Суперстан: 2000 жылдар ушунусу менен эсимде калды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

2000 жылдар ушунусу менен эсимде калды 2000 жылдарды эстейбиз

#1 Пользователь офлайн   Altyshok   26 Февраль 2013 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Ассаламу алейкум, форумчулар. Улуу кишилердин "80 жылдары мындай болчу" же "90 жылдары тигиндей болчу" деп Союз учурун эстеп калганын көп эле угабыз. Биз деле алар сыяктуу бир топ жылдарды башыбыздан өткөрдүк. Келгиле 2000 жылдары биз кандай элек, Кыргызстан кандай эле, эмне бар да эмне жок эле чогуу эстейбиз...


Биринчи мен баштайын... Быссымылда. ..

2000 жылдары 5-6 класстагы кезим. Ал учурда азыркыдай 20 канал тартпай 3 эле канал тартчу (айылдарда). Ал 3 канал дагы эртең менен 10го чейин тартып, кечки 6га чейин тартпай, 6дан кийин кайра 12 чейин тартчу. Ал кезде түстүү сыналгылар акырындап көбөйүп келе жаткан. Жана да кээ бирлердин үйүндө "видик" турчу, ичине 2 кино баткан кассеталары менен. Улам ары түрдүрүп, бери түрдүрүп (кээде кол менен түрүп) көрчүбүз.

Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 27 Февраль 2013 - 10:34

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Aida.1995   26 Февраль 2013 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 689
  • Катталган: 11 Август 12
  • Соңку аракети: 03 Май 2014 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Лейлек

:) Анда мен 5 эле жашта болгон экенмин
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kokjar92   26 Февраль 2013 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Мммм,2000-жылдары. ..пленканы артка түрөйүнчү... :)
Анда мен 2-класста окуган секелек кыз болчумда... 1-класста аябай жакшы окуп күбөлүк алганым эсимде,бирок, 2-класста негедир чоңойуп калдымбы,айтор, тополоң кылчымын мектепке барбайм деп,бакты айланып качкандарым эсимде,дивандын астына жатып чыкпай койчумун,өзүмчө эч кимдин колу жетпейт деп ойлоп ошол жакка кирип жашынат элем, бир күн үйдөгүлөрдүн кыжыры келдиби айтор,диванды көтөрүп,мени чыгарышканда, оозум ачылып калган,андай оюмада келбептирда. .. Ошентип,2-класста бираз эркелеп,анан 3-класстан баштап жакшы окуп калганмын...
Тааак,дагы 2000-жылдар дегенде...а сериалдар, Эсмералда деген сериал башталганда жеген ашты таштачубуз, антен тартпаса 'болду,ий өтүп кетти,аркага' деп бакырат элек эшикке. Анан свет өчкөндө биздин үйдү конок басчу, анткени,атам машинасынын аккумляторун твге улачу да,ошентип сериал көргөн күндөр өткөөөн...
Дагы...ал мезгил бөлөкчө эледа,ашар деген нерсе бар эле,туугандар бири-бириникине ашарга барчу,азыр кайда,андай нерселер ...
Эх,ошол кездер барибир башкача эледа деп койоюн менда ата-энелерибизге окшоп!!! :tongue:
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   janylka   26 Февраль 2013 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

мен 1-2-класста болгом, анда азыркы балдардай кечке телевизор коруп, компто отурмай жок..эшикте эле ойноп журо берчуубуз,.. могнитофондор ар бир уйдо бар эле, кассетасы колго турулгон..коп ырдай берсе чайналып калчу..Анда биз Майлуу суу шаарында жашачубуз..ошо дагы эмнелер эсимде калган болсо жазып турамго.

Билдирүүнү түзөткөн: janylka: 26 Февраль 2013 - 17:47

Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nur Abdulaziz   26 Февраль 2013 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 21 Март 08
  • Соңку аракети: 25 Апр 2020 04:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алтынчы класста окуучумун.Ал мезгилде Сони Плей Стейшн деген балээ жок эле,"сега" дегенге очурутка туруп,шише сатып болсо да,барып туну бойу ойночу элек.Теледен жылтыраган, кундой жаркыраган ажообуз чыгып турчу."Рухи вверх" тен башка группа жок беле,баарыбыз эле ошолордун ырларына бийлечуу элек :D :D.Теледен кыргыздын кинолору жок болгондуктан, орустун детективтерин пайлайт элем.Дагы да ошол мезгилдеги бир сонун нерсе-лимонад болчу шишеде,коржиктен тиштеп,ошол лимонад менен ичуу-озунчо эле керемет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Таллас   26 Февраль 2013 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

2000-жыл, эстесем, бу, менин кампутер менен бетме-бет кездешкен жылым экен. Мектепке жаңы компьютерлер келип (Pentium i486), башка мектептерде уу-дуу сөздөр болуп, биз кубанычыбыз койнубузга батпай, Mario, Prince деген оюндарды ойночубуз. Бирок, ошо кезде эле оюн дегенге кызыкчу эмес экенмин. Мектепке ошол атың өчкүр кампутер келе электе кошуна мектепке барып караңгы киргенче ар нерсени чукулап отура берчүмүн. Q Basic деген да бар болчу ))

Айылдан бирөө жаңы кассете сатып алса, аны эртеси күнү сураганга мени жөнөтчү апчемдер. Ошо, "Руки Вверх", Бек Борбиев, "Биз" ж.б. ошол убактагы хиттер. Чайналган кассетаны оңдогонго жедеп мастер элем. Ачып, үзүлгөн кассеталарды клей менен (скотч деген эме жок ал убакта) эле чаптап, кайра угуп, ырларды жаттап, кыскасы, бир топ эле меломан болчу кенмин.

Кечкисин уйду бададан тосууга айылдын чекесине уйлар "командировкадан" келе турган убактан 2 саат мурда барып ошол эки саат бою кошуна көчөнүн балдары менен атаандашып топ тээп, футболдун атасын таанытчубуз. .

Кыскасы, биз деле жаш болгон экенбиз :)

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aote   26 Февраль 2013 - 19:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 407
  • Катталган: 23 Июль 11
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 21:40
  • Жынысы:Эркек

Таакс...1-класста окуп,аяктап. ..каникульда ылысый баштар менен кечке ойун...Акаев келген,Раззаковун эстелиги ачылды...Шахмат мелдештерине эн жаш катышуучу болуп...Иномаркадан мазда 323,90-ж;-),тойлордо 3110волга...50Тыйынга пирожки алатлем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aijan   26 Февраль 2013 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ананайын, ананайын, аттадын бир ак уйдун босогосун деген ыр бар болчу, ошо убакта мага абдан романтичный угулчу да %)
интернет жаны пайда болуп жаткан маал эле, бизде бекер инети бар ресурсн.центр ачылган эле... Марио оюнун информат. берген эжекебизге коюп берип балдар нортон командерден бирдемелерди установка кылышчу, ку бэсик тажаткан эле(ой жок, бул кийинчерээк экен) мен биринчи жолу китепканага жазылып орусча уйронуп жаткан мезгилим экен.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Altyshok   26 Февраль 2013 - 20:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Сегадан футбол анан теккен деген мушташ оюндарын ойночубуз. Анда да акча жок кезде жумуртка алып барчубуз, алар да жумурткага ойното беришчу. ))
Жайкысын арыкка же кичинекей каналга тушчубуз. Анан латокторго же асфальтка жатып курганчубуз. Наклейка да коп ойночу элек.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Egois   26 Февраль 2013 - 22:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 889
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Окт 2020 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Менин эсимде калбайт да ушул жылдар. Чынын айтсам, быйыл 2012 же 2013 экенин да ойлонуп калам кээде))
Наарындан жазган сааалам кааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Таллас   26 Февраль 2013 - 22:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Мен дагы орусчаны 2000-жылы үйрөнүп баштаган экенмин. А.П.Чеховдун аңгемелери болчу. Сөздүк менен окугам. Кийинки орусча китептер автопилот менен кеткен анан :)
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Orbit_bezsahara   26 Февраль 2013 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 23 Январь 13
  • Соңку аракети: 04 Июл 2025 17:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:OSH

Мен ал жылдар короз кант жечү элем (Ошол короз канттар жокко азыр) Анан видио деген бар эле, ошол видиодон касета менен кино көрчүбүз. Көп нерсе эсимден чыгып кетиптир, дагы эстегенде келип жазып кетем.

Билдирүүнү түзөткөн: Orbit_bezsahara: 26 Февраль 2013 - 22:57

Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Egois   26 Февраль 2013 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 889
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Окт 2020 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Эстедииим! Алиппе майрааам! Оо анда коктом эле, коктом эле, алиппе майрамда кун аябай токкон эле
Наарындан жазган сааалам кааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ruslan_92kg   26 Февраль 2013 - 23:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Май 2021 21:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өзгөн

2000-жылы 2класста окуучум. ал балалык кез эле да сабактан келип бир сындырым нанды кармап оюн ойноого кетет элек нанды жеп арыктагы суудан жутуп эх....
Анан дагы биздин айылда 1 сотка бар эле. Ал дагы чоон антени бар самсунг деген. Чет жактан тууган урук зв кылса айылдын бул четинен наркы четине жонойт элек ал маалда эн узагы 6 же 7 мин суйлошот элек 1 айда 1 же 2 жолу. Россиядан чалат эле атамдар биз суйлошконубуз учун минутуна 3 сомдон толочуубуз сотканын ээсине. анда 1сомго 4 даана курут келет эле сигарет без филтир 5 сом же 6сом болсо керек эле
Өзгөнү ээрчиген, өздүгүн унутат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Grad_Person   27 Февраль 2013 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 790
  • Катталган: 17 Май 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2019 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыста

Анда биз биринчи жолу вечеринка кылганбыз, 5 же 6чы класста окуйт элек.
Люблю зимний закат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   bekber   27 Февраль 2013 - 00:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 41
  • Катталган: 26 Март 09
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 23:16
  • Жынысы:Аялзаты

2000 жылы мен 5 классты окуп жургон кез эле .ошол жылы мен эн биринчи сахнага эл алдында испан бийин бийлеп чыкканым эсимде :dance:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Jinn.   27 Февраль 2013 - 01:30

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 22 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Сен 2013 15:55
  • Жынысы:Белгисиз

Мындай тема бар экенин билбептирмин. 2000-жылдары тан атпай "айран-сут, молоко,каймак! " деп ойготкон "будильниктер" жаныдан пайда боло баштаган кез эле...
Не всякий козел может испортить настроение, а только самый любимый.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Altyshok   27 Февраль 2013 - 09:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Цитата

Мен ал жылдар короз кант жечү элем (Ошол короз канттар жокко азыр) Анан видио деген бар эле, ошол видиодон касета менен кино көрчүбүз. Көп нерсе эсимден чыгып кетиптир, дагы эстегенде келип жазып кетем.


Биз дагы "короз-момпосуйларды" көп эле жеп калдык. Мектептин алдында сатып турушчу. 1 сомго 2 келчүү белее... АНдан тышкары вата, пирожки жеп калчубуз. Азыр пирожки эле калды го алардан.

Эркек балдар дайыма мектептен чогуу келе турганбыз. Үйдөн сумкабызга нан салып алчубуз. Мектептен келатканда баарыбыз бир колубузга нан бир колубузга целофан (анда да толтура нан). Жогорку класстар күлө берчү эле (анткени мектепке нан алып келген уят болчу да).


Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ataman   27 Февраль 2013 - 13:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 10 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 06:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:обл. Чуй: р-н Сокулук

Мен учун эн кыйын жылдар. Эстегим келбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   adalsvards   27 Февраль 2013 - 13:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

2000-жыл. Китептин артынан китеп мүлжүгөн, шахматтык оюндардан калбаган, Элкаттын чатын тытып отурган күндөрүм менен эсте калыптыр.
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: