Армандуу кундорум артта калып, келечекке умут менен баш баккан кезим
- (10 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жүрөгүмдөгү сыр
#2 19 Январь 2015 - 15:11
Саламатсыздарбы ардактуу окурмандар,
канча ойлоп, коп болжоп мен сиздерге озумдун башымдан откоргон армандуу кундорумду,
жоопсуз артта калган суйуумду, тагдырдын татаал жолдорун басып келгендигим жонундо баяндап берейин. Менин журок сырларымды окуп кээ биринер мени тушунуп аяп боор оорусанар, кээ биринер иренжип, менден баш тартуунарды сезип билсем да, акыр аягы баары бир чечкиндүү болуп силерге айтып, жазып бермекчимин.
#3 19 Январь 2015 - 15:29
Баштай бериниз...

Кара-Суум берекелуу менин шаарым,
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
#4 19 Январь 2015 - 15:37
Теманы ачып коюп жоголуп кеткенинер бовойт ко, жок дегенде бир барак жазып коюп анан чай ичкени кетпейсинерби же теманы ачып коюп анан, эми эмнени жазсам деп ойлоносунарбы?
)))
#5 19 Январь 2015 - 15:44
Ушундай темалардан чакырым алыс жүрөмчү негизи, анан guard'дын жазганынан кире калсам, баары бир болбогур тема экен

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 19 Январь 2015 - 15:44
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 19 Январь 2015 - 15:46
Мындан 20 жыл мурун мектеп окуусун өзгөчөлөнгөн күбөлүк менен жаңы аяктап жогорку окуу жайына тапшырам деп турган кезимдин бир күндөрүндө жуучулар биринин артынан бири келе башташты. Апам мени коп урушчу, окуйм дебестен, эртерээк куйоого чыксан, кыз баланын бактысы, үй-оокатында,
окуп кыйратасынбы дечү. Эжелеримди да мектепти бүтөөрү менен ой-боюна койбостон күйөөгө узаткан. Ал эми атам болсо мени аябай жакшы көрчү үй-бүлөөдө улуу кыздарынан болсом да мени эркелетишчү.
Бир күнү өз айылыбыздан жуучулар келип, менин колумду сурашышты, апам аларга макул дейт, ал эми атам болсо ушунча жыл мектепте жакшы окуп билим алды келечекте бир кесиптин ээси болсун окуталы дегенине карабастан акыры апам атамды көндүрүп жуучуларга макулдугун беришип бата кылып коюшту. Мен аны укканымдан айлана астын-үстүн болуп, менин оюмду сурабастан макул деп жооп айткандарына ата-энемди жек көрүп аябай ызаландым. Көп өтбөй катуу ооруп калдым. Ошондо атам мага боор ооруп, кызыма мынчалык азап бергенге жол бербейм, бакыт кушу кыз балага үч жолу конот, дагы жакшы жерден күйөө чыгаттыр, турмуш жолун алып кеткени али жаш деп жанагы келип батасын алып кеткен жуучуларга жообун айтыртып, сени мен окутамын деп, жогорку окуу жайга алып барды. Мен болсо сүйүнүчүм койнума батбай, көктө учуп жүрдүм. Мен азыр ойлосом ошондо эле мен өжөр, "айтканым айткан, дегеним деген" баарын жеңип келген кыз экенмин.
Ошентип жогорку окуу жайда окуп калдым. Ар аптанын алтынчы күнү үйгө барсам атам мага көп акча берчү, апам болсо мени урушчу, "Окуп эле кайсыл жерге чейин барат экенсин" деп, себеби жанагы кудаа түшүп келген жуучулар апамдын эң жакын досторунан болчу, жигит да жоош момун апама жакчу, ага турмушка чыкбагандыктан апам мени көп урушчу.
Биринчи, экинчи курстарды таэжемдин үйүндө жатып окучумун, ал эми үчүнчү курстан мен окууга жетишбей жатам, жатаканаг орношомун деп өжөрлүгүм менен студенттер жатаканасына чыгып кеткем (албетте ата-энемдин уруксаты менен, кээде жатаканага чыкканыма көп окунөм, ошондо жатаканага чыкбасам балким азыр башкача жашоо болот беле деп).
Жатаканада жашап баарына жетишчүү болдум: окууга, кружокторго, спортко(тренировкаларга барчумун), жада калса жигиттер менен сүйлөшчө да болдум.

#9 19 Январь 2015 - 16:24
Жатаканада жашап баарына жетишчүү болдум: окууга, кружокторго,
спортко(тренировкаларга барчумун), жада калса жигиттер менен сүйлөшчү да болдум.Тренировкага биз 4 дос бир барчуубуз, алардын бирин катуу жакшы көрчүмүн, ал эми бирөөнү жек көрчүмүн. Тагдырдын татаалдыгы мына ушунда экен. Мындан 3 жыл мурун мен жакшы көргөг досум мени суйчү экен аны мурун айтса болбойт экенби деп копко ойлонуп жүргөм. Ал эми мен жек көргөн досум экөөбүз бир канча убакыттан кийин аябай жакын болуп кеттик. Окуу жайда да кыска мүнөттүү переменаларда,
чуркап келип жолукчу болдук. Кийин барып-барып кыз жигитке айлапндык. Бул жөн гана жаштык чыныгы сүйүү жок деп билчүүмүн. Ал университетте эң жакшы окучу, алдыңкы окуучу деп "үлгүлүү окуучулар тактайчасында"
ар дайым илинип турчу. Мен да андан калышбай жакшы окучумун. Бара-бара бирибиздин комнатабызга бирибиз кирип, бирибиз жасаган тамактан бирибиз даам татып, чогуу сабак кылчуу болдук.
Мен аны катуу сүйгөнүмдү төртүнчү курсту бүтүп, кышкы каникулга кеткенибизде сездим. Ал кышкы каникулдан кийин 1 ай кечигип келди, ал убакта уюлдук телефондор болбогондуктан, эмне болгонун билбе албай "мага айтбай үйллөнүп алганбы, же болбосо бир балээкет болгонбу" деп өзүмдү азапка салдым. Ошол күндөрү мага Жанагы биринчи мен жакшы көрүп калган досум дем берип, экөөбүз күндө сабактан кийин Ош шаарымдын Сулайман-Тоосуна чыгып, парк аралап айланчуу болдук. Бир күнү (23-февраль) майрамдап (колумда бир букет роза гүлү, жанагы досумда торт), каткырыгым ичи-койнума батбай келе жатсак, жанымдан бирөө "Алтышка" деп чуркап чыкты, өңүмбү же түшүмбү деп чоочуп карап коем, жоголуп кеткен "Пончигим" экен (Мен аны арык болгондуктан семиреби деп "Пончик" деп атачуумун). Мага карап жинденип, "жоксун, кайда жүрөсү, сени аябай издедим, мен жокто жыргапсын да" деп кобуранды эле, мен да андан калышбай "Сени бирөө жок болуп кет дедиби, дайының жок, өлүк,тиригиңди билгизбедиң, же үңлөнүп алдыүбы" десем кечир кат жаза албадым таэнем катуу ооруп, таэнемди карадым деди, таэнесинин колунда чоңойгондуктан, таэнесине болгон мээрими деңиз болчу (ал убакта автобустардан кат алышып, кат жиберчүүбүз). Ошол күнү кайра жараштык, ошентип күндөр өтүп жайкы сессия да аяктап коштошоор убакыт да келди. Ал кезде азыркыдай кучактап, өбүшүү деген жок болчуу, жөн гана узатып, ыйлачуумун. Бул жайкы каникулда мен айылга кетбей калдым таэжемдер үй салып мен аларга жардамдашып жүрдүм. Анда санда үй телефонуна "Пончик" чалып ахвалымды, сурап койчуу. Бир күнү мага звонок кылып "Алтышка" билесиңби мен сеникатуу жакшы көрөм, ал сөздү сага айта албайм дегенинен, эмне мени сүйүп калдыңбы, а мен сени сүйбөйм деп тамашалашып койсом сөзүмдү аягына чейин укбастан капа болуп трубканы коюп койду. Эми өлбөдүмдү өзүм да аны жан дилим менен сүйүп өлүп жатсам, өрттөнүп эмне капа кылдым деп көп ойлондум. Ошол бойдон жайкы каникул бүткөнчө кайра звонок кылган жок.

#14 19 Январь 2015 - 17:22
Окуучу дебей студент деңизчи. Окуучу десе мектепти элестетип эле отурам.

Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#17 19 Январь 2015 - 18:43
Нанды жеп алып артынан чайды кутуп отургандай болуп калдым го. Кооп коптон бир кылып жазсаныз автор? Кутуп атабыз.
Чтобы ты не делал за спиной у людей, помни! Ты делаешь это на глазах у Аллаха!!!
#18 19 Январь 2015 - 19:35
Эх баарындын кайгын суйуу,суйуу экенда...и жазчы суйуун мындан ары эмне болор экен.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#19 19 Январь 2015 - 19:57
Баштап алып анан жазбастан, куттуруп, жалдыратканды аябай эле жакшы коросунор а
- (10 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »