Суперстан: Кантип эркек балалуу болобуз? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кантип эркек балалуу болобуз? Кантип эркек балалуу болобуз?

#1 Пользователь офлайн   abc123   18 Февраль 2015 - 18:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 14 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:42
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:A

Бизге кенеш бергилечи?

Билдирүүнү түзөткөн: abc123: 18 Февраль 2015 - 18:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Begimkyz.   18 Февраль 2015 - 18:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Профессор Асымбекованын клиникасынын» жетекчиси, Кыргызстандын экс-вице-премьер- министри, профессор ГҮЛНАРА АСЫМБЕКОВА уул же кыз төрөөнү алдын ала пландоо боюнча кайрылуулар көп түшөрүн айтып өттү.

– Кыздуу же уулдуу болууга реалдуу мүмкүнчүлүк берүүчү ыкма барбы?
– Бар. Ал айыз циклине карап бойго бүтүрүү. Этек кир келгенден баштап 14-15 күн дегенде аялдын эн безинен өсүп жетилген 1 гана урук клеткасы бөлүнүп чыгат. Ал ургаачылык касиети бар XX хромосомаларына ээ. Эркектин бир таштаган бел суусу орточо эсеп менен 2-4 миллилитр урук клеткаларынан (сперматозоиддерден) турат. Алардын жарымы ургаачылык касиетти алып жүрүүчү X, жарымы эркектик касиетти алып жүрүүчү Y хромосомаларын камтыйт. Жыныстык кошулууда эркектин урук клеткаларынын бири гана аялдын урук клеткасына жетип, аны уруктандыра алат. Эгер X хромосомасы жетсе, анда кыз, эгер Y хромосомасы жетсе, анда эркек бала төрөлөт.
Эркектин уругундагы Y хромосомалары кичинекей, кыймылдуу жана 1 сутка гана жашайт. X хромосомалары чоңураак, жай кыймылдашат жана 3-4 сутка жашай алышат. Андыктан жубайлар аялдын этек кири келгенден 14-15 күн дегенде кошулушса, анда кыймылдуу Y хромосомаларынын бири аялдын жаңы эле бөлүнүп чыккан урук клеткасына жетип, уруктандырат да, уул төрөлөт. Ал эми жубайлар аялдын этек кири келгенден тартып 12-13-күндөрү кошулушса, анда кыз төрөлөт. Анткени жогоруда айткандай, Y хромосомалары аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтпөй, 1 сутка дегенде өлүшөт да, чыдамдуу X хромосомалары калат. Алар аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтүп турушат да, бири аны уруктандырып, кыз төрөлөт.
Аялдын урук клеткасы 24-36 саат ичинде уруктандырылбаса, анда жашоосу токтойт.

«УУЛДУУ ЖЕ КЫЗДУУ БОЛУУГА 100 ПАЙЫЗ КЕПИЛДИКТИ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ ГАНА БЕРЕТ»

– Учурда экстракорпоралдык уруктандырууда (ЭКУ) Microsoft технологиясын колдонуу менен баланын жынысын алдын ала пландап, бойго эркек баланы же кызды болтурууга мүмкүн.Кыргызстанда аталган ыкма колдонулабы?
– Азырынча бизде жасалбайт, бул келечектин иши. Мүмкүн, кийин биз да ушул ыкма менен иштеп калабыз. Биз учурда ЭКУда жубайлардын урук клеткаларын өз-өзүнчө алып, анан аларды пробиркада кошуп, уруктандырып жатпайбызбы. Сиз айткан жаңы технологияда болсо эркектин урук клеткаларындагы хромосомаларга басым жасалат. Жубайлар уулдуу болгулары келсе, күйөөсүнүн урук клеткаларындагы Y хромосомалары, ал эми кыздуу болгулары келсе, анда X хромосомалары микроскоп аркылуу тандалып алынып, аялдын урук клеткаларына кошулат. Ошентип алар пробиркага салынып уруктандырылат. Анан жаралган түйүлдүк аялдын жатынына жайгаштырылат.
Айта кетчү нерсе, дал ушул ыкма гана кыз же уулдун төрөлүшүнө 100 пайыз кепилдик берет.

ДИЕТАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН...

– Диетанын арты менен да кыз же уулдуу болууга мүмкүнбү?
– Ооба, диета түрткү берет деген маалыматтар бар. Эркек балалуу болгусу келген жубайларга сунушталат: эт азыктары, балык. Куурулбаган жер жаңгак (арахис), күрүч, банан, апельсин, өрүк как. Дарыканадан фолий кычкылын алып колдонсо да болот. Анан дагы уулдуу болгусу келген эркек мончодо ысык бууда 10 мүнөттөн ашык отурбашы кажет. Ысык уруктуктун сапатын бузат.
Кыздуу болгусу келген жубайларга сунушталат: сүт азыктары, шоколад, кофе, какао, алма, жаңы кармалган балык, нокот, жумуртка, ачыткы кошулбаган жана тузу аз нан жана башка. Ал эми эт азыктарын аз колдонуу кажет.
Эскертүү: Диетаны бойго болтуруудан 2 ай мурунтан баштап колдонуу зарыл.

АЯЛДЫН ЗААРАСЫ АРКЫЛУУ БАЛАНЫН ЖЫНЫСЫН АНЫКТОО
Бишкектеги Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун генетиги, медицина илиминин кандидаты ТОТУКАН БУРКАНОВАГА кезектеги сурообузду узаттык.

– Сиздердин клиника аялдын заарасы аркылуу түйүлдүктүн жынысын аныктап бере алышат дешет...
– Жок, биз бул боюнча иштебейбиз. Бирок сурагандарга түшүндүрүп беребиз. Заара аркылуу ичтеги баланын кыз же уул экенин 8 аптасынан баштап аныктоочу атайын тесттер бар. Андай тесттер 1-2 жыл мурун Бишкекте сатылган эле. Азыр аны буйрутма менен Орусиядан, Казакстандан алдыртып жатышат. Аны кантип колдонуу көрсөтмөсү кагазында жазылган. Тесттердин баалары 800-5000 сомдун тегерегинде. Өндүрүүчүлөр тесттерге 90дон жогору пайыз кепилдик беришерин айтышат. Кандай тест болбосун аны колдонгусу келген айым 2-3 күн жыныстык жактан кошулбашы жана антибиотик дары-дармек ичпөөсү кажет. Андан ары айым тесттин кагазындагы көрсөтмөлөрдү аткара берет. Мисалы, айым эртең менен алгачкы заарасын стаканга тосуп алат. Анан тесттин ичиндеги пипеткага заарасынан бир нече тамчы сордуруп, аны тесттин кичинекей тоголок тешикчесине тамчылатат. Анан 15 секунддан кийин тесттин жогорку жагындагы сүйрү узун тешикчеден жыйынтыкты көрүүгө болот. Күлгүн өң – кызды, көк өң – уулду билдирет.

КАН АРКЫЛУУ БАЛАНЫН ЖЫНЫСЫН АНЫКТОО
Сураштырып, бул ыкма Бишкектеги клиникалардын биринде да колдонула электигин билдик. Андыктан Алматы шаарындагы «Нурай» ЭКОклиникасы менен байланыштык. Клиниканын репродуктологу ЛЯЗЗАТ ЖАНБАБАЕВА буларды айтып берди:
– Учурда биздин клиникада кош бойлуу аялдын каны аркылуу баланын жынысын аныктоочу тесттер жүргүзүлүүдө. Ал ДНК тест (же түйүлдүктүн жынысын генетикалык жактан изилдөө) деп аталат, кепилдик 95 пайыз. Бойдо болгондун 10-аптасынан баштап колдонулат. Кош бойлуу аялдын каны түйүлдүктүн аз өлчөмдөгү ДНКсын камтыйт. Эгер ДНКны текшерип, чечмелей келгенде анда Y хромосомасы болсо, анда уул төрөлөт, Аталган хромосоманын жоктугу кыз төрөлөт дегенди билдирет.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   abc123   18 Февраль 2015 - 19:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 14 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:42
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:A

Оз жашоонордо кантип эркек балалуу болгонунарды жазгылачы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   vankuver.   18 Февраль 2015 - 19:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


Кудайдан тилегиле.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   vankuver.   18 Февраль 2015 - 19:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


Кудайдан тилегиле.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kesh.26   18 Февраль 2015 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 717
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 00:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек- Жалалабад

Намазды 5 маал окуп, ыйманды бекем кылып Аллахтан сурай берсен... Максатына тез эле жетесин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   zolushka77   19 Февраль 2015 - 01:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 11:05

Жатынды бурайт экен кыз кааласан кыз жакка уул кааласан уул жакка.Таныштардан коп кордум буратып кыз жана эркек торогонун.Синдимдин беш кызы бар эсептетсе уул деп кыз болуп калды. Буратып эркек бала тороду беш ай болду .Келинибиздин боюна болбой аткан он кун барып буратып азыр торт айлык болуп суйунуп журот.Токмоктук эже экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Milana.   19 Февраль 2015 - 12:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 128
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Мар 2018 03:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

АЛЛАХЫМ насип этсинт уулду дакызды дааа
Сени корсом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   -rusalka-   19 Февраль 2015 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 23 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 20 Сен 2015 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:(БАЭ) Дубай шаары

Просмотр сообщения zolushka77 (19 Февраль 2015 - 01:48) жазган:

Жатынды бурайт экен кыз кааласан кыз жакка уул кааласан уул жакка.Таныштардан коп кордум буратып кыз жана эркек торогонун.Синдимдин беш кызы бар эсептетсе уул деп кыз болуп калды. Буратып эркек бала тороду беш ай болду .Келинибиздин боюна болбой аткан он кун барып буратып азыр торт айлык болуп суйунуп журот.Токмоктук эже экен.


Кантип каякта бурайт экен? Толугураак маалымат берип коюнузчу эже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   vankuver.   19 Февраль 2015 - 13:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


Буратып? хе хе


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Janyla   19 Февраль 2015 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Цитата

Андыктан жубайлар аялдын этек кири келгенден 14-15 күн дегенде кошулушса , анда кыймылдуу Y хромосомаларынын бири аялдын жаңы эле бөлүнүп чыккан урук клеткасына жетип, уруктандырат да, уул төрөлөт. Ал эми жубайлар аялдын этек кири келгенден тартып 12-13-күндөрү кошулушса, анда кыз төрөлөт


Ошондо этек кир келген кундон баштап санайбызбы? ..же буткондон кийинби?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Albina2014   19 Февраль 2015 - 13:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 27 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Апр 2015 18:07
  • Жынысы:Аялзаты

Урматуу автор Аллахтан суранын дуа кылын. Аллах берерин унутпасын.Аллахтан башка сизге еч ким уул же кыз кылып бере албайт. Бирок мен еч нерсе кылган емесмин Аллага шугур 2 уулум бар .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Lilia11   19 Февраль 2015 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2017 20:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Janyla (19 Февраль 2015 - 13:15) жазган:

Ошондо этек кир келген кундон баштап санайбызбы? ..же буткондон кийинби?


Келген кундон баштап. Келген кун 1-кун болуп саналат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Kg.lady   19 Февраль 2015 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Буратканы кызык экен э, толук маалымат болсо жакшы болмок!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sister   20 Февраль 2015 - 11:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

наристелуу болуу - бул Аллах берген ырыскы, демек уулду болуу, кыздуу болуу дагы Аллахтын колунда, бирок ырыскыбызды кобойтууго, озгортууго мумкунчулугубуз бар. Бир араб улутундагы устаздын айтканы такыр эсимен кетпейт: "АстагфируЛлах деп кооп жолу айтып жургон мусулмандын Аллах биринчи ирет куноосун кечирет. Андан кийин каражатын кобойтот. Кургакчылык болуп жатса, жаан жаадырат. Уулду болгусу келсе уул берет". Наристени бизге Аллах берип жаткан сон, анын жынысын дагы Аллах берет, биз Андан бир гана сурашыбыз керек, отунушубуз керек. Жанакы бул жерин бурап койуу, минтип жатуу, мындай кошулуу, тигиндей кошулуу, менимче, фуфло.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Kg.lady   20 Февраль 2015 - 14:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ооба, баары Алланын колунда. Менда буратканга тушунбой кызыгып жатканым, кандай балээ бурагыч болду деп.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   madina.87   20 Февраль 2015 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Бары бир жаратканымдын бергени болот.Кааласа берет,кааласа бербейт.Менин 2кызым бар эле.Эшике кирсе чыкса,тамактан кийин ар бата кылган сайын Эй Аллах бизге уул берчи,апама уул берчи деп бата кылышат эле.Жаштын тилегин берип жаныжылга уулду болдук.Ошондуктан бир гана Алладан сурагыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   angelina89   21 Февраль 2015 - 13:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 10 Май 2019 01:11

zolushka77 , адресин алып берчи,мумкун болсо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Apyyke   21 Февраль 2015 - 17:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 236
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 13:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Kg.lady (20 Февраль 2015 - 14:14) жазган:

Ооба, баары Алланын колунда. Менда буратканга тушунбой кызыгып жатканым, кандай балээ бурагыч болду деп.


Менимче трубаны буратпайт. Болгону трубадагы спайкаларды жазат болуш керек. Ал эми онун бураса уул солун бураса кыз дегени бул жон гана миф болуш керек.
Баары организмден эмне эксек ошону алабыз. Тем более ден соолук жайында болсо эгер.
[size="2"][/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Elana   22 Февраль 2015 - 22:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 07 Февраль 15
  • Соңку аракети: 05 Сен 2015 00:42

Назик озунчо даават окуй бербечи! Озун таакыба болбогон сон!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 02:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: