Сен дейм. Биз жакта сен эле дешет
Күйөөңүздү сиз дейсизби?
#544 08 Август 2018 - 11:57
Биринчи 5 жылда атын айтып ака дечумун. Бойдок убакта айтып уйронуп калсам керек. Азыр жон эле сиз дейм оюмдан чыгарып аркыл аттарды коюп алып.
#545 08 Август 2018 - 16:30
Менин келинчегим жаны уйлонгон кезде "сиз" деп эле жургон, азыр ойлосом качантан бери "Сен" деп атымдан айтып калды билбейм))))
Здесь зверски было убито время
!!!
#546 08 Август 2018 - 17:33
эээ не кыйналасынар турмушка чыккыла дагы ошо жерде ака десе ака ука десе ука ини десе ини деп батышып кете бергиле дагы комнатана кирип алып сиз сен денгендер жакпаса экообуз деп алгыла силерди эч ким урушпайт
#547 08 Август 2018 - 17:35
бирок аканиз баланыз уканиз десе жылуу угулат анан балдарын тороп чонойтуп алып сиздикимес биздики дегендей кылып атасына отушот негизи бактылуу болушсун ар бири
Билдирүүнү түзөткөн: nice.love: 08 Август 2018 - 17:37
#548 08 Август 2018 - 17:36
мындай карап корсом тундук туштук деп болупсунор 2 жактын тен козу мн карап кордум так кесе сеники туура деп эч ким айта албайт. кимге ынгайлуу болсо айта берсин.
#549 31 Август 2018 - 15:00
5жаш улуу менден сиз дейм. Сиз деген жакшыго. Балана суйлогондой сен десен болбойтго. Эээй эркелеп суйлогон жагат.
#550 01 Сентябрь 2018 - 22:32
Сиз дейм. Урушканда сенсирейм жогоруда бирөө айтмакчы.
Ушул адатымы таштай албай койдум эч)
Ушул адатымы таштай албай койдум эч)
#551 02 Сентябрь 2018 - 14:18
Үч жаш улуу. Жаңы таанышканда сен дечүмүн. Кийин өзү айтып жүрүп сизге көндүрдү. Турмуш кургандан бери бир да сен деп, атынан айта элекмин.
#552 30 Октябрь 2018 - 12:08
Сиз дейм)
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#554 30 Октябрь 2018 - 13:06
Бойдок кезде сен дечумун.Азыр сиз дейм.Акаңиз,
үкаңиз деп сүйлөйм кайынжуртка да.
#555 30 Октябрь 2018 - 13:24
сиз сен аралаш айта берем унчукпайт.Суйлошуп жургондо только сиз дечумун.Азыр сен деп аралаштырып кошуп суйлой берем.
<здрасьте
#556 30 Октябрь 2018 - 22:38
Сен деп эле айтат экенмин.Жаны уйлонгондо байке сиз дечумун.Ошол убакта озуно жаман угулса керекда же ынгайсыз болсо керек.Сиз байке дебей эле атыман айтып сен де деген.Ошондон бери сиз сен болуп журуп эми сен деп калдым.
#557 31 Октябрь 2018 - 13:38
Сиз дечумун.Эки жылдан бери сен деп уйронуп алып сиз дей албай атам.
#560 02 Ноябрь 2018 - 20:20
Маанай жакшы учурда жаным, атасы деп кайрылам, сиз дейм. Урушуп калсак эйй деп калам, бирок сен дебейм.