Суперстан: Мастит кандай оору жана айыгуунун жолдору - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Маммология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мастит кандай оору жана айыгуунун жолдору

#1 Пользователь офлайн   Alibekova2   28 Февраль 2015 - 16:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 859
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Төрөттөн кийинки кездешүүчү оорулар арасында азыр “мастит” актуалдуу болууда дешет дарыгерлер. Буга байланыштуу, биз мында бул дарттын келип чыгышы, алдын алуу жана дарылоо жолдорун сиздер менен ой болушмокчубуз.

МАСТИТ
Сүт бездеринин сезгенүүсү медицинада мастит деп аталат. Көбүнчө маститке эне бала эмизип жаткан учурда чалдыгат. Бул ооруну козгоочу катары “стафилококк” бактериясы эсептелет. Алар көкүрөктүн үрпүнүн жарылып кеткен жерлери аркылуу анын ичине кирип, убакыттын өтүшү менен сүт бездерин сезгентишет. Анан бул аймакта сезгенүү күчөп отуруп, бара-бара ал ириң аралаш катуулукка айланат да маститти жаратат.

МАСТИТТИН БЕЛГИЛЕРИ:
Дене табынын көтөрүлүшү (38-39 градустук температура)

СУТ БЕЗДЕРИНИН ООРУКСУНУШУ
Дененин ар кайсы жерлеринин кызарышы

Көкүрөктөрдүн шишиши

Баш оору

Уйкусуздук

Алсыроо

Маститтин түрлөрү

Лактациялык мастит. Оорунун бул түрү жогоруда айтылгандай, эне бала эмизип жаткан учурда пайда болот. Белгилери да ачык эле байкалып, тезирээк дарыгерге барууну талап кылат. Мастит болдум дегендердин 95 %ы оорунун ушул түрүнө чалдыгышат.

Лактациялык эмес мастит. Бул аталган дарттын сейрек кездешүүчү түрү. Мында деле оорунун белгилери жогорудагыдан айырмаланбайт. Болгону лактациялык эмес маститке кандайдыр бир себептерден улам сүт бездерин сезгентип алышкан 40 жаштан өткөн аялдар жана кыздар кабылышат.


МАСТИТТИ ДАРЫЛООНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ:

ЖУМУРТКА. Алгач көкүрөктү балдар самыны менен жууйсуз. Андан кийин бирдей көлөмдөгү жумуртканын агы менен таза арактын аралашмасын кургатып, сыйпайсыз. Баланы эмизерде кайра жууп салуу керек.

КУРУЧ.Күрүчтөн алынган крахмалды бир аз кайнак сууга каймак сымал масса болгончолук кылып аралаштырасыз. Анан аны марляга ороп алып ыкчам абалында көкүрөктүн жабыркаган участогуна басып отуруу зарыл. Жылыш 1-2 саатта эле байкалат.

АРАК. Эгер мастит жаңы гана башталган болсо, баланы эмизгенден кийин көкүрөктү сүт калтырбай сааңыз да ал жерге аракты жакшылап шыбап же аны менен компресс кылып турсаңыз, мастит кайтып кетиши мүмкүн.

ЧЫЧЫРКАНАК МАЙЫ. Көкүрөктүн жарылып кеткен үрптөрүнө чычырканак майын сиңире шыбайсыз. Анан анын үстүнө кадимки картошка крахмалы менен майдаланган стрептоциддин аралашмасын себелеп коюу керек.

САБИЗ. Биринчи бир аз төө буурчакты ун сымал майдалап аласыз. Ага көлөмүнө жараша кыргычтан өткөрүлгөн сабиз, майда тууралган капуста жалбырагын жана бир аз самын суу кошуу кажет. Пайда болгон аралашманы көкүрөктүн ооруган жерине басып отурасыз.

УН. Бир аз кара ун менен майда тууралган нарцисс гүлүнүн тамырынын аралашмасы да көкүрөктө пайда болгон катуулукту натыйжалуу кетирет. Муну дагы компресс катары басып отуруу зарыл.

КАРТОШКА. Картошканын крахмалы менен өсүмдүк майын суюк эмес масса болгудай кылып аралаштырасыз. Андан кийин аны көкүрөктүн жабыркаган аймагына шыбап жүрсөңүз, оору басылып катуулук жоголо баштайт.

МАСТИТ ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?
– Маститтин жаралышына бир гана себеп бар, ал баланы туура эмизбегенден улам пайда болот. Мисалы, көп айымдар баланы эмизүүнүн жолдоруна маани беришпейт, алар үчүн иши кылып эмизип тойгузуп коюу гана маанилүү. А чынында көкүрөктүн үрпү толук бойдон эмчек эмип жаткан баланын оозуна кирип турушу керек. Ошондо гана үрп жарылбайт жана ал аркылуу сүт бездерине эч кандай инфекция кирбейт. Буга кошумча баланы эмизгенде көкүрөктө сүт артып калбоого тийиш, эгер бала тоюп андан да артып калса, аны толугу менен саап салуу керек. Болбосо бул жанагы инфекция менен жуурулушуп, маститти ого бетер күчөтөт. Көкүрөктө кандайдыр бир катуулук жаралып, ал ириңдеп курч маститке өтүп кетип атпайбы, ал мына ушундан улам келип чыгып жатат.

– А эгер бала бир эле эмчектин сүтүнө тоюп кала турган болсочу?

– Мындайда алмак-салмак эмизүүгө туура келет. Мисалы, биринчи эмизгенде бир эмчекти, экинчисинде кийинкисин дегендей. Себеби, шарт боюнча бирөөнүн сүтүн толук түгөтмөйүнчө экинчисине өтпөө керек. Кээде бала тоюп калып жөн эле эмчек соруп отура берген учурлар болот, мастит болбоо үчүн мындайга да жол бербөө зарыл.

– А мастит убагында бала эмизүүгө болобу?

– Боло берет. Бирок, курч жана ириңдүү маститке өтүп кетип, эне температура коштогон көтөрө алгыс оорудан жабыркап жатса албетте, эмизбеш керек. Себеби, маститти жаратуучу инфекция балага жана анын өнүгүүсүнө да таасир этиши мүмкүн.

– Мастит пайда болгондон кийин кандай кесепеттерди жаратышы мүмкүн?

– Мастит мастопатиядан айырмаланып олуттуу деле кесепетти жаратпайт. Анткени, буга кабылган эне сөзсүз түрдө ооруканага келүүгө, дарыланууга мажбур болот. Ансыз чыдаткыс оору коштой берет да. Анан оорукананын шартында баягы сүт бездеринде туруп калган сүттү, ириңди сордуруп таштайт.

– Бул операция аркылуу жасалабы?

– Мурун операция жолу менен жасалчу, ал үчүн маститтен айыгууга бир айлык убакыт сарпталчу. Ал эми азыр болсо көкүрөктүн тиешелүү жерин тешип, ошол кичинекей тешик аркылуу гана сордуруп салуучу ыкма (вакуумная дренирование) иштейт. Бул ары жеңил, ары коопсуз. Муну менен маститтен 3-5 суткада толук айыкса болот.
Мен бактылуумун! АлхамдулилЛях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Begaiymka   06 Сентябрь 2016 - 20:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 06 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 17 Янв 2017 23:37

Саламатсыздарбы? менин эмчегим чучкурсом,жотолсом эле тызылдап ооруп жатат кармасам эки каттуу нерсе бар кичинекей ал эмнеси балам 10ай сентябрдын 13до 11болот озум 20дамын биринчи эле балам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Ayka1994   25 Декабрь 2018 - 02:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 14 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2020 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы! Менин жашым 20 да. 1-балам.жакында эле төрөгөнмүн. 35 күн дегенде эле көкүрөгүм ооруп катуу болуп темпера турам 39 болуп парацетамол ичип суук өтсө да ооруйт дегенинен үйдө эле 2 үч күндө айыгып кеттим эми 15 күн өтпөй кайра көкүрөгүм (оң жагы)катуу болуп ооруп атат.Саасаам анча чыкпайт тамчылап гана чыгууда. Үй шартында көкүрөгүмдүн катуу болуп калганын кантип тез кетирсем болот. Бала эмизем.температура чыкпай элемин. Кеңеш берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Janyla   25 Декабрь 2018 - 19:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Просмотр сообщения Ayka1994 (25 Декабрь 2018 - 02:01) жазган:

Саламатсыздарбы! Менин жашым 20 да. 1-балам.жакында эле төрөгөнмүн. 35 күн дегенде эле көкүрөгүм ооруп катуу болуп темпера турам 39 болуп парацетамол ичип суук өтсө да ооруйт дегенинен үйдө эле 2 үч күндө айыгып кеттим эми 15 күн өтпөй кайра көкүрөгүм (оң жагы)катуу болуп ооруп атат.Саасаам анча чыкпайт тамчылап гана чыгууда. Үй шартында көкүрөгүмдүн катуу болуп калганын кантип тез кетирсем болот. Бала эмизем.температура чыкпай элемин. Кеңеш берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат.



Прикрепленное изображение: Massazh-pri-mastite.jpgpri-mastite.jpg]

Прикрепленное изображение: massazhgrudiprilaktostaze1.jpgjpg]

Жогорудагы суроттогудой акырын массаж жасап,наристенин астынкы эринин кокуроктун катуу болуп жаткан жерине каратып эмизиниз.Капустанын жалбырагы да жумшартат дешет.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Ayka1994   30 Декабрь 2018 - 06:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 14 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2020 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

чооң рахмат. айыгып кетсем экен тезирээк эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ayka1994   30 Декабрь 2018 - 06:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 14 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2020 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

чооң рахмат. тезирээк эле айыгып кетсем экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Ayka1994   04 Январь 2019 - 06:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 14 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2020 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Маститтен сакайгандар барбыы менинкөкүрөгүм аябай ооруп жатат , катуу жери кетпей жатат , месный температура берип жатат. Болгондорсилерде кандай болду эле.Сакайып кеткенсиңерби? А мен өзүмдөн сар-санаа боло баштадым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Маммология
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 11:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: