Жетим балдар үйүнөн кабар алып турасызбы?
#1 19 Май 2016 - 19:27
Бул жерге материалдык жардам бергенибиз жонундо эмес, мотурайган бобоктордун ширин тилдерин угуп, кирсиз балалыктын дуйносуно чумкуп, алар менен баарлашып, кандай таасирде калганыбызды жазабыз. Материалдык жардам бергенибизди эл корсун, уксун кылып жарыялабай, комускодо калтырганыбыз жакшы экен. Аллах коруучу, эн негизгиси Алла таалам корсо болду.
Бул форумду жашы улгайып калгандар, орто жаштагылар, жаштар окууру талашсыз.Орустардын (чужих детей не бывает деген созундой) Биз дагы бироонун баласына мээрим того алаарыбыз, же того албашыбызды болушобуз.
Анда сиз омурунуздо жок дегенде бир жолу, жетимдер уйуно барып кабар алдыныз беле?
Мумкун барган болсонуз оюнузду болушо кетсениз, ошол минуттагы коз ирмемдерди.
Мумкун барам деген ойлорунуз бардыр?
Жоок бул жонундо ойлонбоптурмун.
#2 19 Май 2016 - 20:10
Алардын мойтойуп жылмайгандары, шынгыр кулкулору, бапырап тосуп алгандары, эээх суйкумдуу жожолор десе, бирок ошол эле эч нерседен бейкапар наристелердин, каректеринин тупкурундо энеге болгон кусалыктары жоопсуз калып кеткендей туюлчу.
Кантейин бейкапар бобокторум, колумдан келсего баарына эне мээримин берип, канатыма калкаламакмын. Силерди аруу таза балалыктын, таттуу кундорунон айрыган кукук ата, кукук эненерге мин наалат. Алар таштабай эле мен таштап кеткендей, озумду куноолу сезе берем. Дагы келесизби? Качан келесиз? Деген суроолорду укканда тамагым каргылданып, козумдун жашын, башымды буруп кетип аарчып бутуп, албетте шириндерим дагы келем созсуз, кооп оюнчуктарды алып келип берем деп телмире жер тиктеп калам. Шаттуу маанай менен барган жузум, конулум чогуп чыгат. Билбейм башкалар кандай? Мен ото эле сезимталдуу окшоймун.
Суроолорума жооп издеп, озумду озум сооротуп, бактылуу болушат бобоктор, алар ата эненин мээримин корушпосо да бактылуу болгонго акылары бар деп ичимен сызылам.
Жарык дуйного ынаалап келгендеринердин, кээ бирлери ит кушка жем болсо, кээ бирлери, дааратканга ташталса, кай бири жарык дуйнонун илебин сезип, сезбей кош айтышууда.
Тируу калганы мынтип, томсоруп торт стенанын кучагында балалыгын откоруп келишет.
Айрыкча жаштарга тиешелуу, никесиз катнашка барып, торолуп торолбой жаткан наристелерди ойлосонор, жетим балдар уйуно барып, бир саат убактынарды болсонор, мумкун мындай корунуштор сейрегирээк болот беле? Анан да копчулугубуз интернетте олтурабыз, ошол убактыбыздын бир саатын ошол бобокторго арнасак кандай сонун болоор эле? Акылдуусынып жаштарга акыл уйротойун деген деле оюм жок, болгону анча мынча ачылган темаларды окуп калам, никесиз катнашка барып, кандай кылсам ичимдеги баланы, деп кенеш сурагандарды. Албетте баарын жаман дегенден алысмын жаштарды, беш кол тен эмес дегендей, жакшы да жаманы да бар . Кобунчо саяк жургон кыз келиндер, эркектер, озунордун кызыкчылыгынарды эле ойлой бербей, артын да ойлоп койгулачы. Бобоктордо эмне куноо! Алар да ата энеси менен жашап, бактылуу балалыкта омур сургонго акылары бар.
#3 19 Май 2016 - 20:22
#4 19 Май 2016 - 21:22
#5 19 Май 2016 - 21:23
Менин эки жолку практикам "Кароосуз калган балдарды реаблитациялоо борборунда" өттү.. Практиканын алгачкы күнү жүрөгүм ооруп, кыйын абалда калдым.. Борборго кире берээрибизде кичинекей, мотурайган кыз ыйлап чыгып келаткан экен.. Мындайды күтпөгөн жаныбыз жүрөк заада болуп буйдала түштүк.. Ар кандай ойлор менен балдар үйүнүн эшигин аттадык.. Балдар ар бир адамга салам берип жылуу тосуп алышат экен.. Бат эле көнушүп, чогу ойноп кеттик.. Алар бизден бир гана нерсени күтүшөөрүн сездик, бул "мээрим" эле.. "Кучактачы" , "Мени да кучактачы" , "Мага жомок айтып берчи", "Мени менен сүйлөшчү" деген сөздөрдү угуп көзүңө жаш тегеренет.. Бирок воспитательдер бизге баларды көтөрүүгө тыюуу салгандыктан көтөрүп эркелете алган жокбуз.. Сүйлөшүп олтурсаң божурап ичиндеги ойлрун төгүлүп-чачылып айтып беришет.. Дүйнөсү таза аруу балдар..
Мен бул борбордон кичинекей досторду таптым, азыр дагы коомдук транспорттон кезигип калсак саламдашып, жылмайып калышат.. Айрыкча Жоомарт аттуу кичинекей иничек менен сырдашып, сүйлөшөөр элек..
Көп сөз жазаар элем, бирок ал күндөрдүү эстөө жүрөктү оорутат.. Дене түзүлүшү кичинекей болгону менен көздөрү чоң адамдын көздөрүндөй муңга толгон.. Ал көздөрдү эстөө, сүрөттөп жазуу мен үчүн бир топ эле кыйын..
#6 19 Май 2016 - 21:30
maks1980bishkek (19 Май 2016 - 21:22) жазган:
Кудай сизден ыраазы болсун..

Алар менен чогу аралашып, ойногонду да унутпаңыздар. . Себеби берчүлөрүн берип алып эле кетип калышканына көп ирээт күбө болуп калдым эле.. (кечиресиз эгер ашыкча сүйлөп койсом..)..
#7 19 Май 2016 - 21:40
#8 19 Май 2016 - 23:28
#9 20 Май 2016 - 14:55
#10 20 Май 2016 - 16:15

#11 20 Май 2016 - 17:41
#12 21 Май 2016 - 22:55
#13 22 Май 2016 - 09:26
aisaaisa (21 Май 2016 - 16:55) жазган:
++++++++++ кошулам созунузго 'aisaaisa'. Бироонун баласын багып, чонойтуп тарбия берем дегениниз жакшы экен. Ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Ылайым эле бир наристенин багын ачып, жылуу созунузду, камкор мээримдуу кучагынызды ачышынызга тилектешмин! !! Албетте кыргыздын кыздары намыстуу болуш керек!!!
Бирок иш жузундо коруп жатпайбызбы?
Билдирүүнү түзөткөн: narime: 22 Май 2016 - 09:28
#14 22 Май 2016 - 19:18
#15 22 Май 2016 - 19:20
#16 22 Май 2016 - 22:31
ice87 (22 Май 2016 - 13:20) жазган:
Ооба мен Оруссияда болгондуктан, ушул жактагы дет домдорго барам. Ал эми озубуздун мекенде, , Ош шаарындагы жетим балдар уйуно жолдошум барып турат. Быйыл куздо чогуу барып калсак, экообуз барабыз деген жакшы ниеттерибиз бар.
#17 24 Май 2016 - 16:56
#18 26 Май 2016 - 10:05
ice87 (24 Май 2016 - 10:56) жазган:
Рахмат. Ар бирибиз конул кош болбой, кабар алып турсак кандай жакшы болоор эле.

#20 28 Май 2016 - 11:36
narime (22 Май 2016 - 22:31) жазган:
Салам, Оштун кайсыл жеринде балдар үйү? Мен да колуман келген жардамымды бергим келет, бирок адресин билбегенге барган эмесмин