Айтайын дегеним твдан коруп калдым спайска каршы закон чыгарганы жатыптыр.
Россияда бар экенин билем, бизде да колдонгондор барбы?
Кыргызстанда спайс барбы? Курительная смесь
#2 04 March 2015 - 23:12
Билалбайм)).
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#3 05 March 2015 - 00:06
Сатайын деватасызбы же сатып алайын деген максатыныз барбы?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#4 05 March 2015 - 00:12
Бар да омий, ище ага закон жок экен эле, эми ТСга кошулса спайска каршы закон ишке кирет.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#5 05 March 2015 - 00:13
Кыргызстанда бар деп кече какшап атышты го теледен. Бар болсо болгондур, бизге зыяны тийбесе болду. Колдонгондор колдонуп жүрө беришсин...
#6 05 March 2015 - 00:40
Спайс колдонгондун мээси олот дешти эле... Бул жагы кандай болот?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#7 05 March 2015 - 00:51
Батыштын, Россия жаштарын дүрбөлөңгө
салып, далай өспүрүмдөрдүн жанын алган
спайс деген баңгизаттын жаңы түрү чыкты.
Бул эмне?
Анын кесепети жана зыяны
тууралуу толук маалымат берели. Балээни
кайдан деп болбойт эмеспи, Батыштан чыккан
баңгизат кыргыздарга келбейт деген кепилдик
жок. Андыктан спайс дегенди укканда эле
андан качуу керектигин окурмандардын эсине
салсак дейбиз.
Спайс деген эмне?
Спайс (Spice) - англисчеден приправа, татымал
(специя) деп которулат. Ал курамында
химикалык, синтетикалык аралашмасы бар
чылымдын бир түрү. Батышта бул затты
2004-2005-жылдары ойлоп табышкан. 2009-
жылдан тарта буга башка баңгизаттарды да
кошуп чеге башташкан. Спайс жаңы чыга
баштаганда көпчүлүк өлкө аны баңгизат
катары кабылдабай, дарыканаларда, кээ бир
дүкөндөрдө ачык эле сата беришчү. Бирок
спайсты көп чегип ага берилип, атүгүл андан
каза болгон адамдардын саны өсө
баштагандыктан Орусия жана кээ бир Батыш
мамлекеттери буга чек кое башташты. Кээ бир
мамлекеттерде муну баңгизат катары
кабылдап эми гана тыюу салууга өтүштү.
Көзүнө жин-шайтандар көрүнөт!
Спайсты чеккен адамдын психикасы бузулуп,
эгер көбүрөөк өлчөмдө кабыл алып койсо
өмүрү менен кош айтуу коркунучу бар. Анын
даамын таткан адам ага тез эле көнүп,
адатка айланып, көз каранды болуп калат.
Адегенде муну чеккен адамдын мээси
деңгиреп, жайдарыланып, мас болот. Көбүрөөк
чексе көзүнө бирдемелер көрүнүп,
галлюцинация пайда болот. Көпчүлүк
өлкөлөрдө бул нашаа катары бааланат.
Спайсты адегенде тарткан адамдын кускусу
келип, көңүлү айнып, аны организм кабыл
албайт. Ал адамдын психикасына, нерв
клеткаларына терс таасирин тийгизет.
Өлчөмүнөн көбүрөөк чеккен адамда коркуу
пайда болуп, өзүнөн-өзү урушуп, өлүп
калчудай таасир калтырат. Бул деле башка
баңгизат сыяктуу адамдын боорун, өпкөсүн
чиритип, каны коюуланып, мээси кургайт, мээ
кан тамырлары ичкерет. Ошондон улам мээ
өзүнө керектүү кислороддорду албай, анын
клеткалары өлө баштайт. Адамдын
интеллектуалдык деңгээли төмөндөп, акыл-
эсинен ажырайт. Беш жыл бою колдонсо өпкө
рагына чалдыгат.
Спайсты чеккен эркектер импотенция,
тукумсуздукка кептелишет. Аялдар да
тукумсуздукка кабылып, айыз цикли бузулуп,
өтө семирип же аша чаап арыктап кетүү
коркунучу бар. Негизи муну чеккен адамдын
көзүнө жалаңкычтар көрүнсө да кайра эле
ошону эңсей берет. Спайсты чеккен
адамдардын арасында кээси машинанын
алдына атайын жыгылып, кээси балкондон
секирип, атүгүл поезд жолго жатып өлгөн
фактылар кездешет. Чындыгында спайстан
адам дароо эле канааттануу албайт. А эмнеге
анчалык ага жабышат, түшүнүксүз. Спайс
чеккен адамдардын жашы жогору болсо,
мисалы 30-40 жаштагылардын көзүнө эч
нерсе көрүнбөйт, бирок өзүнөн-өзү
кыжырданып, урунаарга тоо, урушаарга жоо
таппай, пессимисттик маанайга өтүшөт. Эч
нерсеге көңүлү чаппай, жоопкерчиликсиз пайда
болот. Дайыма бир нерсеге нааразы боло
баштайт.
Эгер аны көп чегип алса жанындагы
адамдарды көрбөй, башка дүйнөгө сүңгүп
кирип, өзүнөн-өзү бирөөлөр менен мушташып
же баарлашып, же урушуп, айтор өз кийимин
өзү тытып, бети-башын ургулап жиндинин
келбетине келет. Алар жарыктан, күзгүдөн,
терезенин айнектеринен да чочулап, бир
нерселер көрүнөт деп калышат.
Наркологиялык диспансерден дарыланып
чыккандар алардын көзүнө арбактар, жин-
шайтандар көрүнгөнүн айтышат.
Жаштардын өмүрүн кыйган балакет
Орусиянын чоң шаарларында бул баңгизатты
колдонгондор көп болгондуктан күнүнө 3-4
адам каза болот. Тилекке каршы алардын
көпчүлүгү 14-15 жаштагы өспүрүмдөр. Атүгүл
бир үй-бүлөдөн ага-инилер удаасы менен
өлгөндөр бар. Көбүнчөсү өз жандарын
кыйгандар. Бир жолу 11 адам спайска
ууланып, бир күндө мерт болгон. Тилекке
каршы спайс жылдан жылга жайылып,
Европаны толугу менен каптаганы тууралуу
какшап айтып жатышат. Спайс
колдонуучуларынын 80%ы жакыр үй-бүлөдөн
чыккандар. Психологдордун айтымында,
жакыр жашоосу үчүн көңүлүн жубатып,
өздөрүн сооротуп, алдап жашагандар.
Көпчүлүк жаштардын буга берилип кетүүсүнүн
себеби алар башка баңгизаттарга
салыштырмалуу оңой эле табылат. Улуу
муундун өкүлдөрүнөн баңгизатка берилгендер
азыркы жаштарга салыштырмалуу алда канча
төмөн. Себеби агезде баңгизат сатып алуу
кымбат жана табылышы азап эле. Батышта
баңгизат менен күрөшүп, жаштарды туура
жолго салуу үчүн эмне кылаарын да билбей
калышты. Ал эми Кытайда баңгизат табылса
аны дароо эле өлүм жазасына тартышат.
Ошондуктан кытайлык наркобизнесмендер
көбүнчө башка өлкөлөргө жиберишет, өздөрү
чегишпейт. Баңгизат экенин билдирбөө үчүн
алар ар кандай аттарды кое башташат.
Мисалы, спайс, бул татымал дегенди билдирет.
Аны биринчи көргөн киши баңгизат деп эч
ойлобойт. Спайс дүйнөдө баңгизат деп 100%га
тааныла элек. Ошондуктан көпчүлүк жерлерде
кармалып калса ага жеңил айып төлөп кутулуп
кеткен фактылар кездешет.
Наркомания айыкпаган өнөкөт дарт. Спайс
деле ошондой. Адегенде көнүп кетет, аны
канчалык дарылабасын, бир нече жылдан
кийин сөзсүз кайрылып келет. Баңгизаттан
адам жүздөн бирөө гана таза айыгып, экинчи
жолобошу мүмкүн. Орусияда бир айдын
ичинде эле спайстан 700дөн ашуун адам
ууланат. Алардын ичинен 25тин тегерегиндеги
адам мерт болгон. Бул балакеттен канча адам
өлүп жатканын элестетип көрсөңүз. Ал эми
акыркы жети жылда 160 килограммдан 20
тоннага чейин спайс сатылган. Ушунча
убакыттын ичинде спайстын түрлөрүн ойлоп
чыгышкан.
Кыргызстанда жок, бирок...
Азырынча Кыргызстанда спайс каттала элек,
атүгүл ал баңгизат катары да көзөмөлгө
алынган эмес. Албетте, КР административдик
кодексинде адамдын психикасын буза турган
каражаттар болсо ал жоопкерчиликке
тартылат деп жазылып турат. Бирок бизде бул
балакет таптакыр жок же келбейт деп эч ким
кепилдик бере албайт. Андыктан мындай
коркунучтуу балакеттен оолак болуп,
балдарыбызды көзөмөлгө алышыбыз керек.
П.С макала башка маалымат булактан алынды!

#8 05 March 2015 - 10:48
Ужас го мунунар анан мине сурап атасын автор ача турган деле тема эмес экен.
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
#9 05 March 2015 - 12:03
Sheke brat тушундуруп кулагынарга куюп койду окшойт ээ.аны айтыштын ж.а колдонуунун кереги жок экенин
#12 05 March 2015 - 21:51
#14 05 March 2015 - 23:30
Бул спайсты чеккен орус коллегаларымды коргом. Бир коллегам достору менен ушул спайсты чегет болуш керек по моему, коздору кызарып каалгып эле калат.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#17 06 March 2015 - 12:35
#18 06 March 2015 - 19:12
Айжан, сатайын же сатып алайын деген ой жок. Жаштарга кененирээк маалымат таратуу спайс тууралуу, рахмат Шеке.

Супер-Инфо
super.kg
видео