Суперстан: Historic'тин чөнтөк дептери - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Historic'тин чөнтөк дептери Окуп койгула)))

#1 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Ассалоому алейкум, форумчулар!

Ар форумду гүлдөткөн оюнчулар.

Алдыңарга ырымды тартуу кылам,

Айып этпей ар бири окуп чыгар.

Жакса "плюс" белгисин коюп чыгар,

Жакпай калса "минуска" толуп чыгар.


Акындардын сөзүнөн сабак алып,

Ар бир сөзү көңүлгө толуп турар.

Миң ойлонуп жазганмын бул ырларды,

Муза деген дүйнөгө болуп кумар.


Сырларымды ача албай жүргөн кезде,

"СУПЕР" деген дүйнөдөн жолуктуңар.

Алдыңарга ырларын сунуп турат,

Араңардан historic форумчуңар!

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 20 Сентябрь 2013 - 13:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 09:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Энеке!

Энеке, эмнеге теңейм эмгегиңди

Мен үчүн бүт түйшүктү жеңгениңди

Кыйналам актай алам канткенде деп

Баягы ак сүтүңдү эмгенимди



Мээримиң жарык кылат караңгыны

Мен үчун кундуз чачың агардыбы

Мен үчүн ошол бакыт түгөнбөгөн

Мээримдүү энекемдин амандыгы



Теңирим бейиш кылган таманыңды

Терметээр сенсиң апа заманымды

Жараткан сага узун өмүр берсе

Жаныма тумар кылам карааныңды




Тердим да акындыктын тамчыларын


Сезимдин ыр жоргосун камчыладым


Апаке ак сүтуңдү акташ үчүн


Жан үрөйм калгычакты тамчы каным!


2009-жыл

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 12 Август 2012 - 03:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 10:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

АТА

Тарбиялап, таптап бизди өстүрүп

Кези келсе алыс жакта көп жүрүп

Балдарым деп эч нерсеге зар кылбай

Бакканыңа таазим этет көпчүлүк



Билем аны эркелигим анча көп

Эсеп жетпейт эсептесем канча деп

Эрке уулуң самайт, тилейт кудайдан

Өзүң баскан улуу жолго барсам деп



Абалтадан Ата сөзү ок делет

Аны укпай мага бейиш жок демек

Ата сөзүн эки кылган айбанга

Акыретте эч аесуз сот делет


Таң артынан таңдар атып кеч кирип

Тарых болор бул күндөр да эскирип

Сен тилеген жигит болор буюрса

Сени ойлонткон эрке уулуң жетилип

2009-жыл

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 12 Август 2012 - 03:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   akusya   11 Август 2012 - 10:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Бали, калемин курчуй берсин!! ! :достор:





"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 10:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Кыргыз элек кырса дагы өчпөг өн,

Кыргыз элек кыйса дагы көктө гөн,

Кыргыз десе суктанышып башкалар

Кыргыз болуп жаралууну көксө гөн.



Улут элек уңгусу узун өчпөг өн

Улут элек Азияны чектеген,

Улуулугу ң унут болуп таптакыр

Улут болдук башка жандар жектеген



Калк элек го карт тарыхтан өчпөг өн

Калк элек го келе жаткан көч менен

Каңгып жүргө н кандарынын айынан

Кайран кыргыз кадыр-барктан четтеген

 

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 11 Август 2012 - 10:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 10:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Коштошо албай сезимдер ыйлайт улам

Көөдөнүмө мен бүгүн сыйбай турам

Ойноп- күлүп, шапар тээп, жыргап өткөн

Окуучулук күндөрдү кыйбай турам




Сезимдерим жаш болуп ыйлайт улам

Сени такыр мектебим кыйбай турам

Баштан өткөн бактылуу күндөрүмдү

Башка аргам калган жок сизге айтуудан

25-май


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 10:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Досторго

Он бир жыл бирге басып бирге туруп

Бири-бирибизди жакшы эле калдык билип

Арадан айлар өттү жылдар сызып

Бирге окуган мектепти калдык бүтүп

Досторумду сындап көрдүм

Жакса түзүк

Жакпаса таарынмай жок

Жинге тийип))




Романтик доско:

Мезгил менен бир таштап алга кадам

Бул досум чынында көп кырдуу адам

Маңдайында шамы бар

Спортсмендик жагы бар

Кыздардын баарын сыздаткан

"Кырасавчиктиги" дагы бар

Селкилерди кызганткан

Мунун романтик болгон жайы бар




Күрөшчү доско:

Күрөштөн алып сабак

Бул досум күүлөнгөндөн- күүлөнүп барат

Минтип жылып отурса алга карап

Бул дос жакында

Буканы деле "прогиб" чабат




Ырчы доско:

Ырчылык энергиясы ичинен кайнап

Ырдайт ырчы досум булбулдай сайрап

Коңур үнүн укканда бул досумдун

Көңүлүңөр ачылат гүлдөй жайнап




Кечээ күну, досумдун үйүнүн жанында

Эки булбул турат:

-Мунуңар бизге "конкурент" чыкты!- деп

Досумду жаман көздөрү менен карап




P.s. Жогоруда аталган достормду форумдан эч ким тааныбагандыктан аттарын жазбай эле коюуну туура көрдүм.

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 12 Август 2012 - 03:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   historic   11 Август 2012 - 10:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Просмотр сообщения jakusya (11 Август 2012 - 10:13) жазган:

Азаматсын иничек... Энеге арнаган ыр сабын озгочо жакты мага :)....


Просмотр сообщенияakusya (11 Август 2012 - 10:07) жазган:

Бали, калемин курчуй берсин!! ! :достор:








Рахмат сиздерге.

Эх, убактым тар болбосо дагы жазмакмын...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kaitpas   11 Август 2012 - 11:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Чонтогундогу дептерин,
Барактап ар бир беттерин.
Окудум мыкты куралган,
Ыр менен жазган кептерин.

1+
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Tentewka   11 Август 2012 - 13:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 24 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Фев 2014 15:23
  • Жынысы:Аялзаты

Малдессиң Хисторик
ырың окуйм мен келип
курчуй берсин калемиң
форумчулар дем берип

Сүрөт
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Munarbek1011   11 Август 2012 - 13:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 17 Январь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2018 08:17
  • Жынысы:Эркек

оо дос талантын ташкындай берсин!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Munarbek1011   11 Август 2012 - 13:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 17 Январь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2018 08:17
  • Жынысы:Эркек

++++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   antivir   11 Август 2012 - 14:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 21 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 10 Фев 2014 16:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:KG

Жакты мага Хисториктин ырлары,
Жатты экен дагы канча сырлары.
Онорун орго чап, корсот элге,
Чыкпай неге журот тв-гезиттерге¿

мага деле + :)

Билдирүүнү түзөткөн: antivir: 11 Август 2012 - 18:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   gulas   11 Август 2012 - 15:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 27 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ийгилик азаматсын калемин курчуй берсин.....
+++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   operaledi   11 Август 2012 - 15:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Мин жолу плюс:applause: :good:

Билдирүүнү түзөткөн: operaledi: 11 Август 2012 - 15:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Барс   11 Август 2012 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Сенин мурунку жазган ырларыңдан эле, шыгыңдын бар экенине көзүм жетти эле. Чыдабай мактап да жиберген болчумун. Азыркы ырларыңды окуп жатып, дагы да жылуу сезим каптап турганын жашыра албаймын... Бирок, 5-6 ыр менен сени классиктерге кошуп койгонго да, чабалдардын короосуна айдап киргенге да батынуу кыйын. Ошентесе да бир-эки кеңеш:
1. Бул кеңештерди сенден акындык жактан мыкты экендигимден айтпай жатканымды түшүнүү менен, жолумдун улуу экенин гана эсепке алып, көңүлүңө туура келгениндерин алсаң деген өтүнүч...
2. Эгерде бул ырлар мурда өздүк чөнтөк дептериңде гана болсо, супердин сайтына жарыялоо менен жаамы журтка шардана кылып жаткан соң, катасыз жазганга аракет кылсаң. Тыныш белгилерин ордуна коюп, биригип калган сөздөрдү өз алдынча бөлүп жазып дегендей... Акындан ката кетсе, башкалардан нени күтүүгө болот!!!
3. Анан көп эмгектенсең сонун болот эле. Качан илхам келет деп күтүп отурбай...

Калганын кийин аман болсок айтып жатаарбыз. Сага чоң ийгилик! Атыңды чоң акындардын катарынан уга турган күн да жакын деп чоң үмүт менен абаң Барс.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Ananasky   11 Август 2012 - 18:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 17 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 05:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabat.

Азаматсыз , калеминиз курчуй берсин . Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Mondur   11 Август 2012 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

historic чонток дептериндин барактарына жашырган калем издеринди форумга жарыялаган экенсин, окуп алып кубанычта калдым. Акын айтыштан ырларын аркылуу тааныган элем, эми ыр саптарынды атайын темадан окуурум кубаныч эмей эмне?!
Жалпыбыздын сыйыбыздагы, "устатым" деп эсептеп жургон Барс абанын жазгандарынан кийин, ырларына "баа" беруудон тартынып турам чынында.. Ошол создор сага туура багыт, кучтуу дем, асыл баа болоору анык. Ошентсе да дилимде толо тилегим бар-"алгалай бер, ийгилик сага!"
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aitu94   11 Август 2012 - 18:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 15 Июль 12
  • Соңку аракети: 15 Сен 2014 14:42
  • Жынысы:Аялзаты

+++++++++++++++++++++++++++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   supeeri   11 Август 2012 - 19:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Азаматсын,Эне, ата жонундо жазган ырларын жакты.
Бирок чындыгында жакшы эмгектенишин керек экен.Барс агабыз айтканын уксан чыныгы,шайыр болгондойсун. :)Ийгилик сага.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: