Ар бирибиз же биздин тааныштарыбыз кайсы бир күнү жумуш издеп калуусу мүмкүн. Бирок азыркы күндө жумуш табуу оңой иш эмес. Ал аз келгенсип, жумуш сунуштаган шылуундар да толтура. Мына ошолорду кантип аныктап, алар үчүн убакыт, акча, энергия, нерв кетирбөө жолдору тууралуу ой бөлүшөбүз.
Мен алгач өзүм интернеттен тапкан жана туура деп эсептеген маалыматтар менен бөлүшө кетейин.
1. Эгер сизге кимдир бирөө үйдөн отуруп алып иштөө же интернеттен иштөө сунушун киргизсе же сиз жумуш сунуштаган жарыяны көчөдөн, интернеттен,
форумдан, ж.б.у.с любой жерден окуп калсаңыз, бирок ал жумушка кирүү үчүн бир нерсе (эмне экени мааниге ээ эмес) сатып алуу же алдын ала бир сом болсо да акча төгүү (взнос ж.б.у.с) керек болсо, анда бул 100 % алдамчылык.
Кыскасы жумушка кирүү үчүн сизден бир сом эле талап кылынган болсо (сөз пара берүү жөнүндө эмес), анда бул 100 % алдамчылык.
Чесный, нормальный жумуш берүүчү адам, өзүнүн болочок кызматкеринен эч качан алдын ала бир нерсе төлөөсүн талап кылбайт.
2. Өтө жеңил, бирок айлыгы жакшы жумуштарды сунуштаган болсо да абайлаш керек. Мисалы бир күндө 2 саат иштесең жетиштүү. Бул ишти любой адам кыла алат деген сунуштар.
Эсиңизде болсун: эч качан 2 саат ишетеп жакшы акча табууга болбойт. Албетте чоң бизнесмендерди кошпогондо.
Бирок алар ошол даражага жеткенче көп жылдык убактыларын кетиришкен.
3. Сунушталган жумуштун ачык болбоосу. Мисалы конкреттүү эмне жумуш аткараарың,
айлыгың канча болоору, жумуштун шарттары, графиги ж.б. айтылбаган жумуштар.
Чесный жумуш берүүчү өз милдетин анык, так билген кызматкерлерге кызыктар болот. Ошондуктан ал болочок кызматкеринен эмнени талап кылаарын билдирүүгө аракет кылат. Ошондуктан офиске жумушчу керек, начальниктин жардамчысы керек, студенттер үчүн жумуш ж.б. эмне жумуш экени ачык айтылбаган сунуштарды көрсөңүз абайлаңыз.
4. Кыска убакытта көп акча таба аласың деп убада берген же жөн эле көп акча сунуштаган жумуштар. Адатта мындай жумуштар интернетте сунушталат.
Эми интернетте болушу мүмкүн да дешиңиз мүмкүн. Жок, жумуш маселесинде интернет менен оффлайндын айырмасы жок. Чоң суммадагы акча табуу үчүн оффлайнда да, интернетте да көп мээнет кылуу керек болот.
5. Түшүнүксү схема, тартип менен иштеген жумуштар. Мисалы сен артыңдан мынча адам алып келүүң керек. Анан алардын ар бири мынчадан адам алып келсе, сага мынча процент түшөт деген сыяктуу жумуштардан да абайлоо керек. Нормальный жумуштун иштөө тартиби так жана анык болот. Эгерде түшүнүү кыйын болгон схема менен иштөөнү сунуштап жатышкан болсо, демек ал жерде бир нерсе бар. Абайлаш керек. Балким мындай жумуштардан деле акча табууга болушу мүмкүн. Бирок ал үчүн да күч жумшап, энергия коротууңуз керек болот. Кыскасы жумуш алар айткандай оңой болбойт.
6. Интернетте клик (жөн эле ар кайсы сайтка мышканы басып кирүү) аркылуу акча табуу, ар кандай сурамжылоолорду жүргүзүү аркылуу акча табуу, сыйкырдуу кошелектор сыяктуу нерселер менен акча табуу сунуштары да алдамчылык.
Бул интернеттеги эски алдамчылыктын түрлөрү. Бирок ошого карабай бул тузакка түшкөндөр бар.
7. Кээде атайын шылуундарга каршы ачылган сайттар болот. Алар өз сайттарында ошондой шылуундардан иштөө тартиптерин,
схемаларын айтып, буларга кирбегиле деп эскертишкенден кийин, өздөрүнүн сайттарын сунушташат.
Булар да кээде алдамчылар болуп калуусу мүмүкүн. Ошого ал жумуш кандай жумуш экендигин жогоруда айтылган белгилерге карап аныктоо керек болот.
Алдамчылык десе сөзсүз эле акчаны алдырууну түшүнбөө керек. Кээде акчанды албашы мүмкүн бирок ар кандай шылтоолорду айтып аткарган кызматыңдын акысын бербей коюсу мүмкүн. Ошого жумушка кирээрден мурда жумуш сунуштап жаткан ишкана, компания, адам жөнүндө жакшылап тактап алуу керек.
Жумуш сунуштаган шылуундардан сактануу
#2 16 March 2015 - 19:16
Жакшы тема экен. Анан чет олкого жумуш сунуштагандар жонундо да жаза кетсениздер. Мен озум да ананыраак таап келип илемин маалымат. Кыргызстандын ичинде анчалык коркунучтуу эмес. Ал эми чет олкого копчулук алданып сатылып кетет же айды коксоп барып жер муштап олтуруп калат. Сунушталган айлык акы толонбойт ж.б Мисалы: БАЭ, Туркия Катар Орусия Казакстан ж.б мамлекеттерге.

Супер-Инфо
super.kg
видео









