 сомго чейин бир АКШ доллары үчүн).





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Экономика министрлиги
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июн 2025 13:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: