Суперстан: "БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ" сынагын коё бербеңиз! "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

"БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ" сынагын коё бербеңиз! "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт!

#21 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кырчын жайлоосунда Бул сүрөткө кызым Жаркынай. Ал 4 жарым жашта, өтө зээндүү кыз. Мурун Супер –Инфо гезиттинин "Бал- балакай" сынагында да жеңүүчү болгон. Өзүбүз Чолпон –Ата шаарында турабыз. Кырчын жайлоосунда өткөн бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна көрөлү деп барганбыз. Ошондо 7 облустун боз үйү тигилип биз өтүп бара жатып Жалал-Абаддык чон энелери менен сүрөткө түшүрүп койгонбуз. Кызымды жакшы көрөм, силерге да ыраазычылык.
Дүйшөн




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кыялдар орундалат!
- “Hello, my best friend!” Ушул сөз курбум Гүлмайрам көп айткан сөздөрдүн бири. Эң жакын курбум. Аты айтып тургандай, ал өзү да майрам, сүйүнүч, кубаныч, белек, жагымдуу маанай дайыма аны жандап жүрөт.
Убакытка так жүрөт. Бир жолу киного бара турган болуп, убакытты белгилеп алдык. Менин саатым бузулуп калган экен. Ал белгиленген убакытта “Мен келдим, кай жердесиң?” десе, кебелбей “үйдө отурам, 2 саатта жетишем да” деп койдум. Ал капа болгонун билдирбей, “убактың болгондо барабыз, ээ” деп кайра үйүнө кетиптир. Саатымды оңдогондон кийин “Гүлмайрам эмнеге ачууланбай, кайра менин көңүлүм менен болду?” деп коём.
Бул сүрөт анын кыялынын ишке ашуусундагы биринчи кадамы. Түркияга барганда анын кубанычын тең бөлүшүп, өзүм да барып келгендей болгом. Гүлмайрам англис тилин өздөштүрүү менен алек. Кыялың орундалып, Америкага барып, Европаны кыдырып чыгышыңды каалайм.
Гука, сенин мээримиң баарыбызды бактылуу кылат. Майрамың менен! Айжана Эркинова

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Менин кеменгер таенем
- Бул менин көлдөй кенен, жердей балбан кеменгер таенем Аширбүбү. Ал азыр 75 жашта. Бул сүрөткө орозо айында түшкөнбүз. Таенемдин ак батасын, нускалуу кебин угуп чай ичүү баарыбыз үчүн сыймык. Батасын алуу үчүн бирибизден бирибиз ашып үйүбүзгө чакырабыз. Таенем келгенде дастарконубуз толуп, үйүбүз шаңга айланат. Айылдагылар “ биздин көчөнүн көркү Ашырбүбү апа” дешип сыйлашат. Сиздин жаркырап жүрүшүңүз биз үчүн чоң байлык. Арабыздан эч качан алыстабаңыз! Майрамыңыз менен! Небереңиз Гүлкайыр Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Менин сулуу кызым Сумая
Менин жашоодогу эң кымбат белегим, асем кызым Сумая быйыл айымдардын майрамын экинчи жолу белгилейт. Кызым чоңоюп, апасына жардам бере турган болуп калды. Сумая биринчи наристебиз болгондуктан эрмектеп күнүбүз өтөт. Ашпозчу, модель, актриса, рок ырчысынын образында кийинтип, ойноп кетебиз. Боёнуп жатканымды көрүп бетине май сүйкөп, кирпиктерин боёп калат. Бир жолу өзү эле боёнуп, кашын бириктирип кал коюп алыптыр. Ошону ойлоп тапканына аябай таң калгам. Кызымды жарыкка алып келген күн азыр да көз алдымда. Операция жолу менен төрөгөндүктөн өзүм баарын көрүп тургам. Медайымдар “кыз төрөдүң” деп колума беришсе карап ишене албай, “атасына окшош го” деп таңыркагам. Операциядан кийин уйкуга кетип, жандандыруу бөлүмүнө 5 күн жатып калдым. Палатага которушканча көргүм келип, сагынып, кийин колума берип 2 сааттан кийин кайра алып кетишкенде жаман болгом. Суктанып карап отура берчүмүн. Көпчүлүгү атасына окшоштурушат, тили да “ава” деп чыккан. Азыр үй шыпырып жатсам Сумая шыпыргыны талашып жатат. Идиш жууганга киришип идиш-аяктардын кырлары сына баштады. Ушундай күлкүлүү кызым бар Кызым, майрамың менен! Эрдөөлөтова Нуриза Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сулуу жарым... Аида менин супсулуу жарым. Толгон кыздардын арасынан куурчактай болгон Аидамды жүрөгүм тандаган. Менин жүрөгүм жаңылбаптыр, азыр бактылуумун. Даяна аттуу кызыбыз бар. Келинчегим экөөбүз досубуздун туулган күнүндө таанышып, төрт ай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ошол таанышкан күндөн ушул күнгө чейин кол кармашып, турмуш арабасын бирге тартып келе жатабыз. Бул сүрөт кыз-жигит кезибиздеги эс алып, сейилдеп жүргөндө түшкөн бир кадр.
Жолдошун Элис
Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сюрприз кылам дейт сүйүктүүм...
Наргизам менен көп жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кыз-жигит болуп жүргөндө ар бир күнүбүздү кызыктуу кылып өткөрчүбүз. Анткени менин сүйүктүүм табышмактуу, өзгөчө жан. Баш кошкондон бери да улам жаңы барактары ачылып, жомокто жашап жаткандай сезилип кетет. Буюрса, жубайым мага бир айдан кийин наристе тартуулайын деп турат. Кыз же эркек экенин билбеймин. Себеби сюрприз кылам деп жатат Наргизам. Бул сүрөт да кыз-жигит болуп жүргөндө көлгө эс алганы барганда тартылып алынган көз ирмем. Мирлан Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чоң энемдин жылмаюусу
Менин чоң энем Санамбүбү буюрса, быйыл 8-мартта 86 жашка чыгат. 10 баланы тарбиялап өстүргөн ардактуу адам. Эне кылым жашаса да баары бир эне боюнча калат тура. Энебиз баса албай, сүйлөй албай үйдө отурса да, ымдоо, жаңсоо менен бардык балдарынан, неберелеринен кабар алып, акыл-насаатын айтып келет. Кубансак кубанып, кайгырсак кошо кайгырып турат.
Ал эми сүрөттө чоң энем жана атам. Шаардан барганымда уюлдук телефонума тарткан элем. Азыр алыс болсом да, бул сүрөт, андагы чоң энемдин жылмаюусу мага күч-кубат тартуулап келет. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпей көп жашаңыз, чоң эне!
Бегалы Абдыраимов Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эшек менен саякат
- Сары кызым Касиет төрт жашта. “Мен өзүм, мен кылам” деген аракети азыртадан өтө күчтүү. Көзүнө көрүнгөндүн баарын тиштеп, жулуп, колун тийгизип көрмөйүнчө жаны тынбаган кызымдын жылдыз белгиси балык. Ошондон уламбы, сууну жакшы көрүп “көлгө барам, сууга түшөм, бассейнге баралычы” деп эле турат. 2014-жылы жайында көлгө таятасыныкына барганда эшекке минип алып таенесин көчөмө-көчө жетелетти. Боорубуз эзилип көпкө күлдүк. Арабага чегилген эшек менен болгон саякат эртең менен башталып, түштө араң бүткөн.
Сүйүта Беккожоева
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Февраль 2015 - 17:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения kera2 (18 Февраль 2015 - 12:51) жазган:

Саламатсыздарбы жоноткон суротторду 18-числодон сынакка коюлат дединиздер эле ,кай жерден корсок болот?


Саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп добуш берсеңиздер болот:
http://www.super. kg/vote

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   edu.kg   18 Февраль 2015 - 20:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Абдан жакшы сынак экен. Мага жаккан сурот "беш кайнеженин жалгыз келини" деген сурот эн мыкты экен. Суроттогу корунуштор, баары оригиналдуу накта кыргыз келининин келбети суротолуптур кийген кийими баары жарашыптыр. Жанында бешик, ымыркай, айтор баары мыкты болуптур. Кыргыз келининин келбетин (кандай кийинип жургондугун)унутуп бараткандарга жакшы эле сабак болгудай. Калган суроттор деле жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   jemile   18 Февраль 2015 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Просмотр сообщения admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:19) жазган:

Кырчын жайлоосунда Бул сүрөткө кызым Жаркынай. Ал 4 жарым жашта, өтө зээндүү кыз. Мурун Супер –Инфо гезиттинин "Бал- балакай" сынагында да жеңүүчү болгон. Өзүбүз Чолпон –Ата шаарында турабыз. Кырчын жайлоосунда өткөн бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна көрөлү деп барганбыз. Ошондо 7 облустун боз үйү тигилип биз өтүп бара жатып Жалал-Абаддык чон энелери менен сүрөткө түшүрүп койгонбуз. Кызымды жакшы көрөм, силерге да ыраазычылык.
Дүйшөн


<div><img src="http://files. super.kg/upload/img/011. JPG"><br> </div>




Кичинекей Жаркынайдын жанындагы кыргыздын алгачкы кийимин даңктап (калак) кийген апамды(кайненем) көрүп сүйүнүп калдым

Алар Жалал-Абадтан эмес Алайдан барышкан негизи

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 19 Февраль 2015 - 09:04

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   nurzada1992   18 Февраль 2015 - 23:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 15 Февраль 14
  • Соңку аракети: 08 Мар 2018 15:31
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кытай

[quote name='admin_superstan' date='18 Февраль 2015 - 16:16' timestamp='1424254571' post='2203933' ]
Дагестандан кыргыз жигитти ээрчип келген Юмабике
- Жубайым менен Москвада жүргөндө таанышкам. Жан шеригимдин аты Юмабике, даргин кызы. Ата-энем кыргыздын салты менен Дагестанга барып Юманын колун сурап, сөйкө салып келишти. Ал жакта кыз узатуу той болгон соң келинчегимдин туугандары менен кыргызстанга келдик. Бул жактан да элден бата алып той берип, учурда Москва шаарында иштеп, жашап жатабыз. Юмабикени Юля деп алганбыз. Ал менин туугандарымды өз жакындарындай кабыл алды, апамды апа дейт. Ошол сөзүнө ыраазы болуп кетем. Баарынан да ата-энеси каршы болгонуна карабай үйдүн эрке кызы Кыргызстанга мени ээрчип келди. Демек, сүйүү менен жердин алыстыгын, жеңсе болот тура. Юмабийкем жакында мага наристе тартууулоонун алдында турат. Буюрса, мен ата болом. Бул сүрөт экөөбүздүн эс алуубуздагы бир көрүнүш.... Бактыяр

<div><img src="http://files. super.kg/upload/img/Дагестандан_кыргыз_жигитти_ээрчип_келген_Юмабике. jpg"><br> </div>
[/quoБактияр аке Юля жене силерге чын журоктон бакыт каалайм. Бактылуу болунуздар. Юля женебиз аябай зор кыз, адамдык сапаттары зор кыз. Эч качан ушунуздан жазбаныз.ККудайым буйруп аманаман-эсен тороп алыныз.Мен силерди аябай сыйлайм. Ваша коллектив Нура )))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Февраль 2015 - 09:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

joysin777 , саламатсызбы!
Тилекке каршы, сынакка сүрөт кабыл алуу 18-февралда саат 11:00дө токтотулган. Кийинки жылкы сынакка катышып көрүңүз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Февраль 2015 - 14:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

xaiker_007 , темадан алыстабаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   SULUU-KYZ   19 Февраль 2015 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 08 Июн 2015 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kyrgyzstan

СүрөтСүрөтmaga kainejelerdin jazganyСүрөт jakty!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   SULUU-KYZ   19 Февраль 2015 - 16:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 08 Июн 2015 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kyrgyzstan

