Наргиза менен Сумайанын суротун ачпай койду телефонум, калган суротттордон Апамдын уч жоругу, беш кайнеженин келини, Молмол деген келиндин суроттору жакты, катышуучуларга ийгилик баарынардын суротторунор сонун!
"БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ" сынагын коё бербеңиз! "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт!
#42 19 Февраль 2015 - 18:00
Апамдын үч жоругу
Апамдын аты Нарбегим, 74 жашта. Апамдын биздин күлкүбүздү да чакырган, жүрөгүбүздү да элжиреткен үч жоругу бар:
1. Апам кимдир бирөөдөн сыйрылып чакалай болуп кеткен териге солидор деп аталчу күрөң түстөгү сасык жыттуу аралашма миңдин бири деп угуп калыптыр. Ошондон баштап солидор менен жашап баштадык. Жыгылып тизебиз сыйрылса да, колубузду кайнак сууга күйгүзүп алсак да солидор даяр. Тааныштардын кимиси кайсы жериндеги ооруга даттанышып калышса, дароо солидорду көздөй чуркачу. Анан барып бака жалбыракка өттү. Башыбыз ооруса деле, бутубуз ооруса деле бака жалбыракты тарта салат. Жөтөлсөк демдеп берет. А азыр кайнак суу менен ажырагыс дос. “Тишим ооруп жатат” десең деле, “кайнак суу иче сал” деп турат. Анткен менен сегиз баланын бирин да оорукана дегенди көрсөтпөй, дары бербей чоңойтконун дайыма айтып калат.
2. Апамды эч бир жаңылык менен таң калтыра албайсың. Анткени бизден биринчи угуп, кабардар болуп калат. Күн сайын телевизордун кайсы каналынан кыргызча жаңылыктар саат канчада кетерин так билет. Ошол убакта апам телевизордун астында даяр. Жаңылыктар көрсөтүлүп жатканда апам башка эмес, жадакалса “эң сүйүктүү” телефондоруна да жооп бербей коёт.
3. Апам башында бирдик салынарда телефон өчүп турса же бирдик салынган жерден алыс болуп калса, акча түшпөй калат деп ойлочу. Ошого дайыма өзү салып жүрдү. Жөнөкөй үлгүдөгү, ар башка компаниянын номери салынган үч телефонун көтөрүп алып, бирдик салынчу жерге жөнөйт. Кокус биз бирдик сала турган шартка тушугуп калса “ме, телефондорумду ала бар” дейт. Эми гана канча алыстыкта болсо да, көрсөтүлгөн номерди бирдик адашпай таап барарын түшүнүп калды. Сүрөт Чаткалда Идирис пайгамбардын күмбөзүнө барганда түшкөн.
Жашоодо убакыттын өтүшү менен баары алмашат экен. Алгач эне-баланын ар бир кылыгына эбедейи эзилсе, андан соң эне-баланын жүрөгүнө кубаныч тартуулап баштайт. Мөлтүр суудай таза энелер аман болсун! Гүлмайрам Турусбекова

Ушул баян өзгөчө жакты! Апамды көз алдыма элестеттим. Биздин апабыздын да эч кимде жок, ушинтип жылмайтып, жүрөгүңө жылуулук бере турган жоруктары бар. Апаларыбыз аман болсун! Бизди ушинтип кайнак суусу мененби, бака жалбырагы мененби айтор "дарылап" эле жүрө беришсин
#43 19 Февраль 2015 - 18:41
Мага да эненин уч жооругу жакты .бирок мен добуш берип койдум эле да . болбосо ушул макалага бермекмин
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#45 19 Февраль 2015 - 19:58
Апам менин байлыгым
Апам Жапарбаева Нуржан Абдыкадыровнага арналат.
Эне-жарык нурун чачкан күндөй,
Эне-назик жазгы чыккан жоогазындай,
Эне-шайыр булбул куш сайрагандай,
Кымбат суу түбүндөгү берметтей.
Урматтуу АЙЫМДАР, баарыңар "ЭНЕ" деген ыйык атты бекем тутуп, АЯЛЗАТКА Жараткандан белек болгон "ЭНЕ" деген наамын сактайлы. Алыста жүрсөм да апамды сагынып жүрөм. Зама

Бул апам азыр Жалабадда неберелери менен алек болуп журот.Бул сурот менен мен апамды коруп сагынчым азда болсо тараайт Бул менин дуйнодогу эн эээн кымбат апам болот.Колундагы менин балам . Мен азыр алардан алыстамын сагынып эне жытына зар болуп журом. Жаратkан Аллахым!
Мен
озундон бир нерсени
сурайын:
Мейли бербе
байлыk, бийлиk,
мансапты,
Мээрим kылчы
ата-энеме ылайым!
Бооруkерсин Жаратуучум
Аллахым!
Болгон менде
суранычымы улайын.
Болсо эkен дейм ден-
соолуkта ата-энем.
Боор
ооруучу аларга сен
ылайым!
Kудуреттуу
kадыр затсын Аллахым
Kулдуk уруп сага моюн
сунайын.
Kубарбасын
алдан тайып эрте эле,
Kубат берчи ата-энеме
ылайым!! ! Апаке майрамыныз менен келе жаткан ар дайым бактыбызга коп жашаныз Уулунуз Замирбек
#46 19 Февраль 2015 - 20:44
Ммм жакшы сынак экенго. Мага кайнежелердин келини жакты. Аябай сонун тушуптур. Кыргыздын келиндери ушинтип кийинип келин болуп урук улап эле келишти эле,ушул улуттук кийимди тааныбагандар да чыгып жатышат арабызда. Ар бир кыргыз жигитинин самаганы ушул корунушго ,суйкайган келинчегин болсо ,суймончуктуу наристен болсо бешикте. Кайнежесинин каалосу да эн сонун болуптур. Добуш берейин десем мага мумкун эмес экен аябай окунучтуу.
#47 19 Февраль 2015 - 20:49
Админ мумкун мен сыяктуу конок тайпасындагыларга ушул сынакка добуш беруубузго бир ирет мумкунчулук беретирсиздер?
Майрамга карата биз да добуш берип кубантып койолу жаккан каармандарыбызга?
Колубуздан келгени добуш экен эми ...ойлонуп корунуздорчу жаакшылап кенешип жогорку жактагылар менен.....
#48 19 Февраль 2015 - 22:12
Беш кайнеже жалгыз келинин куттуктайт!
Бардык эжелеримдин атынан сиңдибиздей болуп калган келинибиз Гуляйымды майрамы менен куттуктап, ушул сөздөрдү ага чын жүрөгүбүздөн арнайбыз. Гуляйка!!
! Биздин берекебиз!
Атабыздын алтыны, энебиздин жыргалы, инибиздин бактысы! Сен келгенде үйүбүз нурга бөлөнүп, шаңга толду. Босогобузду аттаарың менен артыңдан ырыс-кешик, бакыт-таалай кошо ээрчишип кирип келишти. Жаркырап күлүп, ийилип жүгүнүп, Жоомарттын колун жетелеп келдиң эле. Ошол жылмаюуң ууртуңдан эч кетпей, бүгүнкү күндө да ак жоолугуң жарашып, үйүбүздүн куту болуп келе жатасын. Тамашалап, “беш кайнежелүү келин болуу – бул эрдик” деп күлүп калчу элек. Келген сайын ысык чайын дайындап, “фирменный” чымчымаң менен жаркырап тосуп аласың, бизге ошол эле чоң кубаныч.Атабыз менен энебиздин жөлөнөр-таянары,
бөпөлөп багары кылып сени буюрганы үчүн, эрке инибиздин оорун ордон, жеңилин жерден көтөрүп, жанында жандап жүргөн түбөлүк жубайы кылып сени буюрганы үчүн Жаратканга миллион шүгүр, миллион ыраазычылык!
Сен бар үчүн биз, эжелериң, тээ мурун учуп кеткен уябыз жөнүндө кам санабай, ата-энебизге кам көрүп, үйдүн коломтосун жалындатып өчүрбөй, үй-бүлөбүздү бапестеп бага турган ишеничтүү бирөө бар деп санаабыз тынч. Ачык мүнөзүң, шайыр кыялың үчүн сени өстүргөн ата-энеңе рахмат. Баарыбызды сүйүнтүп, таттуубуз Аруукени тартууладың.
Кудайым кийинкисин да аман-эсен бооруңа алууңду насип этсин. Ар дайым дениң сак болуп, Мусакеевдердин назик, сулуу, бажырайган гүлү болуп жүрө бер.
Сенин сүйгөн эжелериңдин атынан Бегайым

Жакты, барып добуш берип келеийин))))
#49 19 Февраль 2015 - 23:56
Мага окшогон коп кайын эжелуу жалгыз келинди куттуктаган куттуктоо жакты .
#50 20 Февраль 2015 - 02:13
Гүлдөй жайна, өмүрлүк жарым!
- “Аял - эне, аял – жар” дегендей, гүлдөй назик аялзатын майрамы менен куттуктаймын! Алардын арасында менин сүйүктүү жарым жана ширин кыздарым Элдана, Сезима бар. Булар менин жашоомдогу эң кымбат адамдарым. Ар дайым жумуштан чаалыгып-чарчап келгенде жубайым жылмая тосуп алып, таттуу тамактары менен курсагымды тойгузса, кыздарым моюнума асылып, өөп-жыттап черимди жазышат. Мырзалар үчүн мындан өткөн бакыт жок болсо керек.
Жубайымдын аты - Мөлмөл. Барпы акындай акын болгонумда, балким, “Мөлмөлүм.. .” деп какшап ырдамакмын. Бирок мен дарыгермин, ошондуктан жүрөгүм “Мөлмөлүм” деп ырдаганы менен, өзүм жубайымдын ден соолугуна көз салып турган ден соолук сакчысымын. Ошондуктан жашоомдогу асылзаттарыма гүл арноодон эч тажабаймын. Бул сүрөт былтыр 8-Март күнү тартылган. Өмүр бою гүлгө бөлөйм деген ниетим бар.
Жолдошуң Тилек
<div><img src="http://files. super.kg/upload/img/Молмол. jpg" style="font-size: 9pt;"></div>

#52 20 Февраль 2015 - 10:30
Керемет суроттор, каалоо тилектер экен
Внешность - это козырь , но не туз…
#53 20 Февраль 2015 - 11:19
Суротторду тапшыруу буттубу?
Саламатсызбы!
Сүрөттөрдү кабыл алуу 18-февралда саат 11:00дө аяктаган.
Админ мумкун мен сыяктуу конок тайпасындагыларга ушул сынакка добуш беруубузго бир ирет мумкунчулук беретирсиздер?
Майрамга карата биз да добуш берип кубантып койолу жаккан каармандарыбызга?
Колубуздан келгени добуш экен эми ...ойлонуп корунуздорчу жаакшылап кенешип жогорку жактагылар менен.....
Адмиин,бирдемке кылынызчы?неге100кун а?
Саламатсыздарбы!
Эрежелер боюнча, жаңы катталган суперстандыктар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, Суперстандын саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, Соңку кабардын саясат, коом рубрикасына комментарий калтыруу, дил кутуна билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
Эрежелер баарына бирдей. Андыктан, туура түшүнүү менен кабыл алсаңыздар.
#55 21 Февраль 2015 - 22:21
Жат уйго барып ал жерге конуу ото эле кыйын, ошол эле учурда кайын-журтка жагуу сыймык эмеспи. Мага Кайнежелеринин баяны аябай жакты.
Келечекте ушундай сый-урматта ар дайым бар болунуздар, бешиктеги бобоктайдын Омуру узун болсун!
Келечекте ушундай сый-урматта ар дайым бар болунуздар, бешиктеги бобоктайдын Омуру узун болсун!
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#56 21 Февраль 2015 - 23:21
Урматтуу форумчулар,
жашооңуздагы аялзатын 8-Марты менен куттуктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айымдарды майрамы менен куттуктап, "Супер-Инфо"
гезити SUPER.KG порталы менен биргеликте Аялдардын эл аралык майрамына карата сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн сиз жакын адамыңыздын: апаңыздын, сүйүктүүңүздүн, кызыңыздын, эжеңиздин, чоң энеңиздин, айтор, жашооңуздагы сиз жактырган, баалаган аялзатынын кызыктуу сүрөтүн салып, ага кошо кыска, таасирдүү баяндоо жазып жөнөтүшүңүз керек.
Келген сүрөттөр SUPER.KG порталына добуш берүүгө 18-февралда коюлуп, 4-мартта аяктайт. Андан соң иргелип алынган сүрөт-баяндар редакциянын сынына коюлат. Жеңишке жетишкендерди өзгөчө белектер күтөт, андыктан чамдаңыз!
Сүрөт-баяндоону lira@super.kg жана admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз жана гезиттин кеңсесине алып келсеңиз болот.
Эскертүү! Сүрөттөр мыкты сапатта жана өтө кызыктуу болушу керек! Байланыш телефону: (0312) 32-33-22

Сапатын билбедим, кызыктуу бироо да жок.
#58 22 Февраль 2015 - 03:29
Кызыктуу экен менде машанын озу бирок кыргыз жигити суротун ертен тушуром
#59 22 Февраль 2015 - 13:51
Кантип сурот жуктоого болот экен, билгендер болсо уйротуп койгулачы достор
#60 22 Февраль 2015 - 16:08
Ооо жакшы сынак экен коптон бери кирбегенге.
... "Кайнежелердин келини" деген жакты аябай сонун экен. Баары кыргызча болуптур суротто. Журогубуз кыргыз деп согуп тургансон албетте улуттун баалулуктарын баалап добуш беребиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия