"Суйууну кучтуу дешет алы барбы,
Суйууну таттуу дешет даамы барбы,
Эгерде суйуу менен ооруп калса,
Суйууго даба болоор даары барбы"...
-деген ырга мындайча жооп кайтарат элем. Суйуунун алы бар. Ал эки адамдын ортосундагы мамилени бекемдейт. Суйуунун даамы бар. Эгер суйуп корсон даамын сезесин. Суйууго даба бар. Ал убакыт. Убакыт баардык нерсени дарылайт. Бул менин жеке оюм. Убакыт откон сайын баары оз жолуна тушот. Жашоо озгорот, адам озгорот. Суйууго баардык курактагы адамдар баш ийет. Мен да булардын катарын толуктадым.
Кыялымдагы кызга жолуктум. Асмандан издегеним жерден табылды. Ал кыз менен дос баламдын уйундо таанышкам. Алар досумдун уйуно коноко келген экен. Оздору токтоо, ыймандуу, татынакай кыздар корунду. Россиядан келгениме 1 эле жума болгон. Кор тириликтин азабынан ал жактын да жашоосун оруп келдим. Жашоо жыргал деген учурда да озумдун туулуп оскон жериме эч нерсе жетпейт экен го чиркин. Баарыбыз чогуу отурганда ушуларды эстеп кетиптирмин.
Досумдун таанышып алгыла деген созунон улам оюм болунуп кетти. Мага жаккан кыздын аты Перизат экен. Атына заты жарашкан периштедей сулуу кыз болчу. Козумду Перизаттан албай карап отуруп ойго чомулдум. Оюмда Перизатты озумдун болочоктогу келинчегим катары элестетип, коп нерселерди кыялданып, башка бир ааламга кетип калганымда дагы эле досумдун созунон улам ойгондум.
-Дуконго барып келели силер отура тургула,-деп Перизат экообузду калтырып кетишти.
Мага бир гана ушул керек болчу. Экообуз тез эле тил табыша кеттик. Мунозу да мен ойлогондой экен. Жылуу-жумшак,
сылык-сыпаа,
назик. Кыскасын айтканда коктон издеген периштем жерден озумдун эле жанымдан табылды. Аз убакыттын ичинде коп создор болду. Пернизат озунун жашоосу тууралуу айтып отту. Мен да жашоом тууралуу айттым. Ошол эле куну суйуумду билдирдим. Бугунку ишти эртенкиге калтырба дегендей, эмнегедир чыдай албадым. Терен дем алдым да, "Перизат мен сени сууп кадым"-деп эле балчайтып айтып салдым. Ал да кутпосо керек, эмне дээрин билбей алайып мени караган абалда ун соз жок туруп калды...
Коп отпой эле досум кирип келди. Биздин жакын отуруп алганыбызды коруп жылмайып койду. Мындайда эч нерседен тартынмай жок болуп калат экен. Ошентип кече улана берди. Баарыбыз жайдары конулдо жыргап отурабыз. Эки кыз тез эле тамак жасай салды. Алдыбызга ысык тамак келгенде баарыбыз бир уй-булодой болуп тамактана баштадык. Перизат менен курбу кызы уйдо калмай болду. Мен да калмакчы болдум. Бул кечти бирге откормой болдук. Досум менен кызы башка болмого кирип кетти.
Биз башка болмодо калдык. Перизат менден коркконун байкап эле турдум. Эркектер мындай учурда каалообуз куч алып кетет го. Аны кучактап жакындай бергенимде,
колдорунун калтыраганы кадимкидей билинди. Озумдун эмне кылып жатканымды тушунбой калган мен Перизаттан кечирим сурап сыртка чыгып, озумду басып келдим. келсем Перизат уктабай олтурган экен. Созду узартпай эле, "мурун эркек менен болгон белен, кызсынбы?"
-деп ток этер жерин айттым. Анын созунон улам, озумдун жанагы кылганым учун жек коруп кеттим. "Мени жаман ойлоп алган жоксунбу"
-десем жок баары жакшы эле деп койду. Мен Перизатка соз бердим. "Сага тийбейм, сен менин болочоктогу жарым болосун, мен сени таза бойдон алам"-дедим.
Ошондон кийин баары башкача болду. Перизат мага, мен ага толук ишенем. Суйлошуп жатып кантип тан атканын сезбей калыптырбыз.
Эртен менен Перизат менен курбусу кетууго камынды.
Ошол куну коноко чакырган досума, жана курбусун ээрчитип келген Айжамалга чон рахмат айтам. Алар болбосо мен Перизатты кайдан жолуктурмак элем.
Перизатка чейин да бир кыз менен мамиле кылып жургом. Бири-бирибизди аябай жакшы билчубуз. Уйдо торт бир тууганмын. Менден улуу агам быйыл уйлонмокчу.
Кызга барып сойко салып келип, салт-санаа менен эле той бермекпиз. Бир куну эле Гулзар мага ыйлап келди. "Ата-энем мени башкаларга кудалап койду, аз кундо той болот"-деп оозумду ачырды. Эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Биздин уйдогулор тойду тездетели деп уч кундон кийин кызды алып келууну пландашты. Гулзарды алып калайын десем, "менин бактым ошол балада окшойт, бул да тагдыр"-деп тагдырына баш ийип, кете берди. Гулзардын тою да уч кундон кийин болчу. Эмнеге ошондо конул болгон эмесмин. Себеби, менин агамдын да, Гулзардын да тою уч кундон кийин бир убакта болуп жатпайбы. Ошентип, той башталды. Ал жерде сырттагы болгон нерселерге мен баш-коз болдум. Болочоктогу женемди корууго убакыт болбой жатты. Кирип-чыккан адам коп. Кызды уйунон алып келишти. Той оз эрежеси менен болуп, кеч кирип баары оз уйлоруно тарашты. А женем кошогодо калды. Эртеси куну баарыбыз олтуруп эртен мененки тамагыбызды ичмей болдук. Женекем оз милдетин аткарып, эрте туруп эшиктерди шыпырып коюп, биздин турушубузга тамак да даярдаганга жетишиптир.
Мен кечинде чарчагандыктан башкаларга караганда кеч турдум. Баары тамактанып жатышкан экен. Мен да барып кошулдум. Женем мага чай сунду. Ошондогу абалымды ай..... Экообуздун козубуз чагылыша тушту. Ысык денеме муздак суу куюп жибергендей болду. Мен женемди жакшы тааныйм, ал менин Гулзарым. Башкача айтканда, агам мен суйлошуп жургон Гулзарды алган экен. Бирок, билген эмес менин суйлошкон кызым экенин. Себеби, мен уйдогулорго эеке жашоом тууралуу айтчу эмесмин. Коргон козуно ишене албаган Гулзар ашканга бир нерсени унуткандай болуп чуркаган бойдон кирип кетти. Мына жашоонун кызыгы. Эми эки суйушкон жаш адамдар тагдырга баш ийип, бири-биринен ажыраса, кайра бир уйго алып келип койду. Бирок, чогуу эмес башка адамга болочок жубай кылып киргизип берди. Кантебиз? Мындан кийинки жашообуз кандай уланат? Экообуз бир уйдо кантип жашайбыз деп ойлонуп журуп, менин Россияга кеткенимдин себеби да ушул нерсе болчу.
Убакыттын отушу менен баары артта калды. Баары унутулду. Женем экообуз суйлошо баштадык. Мурун менин эн жакшы коргон адамым болсо, эми жакшы коргон женем болуп калды. Чет олкого кеткенден бери эми келип олтурам. Уйдогулор жылуу мамилеси менен тосуп алды. Женем да мени аябай сагынган экен. Кучактап эле бетимден ооп калат. Биздин ортобузда эч нерсе жок. Мага болгон суйуусун агама арнаган. Антпесе кантип жашоо болмок. Алардын бактылуу болуп жашап жатканын коруп, ичимден тымызын суйунуп калам. Азыр агамдар эки балалуу болуп калган.
Бул келгеним да жакшы болгон экен деп жургом. Перизат менен тааныштым. Кыскасын айтканда эми чыныгы суйууго кабылгансыгам.
Ошол кундон кийин экообуз жакшы-жаман кундордо чогуу болуп, бири-бирибизден ажырабай калдык. Анын жанында бир саамга жок болсом озумду башкача сезип, эмне кылаарымды билбей далбастап калчу болдум. Эн окунучтуусу бул суйуум да мага буйрубаган экен. Бул да болсо Кудайдын бир сыноосу болсо керек деп озумду озум алдап койдум.
Кундордун биринде шаардан чет жака жеке жумуштар менен кетууго туура келди. Перизат менен суйлошуп жакшы эле коштошуп кеткем. Ал учурда Перизат экообуз телефон аркылуу байланышып жаттык. Мен кеткенден кийин баягы чогуу келген Айжамал дагы бир курбусу болуп Перизаттын коптон бери дос катары мамиле куруп жургон баласынын уйуно коноко барып калат экен. Ал балдардын ою жаман экенин булар кайдан билсин. Учоосуно уч бала даярдап коюптур. Жок дегенине карабай Перизатты ичирип, мас кылат. Алардын ою Перизатты биринчи колго тушурсо, эки курбусун оной эле колдонмок экен. Перизат ичсе да баардык нерсени билип турган. Дос деп жургон баласы биринчи кол салып, андан аман калган Перизат жакшы корунгон бир баласынан жардам сураса, ал дагы Перизатты зордуктамакчы болот. Буларды кетиргиси келбеген балдар колго тушкон коенду кантип кое беребиз деп дагы бир жолу аракет кылат. Жалынып, жалбарып, ыйлап олтуруп уйдон чыгып аман-эсен уйлоруно келишет. Ошондон кийин болгон окуянын баарын мага Айжамал башкача кылып айтып берет. Жумуштар кобойуп, мен дагы эле шаарга келген эмесмин. Болгон окуяны "агент"
аркылуу суйлошуп атабыз. Айжамал баарын башкача кылып айтып берди. Перизат кыз эмес. Корунгондун алдында калган тебеленди кыз. Балдар менен коп болот. Сени да жон эле пайдаланып журот. Анысы аз келгенсип ичкиликти да укмуштай ичет. Ичкенинин азабынан ушундай жаман жолдо журот деп оозумду ачырды. Эмнеге ушул кылыктарын башында айткан эмес. Ошол эле куну айтса баарын чечишмекпиз го деп бир ишенсем, бирде кантип эле мен суйгон Перизат ушундай кыз болсун деп оюм онго болунуп жатты. Бул нерсени чече албаганыбыздын себеби, менин башка жакта болгонум болду. Канча аракет кылбайын такыр эле шаарга келе албай койдум. Бул жумуш деген нерсе омуру бутчу эмес. Перизатка канчалык ишенейин десем да, Айжамалдын айткан создору кулагыма жанырып туруп алды. Ойлоп корсом Айжамал чынын айтып жаткандай...
Ошентип, Перизат экообуз ошол окуядан кийин каттуу урушуп, суйлошпой калдык. Намысына тийчу создорду аябай айттым. Себеби бул создордон кийин озуно келсе керек деп ойлодум. Арадан эки ай отту. Биздин чырыбыз дагы эле бутпойт. Перизаттын курбусу мен тарапка отуп экообуз тен Перизатты жемелеп журдук. Акыры актана берип чарчады окшойт, "менин жашоомо силер киришпегиле,
кыз болсом да, кыз эмес болсом да ал менин жашоом, кандай жашаганды кааласам ошондой жашайм"-деди.
Кийин Перизат менен агент аркылуу суйлошуп журдум. Баарын унутуп жаны жашоо баштайлы деп канчалык аракет кылбайын мен Перизаттын конулун катуу ооруткан экенмин. Баары кеч болгонун эстегенде озумду-озум жеп салгым келет. Азыр Перизат менден алыстагандан алыстап отуруп акыры туп тамыры менен жок болду... Корсо биз адам баласы пендечилик кылып, жалган жашоодо коп каталарды кетирип, "колунда бар алтындын баркы жок" болот экенбиз да...
Ушактын айынан сүйгөнүмдөн айрылдым... Тагдыр.. журок сыры...
#5 17 March 2015 - 17:02
Ушуга окшош чыгарма окудук элего. Аяягы чынга окшоду бир аз. Сиз да кызык адам экенс озунуздун суйгонунузго ишенбей башка адамга ишенген.
#6 17 March 2015 - 17:13
ишенич гана бекемдейт да суйууну жакшы мамилени а ишенуу болбосо чынында эмне пайда кыз жигит болуунун..
#7 17 March 2015 - 17:17
Ээхх, дегенден башка арга жок.
Ошон учун курбусу менен суйлошбош керек эле. Кыздарда курбу болмок беле. Бири бирин сатып кетет алар ошондой.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#8 17 March 2015 - 18:51
Жаман бүткөн экен. Өкүнүчтүү. Курбусунун айтканына ишенип, сүйгөнүнүн айтып жатканына ишенбей койгону неси.
Бул дүйнөдө эң бактылуу адам - баласы бар адам...
#9 17 March 2015 - 19:28
Окуп олтуруп образга кирип-кетип кино коргондой эле болдум.
Кандай суйгон адамынызга ишенбейсиз деймда, бирок бир жагынан намыстансанызда- керекда.
Келечекте бактылуу болунуз эми! бир эмес эки суйуктуунуздон ажыраптырсыз.
Кандай суйгон адамынызга ишенбейсиз деймда, бирок бир жагынан намыстансанызда- керекда.
Келечекте бактылуу болунуз эми! бир эмес эки суйуктуунуздон ажыраптырсыз.
#10 17 March 2015 - 19:37
Кудай адамга бакытты 1-2 жолу берет экен. Учурунда баалап, сактап калыш биздин эркибиздеги иш. Ушул сыяктуу эле сиз 2 жолку келген доолотунузду учуруп жиберипсиз.
Эки адамдын ортосуна учунчу адамдын ойу артык баштык кылат деген ушул. Коро албастык дагы эн негизги ролду ойногон экен. Аттин... Эмне дейбиз, махаббатын эн негизги туркугу ишеним экенин далилдеген окуя болду.
Эки адамдын ортосуна учунчу адамдын ойу артык баштык кылат деген ушул. Коро албастык дагы эн негизги ролду ойногон экен. Аттин... Эмне дейбиз, махаббатын эн негизги туркугу ишеним экенин далилдеген окуя болду.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#11 17 March 2015 - 19:43
мындай окуя коп болот кызын туурасын айтып жатсада ишенбей каласын жалганга ишенип сен ушундайсын деп урушуп жемелейсин чыны андай эмес экенин ички туюмун сезип турсада ачуун келет эгер чынында башыныздан откон болсо сизди тушуном анан сизди айыптуу депта эсептебейм
#12 17 March 2015 - 20:50
Ишенич болбосо кызганычты женгенге болбойт,анткени кызганыч менде да сенде да бар.
#13 17 March 2015 - 22:24
Суйуу жонундо ечнерсе жазалбайт екем,
Суйуу емне озуу?
Мен да Бирону суйгом 11клты буттуп,94жылкы кызды,2010жылы майда окуну бутком,ал 10 буткон еле,2жыл айылда суйлошуп журдум,2012 27апрельде россияга келе бердим,ошондо акыры жолуу жолукан екен елем ,ошол куну еле аны алып качып кеттиптир еле,досторум азыргача маскылдашат сен просто кыздарга охранник болуп журоо бересин деп,кызка жазганым мн арманым кооп,ТОО мн ТОО жолукпайт,Адам мн Адам жолуган деген да туура соз окшойт,азыр уч жыл болуп калды россияда жургонумо,2 кун алдын иштен кеттип жаттып ошол суйгонуду каяра жолуктурур калдым,журоо сокконун айтпа,колунда бир кызы бар екен,ден солук сурашып суйлошуп,жашоо кандай бактылуусунбу деп сурасам,оа баары Жакшы чыныгы суйуу бул турмуш куруп уйлонуп ,уйбулодон башталат екен дейт,озун кандай журосун емне бактылуусунбу деп кулот,ну мен жашоом жонуундо ечнерсе айталбайм,ак ит кок ит деп баары бир ит деп койсом,сен дагы еле Жакшы суйлоштуу уйронбодунбу деп кулот,кулгону мн козуу озгочо жагат еле,уйронгон адат олгондо калат капа болбо,сен де баары Жакшы болсо менде да баары жакшы болот,давай давай менеен ал кетти автобуста,
Емнеге ак ит кок ит баары бир ит деп жатап,себеби 2суйгон кызымды да оз козум мн жакын бир акам мн кол кармашып кетти
Суйуу емне озуу?
Мен да Бирону суйгом 11клты буттуп,94жылкы кызды,2010жылы майда окуну бутком,ал 10 буткон еле,2жыл айылда суйлошуп журдум,2012 27апрельде россияга келе бердим,ошондо акыры жолуу жолукан екен елем ,ошол куну еле аны алып качып кеттиптир еле,досторум азыргача маскылдашат сен просто кыздарга охранник болуп журоо бересин деп,кызка жазганым мн арманым кооп,ТОО мн ТОО жолукпайт,Адам мн Адам жолуган деген да туура соз окшойт,азыр уч жыл болуп калды россияда жургонумо,2 кун алдын иштен кеттип жаттып ошол суйгонуду каяра жолуктурур калдым,журоо сокконун айтпа,колунда бир кызы бар екен,ден солук сурашып суйлошуп,жашоо кандай бактылуусунбу деп сурасам,оа баары Жакшы чыныгы суйуу бул турмуш куруп уйлонуп ,уйбулодон башталат екен дейт,озун кандай журосун емне бактылуусунбу деп кулот,ну мен жашоом жонуундо ечнерсе айталбайм,ак ит кок ит деп баары бир ит деп койсом,сен дагы еле Жакшы суйлоштуу уйронбодунбу деп кулот,кулгону мн козуу озгочо жагат еле,уйронгон адат олгондо калат капа болбо,сен де баары Жакшы болсо менде да баары жакшы болот,давай давай менеен ал кетти автобуста,
Емнеге ак ит кок ит баары бир ит деп жатап,себеби 2суйгон кызымды да оз козум мн жакын бир акам мн кол кармашып кетти
#14 17 March 2015 - 23:36
И.и жаман болуптур,ошон учун берилип журокту алдырбай эле акыл менен суйуш керек экен да.
#16 18 March 2015 - 08:39
Кызынарды периште кылып алыпсынарго жон эле. жакшы кыз болсо балдардын уйуно конокко барабы эле тентип, дагы жигити бар экен башка. Жаш эле туруп ичкенин айтпай эле коейун эми. Курбусу да андан калышпаган кыз экен тентип жургон.
Силер окунбостон Алладан андан жакшы кыз алышынарды тилелигиле, ыймандуу, айылчылап бироонун уйундо тунобогон, ичпеген-чекпеген.
Силер окунбостон Алладан андан жакшы кыз алышынарды тилелигиле, ыймандуу, айылчылап бироонун уйундо тунобогон, ичпеген-чекпеген.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#17 18 March 2015 - 11:40
Туптуура айтты Айгүл.Жөн кыз караңгыда бирөөнүн үйүнө барабы,пар пар болушуп????
#18 18 March 2015 - 11:55
Жаман эле болуптурда .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#19 18 March 2015 - 11:58
Бул чыгармабы же автордун башынан өткөн окуябы?
Адашпасам бул бала мурда бир тема ачкан беле, ата энем ажырашкан, жалгыз баламын, официант болуп иштеп жүрдүм деп.
Эгер ошол бала болсо окуя өзүнүкү болсо эки тема бири-бирине дал келбей калыптыр, жөн гана чыгапма окшойт.
Айгүл эже туура айтыптыр, менда ошону айтайын деп аткам. Жигити бар, ыймандуу кыз эчкачан эркектердин үйүндө түнөп калбайт!
Адашпасам бул бала мурда бир тема ачкан беле, ата энем ажырашкан, жалгыз баламын, официант болуп иштеп жүрдүм деп.
Эгер ошол бала болсо окуя өзүнүкү болсо эки тема бири-бирине дал келбей калыптыр, жөн гана чыгапма окшойт.
Айгүл эже туура айтыптыр, менда ошону айтайын деп аткам. Жигити бар, ыймандуу кыз эчкачан эркектердин үйүндө түнөп калбайт!
#20 18 March 2015 - 12:18
Жана жигити бар туруп,башка эркек менен кол кармашып журбосо керек.
Сен ал кызды албай эле кой.Аныда озундуда бактысыз кылып,алмага таш ыргытсан шагырап кыздар тушот.
Сен ал кызды албай эле кой.Аныда озундуда бактысыз кылып,алмага таш ыргытсан шагырап кыздар тушот.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















