Азыр эле соңку кабарлар жактан А.Атамбаевдин "Эми мындан ары мектеп директорлору 5 жылга гана шайланышат"
деген законго кол койгонун окудум.
Ушул силердин оюңарча туурабы? Мисалы менин оюм боюнча эң туура! Себеби мен окуган айылдагы мектепте 10 жыл мурун шайланган директор дагы деле директор!
Же аны ала алышпай коюшту.Себеби анын жогорку айыл өкмөт тарапта ишенген же колдогон адамы бар имиш деп угуп келебиз.Ал директорубуз мектепте азыр тим эле хан болуп алган.Мектепке бөлүнгөн жерге өзү эгин иштетип жүрүп бир жолу көнүп алды.Мектепке бөлүнгөн акчалардан дайын жок.Мектептин ремонтун ошол мектепте окуп кеткен ишкерлерибиз спонсор болуп оңдошот.Анан ар жылы 10-жылдык,20-жылдыкка келген выпускниктер акча чыгарышып оңдоп турушат.
Эми эмнени айтайын деп атам? Эгер ошол директорлорду ар 5 жылда алмаштырып турганда жогорудагы мен айтып кеткен жемейлер,түшүнбөстүктөр болбойт беле?
Силер өзүңөрдүн директоруңар жөнүндө жазсаңар боло берет.
Теманы кайсы бөлүмгө ачышты билбедим.Туура эмес бөлүмгө ачсам үзүр!
- (2 )
-
- 1
- 2
Мектеп директорунун мындан ары 5 жылга гана шайланаары тууралуу оюңар! Ойлоруңарды жаза кетсеңер...
#3 09 December 2014 - 13:36
Жакшы экен, эми мындан ары 10 жылда бир адам эмес 2 адам бутуна туруп алат экен.
#4 09 December 2014 - 13:39
Ооба туура кылыптыр ушуну.Биздин деле директорубуз алмашкыс болду.Артында тааныштары барда.Кеткиси жок эч эле.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#5 09 December 2014 - 14:16
Ооба туура кылышыптыр.
Карап корсок, бардык жерде эле ушул койгой окшойт го. Бизде да ошол. Канча жылдан бери местаны бошотпойт.
#6 09 December 2014 - 17:21
Туура эле чечим болгон.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#7 09 December 2014 - 18:43
Бир жагынан жакшы. Экинчи жагынан эки сегиз он алты дегендей айырмасы жок. Анткени корупцияны жоймойунча эч нерсе озгорбойт, беш жылдан кийин акча ыргытып койсо шайлоо эч нерсеге карабай эле, ошол эле директор, кайра директор болуп калат дегендей..
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#8 10 December 2014 - 17:36
Жемекейлер 5 жылда деле отдуши бутуна туруп алышат, чыныгы таза иштеген адам болсо 20 жыл иштесе дагы жарашат...
#9 10 December 2014 - 18:33
Туура ой,биздин мектептинда директорун эч эле алалбай келишет.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#13 11 December 2014 - 11:18
Биздин директорго деле 10 жылдан ашты.Доминик сиз айткан жер иштетуу,мектепке тушкон комурду уйго ташымай,комптор 10 келсе созсуз бироосу уйуно кетет.5 жыл болсо туура болот!
#14 12 December 2014 - 15:41
Ушул нерсени туура кылды деп ойлойм,себеби биздин айылдагы директор 15 жылдан бери иштейт оз оордунда, анан да кошумча предметтерди алып алган. Баардыгы биригип 45000-50000 сом айлык алат айына. Озу окутуп жаткан сабактарга башка мугалим чыкса аны ишке кабыл албайт.
#15 12 December 2014 - 16:07
Ушул нерсени туура кылды деп ойлойм,себеби биздин айылдагы директор 15 жылдан бери иштейт оз оордунда, анан да кошумча предметтерди алып алган. Баардыгы биригип 45000-50000 сом айлык алат айына. Озу окутуп жаткан сабактарга башка мугалим чыкса аны ишке кабыл албайт.
... Ооо айлыгы укмуш коп го мммм...
Эгер , татыктуу иштей алса , талапка жооп бере алса мектеп жамааты оздору эле моонотун узартып беришет.
#16 12 December 2014 - 16:17
#17 13 December 2014 - 00:39
Жакшы иштеген болсо омур бою болсо да иштей берсин. Иштей албагандарды бир жыл да иштетпоо керек. Жылды чектоо менен проблема чечилбейт. Ар бир орунга татыктуу адамдар келгенде гана баары жайына тушот. Президентпи,
директорбу айырмасы жок.
#18 13 December 2014 - 00:45
Мисалы менин бир досум жакында эле мектеп директору болуп дайындалды.
Анын иштей алуусуна козум жетет. Бирок ал беш жылда коп нерсе кыла албоосу мумкун. Кылган чакта деле андан кийин келген директор баарын мурдакы абалга алып келип коюсу мумкун.
#19 13 December 2014 - 00:50
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео






















