Шайтандын кылыктары Мухиддин Араби. Которгон Эсен ажы уулу Мойдин ажы.
#21 11 Июнь 2015 - 15:31
-Эй Мухаммед! Намаз жонундо да айта кетейин. Мусулмандар ар бир убакытта намаз окууну каалайт. Бирок мен аларды кармаймын, жана аларга мен: "Али жашсын, жашын барганда (картайганда) окуйсун, али сага эрте, дал азыр сенин колун бош эмес, азырынча тек жумушунду кыл, кийин деле жетишесин" деп, "васваса" (азгырык) беремин. Ушундайча намаз окуудан тыямын. А эгер ал мага багынбаса,адамдын шайтанын жиберемин. Айтор ага намазын оз убагында окутпоого тырышамын. Эгер ал адамдын да шайтанын тындабаса, анда анын сазайын намазда беремин. Намаз окуп жатканда: " онго... солго кара" деймин. Ал карайт. Андан кийин ага "сен намазда адепсиздик кылдын " деп, анын ыкласын бузамын.
Эй Мухаммед, кимде ким намазда алаксый берсе анын намазы намаз болбой турганын сен жакшы билесин го. А эгер бул ишимден натыйжа болбосо, жалгыз озу намаз окуган убакытта жанына барып,намазды тез-тез окууну талап кылам. Ал да намазын тез тез окуй баштайт. Туура короз жерден дан терип жеген сыяктуу.
Эгер бул ишимди да орундата албасам,бул жолу жамаат менен намаз окуган кезде ага жакын барып,имамдан (молдодон) мурда башын саждеден ,рукудон котортомун да, имамдан мурда сажда руку жасатамын. Мына ушундай кылганы учун Алла Таала кыямат куну анын башын эшектин башына айландырат.
#22 11 Июнь 2015 - 16:18
#24 11 Июнь 2015 - 17:43
-Умотторундун кайсы бир жакшы иштерине кубанасын. Мен аларга не бир тузактарды жасаймын. Мискиндердин, бей-бечаралардын жанына барамын. Аларга намаз сиздер учун эмес, Алла Тааланын тамагы жетиштуу, ден соолугу мыкты , ары жакшылык берген кулдары учун деймин. Ушундайча алардын намаз окубашын каалап, намаз окубагыла деп буйрук кылам.
Мындан кийин оорулуларга барамын. Аларга "намаз окубай эле койгула, анткени Алла Таала "ооруларга куноо жок" деген деймин. (" Нур" суросунун 1-аяты). Оорунан айыгып жакшы болгон убакытта коп коп намаз окуп ордун толтурасын " деймин. Отуруп намаз окуудан тыямын. Ошентип ал каапырлыкка отушу да мумкун. Эгер анын оорусу кучоп, ушул оору себебинен намазын таштап кетип, ошол бойдон олуп кетсе Алла Тааланын алдына барган убакытта ооруп жатса да намаз окубаганы учун озуно озу катуу окунот. Эй Мухаммед! Эгер мен бул создорумо калп кошсом Алла Тааладан тиле, мени кулго айландырсын, -деди.
Иблис мындан кийин да ангемесин уланта берди
#26 12 Июнь 2015 - 16:28
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) мындай суроолорду койду:
-Эй,наалатка калган Иблис,сенин бирге отура турган жолдошун ким?
-Менин жолдошум "пайыз" (процент

-А досун ким?
-Ойноштук кылган киши.
-Бирге жата турган жолдошун ким?
-Олоорчо арак ичип,мас болгон адам.
-Сенин коногун ким?
-Ууру киши.
-Элчин ким?
-Сыйкырчы,толгочу, козу ачыктар.
-Козундун нуру ким?
-Аялынан ажырашкан адам.
-Суйуктуун ким?
-Жума намазына барбаган адам.
Пайгамбарыбыз суроолорун озгортуп мындай суроолорду берди:
-Эй наалаты, сенин конулунду эмне калтырат?
-Алла жолунда согушка чыккан аттардын кишенеген добуштары.
-Сенин дененди эмне эритет?
-Бир куноо иштеп, аркасынан тооба кылбаган кишинин создору.
-А боорунду эмне чиритет?
-Кундузу,туну Алла Таалага мол мол айтылган истигфор (кечирим суроо,жалбаруу)
-А жузунду эмне буруштурот?
-Жашыруун берилген садака.
#28 12 Июнь 2015 - 19:24

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 12 Июнь 2015 - 19:44
#29 12 Июнь 2015 - 19:34
#30 12 Июнь 2015 - 19:39
#31 12 Июнь 2015 - 19:46
#33 12 Июнь 2015 - 22:05
-тун жарымынан оой окулган намаз.
-а башынды томон шылкыйта турган эмне?
-ал да тун жарымында окулган намаз.
-сен учун адамдын эн жогору даражадагысы ким?
-намаз окуу керек экенин билип туруп,атайын окубаган адам..
-сенин мазанды алган эмне?
-улама аалымдардын жыйылышы.
-тамагынды кандай жейсин?
-сол кол менен. Бармактарымдын учу менен жеймин.
-жарайт . Катуу шамал болгондо же кун ысык болгондо балдарынды кайда сактайсын?
-адамдардын узун узун тырмактарынын астында.
-
#34 13 Июнь 2015 - 14:47
- Мен Аллах Тааладан он нерсе сурадым. Аларды да айта кетейин.
1. Мени адам баласынын малы менен балдарына орток кыл деп сурадым. Бул суранычымды орундады.
Орток бол малдарына,
Жана да балдарына.
(Арамдык аралаштыра
Аларга бер убада,
Шайтандын убадасы, Азгыруу үчүн гана. (Исра, 64) Ар бир биссмилласын союлган малдын этин пайыз (процент) деп арам тамактан да жеймин. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбаган ар бир кишинин малына ортокмун. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбай бир төшөктө жаткан (жыныстык катнашта болгон) эрди катындардан дүйнөгө келген бала да бизге багынат, сөзүмдү угат. Кимде-ким көлүккө минип жатканда адал жолго (жакшы жерге) эмес, арам жолго (терс, жаман жерге) барууга ниеттенсе мен да аны менен бирге минишемин. Анын сапардагы жолдошу боломун. Аллах Таала бул тууралуу мындай дейт:Аттуу, жөө түрдө келгин.Түйшүктөнтүп дүүлүктүргүн… (Исра, 64)
2. Аллах Тааладан мага бир үй бер деп сурадым. Аллах Таалам мага мончону үй кылып берди
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 14:51
#35 13 Июнь 2015 - 14:52
4. Мага окуй турган бир китеп бер деп сурадым. Ырларды мага окуй турган китеп кылып берди.
5. Мага бирге жата турган жолдош бер деп сурадым. Мага мас көмдөрдү берди
6. Мындан кийин мага бир азанчы бер дедим. Сурнайчыларды (музыканттарды) берди.
7. Мага көмөкчү бер деп сурадым… Бир жаман ишти кылып коюп, пешенеме ушундай жазылган экен дегендерди көмөкчү кылып берди.
8. Мага тууган берчи деп сурадым эле, дүнүйө малдарын керексиз жерге ысырап кылгандарды берди.Бул да Куран Карим аяты менен да далилденген: Ысырапчыл чындыгында, Шайтандын тууганы да.А шайтан кас Раббыңа (Исра, 27) Ошол кезде пайгамбарыбыз Мухаммад (сав)
«Эгер айткан сөздөрүңдү Куран карим аяттары менен далилдебегениңде сага ишенбейт элем» деди.Шайтан сөзүн жалгаштыды:
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 14:55
#36 13 Июнь 2015 - 14:56
10. Дагы да адам баласынын денесиндеги кан тамырларын мага жол кылып бер деп тиледим. Муну да кабыл кылды. Ушундайча мен алардын арасына киремин, каалашымча айтканымды орундатамын. Бул абалыма мактаныч кыламын. Дагы да муну айта кетейин. Эй Мухаммед, сени менен бирге болгондорго (ээрчигендерге) караганда, мени менен бирге болгондор (мага ээрчигендер) өтө көп.Мына ушундайча кыяматка чейин адам баласынын көпчүлүгү мени менен бирге болот.Мындан кийин Иблис дагы мындай деди:
- Менин бир уулуми бар… Анын аты Атеме, анын кылаар жумушу кимде-ким куптан (ясту) намазын окубай уктап калса, анын кулагына барып кичи дааратын сындырат. А эгер менин уулум бул ишти иштебесе, мусулмандар куптан намазын окубай уктай албас эле. Мени дагы да бир уулум бар. Анын аты Мутекази. Бул уулумдун аткара турган милдети жашырын (эч кимге көрөтпөй) иштеген кулчулуктарын (амалдарын) жарыкка чыгаруу. Мисалга, бир киши эч кимге көрстпөй жашырып кулчулук кылса жана эч кимге айтпай өз ичинде сактаса уулум Мутекази аны түрткүлөйт… Эң сонун ал киши жашырын иштеген кулчулуктары менен жакшылыктарын башкаларга айтып жарыкка чыгарат. Ушундай кыган үчүн Аллах Таала ал кишинин сообунун токсон тогузун өчүрүп таштайт. Тек бир сообу гана калат. Анткени Аллах Таала жашырын иштелген кулчулуктар менен жакшылыктарга жүз сооп берет. Ошондой эле, менин дагы бир уулум бар. Анын аты Кухайыл. Бул уулумдун аткара турган иши адмадардын көзүн үрүлөтүү. Асыресе уламалардын мажилисинде да имамдар үгүт насаат айткан убакыттарда менин бул уулум адамдарга жакындап барып көздөрүн үйлөйт. Мына ошол кезде аларды уйку басат.Уламалардын же имамдардын айткан сөзүн укпайт. Ушундайча сооптон да куру калат.Мындан кийин Иблис мындай деди.
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 14:58
#37 13 Июнь 2015 - 14:59
- Эй Мухаммад! Адамды туура жолдон чыгарууда менин колумдан эч бир иш келбейт. Мен тек бир нерсени жакшы көрсөтүп, анын көңүлдөрүнө саламын. Эгерде туура жолдон чыгаруу менин колумда болгондо жер бетиндеги «Теңи жок, Аллахтан башка, Мухаммад элчи Аллахка» деген кишилерди, орозо тута турган, намаз окуй турган кишилерди калтырбайт элем. Алардын баардыгын туура жолдон чыгарар элем. Эй Мухаммед, менин колуман эч бир иш келбеген сыяктуу адамдарды туура жолго салуу да сенин колуңдан да эч нерсе келбейт. Сен тек гана Аллахтын элчиси, ары сөзгө чеченсиң. Эгер туура жолго салуу сенин колуңда болсо, сен жер бетинде бир да капыр калтырбас элең, - деди.Мындан кийин пайгамбарыбыз (сав) мына бул эки аятты окуду.
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 15:00
#38 13 Июнь 2015 - 15:01
- Эй наалаты, сенин тообага келип Аллах Таалага кайтууң эч мүмкүн эмеспи? Жанатка кирүүңө себепчи болоюн.Иблис (шайтан):
- Эй, Алланын элчиси! Ар бир иш берилген өкүмгө жараша болот. Чечимди жазган калем да куруду, кыяматка чейин боло турган иштер болот.Сени пайгамбарлардын ичинде «султаны» кылып жаннат калкынын хатиби? (сүйлөөчүсү) кылган да – Аллах Таала.Иблис соңку сөзүн мындай аяктады: Мына бул айткандарым сага соңку сөздөрүм. Айткандарымдын эч бирине да калп кошподум.
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 15:05
#39 13 Июнь 2015 - 15:07
#40 15 Июнь 2015 - 16:50