Саламатсыздарбы биринчи жолу тема ачып жатам конул буруп окуп койосуздар деген умуттомун болгон окуя озунуздордун кенештеринизди ой пикирлеринизди жаза кетсенизда болот себеби биздин башкы рольдогу Айденек бунун баарын окуп ой жугуртуп олтурат
Көздөн аккан көз жаштар болгон окуя
#4 11 April 2015 - 14:03
боло элек окуя окшойтго.....
болгон окуя десе кире калыпмын
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#5 11 April 2015 - 14:10
Жаш сулкайган келин ылдам жол тарапты карап уй жумушу менен алек эхх айыл жергесинде теги жумуш тугонбойтго чиркин уйун эми эле жыйнап камыр жууруп буткон экиге чыккан кызы бар жакында экинчи наристелуу болот, жай мезгили кундун аптабы меенди кайнатат кызымды уктатып ал жактагы койлорго андан кийин суу берип келем азыр ушул кундун аптабында кызыма ысык отуп азабын озум тартпасам эле деп кызын курсагын тойгоздуда экоо салкын торку уйго жата кетти карачы молтуроп уктап кетти эч нерседен кабатыры жок анда санда мыйыгынан кулуп койот Айденек ойлоду периште тушко кирет деген чынго чамамда кече эле селпендеп менда апамдын койнунда жаттым эле бугун озумдун кызым деп жатып кандай козу илингенин билбей калды эртелеп туруп короо шыпырып уйдогу кайын эне кайын синдилерин жумушуна кетирип алар кеткенден кийин кызы экоо жалгыз зангыраган уйдо калат баарын жыйнап жууп тарап тамак кылып нан жабып кун кандай отконунда билбей калат же озу кош кат болуп чарчадыбы айтоор келин уктап кетти.Данкылдап короодон дабыш чыгып ой тобоо уктатып эле койсо койлор суусу жок тилдери саландап калганго тим эле торку уйго кирип жатканын кара эмнеге жетишейин эрте менен ишке кетем келип кой карап мал жылдырып озу келинди эмнеге алгам деп суйлонуп чака которуп жургон кайын энесин корду кайдан уктап кеттим жана эле берип койбой ошо койго сууну эхх эми эмне кылсам деп келиндин журогу каабасынан чыгып кеткидей согуп жатты кантседа жаш келин озун колго алып жугуруп чыкты ой апа келип калдынызбы назикти уктатам деп жатып озумда дегенде эле кайын энеси оозунан созун жулуп алды илгери баланыда карап короо короо койлорду багып нанды жаап уйку эмнени билбептирмин кызынды шылтоо кылып жатасын ушунча жумуш турса эртеден бери эмне кылдын я кызынды эрмектеп ары бери басып эле жургонсунго саат чакыраган учто койлорду карачы тилдери саландап калганго я бир иштин пайнабын чыгарып жасаганынды корбодум деп суйлонуп жатты эмне кылсын уурусун карматкан мышыктай эч нерсе дебеди куноо озундо уктап кетти эмне кылсын кун ысыганда теги адамдын уйкусу келип жаны жер каалап салкын жерди издеп калат келиниз сууну мен берейин деди байкуш келин бар ары чай кой ачка келдим нанында ачыганго мени кутуп олтурбай жаппайт белен деп урушуп салды келин арыдан бери чай койуп салкындатып суу себип кайын энесин чайга чакырды тим эле тоону томкоруп келгенсип анысы андан сайын кучоп чыкты Айденекти ары алып барып бери алып келди Айденек ооз ачпады нанын жасап тандырга отун койуп нанды жаап баштады ал жерде термелип олтурган кайын эне сенин айын жакындап калды нанынды ташып берейинда дебеди кайдагы Айсалкындын келинин мактап олтурду барсан тим эле жугуруп чыгат оорунду жерден женилинди желден алган келин экен уйунун тазалыгын айт ии Айсалкын келинге жетип бешенеси тердеп чай ичип олтурат жаркылдаган келин экен айтмакчы келин бай жердин кызы турбайбы бир эмес эки диплому бар экен экоону тен кызылга буткон экен жаркылдаган келинге жетиптир деп мактанып олтурду Айденектин журогу титиреп коодону канап коздоруно жаш тегеренип кетти да нанын алып тандыр тарапка жоноду ичи эзилип ыйлапда боздопда жатты тагдырына нараазы боло эмне мынча эмне мынча ушул кундор кайгы капа менден алыстабайт я деп ойго чомулуп наны кызара бышканында байкабай калды.Нанды жаны гана узуп жаткан кайын энеси келип баняга суу ташып кой атан базардан келет ушундай ысыкта агада кыйын болду деп ары басып кетти келин ундободу Айденектин жашоосу ушуга окшоп чуурулуп бири бирине окшош кундор отуп жатты кечки тамакты кылган сон жолдошун Арсенди кутуп жатты тамагын берсе кирип жатсам деп камданып журот ангыча конулу суз эмнегедир Айденеккеда конул бургусу келбей коз кыйыгында карап жолдошу колун жууп жатты Айденек буту куйгон тооктой тамагын ысытып чай койуп олтуруп калды караса жайдары дагы деле колун жууп буто элек экен анда айденек болунуз тамак муздап кала электе деди анда Арсен карап менин курсагым ток балдар менен аш жеп андан ары жерди айдап келдим деди келин унчукпады жаны сыздады баарын ошол учун кылып жатканын коруп сезип туруп жайдары тамак жебейм дегенине жаны куйду эмне кылсын башын шылк эттирди келин идиштерин жайгаштырып болгондо кызы келди апа уйкум келди жаталычы деди саат он бирди карап калыптыр ошондо сезди ай ааламда эмне болсода сел басып бороон чапкын болсода ушул кызы апасын аяп жаткансып кетти кызын которуп оз болмосуно кирсе Арсен жатыптыр Данекда ундобуду тек гана жашоого кызыгы токтоп жаткандай.
#8 11 April 2015 - 17:37
Айденек кирпик каккан жок коз алдына тее алыста откон жаштыгы балалыгы коз алдына тартылып жатты анда биринчи класска баргандан баштапкысын эстеди жетиге толуп апасы Жыпар мектепке алып барды Айденек озу зеендуу акылдуу ак жуумал уялчаак кыз эле а дегенде окуучуларды класстарга болуп жатып данек б класстын окуучусу болду класс жетекчиси Токтокан ото боорукер жакшы эжеке болчу ошентип Данек биринчи класска кадамын таштап жашоого терен кароо унтулууга уйронду анткени атасы ото тарбияга бекем эле сабактан келеери менен сабагын кылып апасына жардам берчуда бир жолго чыгып ойноп келчу жай айы баары жолдо топташ ойноп ошол маалда жаштардын баары окуудан чыкты дегиче ташын таштап топташ ойноп калышчу Айденектин бир синдиси жана иниси бар болчу ушул иниси Айденектин мойнунда эле коптон куткон уул болгону учунбу атасы жерге тушурбой ойнот дечу кыздар менен ойносода которуп журчу убакыт отуп жатты Айденек чуурулушкан кундордун артынан тортунчу класска барды анда синдиси менен иниси кичинекей болчу элдер баары шалы эгишип гуруч алышчу данектин жашоосу кее бирки кыздарга караганда эрте башталды тортто окуган кыздар сабак менен алек болсо данек баарына жетишчу окуудан келди дегиче апасы талаага жиберет атасы экоо талаада чай ичип атты минетда жер айдап тегиздешет ал мезгилде тракторлор бар болсода атка кошчу кошуп жер айдоочу данек атты минип атасы кошту кармап жер тегиздечу аты кыйшык басып кетседе туз журбойсунбу андагы козбу эмнен деп урушчу ушинтип кечки салкын тогузга чейин жер айдап шалы эгип келишет келип апасына жардам берип сабагын даярдайтда уктап калат данектин сабагы жалан беш деген баалар менен буткон жок уй жумушунан арбыбай калабы же кечке ат минип калабы кечке жуук чарчап сабактан алыстап кетти класста эн татынакай ким десе баары данекти корсотушчу озу зеендуу баарына акылы жетип турчу кантсин аны кылганы чамасы келбей калат кундор отуп бир куну данектин апасы Россиягы жоноду акчанын жетпегенинен короо жайды ондош керек балдар чонойуп келатат деп кетти баардык уй жумуш тамак кир инилерин караш баары данектин мойнунда калды сабактан келеери менен синди инилерине тамак жасайтда уйун жыйнап сабагын даярдап талаага жонойт атасы каардуу жини келип мынча кечиктин я сабагын эбак эле буткон болсо жургонсунго ойноп деп жемелеп калат шаалы отоо маалга келгенде суудан буту чыкпай буттары шишип кетет ушундай кундор отуп жатты апасы жок жашоо кандай кыйын экенин оз башынан откоруп жатты сабагы жалан тортко отту кун айланып жыл айланып данектин суйунучундо чек жок анткени синдиси Айжамал биринчи класска барат атасында жузундошу жылмаюну биринчи жолу корду негедир атасы данеке анча конул бурчу эмес иниди кара сабагыны оку уйду жыйнабадынбы деп урушуп журо берчу Айжамал эн жакшы окуду жалан беш деген баалар менен озу зеендуу окууша умтулуусу кучтуу кыз эле жыл айланып чейректер чыгып акыркы конгуроо болду анда данек бешти бутуп жаткан кези оздорунун класстащ кыздарына салыштырмалуу турмуштун ойдо томонун коргону учунбу токтоо жана сабырдуу кыз болчу ардак громматасы менен сыйланды Айжамал конгуроо чала турган болду анда уч класстан эн жакшы окуган кыз конгуроо чалчу эмеспи атасынын тобосу кокко жетип бир клемин саттыда эжекелерди сыйлады кызым токсон беш окуучунун ичинен эн жакшы окуган деп табылып жатса деп акчасын аяган жок Айденек громматасын которуп суйунучундо чек жок ата ата карачы громмата алдым дегенде алдагы кагазынды кузгунун жанына кой мына синдинден уйронсон боло карачы токсон беш кыздын ичинен эн жакшы окуган ушул кызым табылып конгуроо чалды деп мактап кирди Айденек соолуган гулдой карап турдуда ары карап басып кетти анда артынан бакырып алдагы макага (жугору) суу койуп койгом жер табына келип калды кечки тамака чейн чаап жагана кылып кой деп калдыда озу чон жолго чыгып кетти жаз айланып жай отуп куз мезгили Жыпар россиядан келди Айденектин суйунгонун айт анда алтыда синдиси экиде окуп калган уй булоодо чон майрам бугун кантседа эне уйдун куту эмеспи уйуно нур чачырагандай эле болду кундор баарында кубанычын айта албайсын апалап учоо уч жактан кучактап жатып калышты окуусун айтып ийгиликтерин айтып жатканда Айжамал беш алты громматасын алып чыгып карачф эн жакшы активист отличница деген громаталар деди анда данектин эки гана кромматасы болчу анда данек апа жакында кузгу бал болот экен эжекебиз баарынар ак койнок кийгиле деди Гулнур Сатылганованын ак куулар деген ырына бий даярдап жатабыз деди Жыпардын чеберлик шыгы бар болчу эки кун машинанын жанында олтуруп ак койнок тигип берди данек кийсе козу кулпуруп тим эле аккуу болуп учуп кеткенсип озуно ушунчалык жарашып турду а дегенде кузгу бал башталып жыпар кызына барды залда олтурат ата энелер чон класстын окуучулары теги койчу зал толо экен баарын иреет иреети менен чыгып данектерге кезек келди тим эле имерилип чын дилинен бийлеп жатты алты кыз ортоло данек жыпардын козунон жаш куйула кетти карачы кичинекей кызы ушундай козго корумдуу болуп чонойуп калганын залдын баары туруп кол чаап жатты мундуу ырга келиштире бийлегени учунбу залдын баары кимдин кызы кимдин кызы я деп залда олтуруп сураштыра жиберишти данектин кубанычында чек жок ушундан кийип данектин аты акууга айланды козго корумдуу сулуу коздору балбылдап жанып турат теренине кирсен мундуудай эле анткени данекти атасы андай жактырчу эмес инисин каратып бир аз сабактан кечигип же сабагын даярдай албай апасынан сураса эле тилдей берчу кундордун биринде Данектин жашоосунда чон бурулуш болду
#9 11 April 2015 - 18:25
Анда эмне болуп кеткенинда тушунбой калды, сабактан келсе эле уйдо уруш жанжал болуп жатыптыр, апасынын козу когоргон ыйлап жатыптыр мурун Осмон данекке да бир эки кол которгон болчу анда тамак кылып жатып инисин байкабай калыптыр буту суу экен, осмон келип сага ишенип мен талаада журсом, ининди караганын ушулбу ия деп эки шапалак бетке урган болчу, ошол коз ирмем данектин коз алдына тартыла тушту бети когоруп теректен жыгылдым деп сабакв барбай жургон эле эшиктен келип делдейее туруп калган кызын коруп, Жыпар он сом бердида бар тез барда тайэнендерди айтып кел болбосо атан кеч келип дагы мени сабайт деди Осмон атам апамды сабап жатат десен келет деди , данек сумкасын устолдун устуно койдуда автобуз бекетке чуркады, азыр саат бирге жетишип калыш керек ошол бойдон саат алтыда келет, барса эми гана журуп жаткан автобузга кол булгалап чуркап жетти даректи кармата шаферго ушул жерге жеткенде токтотунузу деди анын себеби ал убакта данек озу жалгыз эч жакка чыкчу эмес.Апасы менен келип кетчу эптеп таап келдида келсе жакшы тайэнеси бар экен уйдогу болгон уруштун баарын айтып берди кантседа кызыны урганын угуп жаны жай алып олтура алган жок, саат алтыда автобус кетет деп жалдырай карады данек, кантседа апасынын чала жан болуп жатканын коз алдына элестетип, журогу зырп этип кетти, анда Бактыгул журу кызым кеттик базардан а буну алабызда, автобуз бекетке барып туралы эртереек кеткен маршруткалар чыгып калса кун кечтебей баралы кызым ай бешененде ушул кунда бар беле ушуну менен канча жолу ортолоруна туштум конбоду бир урган эркек эми калбайт деп кейип бара жатты.Бактыгул озу тогуз балалуу болгон уч кызы алты уулу бар, кыздардан эн чону Жыпар эки кызы турмушка чыгып, оз оокаттарын кылып жатат ушул жыпардан конулу ток эмес, коп нерсин жашырайын деп аракеттенседа жыпар, Бактыгулго баары жетип турчу ушуларды ойлоп ойлору онго болунуп бара жатты, а дагенде базарга келип неберелерине кант курс алып автобузга олтурду, эмне кылсын кызым эмне болду озу бирди торогондо эле ажыратып албапмын эмм уч баласын менен кайда бармак жашоого турмушка чыдоо керек деп бара жатты.турмушта эмнелер гана болбойт кайгылуу бактылуу, шан шоокот, жыгылуу туруу, сынуу кайрадан туруу ушуларды ойлоп кантип жеткенинда билбей калды.
#11 11 April 2015 - 18:28
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#12 11 April 2015 - 18:57
Торку уйдо жаткан Жыпарды коруп Бактыгул эне чуркап жетти, кантседа канынан жаралган кызы эмеспи козу шишип когоргон колдорунда соо жери жок,ай кызымай ушул кунду короор кунун бар беле теги эмне болуп кеттинер дагы деп эне ыйлап жатты, ага кошулуп жыпарда арызданып эптеп топтогон акчабыз бар болчу жайда ыссык аптапка карабай шалы отоп, данек теги аттан тушпойт эми шалыны гуруч кылып сатып уйдун ары берини ондойлу десе, деп ыйлап жиберди ийи анан эмне болуп кетти осмон акчанын баарын карындашына берип жибериптир,
анысы россияга барып абород кылат экен, ал жагыныда коруп келбедимби булар мактангачалык иштери деле жок экен, аны менден бир ооз сурапта койбой бир тыйын калтырбай баарын берип жибериптир,
деп ыйлап жатты эмне бердин дегенимди билем арткысын билбейм сабап кетти деди.Жаны кейиген Бактыгул эне эми эмне кыл дейсин бирди торогондо алып кетем десем конбой учту тородун озубузда загара нан жеп жургон убагыбыз, балам чыдайбызда карачы уч каректи кантип тируулой жетим кыласын, эртен чонойуп атабыз кайда десе арзыбаган акча менен талашып, урушуп ажырашкам дейсинби деп эне энелик кылып насаатын айтып жатты, кел анда сен жата тур мен тамак кыла койоюн балдарында ачкадыр деп Бактыгул эне казанга шорпо салды, аны муну суйлошуп олтургуча тамакта даяр болду, Осмондон кабар жок кечигип баратат апа чамамда ичип журотко деди тыбырчылай Жыпар эмне ичсе келет эрте менен суйлошуп анан менда сааркы автобуз менен кетип калайын, кор тирилик бутпойт ал жактада мал кал калды, атанда кыжалат болуп аткандыр деп эне кейип калды кана балдарым тамакты жеп сабагынарды даярдагыла деди эне,ушул саам дарбаза тарактап эшиктен Осмон кирип келди да эшикти ачканда эле согунойун деп келаткан оозун таптап селдейип туруп калды, эч нерсени билбеген болуп айыл апа тынчпы атамдар кандай деп сурамыш болдуда данек торку уйго тошок сал мен жатайын деп чыгып кетти Бактыгул эне ундогон жок эртеге соолуксун тушундуром мас менен суйлошуп меемди короткуча деп ойлоду.
#13 11 April 2015 - 20:27
Бактыгул эне кирпик какпай чыкты кызына жаны ооруп озогу куурап жатты жыпардын башы ооругангабы денедеги кок ала оорутканы учунбу, атоор тез эле уктап калды, эрте менен турса Осмон чакадан суу алып ичип атыптыр балам бул эмне кылганын кантседа ортодо уч бала бар эмеспи балдарынын жузун сыйласан боло бул кунду унутпайт чон кызын алтыда окуп ары берини баарын тушунуп калганда мурдун каната урганынды уксамда келе албадым сага бала болсо мага небере Данекеда катту тийбе балам ал да азыр жетилип келаткан кербези эмеспи деп бир топ нерселерди суйлоду Жыпарды карачы бир соо жери калбаганго я сенида ошондой уруп корсунчу деп жаны кейип жатты, Осмон суйлогонда жок ары карап басып кетти Бактыгул эне данекти тургуздудв чон эненди чакырып кел суйлошуп кетпесем болбос кече кечке жуук келип келгенимдида кабарлабай калыптырмын деди,Осмондун апасы Токтокан озу менен озу кайын энелик кылып жыпарга киришкенда эмес, тайэнем келди десе ийи ботом тан азандан эмне болуп кетти деп чоочуп кетти, данек токтоо жооп берди кече кеч келгенбиз атам апамды уруп дегенде данектин коздорунон молтурогон коз жаштары таамп кетти, койчу журу баралы эмне деген шундук аялын уруптур деген деп данекти жетелеп бара жатты.Эки кудаа ал ахыбал сурашып жай олтурушту Токтокан келинин коруп чоочуп кетти балам мал судуроп кетпедиби теги же кечеке жылкы жыга тептиби менин балам ушунчалык кылдыбы я деди жыпар эрееркип кетти аста гана ооба деп жооп берди Токтокан озун кармана алган жок келинин неберелерин коруп, кудаасынын жанында намыстанып кетти, ал жакта турган кетмен сапты алдыда арыктын бойунда олтурган Осмонду уруп кетти, бащында осмон тушунбой калды, эмне кылып жатас апа балдарымын козунчо коншу колон корсо эмне дейт деп ары бери талга жашына койуп журот, бери бас жанын кандай ооруйт экен я коройун олугунду ушул уйдон чыгарбасамбы деп суйлонуп жатты, Токтокан эне эмне кылсын анан ал жактан Бактыгул эне жугуруп келип койчу уят эмеспи эми оттузга барып калган баланды уруп деп токтотуп калды озуда муштун азабын тартып корсун деп кейип калды, эмне кыл дейсин онду тороп он балам он жакта баары аталап турушат кызым бар бир эмес бешоо десем беш кызым тен мени адам ордуна корбосо,ысык чайды ушул келинимин колунан ичпедим беле деп ыйлап жиберди, ушул саам бактыгул эне оз катасын кызынын кыска ойлугун тушунду эмиле эле а десе мени чакырбай кайын энеси менен чечишпептир деп калды ичинен, анда кудагый мен кетейин автобуста келет эмне дейин бала экен ыйлап сыздаса жетип келдим, эми ортодо уч бала болсо экоо ортодо чече турган маселе болсо экоо чечсин деди токтоо жай гана, кызына кеп кенешин айтып эне келген жолуна тушту журогу оз ордунда эмес кантседа кызы чала жан калбадыбы.Кундор отуп айлар отуп бул кундо бир кундук бип жомок сымал эстен чыгып бара жатты, талаа иштери башталып кетти жаз жарыш куз курош демекчи айыл жергесинде тегеле жумуш бутчудой эмес Осмон карындашына эки айга деп берген акчадан кабар жок сураса ошонуда сурайсызбы сизден бизге жардам деп койду эч нерсе дей алган жок, ал жактагы шалыга даары алып чачып тезинен отобосо гурмогу кобойуп кетет деа осмон жыпарга суйлонуп калды анда жыпар Данек азыр уй жумушун кылып ,балдарды караса экообуз баштай берели жанагы акчадан кабар барбы ошону берип калса, жардамчы салалы жетишпей калабыз анан менинда кереели кечке сууда бутуп туруп шишип кетип атат деди, ал накчаданы аларга бердим менен жардам акаси болуп эмне кылдым мен аларгаа деп баштады эле дагы соз кобойбосун деп жыпар ал жактагы бозосун сузуп кирди ал жылдары элдер оздору менен озу кыйынчылык заман азыркыдай онуго элек убагы эле, бозо сузуп коншусу уйундо бильярд ачып алган ага алып кирип беретда ошол жерде ойногондор эле алып койот анда санда чеберчилик кылып тошок тигип, койнок тигип акча тапчу ал мезгиле Осмон талааны эрмек кылып шалынын артынан тушкон.Кундор ото берди жыйын терим бутуп калган убак кышка комур алалы гуручту сатып балдарга кийим кылалы деди жыпар баары базарлык кылып келишип уйго кирсе уйдо Осмондун эн кичине карындашы олтуруптур жыпар арыдан бери чай койуп аш демдеп калды, ойу онго чачырайт эмне акчаны алып келгенго деп устол устундо анан кеа козгоду аке женеме бир жумуш бар кыздарынзда чонойуп баратат ишеп келсин бир жыл деди осмон жай эмне иш деп сурап калды менин колумда жардамчы, акчаныздыда чыгарып алат элениз жене кыштын куну уйдо эмне кылмак элениз, Данек да чонойуп калды, тамак ашты жасап уй ишине тын иниси менен синдисин карайт Айжамалда учто окуп калды деп кондуруп уч кундон кийин келем даяр болунуз поездге билет алып келем деп кетти.данектин журогу титирейт кетпечи апа озум дагы каламбф аябай кыйналамго деп ыйлап жатты кызым инин быйыл бирге барат синдин чонойуп калды алты жети айда эле кайра келем деп кызын нсооротконсуду андайда кун деген учатко шамал сынар, убагы келип Зуура Осмон дун карындашы Жыпарды алыскы сапарга Уфага алып жоноду.
#14 11 April 2015 - 22:06
Журок ойуткон чыгармаларды кечке окуй берип,журок дартына кабылбасам эле.
Улантыныз автор.Кутуп калдык
Улантыныз автор.Кутуп калдык
#16 12 April 2015 - 09:50
Кулкулдоп поезд оз жолунда бара жатты уч кун дегенде жетишип андан ары таксиге жалдап жоношту, Жыпар козун ачса эрте мененки саат алты экен Зуура шанкылдап мына жене жетип келдик, уйго сумкаларды таштайлыда азыр эле сизге товарды откозуп берейин да сооданы баштай бериниз деди.Жыпар тез эле соодага конуп кетти ал убакта азыркыдай техника онуго элек убагы,Данек айылдан шаарга келетда телекомдон апасы менен суйлошуп кетип жатты апа келчи тезиреек деп ыйламсырайт.
Кундор ото берди кыш айлары болчу эшикте суук Айденек кир жууп жаткан, чон казанга сууну куйуп отун жагып, суу ысытып жаткан, синдиси уйдо инисин караганча уй жумуштарын кылып жаткан ошол убакта Осмон кирип келди, я Данек тушкуго тамак кылбадынбы деди ийи киримди жууп бутоорум менен тамак кылам, казанга суу жылытып жаттым эле деди, Осмон эки аттап келдида данектин бир койду эмне болуп кеткенин тушунбой калган данек жерде сулап жатты, башы айланып козу карангылап,
тагдырына жашоосуна таарынгандай ыйлап жатты, кыштын чилдеси болсо чийедей болгон уколорунду карабай кир жууп жатканын эмнен деп бакыра суйлоду ата суукта ак койнок кургабай калат ошого бугун эле дегенде дагы бип койгондо данектин мурдунан кан атып чыкты,короодогу ызы чуудан Гулайым чуркап кирди я осмон кичине кызды эмне кылганын карачы кирини жууп тамагыны кылып жатса оз кызынды урганын эмнен, деп кобурап жатты эмнеси болсода эне эмеспи журогунон аяп жатты кичиненден ойунду билбей ат устунон тушподун, балдар сууга чомулгону кеткенде шалы отоп чыкпадын,теги Жыпарда кетпесе болот эле деп данекти койнуна киргизип мурдундагы канды аарчып жатты.Осмондун жаны кейигенда жок бир кылчайып карабай уйго кирип кетти кардын устундо канталап жаткан кызына журогу зырп эткенда жок, ошол кундон Данектин жашоосу озгорулду атага болгон меерими кар устундо музга айланып баратты, атасын алыстан корсо ичиркенип кетет эмнеге чон болсом эле мени жемелеп уруп урушса болот бекен, чамамда ушундай катту колго деп озун алаксыткысы келет анда карап олтуруп жок жок карачы Айназик менен Кабылды кандай эркелетип олтурат тегеле чан жугузбайтко деп калды.Ушуга окшош кундор куш сымал отуп жатты Токтокан эне чон эне болуп бип басып келген жок анын оорусу талма болчу ошону учунбу ал озу менен озу болчу, кыш кетип жаз келип айлананы карачы тегеле баардык жапжашыл оруктор гулдоп, чымчыктардын сайраганын карачы, Данек сабакта олтурган жанындагы Тимур Данек апан келди мен жана эле кордум деди ошол замат данек жооп сурап уйуно жоноду, барса Жыпар келген экен, уйундо ызы чуу коншу колон баары топтолуп олтуруптур эч кимге карабай данек апасынын койнуна жыгылды суйунучтон ыйлап жатты анда жыпар ой кызым уйдо чону сен болсон ыйлаба, келдим эми кетпейм деп соороткусу келип жатты, Данектин колундагы кок аланы коруп Жыпар жазбай сезди демек Осмон уруп жургонго деп тиштенип алды.Жыпардын ал жакта иши конул жибитеерлик болгон жок Зуура иштей албайт экенсиз сизге поездге, квартирага акча кетти жана Осмон акем берген акча ушуну менен расчет дедида кете бериниз айылга деп койгондо жыпар айылга келе берген.Ошол кундон баштап уйдо уруш кобойду Осмон кол которгонун койбоду Жыпарды чала жан кылып сабап таштады барып иштеп келе албасан эмнеге кеттин акчаларымда жок кылдынго я аны мен ак меенет менен таппадым беле, деп сабап жатты.Ошол саас данек чуркап келип ата урбачы апамды деп ортого тушкондо данекти которуп торку уйго ыргыта салды эч нерсе эс учунда жок данек козун жумп карангы тынч, салкын дуйного чумкуп баратты.
#18 12 April 2015 - 14:03
Жыпар чоочуп кетти эмне болгонун деле тушунбой калды, озунун башы занкылдап ооруп денесинде оор жук турганда эле осмон отто катту сабап салган Айденек данек кызым деп бакырып жатты жанына барышка алы жок ошентип эне бала эки уйдо эстерии ооп жатты,ушул саам кынкылдап ырдап Айжамал сабактан келип калды, нерсени тушунгон жок апа эмне Данек аркы уйдо жатат деп апасынын козу шишип зорго дем алып жатканын коруп чоочуп кетти апа апа козунду аччы эмне болду атам сабадыбы апа дейм деп бакырып ыйлап жатты уйдо жумуштун баарын данек кылып Айжамал сабактан болок али эч нерсеге тушуно элек болчу Осмон менин кызым медфакта окуйт окушун керек иниди Данек карайт деп иш да ачка калса тамакда ысытып жей албайт эле.Эмне кылаарын билбей ары бери чуркады да дароо чон энеме барайын деп чуркап жоноду Дарбазадан кирип келеери менен энтигип эне апам олуп калганго данекда унчукпай жатат деди эмне деп жатасын кайдагы олук шумдугун кургур ушул Осмондон мурун озум олсом силер кантесинер я деп тамтандап басып келатты, уйго киреери менен Жыпарга суу себип арак жыттатып озуно келтирдида данеке карап жоноду бул маалда данек озуно келген болчу тек гана шыпты карап оорусунан башын которо албай жаткан болчу Токтокан эне алдастап барып Данеек деп кыйкырып жиберди данек кайрадан козун жумп коздору карангыла кетти ошондо гана тируу экенине козу жеткен эне терен терен дем алып кудайга шугурлор айтып жатты эмне кылсын баласынан жаралган бала чала жан болуп жатса эненин журогу сыздабай койбойбу кантседа эне деген бир пери тура оорусан ооруп кулсон кулуп сырдашаар тоон болот экен.Осмон бул убакта бильярд ойноп, эч нерседен кабатыры жок жургон, кеч чала мас болуп уйго кирип токтоп калды, эки бурча кызы аялы тошокто жатат, журок деген бул адамда барбы деп ойлонуп жатты Данек анда эмне жатасын Жыпар тамак сал деди артынан Токтокан эне келип кетмен сап менен башына экини койду, башынан аккан кандыда карабады, уул болуп мага эмне кылдын я аялын менен кызын олуп калса элге уят, шарманда болуп олмокмун, оз кызын ыргытып олтуруптур деп жети айылга тарамак деп кобурап жатты бул создордун бирине да тушунбоду Осмон башы манылдап кулагы чуурулдап ооруп жатты мастыка салып ахаа апамды чакырып келип кутулам дединби ак меенет менен тапкан акчамды жок кылдын сен уфага барбаганда мен акчамды азыр алмакмын, иштей албасан эмне бардын, эмнеге деди анда жыпар бар деп жоноткон озун, менин кунум ушул жердеда отуп жаткан, бозо салып, тошок тигип жакшына жашап жургондо жиберген озун мен барбасамда акчанды бербейт экен эле, деп жатты Осмон ордунан тура алган жок биринчиден мас болсо экинчиден кетмен саптын тийгени болду.Бул кундорда ото берди ойлогон ойду кыстаган турмуш женет дегендей тирилик керек, жашоо керек, эрте менен жыпар туруп эч нерсе болбогондой жашоосун улантып жатты, кетишти ойлоду уч балам менен торкунго барып кимге жакшы корунмок элем апамдарда зыгыра нан жеп журушсо деп ойлоду.Данектин ызасы, жек коруусу кундон кунго кучой берди, ойлорунун бири атанда жаман болсун дейби десе экинчиси кечип жибер атасы жок канчалаган кыздар журот деп жатты данек дароо айыгып кете алган жок, беш кундой жатты тошокто анда бир куну Жыпар менен кенешип кормокчу болду апа мен тайэнемдерге кетем бул жерде кала албайм атамдын сабаганы кундон кунго куч алып баратат иним менен синдим сиз менен болсун а сен кетем атамды корсом коонум айнып исиркенип кетем балким бул ушул сабаганынанбы дейм билбейм апа мен кетким келет деди.Жыпар ундой алган жок кызындагы ызааны ичиндеги уйгу туйгу болуп алышып жаткан ыйды тушунду, эми азырак чыда ушул ай окусан мектеп бутот сеньябрдан тайэнендерге кетип ошол жакта окуйсун деди данек конбой туруп алды,Осмон менен кенешип корууну чечти осмон арык бойунда олтурган Осмон Данекти апамдарга жонотсок эмне дейсин, жибере бер деп тим болду, ушул саам жыпардын жини келип озууна соз келсе айта албай артка кайтты бирди суйлосо азыр ушул жерде чала жан кылып сабап салышын айттырбай тушунду.Ичинен тобоо бул кандай адам болуп баратат оз канынан жаралган кызында жек коруу мумкунбу деп ойлоп келатты Данек алдын тороп чыгып ийи эмне деди деп суроолуу карап калды, мейли бара бер кызым озунду жакшы кара мен кат жазып жиберем тайэнене берип койсон баарын тушунот окууга киргизип койот.Данек ундогон жок суйунуп ыйлаарын же кулоорун билбей калды оз уйундо озу жат адамга айланып баратканына журогу сыздады, атасына эмнеге жек короорун билгиси келди сурай алган жок коштошуп ошол эле куну кечки автобуз менен Данек Бактыгул эненин уйуно жоноду.Жыпар ыйлапда суйлопда жатты теги эмне ушул кызды батырбайсын озундун тун кызып эмес беле, кызым деп колуна биринчи алганда кандай суйунбодун эле эмнеге деп Осмонго суроолу карап калды, Осмон шашкан жок тамагын кырып алып соз баштады эки жолу кеттин Россияга ушул кызым баардыкты кылды Айжамал ды окутту мен кийинки турмушуна тарбиялап келем, катту кол болуп жакшы тарбия бериш керек дегенде Жыпар оозунан созун жулуп алды кайдагыны айтпачы ушулбу тарбия мыны кызын кетти кайтып келбейт сага болгон суйуусу меерими соолуп муз болуп тонуп калды деп ыйлап жатты, Осмон жугуруп келип урмакчы болгондо Айжамал бакырып жиберди, ушул саам гана озуно келе тушту осмон эшикти тепкилеп сыртка чыгып кетти жыпар шолоктоп ыйлап бозо салып жатты.Данектин устунон тоо тушкондой эле болду автобузга чыгып алдыга план койуп баратты жакшы окуп чон окууга отуп атамын козуно коруноор кызы болом бирок эч качан эч качан кечирбеймин деп козунон жашы таамп кетти.Автобуз бекетке жеткенде тушуп калды, жай басып келатат тайэнемда кыжаалат болотко деп келатты устундогу жашыл койногу кулпурап чачы салкын желге алп ургандай жолдо откон баары жаш каарысы Данекти карап отот кее бирлери тобоо жыпардын эле озуго жыпардын кызысынго чамамда я кызым деп сурап отот.Ошентип алыстан тайэнесин коруп данек кадамын тездештирди Бактыгул айттырбай тушунду эмне болур кетти колундагы чемоданбы я деп ойлонуп алдынан тосуп чыкты, кел данегим менин тынчылыкпы деди данектин козунон молтурогон коз жаштар биринин артынан бири жаап жатты кой уйго кирели коншу колон эмне дейт уйдо кенири суйлошолу деди,Данек баарын айтып катты сунду баарына коз жугуртуп окуп чыгып балага зар болгур оз кызында ушундай урчу беле мейли сен дем ал эртеге эрте менен мектепке барып келебиз алат ушул жерде эле окуй бер.Эртеге тажененда Россияга кетет мага жардамчы болосун кантседа эки баласын таштап кетип атпайбы алары эми тортко чону бешке чыкканда деди. Экоо узаак суйлошту эртен менен Бактыгул Данекти жетелеп мектепке келди айыл жергесинде эмне дароо эле алды жанек ошентип ботон айылда алтыны окуп жаны дос жакын дос таап окуп калды.
#19 12 April 2015 - 14:30
Данек тез эле конуп кетти класстагы балдар кат жазып данек кат алганга улгурду теги озунон чон класстагылар кат жазышып Данектин шаштын алып жиберишти алардын биринеда конул бурган жок окубай туруп тытып салчу, окуу аяктап каникулда журушкон,бир куну Бактыгул эне данек апандарды сагынган чыгаарсын барып келесинби каникулда болуп калды деди, Данек жок барбайм апамда ушул кундору келип калса керек Айжамалда каникулга чыкпадыбы деди Бактыгул эне ундободу себеби атасына болгон кек ыза кайтып калаар деп ойлогон бирок андай болгон жок, ошол куну кечинде эле Жыпар эки баласын ээрчитип кирип келди Данектин суйунгонун айтпа бирок апасын коруп тык токтоп калды козу когоргон алдан тайгансып каарыйда тушуптуп кучагына жышылды апа урдубу дагы деди Бактыгул кой кызым болбойт окшойт балам сени уруп жинди кылып койо элегинде жыйнабасан болбойтко деди апа жыйнап келдим, эртеге барып тошокторумду алып келем, карындашына берген акчаны сен иштей албай жок болду деп кундо уруш а десем эле сабап кирет эми кет туну менен калба деп чыгып кетти эле келе бердим балдардында журогу тушуп калды Данекти билес деп ыйлап жатты, Ошол куну эне бала тан аткыча суйлошуп бир ыкмага келишти ажыратып жыпарды, росстяга келининин алдына жибермекчи болду.Эртеси менен туруп уйдогулору менен кенешип уч аялды алып Бактыгул эне Жыпар болуп жоношту, барса Осмон жок экен жукторун жуктоп бутоордо келди калда дебеди ундободу жыпар бундайды кутпогон кал деп жалдырайтко деген бирок андай болбоду ортодо Токтоканга кыйын болду кал деп чырылдасада калбады, эне баарын коруп билип турас урганда баштан алып урат эртеге жинди болуп, же ошол бойдон олуп калсам уч баламын убалы эмне болот козумдун тиригинде Данекти кандай урат адеа келин сылык гана кайынэнесине тушундуруп жатты козун жашын колдотуп унчуга албады, эртен убалына мен калбайын мейли батамды берем балам бактылуу бол деп ак батасын берип жолго салды Токтокан эне.Ошону менен элге даро желдей тарады Бактыгулдун кызы уч баласы менен ажырашып келиптир деп ар кимиси ар кандай ойлорун токуп желдей таратышты ал жылдары ажырашты десе оон учурачу эмес беле.Жыпар уйдон башын чыгара албай тез эле жумуш табылса кетип калмакмын келинлин алдына кар жаап из жабылаар деп ойлоп жатты.Данектин суйунучундо чек жок болбосо атасынын колунан канча кордук коруп далай кундорду откормокда,
айдын он беши карангы он беши жарык дегендей жарык кундор эми чыгып келаткансыды.

Супер-Инфо
super.kg
видео















