Баланын келечектеги
ооруларынын башаты кичине
кезинде туура эмес
тамактануудан улам пайда болот.
Үч жашка чейинки балдарга
мүмкүн болушунча таптакыр
бербеш керек болгон төмөнкү
азыктар тизмеге кокусунан
кирип калган эмес. Адистер
кылдат изилдеп чыккан соң
аларды дал ушул курактагы
балдарга бербөөнү сунушташат.
Картошка фриси, чипсылар
Бул азыктарды балаңыздын
рационуна таптакыр кошпоңуз.
Картошканын мындай түрлөрү
баланын ашказанына зыян алып
келет
. Чипсы – углевод менен
майдын аралашмасы,
химиялык
боёктор жана кошулмалар.
Бул
азыкта рак, инфаркт жана инсульт
ооруларынын пайда болуу
коркунучун чакыруучу кошулмалар
бар. Андыктан үч жашка чейинки
балага картошканын мындай
түрлөрү эмес, кайнатылган
картошка гана сунуш кылынат.
Сосиска,
ышталган
колбаса
Сосиска - баланын тарелкасына эң
алгачкылардан болуп түшүүчү эт
азыгы. Тилекке каршы, сосисканын
курамында эт эң эле аз өлчөмдө, ал
эми боёкторду жана
консерванттарды андан ашыгы
менен таба аласыз. Дээрлик бардык
сосискалар мына мындай зыяндуу
компоненттерден турат:
– нитраттар жана нитриттер;
– май;
– натрий.
Бир даана сосиска 500 мг га жакын
натрийди өзүнө камтыйт. Бул
баланын бир суткалык дозасы.
Ышталган колбаса да бала үчүн
зыяндуу азык. Анын курамында
фенол аттуу уулуу зат бар. Шаарда
жашаган адам бир жылда дем алган
фенол менен бир кесим ышталган
колбасадагы фенол барабар.
Газдалган таттуу суусундуктар
Газдалган таттуу суусундуктар –
канттын, химиялык кошулмалардын
жана газдын аралашмасы.
Аспартам (Е951) аттуу зат (жасалма
кант) кошулган бул суусундуктар
суусунду кандыруучу эмес, чаңкоону
дүүлүктүрүүчү болуп эсептелинет.
Андыктан кола ичкенден кийин
артынан суу ичип алуу керек.
Мындан тышкары бул
суусундуктардын курамындагы
консервант катары колдонулган
натрий бензоаты (Е211) зат
алмашууну бузуп, толуп кетүүгө
алып барат. Диетологдордун
айтуусуна караганда, мындай
суусундуктардын ичинен эң
зыяндуусу болуп кока-кола
эсептелинет.
Анын курамындагы
ортофосфор кислотасы бир нече
сааттын ичинде дат баскан мыкты
тазалап коюуга жөндөмдүү.
Ишенбесеңиз,
тажрыйба жүргүзүп
көрүңүз. Мынча кислотанын
балаңызга эмне кереги бар? А
мындан тышкары 1 литр кока-
колада 25 чай кашык кумшекер бар.
Диетологдор бул суусундукту үч
жашка чейинки балдарга таптакыр
бербөөнү сунушташат.
Болбосо
анын кант диабетин пайда кылуу
коркунучу жогору.
Фаст-
фуд
Tез жасалуучу көчө тамактары:
беляши, чебуреки, гамбургер,
шаурма, картошка фриси кичинекей
балдар үчүн эле эмес, чоңдор үчүн
да эң зыяндуу тамак-аш деп
табылган. Анткени аларды кууруган
майды улам-улам
алмаштырышпайт,
ошол эле майга
кайра-кайра кууруй беришет.
Натыйжада бул тамак сиңирүү
системасын бузуп, ашказан
жарасына жеткирет.
Маргарин
Маргарин – майдын эң зыяндуу
түрү. Маргарин кошулган
азыктардын баары пирожныйлар,
торт, кабатталган даяр камыр жана
башкалар зыяндуу болгондуктан үч
жашка чейинки балдарга берүү
сунушталбайт.
Кантка жана майга
каныккан бул азыктарга берилүү
чоң адамдын да тамак сиңирүүсүн
бузуп, ашыкча салмак кошот.
чупа-чупс
Кытайдан чыккан майда
момпосуйлар,
чупа-чупс
Дүкөндөрдүн текчелеринде тизилип,
жаш балдарды өзүнө тартып турган
ар кандай кытай момпосуйлары,
витаминдери баланын организмине
таптакыр коошпойт. Алардын
курамында кант, химиялык
кошулмалар,
боёктор эң эле көп
санда. Бир сөз менен айтканда,
алардын кымындай да пайдасы жок.
Майонез
Майонездин курамындагы май
кандагы холестериндин деңгээлин
көтөрөт. Бир чоң кашык майонезде
12 грамм май бар, бул баланын
организми үчүн өтө эле көптүк
кылат. Айрыкча желим идиштеги
майонезди балдарга берүүгө
болбойт. Анткени майонездин
курамындагы уксус желим идиштен
уулуу заттын бөлүнүп чыгышын
шарттaйт.
Эгерде ден соолугу чың баланы
өстүргүңүз келсе, жогоруда
саналган
азыктардын баарын анын
рационунан алып салыңыз.
Баланы туура тамактандырууну уйронобуз. 1-6 жашка чейинки балдарга арналат.
#1 03 March 2015 - 11:40
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#2 03 March 2015 - 11:42
Ардактуу энелер келгиле баланы туура тамактандыруу жонундо ушул жактан баарлашабыз,
опыттарыбыздан болушобуз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 03 March 2015 - 17:19
#5 03 March 2015 - 19:28
Эн сонун тема экен.Бирок колбаса,напиткаларды ичирип атабызда э тойго барганда.уйдо деле аяк бияктан келген суулардан
#6 03 March 2015 - 19:32
Эмне бериш керек? Ошо жонундо жазгылачы?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#7 03 March 2015 - 20:41
.
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#8 03 March 2015 - 20:43
Ушулардан бологун баарын берет окшойсуз.Мен чипсини суйуп жеймго..жаш балдар эмес эле..зыян экенда.
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#9 04 March 2015 - 13:30
Ene bolgondon kyiyn baldarga en jakshy,vitaminduu tamaktardan bereli deit ekenbizda.Menin baldarym 6zlakov menen mannyi kashany suiup jeshet.Birok mannyi kashany kundo jegen bala sozsuz rahit oorusuna kabylat eken,antkeni al D vitaminin jok kylyp jiberet eken.Etti dayima jashylchalar menen kainatyp berse en vitaminduu tamak.Iogurttun orduna biolaktga varenie koshup berebiz.Biolakt ichken balanyn ichegileri jakshy ishtep,ichi katpait,jaikysyn ichi otpoit.Sutko daiyma sapattu kakaodon koshup bersek sooktoruno jakshy bolot.Kyshkysyn bozo,jaikysyn kara jarma ichse kany azaibait.Kuurulgan,achuu tamaktardan alys bolgonu jakshy.Anan kee bir eneler bergen tamagy jalan konservanttar anan balam emnegele oorui beret deshet.Vitamini jok tamak ichse balada kaisy immunitet bolmok ele.Yilap bolboi atat dep chipsy,kirieshki degen sapatsyz tamaktardy berishet.Alarga osholordun zyjanduu ekenin tushundurup,jedirbei kojush bizdin kolubuzda!
Baarynardyn baldarynar densoolugu chyn,akylduu bolup chonojushun kaalaim jana alarga daiyma sapattu nerselerdi gana berish ar bir enenin kolunan kelet.
Baarynardyn baldarynar densoolugu chyn,akylduu bolup chonojushun kaalaim jana alarga daiyma sapattu nerselerdi gana berish ar bir enenin kolunan kelet.
Жашоо керемет...
#11 05 March 2015 - 01:11
Менда сосисканы коп берет экем. Мындан ары азайтууга аракеттенем.
Чипсини буйруса дээрлик жебей калдык. Уйдон айран уютуп коем, айран коп ичишет. Мм, дагы эмнелер тамактанчуу столдон узулбойт?!
Печеньие, алма, банан, йогурт. Негизи йогурт деле консерванттарга кирет. Жогорудагы айым айткандай 'жакшы коротда' деген шылтоо менен алып береберебиз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12 05 March 2015 - 08:35
Йогурт бербей эле коюш керек экен анда э,манная каша пайдасы жок экен андан коро овсянная ж.а. гречкадан,пшено ушулардан бериш керек.Биз эмчекке тойбой каша да жейбиз гречканы жебейт экен,калганын жакшы бышырып блендерден откозуп берем жейт ошо.Кээде йогурт берип аткам эми бербейм,андан коро свежий айран берем го жасап.Быштак берсем болобу 6айбыз?
#13 06 March 2015 - 11:52
JOgurt tuuraluu bir maalymat jaza keteiyn,birok bul maalymat baardyk iogurttarga tiesheluu dep aita albaim.Jogurttar Kytaidan 200 litrlik bochkaga kujulup kelip anan bul jaktan plasmas idishterge kujulat eken.Kyzygy al bochkaga suu kuisan kraskasy suunun betine chygyp,ichi bat ele dat basyp ketti.A kop ubakyt anyn ichine saktalgan jogurtta kandai uulu zattar kaldy kim bilet.Oshondoi ele magazindegi korobkadagy suttor kujulgan bochkalardy dagy satyp alganbyz,emi aman ele bolsun al bochkalar.Oshon ucun sak bolgula demekchimin.Al uulu zattar balanyn organzmin akyryndyk menen talkalai beret.
Жашоо керемет...
#14 06 March 2015 - 12:02
[quote name='Ulutum_Kyrgyz'
date='05 Март 2015 - 03:35' timestamp='1425522953'
post='2238834'
]
Йогурт бербей эле коюш керек экен анда э,манная каша пайдасы жок экен андан коро овсянная ж.а. гречкадан,пшено ушулардан бериш керек.Биз эмчекке тойбой каша да жейбиз гречканы жебейт экен,калганын жакшы бышырып блендерден откозуп берем жейт ошо.Кээде йогурт берип аткам эми бербейм,андан коро свежий айран берем го жасап.Быштак берсем болобу 6айбыз?
Airan balanyn ichin katyrat.Andan koro biolaktdyn ujutkusun satyp kelip airan jasap berseniz bolot.Je dajar biolaktdy dagy satyp alsanyz bolot.Bul jaktan dagy jogurttun,tvorogdun ujutkusun satyp alsanar bolot,ech koshumchasy jok,sapattu jogurttu uidon dele jasap bersek bolot.
Йогурт бербей эле коюш керек экен анда э,манная каша пайдасы жок экен андан коро овсянная ж.а. гречкадан,пшено ушулардан бериш керек.Биз эмчекке тойбой каша да жейбиз гречканы жебейт экен,калганын жакшы бышырып блендерден откозуп берем жейт ошо.Кээде йогурт берип аткам эми бербейм,андан коро свежий айран берем го жасап.Быштак берсем болобу 6айбыз?
Airan balanyn ichin katyrat.Andan koro biolaktdyn ujutkusun satyp kelip airan jasap berseniz bolot.Je dajar biolaktdy dagy satyp alsanyz bolot.Bul jaktan dagy jogurttun,tvorogdun ujutkusun satyp alsanar bolot,ech koshumchasy jok,sapattu jogurttu uidon dele jasap bersek bolot.
Жашоо керемет...
#15 06 March 2015 - 12:18
Мен блокнотума жазатам, дагы да жазгылачы
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#16 06 March 2015 - 22:51
Кызык менин кичинекейим зыяндуу делгендердин баарын жебейт экен, особенно картошканы эч жебейт, йогуртту болсо жарымын жейт да калганын таштап коет. Конфеттерди го баарын эле жей берет, бирок аны озум чектеп карамелден башкасын бербейм, сосиска колбасаларды да жебейт. Негизи отказ кылбаганы сут, сметана, творог, жумуртка, айран, сары майды болсо кээде гана талап кылат.
#17 08 March 2015 - 08:11
Кобунчо йогурттун ордуна творожный, чипсынын орлуна бадырак алып берем зыян эмеспи булар?
#18 19 March 2015 - 19:16
Менин уулум да буларды аябай көп жейт азайтуу керек экен анан сокту үйдөн даярдап берем өрүктү кайнатып аябай жакшы көрөт жана пайдалуу дагы бир гүлдүн кургатылганы бар аны да кайнаган сууга демдеп берем сонун сок болот!
Кандай көрүнсөң ошондой бол же кандай болсоң ошондой көрүн!
#20 22 March 2015 - 19:50
Ий айран десе балдарым эмес озумда бетим м жата калып ичем.
И анан 3ай болоюн деп калдык.Детский печенье береберсем болобу?
И анан 3ай болоюн деп калдык.Детский печенье береберсем болобу?

Супер-Инфо
super.kg
видео

















