Ким Чен Ын эми кашын кырдырды
.
Кимдин кашынын жарымын кырып салуусун чоң атасы Ким Ир Сенге окшошкусу келип атат деп жоругандар бар.
.
Узаган апта соңунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чачы менен кашы кайрадан дүйнөлүк басма сөздү дүрбөткөн окуяга айланды.
Дээрлик бардык басылмалар бул багытта макалаларды жарыялады. БританиянынThe Independent гезити Ким Чен Ындын чачы гана эмес, кашы дагы аз күн ичинде бул өлкөдө модага айланарын жазат. Себеби, отуз жаштан жаңы ашкан лидер төбөсүндө гана чокчойгон чач калтырып, башынын калган бөлүгүн тасырайта алдырган. Буга кошумча кашы дагы эки эсе кыскарып, көздүн жарымына гана барабар болуп кырылган сүрөттөрү жарыяланды.
The Independent басылмасынын журналисти Лизи Диерден:
.
- Эми корейлер “кымбаттуу” лидерине окшошуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Бардык чач тарачтар кайчыларын Ким Чен Ындын чачындай кыркуу үчүн курчута баштады, - деп жазды.
Ал эми South China Morning Post басылмасы Кимдин кашынын жарымын кырып салуусун ал "чоң атасы Ким Ир Сенге окшошкусу келип атат" деп жоруду.
Дүйнөдөгү жаңылыктар, окуялар. Дуйнодо болуп жаткан жанылыктар окуялар, кызыктуу фактылар.
#41 24 February 2015 - 16:07
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#42 24 February 2015 - 16:10
Австрияда түрмөдө Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев өз жанын кыйды
.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 53 жаштагы Рахат Алиев Австриядагы түрмөдө өз жанын кыйганы кабарланууда. Бул тууралуу Австриянын сотунун өкүлү билдирген. Ал "өз жанын кыйыптыр” деп сот өкүлүнө шилтеме берип, "Рейтерс" агенттиги жазып чыкты. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дариганын мурдагы күйөөсү Рахат Алиев 2007-жылдан бери чет жакта качып жүргөн.
.
2011-жылы Рахат Алиевге каршы Австрия бийликтери тергөө баштаган. Ал 2014-жылы июнда өз эрки менен Австриянын тергөө органдарына келген дагы ошондон бери камакта болчу. Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес.
2008-жылы Алматы шаардык соту Алиевди кылмыштуу топту түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга кам көргөн деп таап, сыртынан 20 жылга абакка кескен.
Рахат Алиев Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, Тышкы иштер министринин орун басары, өлкөнүн Автриядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

#43 24 February 2015 - 16:13
Англис банкындагы чырдын учу Борбор Азияда
.
Кытайдагы HSBC банкынын филиалы
"Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын атуулдары Британиядагы эң ири HSBC банкына байланышкан чырга илешти" деп жазатThe Diplomat аналитикалык журналы.
Журналист Пол Сорбелло "HSBC банкына байланышкан акыркы чырда Борбор Азиянын салыктан качкан, акчасын ушул банктта жашырган крим-лидерлери, ишкерлери, саясатчылары катышууда" дейт. Алардын көбү газ жана мунайга бай Казакстандын жарандары.
Франциянын Le Monde басылмасына аталган банктын Швейцариядагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы кызматкери Эрве Фальциани миңдеген жашыруун файлдарды тапшырган. 45 кишиден турган изилдөөчүлөр бир нече күн бою аларды казып отуруп, кылмыштуу эсеп-кысаптардын теги Борбор Азияда экенин таап чыккан. Алардын башында 4,4 миллиард доллардык жашыруун эсеби менен Казакстандын “Альянс” банкын 2006-2008-жылдары жетектеп, 2009-жылы дефолтко учураткан, кийин Лондондун Жогорку Соту тарабынан каржылык кылмышкер катары табылган Маргулан Сейсембаев жана Тимур Куанышев турат.
.
Кытай бийлиги эми эки балалуу болгула деп кыйнайт
.
