
Кытай имамдарды зордоп бийлетип, мугалимдерге окуучу балдарды динден узак кармоого ант бердиртти. Ал эми мамлекеттик кызматта иштегендер басым астында: “Айлыгыбызды Аллах эмес, Кытай мамлекети берип жатат” деп ураан чакырууга мажбур болушту.
Чыгыш Түркстандын Үрүмчү шаарында баардык мечиттердин имамдары бир аянтка топтолушуп, чогуу бийлегенге мажбурланды.
Кытай расмий кабар агенттиги Синьхуада жарыяланган кабарга таянсак, чогулган имамдар “маданий көргөзмө” аттуу иш-чарада зордоп бийлетилген. Имамдар бир тараптан бийлеттирилип, бир тараптан “өлкө тынчтыгы көңүлгө бейпилдик берет” деп ураан чакырышкан.
Кытай өкмөтү имамдарды университеттин студенттеринин көзүнчө да колдоруна Кытай байрактарын карматып бийлеткендиги белгилүү болду. Ошол эле убакта студенттер да бийлөөгө мажбурланган. Ал жерде айтылган билдирүүдө жаштардын мечиттерден алыс туруусу эскертилген.
Ибадат кылуунун ден соолукка пайдасыз экендигине басым жасаган билдирүүдө, “ден соолук мыкты болуусу үчүн бийлегиле” деди.
Мугалим болуп иштеген мусулман аялдар да басым менен окуучуларын динден алыс кармай тургандыктарына жана балдардын диний билим алуусуна тоскоол болооруна сөз беришкен.

Супер-Инфо
super.kg
видео