СүрөтСүрөт

Просмотр сообщенияadmin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:13) жазган:

Беш кайнеже жалгыз келинин куттуктайт! Бардык эжелеримдин атынан сиңдибиздей болуп калган келинибиз Гуляйымды майрамы менен куттуктап, ушул сөздөрдү ага чын жүрөгүбүздөн арнайбыз. Гуляйка!! ! Биздин берекебиз! Атабыздын алтыны, энебиздин жыргалы, инибиздин бактысы! Сен келгенде үйүбүз нурга бөлөнүп, шаңга толду. Босогобузду аттаарың менен артыңдан ырыс-кешик, бакыт-таалай кошо ээрчишип кирип келишти. Жаркырап күлүп, ийилип жүгүнүп, Жоомарттын колун жетелеп келдиң эле. Ошол жылмаюуң ууртуңдан эч кетпей, бүгүнкү күндө да ак жоолугуң жарашып, үйүбүздүн куту болуп келе жатасын. Тамашалап, “беш кайнежелүү келин болуу – бул эрдик” деп күлүп калчу элек. Келген сайын ысык чайын дайындап, “фирменный” чымчымаң менен жаркырап тосуп аласың, бизге ошол эле чоң кубаныч.Атабыз менен энебиздин жөлөнөр-таянары, бөпөлөп багары кылып сени буюрганы үчүн, эрке инибиздин оорун ордон, жеңилин жерден көтөрүп, жанында жандап жүргөн түбөлүк жубайы кылып сени буюрганы үчүн Жаратканга миллион шүгүр, миллион ыраазычылык! Сен бар үчүн биз, эжелериң, тээ мурун учуп кеткен уябыз жөнүндө кам санабай, ата-энебизге кам көрүп, үйдүн коломтосун жалындатып өчүрбөй, үй-бүлөбүздү бапестеп бага турган ишеничтүү бирөө бар деп санаабыз тынч. Ачык мүнөзүң, шайыр кыялың үчүн сени өстүргөн ата-энеңе рахмат. Баарыбызды сүйүнтүп, таттуубуз Аруукени тартууладың. Кудайым кийинкисин да аман-эсен бооруңа алууңду насип этсин. Ар дайым дениң сак болуп, Мусакеевдердин назик, сулуу, бажырайган гүлү болуп жүрө бер. Сенин сүйгөн эжелериңдин атынан Бегайым Сүрөт




maga ushul jakty
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   SULUU-KYZ   19 Февраль 2015 - 16:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 08 Июн 2015 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kyrgyzstan

Сүрөт

Просмотр сообщенияadmin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:01) жазган:

Алтын кайненем тууралуу
Сүрөттө мен жана менин апам (кайненем). Апамдын аты Шарапат, 73 жашта. Бул сүрөт 2014 –жылдын 18-сентябрында тартылган. Мен жаңы келин болуп келип, ак босогону аттаганымда апам мага өз колу менен көп жылдан бери катып жүргөн ак жоолугун салды. Бул табышмактуу сезим ар бир кызга тааныш болсо керек. Ар бир кызда сөзсүз түрдө коркуу сезим болот экен. Кайненем кандай болду экен? Бир тилегенин кайненем жакшы болсо экен, ошол үйдөн орун таап кетсем экен дейсиң. Мен жолдуу болдум, мага ушундай алтын кайнени берген Кудайга миң мертебе ыраазымын.
Мен силерге апам жөнүндө жазгым келет. Апам алтын киши, мээримдүү, акылдуу, кең пейил, адамгерчиликтүү адам. Апам 6 баланы тарбиялап өстүргөн, азыр Таш-Көмүр шаарында уулунун колунда, 5 маал намазын окуп, бактылуу карылыгын неберелери менен чогуу өткөрүүдө.
Апам менен болгон бир окуя эч эсимден кетпейт. Бир жолу “дарыканага барып келеличи” деп калды, “макул, дары аласызбы?” десем, “жок, өткөндө дарыканадагы кыз ашыкча акча берип коюптур мага, ошону кайтарып берип келелик” дейт.
Бул апамдын ыймандуулугунан, адамгерчиликтүүлүгүнөн кабар берип турат. Апа, ден соолукта болуңуз, ар дайым жаныбызда, биздин маңдайыбызда аманчылыкта жүрө бериңиз. Мен сизди жакшы көрөм, апа!
Мээрим Эсенгелдиева
Сүрөт


bil da sonun eken.Ai admin emne biz dobush bere alabyzby?je, koment ele jazyp koiobuzbu????



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   windom   19 Февраль 2015 - 16:28

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Май 2025 15:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Мага да беш кайнежеси куттуктаган бактылуу келиндин баяны жакты. А мен добуш бере албаймбы? Эгер бере албасам бул жактагы билдируум эске алынабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   SULUU-KYZ   19 Февраль 2015 - 16:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 08 Июн 2015 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kyrgyzstan

Сүрөт

Просмотр сообщенияadmin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:13) жазган:

Беш кайнеже жалгыз келинин куттуктайт! Бардык эжелеримдин атынан сиңдибиздей болуп калган келинибиз Гуляйымды майрамы менен куттуктап, ушул сөздөрдү ага чын жүрөгүбүздөн арнайбыз. Гуляйка!! ! Биздин берекебиз! Атабыздын алтыны, энебиздин жыргалы, инибиздин бактысы! Сен келгенде үйүбүз нурга бөлөнүп, шаңга толду. Босогобузду аттаарың менен артыңдан ырыс-кешик, бакыт-таалай кошо ээрчишип кирип келишти. Жаркырап күлүп, ийилип жүгүнүп, Жоомарттын колун жетелеп келдиң эле. Ошол жылмаюуң ууртуңдан эч кетпей, бүгүнкү күндө да ак жоолугуң жарашып, үйүбүздүн куту болуп келе жатасын. Тамашалап, “беш кайнежелүү келин болуу – бул эрдик” деп күлүп калчу элек. Келген сайын ысык чайын дайындап, “фирменный” чымчымаң менен жаркырап тосуп аласың, бизге ошол эле чоң кубаныч.Атабыз менен энебиздин жөлөнөр-таянары, бөпөлөп багары кылып сени буюрганы үчүн, эрке инибиздин оорун ордон, жеңилин жерден көтөрүп, жанында жандап жүргөн түбөлүк жубайы кылып сени буюрганы үчүн Жаратканга миллион шүгүр, миллион ыраазычылык! Сен бар үчүн биз, эжелериң, тээ мурун учуп кеткен уябыз жөнүндө кам санабай, ата-энебизге кам көрүп, үйдүн коломтосун жалындатып өчүрбөй, үй-бүлөбүздү бапестеп бага турган ишеничтүү бирөө бар деп санаабыз тынч. Ачык мүнөзүң, шайыр кыялың үчүн сени өстүргөн ата-энеңе рахмат. Баарыбызды сүйүнтүп, таттуубуз Аруукени тартууладың. Кудайым кийинкисин да аман-эсен бооруңа алууңду насип этсин. Ар дайым дениң сак болуп, Мусакеевдердин назик, сулуу, бажырайган гүлү болуп жүрө бер. Сенин сүйгөн эжелериңдин атынан Бегайым Сүрөт




chert dobush bere albait ekem da!jaaal
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Февраль 2015 - 17:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения SULUU-KYZ (19 Февраль 2015 - 16:26) жазган:

Сүрөт
bil da sonun eken.Ai admin emne biz dobush bere alabyzby?je, koment ele jazyp koiobuzbu????



Просмотр сообщенияwindom (19 Февраль 2015 - 16:28) жазган:

Мага да беш кайнежеси куттуктаган бактылуу келиндин баяны жакты. А мен добуш бере албаймбы? Эгер бере албасам бул жактагы билдируум эске алынабы?


Саламатсыздарбы!
Тилекке каршы, катталганына 100 күн боло элек колдонуучулар добуш бере алышпайт жана бул темадагы билдирүүлөр эсепке алынбайт.
Тема баяндоолорду жарыялоого жана аларды талкуулоого ачылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: