Суперстан: Кандай ийримдерге берсем экен? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кандай ийримдерге берсем экен? Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу?

#1 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 10:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Баласы чоңойгон сайын "кандай ийримдерге берсем экен? Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу?" деген суроолор ар бир ата-эненин башында пайда боло баштайт. Ооба, чындыгында алардын ар биринин өзүнө таандык пайдалары бар.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 10:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бийлеген бала мамилечил болсо,
ырдаган баланын мээси жакшы иштейт.
Бийдин пайдалары

Ден соолук үчүн. Жүрөккө пайдалуулугу жагынан бийге эч нерсе жетпейт. Мындан тышкары, бий булчуңдарга, кан тамырларга, муундарга да жакшы. Ал коопсуз болгондуктан, баланы 4 жашынан баштап бийге берүүгө болот.


Бой-келбет. Компьютердин заманы болгон бүгүнкү күндүн балдарынын көпчүлүгүндө туура эмес бой-келбет өөрчүйт. Спорттун бир дагы түрү далыны, омурткаларды бийдей түздөй албайт.

Жарашыктуу басык. Эгер ата-эне балага кичинесинен жакшы бийлегенди үйрөткөн болсо, демек, жарашыктуу басууну үйрөттү.


Сүйлөшүү, мамиле куруу. Ооба, бардык эле балдар бири-бири менен сүйлөшүшөт. Атүгүл бала бакчадагы балдар да. Бирок, бийлеген балдар жалпы тилди тезирээк табышат. Жагымдуу музыка жана бий классындагы атмосфера балдарды жакындаштырат. Мындан тышкары, бий баланы эркиндикке чакырат. Эгерде уулуңуз же кызыңыз жоош, тартынчаак болсо, аны бийге бериңиз - бий аны күчтүү жана эркин кылат.


Жакшы маанай. Бала бийлеп жатканда андагы стресстер бүт чыгып кетет (балдар да чоңдордон кем эмес стресс алышат). Мындан тышкары, бийлөө учурунда бүт органдарга, анын ичинде мээге да кандын куюлуусу жакшырат. Демек, маанай көтөрүлөт.


Сезимталдуулук. Бий менен үзгүлтүксүз машыгуу баланы сезимтал кылып, угуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Анткени, балдар бийлеп жаткан убакта аны менен катар музыканы угуп, аны түшүнүүгө үйрөнүшөт.


Сырткы келбет. Эгер бала кичинесинен баштап бийлесе, анын сөзсүз түрдө фигурасы келишимдүү, өзү ийилчээк болот. Ошондой эле алар жарашыктуу кийинишет. Ушундай мыйзам ченемдүүлүк бар: бийлеген балдардын кийимге болгон табити жакшы болот. Ишенбесеңиз, кызыңызды бий ийримине бериңиз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 10:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Музыканын пайдалары


1.Кичинесинен музыка менен машыккан баланын акыл-эси башка балдардыкына караганда жакшы өөрчүйт. Музыкалуу бала жакшы окуйт, өзүнүн оюн сөз менен жакшы чагылдырат. Эгер балаңыздын чет тилдерин үйрөнүүсүн кааласаңыз, анын грамматиканы жакшы окушун талап кылбай, музыка менен машыгуусуна шарт түзүңүз. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн кийин музыка менен машыккан баланын мээсинин жакшы иштеши мындайча түшүндүрүлөт: музыканттардын мээсинин эки жарым шары бир убакта иштеп, активдүүлүгү бирдей болот. Анткени, музыкалык аспап эки кол менен ойнолот да, нейрондук сигналдар бирдей өлчөмдө бөлүнөт.



2.Жагымдуу, классикалык музыкалар баланын курсакта жатканынан баштап таасир эте баштайт. Кош бойлуу эне мындай музыкаларды көп укса, бала төрөлгөндө жоош болот. Ыйласа да ушул музыкаларды укса тынчып, уктап калат. Классикалык музыкаларды такай угуу жүрөк-кан тамырлар системасына жакшы таасир тийгизет, дем алууну жакшыртат, мээни тынчтандырат. Музыка баланын ой жүгүртүүсүн, көңүл коюусун, эске тутуусун жана иммундук системасын өөрчүтөт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 10:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Спорттун пайдалары

Физикалык пайдасы - ким спорт менен машыкса, анын дене түзүлүшү башкалардыкына караганда жакшынакай болот. Анткени, мында баланын сөөктөрүнүн түзүлүшү кичине кезинен жакшырат.
Спорт менен машыккан бала жеңүү, жеңилүү сыяктуу учурларын башынан көп өткөрөт. Бул болсо баланы турмуштагы ийгиликтүү жана ийгиликсиз учурларга бирдей караганга үйрөтөт.
Командалык спорттук оюндар баланы ишенимдүүлүккө тарбиялайт. Бул турмуштагы эң керектүү сапаттардын бири.
Спорт баланы келечекте бир нерсени жакшылап акыр-аягына чейин пландаштырып, андан соң ишке ашырууга үйрөтөт. Анткени, спортто гол киргизүүнүн же жеңиштин өзгөчө бир ыкмаларын издөө зарыл.
Физикалык көнүгүүлөр "бакыт гормонунун" иштелип чыгышына шарт түзөт. Демек, спорт менен машыккан баланын маанайы көтөрүңкү болот. Статистика көрсөткөндөй, спорт менен машыккан адам стресске көп чалдыкпайт.
Анан албетте, спорт ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ал кандагы ашыкча кантты жана холестеринди айдап чыгат. Бул жалпы эле спорттун ден соолукка тийгизген пайдасы. Ал эми спорттун ар башка түрүнүн конкреттүү пайдалары төмөнкүдөй:

Волейбол жана баскетбол. Мында дененин бардык булчуңдары иштейт. Баланы жеңилдикке, бир нерсеге тез реакция кылганга тарбиялайт.


Футбол. Буттун жана жамбаштын булчуңдарына өзгөчө пайдалуу.


Хоккей. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын ишин жакшыртат. Бирок май тамандуулукта, астмасы барларга, ашказанында жарасы барларга ойноо сунуш кылынбайт.


Сууда сүзүү. Нерв системасын бекемдейт, өпкөнүн ишин жакшыртат, булчуңдарды бекемдейт.


Коньки тебүү. Ийкемдүүлүктү өөрчүтөт, буттун булчуңдарын бекемдейт жана келбеттүү кылат. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын ишин жакшыртат. Остеохондрозу, зат алмашуусунда көйгөйү барлар үчүн пайдалуу. Ал эми өпкө оорусу, астмасы барларга спорттун бул түрү менен машыгууга болбойт.


Гимнастика. Ийилчээктикти өөрчүтөт. Кыздардын фигурасынын жакшы болушун жана бой-келбетинин туура өөрчүшүн шарттайт


Чоң теннис. Ийкемдүүлүккө жана бир нерсеге тез реакция кылууга тарбиялайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 10:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Балдардын коркунучу
Cтатистика боюнча, ар экинчи бала тигил же бул курагында бир нерседен коркот. Биз көп маани бербегенибиз менен бул олуттуу маселе. Коркунуч - баланын психикасына терс таасир тийгизип, ал тургай стресске жеткириши мүмкүн. Эгерде өз убагында балага ошол коркунучту жеңүүгө ата-эне жардам бербесе, анын жашоодо ийгиликтерди жаратуусуна тоскоол болот.

Коркунуч балдарда
кайдан пайда болот?

1.Көп учурда ата-эне өзү байкабай баласындагы коркунучтун пайда болушуна себепчи болуп калат. Бала жакын адамдарынын эмоциясын губка сыяктуу эле өзүнө сиңирип алат. Мисалы, бала башында курт-кумурскадан коркчу эмес. Бир күнү апасынын андан коркконун көрүп калса, ал да ошол күндөн баштап курт-кумурскадан корко баштайт. Андыктан, балаңыздын көзүнчө бирөөлөргө коркунучтуу түшүңүздү, бир нерседен катуу коркконуңузду айтпаңыз.

2.Көпчүлүк ата-энелердин бала тарбиялоосунда коркутуу деген туура эмес ыкма бар. Балаңыз тентек кылып сөзүңүздү укпай жатса "жез кемпирге берип коём", "азыр милиционер келип алып кетет" деген сыяктуу фразаларды колдоносуз. Ооба, бул коркутуулар убактылуу натыйжасын берет. Бала бул сөздөрдү уккандан кийин кайсы бир убакка чейин тартиптүү болуп калышы мүмкүн. Бирок, жез кемпирден же милиционерден коркуп калгандан тышкары балада "атам менен апам мени таштап кетеби?" деген чоң коркунуч жаралат. Ата-энесиз калуу - балдардагы эң кеңири таралган коркунуч. Анан да балада "балким, атам менен апам мени жакшы көрүшпөйт" деген күмөн ой туулат. Мындай ойлор баланын өзүн-өзү кемсинтип чоңоюшуна шарт түзөт.

3. Баладагы коркунучтун дагы бир булагы телевизор болушу мүмкүн. Кимде-ким үйүндө коркунучтуу фильмдерди, криминалдык жаңылыктарды көп көрсө, анын баласы коркок болуп калат. Андыктан, мындай берүүлөрдү балдарга көрсөтүүгө тыюу салынат.

4.Ата-эненин биринин сөзүн экинчиси жокко чыгарып турган тарбия да баланын жашоого болгон туруктуу көз карашын жоготот. Мындай балдар коркок, өзүнө ишенимсиз болуп чоңоюшат. Башкаларда эч кандай сезимди жаратпаган окуя бул балдарда коркуу сезимин жаратат. Андыктан, эгерде атасы "болбойт" десе, апасы да аны колдоосу керек. Ал эми пикир келишпестиктерди бала укпагыдай кылып такташып алыңыздар.


Коркунучтун жаш
куракка жараша өзгөчөлүктөрү
Ар бир балада тигил же бул нерседен коркуу сезими бар. Бул кадимки көрүнүш. Бирок, ата-эне бул коркунучту жоюуга аракет жасоосу зарыл. Эгер бул сезим баланын аң-сезиминде калып калса, чоңойгондо аны жоюу мүмкүн эмес.
1 жашка чейинки
коркунучтар
7 айлык баланын коркунучу - жалгыздык. Бул курактагы бала ээн бөлмөдө көп убакытка чейин жалгыз отуруп калса, анда коркок адам калыптана баштайт. Ал эми 8 айлык баланын корккону - чоочун адамдар. Эрежеге ылайык, бул курактагы кыздар - чоочун эркектерден, эркек балдар - улуу аялдардан коркушат.
1-3 жаштагы коркунучтар
Бул курактагы балдар врачтардан, уколдон, жаныбарлардан, чуңкурдан, бийиктиктен, жүрүп бараткан унаадан коркушат.
3-5 жаштагы коркунучтар
Караңгылык, жалгыздык - бул курактагы балдардын коркунучу. Мындан тышкары, бул балдар жомок каармандарынан (жез кемпир, дөө, карышкыр) коркушат.
6-7 жаштагы коркунучтар
Бул курактагы балдар үчүн эң коркунучтуу нерсе - өлүм. Болгондо да алар жаратылыш кырсыктары менен байланышкан өлүмдөн коркушат.
7-11 жаштагы коркунучтар
Жаратылыш кырсыктарынан коркуу бул куракта да уланат. Мындан тышкары, буга өлүктөн, вампирден, желмогуздан, скелеттен коркуу сезимдери кошулат.

Баланын коркунучун
кантип жеңүү керек?
Сунуш кылынбайт:
Баланы ээн бөлмөгө
жалгыз калтыруу;
Колуна, бетине уруу;
Ар кандай жаныбарлар
менен коркутуу;
Баланы коркоктугу үчүн шылдыңдоо, айрыкча башка балдардын көзүнчө;
Корккондугу үчүн жазалоо.
Уктар алдында мүмкүн эмес:
Ызы-чуулуу оюндарды уюштурганга;
Коркунучтуу фильмдерди көргөнгө;
Карышкыр, каардуу сыйкырчы, жез кемпир тууралуу жомокторду окуп бергенге.
Эгерде бала жез кемпирден корксо - анын сүрөтүн тартууну сунуш кылыңыз;
Караңгыдан корксо - ал отурган бөлмөнүн эшигин катуу жаппаңыз;
Иттен корксо - оюнчук ит сатып берип, аны менен ойноого үйрөтүңүз
Мындан тышкары:
Кош бойлуулук учуру - олуттуу маселелерди кабыл алууга, экзамен тапшырууга, дипломдук иш, кандидаттык иш жактоого ыңгайсыз учур. Мындан да бала коркок болуп калышы мүмкүн.
Эсиңизде болсун, сиз биринчи кезекте ишкер айым, мыкты кызматкер эмессиз - энесиз. Жумушта чечкиндүү, так, каардуу боло бериңиз, а үйүңүзгө келгенде назик, мээримдүү, камкор болуңуз.
Балаңызга бир нерселерди өз колу менен жасаганга, сүрөт тартканга, сейилдегенге, чуркаганга, теңтуштарын үйгө көбүрөөк чакырганга шарт түзүп бериңиз.
Балаңызды кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Кошунаңыздын сүйкүмдүү баласы менен эч качан салыштырбаңыз.
Балаңызды көбүрөөк эркелетиңиз, кучактаңыз, өбүңүз.
Балаңыздын чыныгы досу болуңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   merez_jurok   19 Сентябрь 2014 - 11:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 02 Август 11
  • Соңку аракети: 31 Май 2016 13:03
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Периштелер дуйносу

Кыз болсо бийге берген эн соонун. Дене тузулушу да жакшы болот, озун да аккудай алып жургонду уйронот. Ал эми эркек балдар спорт менен тийиштуу ийримдерге барса туура. Анан бир аз чонойгондо экоон тен чет тилди уйронууго багытташ керек.
Прежде чем судить ошибки других, обратите внимание на себя.У того, кто бросается грязью не могут быть чистые руки, душа и ум.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kara_koz   19 Сентябрь 2014 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 14 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2016 19:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабад шаары

аябай сонун кенештер эккен.рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   bai.kymbat   19 Сентябрь 2014 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

Аттан гору бергим эле келет! Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет болуп атпайбы...
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aruuzat88   20 Сентябрь 2014 - 03:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Жакшы кенеш болуптур.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Nariste...12   20 Сентябрь 2014 - 16:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Биз дагы ушул нерсени ойлонуудабыз.
Балдарым айылда чон энесинде. Чон балам айылдагы балдарга кошулуп алып, кундо бир маал чуркап, бокска барат экен. Кээде кичине балдарды киргизбей койсо, уйго ыйлап келет дейт.
Негизи баланын спортко кызыкканы жакшы корунуш го, бирок мен корком. Ал эми экинчи уулум азырынча, спортко кызыкпайт окшойт.
Анан тил боюнча , мисалы англис, орус тилдери боюнча сабактарга созсуз беребиз деген ойдобуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Nariste...12: 20 Сентябрь 2014 - 16:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aidinaernur   20 Сентябрь 2014 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Кызым бийге барат буйруса жакшы эле , уулумду женил спорттун туруно анан сууга сузгонго берсем деп отурам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Feijipiao   14 Апрель 2015 - 12:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Балаңыз үчүн спорт секцияларын туура тандаңыз
Сиз балаңыздын спорт менен машыга баштоосун чечтиңизби? Туура. Анткени, балдар үчүн кыймыл-аракет зарыл нерсе, а спорт - бул кыймыл-аракет. Бирок спорттун кайсы түрүнө берүү тууралуу суроо пайда болушу мүмкүн. Бул суроону чечүү оңой болуш үчүн спорттун кеңири тараган түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылабыз.

Чоң теннис
Артыкчылыктары:
o Чоң теннис менен машыгуу балаңызды жеңилдикке, бардык нерсеге тез реакция кылууга үйрөтөт.
o Үзгүлтүксүз машыгуу дем алуу системаларынын ишин жакшыртат.
o Эгерде сиздин балаңыз остеохондроздон жапа чексе же зат алмашуусу начар болсо, спорттун бул түрү ал үчүн эң пайдалуу.

Сунушталбайт:
o Эгерде балаңыз май таман болсо;
o Алысты жакшы көрбөсө.
Футбол, баскетбол, волейбол, хоккей
Артыкчылыктары:
o Футбол менен машыгууда буттун жана жамбаштын булчуңдары эң жакшы өөрчүйт.
o Баскетболдо дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын калыптанышы жакшырат.
o Волейбол менен машыккандарда тактык жана бардык нерсеге тез реакция кылуу сапаттары пайда болот.
o Хоккей баланын дем алуу, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларын жакшыртат.

Сунушталбайт:
o Май тамандарга;
o Астма менен ооругандарга.

Сууда сүзүү
Артыкчылыктары:
o Сууда сүзүү баланын өсүшүн токтотпойт, анткени, сууда дененин бардык бөлүгүнө күч келет.
o Кан айланууну жакшыртат.
o Баланын нерв системасын бекемдейт.
o Сууда сүзүү менен үзгүлтүксүз машыгуу баланын сөөк-булчуң системаларынын туура өнүгүшүнө жардам берет.
o Өпкөнүн иштөөсүн жакшыртат.
o Сколиоз (омурткалардын кыйшаюусу), кант диабети, гастрит, астманын жеңил түрү менен ооруган, ошондой эле ашыкча салмактан жапа чеккен балдар үчүн өзгөчө пайдалуу.

Сунушталбайт:
o Ачык жаралар менен сууда сүзүүгө болбойт;
o Тери ооруларында;
o Көз ооруларында.
Муз үстүндө бийлөө жана лыжа спорту
Артыкчылыктары:
o Дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын ишин жакшыртат.
o Баланын жумушка жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун күчөтөт.
o Коньки менен лыжаны адистер сколиоз, остеохондроз менен ооругандарга жана зат алмашуусу начарларга сунушташат.

Сунушталбайт:
o Өпкө оорусу барларга;
o Астмасы барларга;
o Алысты жакшы көрбөгөндөргө.

Көркөм гимнастика, аэробика,
шейпинг, спорттук бийлер
Артыкчылыктары:
o Кыздарга ылайыктуу болгон спорттун мындай түрлөрү ийилчээктикти өнүктүрөт.
o Келбеттин келишимдүү болуп калыптанышын шарттайт.
Сунушталбайт:
o Сколиоз оорусунан жабыр тарткандарга;
o Алысты көрбөгөндөргө;
o Жүрөк-кан тамыр системасынын айрым оорулары менен жабыркагандарга.

Айкидо
Артыкчылыктары:
o Айкидо менен үзгүлтүксүз машыгуу баланын сезимталдыгын күчөтөт.
o Нерв системасын бекемдейт.
o Тулку-бойду туура, түз алып жүрүүгө үйрөтөт.
o Май тамандуулуктун алдын-алат.
o Айкидодо "туура жыгылууга" маани берилет. Бул балдарды чуркоо жана ойноо учурунда жаракат алуусунан сактайт.
o Психологиялык тынчтыкка үйрөтүп, стресстен арылууга жардам берет.
Сунушталбайт:
* Алысты жакшы көрбөгөндөргө;
* Тубаса же кийин пайда болгон жүрөк оорулууларга.

Каратэ
Артыкчылыктары:
o Биринчиден, бала ар кандай кырдаалда физикалык жактан өзүн коргоого даяр болот.
o Балада максатка умтулуучулук, эмгекчилдик сыяктуу сапаттар калыптанат.
Сунушталбайт:
o Сколиоз же башка омуртка оорусу барларга.
Бокс
Артыкчылыктары:
o Баланын физикалык абалын бекемдейт.
o Бала өзүн бардык кырдаалдарда коргой алат.
o Өзүн ишенимдүүлүккө тарбиялайт.
Сунушталбайт:
o Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга;
o Көзү жакшы көрбөгөндөргө.

Баланы спорт секциясына
канча жашынан алпаруу керек?
6-7 жаш. Кыздарды спорт гимнастикасына 6 жашынан, эркек балдарды спорттун бул түрүнө 7 жашынан берген оң. 6 жашынан баштап балдар акробатика, көркөм гимнастика, муз үстүндө бийлөө менен эркин эле алектене алышат. Жети жашынан баштап сууда сүзүү, стол тенниси, ушу жана хоккей менен машыгууга болот.
8-9 жаш. Ушул куракка чейин баланы баскетбол, футбол клубдарына, тоо-лыжа спортторуна бербей эле койгон оң. А 9 жаштан баштап баланын жаш организми жогорудагы спорттун түрлөрүнөн сырткары волейбол, лыжа, жеңил атлетика сыяктуу спорттун түрлөрүнө даяр болот.
10-11 жаш. 10 жаштагы балага бокс, фехтования, велоспорт сыяктуу секцияларга катышууга уруксат берүүгө болот. Кикбоксинг, каратэ, таэквондо, самбо, дзюдо сыяктуу уруштун түрлөрү да балага ушул курактан баштап ыңгайлуу. Ал эми кыздарга оор атлетика менен машыгууга 13 жашынан баштап гана уруксат берүү шарт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   vema_87kg   14 Апрель 2015 - 12:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Эн негизгиси баланын кызыккан ийримине жибериш керек,жондомуно карап.Мажбурлап алып барган болбойт.

Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 14 Апрель 2015 - 12:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Kg.lady   18 Апрель 2015 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Буйруса ортончу кызымды айкидого берем куздо деп жатам. Дегеле учоону тен берейин дегем, бирок улуу кызымдын ден соолугуна туура келбейт экен, бий ийримине беремго

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   anya   20 Январь 2016 - 23:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Рахмат автор .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Mediziner   21 Январь 2016 - 03:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кыздарды бийге, эркек балдарды спорт ийримдерине берген жакшы.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 04:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: