Анткени диний ишенимдер акылга баш ийбейт
"Ишенимиң бышык болбосо, ишенгениң мышык болот"
#62 20 November 2011 - 01:26
Эгерде биз ырым-жырымга ишенсек,анда биз Аллахка шерик кошкон болобуз.Аллах бардык куноолорду кечирет,ал эми ширкти кечирбейт.Ыймандын 6-туркугу:Жакшылык да,жамандык да Аллахтан!
"-деп билишибиз керек.Жакшылыкка шугур,жамандыкка сабыр кылышыбыз керек.Себеби Аллах бизди бул жалган дунуйого сыноо учун жараткан!
Ошондой эле Аллах бизди эмне максат менен жаратканын билишибиз керек.Аллах Курани Каримде айтат:Мен жиндерди жана адамдарды бир гана мага ибадат кылуусу учун жараттым,-деп.
Бардыгын тугойу менен жаратып,озунун Жалгыз экендигин билдирет.Айбандан айырмалап адамга акыл бергендигин да айтат.Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)айткан:
Ар бир амал ниетке жараша болот,-деп.ИншаАллах ниетибиз туз болсо, Аллахым ниетибизге жараша берет.
#63 08 November 2012 - 10:02
Салам достор! Бугун тундо жумушта чон кузгуну сындырып алдым, кокустан,жана инеттен карасам,кузгункн сынышы эмненин белгиси деп,тим эле укмуштай жооптор бар экен,алайып козум чекчеип эле отуруп калдым окуп алып. Айткылачы,айтылып келинген же силер билген ырым-жырымдары туурабы? Силер уккан же билгенинер кузгунун сынышы жонундо?
Барпылыктар рулит))
#64 08 November 2012 - 10:03
"Кузгунун сынышы -эмненин белгиси" темасы менен бириктирилди.
barpynynkyzy - сизге эскертүү!
barpynynkyzy - сизге эскертүү!
#65 08 November 2012 - 13:06
Салам достор! Бугун тундо жумушта чон кузгуну сындырып алдым, кокустан,жана инеттен карасам,кузгункн сынышы эмненин белгиси деп,тим эле укмуштай жооптор бар экен,алайып козум чекчеип эле отуруп калдым окуп алып. Айткылачы,айтылып келинген же силер билген ырым-жырымдары туурабы? Силер уккан же билгенинер кузгунун сынышы жонундо?
Күзгунүн сынышы сиз жаңы күзгү сатып алышыңыз керектигинин белгиси. Албетте акча жумшайсыз. Демек финансы жагынан кайсы бир денгээлде зыянга учурайсыз. Бирок шефиңиз төлөбөй эле кой деген болсо зыянга учурабайсыз. Андан башка белги жок. )))
#66 09 November 2012 - 02:21
Таптакыр ишенбейм деп айта албайм.Кээ бир учурларда автоматикалык турдо бир нерсени чечкенде чечимиме коп факторлордун арасында ырымдын да таасири бергенин сезип калам.
Самые лучшие праздники-те,
что происходят внутри нас.
#67 12 November 2013 - 13:22
"Эки булуттун башы бириге калса эле, эки кыргыздын бири "жаайт"
десе, бири "жаабайт"
деп талашышып, "синоптик"
боло калышат"-
деп шылдыңдашат экен казак туугандар. Айтса- айтпаса да аздыр- көптүр чындыгы бар, муну башка мисал менен дагы даңазалап жатпайбызбы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#68 12 November 2013 - 13:23
Деги эле кыргыздар ырым-жырымдарга абдан ишенип, аны бекем кармап келет экенбиз, мунун баардыгын кыргыздар кайдан чогултуп алганын билесизби? Ата-бабадан калган дейин десең, "Атасы коңуз атпагандын баласы доңуз атат" болуп, ата-бабанын түшүнө кирбеген ырымдарды жасагандарыбыз да көп. "Эч нерсесин койбой ээрчиген орустардан жугузуп алганбыз го" дейин десең, тээтиги Европа, Кытай, ал эмес океандын ар жагындагы америкалыктардын жалган ишенимдеринин да жыты жыттанат бизден. Көрсө, кыргыз өзү ырым менен туулуп, ырым менен өсөт экен. Ымыркай эненин курсагында жатканда эле койдун ичегисин карап туруп, эркек же кыз төрөлөт деп бүтүм чыгарып коюшкан тура. Андан соң бешикке жаткызганда,
бешигине жөн эле сала койбой чүкөлөрдү салып ары-бери тоголотуп, малдуу-жандуу болот деген ишеним менен эркек болсо балка, кычкачты салып уста болсун, кыз болсо жип, кайчысын салып уз, чебер болсун деп анан бөлөшөт. Ушинтип башталат экен ырымчыл кыргыздын жашоосу.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#69 12 November 2013 - 13:25
Таңкалыштуу жана күлкүмүштүү ырым- жырымдар : Эми бир чети күлкүңдү келтирсе, бир чети таң калтырган бир нече ырымдарга көз жүгүртүп көрөлү: Соодагерлер аарынын уюгун илип алышып, аарыдай ызылдап кардарлар көп келет деп күтүшөт. Анан да биринчи түшкөн акчанын шору куруду десек болот, товарларын чапкылай берип белин үзүшөт байкуштун. Андай ырымды бекем кармаган адамдардан акча сурасаң да күндүз сура, караңгыда сурасаң колуңа бербей ыргытып абдан убара кылат. Ал эми малы көптөрдүн үйүнө кирсең, тамдын ар бир бурчуна эле бирден жиликти илип алышканын көрөсүң. Ал эмнеси деп кызыгып турсаңыз, ал сөөктөр малды ит- куштардан сактайт деген ишенич менен көкөлөтүп көккө илип коюшат экен кыргыздар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#70 12 November 2013 - 13:25
Андан тышкары башка жаныбарлардын дагы жанын койбойбуз : Бүркүттүн тырмагын жулуп, карышкырдын чүкөсүн омкоруп тагынып, ал эмес аттын туягында жүрүп, канчалаган "ыпыр-сыпырды"
басып жешилген така бир карасаң эле дарбазада турат кадалып, жакшылык менен ырыскыны "чакырып"
. Деги эле ушул темир-тезектен,
жан- жаныбардан жамандык-жакшылыкты издегендердин арасында биздин биртууган кыргыздар аз эмес. Алдынан ит өтүп кетсе сүйүнүп, мышык өтсө коркуп, башына чымчык чычып салса кубанып, түндө короз кыйкырса кайгырып калышат экен кыргыздар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#71 12 November 2013 - 13:26
Кулак мурундарга тиешелүү да көптөгөн ырым- жырымдар бар : Алаканы кычышса - акча кармап, таманы кычышса - көп басып, оң көзү тартса - жакшы кабар, ал эми сол көзү - тартса жаман кабар угат экенбиз. Бетиң кызарса - сени мактап жатышат, кулагың кызарса болду-болбоду - сени жамандай башташты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#72 12 November 2013 - 13:27
Ай-жылдыз айтып турат дешип… Жаңырган айды көргөндө үч жолу жүгүнүп: "Жамандыгыңдан сактай көр, жакшылыгыңды бере көр", - деп айдан суранып, учкан жылдызды көрө калса бир каалоосун айта салып: "Эми "желанием"
орундалат"
, - деп сүйүнгөн кыргыздар да жок эмес.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#73 12 November 2013 - 13:28
Чай-тамак бир сыр биле-ет… Тамак-аш, чай-чамектен да бир нерсени билсе болот экен. Чайыңда чама калкып жүрсө - үйүңө киши келет. Айтмакчы, чама узун болсо - узун, кыска болсо - кыска адам келет. Камыр ыргып кетсе да - конокту күтө берсек болот. Анан дагы бир айтып койчу нерсе бош чакаңды көтөрүп бирөөнүн алдынан өтүүгө да болбойт экен, бир балээге кабыласың дейт. Боорду эзген ырым-жырымдарга токтоло кетсек: "Ачакей карагайдын ортосунан өтсөң, мугалимден тил угасың" деп коркушат окуучулар. "Ич кийимиңди тескери кийип алсаң, экзаменден ийгиликтүү өтөсүң" деп ишенишет студенттер.
А кокустан күзгүңдү сындырып алсаң, анда эле иштин бүткөнү - эртең бир жамандыкка туш болот экенсиң.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#74 12 November 2013 - 13:29
Сандан сактангандар : Бир санды ээлеп алып, андан жакшылык издегендер же болбосо бир сандан өлгүдөй коркуп, жер бетинде европалыктар он үчтөн коркуп, кытайлыктар сегизди урматтап жүрүшөт эмеспи. Сегизди аябай сыйлашкан кытайлыктар дүйнөлүк олимпиаданы 08.08.08. 8:8:8де башташты. Бирок, сегиз аларды "подвадить"
этти окшойт. Тибеттеги миңдеген адамдын өлүмү менен коштолгон көтөрүлүш, жүз миңдеген адамдын өмүрүн алып кеткен зилзала, токтобой жааган жамгыр менен суу каптоолор, жумушсуздуктун күч алуусу, кыскасы, сегизден мындайды күтпөгөн кытайлыктар ишенээр ишенбесин билбей калышкан учурлары. Бул сыяктуу ишенимдерден биз деле куру кол эмес экенбиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#76 19 November 2013 - 00:08
Салам+алекумдер!
Силерге суроом барда,
Например:Козунунун ичинде галы бар адам отурат дейли,анан жолдо бир ооматы келген иши журушкон адам отуп кетип баратат,отурган кишинин же аялдын абалы кандай экенинин кызыгы жок, анан жанагы отурган адам жолдогу кишини ваще ичиден суктанып бир жагынан жамандап сындап отурат , анан ошондон кийин ,жанагы кишинин ооматы келбей.иши журушпой калды ,ушуга не дейсинер сынынарды бергилечи,угушум боюнча козундо галы бар адам бироону карап андай экен тигиндей экен десе ошол кишинин козу тиет имишкооу ,беркинин иши журушпой калат экен кандай дейсинер ,мен озумду ошондой болдумбу дейм да ,мурда жакшына эле журот элем иштерим окей болуп эле анан кокустан эле иштерим тескерисине журо баштады да?

#77 19 November 2013 - 00:25
Уа алейкум ассалям!
Создорунуздон шок, тамашакойлугунуз билинип турат.
Саламатсызбы?
Биринчиден ниетинизди ондонуз.
Баары ниетке жараша дегендей.
А жанагы болбогон кеп! Менин деле козумдо калым бар . Жакшылаап карасаныз сиздин да козунуздо бар...) Сиз бул оюнуз менен периштелерден наалат угуп жатпаныз?
"Иштерим окей эле, кокусунан тескери журо баштады..." бул чындап келсе Аллах Субхан уа Тааъланын сизге жиберген сыноосу! Болгону озунузго внушать этип алгансыз.
Намаз окуп, ишиниздин илгерилешин тилениниз. Создорумду туура кабыл алаарсыз деген умуттомун. Ийгилик! Башка эч нерсе кошумчалай албайм!

В каждой шутке есть доля правды...
#78 19 November 2013 - 01:27
Салам+алекумдер!
Силерге суроом барда,
Например:Козунунун ичинде галы бар адам отурат дейли,анан жолдо бир ооматы келген иши журушкон адам отуп кетип баратат,отурган кишинин же аялдын абалы кандай экенинин кызыгы жок, анан жанагы отурган адам жолдогу кишини ваще ичиден суктанып бир жагынан жамандап сындап отурат , анан ошондон кийин ,жанагы кишинин ооматы келбей.иши журушпой калды ,ушуга не дейсинер сынынарды бергилечи,угушум боюнча козундо галы бар адам бироону карап андай экен тигиндей экен десе ошол кишинин козу тиет имишкооу ,беркинин иши журушпой калат экен кандай дейсинер ,мен озумду ошондой болдумбу дейм да ,мурда жакшына эле журот элем иштерим окей болуп эле анан кокустан эле иштерим тескерисине журо баштады да?
Например:Козунунун ичинде галы бар адам отурат дейли,анан жолдо бир ооматы келген иши журушкон адам отуп кетип баратат,отурган кишинин же аялдын абалы кандай экенинин кызыгы жок, анан жанагы отурган адам жолдогу кишини ваще ичиден суктанып бир жагынан жамандап сындап отурат , анан ошондон кийин ,жанагы кишинин ооматы келбей.иши журушпой калды ,ушуга не дейсинер сынынарды бергилечи,угушум боюнча козундо галы бар адам бироону карап андай экен тигиндей экен десе ошол кишинин козу тиет имишкооу ,беркинин иши журушпой калат экен кандай дейсинер ,мен озумду ошондой болдумбу дейм да ,мурда жакшына эле журот элем иштерим окей болуп эле анан кокустан эле иштерим тескерисине журо баштады да?
Козундо калы бар, тилинде моору бар, колтугунда соолу бар, кулагында сыргасы бар адамдардын назарында калуу мумкун эмес. Себеби ал адамдар биро жарымга суктанып карап койсо да алардын терс таасири тийип калышы ыктымал. Ошол учун кимдедир ошондой касиеттуу нерселери бар адамдар биро жарымды башкача коз караш менен карап койсонор келме келтирип тоббоо деп коюууну унутпагыла!
" БЕЙИШ " Эненин таманында!
#79 19 November 2013 - 01:42
Эзотерикалык китептерден коптогон суроолорго жооп алууга мумкунчулук бар,дегеним мен оз башым ырым-жырымга ишенбейм.
#80 19 November 2013 - 04:58
Салам+алекумдер!
Силерге суроом барда,
Например:Козунунун ичинде галы бар адам отурат дейли,анан жолдо бир ооматы келген иши журушкон адам отуп кетип баратат,отурган кишинин же аялдын абалы кандай экенинин кызыгы жок, анан жанагы отурган адам жолдогу кишини ваще ичиден суктанып бир жагынан жамандап сындап отурат , анан ошондон кийин ,жанагы кишинин ооматы келбей.иши журушпой калды ,ушуга не дейсинер сынынарды бергилечи,угушум боюнча козундо галы бар адам бироону карап андай экен тигиндей экен десе ошол кишинин козу тиет имишкооу ,беркинин иши журушпой калат экен кандай дейсинер ,мен озумду ошондой болдумбу дейм да ,мурда жакшына эле журот элем иштерим окей болуп эле анан кокустан эле иштерим тескерисине журо баштады да?
Например:Козунунун ичинде галы бар адам отурат дейли,анан жолдо бир ооматы келген иши журушкон адам отуп кетип баратат,отурган кишинин же аялдын абалы кандай экенинин кызыгы жок, анан жанагы отурган адам жолдогу кишини ваще ичиден суктанып бир жагынан жамандап сындап отурат , анан ошондон кийин ,жанагы кишинин ооматы келбей.иши журушпой калды ,ушуга не дейсинер сынынарды бергилечи,угушум боюнча козундо галы бар адам бироону карап андай экен тигиндей экен десе ошол кишинин козу тиет имишкооу ,беркинин иши журушпой калат экен кандай дейсинер ,мен озумду ошондой болдумбу дейм да ,мурда жакшына эле журот элем иштерим окей болуп эле анан кокустан эле иштерим тескерисине журо баштады да?
Алейкум салам...Козунудо созсуз калы болушу керек эмес,бирок кээ бир адамдарды типа касиеттуу деп коюшат..жогоруда айтылган создорго кошулам..ниетиниз дайыма туз болсун..анан биринчи эле Аллах"тан жардам сураныз демекчи элем..

Супер-Инфо
super.kg
видео