Пакетиктеги эмес атайын демдеп ичкен чайды сагындым, жумуштан иче берип тажадым, ден соолука зыян дагы экен го .
Сиз кандай чай ичкенди жакшы көрөсүз? жана эмне менен?
#122 16 Декабрь 2015 - 21:01
Чай менен деле оорубайм кайнаган суу деле иче берем.
Ичсем демдеп алып, ото кызыл эмес кылып ичем.Суттон кошуп,туздан салып.

Билдирүүнү түзөткөн: fittoniya: 16 Декабрь 2015 - 21:03
#123 17 Декабрь 2015 - 12:29
Фруктовый же чөптүү чай.
Жөнөкөйлүк ашса ашсын, бой көтөргөндүк адатка айланбасын.
..
#124 18 Декабрь 2015 - 12:22
Лимон же малина вареньсын кошуп ичкен жагат.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#128 19 Декабрь 2015 - 17:13
Чайды бир гана сахар менен ичем, ансыз ичиш кыйын мага, а башка кошулмаларды да кошуп ичпейм. Пирожный, печенье менен жада калса тамакты да чайсыз жебейм чайды жакшы кором аяябай.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#130 21 Декабрь 2015 - 23:49
фрукты,имбирь кошуп кайнатылган чайды, анан сут мн жакшы коруп ичем)
В девушке нужно видеть будущую жену,а если нет- не держите возле себя чужое счастье!!!
#132 23 Декабрь 2015 - 18:45
Рецептиме нават кошулган чай кирип калды жакынкы кундон бери.Тажай баштадым.Лимон брусника кошулган чайды тажабай ичем.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#134 25 Декабрь 2015 - 00:09
Кайсар чай)))
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#138 28 Декабрь 2015 - 22:53
БАШТЫКЧАДАГЫ ЧАЙЛАРДЫН ЗЫЯНЫ !
Баштыкчадагы чайлар бат даяр болгондуктан, кандай жагдайда болбосун, иче койгонго ыңгайлуу болгону менен пайдасыз жактары да бар. Өзүн сыйлаган адам организмине таштанды толтура бербейт. Бирок таштандынын булагы болгон “карын” чайдын сырын баары эле биле беришпесе керек.
Баштыкчадагы чайлар эмнеден жасалат?
Баштыкчадагы чайды чыгарган митаамдар аны сапаттуу майдаланган чайдан эмес, чай өндүрүшүнүн калдыктарынан чыгарышат. Индия менен Кытайда чай өндүрүүчүлөр калдыктарды пайдаланышпайт, аны шылуундар сатып алышат. 10 килограмм чайдын чаңы болгону 10 доллар гана турат. Мындайча айтканда, баштыкчадагы чайдын таңгагы тыйынга эле бааланат. Шылуундар аны чай кылып жасап сатып пайда табышат. Айрым чай баштыкчаларына чаң эле эмес, чөп, кыпын жана башка майда-чүйдө нерселер кошулат.
Чайдын сапатын кантип билсе болот?
Баштыкчадагы чайдын курамын көз менен көрүп, анализ жүргүзүү да оңой эле. Мисалы, арзан чайдын кыпыны экенин мындайча аныктап койсоңуз болот:
Таңгактагы чайды ачасыз, эгерде баштыктан күрөң порошок сыртка үбөлөнүп чыгып, таңгактын ичи булганып калса, кыпын ичип аткан болосуз.
Эгерде таңгак таза болгон учурда да анын ичинде чыныгы майдаланган жалбырактуу чай экенине эч кандай кепилдик жок. Орусияда мөөнөтү өтүп кеткен чайлардын 20 пайызын баштыкчаларга салып сатыкка коюшат. Ал мөөнөтү өтүп кеткен чайлар өзүнүн сапатын эле жоготпостон, организмде микроскопиялык грибоктордун жашашына азык боло турган афлатоксин затын пайда кылат. Бул зат ден соолук үчүн абдан коркунучтуу. Боорду кайра калыбына келбей тургандай кылып жабыркатып коёт.
Негизи чайдын сактоо мөөнөтү - үч жыл. Биз кутусундагы жасалган убактысын карап эле ошого бүгүнкү күндүн датасын кошуп пайдалана беребиз. Кутучада ал чайдын жыйналган убактысы көрүнбөйт, таңгакталган убактысы гана жазылат. “Чайдын жалбырактары он жылдап кампада сакталат” деген да маалыматтар бар. Андыктан жасалган убактысы жаңысын тандоо шарт.
Чайдын баасы роль ойнобойт, анткени кымбат сорттогу чайларга окшоштуруп көчүрмөсүн жасашат. Эгерде чайды демдегенде үстүндө көбүк пайда болсо, ал жаңы чай. Көбүк жок болсо, эки жыл мурун чогултулган болот.
Бузулган чайды демдегенден кийин чайнектин капталдарында кара так калат.
Эмне үчүн баштыкчадагы чайлар эрте чыгат?
Эң төмөнкү сапаттагы чайды сатып алып, ага ар кандай боёкторду кошуп жогорку сапаттагы чайдай кылып жасап койгон оңой. Таңгагында кошумча боёктор көрсөтүлбөйт. Бирок чайдын курамында боёк барбы, жокпу, билүү оңой. Ал үчүн муздак сууга баштыкчадагы чайды салабыз. Боёгучу болсо, сууга чыгат. Табигый чай экенин текшерүү үчүн лимондун кесиндисин чайга салсаңыз, өңү ачык болуп өзгөрөт. Өндүрүүчүлөр эски чайдын даамы менен жытын жашыруу үчүн жемиштерди, гүлдү, жыт бергичтерди абдан көп колдонушат. Бул химиялык жыт бергичтер он эсе арзан жана жыты табигый чайлардыкынан күчтүү. Ал эми кургатылган жемиштердин кесиндилерин башка тамак-аш өндүрүшүнүн калдыктарынан алып алар курамында бар экенин көрсөтүү үчүн эле кошуп коюшат.
Чайдын курамында кандай жыт бергичтер бар экенин кээде гана көргөзүшөт. Анткени синтетикалык жыт бергичтер өзүнө уулуу заттарды камтыйт. Алар рак клеткаларын өстүрөт, боордун иштөөсүн бузуп, зат алмашууну иштен чыгарат. Бул дароо байкалбайт, ар кандай химикаттар биринчи организмге топтолуп, анан анын коргоочу күчтөрүн бузуп организм системаларына сокку берет.
Баштыкча кандай кагаздан жасалат?
Баштыкчадагы чайлардын көпчүлүгүнүн баштыгы фильтрациялык кагаздан жасалат. Ал жыгачтан жана кээ бир өсүмдүктөрдүн сабагынан химиялык жол менен чыгарылуучу зат целлюлоза жана кебезден даярдалат. Кагазга чайдан ороп стакандагы кайнак сууга салып көрсөңүз, ботко болуп жатып калат. Ал эми жука баштык сууда канча турса да, төмөнкү температурада да бекем бойдон калат. Кагазды бириктирүү үчүн желим, кыстыргыч, жип колдонулат. Кыстыргыч металлы, эң жагымсыз желим, жытын чыгаруу үчүн ар кандай жыт бергичтер биздин ден соолугубузга зыяндуу.
Чайды туура тандоо
- Дүкөндөн чай сатып аларда сөзсүз түрдө чайдын курамына көз салыңыз. Арзан чайлар даамын жашыруу үчүн жемиш, таттуу же башка кошулмалары менен болот.
- Баштыкчадагы чайды экинчи жолу колдонбоңуз.
- Баштыкчадагы чайды күнүнө беш жолудан ашык ичпегенге аракет кылыңыз. Аны жалбырак чай менен алмаштырып колдонуңуз. Баасынын арзанына карап атып эч нерсеге бааланбаган ден соолугуңузду жоготуп албаңыз.
- Баштыкчадагы чай алам десеңиз, бир гана эң кымбатын тандап алыңыз. өндүрүүчүлөрдүн баары кутусуна “эң мыкты чай” деп жазышат. А чыныгы сапаттуу чайдын кутусу нейлон жана жасалма жибектен болот.
- Эгерде чыныдагы чайдын өңү күңүрт болсо, эч качан ичпеңиз.
- Жемиш жана гүлдүү чайдан толугу менен баш тартыңыз. Алар 100 пайыз уу болот. Аларда жыт бергичтер менен боёктор өлтүрө турган өлчөмдө кошулат.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#139 03 Январь 2016 - 20:56
кызыл болуп демделген ширин чайды ыссык ыссык ичкенди жакшы көрөм