Грецияны таң калтырган кыргыз жигит
.
Узаган аптада Грециянын басма сөзү жана телеканалдары премьер-министр Алексис Ципрастын Москвага болгон иш сапары учурунда грек тилинде эркин сүйлөп, суроо узаткан кыргыз жигити тууралуу жазып чыгып, окурмандардын талкуусун жаратты.
.
Greekreporter онлайн басылмасында Москва эл аралык институтунун студенти Медет Уланбек Грециянын өкмөт башчысына грекче суроо узатып, отургандарды таң калтырганын баяндайт.
Уланбек Алексис Ципраска Кыргызстандан Москвага барып, грек тилин өздөштүрүп жаткан алгачкы студент экенин айтып, окуусун аяктаганда дипломат болуп, Греция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүргүсү келээрин билдирген. Ал грек өкмөт башчысына:
“Греция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык качан башталат?”,
- деп кайрылганда Алексис Ципрас таң калганын жашыра албай: “Сен грек тилинде мынчалык эркин сүйлөгөндөн кийин мен сага эки өлкөнүн дипломатиялык ымаласын жакшыртарыңа ишенүү менен, эгер биз дипөкүлчүлүк ачып калсак, сен Грециянын Кыргызстандагы алгачкы консулу болосуң деп убада бере алам”, - деди.
.
.
Америкада Фетхуллах Гүлен сыйланды
.
Американын Атланта шаарында түркиялык диниятчы Фетхуллах Гүленге эл аралык Gandhi King Ikeda Peace аттуу тынчтык сыйлыгы ыйгарылды деп кабарлайт Today Zaman гезити.
.
Аталган сыйлыкка мурда Нельсон Мандела, Десмонд Туту жана Михаил Горбачев сыяктуу саясий ишмерлер татыктуу болгон эле. Бирок Гүлен сыйлыкты тапшырууга арналган аземге барган жок.
Мартин Лютер Кинг аттуу эл аралык уюмдун өкүлү Лоуренс Картер бул сыйлыктын биринчи жолу мусулман адамга берилип жатканын баса белгиледи.
Чикаго университетинин теолог-окумуштуусу Скотт Александр Гүлен баштаган кыймылды жогору баалап, айрыкча акыркы мезгилде Фетхуллах Гүлен "Ислам мамлекети"
террордук уюмун сындаган макалалары менен дүйнөдө тынчтыкты орнотууга салым кошконун белгиледи.
.
.
Рим Папасы кумса элчини кабыл албай койду
.
Франциянын Ватиканга жиберилген элчиси, 54 жаштагы Лаурент Стефанини январь айынан бери Рим Папасынын кабыл алуусуна кире албай убара деп жазат The Telegraph гезити.
.
Париждеги расмийлер Ватикан элчинин ыйгарым укугун таанып-тааныбаганын билдиргиси келбей жатканын айтууда. Ал эми француз медиасы элчи Стефанини кумса болгондон улам Рим Папасы кабылдабай жатат деп жазып чыкты.
Le Journal du Dimanche басылмасы элчини Рим Папасы кумсалыгынан улам көргүсү келбейт десе, Liberation гезити: “Ватикандын кумсаларды оолактатуусу айрыкча, Францис Папа бийликке келгенден бери күчөй баштады”, - дейт.
2007-жылы да Франциянын бийлиги Ватиканга кумса элчи жиберип, анын ыйгарым укугун Рим Папасы таптакыр тааныбай, кабыл албай койгон эле.
.
.
Кытай бийлигин 10 миллион студент коргойт
.
Кытай бийлиги Коммунисттик партиянын жаштар канатына кирген 10 миллиондой студентти интернетте позитивдүү маанай жаратуу үчүн, тагыраагы азыркы бийликти социалдык тармактарда үгүттөө максатында иштеткени турат деп жазат The Washington Post гезити.
.
Кытайда азыр 650 миллион киши интернет колдонот. Алардын ичинен бир нече миллиону азыркы бийликке каршы оппозициялык маанайдагы пикирлерди жазууда. Жакында эле расмийлер өлкөдөгү маалымат айдыңында агартуу иштерин жүргүзүү үчүн 10 миллиондон ашуун студентти ыктыярдуу топко кирүүгө чакырган.
Бул өлкөдө өкмөткө ишенбеген көз караштарды чагылдыруунун жалгыз жолу азыр социалдык тармактар болууда. Андыктан бийлик эми жаштардын көмөгү менен бул тармакты да колго алуунун жолун тапкандай деп жазат The Washington Post.
Дүйнөдөгү жаңылыктар, окуялар. Дуйнодо болуп жаткан жанылыктар окуялар, кызыктуу фактылар.
#61 14 April 2015 - 11:13
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#62 14 April 2015 - 11:24
17 жаштагы өспүрүм 20 тилде сүйлөйт
.
АКШда 17 жаштагы улан 20 тилде эркин сүйлөй алат жана максаты 40тан ашык тил үйрөнүү болуп саналат
30.03.15 21:16
.
Адамдын акылына чек жок экендиги дагы бир ирет тастыкталды. АКШда 17 жаштагы Тимоти Донер 20 тилде эркин сүйлөй алат. Бул тууралуу 24smi.org булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык Нью-Йорк шаарында жашаган адаттагы эле жөнөкөй өспүрүм Тимоти Донер 20дан ашык тилде сүйлөйт. Буга бир жагынан көп улуттуу ири шаар дагы жардамчы болууда. Донер италиянча, кытайча, французча, орусча, жапончо, немисче жана башка бир топ мусулман өлкөлөрүнүн тилдеринде эркин сүйлөйт. Өспүрүм бул тилдердин баарын өз алдынча үйрөнгөн. Адегенде ал кызыктуу ыкманы колдоно баштаган. Ал чет элдик ырларды угуп, анан ошол тилдеги адамдар менен сүйлөшө баштаган. Ал мындан тышкары адабият жана гезиттерди көп окуп, тилди андан ары өздөштүргөн. Тимоти Донердин айтуусу боюнча тил үйрөнүүнүн эң өзгөчө ыкмасы - баарлашуу. Донердин максаты - келечекте 40 ашык тил үйрөнүү экендигин белгиледи.

#63 14 April 2015 - 11:25
Узун сакалынын айынан 6 жылга абакка камалды
Кытай соту узун сакал койгон уйгурду 6 жылга эркинен ажыратты
31.03.15 17:43
.
Кытай соту узун сакал койгон уйгурду 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу lenta.ru булагы кабарлоодо.
.
Маалыматка ылайык сот анын аялын коомдук жайда узун кементай кийип жүргөндүгү үчүн эки жылга эркинен ажыратты. Эки жупту "душмандык жаратууда" деген айып тагылган. Акыркы учурларда Кытайда соттук териштирүүлөрдө мына ушундай айыптар көп колдонулууда.
Кытайдын Сынзян Уйгур автоном районундагы Кашгар шаарында уйгур тектүү 38 жашындагы жараны 2010-жылдан бери сакал коюп келген. Сынзян Уйгур автоном районунда терроризм менен күрөшүү алкагында коомдук жайларда сакал өстүрүп жүрүү жана аялдардын паранжа сыяктуу кементайларды жамынып жүрүүсүнө тыюу салынган мыйзам чыгарылган. Бул мыйзам долбоору кесепетинен Кытайдагы сакал өстүргөн мусулмандарга жаза берүү уланууда.

#64 14 April 2015 - 11:25
Эң көп акы алган Голливуд жылдыздары аталды
.
Леонардо Ди Каприо Голливуддун эң көп акы төлөнгөн актеру аталды
01.04.15 08:28
.
Голливуддун эң көп акы төлөнгөн актерлордун рейтинг башында "Волк с Уолл-Стрит" тасмасына 25 миллион доллар алган Леонардо Ди Каприо турат. Бул тууралуу The Hollywood Reporter басылмасы жарыялады.
.
Маалыматка ылайык бул суммага актердун гонорарынан башка продюсердик кызматы жана касса топтомунан дагы пайыздар кошулган. Андан кийин 20 миллион доллар алган жылдыздар Роберт Дауни кичүүсү, Сандра Баллок, Анжелина Жоли, Дензел Вашингтон жана Мэтт Дэймон. Кийинки 15 миллион доллар алган "Геркулес" тасмасы үчүн Дуэйн Жонсон. Ал эми 10 миллиондон 15 миллион долларга чейин Марк Уолберг жана Дженнифер Лоуренс акы алган. Бул тизмени 8 миллион доллар алган Сет Роген аяктайт.

#65 14 April 2015 - 11:26
"Тайм"
журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдарды аныктоодо
АКШнын "Тайм" журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын жаңы тизмесинин башына эки поп ырчы жана Путин чыкты
08.04.15 07:58
.
АКШдагы белгилүү "Тайм" ("Time") журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын жаңы тизмесинин аныктап жатат.
.
РИА Новости булагынын маалыматына караганда быйылкы жылкы дүйнөдөгү таасири чоң адамдын башында түштүк кореялык атактуу ырчы Ли Че Рин, экинчи орунда орусия лидери Владимир Путин, үчүнчү орунда поп ырчы Леди Гага келатат. Орусия президенти Владимир Путин саясатчылар арасында АКШ лидери Барак Обаманы жана Германия канцлери Ангела Меркелди ашып кетти.Таасири чоң инсандар беш тармак боюнча - "Лидерлер жана революционерлер" , "Каармандар жана демилгечилер" , "Окумуштуулар жана ойчулдар" , "Артисттер жана шоу-бизнес өкүлдөрү" , ошондой эле "Куруучулар жана титандар" деп аныкталууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, добуш берүү 10-апрелге чейин уланып, жыйынтыгы 13-апрелде жарыяланат.

#66 14 April 2015 - 11:27
Сауд Арабиясында эркектерге өз аялынын этин жегенге уруксат берилди
"Аял өзүнүн жубайынын бул чечимине берилгендик жана сабырдуулук менен кароого тийиш",-дейт муфтий
13.04.15 10:45
.
Сауд Арабиясынын башкы муфтийи Абдулазиз Али Шейх эркектер аябай ачка болгон учурда өз аялдарын жегенге укуктуу деп билдирди. Ошол эле учурда дин кызматкери аялдар буга каршы болбош керек экенин, анткени алар жубайлары менен бир бүтүн экенин кошумчалады. Бул тууралуу Mirror булагы маалымдады.
.
"Эгерде эркек киши аябай ачка болсо жана үйдөн тамак таппай калса, ал аялынын денесинин бир бөлүгүн кесип алып, аны жесе болот",-деп билдирди өзүнүн жаңы фатвасын муфтий Абдулазиз Али Шейх.
"Аял өзүнүн жубайынын бул чечимине берилгендик жана сабырдуулук менен кароого тийиш",-деп тактады муфтий. Чуулгандуу насыят Сауд Арабиясында жана Интернетте чоң ызы-чуу жаратты. Ошол эле маалда бул билдирүүнүн тексти Абдулазиздин расмий сайтында жарыялана элек.
Буга чейин ЖМКда Абдулазиз Али Шейх исламдан тышкары диндин баардыгынын ибадатканаларын жок кылууну сунуштаган, ошондой эле 15 жашка жете элек кыздарды күйөөгө берүүгө уруксат бериш керек деп чыккан.

#67 14 April 2015 - 11:28
Ислам дини дүйнөдө өтө тездик менен өнүгүүдө
.
Дүйнөдө христиан менен мусулмандардын саны 2070-жылы бири-бирине тең келишет
06.04.15 19:58
.
Ааламда ислам дини ыкчам өнүгүп, 2070-жылы христиан менен мусулмандардын саны бири-бирине тең келешет. Бул тууралуу америкалык Pew изилдөө борборунун докладында айтылганын ТАСС булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык азыркы учурда дүйнөдө христиан дини алдыда келип, 2050-жылы 35% көбөйүп, 2,92 миллиард кишиден ашат. Ал эми мусулмандар 73% жогорулап 2,76 миллиардга жетет. Бул учурда мусулмандар Европа калкынын 10% түзүп калат. Алдыдагы 35-жыл ичинде ааламда атеисттик көз караштагы адамдардын саны бир кыйла төмөндөп,АКШ жана Франция сыяктуу өлкөлөрдө көбүрөөк байкалмакчы.

#68 08 June 2015 - 02:22
Санкт-Петербург — Бишкек марафонуна катышкан байкер марага 100 чакырым жетпей каза болду
8-майда Санкт-Петербургда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап уюшулган «Эстеликтин түбөлүк оту» деп аталган марафон башталган. Байкерлер мурдагы Советтер Союзунун борборлору жана каарман даңкка ээ шаарлар аркылуу 9 миң чакырым арылыкты басып өтүүнү пландашкан эле.
«Эстеликтин түбөлүк оту» мотожүрүшүнүн катышуучусу марафондун акыркы чекити болгон Бишкекти карай жолдо марага 100 чакырым калганда кырсыктан каза тапкандыгы туурасында Кыргыз географиялык коомунун жетекчиси Саламат Аламанов билдирди.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#69 08 June 2015 - 02:25
Тажик оппозиционери көп аял алганы үчүн айыпка жыгылды
Тажикстанда сот Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын кеңешчиси Саидиброхим Назарды көп аял алганы үчүн акчалай айыпка жыкты. Бул өлкөдө көп аял алгандарды жазалаган биринчи чечим эмес. Буга чейин да Хатлон облусунда эки же андан көп аялы бар 25 адам айыпка жыгылган.
Саидиброхим Назар
Дүйшөмбү шаарынын Исмоил Сомони райондук соту Саидиброхим Назарды көп аял алган деген айып менен 60 миң тажик сомонисине айыпка жыкты. Бул он миң долларга жакын акча болот. Бул тууралуу өткөн жумада Тажикстандын биринчи каналындагы «Ахбор» маалымат берүүсүндө көрсөтүлгөн. Анда Назардын төрт аялы бар экени, алар менен жалпы чарба жүргүзгөнү, аялдарынын бири орус улутунан экени айтылат. Соидиброхим Назар өзү да көп аял алганын четке какпайт. “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде ал буларды айтты.
— Мен муну четке какпайм. Мен алар менен жашап, бала-бакыралуу болсом эмнеге четке кагат элем? Бирок азыр төрт эмес, эки эле аялым бар. Бирөө менен ажырашып кеткем, а орус аялымдын көзү өтүп кеткен. Сотто болсо баарын кошо эсептеп туруп, мени төрт аялдуу кылып салышты.
Канткен менен Назар соттун бул чечимине каршы арызданбасын, анткени мыйзамда көп аял алууга тыюу салынганын айтып, мыйзамды бузганы үчүн жаза алганын кошумчалады. Ошондой эле ал эми ар кимден акча сурап, жаза пулдан кутулууга аракет жасарын айтты.
Эки айдай мурда Назар бир аял менен сексуалдык мамиледе болгону тартылган тасма жайылып кетиши менен аты чыккан эле. Бул тасма тажик коомчулугунда чоң талкууну жараткан. Ал анда бул тасманын жайылышын абийирсиздик деп атап, өз никесиндеги аял менен жалдап алган батирде болгонун айтып чыккан эле.
Назар мүчө болгон Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы соңку сот чечими боюнча эч кандай комментарий берген жок. Аталган партия өлкөдө кадыр-баркы бар оппозициялык саясий кыймылдардын бири деп эсептелет, 45 миңдей мүчөсү бар. Парламентин буга чейинки үч чакырылышында ылдыйкы палатадан орун алып келген. Бирок быйыл 1-мартта өткөн соңку шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай калды. Жашы 50дөн ашып калган Саидиброхим Назар өткөн кылымдын 90-жылдарында бул партияны түптөгөндөрдүн бири, Тажикстандагы белгилүү оппозициялык саясатчы.
Саидиброхим Назар канткен менен Тажикстанда көп аял алганы үчүн жазаланган биринчи киши эмес. Былтыр сентябрда Хатлон облусунда бир убакта эки же андан ашык аял менен жашаган 25 киши соттолуп, кылмыш кодексинин 170-беренесине ылайык, айып пулга жыгылган. Тажикстандын мыйзамдары боюнча, көп аял алган жарандар алты айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат же 40 миң сомониден жогору айып пул төлөшөт. Бул деген 8-16 миң доллар.
Тажикстандай эле Кыргызстандын мыйзамдары да бир эле мезгилде бир нече аял алууга тыюу салат. Маселен өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексининин 153-беренесинде мындай деп жазылган. Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Бирок Кыргызстанда бул берене менен эч ким жазалана элек.
Деген менен саясатчылардын, ишкерлердин же дагы башка таанымал адамдардын арасында эки же андан ашык аялы барлар бар экени коомчулукта көп эле айтылып келет. А түгүл мындан бир канча жыл мурда көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси да көтөрүлүп, ал жарандык коомдун катуу сынына кабылган.
Тажикстанда сот Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын кеңешчиси Саидиброхим Назарды көп аял алганы үчүн акчалай айыпка жыкты. Бул өлкөдө көп аял алгандарды жазалаган биринчи чечим эмес. Буга чейин да Хатлон облусунда эки же андан көп аялы бар 25 адам айыпка жыгылган.
Саидиброхим НазарДүйшөмбү шаарынын Исмоил Сомони райондук соту Саидиброхим Назарды көп аял алган деген айып менен 60 миң тажик сомонисине айыпка жыкты. Бул он миң долларга жакын акча болот. Бул тууралуу өткөн жумада Тажикстандын биринчи каналындагы «Ахбор» маалымат берүүсүндө көрсөтүлгөн. Анда Назардын төрт аялы бар экени, алар менен жалпы чарба жүргүзгөнү, аялдарынын бири орус улутунан экени айтылат. Соидиброхим Назар өзү да көп аял алганын четке какпайт. “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде ал буларды айтты.
— Мен муну четке какпайм. Мен алар менен жашап, бала-бакыралуу болсом эмнеге четке кагат элем? Бирок азыр төрт эмес, эки эле аялым бар. Бирөө менен ажырашып кеткем, а орус аялымдын көзү өтүп кеткен. Сотто болсо баарын кошо эсептеп туруп, мени төрт аялдуу кылып салышты.
Канткен менен Назар соттун бул чечимине каршы арызданбасын, анткени мыйзамда көп аял алууга тыюу салынганын айтып, мыйзамды бузганы үчүн жаза алганын кошумчалады. Ошондой эле ал эми ар кимден акча сурап, жаза пулдан кутулууга аракет жасарын айтты.
Эки айдай мурда Назар бир аял менен сексуалдык мамиледе болгону тартылган тасма жайылып кетиши менен аты чыккан эле. Бул тасма тажик коомчулугунда чоң талкууну жараткан. Ал анда бул тасманын жайылышын абийирсиздик деп атап, өз никесиндеги аял менен жалдап алган батирде болгонун айтып чыккан эле.
Назар мүчө болгон Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы соңку сот чечими боюнча эч кандай комментарий берген жок. Аталган партия өлкөдө кадыр-баркы бар оппозициялык саясий кыймылдардын бири деп эсептелет, 45 миңдей мүчөсү бар. Парламентин буга чейинки үч чакырылышында ылдыйкы палатадан орун алып келген. Бирок быйыл 1-мартта өткөн соңку шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай калды. Жашы 50дөн ашып калган Саидиброхим Назар өткөн кылымдын 90-жылдарында бул партияны түптөгөндөрдүн бири, Тажикстандагы белгилүү оппозициялык саясатчы.
Саидиброхим Назар канткен менен Тажикстанда көп аял алганы үчүн жазаланган биринчи киши эмес. Былтыр сентябрда Хатлон облусунда бир убакта эки же андан ашык аял менен жашаган 25 киши соттолуп, кылмыш кодексинин 170-беренесине ылайык, айып пулга жыгылган. Тажикстандын мыйзамдары боюнча, көп аял алган жарандар алты айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат же 40 миң сомониден жогору айып пул төлөшөт. Бул деген 8-16 миң доллар.
Тажикстандай эле Кыргызстандын мыйзамдары да бир эле мезгилде бир нече аял алууга тыюу салат. Маселен өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексининин 153-беренесинде мындай деп жазылган. Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Бирок Кыргызстанда бул берене менен эч ким жазалана элек.
Деген менен саясатчылардын, ишкерлердин же дагы башка таанымал адамдардын арасында эки же андан ашык аялы барлар бар экени коомчулукта көп эле айтылып келет. А түгүл мындан бир канча жыл мурда көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси да көтөрүлүп, ал жарандык коомдун катуу сынына кабылган.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#70 08 June 2015 - 02:26
Барак Обаманын кызы Кенияга келин болобу?
Кениялык адвокат Феликс Кипроно Барак Обаманын 16 жаштагы кызы Малиа Обама менен баш кошууну каалайт. Бул туурасында жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматта жаш адвокат “The Nairobian” гезитине берген маегинде бул кыялдары ишке ашса, 50 уй, 70 кой жана 30 эчкини калың катары бере турганын айтканы жазылат.Кипроно бул тема туурасында Обаманын Кенияга июль айында жасай турган сапарында жеке өзү сүйлөшкүсү келгенин айткан.
Кениялык адвокат Феликс Кипроно Барак Обаманын 16 жаштагы кызы Малиа Обама менен баш кошууну каалайт. Бул туурасында жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматта жаш адвокат “The Nairobian” гезитине берген маегинде бул кыялдары ишке ашса, 50 уй, 70 кой жана 30 эчкини калың катары бере турганын айтканы жазылат.Кипроно бул тема туурасында Обаманын Кенияга июль айында жасай турган сапарында жеке өзү сүйлөшкүсү келгенин айткан.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#71 08 June 2015 - 02:29
Чечен чиновниги секелек кызды аялдыкка алды
Грозный шаарында өткөн үлпөт той дүйнө коомчулугунун нааразычылыгын жаратты. Чечен лидери Рамзан Кадыровдун жакын досу РИИБнин начальниги, 57 жаштагы полковник Нажуд Гучигов 17 жаштагы Луиза Гойлабиевага баш кошконун орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мурдараак чечен чиновниги “окуучу кызды аялдыкка алат” деген ушак экениин, экинчи аял алууга каршы экендигин да медиа айдыңында айтылган эле. Бул нике кыюу аземине журналисттердин жоон тобу катышып, окуучу кыздын ар бир көз ирмемине күбө болушту. Эң кызыгы Луизаны Бакыт үйүнө туугандары эмес, Рамзан Кадыровдун администрация башчысы Магомед Даудов жетелеп келген. Ал эми Рамзан Кадыров өзү бул иш-чараны “кылымдын үлпөт тою” деп атап, мыйыгынан күлгөнүн эл аралык ММКлар жазып чыкты.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#72 11 June 2015 - 17:36
Орусияга балдардын «Ушастый нянь» айналарын киргизүүгө тыюу салынды
Орусияга 15-июндан тарта балдардын кийимин жууй турчу Украинадагы «Винницапобутхим» комбинатынан чыгарылган «Ушастый нянь» айнасын киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу CA-NEWS агенттиги билдирет.
Экспертиза көрсөткөндөй, аталган айна уулуу заттарынын индекси боюнча гигиеналык талаптарга туура келбейт.
«Ушастый нянь» менен катар лаборатория «Аистенок» (фабрика «АИСТ»), «Досенька» («Рекитт Бенкизер»), Persil Expert Sensitive жана «Пемос Детский» («Хенкель»), «Tide детский» («Проктер энд Гэмбл».) бренддерин текшерип көргөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын бирөө да балдардын кир-кечесин жууганга ылайык келбейт. Себеби аларда уулуу заттардын индекси норманы бузат.
Балдар үчүн айналар ошол эле бренддердин кадимки айналарынан да зыяндуу. Мисалы, Persil Expert Sensitive жөнөкөй Persilден да уулуу, балдар үчүн Tide жөнөкөй Tideдан, «Досенька» Dosiaга караганда уулуу. Булар чоңдор үчүн жасалган айнадан эч айырмасы жок.
Эксперттердин айтымында, кирди жок кылган аниондук заттар, А-ПАВ — өтө зыяндуу компоненттер. Тери аркылуу кирип, иммунитетти бузуу менен аллергияны чакырат. Ал эми узак убакыт колдонулганда ички органдарга жана баланын нерв системасына терс таасирин берет.
«Медицина» клиникасынын дарыгери Екатерина Морозованын айтымында, тери аллергиясынын 80%ын тиричилик химиясы жаратат. Алардын ичинде апалар кийим жууш үчүн колдонгон айналар да бар.
Уулуу заттардын эң начар көрсөткүчү тестке катышкандардын арасындагы эң арзан айна «Балдар үчүн пемосто» катталды. Анда кооптуу заттар баарынан көп. «Ушастый нянда» уулуу заттардын көрсөткүчү анча начар эмес, бирок анда фосфаттардын үлүшү көп болуп, 15-30%ды түзөт. Уулуу ПАВ «Persil Expert Sensitive» айнасы менен жуугандан кийин калат, ал эми эң аз «Ушастый нянь» жана «Аистенкадан» калат.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#73 11 June 2015 - 17:38
Токио жашоого эң ыңгайлуу шаар деп табылды
Токио 2015-жылдын жашоого эң ыңгайлуу шаары деп табылды. Япониянын дал ушул мегаполиси Monocle Magazineдин жаңы рейтингинде алдыңкы сапка чыкты, деп билдирет The Wall Street Journal.Тизменин түзүүчүлөрү билдиргендей, Токио тынчтык жана бейпилдик масштабы боюнча «Жашоонун сапаты» изилдөөсүнүн лидери аталды.
Эксперттер 2-орунду Вена (Австрия), 3-орунду Берлинге (Германия) ыйгарышты. Андан кийинки орундарда Мельбурн, Сидней, Стокгольм, Ванкувер, Хельсинки жана Мюнхен турат. Былтыркы жылдын лидери Копенгаген Цюрих менен бирге 10-орунду ээледи.
Ошондой эле, ТОП-25 шаарга Япониянын Фукуока жана Киото шаарлары да кирип, 12-14-орунду багындырышты.
Рейтингди түзүүдө тиричилик шарттары, жашоо баасы, кымыштуулуктун деңгээли, саламаттыкты сактоо сапаты, иш климаты эске алынды.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#74 11 June 2015 - 17:39
«Ислам мамлекетинин» согушчандары Синайдагы аба майданына ок жаадырышты
БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрү тарабынан колдонулган Египеттин Синай жарым аралындагы аба майданына египеттик «Вилайет Синай» тобунун согушчандары тарабынан ок атылды. Бул тууралуу Газета.ру маалымдайт.
«Жардыруулар эл аралык тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан аймактан көрүнгөн. Террористтер объектке ракета аркылуу ок атышкан. Курмандыктар жок», - деп билдирет аскердик булак.
Белгилүү болгондой, «Вилайет Синай» тобу «Ислам мамлекети» тобуна кызмат кылууга ант берген.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#75 11 June 2015 - 17:40
Ташкентте милиция кызматкерлери хиджаб кийген аялдарды кармап кетүүдө, - ЖМК
Өзбекстандын бийлиги хиджабга каршы күрөштү улантууда. Ташкенттин милициясы шаардын Бектемир районундагы «Күйлүк» базарынын жанынан хиджаб кийген аялдарды кармашты. Бул тууралуу CA-NEWS агенттиги «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына (Озодлик) шилтеме берип маалымдайт.
Радиостанциянын ички иштер борбордук башкармалыгындагы булагы анонимдүүлүк шартында билдиргендей, аталган операцияны жүргүзүү үчүн бир нече атайын топтор түзүлгөн. Ага Ташкенттин милициясынын ар кайсы бөлүмүнөн кызматкерлер кирген.
«Алар хиджаб кийген аялдарды ички иштер райондук бөлүмүнө алып кетип жатышат. Хиджабды чечүүгө дароо макул болгондорду сүйлөшүү жүргүзгөн соң кое беришүүдө. Ал эми каршы болгондорду узагыраак кармап, алар менен терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери сүйлөшүп жатышат. Жакындарын — күйөөлөрүн же аталарын чакырышууда. Андан соң жаңжал менен үйлөрүнө кое берип жатышат. Аялдарды «Күйлүк» базарынан, МАИ постторунан 5-10дон кармап, тору бар атайын автобустарга салып кетишүүдө».
Аны менен катар, радиостанциядагы булак милиция кызматкерлеринин өзүлөрүнүн арасындагы нааразычылыктын күчөп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүндө көпчүлүк «баарын жакшы түшүнүшөт». «Жеке пикир алышууларда алар түз эле: «Эх, батыраак пенсияга чыксак экенбиз. Мунун баарынан тажадым», - деп айтышат. Эгер чынын айтсам Ташкентте ушундай болот деп ойлогон эмеспиз».
Белгилей кетсек, Өзбекстанда хиджабга каршы күрөш үстүбүздөгү жылдын жазында башталган. Динге берилгендердин айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери штаттык кийимчен Кокон жана Маргеландын базарларынан хиджаб кийген аялдарды кармап, жоолуктарын чечүүлөрүн талап кылышкан.
Андан соң сыйынуулардын тартиби жазылган электрондук таблолор өчүрүлө баштаган. Андан кийин мечиттердин дубалдарындагы Курандан келтирилген сөздөр жазылган баннерлер алынып, көп сандагы китептер алынган.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#76 11 June 2015 - 17:42
Мексикада шаар мэри кызматын каза болгон талапкер жеңип алды
Мексикада Мичоакан штатынын Юрекуаро штатында шаардын мэри кызматын добуш берүүгө бир нече жума калганда көз жумган талапкер жеңип алды, деп билдирет Univision телеканалы.
Каза болгон Энрике Эрнандеске шаардыктардын 37%ы добуш берип, анын башка атаандаштарынан кыйла озуп кеткендиги белгиленүүдө.
Талапкердин фамилиясы бюллетенден алынбагандыктан мыйзам шайлоочуларга ага добуш берүү укугун берген.
Эрнандеске май айынын ортосунда шайлоо алдындагы митингде белгисиз адамдар ок атуучу курал менен атып кетип, каза болгон. Аны менен бирге дагы 3 адам жарадар болгон.
Экинчи орунду Институттук- революциялык партиядан талапкерлигин койгон атаандаш ээледи.
Бирок каза болгон Эрнандестин талапкерлигин койгон «Морена» кыймылы дублер иретинде өз талапкерин чыгарып, ал мэр аталды.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#77 11 June 2015 - 17:45
Болливуд жылдызы Арти Агарвал липосакция боюнча операция жасаткан соң жүрөгү кармап көз жумду
Болливуддун жылдызы Арти Агарвал липосакция боюнча операция жасаткан соң бир айдан кийин жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Sky News маалымдайт.
Анда актриса процедура өткөрүлгөн соң дем алууда кыйнала баштаган. 31 жаштагы жылдыз Атлантик-Ситидеги медициналык борбордо көз жумду.
«Арти семирүү жана өпкө оорусу менен күрөшүп келген. Ал дарылоо курсунан өтүп, оорусу татаалдашып кеткен. Натыйжада жүрөгү кармап, көз жумду», - деп билдирди Арагвалдын менеджери.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#78 11 June 2015 - 17:47
Эстониянын президентинин мурдагы жубайы ажырашкан соң жумушсуздук боюнча жөлөк пул ала албай калды
Эстониянын президентинин мурдагы жубайы Эвелин Ильвес ажырашкан соң жумушсуздук боюнча жөлөк пул албай калды, деп маалымдайт Delfi порталы.
Билдирүүгө ылайык, ажырашып кеткенден кийин 30-апрелде Эстониянын президентинин канцеляриясы биринчи леди үчүн жумушсуздук боюнча камсыздандыруу акысын төлөгөн эмес. Ошондуктан өлкө башчысынын иурдагы жубайы кассадан жумушсуздук боюнча каражат ала албайт.
Белгилүү болгондой, Эвелин 9 жыл Эстониянын биринчи ледиси милдетин аткарып келген.
Ал президенттин жубайы макамында өзүнүн катчысына, кызматтык унаага, айрым чыгашаларды төлөө үчүн айына €5298 түзгөн президенттин айлык акысынын 30%ына ээ болгон.
Мурдараак Эстониянын президенти Томас Хендриктин мурдагы жубайы Эвелин Ильвес бир нече ирет "жаңы" мырза менен көзгө илингендиги айтылган.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#79 11 June 2015 - 17:48
Рамазан айында Бириккен Араб эмираттарында 2 млн адамга бекер тамак берилет
Рамазан айында Бириккен Араб эмираттарында дээрлик 2 млн адамга бекер тамак берилет. Бул тууралуу Газета.ру маалымдайт.
Аталган долбоор боюнча Бириккен Араб эмираттарынын президенти, шейх Халифа бен Заед Аль Нахайяндын кайрымдуулук фонду иш алып барууда.
Күндүзгү орозодон кийин өлкө боюнча 105 пункттан бекер тамак ичүүгө болот. Мындан тышкары, уюштуруучулар тамак-аштар салынган жүз миңдеген кутуларды чет өлкөлөргө жиберүүнү пландап жатышат.
Фонд мындай кайрымдуулук акциясын 8-жолу өткөрүүдө. Khalifa Foundationдин башкы директору Мухаммад Хаджи аль-Хури билдиргендей, долбоор башкаларга боор оорууга чакырган исламды окууга үндөйт.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#80 11 June 2015 - 17:52
Канзаада Гарри падыша айымга кылган кызматы үчүн рыцарь аталды
Британиялык канзаада Гарри падыша айым Елизавета II кызмат кылгандыгы үчүн рыцарь болду. Бул тууралуу Би-би-си маалымдайт.
Букингем сарайынан билдирилгендей, сыйлоо аземи жабык өттү.
Монарх небересине адатта суверенге кызмат кылгандыгы үчүн бериле турчу жеке сыйлыкты тапшырды. 30 жаштагы Гарри Королдук Викториандык орденинин рыцарь-командор наамына ээ болгон.
Чарльз менен Диананын кичүү уулу армиядан июнь айында кетет. Ал 10 жыл кызмат өтөдү. Бул мезгил аралыгында ал 2 ирет Ооганстанда болду. Кайрымдуулук уюмдарына колдоо көрсөтүп, ошондой эле Help for Heroes уюмуна да жардам берген. Кызматы аяктаган соң канзаада Африкадагы экологиялык долбоор менен иштөөнү пландоодо. Аны менен катар, канзаада Улуу Британиядагы ардагер-майыптарга жардам берип келет
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!

Супер-Инфо
super.kg
видео