The Market Watch басылмасынын маалымдоосу боюнча Кытай бийлиги эми элди милдеттүү түрдө экинчи балалуу болгула демей болду. 30 жылдан бери бул өлкөдө бир үй-бүлө бир бала менен чектелчү. 2014-жылы бул мыйзамга өзгөртүү кирип, экиден балалуу болууга уруксат берилген. Акыркы мезгилде Кытай элинин тез картайып, эмгекке жарамсыз калктын көбөйүүсүнөн улам демографиялык көйгөйдүн алдын алуу үчүн бийлик ушундай кадамга барып жатат дешет The Market Watch журналынын аналитиктери.
Шанхайдагы Guangming Daily интернет сайты бийликтин бул аракетин сындап, тыюу салганга караганда, балалуу болгула деген чакырык бир топ үй-бүлөнү шыктандырбай турганын жазат. Ал эми Sohu.com аттуу дагы бир кытай сайты 1960-жылдары Румынияда аборт жасоону тыйган саясаттан кийин, балдардын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин мисал келтирип, Кытайда да бул иш кооптуу экенин эскертет.
.
Жигитине эмес конок кишиге турмушка чыкты
.
"Индиянын түндүгүндөгү Рампур аттуу шаарчада 23 жаштагы Индира аттуу кыз үйлөнүү тоюнда талмасы кармап калган жигитине турмушка чыгуудан баш тартып, келген меймандардын ичинен каалоочулар болсо үйлөнөлү деген сунушу менен дүйнөнү таң калтырды" деп жазат The Times of India гезити.
Индиранын ата-энеси да күйөө баланын оорулуу экенин билген соң кудаларына таарынып, жаңжал чыгарышкан. Бирок үлпөт көйнөкчөн Индира кайгырып калбай, дароо эле тойго барган меймандардын ичинен Харпал Синх аттуу жигитти тандап, тойду улантып кеткен.

#44 24 February 2015 - 16:14
Эшек эти боюнча окуя иликтенүүдө
.
Чүйдүн Манас айылында ондогон эшек союлган окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясы кылмыш иш козгогон. Бул тууралуу бүгүн "........га" Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Үч апта мурда козголгон кылмыш иш Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка өткөрүлүп берилген.
Окуя болгон жерге бүгүн КТРКнын журналисттери да барып келди. Бул боюнча берүү даярдап жаткан журналист Мээрим Бакир кызы “........га” билдиргенине караганда, алар жергиликтүү тургундардын арызы менен Бишкектин четиндеги Манас айылына барган. Аталган конуштун тургундары көрсөткөн үйгө киргенде эшектин кесилген баштарын, туяк, туздалган ичеги-карын көрүшкөн.
Видеого тартуу учурунда терезелери караңгылатылган 3-4 унаада адамдар келип, алардын камерасын тартып алганга аракет жасаган.
Бул үй кимге таандык экени азырынча анык боло элек. Бирок журналисттердин болжолдуу маалыматына караганда эт Бишкектеги кафе-ресторандарга же эт базарларга өткөрүлүп келген болушу ыктымал. Журналисттер окуяны тастыктаган сүрөттөрдү социалдык тармактарга да жайгаштырышты.
Тиешелүү мекеме өкүлдөрү бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

#45 27 February 2015 - 22:09
Alibekova2 айткан кичирейип бара жатат дегенди 2-3жыл мурун мектепте окуп жургондо БАДтан берген агай айтты эле
#46 27 February 2015 - 22:59
Сегиз сааттык уйку тууралуу
.
Адам баласы күн сайын сегиз саат уктаганга умтулушу керек деген сөздөр айтылып келет. Балким бул нерсе адамды күтүүсүз өлүмгө дуушар кылып жүрбөсүн?
.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көп же кыска мөөнөттүү уйку адамды ар кандай ооруга, керек болсо өлүмгө алып келиши ыктымал. Бирок ден соолуктун чың болушуна көйгөй жаратып жатса эс алуу күндөрү көп уктагандан сөзсүз баш тартыш керекпи?
Организм толук эс алышы үчүн канча сааттык уйку жетиштүү?
.
Адамдардын көпчүлүгү сегиз саат дешет. Бирок жакында медициналык изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир күндө сегиз сааттык уйку абдан эле көп, андыктан ден соолукка зыяны тиет.
xxxxxxxxнын “Азбы же көппү?” программасынын журналисттери сегиз саттык уйку пайдалуу экени тууралуу кептер чындап эле жомокпу деген суроону изилдеп көрүшкөн.
.
Сегиз сааттык уйку ашыкчабы?
.
Грэг Джейбкобс аттуу дарыгер Массачусетс университетинин медицина факультетиндеги уйкунун бузулушу боюнча борбордо иштейт.
.
Ал: «Баш аягы болуп 34 изилдөө болду. Дарыгерлер эки миллиондон ашык адамдын ден соолугунун абалын көзөмөлгө алышкан. Көрсө, уйку менен жашоо узактыгынын ортосундагы байланыш «U» тамгасы сыяктуу элести берет”, - деп түшүндүрүүдө.
"Өлүмдүн эң аз божомолу «U» тамгасынын эң ылдый тарабын көрсөтөт жана бул чекит күн сайын жети сааттык уйкуга туура келет. Мындан көп же аз уктоо, ошончолук эрте өлүмгө алып келет. Айта кетчү нерсе, уйку нормасынан аз уктагандарга караганда нормадан көп уктагандарда коркунуч көбүрөөк болот”.
.
Джейкобс дарыгердин айтымында, бир күндүк уйку нормасы жети саат. Эгер мындан аз уктасаңыз, аз жашайсыз. Ал эми нормадан көп уктасаңыз, дүйнө менен андан да эрте коштошосуз.
Биз канча саат уктаганыбызды так эсептөө кыйын: а эгер транспортто уктап кетсекчи?
.
Такталбаган илим
.
Деген менен Британиядагы Уорикс университетиндеги жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча профессору, уйку маселелери боюнча адис Франко Капуччио кабатырланууга негиз жок экенин айтат. Анын көз-карашы боюнча, орточо алты жана сегиз саттык уйкунун баары нормага кирет:
.
«Биз уйкуну изилдөөдө адамадардын өзүнүн божомолуна көңүл бурабыз. Алардын көпчүлүгү болсо канча саат уктаганынын минутасына чейин так айта албайт»
Элдин пикирин сурамжылоо аркылуу илимий анализ чыгарууга болбойт. Бирок белгилүү болгондой, уктоо убактыбызды адатта көбүртүп айтабыз.
.
«Эгер сиз британиялыктардын төрттөн үчү сыяктуу эле алты сааттан сегиз саатка чейин уктасаңыз, кабартырланууга негиз жок», - деп профессор Капуччио ишендирүүдө.
.
Нормадан көп же аз уктоо эмнеге кооптуу?
.
Нормадан көп же аз уктаган ар бир адамда кан басымдын көтөрүлүшү, диабет жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал.
.
«Сегиз сааттан көп же, алты сааттан аз уктаган адамда жогорку даражадагы оорулардын пайда болуу коркунучу кескин жогорулайт. Бул өз кезегинде эрте өлүмгө кабылтат», - дейт Франко Капуччио.
.
Бирок бул коркунуч канчалык чын?
.
Илимпоздор аныктагандай, 6-8 саат уктаган адамдарга караганда, тубаса уйкусуз адамдарда өлүм коркунучу 12% га жогору болот.
Ал эми 6-8 саат уктагандарга караганда көп уктаган адамдардын арасында өлүм коркунучу 30%га көбүрөөк болгон.
.
«Жети» деген алтын сан
.
Жыйынтыктап айтканда, биз канча саат укташыбыз керек? Көпчүлүк адамдардын өздөрүн кандай сезээрине карабастан, идеалдуу санды так айтууга болот деп эсептейт Грэг Джейкобс:
.
«АКШнын уйку боюнча улуттук ишканасы ар бир жаз мезгилинде миңдеген адамдардан сурамжылоо жүргүзөт. Анда белгилүү болгондой, орто эсеп менен бул адамдар бир күндө жети саат укташат».
.
Дарыгер Джейкобстун божомолунда, жети сааттык уйку мээнин жакшы эс алышы үчүн белгиленген табыйгый сан.
Жети саат уктаган адамдардын көпчүлүгү өздөрүн сергек сезгенин айтса, беш пайызы гана уйкусу канбаганын, чарчаңкы экенин билдиришкен.
.
Деген менен эгерде сиз жуурканга жамынып алып, көп уктаганды жакшы көрсөңүз, андан ырахат алсаңыз, сиз мыктысыз. Уйку сизди эрте өлүмгө алып келет деген маалымат азырынча так эмес.

#47 27 February 2015 - 23:01
Адам баласы башка планетага көчпөсө бири-бирин тытып жешет
.
Ааламга атактуу физик Стивен Хокинг адам баласы башка планетага көчпөсө бири-бирин тытып жешээрин айтууда
.
Адам баласы башка планетага көчпөсө бири-бирин тытып жешет. Бул тууралуу ааламга атактуу физик Стивен Хокинг Лондондогу илим музейинде билдиргендигин vesti.ru булагы кабарлоодо.
.
Окмуштуунун пикиринде адам баласы табигаттын кырсыктары жок эле бири-бирин ийгиликтүү кырып, жоготуп жаткандыгын белгиледи. "Адам баласынын эң негизги алсыздыгы – бул агрессия, аны менен олуттуу күрөшүү керек. Кайсы бир доордо адамдардын бул сапаты алардын тамак-аш таап табуусуна, аймактарды ээлеп алуусуна жана карама-каршы жыныстарга баатыр көрүнүүгө жардамчы болгон. Бирок, бүгүнкү күндө жашоодогу мындай стиль актуалдуу болбой калды". - деп эсептейт Кембридж университетинин профессору.
"Масштабдуу өзөктүк согуштар адам баласынын цивилизациясына чекит койот. Эң биринчиден - адамдардын мамилесин жакшыртууга аракет кылуубуз керек. Эгер адамдар өздөрүнүн жүрүм-турумдарын өзгөртпөсө жакынкы убактарда ушул планетабызды жоготуп алабыз", - деди. Белгилүү 72 жашындагы профессор шал оорусу менен азап тартып, дээрлик кыймылдай албайт.

#49 10 March 2015 - 10:21
Маркумду узатуунун баасы
.
Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда.
.
Кыргызстанда каза болгон кишини коюуга кеткен чыгым бир топ үй-бүлөнүн чөнтөгүнө урулган сокку болууда.
Айрыкча Бишкекте кара ашын кошпогондо, жөн эле кишини жууп, жерге көмүү үчүн 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин каражат сарпталат.
.
"1952-жылдан бери тактыда отурган 88 жаштагы Британиянын ханышасы Елизавета II каза болсо эмне болот?" деген суроону атактуу Business Insider журналы окурмандарына берип, мындай ири окуядан өлкө экономикасы тарта турган зыянды эсептеп чыккан.
12 күнгө созулган аза күтүү учурунда Британиянын экономикасы 1,2 миллиарддан 6 миллиард фунт стерлингге чейин зыян тартышы ыктымал. Принцесса Диана өлгөндө аны коюуга кеткен каражат эле 20 миллион фунт стерлинг болгон. Мындан тышкары фондулук биржалар иштебей, алардын тарткан зыяны толук такталган эмес.
.
Бирок айрымдар өлүктүн тажыясына кызмат көрсөтүү менен андан ири кирише да табышат. Маселен, Америкада адам каза болгондо ар түрдүү кызмат көрсөтө турган агенттиктердин жыл сайын айланткан акчасы 20,7 миллиард долларды түзөт. АКШда жылына 2,4 миллион киши каза таап, аларды жерге берүү ишин жеке фирмалар аркалайт. Ар бир америкалыкты коюу үчүн 8 миңден 10 миң долларга чейин сарпталат. Ал эми Кытайда бир кишини коюуга орто эсеп менен 500 миң юань же 82,356 доллар сарпталгандан улам кытай медиасы былтыр “Өлгөн аябай кымбат” деген аталыштагы макалаларды басып чыгарышкан. Гонконгдо каза болгон кишини көмүү жаатында иштеген агенттиктердин кызмат көрсөтүүдөгү жалпы суммасы айына 250 миллион долларга жетет. Кытай дүйнөдө өлгөн адамдардын саны менен алдыңкы сапта. 2017-жылга чейин Кытайда жылына 10,4 миллион киши көз жумат дешүүдө.
.
Ал эми Кыргызстанда кандай?
.
Кыргызстанда да каза болгон кишини коюу иши өтө кымбат. Айрыкча ички миграциянын айынан көзү өткөн кишиникичи мекенине жеткирүү да кошумча чыгымды жаратып, жумшалган каражаттын суммасын арттырууда.
Бишкек мэриясына караштуу Ритуалдык кызматтар агенттигинин расмий сайтындагы баалар боюнча бир кыргыз киши каза болсо сөөктү автобус менен ташуунун ар бир сааты 660 сом, көр казуу 4 миң, чакан боз үйдү ижарага алуу суткасына 3,5 миң сомдун тегерегинде, бир боз үйдү тиктирүү 3338 сом, мусулман табытын ижарага алуу суткасына 153 сом, 100 литрдик казандын баасы суткасына 101 сом болуп, союшун, тасмал жана жыртышын кошпогондо эле орточо 10 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Бул тууралуу Риуталдык агенттиктин директору Болот Карамуратов айтып берди:
.
- Эми мунун ичинде көр казуу, маркум орус болсо анын жыгач табыты, кийген кийими, мусулман болсо кепини, жууп-тазалоо, мүрзөгө өлүктү алып баруу деген сыяктуу чыгымдардын баары кирет. Азыр бизде орто эсеп менен ушул эле чыгымды санасак 10 миң сомдун айланасында акча коройт. Айрыкча миграциянын айынан маркумдарды үйүнө жеткирүү акысы да кошулду.
Буга кошумча акыркы мезгилде Бишкектин чет жагында көрүстөнгө ыңгайлуу жер калбай калгандыктан, каза болгон кишилерди коюуда жер тартыштыгы да курч маселе болууда.
.
Батышта 1950-жылдардан бери эле “өлүм салыгы” киргизилип, иштеп, айлык алган адамдар кирешесинин бир нече проценттин өлгөндө кетчү чыгымдар үчүн салык катары мамлекетке төлөй беришет. Каза болгондон кийин ошол салыктан чогулган каражат адамдын тажиясына коротулат. Ал эми Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө өлүктү коюу үчүн минималдуу гана каражат коротулуп, Европа, Кытай жана Кыргызстандагыдай ашыкча кымбат тажия аземин өткөрүшпөйт.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#50 13 March 2015 - 22:15
Аль Пачино 75 жашка келгенде алгачкы жолу үйлөнөт
.
Атактуу голливуд актеру Аль Пачино 75 жашка келгенде алгачкы жолу үйлөнүүнү чечти. Бул тууралуу newsru.com булагы кабарлоодо. Маалыматка ылайык атактуу актер апрель айында 75 жашка чыгат. 75 жаш туулган күнүндө Аль Пачино 35 жаштагы аргентиналык ашыгы Лючила Сола менен үйлөнүүнү чечти. Азырынча алардын үйлөнүү тоюу качан жана кайсы жерде болоору айтыла элек. Атактуу актердун жакындары баардыгын тыкыр жашырып жаткандыгы айтылууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, актердун ушуга чейин үч баласы бар. 25 жашындагы кызы Жули жана 14 жашындагы эгиздери Жеймс менен Роуз. Аль Пачино буга чейин расмий түрдө үйлөнгөн эмес. Экөөнүн ортосундагы ашыктык романы тууралуу 2010-жылдан бери айтылып келаткан.

#51 13 March 2015 - 22:16
Дүйнө лидерлери канча маяна алат?
.
АКШ президенти Барак Обама жылына 400 миң доллар алып, бул тизменин башында турат
.
Дүйнө лидерлери канча маяна алат? Бул тууралуу CNN булагы иликтеп көргөн. Маалыматка ылайык жакында эле Орусиянын президенти Владимир Путин айлыгын 10 % кыскарткандыгы кабарланган. Эң акыркы маалыматтарга караганда дүйнө лидерлеринин айлыктары төмөндөгүдөй:
.
1. АКШ президенти Барак Обама жылына 400 миң доллар алып, бул тизменин башында турат.
.
2. Канада президенти Стивен Харпер жылына 260 миң доллар каражат табат.
.
3. Германия канцлери Ангела Меркель жылына 234.4 миң доллар
.
4. Түштүк Африка Республикасынын президенти Джейкоб Зума жылына 223,5 миң доллар
.
5. Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жылына 214,8 миң доллар
.
6. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жылына 202.7 миң доллар
.
7. Франциянын президенти Франсуа Олланд жылына 194,3 миң доллар
.
8. Орусия президенти Владимир Путин 136 миң доллар
.
9. Италиянын премьер-министри Маттео Ренци жылына 124,6 миң доллар
.
10. Бразилиянын президенти Дилма Русеф 120 миң доллар
.
11. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 30,3 миң доллар
.
12. Кытайдын президенти Си Цзиньпин жылына 22 миң доллар

#52 19 March 2015 - 22:34
Эшек сүтү алтындын баасында
.
Эшек сүтү айрыкча рак, астма жана бронхит сыяктуу ооруларга шыпаа болоору айтылууда
.
Түркияда эшек сүтүнүн баасы алтындын баасына тете көтөрүлдү. Бул тууралуу haberler.com булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык Измирге 80 км жакын Тире районунда эшек фермерчилиги ачылган. Анда эшек сүтүн шишелерге куюп, сатууга
чыгарылууда. Эшек сүтүн айрыкча рак, астма жана бронхит сыяктуу ооруларга шыпаа болоору айтылууда. Бул фермада 8 эшекти багуу менен баштап быйылкы жылы 17ге чейин жеткирүү пландалып жатат. Эшектер күнүнө эки жолу саалат жана 2 литрге
жакын сүт алынат. Андан кийин лабораториядан анализдери такталып, 250 граммдык шишелерге куюлат. Сүттүн бир литри 100 лира ( 37 АКШ доллары) сатылууда.
.
Эшек сүтү айрыкча рак, астма жана бронхит сыяктуу ооруларга шыпаа болоору айтылууда
.
Түркияда эшек сүтүнүн баасы алтындын баасына тете көтөрүлдү. Бул тууралуу haberler.com булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык Измирге 80 км жакын Тире районунда эшек фермерчилиги ачылган. Анда эшек сүтүн шишелерге куюп, сатууга
чыгарылууда. Эшек сүтүн айрыкча рак, астма жана бронхит сыяктуу ооруларга шыпаа болоору айтылууда. Бул фермада 8 эшекти багуу менен баштап быйылкы жылы 17ге чейин жеткирүү пландалып жатат. Эшектер күнүнө эки жолу саалат жана 2 литрге
жакын сүт алынат. Андан кийин лабораториядан анализдери такталып, 250 граммдык шишелерге куюлат. Сүттүн бир литри 100 лира ( 37 АКШ доллары) сатылууда.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#53 19 March 2015 - 22:38
Эшек сүтүн экспорт кылат окшойбуз эми эшек багып. Кунуно беш литр сут саап сатып кой ана пайда. Кунуно 185 доллар.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#54 20 March 2015 - 15:39
Эшек сүтүн экспорт кылат окшойбуз эми эшек багып. Кунуно беш литр сут саап сатып кой ана пайда. Кунуно 185 доллар.
Эшек этинин ызы-чуусу аз келгенсип эми суту калыптырбы. Ансыз деле бут дуйнoгo уят болдук. "Эшектин кучу адал, суту арам" деген макалды эске албаганда, эшек сутунун дарылык пайдасы жoнундo мен да уккам. Бирок, ишенген эмесмин, азыр да ишене бербейм(Кудай оору-сыркоодон сактасын! ). Анын устунo oлкoдo азганактай эле кулан(жапайы эшек)менен качырдын(бул дагы жапайыга киреби?)тукумдары аз эле калса керек...
#55 20 March 2015 - 16:31
Тооба эшек мынча поп болбосо а!Карабай жаман коргон эшектер озунчоле бааланат го.
Мен бактылуумуун.
#56 20 March 2015 - 17:12
Египеттин Луксор провинциясынын бийлиги үстүбүздөгү жылдын 17-мартында үй-бүлөсүн камсыздоо максатында дээрлик 50 жыл өзүн эркек катары алып жүргөн аялга сыйлык тапшырышты,
- деп жазат Сноб.
Социалдык тилектештик дирекциясы 64 жаштагы египеттик аял Сиса Абу Даухка кызын жана неберелерин багуу максатында 43 жыл бою иштеп жүргөндүгү үчүн «багуучу аял» наамын ыйгарышты. Абу Даух сыйлык тапшыруу азминде бул жылдар бою ага көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирди.
Абу Даухтун жолдошу анын боюнда бар кезинде көз жумган. Кызы төрөлгөн соң ал каражатсыз калып, иштөөнү чечкен. Египетте аялдардын иштөөлөрүнө тыюу салынгандыктан ал эркектин кийимин кийип, табылган жумуштун баарына иштеген. Абу Даух кенен жеңдүү кийип, башына баш кийим же селде оронуп, эркектердин бут кийими менен иштеген. Ал көчөдө бут кийим тазалап, кыш жасап, цемент аралаштырып иштеген.
Бир нече жылдан кийин анын кызы турмушка чыккан. Бирок анын күйөөсү да жаңы үй-бүлөнү камсыз кыла алган эмес.. Ал үйлөнгөн кийин көп өтпөй ооруп калып, ишин токтотууга мажбур болгон. Ошондуктан Абу Даух үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болуп калган.
«Мен үй-бүлөмдү багуу үчүн көчөдө кайыр сурагандан көрө цемент аралаштырып, кыш ташууну чечтим», - дейт айым. «Өзүмдү эркектерден коргоо үчүн алардын бири болууну туура көрүп, мени тааныбаган башка шаарларда иштеп жүрдүм», - деди ал.

МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!
#57 27 March 2015 - 09:38
Францияда учак кыйроого учурап, жүргүнчүлөрдүн бардыгы набыт болгон
.
24-мартта Франциянын түштүгүндө Germanwings авиакомпаниясына караштуу Airbus A320 үлгүсүндөгү учак Барселона-Дюссельдорф багытында бара жатып кыйроого учураган. Бул тууралуу маалымат интернет булактарында тарады.
.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:50 чамасында, учак болжол менен 2000 метр бийиктикке көтөрүлгөндө байланыш үзүлгөн.
.
Учакта жалпысынан 150 адам болгон. Анын ичинде эки жаш бала, 16 мектеп окуучусу, ошондой эле 6 экипаждын мүчөсү бар экендиги айтылууда.
Алдын ала маалыматттарга караганда кырсыкта курман болгондордун арасында Германиянын, Испаниянын жана Түрциянын жарандары бар.
Бирок, басымдуу бөлүгү Германиянын жарандары болгон. Француз бийлиги учактын бортундагы адамдардын баары каза болгондугун билдиришти.
.
Учактын бортунда Льинарс-дель- Вальеске (Барселона) тажрыйба алмашуу максатында келип кайра кайтышкан 16 немец окуучулары жана төрт окутуучу да болгон.
"Кырсык өлкөнүн түштүгүндөгү Альпы тоолорунда катталган. Учурда кырсыктын себептери такталууда" ,- деп жазат маалымат булактары.

#58 27 March 2015 - 09:39
Йеменде согуш башталды
.
Сауд Арабия жана Перси булуңунун өлкөлөрү Йеменде согуштук операциясын баштады. Бул тууралуу төңкөрүш болуп жаткан жерден ВВС булагы кабарлоодо.
.
Маалыматка ылайык эл аралык коалиция Йемендин лигимдүү өкмөтүн сактап калууну көздөп жатат. Йеменде шиит козголоңчулары каршы борбор калаа Санада абадан сокку урулууда. Ушул учурда хуситтер ("Ансар Аллах" кыймылы ) басып алган райондордо дагы абадан сокку урулуп, аскерий база колго алынды. РИА Новости булагы борбор калаада азыркы учурда 20дан ашык киши мерт болуп, жарат алгандардын саны 30дан ашкандыгын билдирүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда Йемен президенти Абд Раббо Мансур Хади сарайын таштап, Аден шаарынан белгисиз тарапка качып кеткендиги кабарланды. Сауд Арабия өкүлү Адель Аль-Жубира мындай жол аркылуу өлкөнү радикалдык топтон сактап калууну көздөп жаткандыгын айтууда. Бул согуштук операция бир гана борбор калаада эмес башка райондордо улана тургандыгын кошумчалаган.
Соңку маалыматтарга караганда Йеменде козголоңчулар Аден аэропортун басып алышып, өлкөнүн түштүгүндө коргоо министрин колго түшүрүштү.
Эсиңиздерге сала кетсек, Йеменде былтыркы жылдын август айынын бери ички кризис күчөп келатат. Январь айынын соңунда шиит козголоңчулары (хуситтер) президент Абд Раббу Мансура Хадини кызматтан кетүүсүнө мажбур кылышкан. Өлкө башчысы борбор калаа Санадан туулган жери Аден шаарына качууга аргасыз болгон. Ал жерде өзүнүн тараптарын топтоп, өлкөнү башкарып жаткан.

#59 27 March 2015 - 09:40
Бир мүнөттө дүйнөдө эмнелер болот?
.
Эгерде бардык адамзатты ойлосок бир мүнөттө жашоодо толтура таң калыштуу окуяларга толуп турат. Дүйнөдө бир мүнөттө же 60 секундда эмнелер болууда?
.
Бир мүнөт – бул убакыттын болгону кыска тилими. Бул убакытта маанилүү эч нерсеге бүткөрүүгө мүмкүн эмес. Баарыңар билгендей бир күндө 1 440 мүнөт бар. Ал эми бир жылда 525 600 мүнөт бар. Эгерде бардык адамзатты ойлосок бир мүнөттө жашоодо толтура таң калыштуу окуяларга толуп турат. Мына дүйнөдө бир мүнөттө же 60 секундда эмнелер болууда?
.
Адам тууралуу фактылар
.
1. Дүйнөдө бир мүнөттө 258 наристе төрөлөт.
2. Бир мүнөттө жүрөк 72 жолу кагат.
3. 113 бала кедей үй -бүлөдө төрөлөт.
4. 15 бала туубаса кемчилик менен төрөлөт.
5. Бир мүнөттө 107 киши өлөт, 2 адам жол кырсыгынан каза болот.
6. Адамдын денесинден 300 миллион клетка өлөт.
7. 10 миллион тамеки тартылып,7 киши тамекиден каза болот.
8. Ааламдын эң бай адамы Билл Гейтс бир мүнөттө 15 000 доллар киреше табат.
9. Бир мүнөттө 116 адам үйлөнөт.
10. 144 адам жаңы үйгө көчүп киришет.
11. 9 адам ВИЧ/СПИД оорусуна чалдыгат.
12. Бир мүнөттө 34 адам рак оорусу менен ооруйт.
Дүйнөдөгү фактылар
13. Бир мүнөттө 360 жолу чагылган түшөт.
14. Ааламда 5 жолу жер титирейт.
15. 2 468 177 килограмм таштанды чогулат.
16. Дүйнө боюнча 58 учак учуп жөнөйт.
.
Интернет маалыматтары
.
17. Google издөөдө 2 000 000 суроо берилет.
18. [moderated] 72 сааттык видео жүктөлөт.
19. Интернет желесинде 571 жаңы сайт пайда болот.
21. Бир мүнөттө электрондук почтадан 204 000 000 билдирүү жөнөтүлөт.
22. Skype аркылуу дос, туугандар менен 1 400 000 мүнөт кетет.

Супер-Инфо
super.kg
видео