Бекмырза РАХМАН уулу
Министрдин кызынын махабаты
I бөлүм
Онунчу классты бүтүргөн соң, аттестатты чөнтөккө салдым да,көптөн көп көрсөм деп эңсеген Бишкекти көздөй сапар алдым...
- Жоробек, Жора ким? - деп чебелектеп,
модалуу көз айнектагынган,
мини юбка кийген шумдуктуудай сулуу кыз автобекетке токтогонавтобустун эшигинде турду. "Тосуп алабыз, коркпой келе берсин" - депапамды ынандырган бир тууган таежемдин тоолуу Нарынды көргүсү келбеген эркекызы Мадина ушул экенин байкадым. Таежездем - министр. Аты - Эмил. Менитандаган окуума жөн эле өткөрүп коймок...
- Мен...
- Түш, кеттик!
Эрке кыз мага тигиле да, таңдана да, сынай да караган жок.Кара, шиш такалуу туфлисин тарсылдата астыма түшүп, ылдам кетип баратты.
Апам байкуш жесирлигине карабай "куру кол барганыңуят"
деп, курут, бир карын май салып берген. Азык-түлүк, кийим-кечелеримсалынган ошол асынма сумка, окуу китептери шыкалган эски, кара дипломатсалмагын салып, ылдам басышыма жолтоо болуп жатты. Жайкы аптаптуу күндүнысыгынан улам денемден тер куюлат.
- Бол, кыбырабай.
Бизди кочкул күрөң түстөгү иномарка жол жээгинде күтүптуруптур.
Рульдагы мени менен теңчамалаш аппак жүздүү, кырдач мурун сулуу жигиткабинадан элпек чыга калды да, машинасынын багажын ачты. Мадина:
- Сал жүктөрүңдү,
- деди буюра сүйлөп.
Бак-дарактуу,
көп кабат үйлөрү көп шаар ой-санаамды бийлепалды.
Жол бойлорундагы кооз дүкөндөр, катар тизилген түркүн түстөгү комоктор,базарлар,
кымгууттанган ар түрдүү машиналар көздү азгырып, аларга кызыга карапбараттым.
Мына, мен эңсеген, ак эткенден так эткен шаар! Жарашыктуу кийинишкен,
келишимдүү бой-келбетине азгырган шаардыктарды көрүп, абдан суктандым. Буюрса,мен да шаардык болом!
Алдыңкы орундукта отурган Мадина сигарет тутандырды.
Кызгылткүрөң лак менен боөлгон узун тырмактуу манжаларына кыстарылган тамекиге чочулайкөз жүгүрттүм. Тоодо кыздар тургай аялдардын тамеки тартканын көргөн эмесэлем... "Таежем кандай турат? Жолдо кыйналган жоксуңбу?"
- деп сурайтго деген үмүтүм ташкапты. Шаардык кызды апасынын туугандарынын жашоо-тиричилиги,
аман-эсендиги,
дегеле тоо тарапта да жашоо бар экендиги кыпындай дакызыктырбагандай көрүндү.
Зыпылдап учкан иномарка беш кабат үйдүн алдына келиптоктоду.
- Тиги подьездден кирип, 3-кабатка көтөрүл, 12-квартира.Апам күтүп жатат, түш. Эрик, багажды ачып бер! - деди Мадина"бычокту"
машиненин күлтүшүргүчүнө салып жатып...
Мончого түшкөн таздай тердегенимди көргөн таежем чочупкетти:
- Ап-пей, Жоробексиңби?
Мадина кана?
- Бир жактарга кетти окшойт.
- Кайда барарын айтпадыбы?
- Жок, айтпады.
- А өлүк-тиригиңди көрөйүн, жанагыл шыпааналарына дагы кеттиокшойт!
Кир, кирегой ичкери! Эжем кандай жүрөт? Ден-соолугу жакшыбы?..
...Тири укмуштуу жасалгаланган беш-алты бөлмөлүү үйдүн ичинкөрүп, оозум ачылып калды. Бары-жоктун бардыгы турат. Бардыгы орду-ордунда,
таза,жаңы. Таежем мага даярдаган бөлмөсүн, андан соң ашкананы, ажааткананы көрсөттүда,
бир аз эс алган соң, чайга келишимди өтүндү.
ххх
...Министр таежезде өтө кеч келди. Эки-үч солидный кишилерузатып алган. Абдан кызуу. Тигил жандоочулары жолуна түшөрү менен таежем менижетелеп кирди.
- Эжемдин баласы Жоробек келди, сага учурашам деп турат.
- Жоробек?! Аа, чо-оң жигит болгон турбайсыңбы!
Аз-замат!Келчи бери?
Мени билектен апчый кармап, өзү отурган жумшак, кооз дивандыкарай тартты. Күтүлбөгөн булкуудан улам ал кишинин чоң курсагын таяна отурупкалдым.
Бетимден калың эриндери менен балжырата-балжырата өптү.
- Сатыкем алтын киши болчу! Азамат киши эле, ээ, Алма? Ошолкишинин чоң жардамы менен киши болгомун. Болбосо бир гөржаман болот элем! Сенинатаң менен апаң эт, май, курут ташып жүрүп Алма экөөбүздү окуткан, туурабы,Алмаханум?
Мен эми сени окутам. Алтын киши, алтын киши, кайран гана алтынбажам!
Сени юрфакка өткөрөм. Уулум болуп жүрөсүң! Менин доорумда дуулдапжашайсың!
Бир-рөө-ө мышыгыңды "пыш" дебейт, уктуңбу? Бир-рөө-ө!
.. Аменин уулум жок. Мына бул таежең, энеңди урайын, "уул төрөйм, ана төрөйм,мына төрөйм" - деп жүрүп тажатты. Быйыл у-уул төрөп бербесе, токол алам!Жамишти алам!..
Жамиши ким экенин түшүнбөдүм.
Таежем гана:
- Ачууланганда көтөрүлүп кетет, көңүл бурба, мас болобаштаган тура. Эмике, Эмике, жүрү эс алчы! - деп таежездеме үйрүлө калды. Менжылып чыгып кеттим.
ххх
Шаарга келгениме бир жума болуп, көз көнүшүп, көңүлтынчтанып калды. Күндө түстүү телевизор аркылуу видиктен ар түрдүү детективдерди,
боевиктерди көрүп жыргайм. Үйгө жакын жерде орто мектептин имараты жайгашыптыр.
Эртең менен спорттук аянтчасына барып машыгам. Келип душка түшөм. Кыскасы,жыргал замандын бир четин көргөнсүгөнүм менен бирге тамактанып,
бир үйдөжашасак да таежемдин кызы менен мамилем жылыбай койду...
Бир күнү:
- Жора, бас бери, - деди чукчуңдап. Кооптоно жанына басыпбардым.
Он, он беш мүнөт мурда үйгө түндө адаттагысындай кеч келгендиги үчүнтаежем катуу жемелеген болучу. Ошол үтүрөйгөн калыбынан жазбай туруп:
- Бул эмне? - деди.
Жуунгандан кийинки көбүктүү самын суу ваннанын капортосунанболуп,
көлкүлдөп туруптур. Карабасып, агызып жиберем деп жатып, эсимденчыгыптыр.
- Унутуп калыптырмын,
азыр...
Ал мени жаман көзү менен жактырбай карап турду да, мурдунчүйүргөн бойдон басып кетти...
Диванда окуу китептерин чачып алып, даярданып жатсам,бөлмөмө таежем кирди.
- Жоробек, алтыным, Мадина Улуттук китепканага барчуумун депжатат. Сен кошо барчы. Чогуу даярдангыла.
Башка жактарга дейди басып кетип,кечээгиндей кеч келип жатат.
- Барайын, таеже.
Эрке кыз бир топ кармалып жатып, бөлмөсүнөн араң чыкты.Чыкты да мени табы сүйө бербей карап турду.
- Жайкы жынсың жокпу?
- Жок...
- Жеңи чолок көйнөгүң барбы?
- Ж-жок эле.
- Ушул айылдык кебетең менен китепканага барасыңбы?
Эң жаңы, жакшы деп эсептеген эки көйнөгүмдүн бирин кийгенэлем.
Эмне кыларымды билбей мукактанып туруп бердим.
- Мама, Жора менен барбайм!
- Дагы эмне болуп кетти? - деп таежем ашканадан чыкты.
- Современный кийинбейби,
карачы кебетесин?
- Көп жинге тийбе! "Бөйрөктөн шыйрак" чыгарганыңдытоктот!
Чыкыйып, сопсонун болуп турбайбы!
Жөнө, жөнөгүлө!
Министрдин эрке кызы канткен менен эпке көндү.
Экөөбүз бийик карт дарактуу көчө менен китепкананы карайбараттык.
Бишкек бак-дарактуу,
күнөстүү, кооз шаар экен... Мадинанын жанагылорой мамилеси гана көңүлдү оорутканы болбосо... Ал мени тоготмоксонго салып,эки-үч кадам алдыда... Мунусу кайра мага майдай жагып, өзүмдү эркин сезипбараттым.
..
Куйругун араң жапкан мини юбкасы, узун, түз буттары,далысына түшкөн тармал чачтары өзүнө абдан жарашат экен. Кайкалай, ишенимдүүбасышы канткен менен мени суктандырды.
Кызыктыра басканды үйрөнүп алыптыр.
Ал чочугандай шарт токтоду да, мага бурулду:
- Акчаң барбы?
Апам: "Алмага бекем каттырып коюп, четинен үнөмдөппайдалан"
- деп берген 3000 сомду таежеме берип, 100 сомун алып калдымэле.
- Балмуздак жейсиңби?
- Жок, так#### жетсе болот.
- Такси канча алат?
- 30 же 40 сом.
- 100 сомум бар.
- Давай, Эриктикине барабыз. Классташтар бүгүн анын үйүндөчогулмакпыз.
Бийлейбиз, көңүл ачып отурабыз?
- Таежем урушат. Экзамендерге да даярданышыбыз керек...
- Таежең дүрбү салып, карап отурат дейсиңби? Кеттик...
Ал менин жообумду күтүп отурбай, чоң жолго жүгүрүп чыгып,такси тосо баштады.
- Папам экзаменсиз эле өткөрүп коөт. Такси, такси!..
Көп өтпөй каалгасы лакталган рейкалар менен кооздолгонэшиктин коңгуроосун басып турдук. Эмнегедир кооз эшиктин ачылышы тозок болду.Шарак-
турак болуп жатты. Катары менен төрт-беш каалга ачылып жаткандайсезилгени менен, болгону экөө гана экен. Ичкеркиси - брондолгон.
Чамасыкулпунун бири бузук сыяктанат. Мадинанын айтканына караганда үйдү ата-энесиЭрикке туулган күнү үчүн белек кылыптыр...
Чачтары үрпөйгөн Эрик көрүнүп, мени сүйө бербей карады.Мадина экөө ооздорунан эки ирет өбүшкөн соң, аны өткөрүп жиберген ал саламдашышүчүн сунган колумду жоопсуз калтырып, алдымды тороду:
- Сен кайда?
- Мадина менен келдим.
- Келсең, анда ал чыккыча сыртта күтүп тур.
Ал эшикти жапмакчы болду эле, нары жактан Мадина үн салды:
- Эй, киргиз, киргиз аны.
Министрдин кызынын махабаты Бекмырза РАХМАН уулу
#2 11 July 2012 - 12:32
- Болбойт.
- Мамам кошуп берди.
Ошондо гана мисирейген суук көздүү, текебер шаардык жигит,ооздон кийин боло берди.
Жасалгасы Эмил таежездемкинен кем калбаган үч бөлмөлүү үйгөкирдим.
Жумшак, кайыш дивандарда мен курактуу жети-сегизбалдар- кыздар отурушуптур. Бардыгынын колдорунда тамеки. Батыш өлкөлөрүнүнжаштарына окшоп кийинишкен. Тикие караган шаардыктардан өзүмдүн жупуну кийимимменен сүрдөп тургансыдым. Салам айтсам эптеп алик алымыш болушту. Ортодогужапыз чоң столдо кыя кесилген колбасанын түрү, ар кандай консервалар, банкаларбатпайт. Светомузыкалуу магнитофондо чоочун тилдеги обон акырын сыбызгыйт. Меничоочунсунта тоготпой кабыл алган бул компаниянын ичинде көзүмө ысык көрүнгөнүкүрөң түстөгү жапжаңы гитара болду...
Шаардын ысыгына көнбөй көл-шал тердеп, утур-утур бетаарчы мененсүртүнгөн мени капарларына да алышпай, өз ара аркы-берки сөздөрдү сүйлөшүпотурушту. Кимдин эмне жеп, эмне коюп жатканы менен эч кимдин иши да болбоду." Портвейн" деген жаңы чыккан винону мактап, ошодон татып коюпотурушту. Менин тоонун шар суусунан башканы ичип көрбөгөн айылдык классташтарымчекмек турсун эмдигиче ичимдиктин даамын татып көрүшө элек.
Ичпей отурганымды Зина деген сулуу кыз байкап калды көрүнөт:
- Сен эмнеге ичпей отурасың? - деп сурап калды.
Кайсы бир математик "чукча" деген кличкалууэжекенин жоруктарын жыргап айтып отурган классташтардын уу-дуусу тып басылды.
- Ичип көргөн эмесмин...
Отургандар бири-бирин таңкалыштуу карап коюшту. Эмнегедир" ич" деп кысташкан жок. Мага мунусу жакты.
- Жораны жайына койгула, андан көрө, Тампо, бир ырдап койчу!- деди Мадина күтүүсүз сунуш киргизип. Эриктин колтугуна ыктай отурган анынбактысы тоодой эле. Мен дагы анын сунушун ичимден колдодум, анткени, качан ыргакөңүл бурушар экен деп отургамын.
Тампо тамекисинин калганын маалката соруп, бир мүнөтчөотурду да, жакын турган гитарага кол созду. Ийнине боосун асынмагы тозок болду.Эмнегедир бары жайында турса дагы, ийнин күйшөгүлөп, кайра-кайра оңдонуп, менибушайманга салды. Ошентип жатып, маалкаткан Тампо чала күүлөнгөн гитараныургулап, мага тааныш эмес орусча бир ырды мыңкылдап ырдап кирди... Сөзүн такайтпай ушинтип ырдагандарды Сагын аке: "Мыңкылдабай сөздөрүн так, даанаайтып ырдабайсыңбы! " - деп зекип калчу. Сагын аке демекчи... Сагын акеатамдын бир тууган агасынын эң улуу баласы. Аскер-Деңиз флотунда үч жыл кызматөтөп келген соң, областтык спорт комитетинде каратэ боюнча тренер болуп иштептуруп, анан биздин мектепке дене-тарбия мугалими болуп келди. Эмгекчил, чарчоодегенди билбеген өжөр, өтө универсалдуу жигит. Сагын акедей болобуз деп эмнелердигана жасабадык. Спортту, музыканы, мергенчиликти жанындай көрөт. Айылдык төртжигитке, айрыкча мага гитара ойногонду, каратэни, аңчылыкты үйрөтүп, төрт-бешжыл тер төктү...
Тампо акыры мыңкылдаган жагымсыз ырын эптеп бүтүрдү. Чындапжактыбы же калп болсо да көңүлүн көтөрүп коөлу дештиби, айтор:
- Азамат! - дешип жапырт бир ооздон мактап калышты.
Мадина ордунан тура калып, бешенесинен өптү. Тынчтыкты Зинабузду.
- Жора, айылда силер да ырдачу белеңер?
- Албетте.
- Анда ырдап бербейсиңби бизге? Бирибиз да кыргызча ырдайалбайбыз.
Мен гитарага кол создум. Тампо берер бермексен болуп,мыскылдуу карап турду.
- Бер...
- Бер, берчи...
Гитараны эң биринчи жакшылап күүлөп алдым да, БолотТоктобаевдин "Коштошуу" деген ырын баштадым. Алгач үнүм бир азкысылып барып, анан кайра ачылып кетти...
Бизди кошчу жолдор алыс
Ал жолдордой айрылабыз.
Өмүрдө жок колдон алып
Ал күндөрдү кайрып алыш.
Шаардыктар кызыгуу менен карап турушту. Эргип ырдап жатыпмага суктанган, таңданган, эриген көз караштарды учураттым. Айылдыктар Бельгиянынсырын, япондуктардын кара икрасын жебегени менен көп нерсеге шыктуу келеринмыкчыгерлердин көпкөн балдар-кыздарына туюндуруп койгум келип, өтө берилүүменен үн созуп жаттым. Ыр жагып турду окшойт, пейилдери, жүрүш-турушу орусболгону менен дили, түпкүлүгү кыргыз шаардыктар ийип, ынтаа коө угуп турушту.Өкүнүчтүү сүйүү, качандыр бир көңүлдө калган элестер, кайрылып бир бирикпегенайрылыш жолдор сыяктуу тагдыр барын ойго батырды да, түнкү токойдойтунжуратты. .. Обонду жеткире ырдай алдым көрүнөт, ыр бүткөн соң бир канчасекунд аралык кыймылдабай каткан бойдон турушту да, шатырата кол чаапжиберишти. ..
Жүдөгөн, салаа-салаа тер куюлуп сүрдөгөн, өзүн камсоо сезгенайылдык тартынчаак жигитти сүйө карап турушту.
- Чудо?!.. Келчи, мен сени келиштире бир өөп коөюн!
Жымжырттыкты ордунан "селтең" этип тура калганЗина бузду. Ал вино буркураган назик, ысык эриндери менен өөп-өөп алды.Өмүрүмдө мындай компанияда отуруп, өптүрмөк турсун өөп көрбөгөн жаным, сүрдөп,андан бетер терге чыланып жатып калдым...
- Дагы, - дешти кыздар. Эрик, Тампо баш болгон эркектерунчуккан жок. Чамада кыздардын баарынын мага ыкыс берип, менин алардын заматтакөңүл буруусуна арзышым жакпай калды көрүнөт...
Көпкө чейин ырдашка туура келди... Зина эмнегедир жанымдаотурган бойдон кетпей койду.
Ырдан соң, бийледик, андан соң видиктен "ТаңкалыштууАзия" деген документалдуу фильм көрдүк. Кыскасы, көңүлдүү кече аяктап,кете турган да мезгил келип жетти.
- Мадина, жүргүн?
Ал кызуу болуучу, дивандын кырына жөлөгөн башын буруп, меникөңүлсүз бир карап койду да, үндөбөй көзүн жумду.
- Кечигип калдык, тур, таежем тилдеп жүрбөсүн?
- Кете бер. Мен кийин барам...
Балдар-кыздар күзгүлөрдү короолоп, чач-пачтарын таранып,оңдонуп- түзөнүп жаткан.
- Үч күндөн соң - меникине! Жора, сен сөзсүз келгин. Келбесеңмилиция менен издетем! - деди Зина астейдил.
- Барам.
Бардыгы кетишти. Үчөөбүз гана калдык.
- Сен кете бер...
- Мадинасыз карыш да жылбайм.
- Мен машина менен жеткирип коөм.
- Сен массың, рулда отурууга болбойт.
- Сен эмнени билет экенсиң?
- Өзүмө жараша... Мадина жүргүн? Таежем күтүп калды.
- Эй, сөздү уккун да, жолуңа түшкүн. Биздин ишибизгеаралашпа!
Башка кыздарга салыштырмалуу анын эмнеге көп ичкенин, акырыэмне үчүн тез мас болгонун түшүнгөн жокмун. Мен ага эңкейип, эки колунан тартыптургузмак болгондо Эрик түртүп жиберди.
- Жоголгун.
- Жоголбойм.
- Былжырабай жолуңа түш! Буга чейин деле калып жүргөн!
- Бүгүн калбайт!
Эрик мени эки каруумдан кармап, түртүп чыгаргысы келди,бирок айылдын кара жумушуна бышып, Сагын акенин катаал тренировкасынан өткөнмени кыймылдата да албады. Аппак жүздүү, модалуу прическалуу, моюнуна алтынчынжырча салынган бул жигит алсыз, күчсүз колдору, борпоң дене түзүлүшү менензаматта көзүмө бечера, байкуш көрүнүп кетти. Ал дагы менде кандай гана уюганкүч жатканын сезди окшойт, тайсалдап калды...
Таежемдин чыйпылыктап, кызынын баскан-турганына чейин киришебергенинин төркүнүн эми түшүндүм. Көрсө, жалгыз кызы үйгө келбей, келсе да ичипкелип, оюн онго, санаасын санга бөлүп жүрүптүр.
ххх
Эртең мененки чайга отурдук. Буурул чачтарын артка тараганолбурлуу таежезде жуунуп-таранып болгон соң, столго жай басып келди. Мени мененбаш ийкешип учурашты да, таежем бүлдүркөндүн вареньесин кошуп берген ысыкчайдан шурулдата ууртап кирди...
- Жоробек менен Мадина кечээ кечке чейин китепканададаярданышты, -деди таежем биздин арыгыбызды чаап.
Бетим чымырай түштү да, башымды өйдө көтөралбай калдым.
Мадина англисче атасына бир нерселерди көпкө чулдурады эле,ал киши кыска гана:
- Жок, - деп койду.
Бизди англис тилинен 5-класста чала-моңол окутушкан.Эжекебизди экинчи айылга бирөө ала качкан соң, жөн калганбыз. Ошон үчүн эчнерсе түшүнгөн жокмун.
- Эрик-америкага, Нуржан-Германияга окууга кеткени жатат.Мен жок дегенде Москвада окушум керек!
Эрди-катын бири-бирин үнсүз карап коюшту.
- Кызым, атаң экөбүздүн караган тиктегенибиз, көзгөбасарыбыз жалгыз -сенсиң. Сен алыс кетсең, биз кантебиз? Акча аяган дележерибиз жок...
- Күйөөгө тийсем, эмне, кошо кетесиңерби?
Мадина ордунан тура калды да, колундагы бырышкан салфеткаменен стол үстүн бир урду.
- Жалгыз менин көзүмдү карабай, көп төрөсөң эмне болот эле!?
Ачууланган бойдон чыгып кетти.
- Же жөнөтөлүбү? Чет тилин да жакшы бүттү, - деди таежем биртоптон соң.
- Кыз кишиге ал жакта суутуп коюптурбу, эркек болсо бир жөн.Бишкекте окуйт, - деген таежезде мага бурулду, - Жоробек, сен кайсыгатапшырайын дейсиң?
-Филфакка.
- Журналистика бөлүмү жарайбы?
- Жакшы болот эле...
Министр таежезде башка сүйлөгөн жок. Качан гана чай ичипбүткөн соң:
- Бир жерге барабыз, кийин, - деди.
- Чочкоканагабы? - деди таежем элейе, - Экзамендерге азкалды даярданбайбы?
- Жоробек даярданып койгон...
ххх
Шаар четиндеги дачага кара "Вольво" көзачып-жумганча жеткирди. Бизди сакал-муруту сапсайган Андрей деген кары орустосуп чыкты. Муруну помидордой кызарат. Өтө көп ичет көрүнөт...
Дача дегени подвалы, үч-төрт бөлмөсү, сарайы бар,бак-дарактуу үй экен. Короого кирдик. Сасык жыт "бур" дей түштү.Сарайды төрткө бөлүп, төртөөнө тең ботала болгон кертмек мурун чочколорду камапкоюптур. Атын угуп жүргөнүм менен, өздөрүн биринчи көрүшүм. Жытына жан чыдапболбойт. Андрей чочколорду багып, аларды төлдөтүп, кээде союп, базарга алыпчыгып сатып турат экен. Бир тууганда жети-сегизди, кээде андан көп торопойтууган чочколор министр таежездемдин чөнтөгүн толтуруп турат окшойт.
Бир жашик вино көтөрүп кирген шоопурду көргөн Андрейкубанганын жашырган жок. Чамасы, өмүрүнүн калганын ушул чочкоканада өткөрүүнүойлогон ага винодон өткөн жыргал жок сыяктуу. Мени тааныштырды.
- Мындан кийин ар ишемби сайын эртең менен ушул жигит келиптурат. Базарга чогуу чыгып, сооданы бирге жасайсыңар. Акчаны ушул жигиткеберип, кем-карчы болсо айтып турасың, түшүндүңбү?
- Баары түшүнүктүү, шеф.
Кайра артты карай жөнөдүк.
- Ар жумада ондон торопой сатылат. Ар бири орто эсеп менен500 сомдон сатылса 5000 сом болот. Аны мага тапшырып турасың. Дежурный машинаныжума сайын жиберем, сенин карамагыңда болот. Барган сайын канчоо тууду, канчаболду так эсебин алып тур. Дагы, ичкен-жегениңе, кийимиңе мен акча берем,эжемден бир тыйын алчуу болбо! - деди таежезде.
ххх
Зинанын атасы ички иштер министринин замы экен. Өткөндө," Жора, сен сөзсүз келгин, келбесең милиция менен издетем" дегенининжөнү бар болуп чыкты. Зина да бешенелүү кыз экен. Өзүнө таандык үч бөлмөлүүүйдүн ичи чет өлкөлүк мебелдерге толуптур. Килемдер жерде төшөлөт.
Классташтар гимназияны он бир жыл чогуу окуп ажырашаарда, арбири бирден үйлөрүнө чакырып, сыйлоону эп көрүшкөн окшойт. Вино ичишти,бийлешти, Тампо экөбүздү ырдатышты...
Эмнегедир бул күнү Мадина маанайы чөгүңкү отурду. АдатынчаЭрикке алчаңдап, обу жок эркелеген жок. Колтуктан ийе тарткан анын колдорун:" Жөн отур" - деп эки-үч жолу түртүп койду. А Зина бий учурунда мениээрчитип алып, өзү жаткан бөлмө, үй-бүлөөлүк альбому менен тааныштырды. Экөбүздиванда катар олтуруп калдык. Мындай учурларда көңүлү жакындар бири-бири мененөбүшүп койсо өрөөн көрүшпөйт экен. Зина болсо абдан ачык, тартынбас, шарсүйлөгөн кыз болуп чыкты. Винонун таасириби же чындап жагып калдымбы, айтор, алийниме баш жөлөдү да, уйкуга кеткендей түр көрсөттү. Мен ысыктан улам күндөгүдөйпайда болгон мойнумдагы терди аарчып алуудан чочулап, кыймылдабай отурдум.Бакыраң көз кыздын ысык мамилесине ичим жылыды. Чын эле, сүйүп калдымбы? Сүйүүушундай болобу?..

Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
#3 11 July 2012 - 12:33
- Зина, - деди Мадина бир аз орой үн менен, - Жораны жайынакой...
- Эмне деп жатасың? - деди Зина ийнимден шарт башын көтөрүп.
- Эрмекти таштадыңбы?
- Сенин ишиң канча?!
- Башын айландырба. ..
- Өзүңдү бил... Жүр, Жора, менин бөлмөмө!
Колумдан алып, жанагыл мага тааныштырган күзгүлүү бөлмөсүнөбаштап жөнөдү, кирдик. Зина мага тигиле карап калды да, көкүрөгүмө колдорункойду.
- Сүйгөн кызың барбы?
- Ж... жок.
- Өбүшүп көрдүң беле?
- Жок...
Ал көздөрүн жумуп, эриндерин мага жакындатып келатты...
Ошол учурда эшик ачылды да, Мадина кирип келди.
- Жораны жайына кой дебедим беле?
Зина сүйкүмдөнө карап турду да, шарт бөлмөсүнөн чыгып кетти.
- Жигити бар. Хулиган неме. Билсе алдагы мойнуңду бурапташтайт. .. Жүр, үйгө кетебиз.
Ал менин жакамды оңдогулап койду. Чыгып бараткан бизди Эрикменен Тампо токтотту.
- Мадина, кайда жөнөдүң?
- Кетебиз.
- Ансыз деле туш-тарапка тарап кетип жатабыз. Акыркыжумаларда классташтар чогуу бололу дебедик беле?
- Бүгүн боло албайм.
- Эмне үчүн?
- Маанай жок...
Биз жөнөй бергенде Эрик мени билектен кармап токтотту.
- Сен аралашканы биздин компаниянын ыркы кете баштады,экинчи келбегин!
- Мисалы, мен эмне кылдым?
- Ыркты буздуң!
- Кантип?
- Ошентип!
Сөзгө Мадина аралашты.
- Эрик, кекетпей сүйлөгүн! Келтирип келтирбешти мен чечем. Асен кийлигишпегин!
- Ушул тоолук менен кошо жогол анда!
Эрик мени ичке сөөмөйү менен көкүрөкө түртө сайып-сайыпалды. Каным кызып кетип, анын колун толгой кармадым да, артын каратып туруп күчменен түртүп жибердим эле, дубалды катуу сүзүп, отуруп калды. Ошол учурда оңкөзүмдөн от чагылыша түштү. Тампо муштап жибериптир. Аны салып жиберет депкүткөн эмесмин. Жазгап келип ээктен ары бир тептим эле, учуп түштү. Тап берипкеле жаткан Эрик тайсалдап калды.
- Кир үйүңө, аман кезиңде!
Видик көрүп отурган классташтары ортого түшүп, биздиажыратып калышты. Көзүм көгөрүп, канталап кетиптир...
... Таежем ашканадан чыга калды да:
- Коку-уй, ботом, көзүң эмне болду? - деп үйрүлүп түшүпкалды.
- Автобустун кармагычын уруп алды.
- Кантип?.. Ушу сенин жанагыл шыпааналарыңдын колунан келди,дейм, ыя?
- Качан болсо күнөөкөр- мен.
- Бирөө түртүп жибердиби?
- Жок, чалынып кеттим...
- Этият болбойсуңбу, балам-ай, эптүү эмес көгөрсөчү!
Акыры таежем да тынчтанып, ашканасын карай басты...
ххх
... Түн бир оокумда бөлмөмдүн каалгасы акырын ачылып, Мадинакирди. Ич көйнөкчөн. Терезеден айдын нуру түшүп турган.
- Жора?.. А Жора?
Башымды көтөрдүм.
- Уктай элексиңби?
- Жок...
Ал жанымдагы жөлөнгүчү бар стулга чалкалай отура кетти. Аккөйнөктөн булайган аппак буттары ай нуруна чайканат.
- Уйкум келбей койду...
- Менин да.
- Эмнеге?
- Билбейм... Эрик экөөңөрдүн мамилеңерди бузуп койдумокшойт.
- Аа-й, койчу ошону, өпкөсүнөн башка эч нерсеси жок.Бара-бара көзүмө жек көрүнүп баратат...
Унчукканым жок. Кыйлага чейин унчукпай турдук.
- Айылга эмне үчүн барбай жүрдүң?
- Жакпайт...
- Эмнеси?
- Чаңы...
- Биринчи классты бүткөн жылы баргансың. Жайлоодо болчубуз.Бир колотто сары, биринде көк, да биринде ак майда гүлдөр бар эле. Керели кечкегүл терчүүсүң, колуңдан бир букет гүл түшчүү эмес...
- Анча-мынчасы гана эсимде калыптыр: чаң уюлгуган жолдор,жаман тамдар...
- Айылдан алыс калдың, жакшы нерселер ошол жакта: таза аба,таза суу, эли аккөңүл, адамгерчиликтүү. .. Сен биздин көкбукадан коркупыйлаганың эсиңдеби?
- Эсимде...
- Экөөбүз көпөлөк кубалап жүргөнбүз. Алдыбыздан уйларжолукту. Биздин көкбукабыз "үү-үв" деп уйларга өкүрсө, бул жактатуруп сен коркуп, мага далдоолонуп алып ыйлагансың. Көкбуканы таш менен урам,же анымды тиги тоготуп койсочу...
- Көрсө, жанымдагы тоголок кара бала сен турбайсыңбы?
- Ошол мен болчумун. Кыпкызыл көйнөк, жоолук салыныпбаргансың. Бетиң толмоч, аппак кыз элең...
Дагы бир далайга чейин унчукпай калдык.
- Көзүң оорубай калдыбы?
- Жок...
- Тамподон балдардын баары коркчуу. Сен кыйын мушташаттурбайсыңбы?
- Машыккамын.
- Айылдабы?
- Албетте... Андан көрө Зина жөнүндө сүйлөп берчи?
- Э, койчу ошол Зинаны... Жеңил неме. Сага жагып калдыбы?
- Эмне десем, жароокер кыз экен...
- Ал эркектин баарына жароокер... Мен кеттим, жакшы жат.
- Өзүң дагы.
Мадина дабышсыз чыгып кетти. Кулк-мүнөзү кескин өзгөргөн агаичимден таңкалдым. Зинаны эмне үчүн жаман көрөрүн бир аз түшүнгөнсүдүмокшойт. ..
ххх
Ак үйдүн ар бир кабаты мрамор таштар менен ар түрдүү ,улуттук орнаменттер түшүрүлүп кооздолуптур. Полдоруна килем төшөлгөн.Тепкичтери жалтылдайт, этияттап баспасаң бутуң тайып жыгылчудай сезилет...
Министр таежездемдин кенен, жарык, кымбат баалуу, өтө коозмебелдерге толгон кабинетине кирдим. Ал киши мени четирээктеги дивангаотургузду да, өзү столуна өттү. Адам жүзүн өзгөртсө тез эле башка адамгаайланып калат тура. Үйдө кызуу кезинде барбалаңдап, жаш баладай убадалардыберген таежездем столуна отураары менен тез эле жүзүн тик карап турууга болбойтурган сүрдүү адамга айланды да калды...
- Сансызбай Кебекбекович келди, - деди аппараттан секретарькыз. Таежезде ордунан козголбой туруп бир нерсени колу менен басты да:
- Кирсин, - деп бурк этти.
Ошол замат эшиктен элеңдеген, бир нерседен чочулаган,көзайнекчен арык, кашка баш киши пайда болду. Университеттин мугалими экен.
Кары мугалим ордунан турумуш болгон министр менен жүгүрүпбарып эңиле-эңиле учурашты...
- Ушул келишимдүү жигитпи иниңиз?
- Ооба...
- Жакшы, жакшы, абдан жакшы...
- Журналист болом дейт. Аты - Жоробек, фамилиясы-Сатылганов.
Профессор блокнотуна бир нерселерди шыпылдата жазып алыпжатты.
- Ал эми декандык орунду уулуңузга ыйгаруу тууралуу ректорменен сүйлөшүп койдум. Менимче сиз менен макулдаштык го дейм, СансызбайКебекбекович?
- Макулдашпай анан! Жоробек дедиңиз, э? Жоробек, бул менинвизитный карточкам. Эртең экзамен деген күнү мага телефон чалып койгун,макулбу?
Профессор эңиле-эңиле коштошту да, арты менен жылып барыпчыгып кетти.
- Иш бүттү. Жакында студент болосуң, буюрса, Сен эми кетебер. Сергейге барсаң, үйгө жеткирип коөт. Ишемби күнү аны менен дачага барыштыунутпа.
Ошентип, ичи кереметтей кооз Ак үйдөн чыктым.
ххх
Кыскасы, окууга да өттүм. Студентмин! Кубанычтан жер баспайкалдым. Бутум жерде болгону менен төбөм көктө. Апама: "Окууга өттүм,сүйүнчү, апа!" деген кубанычтуу телеграмма жөнөттүм...
Бир күнү кечкурун таежем:
- Жоробек, сени бир кыз телефонго чакырып жатат, - депкалды.
Трубканы алсам Зина чалып жатыптыр.
- Жора, саат сегизде филармониянын алдында күтүп тур."Фламингого" киребиз.
- Ал эмне?
- Түнкү диско-клуб. Сенин окууга өтүшүңдү белгилеп коөлу!Айтмакчы, Мадина бул тууралуу билбесин!
- Болуптур.
Трубка шак коюлду. Дендароо болуп туруп калдым. Таежемденкантип уруксат сурайм. Мадинасыз мени эч жака жибербейт. Башым катты. Акыры бирбарак алдым да: "Таеже, мен бүгүн кеч кайтам. Издебегиле. Жоробек"деп жазып, кийинип болгон соң, аны керебетимдин үстүнө калтырдым...
"Фламинго" филармониянын подвалында экен. Дүкө-дүкболуп музыка жаңырып жатат. Зина көп күттүргөн жок. Жалтылдаган жапжаңымерседес жеткирип келди. Жылтылдак кайыштан тигилген модный мини юбка кийипалган. Үстүндө эти көрүнгөн аппак кофта. Тармалдата таштап койгон чачтарыкөркүн ачып таштаптыр. Анын жанында тырышкан кең көйнөк кийген тоолук жигитмен, коошпой калдым...
- Куттуктайм, Жора!
Ал шарт мойнума асыла түштү да, бетимден чоп эттире өөпалды.
- А сен эмне үчүн өппөйсүң?
- Аа, кечир...
Эптеп өбүмүш болдум. Сүрдөгөндүктөн эрдим бетинетийген- тийбегенин билбей деле калдым.
- Мени да куттуктап койбойсуңбу?
- Ии-ии, юрфактын студенти болушуң менен куттуктаймын!
Ал кылыктана бетин тосту...
Түнкү диско-клубдун оозунда чоң-чоң жигиттер тосуп туруптур.Кирүү акысы киши башына 100 сомдон экен. Зина чөнтөгүмдү шашкалактай оодарыпжаткан мени акырын колдон басып токтотту да:
- Сен менин - мейманымсың! - деди да кичинекей кара сумкасын" чык" эттире ачып, жүз сомдуктарды сууруп чыкты.
Кызыл-тазыл жарк-журк эте өчүп-жанган жарык кооздогон, мээгеургулагансыган ударниктин катуу үнү жаңырган залда жалаң эле жаштар эмес ортожаштагылар да жүрөт. Ортодогу аянтчада түрдүү бийлеген балдар-кыздар.
Зина экөөбүз шам жагылган бош столго келип олтурдук. Зинавино, балмуздак, кока-кола заказ берди.
Ошентип түнкү саат экиге чейин тынбай бийледик. Көз алдымдаүрүл- бүрүл өчүп-жанган жарык, ойсоңдой бийлеген Зина, анан мээни чарчатканмузыканын дүңкүлдөгү гана калды.
Экөөбүз сыртка чыксак, баягыл мерседес күтүп туруптур.Көрсө, Зина телефон чалып, чакырган экен.
- Меникине барабыз, - деди бүгүнкү кубанычка эреркеген Зинамага ыктай түшүп.
Түнкү караңгылыкты как жарган кара мерседес бизден узапкетип, көп өтпөй үнү да угулбай калды. Зина менин оң колумдан аярлай кармадыда, түнкү подьездди көздөй тартты. Тааныш подьезд. Мындан бир топ күн мурунМадина экөөбүз келип кеткен элек. Көп кабат үйдүн терезелеринин бирин-серининенгана жарык чыгып турганы болбосо, тиричиликтин шарпаалары тынымга тынчып,бардыгы уйкуга тегиз баш койгон. Зина экөөбүз гана жашоонун акырын тарткандемин туюп, тынч түндө ээн калгандай туюлабыз. Кадамдарыбыз подьезд ичиндегитепкичтерден жаңырып баратты. Бөтөнчө Зинанын шиш такасынын үнү канчалыкаярлаганына карабай өктөм дагы, бийик дагы чыгып жатты.
- Тамак ичесиңби? - деди Зина үйгө кирген соң.
- Жок. Курсагым ток.
- Анда ваннага кир, тердеген чыгарсың, душка түшүп ал.Сенден кийин мен кирем, - деди колума жумшак полотенце карматып жатып.
Душка түшүп чыккан соң денем сергип, өзүмдү жеңил сезипкалдым.
Кызыл-тазыл гүлдүү халат кийген Зина төркү үйдөн чыгып келдида, адатынча жылмая карап, колумдан тартты.
- Жүрү, жатып эс ал.
Дубалынын төрт тарабы, үстүнөн бери күзгү кадалган өткөндөгүкооз бөлмөгө жетелеп келди. Ортодо диван керебет. Түстүү телевизор,видеомагнитофон, музыкалык центр жана башка буюм-теримдер орду-орду мененжайгаштырылыптыр. Мага анча тааныш эмес цыгандардын гитара күүсү акырынсыбызгыйт. Кызгылтым жарык берген эки лампага диван керебеттин шейшептериөңдөшүп, чакан бөлмө кооз да, таза да көрүнүп турду.
- Жатып эс ал...
Зина мага сырдуу карады да, жыла басып чыгып кетти. Түнортосуна ооп баратса да эмнегедир уйкум келген жок. Диван керебеттин четинекоомай көчүк бастым. Мындай ыңгайлуу бөлмөнү менин айылдык классташтарым көрсө,жүрөктөрү жарылмак. Жумшагын айт, тазасын айт... Жаткан керебетим менен кошотуш тараптан элесим чагылышып турду.
Бир кезде каалга дабышсыз ачылды да, Зинанын башы көрүндү.
- Жатпайсыңбы, Жоробек?
- Азыр.
Ал ичкери кирди да мага жалжылдай караган калыбында жумшакбасып келатты. Ордумдан турдум. Тулку-бою туш тараптагы күзгүлөрдөн чагылышып,мени көздөй бир эмес, бир канча Зина басып келаткандай туюлуп турду. Анынчачтары суу бойдон болчу, ошентсе да кайсы бир чет өлкөлүк шампундун жыты"бур" этти. Эмнегедир бул жолу эрк бүтүп, аны кучагыма карай ыктататарттым. Кара көздөрүнүн түбү шоолаланып, жүзү албырып, жакындап келаткан жукаэриндери дирилдеп кетти. Эриндерибиз сүр, кумар аралаш чарпыша түштү. Ысыкэриндери элжиретип жиберди. Узакка өбүштүк... Андан ары эмне кылыш керектигисуроо бойдон акыл-эсимди бууп, анын жумшак алкымдарынан, жылмакай беттериненөпкөндү уланта бердим... Бир кезде Зинанын аппак колдору акырын көтөрүлдү дакөйнөгүмдүн үстүңкү, анан астыңкы топчуларын чече баштады.
Мындай эпизод кинодо гана болот деп ойлоп жүргөн жаным,кинонун өзүбүздүн эле ушундай турмушубуздан алынып жараларын таптакыройлобоптурмун. Мен анын гүлдүү халатынын белбуугучун чечип, аны акырынийиндеринен ашыра шыпырдым эле, Зинанын жумуру аппак ийиндери, тирсийгенмамактары каректериме уруна түштү. Жумшак денесин денеме ыктаттым. Кучагыжагымдуу, жылуу, жумшак келип, кумар отун алоолонтуп турду...
...Мойнума колдорун ороп жаткан Зина көпкө уктады. Тармалчачы менин көкүрөктөрүмө чейин жаба төгүлүп, аппак жүзүнө, жука эриндеринекырдач мурунуна ого бетер көрк берип турду. Бирок, Зина канчалык ажайыпсезилип, ага жан отум менен тартылып, чын ыкласым менен берилип турсам да, бирой менин мээмди мыжыгып жатты. Мен кучагыма кыскан биринчи кыз Зина болгонуменен, ал үчүн мен алгачкысы эмес экемин...
Түш ооп баратты. Акырын турдум да душка кирдим. Жуунупчыккан соң, кайда жүрөт деп кабатыр болбосун үчүн таежеме телефон чалып коймокболдум. Трубканы Мадина алды.
- Кайда жүрөсүң, Жора?
- К... Классташтарым менен.
- Шаарда бир да классташым жок дебедиң беле? Кайсыл классташтарыңменен жүрөсүң?
- С... Сен тааныбайсың.
- Токточу, бул Зинанын телефону го?
Кашайган жаным, алардын үйүндө кайсы телефондон чалыпжатканды аныктоочу аппарат бар экенин түк эсимден чыгарып салыптырмын!
- Азыр барам.
- Тез келгин, апам сарсанаа болуп олтурат...
Трубканы койгон соң, эсим ооп далайга туруп калдым. Тезжөнөшүм керек. Стол үстүнө: "Зина кечки сыйың үчүн ырахмат!Көрүшкөнчө" деп жазып калтырдым да, сыртка бет аларым менен эшиктинкоңгуроосу чырылдап калды. Көзөнөкчөдөн сыртты карадым. Чачтары желкесинежеткен арык жигит туруптур. Ачтым. Ал кыйлага чейин мени мостоө карап турду да,эки көзүн тең жымың-жымың эттире кысып, жерге "чыйт" түкүрүнүп алды.Ошондой өнөкөтү бар окшойт.
- Ким керек эле?
Ал маалката карап турду да, кайра мага суроо узатты:
- Сен ким болосуң?
- Т...таанышы.. .
- Кандай таанышы? - деди да, көздөрүн жымың-жымың кысып,жерге түкүрүнүп койду. Мен ойлонуп жооп бергиче ичкериге жөөлөй кирип келди.
- Давай, кет. Куйрукту кыпчыгын да, көзүмө көрүнбөй жогол!
Менин баш-аягыма шылдыңдуу көз жүгүртүп алды да, демитетуруп калды. Аңгыча, чачтарын үрпөйткөн, халатын кымтыланган Зина чыга келди.
- Эрмек, келбегин дебедим беле, эмнеге келдиң?
- Сага, алтыным. Сагындым!
- Кеткин тез! Болбосо атама телефон чалам!
- Чал, кана чал! Айыбымды ачамын десең чал! Же...
Кучагын жая жакындаган Эрмекти Зина түртүп жиберди. Демек,Мадина айткан Зинанын хулиган жигити ушул экен.
- Тигини, тигини! Сенсиз жашоо жок мага деп жалынчу эмесбелең? Же тиги каранегир башыңды айландырып алдыбы?
Тоонун суугуна тотуккан мен ага негр көрүнүп турсам керек.
- Эй, чыгып кетпейсизби? - дедим акырын, токтоо сүйлөп.
- Эмне, эмне-е, кайталачы!
Жакындап келатты. Муштай түрган түрү бар. Өткөндө кечигипкалып, Тамподон көзгө жегенден бери сак болуп калыптырмын. Этияттанып турдум.
- Чыгып кетиңиз, чатактын кереги эмне?
- Уу, сапляк, жогол дебедим беле, а?!
- Сиз жоголуңуз!
Ал күтүлбөгөн жерден оң колун шилтеп калды. Отура калдым даич талаштыра берип калдым. Жыгылган Эрмек түйүлгөн курсагын баса бүкчүйүп азотурду да, кайра акырын ордунан туруп келатты.
- Чыгып кетиңиз аке, мындан да жаман болосуз?
Тиги күтүлбөгөн жерден жүгүрүп келди да, мени ичке сүзмөйболду эле, буйтай берсем артымдагы дубалга жабыша түштү. Эки колу менен таянакалбаганда мээси чачырай түшмөк. Бирок, кантсе да мушташып жүргөн неме окшойт,ошол турган калыбында мени бөйрөк тушка тээп калды. Чала тосуп калдым. Көзирмем убакыттын ичинде экөөбүз кармаша түштүк. Эрикке караганда бул тарамышэкен. Ошентсе да Сагын аке үйрөткөн күрөштүн ыгын пайдаланып, аны ийинденашырып келип, эсин оодара чаптым.
- Кетип калыңыз, - дедим энтиккенимди баса албай. Мойнунанбутум менен ныгыра басып турдум. Эрмек жерден адатынча акырын турду да, эшиктикөздөй жылып жөнөдү.
- Сени... С... сенин өтүңдү алам энеңди урайын! Шашпа!..
Кекенген бойдон чыгып кетти.
Зинанын тилин алганда, балким, бул кырсык болбойт беле...Ал: "Мерседес менен сени жеткиртип коөюн" - деп жакшы элечебелектеди. Бирок анын Эрмек менен болгон мурдагы мамилесин сезип, ага ичимсыздап тургандыктан, макул болбой койдум эле...
Эрмектин артымдан акмалап келатканын темир жолдон өтөбергенде гана туйдум. Качып кетишке болбой калды. Анткени үчөө мага өтө чукулкелип калышыптыр. Мен Зинанын жанында дагы бир сааттай кармалып, анытынчтандырып коюп чыкканча Эрмек керектүү досторун таап келүүгө үлгүргөн экен.
- Токто!
Мен токтоордон мурда жерде жаткан кыска жыгачты илип алдым.Мындай жыгач колдо турганда үч эмес беш жигит менен коркпой мушташууга болот.Ошентсе да эл ары-бери каттаган ачык жерге ыктай токтодум. Үчөөнүн бири күрсүйгөннеме экен. Жүрөк "шуу" дей түштү. Бирок Сагын акенин: "Эч убактамушташ учурунда коркпош керек. Маселе адамдын чоң-кичине, күчтүү-алсызындаэмес, кеп токтоолукта, акылда" - деген сөздөрүн эстеп, өзүмдү токтоокармап турдум. Тигилер да сүйлөшпөдү. Үчөө үч жагымдан кысып келатышты,мостоюшат. Мен арт жагыма өткөрбөш үчүн кетенчиктей бердим. Сол жагымдагы чачынтысырайта кырдырган орус жигит тап берери менен оң тизесин кучактап отуракалды. Анткени, колумдагы ойноп турган жыгачтын тап берери менен "чак"деп тизесине орной түшкөнүн аңдабай калган эле. Экинчи ирет кол салгангажетишпей калдым. Себеби күрсүгүй атакага өтүп, сол буту менен секирип туруптээп калды. Араң буйтаганга үлгүрдүм. Чегинишке туура келди. Эрмектин өңүкупкуу. Колундагы чычайган бычак экенин эми гана байкадым. Бирок, мага батыныпкол сала албай турду.
Бир кезде күрсүгүй тартынбай чабуулга өттү. Кетенчиктейберип шилтеген таягым бир учурда анын билегине урунду. Ал кетенчиктей берерименен айлана берип, жакын кирип келген Эрмекти ээктен ары аңтара тээп өттүм.Колунан ыргыган бычагы лысый баштын жанына түштү. Аны жыга муштаарымда күрсүгүймени бел талаштыра тээп калууга үлгүрдү. Жерди таяна жөрмөлөп барып турупкеттим. Колумдагы жыгач түшүп калды. Ошол учурда лысый баш бычак шилтеп калды,буйтай берип, билектен алдым да колун кайрып жибердим. "Ай-й" дээрименен бычагы бошой түштү. Буйдала калганымдан пайдаланып, бошой калган күрсүгүйбул ирет мени тоголото тепти. Тоголонуп барып, тура калдым. Лысый баштын бычагыбул жолу колумда калыптыр. Жабыла берген үчөөнө бычакты шилтей бердим элекүрсүгүй ичин басып калды. Мага курч бычактын бир нерсеге тийгени билингенэмес. Качан гана ак футболкасына кызыл кан сызыла берген күрсүгүйдү көргөндөгана эсиме келе түштүм. Ошол учурда катар турган кабат үйлөрдөн бирөө чалганбы,же кокусунан чыгып калдыбы, айтор, милициянын увазиги өтө жакын келип"кыйч- ч" этип токтоду...
ххх
...Шаар ичиндеги РИИБдин ным, кир жыттанган, светтин сезимдимокоткон күңгүрт жарыгы түшкөн, терезесине мык менен майда көзөнөкчөлөртүшүрүлгөн темир кадалган бөлмөсүнө түртүп киргизишти. Артымдан КПЗынын темиркаалгасы "шарак" этип жабылды. "Шар-рак" эткен дабыш мененкошо эркин турмуштун, келечегимдин эшиги бекигендей сезилип кетти. Буугучтарынчечип алышкандыктан, кадам шилтеген сайын сүйрөлгөн ботинкам оордук кылып,"талп- талп" этет. "Бүттү - деген муздак ой көөдөндү тепчип өттү,- Окуу калды... Киши өлтүрдүм, калган өмүр эми түрмөдө өтөт"...
Камерада үч киши отуруптур. Сакал-муруттары саксайган кыргызчал узун жалгыз столдун жарымын ээлеп уктап жатат. Аракеч сыяктанат.Алтымыштарга таяп калган сабыры суз уйгур киши учурашып деле жарытпады. Ал даичин курттай жеген сарсаң сезимден арыла албай жаткандай. Мени көңүлү чак кабылалганы мага курбалдаш Марат деген жигит болду.
- Братва, эмне болду?
- Мушташтым...
- Өзү тийиштиби?
- И-и, өздөрү... Жолумдан тосушту.
- Акча сурашкан го?
- Жок, биринчи бирөөсүн уруп койгом, кийин экөөнү ээрчитипкелиптир. ..
- Анан?
- Бири бычак көтөрүп жүргөн, тартып алып, коргонуш үчүншилтеп жиберсем курсагын жарып кетти, чамасы өлөт го...
- Мокрушник болот экенсиң!
- Эмне деген сөз ал?
- Түрмөдө киши өлтүргөндөрдү "мокрушник" деп атапкоюшат. Тамекиң барбы?
- Жок эле. Чекпейм. Тамеки чексең боло береби?
- Бул жер эми - ашканаң, жатаканаң, ажатканаң...
Марат ордунан турду да:
- Эй, старик, тур! Орун бошот, - деп, аракечти түрткүлөйбаштады. Тигил козголуп да койгон жок. Ачууланган Марат араккечтин буттарынжерге түртүп түшүрдү эле мага ылайык орун бошой түштү.
- Кел, отур... Ишиң чатак, братва. Демек, коргонгонтурбайсыңбы!
- Ошондой го...
- "Ошондой го" деп сөз ээрчитпей, "колсалышты - коргондум" - дегин. "Акча талап кылышты, бербесем колсалышты, коргонууга мажбур болдум" -дегин. Бир айтканыңдан жаңылба. Тоодонтүшкөнүң билинип турбайбы, сага ишенишет. Алдашат, ар түрдүү айла-амалдаргасалып көрүшөт. Эң башкысы адвокат жалда!
- Кантип жалдайм?
- Талап кыл. Үч күндөн кийин адвокат керек дегин. Бирок, агаакча төлөшүң керек.
- Канча?
- 3000ден 5000ге чейин.
- Анча акча табалбайм, Марат.
- Табылат, бул жерде туугандарың барбы?
- Бар, бирок...
- Кедейби? Анда мен бүгүн-эртең чыксам, ата-энеңе телеграммажөнөтөм. Жетип келишет.
"Апам билсе, анда иштин бүткөнү, ыйлайт, айылдагытууган- туушкандардан бери көтөрөт, аңыз кепке айланам. Анан окуя таежездегежетет. Алардын бетин кантип карайм? Адвокаттын кереги жок... Акыркы мал-салдысатсак, ини-карындаштарым аш-катыктан кыйналат. Андан көрө түрмөгө жатыпчыкканым жакшы... Же Зинага кабар берип көрсөм бекен?" - деген ойлордонулам тунжурай түшүптүрмүн.
- Эй, угуп жатасыңбы?
- Ооба...
- Көп ойлонбо, баары жакшы бүтөт. Мыкты адвокат таап берем.
- Ага эми акча жок да...
- Ата-энең жардамдашпайбы?
- Атам жок... Апам жесирликтин азабын көп тартты, дагытүйшүккө салгым келбейт. Андан көрө соттолуп кеткеним жакшы...
- Муну карап кой, түрмөнү бейиш менен алмаштырып алгансыңго, братва?! Түрмөгө түшкөнүң - өлгөнүң, түгөнгөнүң. Азыркы зоонанын турмушунжелкеңдин чуңкуру көрсүн! Же жинди, же нашоокор, же кургак учук, эч нерсегежарабай жарымжан болуп чыгасың. "Зек" деген сөз мойнуңа иттинкаргысындай илинет да калат. Тигил балдардын тааныштары болсо, сени оңой ганакаматтырып жиберишет. Ушул кезде тамырың менен таанышың, анан акчаң сүйлөпкалган. Ошон үчүн ойлон, братва! Тааныштарың бардыр, ойлонуп көр!
Жүрөгүмдү бирөө мыжыга кармалап жаткансып, сыздап ооруйбаштады. "Таежездеге билдирсемби? Окууга да өткөрсөм, түрмөдөн дачыгарсам, деги кандай баласың? Уят деген барбы? Бет деген барбы? - депопурулсачы? Демек, ал кишинин азырынча билбей турганы оң. Оордоп баратса кабарберермин" .
- Зина деген кыз бар...
- Кыз?! Койчу, эй, кызыңдын колунан эмне келет? Хе-хе...Акыбалың мышык ыйлагыдай экен. Жетим болсоң, тааныштарың, же акчаң болбосо,зоонага ыйлап гана кирип барат турбайсыңбы!
Оту өчкөн көздөрү менен мени кээде үмүт үзө карап коюпотурган уйгур киши ордунан туруп, ары-бери баса баштады.
- Мына, бул байкени да "киши өлтүргөнсүң" депкүнөө коюп жатышат. Болгону эртең менен бедесин сугарганы барса, каракушкакетмен менен бирди жеген жаш жигит беденин арасында өлүп жатыптыр. Милицияга кабарберет. Алар барып текшерип көрүшөт да "Кан болгон кетмен сеники, демек,сен өлтүргөнсүң" - деп эки күндөн бери камап отурушат.
- Өзүң эмненин үстүнөн чыктың?
- Рэкетмин... Камаздар менен оптом жашылча, жер-жемиш алыпкелгендерге рэкеттик кылчуубуз. Алма алып келген бир бизнесмен" взнос" төлөөдөн баш тартканынан, "намазын" окутуп койсок,арызданып коюптур. Дагы жакшы ошол күнү мен жалгыз бардым эле.
- Сени да камайт турбайбы?
- Көрөбүз, "кырышабыз" бар, чыгып кетем го дегенүмүт чоң.
- Кырышаң ким?
- Атам. Юрист. Азыр пенсияда. Бул жердегилердин 80%ы атамдынкол алдында иштешкен.
Марат "ушундай, братва" дегенсип бир көзүн кысыпкойду. Көрсө, чечекейи чеч, көөнү куунак отурганынын себеби бар экен.
- Мен мурда дагы отургамын. СИЗОнун баландасын 8 ай жедим,"чөп" чегип көрдүм.
- "Чөбүң" эмне?
- Нашаа... жүрөгүңдү ооруткан сезимдерди унутуп, каалгыпучуп, жыргап каласың... Чефир ичтим. Кадимки чайды кайра-кайра кайната беришип,качан кыпкызыл болгондо гана ичишет...
КПЗынын эшиги калдырттап барып ачылды да, бир милиционерменен кошо мурутчан, чаар костюм шым кийген жигит көрүндү.
- Мага келишти, - деп Марат чыканагы менен мени нукуп койду.
- Сабитахунов Мусажан?
- Мен.
- Чыгыңыз бери.
Уйгур киши чыгып кетери менен темир эшик кайра"карс" жабылды.
Коңурукту кош тартып жаткан сакалдары сапсайган аракечакырын кыймылдап, ордунан турду. Чоң, кызыл мурундары, самтыраган эски, киркийимдери тигинин үй-жайы жок, тентиген бомж экенин далилдеп турду. Башынажазданып жаткан чапанынын ичинде бир бөлкө нан бар экен, чоң сындырып алды да,ачкөздүк менен аптыга жей баштады. Нандын күкүмдөрү булганган цемент-полгокырмандагыдай күбүлүп түшүп жатканына бомж кыпындай да көңүл буруп койгон жок.
"Нанды ысырап кылбай, жерге түшүрбөй жегиле, биринчиден- убал болот, экинчиден ырыс-кешигиңерди кошо чачып жибересиңер" - дечүапам. Чамасы, нанды кор тутканы үчүн бул киши да, дүр-дүнүйөдөн, бала-бакырасынан кол жууп, тентип калса керек...
Марат болсо түрмө жөнүндө тынбай сүйлөп жатты. Кийинкикүндөрүм менен жылдарым өтө турган, аты небактан бери тааныш, бирок сүрдүү,сестентээрлик угулган "түрмө" тууралуу кызыгуу менен угуп отурдум.Зектердин жашоосу, жеген тамактары, жасаган иштери жөнүндө билүү мага керек,анткени "бүттү баары, калган өмүрүм эми түрмөдө өтөт" -деген ой жандүйнөмдү жабыркатып, башымды биротоло ээлеп алган эле.

#7 11 July 2012 - 19:37
Жакшы кылыптырсын.
Уланды кутобуз...
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#8 03 August 2012 - 09:39
уландысы
...Көп өтпөй темир эшик кайрадан тарактап калды.
- Точно мага келишти эми...
Ордунан обдулуп бараткан Мараттын бул жолку үмүтү да ташкапты. Үңкүйгөн, бул дүйнөнүн жарыгы менен шаңына түкүрүп таштаган Сабитахуновдутүртүп киргизишти. Сурактын жыйынтыгы, анын кар жааган кабагынан эле билиниптурду. "Шуу-у" үшкүрүнүп алган бечара, өз ордуна отурду да ийнинсолкулдатып, ыйлап кирди. Экөбүз бири-бирибизди карап, эмне кыларыбызды, кантип соороторубузду билбей, селейдик да калдык.
- Сво-олуч-чтар, акмактар, алдамчылар- р...
- Байке?.. Байке, эмне болду?
Маратка жооп бермек турсун, карап да койбой үңүлдөгөнүнкүчөттү. ..
Кыйын болгон окшойт. Ар кимибиз өз башыбызга түшкөн санааныунутуп, аяй тиктеп калдык. Албетте, жаңылып, жазып тергөөчүнүн тузагына илинсе,андан кайра чыгышы кыйын... Эми талаанын шамалына маңдай сылатып, беденинаңкыган жытына маашырлана кетмен чаап, арык суусундай шылдыр аккан күндөрүнөсуктана кыял агытып жүргөн карапайым дыйкандын калган жашоосу төрт тарабытосулган, күн нуру жетпеген, сыз, тажатма камерада өтө турган болду. Мынчалыктереңдеп кетерин билген эмес окшойт...
- Эмне үчүн, балдар? Айткылачы?! Мен адам өлтүрмөк тургай,муштап да көргөн эмесмин, - жаштуу көздөрүн экөөбүзгө кадады, - Аялым оорулуу,жарымжан, эми беш баламды ким багат?
- 10 жылдан 15 жылга чейин кесилет, - деди Марат кулагымашыбырап.
Бомж бейкапар нан жеп жатты. Кайгы менен кубанычты унуткананын жүз граммдан башкага табити жок шекилдүү...
ххх
Туюкка түшкөн эчкидей туйлап отуруп, эптеп таңды атырдым.Отургучта отуруп уктап көрбөгөндүктөн бир аз чырым этип алыш тозок болду.Мусажандын ыйы, бомж-аракечтин дарылдата тарткан коңуругу ого бетер заманамдыкууруп, кең дүйнөмдү таарытып жиберди. Өлүү тынчтык өкүм сүргөн, канталаа,жөргөмүштөрү оюн салган камерада бир күн эмес, миң күн өмүр сүргөнсүп отурдум." Зинага азгырылбаганда, бул балекет болбойт болчу" - деген өкүнүчтүүой көңүлдө турду.
КПЗынын каалгасы адаттагысындай тарактап жатып ачылды.
- Айбашов Марат?
- Мен...
СИЗОдогу общяктардын турмушун, пахандын бийлигин, сырткыдүйнөгө белгисиз закондорун, дубактардын кысымын айтып берип отуруп, дубалгажөлөнгөн бойдон эми гана уйкуга ык койгон Марат "селт" этип ордунантура калды.
- Бери чык. Сен Кемелбек Айбашевичтин баласы болосуңбу?
- Баласымын...
- Э, мурдуңду урайын, эмне бейбаштык кылып жүрөсүң?
Эркелете жонунан таптаган мурутчан, солидный кийингентергөөчүнүн суроосун жоопсуз калтырган Марат мага кайрылды.
- Кантип чечтиң?
- Зинага телефон чалып кой.
- Жакшы калгыла.
- Жакшы бар.
Камеранын каалгасы ыйлап барып жабылды...
Мараттын кетиши менен камерада кайрадан өлүү тынчтык өкүмсүрүп калды. Кечээтен бери наар албагандыктан, өзөгүм үзө тарта баштады.Бомждун бөлкө наны эске түштү да шилекейимди кулк жуттум... Бул жерде, КПЗдаотургандарга эмнегедир тамак берилбейт экен. Сырттан тууган-туушкандарың, дос-жарларың гана бир нерселерди киргизип, кичине өзөк жалгабасаң, кезерипотура бергидейсиң. ..
Бомж-аракеч кайрадан уйкуда. Уйгур киши көз жашы небаккургап, жүрөгүн кыжаалат кылган ойлордун кучагында. Ал да уктабады. Мүмкүнкүнөөлүдүр, болбосо тергөөчүлөр деле жөн эле күнөөлөй беришпейт болчу... Ой,ой, ой артынан ойлор, убакытты ойго тунуп кыялга берилип гана өткөрбөсөң, буту-колуңду тушаган мындай "жаналгыч" камерада айлап-жылдап кандайэрки бек адамдар чыдап отурат болду экен? Менин чыдамым түгөнүп, ары-берибасып, буулугуп бараттым...
Ошентип, түш оой бергенден кийин (убакыт түш болгонункамерадан чыккандан кийин гана билдим), чачтары жыдып түшкөн Аскар дегентергөөчүнүн бет маңдайында отурдум. Бөлмө өтө чакан экен. Стол үстүндө телефон,кичинекей машинка турат. Тергөөчү машинканы чакылдата басып, менин өмүрбаянымды жазып алды.
- Ишиң чатак, Жоробек. Бирөөнүн курсагын жаргансың,ажыраткандардын биринин ээгин талкалап, экинчисинин көзүн чыгара муштагансың. "Холодный оружие" колдонгонсуң, коомдук жайда тартип бузгансың. Биртоп статья мойнуңа илинет.
- Коргондум, жолдош тергөөчү.
Марат үйрөткөн "акча сурашты" деген сөздүэмнегедир айта албадым.
- Кимиси баштады?
- Узун чачтуусу.
- Мурда тааныйт белең?
- Жок... Узун чачтуусун бир аз мурун Зина деген кыздынүйүнөн жолуктурган элем. Ошол жерден мушташа кеткенбиз...
- Эмне үчүн?
- Мени "кетип кал" деп, жаман сөздөр менен сөктү.
- Демек, кыз талашкан турбайсыңарбы?
- Ошондой десе да болот.
- Бычакты жаныңа дайым салып жүрөсүңбү?
- Бычакты тартып алдым.
- Кимден?
- Узун чачтан. Мага шилтегенде тосо калып, колун кайрыптуруп тартып алдым. Анан көптөп кетишкенде аларды жазгаш үчүн шилтегилепжиберсем, ак футболкачандын курсагын чийип кетти.
- Көрүп тургандар бар беле?
- Байкаганым жок...
- Зина деген кыздын дареги кандай?
Ошол учурда стол үстүндөгү телефон шыңгырап калды.
- Угуп жатам, жолдош полковник. N 715-делобу?.. Ооба,менде.. . Отурат... Жакшы болот.
Тергөөчү мени сынай бир карап алды да:
- Жүргүн мени менен, - деп документтерин жыйнаштырып кирди.
"Кабылдама" деген жазуусу бар бөлмөдө бир топ кишикезек күтүп отурушуптур. Секретарша тергөөчүгө:
- Силерди күтүп жатат, - деди.
Ичкери кирдик. Биринчи көзүмө Зина урунду. Төрдө отурган акчач,жашы эр ортону элүүлөргө барып калган полковниктен тартынбай туруп, шартмойнума асыла кетти. Өзүмдү ыңгайсыз сезген мага бир сыйра көз жүгүртүп алгансоң, жеңил дем алып:
- Ооруган жериң жокпу? - деди камкордоно.
- Сопсоомун.
- Жора, Жоробек... Көрсө, келишкен жигит турбайсыңбы. БиздинЗина алтын кыз, капа кылбай жүр, - деген полковник ордунан турду, - Кана, улуклейтенант, тигилер кимдер экен, тактап бүттүңбү?
- Тактадык, жолдош полковник, экөө мурда да соттолуп, азыркезектеги кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн. Үчөө тең кылмыштарын моюндарынаалышты: 6 уурулук, 3 талоончулук кылышкан.
- Токто, улук лейтенант, демек бул жигит шайканы колготүшүргөн турбайбы! Азамат! Тигилердин делолорун толукта, прокурордун токтомучыгары менен иштери сотко өтөт.
- Аяшата, биз кете берсек болобу? - деди Зина мени колтуктайберип. Полковник Зинанын бешенесинен өптү:
- Баргыла, баргыла. Апаңа менден салам айтып кой, айтмакчы,баш оорусу кантти?
- Жакындан бери жакшы. Сизге ырахмат!
- Жакшы баргыла!
ххх
...Көбүктүү суу толтурулган ваннага түшкөн мени халатынынжеңдерин түрүнгөн, чачын артына "хвостик" кылып байлап койгон Зинажумшак, кичинекей алакандары менен жаш баладай эркелетип жуундура баштады.
- Өф-ф, түрмө, кир, дагы бир нерселер жыттанасың. ..
- Зина, - дедим көзүмдү жумган калыбымда жыргап отуруп, -Шаарда туулсаң дагы эмне үчүн кыргыз тилинде түш жоруйсуң? Башкалар мурдуңкайсы десе оозун көрсөтөт го?
- Үч жыл чоң энемдин колунда жүргөмүн.
- Кайда?
- Жети-Өгүздө.
- Тоолуу айылбы?
- Ананчы!
Зина кызыл, сары, көк, чоң, кичине кооз гүлдөр, бийиктоолор, көл жөнүндө берилүү менен сүйлөп жатты...
Күнү кечинде жаштыгым менен, Зина, Мадина сыяктуу шаардыктатынакай кыздар менен, апам, бир туугандарым, классташтарым менен,кенедейимден тилек кылып жүргөн ой-максаттарым менен коштошуп, оюм онго, санаамсанга бөлүнүп, уйкум качып отурган менин денеме жан киргенсип, күлкүм, сөзүмчыгып, өчкөн шамым кайра тутангандай сезилип отурдум. Жылуу алакандар бирдебашымдан, бирде мойнумдан сылап, качандыр бир тентек кезде таштекке салып алыпкумардана жуундурган апамды эсиме салды... Майда жандыктар бирде таманымда,бирде мойнумда жөрмөлөп, этимди жыйрып, кирпик какпай таң атырган КПЗдагыазаптуу түн эстен шарт чыкты. Ушул жылуу колдор эки күндүк оор санаадан таптазаарылтып таштагансыды. ..
...Өткөндөгү күзгүлүү бөлмөдө жатабыз. Так төбөбүздөгүкүзгүдөн аппак колдорун орой, мойнума мурдун такап, мага чырмалып алган Зинаганазар бурдум. Келишимдүүлүгүнө аккөңүлдүгү, жароокерлиги шай келишкен, атасынынмансабын, байлыгын бетине карманбаган, сезгичтиги жанда жок айперинин айылдынмаңыроо, тоонун шамалы менен күнү тотуктурган, кийиништи да билбеген, орустилинде эптеп сүйлөгөн менин жагып калганыма айраң таңмын. Жашоосу жомоктогудайшаардык эрке кыздын максаты эмне? Мага жасаган мамилеси жасалма эмеспи?..
- Зина?
- Тынч...
- Зина, бир нерсе сурайынбы?
- Чүш-ш, демиңди, жытыңды сезип, магдырап баратам... Ох-өх,мынча жагымдуусуң. ..
- Мага эмне үчүн жан тартып жүрөсүң?
- Өзүм да түшүнбөйм. Сени эстейм да, турам... Башкачасың. ..Өзгөчөсүң.. .
- Кандайча? Эмнем башкача?
- Сулуусуң...
- Хе-хе, калп мунуң.
- Чыпачын, мурдуң кырдач, кашы-көзүң кара, бой-келбетиң- Ван-Дамдыкындай. .. Болгону причөсканы оңдо. Денең чымыр, - ал чың көкүрөкбулчуңдарымды чымчылап, сылап жатты, - Демек, чачты короткий, кыска тегиздетипжүрүшүң керек... Кара, жеңи жок футболка, корейский очки, жынсы же багелеги тарвельвет шым гана жетишпейт... Анан, митаамдыкты, алдамчылыкты билбейсиң.Адамгерчиликтүүсүң.
- Дагы...
- Таланттуусуң. Ырдаган укмуш жарашат. Ырың менен арбадыңмени. .. Жандүйнөңдү, дилиңди берип ырдайсың... Жылмайып ырдап жатсаң эки бетиңалбырып тириукмуш сулуу болуп кетесиң. Кызганып кетем...
- Ашыра мактадың, ырахмат...
- Чүш-ш, токто, мен эң негизгисин айта элекмин... Эң башкысысен - тоо, кымыз, айыл жыттанасың. Мунун баары көздөрүңдө көөлгүп, турпатыңданбуруксуп турат. Сен таза, нукура кыргызсың. Ошол касиеттер мени арбайт да,азгырат да турат.
- Мактаганга уста турбайсыңбы. Бирок, чөйрөңдөгүлөрдү көрүп,сени мынчалык деп ойлобоптурмун. ..
- Мындан кийин ойлоп жүргүн. А чөйрөмдөгүлөрдүбү? Койчу,ошолорду! Баштары - көңдөй, татынакай гана причөскалары бар. Элиң тарап,тентип, куруп кетсе да тоготуп же күйүп койбойт. Анткени алар тоолор мененкиндиктеш өскөн эмес, кыргыздардын чыныгы жашоосунан атчабым алыста калышкан...Ошондуктан, шаардыктарды сенин бучкагыңа да теңебейм...
- Эрмекти дагыбы?
Ал менин чачтарымды уйпалап жиберди.
- Экинчи айтпачы! Эстегенге татыксыз неме!
- Эмнени "атаңа айтам" - деп коркутуп жүрөт?
- Видеокасета. ..
- Анда эмне бар эле?
- Баары... Жаштык кылгамын... Көпкөнмүн... Келчи, башкатемага өтөлү?.. Өөп-өөп койчу мени?
- Ачыгын айтсаң өбөм...
- Кийин... Сөзсүз айтам. Азыр көңүл оорутпайлычы, макулбу?
- Макул.
- Өбөсүңбү эми?..
ххх
Таежемдин кымбат дермантин капталган эшигинде кире албайжүрөксүп, далайга турдум. Эмне дейт, урушабы, тилдейби, же жолуңа түш дейби?
Каалганы ачкан таежем оозун араандай ачып туруп калды.
- Ботом, сен - Жоробексиңби?
- Мен...
Зинанын "Спутник" аттуу элитный дүкөнгө алыпкирип, ал жерден тандап жатып сатып берген кийимдери, "Айпери" салонунан жасаткан кыска прическасы мени таптакыр өзгөртүп койгон.
- Мына эмесе, келишкен жигит болуп калыптырсың! .. Карачы,Мадина, Жоробекти, жездем да ушундай шыңга бойлуу киши эле, ыраматылык!
Ичкерки бөлмөдөн чыга калган Мадина мага кызыга көз салыптурду.
- Кечинде телефон чалбаганыңда милицияга билдирет элем.Ээн-эркин кете бергидей бул жер айыл эмес, Жоробек, мындан кийин карыш бассаңда мага кабарлап тур. Макулбу?
- Кечирип коюңуз, таеже.
- Классташыңдын атасынын шаарда үйү барбы?
- Б-бар...
- Жора, жалган айтат, мама.
Сөзгө Мадина аралаша кетти. Таежемдин оозунан сөзү түшүп,кызарып кеткен мени таңкалып карап калбаспы.
- Эмне дейт, ботом? Анда кимдикинде болдуң?
- Зина шуркуянын үйүндө...
- Ок, катыгүн, - таежем кызын кагып жиберди, - Ошентип дасүйлөйбү, какшаал десе, өзүңдүн классташың кантип жамандасын!
- Жораны азгырып жүрөт. Жайына кой, айылдык жоош баланынбашын айландырба деп айтсам, ал укпай койду.
- Э, кокуй, эмитен эле кыздар менен сүйлөшө баштадыңбы? Жакшы эме-ес, балам? Окууну таштап салып жүрбө?
- Зина жакшы кыз, таеже. Жаман ойлобоңуз.
- Үч күн эмес, үч саат жоголсом ыйлап жибересиңер, эмне үчүнЖораны урушпайсыңар?
- Басыл, сен нары бар. Жоробек, кухняга кир, тамак ич.
- Ырахмат, курсагым ток эле...
- Зина гамбургер сатып берсе керек.
- Кирчи нары саксаңдабай, ботом! Эмне болгон буга?..
... Чечинип, жумшак диванга сунала жатып "Чыгыштынмушташ өнөрү" деген китепти окуп отурсам каалга акырын чертилди да, менинжообумду күтпөстөн Мадина кирип келди.
- Милицияга эмнеге түштүң?
- Ким айтты?
- Зина... Телефон чалгамын.
- ...
- Кимдер менен мушташтың?
- Эч ким менен... Адашып кармашыптыр. Чамасы, бирөө мененокшоштуруп алышкан окшойт.
- Үч күн себепсиз камагандыгы үчүн сотко бериш керек.
- Жөн кой.
- Жөн койбойм, папам иштен келсин, аларга көргүлүктүкөрсөтпөсөмбү!
- Мадина, менин иштериме киришпей, жайыма койчу, суранам...
Үндөбөй калды. Оң колу менен кыска чачын тарап-тарап алдыда:
- Таарынып калдыңбы? - деди кунт коө карап.
- Билбейм, зиркилдеп эле калыптырсың го...
- Ал эмне деген сөз?
- Ачууланып дегеним...
Чындыгында анын мага эмне үчүн касын тигип, таежеме аркайсыны айтып жатканына ичим чыкпай калган.
- Зина бузулган кыз, сенин башыңды айландырып, эптеп тийипалгысы келип жүрөт. Сен аны билбейсиң, анын жоруктарын мен өз көзүм мененкөргөмүн. ..
- Эмне болгон жоруктар?
- Түңкү барда "стриптизге" түшкөн...
- А эмне, жаман нерсеби?
- Ой, бли-ин, - Мадина айласы түгөнө үшкүрүнүп алды, - Ох-х,тупой немесиң го? Жылаңачтанып алып бийлейт! Толгон эркектердин көзүнчө...
Ичим муздай баштады.
- Эрмек деген хулиган жигити бар, эгер Зинанышынаарлаганыңды билсе, башыңды алат. Анын криминалдуу чөйрө менен аралашкандостору бар. Сага кайталап айтып коөюн, Зинадан алыс жүр! Балдар ошон үчүн агажологондон коркот.
Эмнегедир Мадинанын сөздөрү ич тардыктан улам чыгыпжаткандай сезилди. Зина жөнүндө башка жаман нерселерди угууну каалабадым.
- Болуптур Мадина, баары эсте болот.
Мадина бир топко чейин үнсүз отурду да, үндөбөй чыгып кетти.Таежемдин өзүн менден жогору сезген, кыйынсынып жүргөн кызынын мүнөзү, магажасаган мамилеси кийинки күндөрү ачык эле кескин өзгөрө баштады. Мүмкүнтуугандык сезими ойгонгондур, мүмкүн айылдык мени алданып калбасын деп аяпжаткандыр деген ой менен алдымдагы китепке үңүлдүм.
ххх
Жаңы окуу жылы башталып, КМУУнун журналистика факультетининэлүүдөн ашык 1-курсунун студенттери университеттин чоң залында отурдук.Факультеттин деканы Ороз Кудайбергенов ар бир группанын кураторлору менентааныштырды. Биздин "Б" группаныкы Айгүл Сейдалиева деген эже экен.Тааныштыруу аяктап, кезек жогорку курстун студенттеринин өздүк көркөмчыгармачылыгынын катышуучуларына келгенде декан:
- Урматтуу, студенттер, биз үчүн өтө жагымдуу кабарды угузууүчүн келген райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын полковнигиКазыбеков Мурадилге сөз берилет, - деди.
Жанатан бери мугалимдердин катарында отурган семиз полковникордунан турду.
- Жолдош студенттер, биринчи иретте силердин университеттинстуденти болушуңар менен куттуктайм!
Мен атайын тапшырма менен келдим. Араңарда көптөн бери колготүшпөй жүргөн кылмыштуу топту жалгыз колго түшүргөн мыкты, эр жүрөк курсташыңаротурат. ..
Студенттер элеңдеп, бири-бирин "сен эмессиңби! "дешип шектүү карап жатышты.
- Тоноо үчүн капысынан кол салып, бычак кезеген үч бандиттинэсин оодарган ал жигитибиздин аты - Жоробек Сатылганов!
Денем сенейип катып калды. Мындайды күтпөгөн жаным эмнекыларымды билбей турдум. Студенттер шатырата кол чаап жатышты.
- Кана, Жоробек, бери чык, - деди декан студенттердин арасынтинте карап. Мен ордумдан араң көтөрүлдүм. Кол чабуу ого бетер күчөдү. Жайнаганкубанычтуу, суктанган, таңгалган көздөрдүн коштоосу менен полковниктин жанынабарып туруп калдым. Полковник сөзүн улады.
- Жоробекке кол салган кылмыштуу бул топ, буга чейин 6 жолууурулук, 3 жолу талоончулук кылып, 3 кишинин денесине олуттуу залал келтирген.Азыр жасаган иштерин моюндарына алып, СИЗОдо отурушат. Дагы башка кылмыштууиштерге аралашкан аралашпагандарын текшерип жатабыз. Мага биздин ички иштербөлүмү тарабынан Жоробекке берилген мактоо баракчасын жана 100 сом акчалайсыйлыкты тапшырып коюуга уруксат этиңиздер!
Полковник менин колумду бек кысып, Грамота менен кошоконверт тапшырды. Студенттер эми орундарынан туруп кол чаап жатты. Мен залгакөз чаптырып, тээ кире бериште турган Зинаны көрдүм. Күлүмсүрөп койду. Деканбаш болгон агай-эжекелер кезек менен келип, колумду кысып, куттуктап жатышты.Бир аздан соң, кайра көз жиберип Зинаны ордунан таппай алдым...
Ошентип, бир заматта факультеттин мугалимдерине, 1-курстунстуденттерине таанылып калдым.
ххх
Жаштыктын жагымдуу маанай тартуулаган студенттик күндөрүөтүп жатты. Студенттик жатаканада жашоо бешенеме буюрбаптыр. Таежем таптакырмойноп: "Ата-энелери алыста калган ээнбаш балдарга кошулуп, бузулуп,тентек болуп кетесиң, анда эжемдин бетин кантип карайм? Үйүбүз кенен, каалаганбөлмөңдө жаша, каалашыңча ичип-же да, кечкисин кашымда отур" - деп каршычыкты. Ойлонуп көрсөм таежемдин айткандары туура экен. Апама да жеңил болчудай.Ал эми университеттин жатаканаларына түштө, же сабактан соң группалаштарга кошулупбарып жүрдүм...
Бир жуманын ишемби, жекшемби күндөрү таежезденининомаркасына түшүп, чочкоканага каттайм. Дядя Андрейди вино менен жабдыган соң,сасык баткакка ботала болгон тандалган торопойлорду шлангадагы суу менен жууптуруп, базарга алып барып сатып жүрдүм. Чочкокананын жанында үч темир ящик бар,үчөөндө тең тамак аштын калдыктары дайыма толтура куюлуп турат. Чамасытаежездеге кошомат кылган ашкананын же ресторандын бир шефи өтүлүн алса керек.Тамак- аш кенен болгондуктан биздин чочколор көп-көптөн тууп жатты. Торопойлоруда тез торолуп, чоң, семиз болгондуктан, соодабыз бат бүтүп жүрдү...
Акырындык менен шаардыктардын кийингенин, ичкен-жегенинежана жүрүм-турумдарына чейин үйрөнө баштадым. Баягыл тоонун суугу менен күнүнөтуурулган өңүм кадимкидей агарып, бетимдин кызылы азайып, таза, тыкан кийинипжүргөндүктөн басканым да шайдоот тартып, ошого жараша кулк-мүнөзүм өзгөрүпбараткансыды.
Группадагы балдар-кыздардын баары менен мамилем жакшы.Ошондой болсо да Нурбек аттуу бала менен абдан жакын болуп кеттим. Экөөбүздүспорт жакындаштырды. Сабактан чыгып "Балбан" аттуу спорт клубдакикбоксинг менен машыгып жүрдүк.
ххх
"Балбандагы" машыгуу жумасына үч жолу кечиндеболгондуктан, үйгө жатаарда кайтып жүрдүм. Арам териң чыкканча машыккан соң,душка түшүп, таптаза чайканып, көчө менен серүүндөп басып көр! Жеңилдикти, тазалыкты сезесиң...
Сагын аке башкача тарбиялоочу. Алгач кыштакка эң жакынТаш-Дөбө деген жайлоого чейин жүгүрүп барчуубуз. Ат минип барган Сагын акеколуна топ кармап күтүп турат. Чогуу футбол ойночубуз, алсыраган соң гана,машыгуу башталчу. Татаал каталарды үйрөнүп, чарчап-чаалыккандан кийин, кайракыштак четиндеги өзөнгө чейин жүгүрүп барчубуз... Ошол үч-төрт жылдыкүзгүлтүксүз машыгуу менин дене түзүлүшүмдү өзгөрткөн. Атам жок болгондуктан, үйдүн кара жумушун жасоо да оңойго турган жок...
Бардыгыбыз Окинавалыктардын эрдигине суктанаар элек. Сагынаке кичинекей аралдын баатырларын бекер жерден сөз кылып, жөнү жокдаңазалабаптыр.
1592-1598-жылдары Кытай королдугуна формалдуу баш ийгенОкинава аралын 3 миңге жакын япон самурайлары жүзгө жакын согуштук кемелерименен келип, басып алат. Ырайымсыздык, талоончулук менен бийлик жүргүзүлөбаштайт. Кыйналган дыйкандар салык жыйнагандарды, конвойлорду өлтүрүшөт. Ошондотүштүк япон князы Тоөтоми Хидэөси аларга курал алып жүрүүгө, пайдаланууга катуутыюу салат, баш ийбегендер өлүм жазасына тартыларын жарыялайт. Айыл-айылдардантемир- тезектер, темир буюмдар чогултулуп, устаканалар жабылат. Эркин жашап,иштеп көнгөн окинавалыктардын ички нааразычылыктары күчөгөндөн- күчөгөн. Бирок,жакшы куралданган армияга куру кол каршы чыгуу пайдасыз болуп, кырылууга алыпкелмек. Акыры алар өтө жашыруун коом түзүп, каратэдо менен жапырт машыгабашташат. Машыгуу абдан көмүскө сакталып, оозу ачыктарды, чыккынчылардыакулаларга салып берип, катуу жазалашкан. Көп жылдар бою тынымсыз машыкканаралдыктар тири укмуш кыйраткыч күчкө жетишкен. Колу менен самурайдын темиртулгаларын талкалай уруучу соккуга ээ болушкан. Алар жыгач челекке салынганкуурулган буурчакты күнүнө миңдеген ирет ургулап колдорун, буттарын бышырышканэкен. Натыйжада сезгичтигин жоготкон колдор мүйүздөй катуу болуп чыга келген.Колдун соккусу - 700 килограммга, буттуку 1 тонналык салмакка жетет. Мындансырткары узундугу 182 сантиметр болгон катуу таяктар, нунтяктар менен салгылашуунунне бир татаал техникасын ойлоп табышкан. Нунтяк - узундугу 20-30 сантиметрболгон эки бекем жыгач, ортосу бышык кытай жибеги, же майда чынжыр менентуташтырылган курал. Самурайлардын өткүр кылычтарынан коргонууга, чабуулкоюуга, душманды муунтуп өлтүрүүгө, талылуу жерлерге урууга ыңгайлуу болгон.Сагын аке нантяку менен ката жасап, түрдүү ыкмаларды көрсөткөндө, качан,кантип, кандайча мишенге уруп жатканын ажыратуу кыйын болчу. Себеби, нантяку оңколдон сол колго тез-тез өтүп, абдан татаал ыкмалар менен пайдаланылчу.
Натыйжада, окинавалыктар тишине чейин куралдангансамурайлардын ташын талкан кылып, көздөгөн талаптарын орундатууга жетишет.
Аларды пир тутуп, чыдамдуу болууга дилгирленген жыйырмабаладан акыры - төртөөбүз гана калдык...
Бизден коңшу айылдын балдары да сестенип турчу. "Каратэменен машыгат" - деген сөз аларга жетсе керек. Балдардын өтүнүчү мененайрым көнүгүүлөрдү, ыкмаларды, каталарды көрсөтүп, ооздорун ачырганыбыз менен,бирөөгө тийишчү эмеспиз. Дердеңдегендерди, чоң сүйлөгөндөрдү, сынагысыкелгендерди, албетте, аяганыбыз жок. Күчүбүздү сынап, жашы чоң, аскерден келип,көчөгө батпаган бойдоктор менен өтө көп мушташтык... Сагын аке: "Силердиэлге кызмат кылсын, алсыздарды коргосун, кыз-кыркындарыбызды кордотпосун дептарбияладым, эгер силерден кесек кеткенин билсем, таарынбагыла! " - дейтурган.
Тренерибиз Анатолий Ким алгачкы жумалардан баштап, магаөзгөчө мамиле кыла баштады. Үч жыл машыккан группага кошту. Чынын айтсам,машыккан балдар шпагатка жакшы отурушуп, колу-буттары узун болгону менен,алсыз, кыймылдары начар экен. Күч да жок. Туруп берсең да уруп жыга алышпайт.Ошондуктан, алардын биринен да жеңилгеним жок. Төрт жолу спорттук клубдардынортосунда кикбоксинг боюнча жолдоштук беттешүү болуп, төртөөндө тең финалданокдаун менен жеңишке жетиштим... Эки жумадан кийин шаардын биринчилигин жеңип,өз салмагым боюнча шаардын чемпиону аталдым. Тренерим: "Кикбоксинг боюнчаКыргызстандын биринчилиги өтөт, буюрса үмүтүбүз сенде!" - деп далымдантаптап жүрдү. Катар-катар келген ийгиликтер ого бетер шыктандырды. Окуум экинчипланда калып, бар убактымды, күчүмдү спортко корото баштадым...
Бир күнү "Балбандан" келсем, Мадина чыдамсызданакүтүп туруптур.
- Сени бир жигит эки сааттан бери издеп жатат.
- Эмне дейт?
- Жолугат элем дейт.
- Эч кимге силердин телефонду берген эмесмин. Кызык...
- Буларды бер, жууп берейин? - деди спорттук кийимдеримсалынган сумкама ээк жаңсап.
- Өзүм жууп алам, ырахмат...
"Ким издеди экен?" - деген ойго алаксый чечинипжатсам, эшикти тыкылдатып Мадина кирди. Колунда жалтылдаган, күрөң түстүү -гитара. Көрөрүм менен делебем козголо түштү. Көптөн бери үн созбогонго ырданалыстап бараткамын. Көңүлүм ачыла түштү.
- Кимдики?
- Сеники... Сатып алдым. Мамам ырдаганыңды уккусу келипжүрөт.
Гитаранын кол тие элек катуу кулактарын кычырата бурапжатып, Тампону эстедим.
- Ырахмат, айтмакчы классташтарың кандай жүрөт?
- Кимдер?
- Эрик, Тампо...
- Ээ-й, - ачуулана кол шилтеди, - Ит билеби? Жүрүшкөндүр. ..Эрик -Америкада, кабар жок.
- Кат жазбадыбы?
- Жалкоо. Эки ооз сөз жазганга мойну жар бербейт.
Ачуулана баштаганын көрүп, башка суроо узатпадым. Экөөнүнмамилеси Зинанын үйүндөгү отуруштан кийин солгундаган.
- Экөөңдү мен алыстаттым окшойт.
- Күнөө жок сенде... Акыры алыстамакпыз. .. Мамамы чакырамазыр!
Гитаранын аккорддуу кооз үнү чакан бөлмөгө көөлгүй таралабаштады. .. Көз алдыма ак мөңгүлүү аскалары көктү тиреген, жашыл көйнөккийинген, түркүн түстөгү гүлдөрдүн жыты аңкыган туулган жер тартылды, түтүнжыттанган, иттеринин үнү басылбаган уюткулуу кыштагым түштү эсиме... Туулганжерди сагыныптырмын. Мынчалык дегдетээрин, саматып санаа тарттыраарынойлобоптурмун. Киндик кан тамган жердин баа-баркын туюнуп отурдум...
Белгилүү обондун ыр саптары оозума кире калды...
...Апалар таңдан туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет саалган сүттүн...
II бөлүм
Күздүн сары жалбырактарын көчө бойлото кой сыяктууайдактаган шамал, ары-бери өткөн адамдардын "токто" дегенсипэтек- жеңдерин жулмалайт. Чуру-чуу түшкөн балдар дуулдаган шамалга да карабайтөрт кабат мектептин тегерегинде куушуп-ойноп жүрүштү. Ушул мектептин жанынанөткөндү жакшы көрөм. Үйгө өтө жакын. Айланасына түрдүү бак-дарактаротургузулгандыктан ичинде кооздук да, тынчтык да бар...
Артымдан жете келген балдардын бири чыканагымдан булкатартып токтотту. Мен курактуу шаардык балдар: биринин ийнине түшкөн чачыансамблдин солисттериникиндей саксаят, өңү купкуу, көздөрү бүтүк, экинчисикайыш шапке кийген, көздөрү бакыракай, толугураак.
- Жоробек деген сенсиңби?
- Мен... Эмне болду?
- Сени менен Шоха жолуксам дейт.
- Шохаңар ким?
Эки бейтааныш бири-бирин табышмактуу карап коюшту.
- Эртең кечки саат жетиде "Ми- на" ресторанынанкүтөт, - деди шапкачени оозундагы ширеңкенин талын өйдө-ылдый жылдырып.
- Коркпо, кеңеше турган кеп бар, - деп кошумчалады узун чач,- Бирок, бул тууралуу бир да бирөө билбесин, түшүндүң го дейм?
Экөө шарт бурулушту да, капыстан кандай пайда болсо, кайраошондой бакка сиңип жок болуп кетишти. "Шоха" - жигулинин эң мыктымаркасы. Ал эми булар "Шоха" деп адамды атап жатышат. Кличка окшойт.Ким болду экен? Эмне үчүн мага жолуккусу келип жатат? Максаты эмне?" -деген суроолорго жооп табалбай ордумда кыйлага чейин катып турдум. Капысынанэсиме Эрмек түшөрү менен жүрөк бир булкуп алды... "Зинадан алыс жүр!"- деген Мадинанын сөзү кулагымда кайра-кайра кайталанып жатты. Башкабирөө- жарымы менен жаңжалдашып, кекенишип-кектешкен эмесмин. Демек, булар Эрмекменен байланышы бар балдар. Буга чейин СИЗОдон жакшы байланыша алышпай, качангана түрмөгө түшүшкөн соң гана алардан менин дарек-дайынымды билишкен окшойт.Болду- болбоду Зинанын үйүн карамалап, аңдып жүрүшүп, менин кайда жашаарымдыбилип алышкан сыяктуу.
Зина жанына ар дайым сотовой телефон алып жүрө турган. Ментаежемдикине кирип, ага телефон чалдым...
Гүлдүү халат кийген ал үйүндө кооптоно күтүп отуруптур.Канткен менен адатынча эркелей кучактап, моюндарымдан "шуу-шуу" жыттап алган соң гана:
- Гроза Алексеевнанын лекциясына кирбей, телефон чалаарыңменен үйдү көздөй "зуу" койбодумбу! Тынчылыкпы? - деди жалжылдай менименен кошо жумшак диванга көчүк басып жатып.
- Кандай десем... Кыскасы, сырдашым, ишенгеним жалгыз сенболуп калбадыңбы, ошондуктан бир ишти кеңешпесем болбойт...
Ал ыраазы боло мойнума оролду. Анын мындай эркелиги магамайдай жага турган. Бир топко чейин өбүштүк. Алдыма жумшак отура калды да:
- "Акылкарачачтан" кандай акыл-кеңеш сурайын дедиңэле? - деп назик манжаларын кыбыратып эриндерим менен ойной баштады.
- "Шоха" деген атты уктуң беле?
Ал бардык кыймылын тык токтотту. Көзүмө алая карап калды.
- Шоха?
- Ооба.
- Ал сага кайдан жолугуп жүрөт?
- Эки жигитин жибериптир, эртең кечки саат жетиде"Ми- на" ресторанынан күтөт экен.
Зина алайган көздөрү менен чочулай карап туруп, алдымданшарт тура калды да, терезеге барып ойлуу сүйөнүп калды. Эмнегедир эмирээктегижароокер мүнөзү жоголуп, түнөрө түшкөн ага акырын басып бардым. Эки каруусунанкармадым. Былк этпеди. Табышмактуу тунжуроосу мени ойго салып, тынчсыздандырбайкойгон жок.
- Зина?
Таңдана ийнинен тарттым, болбоду. Байкасам ичкерип ыйлапкириптир. Эмне үчүн? Капалантып алдымбы?
- Кой, кызыксың го, "жылан чакпай, жылкы теппей"туруп?
Өзүнө өлчөгөндөй тегизделип, куп жарашкан тармал чачтарынансыладым. Ал ушуну гана күтүп тургансып бурулду да, кучагыма боюн таштап, өксүпыйлап кирди... Чамасы, ишим "куржун" көрүнөт, болбосо Зина жөндөн-жөнмынчалык санаага батмак эмес. Ичимден тигилер менен жолугушууну өзүм делекаалабай тургамын. Шаң-шөкөттөрү, кабат-кабат кооз үйлөрү, күнү-түнү өчпөгөнчоң- чоң түркүн-түстөгү рекламалары жакканы менен криминалдуу дүйнөсү жүрөктүөйүгөн, бири-бирине бейтааныш, чоочун, мерез, кайдыгер сыяктанган адамдарыменен көңүлгө тийген шаар турмушунун кезектеги сюрпризине кабылгым келбейжаткан. ..
- Корком, - деди Зина жаш толгон көздөрү менен тигиле карап.
- Эмнеден? Сага жүрөгү тоо, же өлүмгө башын байлаган келесоогана тийишпесе...
- Мен жерге кирейин. Сенден корком... Абдан корком...Бардыгына мен бейбак күнөөлүүмүн. .. Азгырдым. Боө дүйнөңдөн бөлүп, баш-аламантурмушка азгырдым. Азыткымын... Шайтанмын. "Аял - шайтан, акыл-дос" дешкени чын, чын сөз...
- Мынчалык эмне болду?
- Шоха шаардагы "авторитеттердин" бири. Эрмек ошолШоханын группасындамын деген####н. Ал тургай аны мени менен тааныштырам деп көпаракеттенди, бирок андай сунушка макул болгон жокмун. Атам үчүн чоң минусболмок. Менимче, ал идея Шохадан чыккан болуш керек...
Экөбүз тең унчукпай турдук. Демек, Шоха менен тамашалашуугаболбойт экен. Эрмек менен мамилелеш, "шыралгалаш" экени анык болсо,анда мени менен сүйлөшө турган "сөзү" бар экени чын, же акча талапкылат, же оорураак иш тапшырат. Эгер бирди көрсөтө турган болсо, же көзүмдүтазалагысы келсе, "Ми-на" сыяктуу зоболосу бийик ресторанга чакырбайтболучу. Кыскасы, маанилүү бир иш бар...
- Эми өтө сак жүрүшүң керек.
- Коркпо, - анын көңүлүн көтөрүп, жылмайтып коюуну ойлодум,- коөндой - сак, бөкөндөй - күлүк, ташбакадай - бекем болом.
- Же, - Зина тамашамды этибарга албады, - Атама айтыптелохранитель кошуп берейинби?
- Хе-хе, ашыкча кетпе. Мен эмне президенттин, же атактуубизнесмендин баласы белем?
- Мен кайтартам, законго таяп иш кылабыз.
- Коркпогун, Зина, эч коркпо, эгер менде өчтөрү болсо, небакалышмак. Ресторанга жолугушууга чакыргандарына караганда кеңеше турган кептерибар көрүнөт, түшүндүңбү?
- Мисалы?
- Азырынча эмне, кандай нерсе, же иш сунуш кыларына башымжетпей турат.
- Сөзүңдүн чындыгы бар сыяктанат... Токто, токточу... Мендебир идея пайда болду. Бул ишти акырына чыгарам. Көңүл тынч болот...
Зина үмүт учкундарын көздөрүнөн чачырата карап калды.
ххх
Өткөндөгү жашы элүүлөргө барып калган акчач полковник мененкайрадан жүз көрүшүшкө туура келди. Менин алдымда кирген Зина аяш атасыначоо- жайды толук түшүндүргөн өңдөнөт, адатынча жайдары учурашкан соң, кимдирбирөөгө телефон чалды.
- Сен мага кирчи?
Көп өтпөй гражданча кийинген, отуз жаш курактагы, чап жаакөткүр көздөрү теше тиктеген кубакай жүздүү жигит турду босогодо. Полковник" сиз" деп кайрылганынан улам, жашы өткөн бирөө кирет го депбоолгологомун.
- Лейтенант Обозканов, - деди полковник аны биз менентааныштырып, - Отур, лейтенант. Баягыл изин сууткан Шоха деген неме суудагычамындыдай кайрадан калкып чыкты.
- Азыр шаарда бекен?
- Шаарга кайрылып келиптир. Жем жеген акырын сагынганкөрүнөт. Шоханын өткөндө ишин сотко өткөргөн "Чөнтөкчүлөр" мененбайланышы бар өңдөнөт...
- Кантип, жолдош полковник? Ал андай майда иштерге аралашпайкалсын.
- Мүмкүн, жердештир, "чөп тамырынан, эл тамырыкөп" деген, мүмкүн тууган болушар.
- Андай деп да ойлосо болот, ак ит, кара ит - баары бир ит.
- Та-ак, Шоханын тобу тарабынан жасалган иш деп, Коммунисткөчөсүндөгү ломбард менен, кытайлык бизнесмендердин тонолгон үйүн шектенипжүргөнбүз, туурабы?
- Туура, бардыгы биригип 150 миң долларлык буюм-теримдердитоноп кетишкен.
- Күбөлөр менен дале байланышып жатасыңарбы?
- Ооба, жолдош полковник.
- Та-ак, тиги "Чөнтөкчүлөрдү" колго түшүргөн жигитушул, - Полковник мага сөөмөйүн кезей сүйлөдү, - Аты - Жоробек. Эртең кечкисаат жетиде Шоха "Ми-на" ресторанынан күтмөк болуптур." Чөнтөкчүлөрдүн" бири - Эрмек деген жигит, ал убагында Шоха мененбайланышып жүргөнүн Зина кызым ырастап отурат. Жоробекте тигилердин өтө олуттуусөзү болбосо, тигиндей абройлуу жерге чакырбайт эле.
- Туура айтасыз, жолдош полковник.
- Та-ак, сен эми өз группаңды даярда, жолугушууну баштан аяквидеокамерага тартып алышың керек. Ресторан ичиндеги ар бир киши унутулбасын. Касетаны жанагыл күбөлөргө көрсөтөбүз. Бирөө жарымын тааныган болсо, андаишибиздин оңолуп, "итибиздин чөп жегени". Шоха жалгыз келбейт, демеккүбөлөр бирөө жарымын таанып калышы мүмкүн. Жоробектин өмүрү үчүн керт башыңменен жооп бересиң. Коопсуздугун камсыз кыл. Дагы, Шоханын артынан аңдуууюштур. Утур-утур орун алмаштыргыдай болушсун. Анын кайсыл жерде жашарынбилишибиз керек. Сен, Жоробек, алардын сунуштарын угуп көрүп, "ойлонупкөрөйүн" - деп айткын. Эмне кылышты чогуу кеңешебиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео