Суперстан: Жаш жоокерлер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • > Өкмөт жооп берет
  • > Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаш жоокерлер

#1 Пользователь офлайн   Murok   26 Октябрь 2012 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 776
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Дек 2020 19:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мени коптон бери ойлондурган маселе - кыргыздын кырчындай азаматы 8 октябрда бу дуйно менен кош айтышты. (барынар билсенер керек). Мындай окуялар жыл башынан бери бир канча жолу болду? Бая куну БАЯТ жактагы Военная часть'тын алдынан отуп баратсак бир жоокерди эки-учоо сабап жатышыптыр. Бу качан токтойт деги? Министр озу ким,ал коробу буларды? Канчалаган ата эне сыздап отурат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   teletz-1987   29 Октябрь 2012 - 04:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 05 Май 12
  • Соңку аракети: 24 Фев 2019 08:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бужум

Азыркы учурда дедовщина жок, армия эмей эле детсад болуп калган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   teletz-1987   29 Октябрь 2012 - 04:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 05 Май 12
  • Соңку аракети: 24 Фев 2019 08:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бужум

Кыргыздын кырчындай азаматы-армиядан суицид болбойт.Жашоого чыдабаган гана эркек озунун алсыздыгын корсотуп,армиядан качып,ата-энесине даттанып ыйлап,озунун омуруно кол салат. Озуно ишенбесе не кереги бар аскерге барып.Армия- жигитти жашоого чыдоого уйротот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   анарбек   29 Октябрь 2012 - 12:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 01 Апрель 10
  • Соңку аракети: 12 Окт 2017 09:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

мен ушул темада кеп козгогум келди эле эмнеге эч ким конул бурбайт,бул жерде жанын кыйуу эмес эле уруп, туртуп, атып койушуп эле озу деп койуп атышканы козу кор кулагы дулой адамга деле белгилуу болуп калдыго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   solnyshko   29 Октябрь 2012 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Ооба бар кээ бирки балдар,кызмат өттөп жургөн,ал жактагы оор турмушка чыдай албай асынып өлуп алышат,бирок баары эмес!90% жаш жоокерлерди ошол жактагылардын эле колунан өлуп жатышат.Карасан жапжаш балдар коз жумуп жатышат.Ата- энесинин көз жашын ойлошпойт эч кимиси!Бир эле мисал келтирсем,менин тайэжемдин баласы Суворовскийде окуйт.Ушул жылы жазында бир офицери "жестоко избивать" этип салган.Анын акырында иним операция болду "жанагы жеринен". Ушунча каттуу ур-тепкиге алган экен,прям операцияга чейин жетти.Кийин балалуу болбой калса кантет?озу жаш болсо.Апасы чыйпылыктап жүрду канча ыйлап,кыжаалат болуп.Арыз жазышты,анан тиги офицери операциясын өзү төлөп,"эжеке кечириниз" деп эле таежемдин артынан калбай жүрүп алды.Боору ооруп,тайежем арызды алып салды."Жазалап койсо,ал офицердин да мага окшогон энеси бар,атасы бар,алар да мага окшоп ыйлашпасын, баласынын азабын тартып" деп.

Мындай окуялар толтура.Тээ өткөн санда чыккан бала дагы,тооба башына түтүк түшуп кетти деп айтышыптыр, Кудайды карап сүйлөшсө болбойбу кичине.Эки көзүнө эки башка түтүк түшмөк беле.Эгер чындап түтүк түшсө,тиги бала башы жарылып ошол жерден эле өлуп калмак!Качан ушул жөндө карап,биздин "чоңдорубуз" ойлоно башташат экен,элдин акчасын жебей ушуга окшогон маселелерди карашса жакшы болмок.!

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 29 Октябрь 2012 - 13:36

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kyrgyztorres   01 Ноябрь 2012 - 11:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 15 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 19 Май 2018 15:19
  • Жынысы:Белгисиз

Олкобуздун алсыздыгы, бийликте акылы кем акчасы барлар отурганы, мамлекетте тартиптин жоктугу, коррупциянын укмуш гулдоп оскону, элдин ынтымагы жоктугуна байланыштуу канчалаган ата-эненин козунун жашы агып отурат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   chike87   25 Ноябрь 2012 - 15:12

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 288
  • Катталган: 22 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 00:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракулжа Ылай талаа ай.

Армиядагы бул корунуш мундан-мунга отуучу салты болуп калдыго,эч ким тыяда албайт.Азыр кызмат отоо дегени лагерде журуп келгендей эле болуп калды.Дембилдерден таяк жесе,очун кийинки жаш жоокерлерден алып жатышпайбы? Армиядагы азыркы абалы эч купулума толбойт начар.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   omurbek89   20 Март 2013 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 10:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана

Салдатты салдат тарбиялайт, эчкачан офицер, прапоршик же сержант тарбия кыла албайт. Армияга барган жигиттер болсо билсе керек туурабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   MIRlan   21 Март 2013 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Устав менен тарбия алгандан коро, бир- эки тепкилеп алчы деген жакшы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Takesha87   21 Март 2013 - 14:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 10 Февраль 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2025 08:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык-Кол, Каракол

Азыр биздин армия аты болбосо эле, детсад болуп калгандай. Дедовщина армияда солдаттарды тарбиялап чыныгы эркек кылып бышырган. Азыр бизде кыйраткан дедовщина жок, солдатка катуу суйлосон эле "арыз" жазат. Биздин армияда же устав жок, кыйратып тарбиялаганга, даже аны эч ким колдонгусу келбейт.
Здесь зверски было убито время !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   damascos   08 Апрель 2013 - 10:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 20 Сен 2015 10:07
  • Жынысы:Эркек

azyr baarynyle dedobshine, jana detsad deibiz, bir jagynan aitkanynar tuura, birok , ilgerki detobshine bashka bolgon, a azyrky ubaktagy bashka, keebiribiz aityb jatabyz azyrky jashtar jashoogo byshkan emes dep, ooba andailar da jok emes, birok chyndygyn aitkanda bizdin armiyada bezpridel bolub ketken,bir gana armiyada emes bizdin zakondo da, makal bar emesbi, balyk bashynan sasyit degen,prezident birinchi oz armiyasyn ondosh kerek ele,oshondo okmottu kolgo ala alat.andai bolmoincha, ozubuzduk mykty jookerleribiz ushundai oiunchuk katary bul duino menen kairlasha beret,okmotubuz ushundai ele kursagyn sylap koiub kele beret.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   tabyshmak   25 Июнь 2013 - 18:54

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2023 17:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Жазылбаган жапайы мыйзам менен жапайы тартипке салуунун натыйжасы олумго алып келет. Анан кайсы ата-эне кимге ишенип уулун аскерге жибергиси келсин? Денесине ысытылган утук басылып, муунтулуп, ур-токмокко алынган аскердеги жигиттердин олуму кантип башкаларга сабак болбосун?

Билдирүүнү түзөткөн: tabyshmak: 25 Июнь 2013 - 18:55

Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Август 2013 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения Murok (26 Октябрь 2012 - 20:10) жазган:


Мени коптон бери ойлондурган маселе - кыргыздын кырчындай азаматы 8 октябрда бу дуйно менен кош айтышты.   (барынар билсенер керек). Мындай окуялар жыл башынан бери бир канча жолу болду? Бая куну БАЯТ жактагы Военная часть'тын алдынан отуп баратсак бир жоокерди эки-учоо сабап жатышыптыр. Бу качан токтойт деги? Министр озу ким,ал коробу буларды? Канчалаган ата эне сыздап отурат?




Суроого Коргоо министрлигинин  маалыматтык камсыздоо бөлүмү  жооп берди:

- Коргоо министрлигинде бул багытта бир топ иштер аткарылууда. Биринчиден, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин (КРнын КМнын) буйругу менен «Адаптация» программасы ишке киргизилген. Программанын башкы максаты - мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандардын аскер кызматын өтөп баштоосунун алгачкы күндөрүндө аларга социалдык, физикалык жана психологиялык жактан кам көрүү. Программада кошуундар, бөлүктөр жана мекемелердеги кызматтык башкаруудагы адамдарга карата айрым бир талаптар коюлган, башкача айтканда, уставга жат мамилелерди алдын алуучу иштердин алгоритмдери так жазылган.

Экинчиден, жоокерлер арасында, «адаптация», «көнүгүү» мезгилдеринде кыйынчылыкка туш келгендер арасында, ошондой эле уставга туура келбеген мамилелердин курмандыктары арасында өз жанын өзү кыюу окуяларын болтурбоочу, алдын алуучу аракеттерди жүргүзүү. Өз өмүрүнө кол салуу окуяларынын алдын алуу процедуралары КРнын КМнын директивасында тизмектелген.



Үчүнчүдөн, улутчулдук маселесине негизделген уставга жат өз ара мамилелер менен өз жанын кыюу окуяларын нейтралдаштыруу программасы. Бул жерде көп улуттуу коллективде биримдүүлүктү жаратуу боюнча жана улутчулдук маселесиндеги өз ара тирешүүдөгү коркунучтуу уставга жат мамилелерди жок кылуудагы командирдин иш-аракети көрсөтүлүп, коргоо министринин буйругунун негизинде «Кошуундар, бөлүктөр жана мекемелерди жетектөө боюнча аскер коллективдеринде улуттар аралык мамилени этиет, өтө сак кароо, аны түзүү жана алып жүрүү, аскер коллективдеринде киргизүү тууралуу» нускамасында толук келтирилип жазылган.



Ал эми төртүнчү этабда, мекемелердин, кошуундардын, бөлүктөрдүн жана аскер бөлүктөрүнүн медицина кызматынын командачылыктарынын өз ара аракети өз жанын кыюучу окуяларды болтурбоо, алдын алуу же психологиялык жактан туруксуз, бекемделбеген жигиттерди кызмат өтөөчүлөр арасында тез табуу, ачыкка чыгарууга багытталган. Ушул эле нускамада психологиясы калыптана элек жарандарды байкоо, кармоо боюнча КРнын КМнын буйругунда аскер бөлүктөрүнүн дарыгерлеринин, командирлеринин өз өмүрүнө кол салууга шыктуу, психологиялык жактан чыңалбагандардын кармалышында милдеттери жана аракет кылуусунун тартиби деп киргизилген.



Жалпысынан айтканда, ар кандай объективдүү жана субъективдүү себептерге карабастан, өздүк курамдын аскердик тартиби менен моралдык-психологиялык абалы Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун коргоо маселесин чечүүнү камсыздайт.   

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   makwell   16 Март 2015 - 23:06

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 02 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 11 Апр 2015 17:11
  • Жынысы:Эркек

урматуу маданият министирлиги, мен азыр бере турган суроом,кыргызстандын келечегине ото чон таасирлуу... узбек мектептерин жок кылып,кыргызча кылсанарчы баардыгын.улутчул мен эмесмин,бирок узбек кыргыз урушу ошондо токтойт..анткени бара бара ,ошолор да кыргызча суйлошуп кыргызга айланышат,ошондо баары жакшы болот...антпесе азыр дагы тестирлоо узбекче болсун деп жатышат...эртен. дагы бир нерсе сурашат анан келип автономия талап кылышат...кайсыл олкодо кордунор,башка тил менен тестирлоо отконун...иштегиле да...узбекче мектептерди кыргызча кылгыла..аны талап кылсанар болот..да..антпесе не кылып журосунор.Дагы бир жолу кайталайм улутчул мен эмесмин..Болгону эртен автономия дешкенде дагы согуш. болот,А жогорудагылар дайымкыдай эч нерсе Жок дегенде эле кыла алышпайт.. алдын алуу иштерин кылсанарчы. .Менин сунушумду жеткиресинер деп тилек кылып каламын..КЫРГЫЗДАР УЧУН МЕКЕН УЧУН ЖЕР УЧУН ДЕГИ ЭЛИ ЖАЛПЫ ЭЛДИН ЫТЫМАГЫ УЧУН ОШОНДОЙ КЫЛГЫЛА..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июн 2025 21:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: