Суперстан: Супер сынак 2015! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак 2015! Супердин супер таланттарын бирге тандайбыз!

#21 Пользователь офлайн   Enesai   19 Май 2015 - 20:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Бардык тоскоолдукту- ооруну,жалгыздыкты, суйуу дартын ыр менен женген Алыкул-сен бийиксин,сен улуусун сага таазим!! !
Алыкул жонундо ыр жазуудан мурун озумдун жазылбай калган ырларыман кечирим суроону чечтим...
Анткени Алыкул экообузду байланыштырган- аруу,таза,куноосуз ыр саптары гана!!!

Адамдан да ашыкчараак сырдашым,
Бала кезден курбу болдум ырларга-
Менде куноо жан адамга билгизбей,
Ырларымы салдым терен зынданга!

Кайгырганда сага келдим кайрылып-
Анан кимге бут дартымы айтайын?!
Коп жылдарга унутканым кечирчи?...
Бугун сени ак кагазга жазайын!! !

Бугун эстеп-емага сырдаш ырымды,
Сууруп чыктым,тубу терен зындандан;
Бир убакта мен кол шилтеп койсом да,
Жетип келди,унутулган жылдардан!

Канча кунум,канча саатым алдыда?
Кудай гана билсе керек эсебин-
Бирок бугун менин сенден сураарым;
Мен олгучо эч жанымдан кетпегин! !!

Ырларыма тоскоол болгон кундорду-
Омурумдун тизмегинен очурчу;
Канча жылдар кор-тирликте туткунда;
Болгонумду мен суранам, кечирчи?!

Эмне болду,озум дагы тушуно албайм;
Канча жыл;канча кундор текке кетти;
Канча соз,канча ырлар жазылбастан
Канча ирээт актай калды кагаз бети!

Кечиргин кээ бир куну конулумо
Уялап -бирок сыртка чыгалбаган;
Журокто шуру болуп тизмектешип;
Ырларым ак кагазга жазылбаган;
Кечиргин ,кечирилгис куноо кылдым;
Унутта кала берген менин ырым!!!

Бир ырым танда туулган-таза, аруу
Туйшуктон же койгойдон кабары жок-
Алардан арачалап калаары жок;
Кетти окшойт-кор тирликке аралашып!

Бир ырым туулду эле кун батаарда
Байкабай озум дагы калыптырмын-
Батканын же кун менен батыш жакка
Же синип кеткендигин карангыга


*********** ***************

Алыкул ким?Залкар акын-очпос талант!
Ырлары журоктордон орун табат!
Шурудай тизмектелген ыр саптарын-
Тарыхта олбой-очпой жашап калат!!!

Алыкул ким?Олумду да тоготпогон;
Ооруса да калемсабын жоготпогон;
Мыкты жаран;бийик инсан-терен ойлуу;
Ыр-созду жерге чачып коротпогон.

Тик карап-ажал келсе жалтактабай;
Ырына бир да жолу калп айта албай;
Жарк этип жанып-куйуп жашап кетти;
Бир гана калеминен баш тарта албай!


Акынды тооруса да жаман оору;
Тагдырдын-оорубады, бирок боору,
Кол болду-сырдашканы, мундашканы-
Ыр болду-бардыгына берген жообу!

Ырлардан туболукко сарай курду;
Жашоону ыры менен сезип-туйду;
Бет келген бороон-чапкын, бурганакка-
Ыр учун жалгыз озу каршы турду!

Дениз болсо Алыкулдун жазгандары;
Тамчыдай биздин ырлар барактагы;
Баркына тируусундо жетпесе да;
Ырларын эли-журту ардактады.

Алыкул ким?Ак боз атчан элдин уулу!
Ыр менен ак суйуунун жипсиз кулу!
Эркине ар бир адам таазим этип;
Ардактайт ар бир ырын Ата-Журту! !!

***** ***** ***********

Залкар акын жонундо жети ооз ыр менен эч нерсе айта албагандай; акындын арбагын ыраазы кыла албагандай сезилип жатат озумо...
Айып этпесенер журокто уялаган ыр саптарын дагы бир жолу тизмектеп жазып коройун:

Толкуса толкунуна тен ортоктош-
Бир караан колду бойлой жалгыз журот
Опкодо дарты менен "курс"жотолуп;
Журокто дарты менен оор ушкурот...

Анда да кайыл болуп бардыгына-
Короор кун озу учун аздыгына;
Кубуройт аска-зоону карап туруп:
-"Ооруба,мен ооруюн-сен,Ата- Журт!"

Шамалды беттей басып"курс" жотолуп;
Журокто оор кайгы,мун которуп;
Откон кун,откон омур эстей кетет;
Тизмектеп коз алдынан бир откоруп...

Булуттан чыга калган ай сыяктуу
Айдайы куло багып эске тушот,
Туболук арман болуп асылкечи-
Элесин унута албайт курган журок!

Анан да бактылуу кун эске келет;
Адамга мындан артык эмне керек?!
Суйунтуп-бир жарк этип кете берген-
ЖЫПАРЫ ...Коздон жашы тегеренет...

Жок,ыйлабайт! Озун кайра жемелейт,
Алсыздарга озун болду,тенебейт!
Ыры турат-сырдашчусу, жан досу-
Ынтымакта тоскоолдукту тебелейт!

Аз калса да -текке кетпейт омуру;
Ырлар жазат-чоксо дагы конулу;
Журогунон орун алган ырлары-
Баскан жолдун эн коломдуу болугу!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 24 Май 2015 - 01:27
Түзөтүүнүн себеби: Enasai ырларыныз бириктирилди!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aidar.001   19 Май 2015 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 04 Январь 15
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ортосунда ыйык тоосу бар калаа.

"Алыкулду эскеруу"


Мезгилдин бизге чейин жылдарында
Кыргызда залкар акын туулган экен
Алыкул деп атын коюп,май оозантып
Калемгери кыргыз элдин чыккан экен.



Элибиздин башында оор кундорду
Алыкул ырга салып жазып келген
Калеми колдон тушпой аз жылдарда
Кыргызды улут кылып барктап келген.


Оор турмуш, ачаарчылык ошол кезде
Алыкулду уктатпай ойго салган
Козу коруп, журогунон ыйламсырап
Ак баракка тушуруп баарын жазган.


Сен баскан жолдоруна кыя багып
Урпактарын талантына таазим эткен
Коонорбос коодон менен ырлар жазып
Тарыхта иизин калды акын деген.


Шум ажал дарты менен кошо келип
Мезгилсиз Алыкулду алып кетти
Отуз беш жаш буюрса да Алыкулга
Кыргыз элин тарыхка жетеледи.


Кош Алыкул жаткан жерин жайлуу болсун
Кабырына туболуктуу жарык консун
Кыргыз эли унутпайбыз бир озунду
Жаратканын бейишинен оорун берсин. . .

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 23 Май 2015 - 23:54

G
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   vema_87kg   21 Май 2015 - 19:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Алыкул Осмоновдун быйылкы жуз жылдыгына арналат!

Алыска чуркап дубуртун,
Тулпары болдун акындын.
Кылымга жетип кызматын,
Шумкары болдун кыргыздын!

Ысык-Кол кээде тынч жатат,
Ичинде бир сыр бардай.
Ырларын сенин жанырса,
Кол дагы угат толкундай!

Быйылкы жуз жылдыгын,
Белгилеп турат кыргызын.
Козун отуп кетсе да,
Асманда очпойт жылдызын!

Ачылбай канча сыр кетти,
Айтылбай канча ыр кетти.
Аттин ай,азыр бар болсон,
Айтылмак ырдын бермети!

Алыкул сенин ырларын,
Журокто дайым сакталат.
Алтындан кымбат ырларын,
Туболук очпой данкталат.

Кун-тундоп жазган ырларын,
Кыргыздар угуп шаттанат.
Кумуштон кымбат ырларын,
Кылымдан ашып данкталат!

Кыргыз учун сыймык болдун чынында,
Сенин кучун олбос,очпос ырында.
Коколосун,оболосун ырларын,
Мындан аркы кылымдардан кылымга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Amantur.   22 Май 2015 - 12:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Мен уялам;мына мындан уялам:
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам!
Колун кезеп,жолуң болгур дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан заманам-
деген ыр саптары менен Алыкул Осмонов кыргыз элине котормолорду, канчалаган өчпөс ыр саптарын жазып жүрүп да ушинтип өкүнүп алчу экен.Бул анын башкалардан өзгөчөлүгүнөн, башкача,асыл жан экендигинен кабар бергенсийт.

Төрт сап ыр үчүн

Көңүлгө жаккан,жүрөккө толгон сөз издеп,
Жер кыдырып,тыным албай жумшап күчүн.
"Мококмун" -деп,акындыгын улам миздеп,
Айланчу экен калың элди төрт сап үчүн.

Сөзгө чечен,акылы тунук адам менен,
Сөз учугун токтотпостон улап кенен,
Кеп салышып,андан угуп көп сөздөрдү,
Төрт сап үчүн эл кыдырып келчү экен.

Мажүрөө болуп калса эгер ыр саптары,
Көргөзгөнгө башкаларга уялчу экен.
Төрт сапты да жазыш үчүн миң ойлонуп,
Түйшүк тартып,ой сапырып,көп изденген.



Катардагы асыл эмгеги.

Эң бир кооз сөздүн ылгап асылын,
Түнүн арнап,күндүз күндүн жарыгын,
Бул эмгегиң унутулбайт, Алыкул!
Сен которгон:" Жолборс терисин жамынган баатырың" .

Окуйт эле бул поэманы суктанганча эжекем,
Олтурчубуз кулак түрө,болбойт элек биз да кем.
Ар бир сөз,ар бир сап жетип барып жүрөккө,
Түнөк табып махабаттын аруулугун сездирген.

Бул эмгеги калың журтка дагы да,
Таанылтты,үйүп алды баркты да.
Аттиң ай,бирок асыл Алыкул!
Тиги жакка эмнегедир шашты да.



Түнт акын

Дээринен, турмуштан жана ойлордон,
Кээсинен,өзүн түшүнбөгөн достордон,
Түнт тартып күндөн-күнгө Алыкул,
Ден-соолугу барган сайын оорлогон.

Ачылбаган оңой менен башка жанга,
Ашыкпаган башканы салып тамашага.
Артымда из калтырып кетейин деп,
Ашыкча сөз кетирчү эмес талаага.

Жалгыздык жан-дүйнөсүн сабаса да,
Билдирбеген анысын башкаларга.
Жакшы ыр жазыш үчүн ой термелтчү,
Чиймелеп блокнотко анда-санда.



Тагдыры ага кас беле?

Тун кызы болгон кичинекей Жыпара,
Чарчап калды,өмүрү анын аз беле?
Алыкулдун оорусун дагы күчөтүп,
Ким билет,тагдыр Алыкулга кас беле?

Ал ажыроо мите курттай жеп жанды,
Сүйүп алган жубайы экөөнүн бат эле,
Ортолору муздай түштү,сууп калды,
Чын эле,тагдыры ага кас беле?

Калды жалгыз үшкүрүнүп,күрсүнүп
Ойлор сыртка чыга албай жүткүнүп
Жалгыз гана калем сабын кучактап
Калды Алыкул күнүн жалгыз өткөрүп.



Мен суу ичпейм,таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда,
Музыкадай мага таттуу суусун жок
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым кашык музыка!
- деп музыка деңизинен суусун кандыра асыл ырларды жараткан эң жооптуу сапарында ушинтип кыялга батчу экен эле кыргыз адабиятынын классиктеринин бири болгон Алыкул Осмонов...

Ысымың сенин жүрөктөрдө, Алыкул!
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   asylzaadam   23 Май 2015 - 03:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Толгонуу.

Жаратканым жайып өмүр килемин,
Жаралганмын адам болуп!Билемин.
Алыкулдун тирүүлүгү кенч болсо,
Анда анын түпкүрүндө жүрөмүн.


Калчап тагдыр жаштайымдан боору таш,
Калтырдым деп кандай изди катат баш.
Арзыбаган түйшүктөрдөргө алмашты,
Алыкулдун боз ат минген отуз жаш.


Тирүүлүктүн убаралуу жели уруп,
Тизгин тагдыр чет өлкөгө бурулуп.
Улуу акын мойнуна алчу азабын,
Узап кеттим артта калып Ата-Журт.


Айланса жыл кайтам деген убадам,
Аткара албай санаа тарткан убарам.
Көздөн учат ак мөңгүлүү тоолорум,
Кербениндей Алыкулдун чубалган.


Тийбесе да тууган жерге керегим,
Тилеп келем бекем болсун тирегим.
Теңей албайм өзгө жерди өлкөмө,
Татым тузун өтө ыйык сеземин.


Ой санай жакшы күндү үзбөй тилеп,
Олжолуу мекениме кайткым келет.
Ансайын жол каратып,көз талытып,
Алыкулдун жазындай ал кечигет.


Ак чокулуу тоолорума баргым келет,
Ак пейилдүү элим менен калгым келет.
Алп акындын сырдашы Ысык-Көлгө,
Аруулатып жан дүйнөмдү малгым келет.


...Жан дүйнөмдө оргуштаган тынч албай,
Жаз гүлүндөй жерди жарып чыга албай.
Жайнай албай соолуп кетти канча ыр,
Жыпарындай Алыкулдун жытталбай...

А.Осмоновго.


Жан дүйнөсү өчпөс ырдын түнөгү,
Сөзү көркөм асыл ойдун мүрөгү.
Бир мезгилсиз токтоп калды акындын,
Ата-Журтка калка болгон жүрөгү.


Талант менен дүңгүрөтүп жар сала,
Тамшантууга жаралдыңбы жалганга.
Жылдыз сымал бир жылт этип жок болдуң,
Келдиң беле жашаш үчүн аз гана.


Шашып кеттиң чечилбеген сырлар калды,
Шамал келип учургандай курган жанды.
Сен жаратып көркөмүнө чыгарчу,
Сендик болуп жазылбаган ырлар калды.


Сен суктанчу тоону көрүү армандыр,
Көз карашың тоо сиңирип алгандыр.
Издеп барып сезип келсем кана эле,
Жок дегенде ырдан изиң калгандыр.


Сүйбөйм десем мен сенчелик жалгандыр,
Сырдаш Көлүң дале чалкып тургандыр.
Шыбырттаган толкунунан тизелеп,
Шыбырашкан сырың тыңшоо армандыр.




Аз болсо да ичээр суусу ченелген,
Лирикага бүт өмүрүн теңеген
Ыры менен өлбөстүккө жол салып,
Кетти Залкар чыгып жаны денеден.
Учуң улап ырың жашайт түбөлүк,
Лирик акын өлбөс-өчпөс демек сен!


Ойду терип шуру сымал берметтен,
Сапка тизип жүрөк кылын терметкен.
Мейли өлсүн ыры жашайт түбөлүк,
Опол тоодой курап койгон эмгектен.
Нечен ырлар чыкпай кетти түнөктөн,
Оболобой канат сынды күүлөнгөн,
Вулкан сымал атып чыкчу жүрөктөн...


Жаша Алыкул ырларыңда гүл өнүп,
Үзүлсөң да соолубайсың түбөлүк.
Замандарга унутулбас изиң бар,
Жаша Алыкул жашай бергин түбөлүк,
Ырың менен жан дүйнөнү гүлдөтүп,
Лирик акын кылымдарга сүйөнүп!


Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 23 Май 2015 - 03:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Kg.lady   23 Май 2015 - 07:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Акроыр жаратам деп толгонгончо жуманын аягыда болуп кетти, ага чейин Асылзаадам эже соз берметин тизип улгуруптур. Мындай такшалган таланттардын алдында, ыр жаздым деп айткандан уялып турам.))

Азап тарттың тун уктабай олтуруп,
Лирикага коодонүндү толтуруп.
Ырың учун омурунду арнадың,
Конулдорго соолубас гүл ондуруп.
Улуулук бар ырларыңда, демиңде,
Лира алпы,ырым болсун гүлдесте.

Орустун Пушкинине тен тайлашкан
Саймалап поэзияга кеште сайган.
Мунара куруп кеттин лиран менен,
Оргуштап кылымдарга очпой жанган.
Навоини сенчелик баалай албайм.
Ордолуу созу мн шаар кураган.
Волганын акындарын барктай албайм.
Гул ордуна ыр букетин элге сунган,
Ой колундо сен сындуу чабак урган.

Армансын бир келген бул омурго.
Рахатсын корк берген ыр колуно.
Нотасын жазыла элек коодонумдо.
Обонсун ойкуп учкан конулдордо.
ОДАсын жазып бутпос бир омурго!


Рабатсын тендеши жок болжолу.
Романсын бутпой турган ойдогу.
Рахатка конулунду батырган.
Раазы бол, ырым арноо болгону.


Ак берметтей томсоруп колун турат.
Ак чардактар бир сени издеп учат.
Кайда шаштын, шашуудан эмне таптын?
Ак боз атын озунду жоктоп турат…


Асманда жылт деп учкан жылдыз кулап,
Ырына бугун элин суусап турат.
Уучунду улаар акын чыкпадыго,
100жылы отсо дагы омур санап.


Жазганын окуган жан суктангандай,
Аттий ай, акын болсом Алыкулдай!
Создорум кылым санап эскирбесе,
Дуйнодон отоор элем арман кылбай.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 23 Май 2015 - 11:38


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   24 Май 2015 - 03:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Журоктон чыккан ырлар менен экинчи тапшырма сонуна келип жетти. Кандай гана жагымдуу ыр саптар, ушундай таланттуу калемгерлер кобойо берсин, бул таланттуу калемгерлердин таланттары оркундоп осо берсин. Катышуучуларга албан-албан ийгиликтерди каалоо менен биргеликте учунчу тапшырмага жол алалы.




3-тапшырма: Томондо коруп турган эки суроттун бирин тандап алып, суротко катылган суроттордон кара соз менен кураштырып дил баян жазуу. Сурот кээде коп нерсени айтып берет байкап карасак, ошого байланыштуу учунчу тапшырма суротко карап дил баян жазуу менен толукталмакчы.

Анда эмесе таланттуу катышуучуларга эргуу жана ийгилик каалаймын. Учунчу тапшырманын убакты сааты кийинки жума ушул куну ушул саатта чейин, андан кеч калбай убагында жазасыздар деген умуттомун.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 14317761294621.jpg
  • Прикрепленное изображение: 73907966_ozhidanie_poezda_dozhd.gif

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   kychkyltek   25 Май 2015 - 21:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 07 Март 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 12:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кайсы жерге аба жетпей жатса,ошол жерден болом.

2-сүрөт. "Ара жолдон адашкан аял тагдыры"
Адам акыл эс тарткандан баштап ой деген азаптуу нррсеге чүмбөттөлөт тура.Жазгыз муздак нөшөр сымал адам мээсине тынымсыз куюлат да турат. Же бир жыргаткан,эч болбоду дегенде маңдай жылыта турган ой болсочу.Баягы эле мөмөлөрү эчак терилип, сарбариктери күбүлүп, шалпайып турган жалгыз даракты элестеткен жагымсыз ойлор. Ошолорду жомоктогу кырк кулач чачтуу кыздын жайылган чачындай чубалжыта сүйрөп, жолго төгүп-чачып, коротуп, жай басып келатты. Ал түгөнгүр, эзели бөксөрчүдөй эмес. Антмек тургай, кайра арбып, ашып-ташып келип, биротоло каптап кетчүдөй. Келатып, түшүнүксүз туюмдан улам кылчайып, арт жагына карады. Эми эле басып өткөн жол ортосунда алакан отундай бир нерсе жатыптыр. Байкабай өтүп кеттиби, же азыр эле пайда боло калдыбы — түшүнбөдү. Токтой калды, тигинде тыпылдап келаткан келин илип кетет го деген ниетте болду. Жок, ал байкабай өттү. Анын артындагы да өтүп кетти. Бурулуп барып, колун сунду. Бирок, ал кармалбады, бир кочуш айранга малып алгансыды, колго эч нерсе жупады. Кудум коюу түтүндү кармагандай. Мына кызык, эми эле муштумга жете бербеген нерсе бир паста дарбыз көлөмүндөй чоңое түштү. Асыл дирт эте чочуп, артка серпилип алды. Бир нече кадам барып токтоду да, кылчая карады. Киши боюндай болуп калыптыр. Туурасы да чоюлуп баратты. Көзүн тарта албай карап турду. Нары жактан келаткан эткээл тарткан киши аны көрбөгөндөй, шыдыр келип ошого урунду. Ошол замат белгисиз нерсе эки эсе чоңое түштү. Өңү да өзгөрүп, күңүрт тартты. Киши бери чыккан жок, ал ошого жутулуп кеткен сымал, ың-жыңы чыкпай калды. Асыл кыйкырып жиберди. Үнү эч кимге жетпеди окшойт, кылчайган жан болбоду. Дагы бирөө жутулду, анан дагы бири. Дал жолдун ортосунда турган, булуттай болгон агыш нерсеге нары жактан келаткан, бул тараптан бараткан адамдар эч нерсе көрбөгөндөй, шыдыр барып эле ошого урунуп, анан жутулуп кетип жатышты. Анткен сайын ал чоңоюп, карарып баратты. Бир оокумда байтүп дарактын көлөмүндөй жазылып, бүтүндөй көчөнү ээлеп калды. Анан дени үшүп карап турган Асыл, анын өзүн көздөй жыла баштаганын көрдү. Ошондо гана эсине келгендей, дирт этип, качып жөнөдү. Оо кыйла жерге барып, кылчайды. Эми ал алты-жети кабат үйдүн көлөмүндөй болуп, түнөрүп калган экен. Жолундагы адамдардын бардыгын өзүңө сиңирип келатат. Бирок, андан качкан эч ким жок. Көчөдөгүлөр жайма-жай барып эле, жутулуп кетип жатышат. Жүрөгү үшүгөн Асыл буга таң калып алды. Кайра чуркап жөнөдү. Кайда барып, кантип жашынарын деле билбеди. Жан үрөп чуркап баратты.Антсе деле андан алыстай алчудай эмес. Жөө тумандай сүйрөлүп,бирде жакындап,бирде алыстайт.
Эми ал кандайдыр бир ээн талаада чуркап баратты. Алка-шалка түшүп, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй демигет. Мынчалык чуркай аларын өзү да билген эмес. Жанга күч келсе, чуркайт экен да. Арттагы неме дале калбай келатат, кадим жер менен сүйрөлгөн өтө коюу, кара жөө туман. Адеп апакай болчу, анан адамдарды жуткан сайын карарып отуруп, эми капкара болуп калды. «Бул ошол адамдардын пейидеринин, дилдеринин кирин чогултуп алып, ушинтип карарып калды». Ушул сөз кайдан-жайдандыр Зейненин сезимине урунду. Айлана кулак-мурун кескендей жымжырт эле. Барган сайын алсырап, ал-күчү тайып баратканын сезди. Бир аздан кийин жыгылып түшөт окшойт. Анда тигиге жутулат. Баса, анын ичиндеги адамдар эмне болду экен? Күтпөгөн жерден ушул суроого чарпылды. Жоопсуз калган ой көкүрөгүнө бир жамандык болуп, конуп алгансыды. Буттарынын чалыштай баштаганына карабастан, дагы ылдам чуркоого далбастап баратты. Туфлийинин эки такасы тең сынып түшүптүр, эми байкады. Алды жактан кандайдыр бир доош угулду. Ошол тарапты беттеди. Оңдогу кырды айлана бергенде чоң өзөн көрүндү. Шаркырап чоң суу агып жатат. Жээгине келип, үйрөйү учуп кетти. Күркүрөгөн суу кочкулданып, күлдүр-шалдыр кылып, килейген таштарды агызып жаткан экен. Артка чегинди. Жанагы неме дале жылып келаткан экен, бир аздан кийин жетет. Аргасы кете түшкөн аял төмөн чуркады. Эмнегедир ички сезиминде ошол жакта көпүрө болуш керек эле туюм пайда болду. Ырас эле, сайдын кууш жеринде көпүрө көрүндү. Энтигип жетип келген аял шалдайып туруп калды. Көпүрө эчак талкаланып калган экен. Сел алып кетсе керек. Эми Асылдын кылар аргасы калбады. Бут шилтөөгө дарманы жок эле. Кулак тундурган суунун жээгине шалдырай отурду. Наркы өйүзгө көз чаптырды. Жайдын күнкүдөй жашыл өрөөн, жашыл бак-дарактар. Учуп-конгон канаттуу куштар. Бүт жээкти каптаган түркүн гүлдөр. Ушунчалык да кооз, керемет жер болобу? Асылдын көзүнө бир башкача, керемет көрүндү. Ичи тызылдап, жан-дүйнөсүндөгү оо качантан берки катылып жаткан куса, сагыныч, эңсөө баш көтөрүп, буркан-шаркан түшө баштады. Анын күчүнө майышып, чөк түшө отуруп, буркурап ыйлап жиберди. Эми тиги адамдарды жутуп келаткан неме да эсинен чыкты. Тура калып, күрпүлдөгөн сууга бой таштоого умтулду. Ушул учурда дал бет маңдайынан бирөөнү көрө койду. Ал колун шилтеп, сууга кирбе дегендей белги берип жатты. Асыл тааныды, жыйырма жылдай убактан бери көрө элек болсо да, бары бир тааныды. Ал — анын атасы болучу. Кош балдагын ныгыра таянып, бир нерселерди кыйкырып жатты. Бир да сөзү угулбады. Ары тур, сууга кирбе деп жатты окшойт. Анан жерге чөгөлөй олтура калып, бир балдагын бери сунду. Анын учу берки өйүздөгү көпүрөнүн нугуна жетти, балдак бир заматта жайылып, кенен көпүрөгө айланды. Атасы бери баса бер дегендей, колун жаңсады. Анан башындагы калпагын ала коюп, жаңсап кирди. Асыл жүрөгүнүн сыгылып кеткенин сезди. Бул атасына болгон сагынычы, кусасы эле. Ордунан учуп турду, балдак-көпүрөнү көздөй чуркады. Азыр ал кадимкидей сергек эле. Эки колун алдыга сунган боюнча чуркап баратты. Буркурап ыйлап баратты, атасына жетип, кучагына бой таштоого умтулуп баратты. Негедир көпүрө узак экен. Канча чуркаса, ошончо узарып бараткансыйт. Жок, антпей эле туруптур, мына, жакындап калды. Атасы да турду, кызык, эми анын балдактары жок эле. Ал дагы кызын көздөй чуркады. Ыйлап алыптыр, бети ылдый аккан көз жашы күн нуруна чагыла кулап жатты. Чачтары куудай агарып, бетине каршы-терши бырыштар түшкөн экен. Жете бергенде бир нерсеге чалынып , жыгылып кетти. Анан көпүрөнүн ошол жери түшүп кетти да, атасы күрпүлдөп аткан сууга кирип кетти. Асыл үнүнүн жетишинче: «Ата-аа!..» — деп кыйкырып жиберди…

Өз үнүнөн өзү чочуп ойгонгон Асыл төшөгүнөн тура калды. Жаздыгы сууланып калган экен. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап алыптыр, басыла албай атты. Дивандын баш жагындагы жарыкты күйүзүп, халатын жамынып, ашканага кирди. Жайнаган, көз жоосун алган кооз шкафтардын бирин ачып, желим бөтөлкөдөгү муздак суудан жутуп алды.Бу маалда түн ортосунан ооп калган экен. Кайра жаткан менен уктап кете албасын билди. Үй ичинде аны-мунусун кармаламыш болуп жүрдү. Тамдын бир капталын бүтүндөй ээлеген кийим салган шкафтан шыкалган кийимдердин кайсы бирин аларын билбей, кыйла турду. Заңгыраган ушул үйдө жалгыз калганына он жылдан өткөн. Он эки жылдай бирге түтүн булатып, бир жаздыкка баш койгон күйөөсү Чикагого иштейм деп кетип, барары менен бир жаш келинге үйлөнүп алганын уккан. Көрсө, экөө мурдатан эле табышып, анан ошол жакка чогуу кетишкен экен. Чындап келгенде, күйөөсү экөөнүн турмушу үйлөнгөндөн кийинки эки-үч жылдан соң эле татаалдана баштаган. «Сен эмне чокчоңдойсуң, кимиңе таянып атасың» — деген сөзү жүрөгүнө муз болуп, биротоло тоңуп калган. Бир капшыты аңтарыла түшкөнсүдү. Кыргыздар «Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы» деп коюшат эмеспи. Акыры буга да көнүп баратты.

Ал көйнөгүн бир кармалап, бул көйнөгүн бир кармалап атып, анан колго тийгенин чемоданы менен чоң сумкага ыргыта берди. Текчелерде тирелип, бери жагында илинип турган кийимдердин чети оюлчудай эмес. Жалгыз башына булар жүз жылга жетмек. Негедир азыр ушулардын бардыгын үйүп туруп, өрттөп жибергиси келди. Жерде жаткандарын кайра шкафка будалай, ыргытып кирди. Таңды ушинтип атырган аял, эртеси "Кемерово" темир жол вокзалына келип, «Москва-Бишкек» поездине отурду. Эмнегедир учакка да түшкүсү келбеди. Жыйырма жыл мурда бул жакка поезд менен келген. Эми кайра баратат. Ушунча жылдан бери көрө элек мекенине, тууган жерине баратат. Бирок, негедир көкүрөгүндө ошо мекенге, туулган жерине, жакындарына болгон сагынычы, жанды коерго жер таптырбай өрөпкүткөн кусасы жок эле. Анын ордун кандайдыр бир боштук, кайдыгерлик, кош көңүлдүк ээлеп алгандай.

Купеге кирген жүргүнчүлөр өз орундарына жайгашып жатышты. Булар бир үй-бүлө экен. Аны-мунуларын отургучтун алдына коюп бүтүп, көңүлү жайлана түшкөн киши чалкалай олтурду. Асылга карады:

— Буйруса, үч-төрт күн чогуу болобуз. Андыктан адеп таанышып алалы, жердеш. Менин атым — Теңдик, көлдөн болом, бул киши — менин жубайым, аты Акзуура.
— Жакшы экен. Мен — Асылмын.
— Сиз Москвадансызбы, — деп сурады Акзуура
— Ооба.
— Келгениңизге көп болдубу?
— Он эки жыл болду.
— Оо, жергиликтүү болуп калган турбайсызбы, — деди Теңдик.
— Сиздер да Москвада турасыздарбы?
— Жок, Филодельфияда жашайбыз, он беш жыл болду.
— Алакандай кыргыздар ушинтип отуруп, дүйнө жүзүнө чачырап жок болуп кетебизби деп, кээде коркуп кетем. — Асыл ойлуу тарта сүйлөдү.
— Аның ырас, Асыл, баса, мен бир кыйла улуу окшойм. Сен дей берейин, каршы эмессиңби?
— Ой жок, Теңдик байке, айта бериңиз.
— Кыргыздар «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, киндик кан тамган ыйык жерди таштап, жети атаң билбеген алыскы жат жерде, жат элде күн кечирип калайын деп ким ойлосун. Атаганат, өз жериңде, өз элиңде жашаганга не жетсин. Айла жок, тириликтин айынан нан табалы, үй-бүлө багалы деп жүрөбүз да.
— Мен сизди айтканым жок, Теңдик байке. Деги айтам да, өзүм деле чет элде жүрбөймбү.
— Ой, жүз көрүшөрүбүз менен эле көйгөйүбүздү айтып кирдик го. Андан көрө таанышканыбыз үчүн деп, шам-шум этип отуралы. Алыскы Американын даамынан ооз тийгиле.
Поезд бир силкинип алып, ордунан козголду. Негедир Асылдын жүрөгү болк дей түштү. Адамдардын, цц барган сайын ылдамдай, артка жапырыла калып жатканын терезеден карап олтурду. Көңүлү тынч эмес экенин, өз ою менен алек болуп жатканын сезген Теңдинк«бул эмнеси» дегендей көз таштады да, Акзуурагга карады. Ал ийнин куушуруп койду.Теңдик эшикти акырын ачып, купеден чыгып кетти. Каны кызыган күлүктөй, поезд эми бир калыпта шака-шук, шака-шук этип, жол боюндагы көзгө урунган нерселердин бардыгын артка таштап, кетип баратты. Адам тагдыры да ушу поезд сымал, бардыгын арт жагында калтырып кете берет. Жакшысы калып атабы, жаманы калып атабы — бирдей. Бирок, зымырап бараткан поездден түшүп калып, кайра кайтууга болот. Ал эми, басып өтүп кеткен тагдыр жолуна, өмүр жолуна кайтып барууга болобу? Албетте, жок. Кайып келген ушул ой аялды терең улутунтту. Көздөрү жашылдана түштү. Анысын тигил аялга көрсөткүсү келбей, үстүңкү орунга чыгып, терезени карап жатып алды. Бир ыргактан жазбаган такылдакка кулак төшөп, уктап кетүүгө аракет кылды. Түндө түн жарымынан туруп, чала уйку болуп калганына карабастан, анысынан майнап чыкпады, кирпиги ирмелбеди. Башка учурда башы жаздыкка тиери менен шылк этмек. Бу уйкунун да өзүнчө ырахаты бар турбайбы. Бир нерсеге кыжаалат болуп, айлаң кетип турганда катуу уктап кетсең, бир жүктөн арыла түшкөндөй, жеңилдеп каласың. Бирок, азыр ошол нерсе аялга өчөшкөндөй, мобу шууу-шуу этип калып жаткан бак-дарактардын арасында калгандай.


Түндө көргөн түшү кайрадан көз алдына тартылды. Көпүрөдөн өтүп кетерине аз эле калган. Бир нече кадам чуркаса — атасына жетмек. Кучагына барып жыгылмак. Эмне үчүн ойгонуп кетти экен? Эх, тагдыр, жок дегенде түшүн оң келтирип койсоң эмне?
Баса, атасынын балдагын төшөп, көпүрө кылганы — аны күтүп жатканы го. Же баратканын сезди бекен? Кайдан?.. Он эки жыл бою кабарлашпаган кишиде андай сезим эчак өлүп деле калса керек. Буга ким айыптуу? Ушул суроо ийне болуп барып, дал жүрөгүнө сайылып кеткенсиди. Эркинен тышкары онтоп алды. Терезеге үңүлдү. Поезд эми шаардан чыгып, кайың токоюн аралап бараткан экен. Чыканактап тура калам деп, башын шыпка катуу уруп алды. Ага көңүл да бурбады.Мелмилдеп көл көрүндү. Көлдөн көзүн албай, мелтиреди. Толкундар менен кошо бийлеп, чагылып жаткан нурлар көзүнө тийип, уялтып, кыйлага чейин ача албай атты. Ушундай абалда көп турдубу, аз турдубуким билсин, акыры көзүн кылыйта ачты. Көл жээктей кеткен тасмадай жолдо бир машина зымырап баратат. Эми Асыл поезде эмес эле, ошол машинада баратканын сезди. Эки бөбөгү менен арткы орунда отурат. Аны апасы айдап алган, атасы Сабыр жанында. Ал кишинин буту оорулуу, эки балдак менен басат. Андыктан машина айдай албайт, өзүнүн кичинекей машинасы бар, аны кол менен айдайт. Майып болсо да тырмалаңдап, билими болбосо да, шаардагы бир гезитте иштейт. Ал жакка редактор өзү чакырганын айтып калат. Апасы Айым жаны тынбаган, иштемчил аял. Ооруканада өз кесиби боюнча бир аз иштеп туруп, алган айлыгына алымсынбадыбы, базарга чыгып, соода-сатык ишине аралашты. Бул өңүттө жөндөмү бар окшойт, тез эле базардын «өз кишисине» айланып, иши жүрүшө баштады. Анан Айна аттуу татынакай сиңдиси төрөлдү. Ал эки айга толгондо Сабыр ишинен бошоп, балдарды карап, үйдө отурууга туура келди. Деги, төгүлгөн маңдай тер, эринди кесе тиштеген аракеттин акыбети кайтпай койбойт тура. Жыл айланбай ичкен-жегендери, кийим-кечектери оңоло түштү. Соода-сатыктан тапкан акчасын чогултуп жүрүп, кийин Айым машина сатып алды. Бул соода ишинин дагы илгери жылышына жакшы өбөлгө берип атты. Азыр ошо машинада баратышкан. Бул күнү Сабырдын айылдагы туугандарына барышкан эле. Асылга тоо, абдан жакты. Шаарга кеткиси келбей, кыйылып, араң келаткан. «Сабактан каласың, кызым. Эмки жумада дагы келебиз» — деп атасы эптеп көндүргөн. Экинчи класста окуйт. Иниси Бакыт алты, бөбөгү Айна үч жашта.

Түн менен күн эриш-аркак жүргөн сыңары, жашоо деген улуулук да жакшы менен жамандан, кубаныч менен кайгыдан, табылга менен жоготуудан, бакыт менен өксүктөн турган нерсе экен да. Балким, анын асылдыгы дал ушундадыр? Ошолордун кайсынысы күтүлбөгөн жерден кирип келерин эч ким билбейт. Ошо билбегендердин арасында Сабырдын үй-бүлөсү да бар болучу. Асыл келе турган жекшембини күтүп, күн санап атты. Анткени дагы айылга, тоого барышмак. Өткөндө атасы барабыз деп убада берген, ал айткан сөзүнөн кайтпаган киши экенин билчү. Бирок, бул сапар анысы аткарылбады. Жекшембиге жетпей апасы Айым жүрөгүм деп жыгылып, ооруканага жатып калды. Бул эми көп эле адамдардын башына келе турган нерсе эмеспи, тирүү болгон соң ооруйт экен, айыгат экен. Бирок, Айымдын дарты чегине койбой, көпкө чайналды. Дары-дармек, дарылоо акысы, анан дарыгерлерге белек-бечкек деп отуруп, акыры аргасы кеткен Сабыр Айымдын макулдугу менен машинаны сатып жиберди. Тагдыр экен, дартынан жөнүгө албай, араңжан Сабырды, чиедей үч баласын калтырып, келбес сапарга аттанып кете берди. Бапырап турган үй, ошентип, мостойду да калды. Кош балдакка күнү түшкөн адамга кыйын болду. Биртке пенсиясынын тыйынын коротпой, үч баласынын камына жумшайт. Антсе деле жетпейт. Жарыбаган акчасынын тең жармы эле «коммуналдык кызмат» деген балекети соруп коет. Туугандын туугандыгы башка иш түшкөндө билинет дегени туура экен. Сабырдындын кыйналып жатканын билген иниси үч жашка толуп калган Айнаны багып алалы деп келишкен экен. Нары карап ыйлап, бери карап күлүп дегендей, акыры жок дей албады. Буга эс тартып калган Асыл каршы болуп чырылдап, кучагынан чыгарбай, отургандардын барын ыйлатты.

Жадырап-жайнап жүргөн балдар капысынан эле апасынан өлүүлөй, атасынан тирүүлөй алыстап, алардын мээриминен ажырап, анысы аз келгенсип экиге бөлүнүп, чоочун кишилердин колунда болуп калышы абдан оор болду. Бакытты билбейт, Асылкөпкө чейин эмне болуп кеткенине ишене албай, тагдырдын бул кыйчалышына түшүнүгү жетпей жүрдү. Үйгө апасы келип калгандай сезилип, көчөдөн кызыл машина көрүнө калса утурлай чуркайт. Балалык кыялы менен «апам үйгө келип, анан бизди таппай бул жакка келатат» деген ойго жетеленет окшобойбу. «Өзгө жалган, өлүм ак» деген сөздүн маанисин кайдан түшүнсүн бала неме. Ооба, өлгөндүн шору өзүндө, тирүүнүн көрө турган күнү өзүндө. Демек, өмүр улана берет экен. Атасына, киндик каны тамган жерине болгон сагынычы, кусасы жан-дүйнөсүнө көлкүлдөгөн Асыл ыйлай-сыктай, иниси экөө таежесиникинде жашап жүрдү. Алар деле карапайым, ашып-ташып кетпеген жай адамдар болучу. Бирде бар, бирде жок турмуш дегендей. Аялынын нары карап кеткени аздык кылгансып, балдарынан тирүүлөй ажыраган жарым жан, жарты сан атасынын кандай ал-абалда жашап атканын кайдан билсин. Арбын акча жибере албаса да, үзбөй кат жазат. Бир жолу телевизордон көрсөтүп калды. Атасынын жазуучу экенин, чыккан китептери бар экенин ошондо билди. Ай, ошондо көптөн бери көкүрөгүндө катылып жаткан сагынычы, кусасы сыртка чыгып, эч кимди көзүнө илбей букулдап, бугун чыгара ыйлап алган. Ошентип, билинбей отуруп, арадан сегиз жыл кантип өтүп кеткенин сезбей калды кыз. Он биринчи классты бүтөрү менен атасын көздөй жол тартты…

Мына, өзү туулуп, киндик каны тамган шаар. Сегиз жылдан бери көздөн учуп, өзүнө чакырып, умтулткан шаар. Көзүнө сүйкүм көрүндү. Өзү жашаган көчөнүн аты эсинде эле. Көп өтпөй, балалык көкүрөгүн кусага көлкүлдөткөн, караанына зар болгон атасынын үйүнө жетип келди. Кире бериштен экинчи кабатка көтөрүлүп келатканында негедир сезиминде «азыр эшикти апам ачат» деген ой көкүрөгүнө тепчилип өттү. Өрөпкүп, кыйкырып жибере жаздады. Калтыраган колу менен эшикти какты. Бейтааныш аял ачканда заматта көңүлү кайт боло түшкөнүн сезди. Анан Сабыр деген кишинин мына жашаар-жашабасын сурады. «Бар» деген жоопту угаар замат тигил аял менен учурашууну да эсинен чыгара, ичкери атылды. Атасы экөө оо кыйлага чейин бекем кучакташып, буркурап ыйлап отурушту. Бирок, бул ый кубанычтын, көрүшүү бактысынын ыйы эле. Атасы кыйла улгая түшүптүр. Чачтары куудай агарып, бетине каршы-терши бырыштар түшкөн. Отуруп-турганы ого бетер кыйындап, жакшы баса албай калган экен. Аны көрүп, жүрөгү тызылдап алды. Таежеси алып кетип атканда мындай эмес эле. Тың басып-турчу, жаш эле. Аэробекеттрукананын ашканасында иштеп, кызы үчүнчү класста окуйт экен. Алар менен Асыл бат эле ымала таап кетти. Жаңы апасы да аркы-беркиге түшүнүгү жетик, ак көңүл аял эле. Кыздын көңүлүн табууга, өзүнө жакындатууга аракет кылып жүрдү. Жакшы сөз жан эритет дейт эмеспи, эне мээриминен эрте ажыраган кызга андан артык эмне керек. Мезгил өткөн сайын кадимки эне-баладай, ал эми кызы менен бир тууган эже-сиңдидей болуп шарт болбогондуктан, Асылдын окусам деген аздек тилеги ишке ашпады. Турмуш деген бир орунда турбайт тура. Коомдо үч уктаса түшкө кирбеген нерсе болуп кетти. Түбөлүк турчудай сезилген зор өлкө бир күндө кулап калды. Эркин болдук, өз алдыбызча мамлекет болдук деп эдиреңдеп жүрүштү. Анан кубанычтан көккө ыргытылган калпактар кайра колго тийбей, соксоюп жылаң баш калгандар арбыды. Эл арасын жакырчылык, кымбатчылык, тартыштык деген эзели аты угулбаган нерселер каптады. Мындай учурда окуу жөнүндө ойлонуу — болбогон кеп эле. Жогорку окуу жайлары акы төлөтүп окутуу ыкмасына өтүп киришкен. Ага төлөй турган акча Сабырда жок эле. Муну түшүнгөн Асыл кайсы бир бейөкмөт уюмга жумушка кирип, иштеп жүрдү.


Купеде үчөө ар кайсыдан кеп салып, кыйлага отурушту. Ошентип, жол үстүндө бир күн өттү. Эртеси күн бүркөө тартып калган экен. Көп өтпөй вагондун үстүн дыбыратып, жамгыр жаап кирди. Асыл кечээки адаты менен өз ордуна чыгып, одеалын жамынып жатып алды. Бул аялдын көңүлү жайында эмес экенин сезишкен тигилер тынчын албоого аракет кылышты. Теңдик чалкалай жатып алып, китеп окууга киришти. А Асыл болсо чаба жаап, дыбыраткан терезени карап баратты. Капысынан көз алдына тартыла калган ушул элестен улам Асыө муңайым жылмайып алды. Дыбырап аткан терезе акырындык менен ичинен бууланып, сырт тарап көрүнбөй баратты. Тазалап коюу ниети менен колун суна берип, кайра айныды. Буу коюуланып барып, заматта тунара түштү. Анан Асыл ошого оп тартылып, кайдадыр зуулдап баратканын сезди. Бир оокумда чубалган чоң автобус Караколдун автобекетине келип токтоду. Алыскы жолдон чарчаган немедей «быш-ш…» этип алды. Бешим чен болуп калган экен...

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 28 Май 2015 - 08:16

Адамда баары келишимдүү болушу керек:жүзү дагы,кийген кийими дагы,сөзү дагы,ою дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   kychkyltek   25 Май 2015 - 22:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 07 Март 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 12:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кайсы жерге аба жетпей жатса,ошол жерден болом.

...(Уландысы)Демек, биз жашоодо ар нерсени баалай билишибиз керек.Атасын теңине албаган Асыл Сабырдын дүйнөлүк мейкиндиктеги адам экенин Теңдик аркылуу туйгандан соң ,ашыгып барууга бел байланды.Бирок, баары кеч болуп калды.Айтарым ар бир нерсени өз кезинде баалай билиш кажет.Туурабы? оңбу?жакшыбы? ушул сыяктуу суроолорду берип туруш керек.Бул жашоого келген соң тагдырга таарынбай,жашоодо жаңылбай жашаш керек.Асылдын тагдырына көк асман кошо ыйлап турду.Сур булуттун артынан,чакчайган күн тийерин унутпашыбыз керек.Жашоодо ар нерсени күтүп маанилүү нерсе катары баалашыбыз керек.Асыл менимче алдыдагы жашоосуна өткөн тагдырын мисал кылып тагдырдын тайкылыгына моюн сунбайт...

Билдирүүнү түзөткөн: kychkyltek: 25 Май 2015 - 22:34

Адамда баары келишимдүү болушу керек:жүзү дагы,кийген кийими дагы,сөзү дагы,ою дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Topcubai   27 Май 2015 - 10:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Мигрант
Коздорунон аккан жашын жуз аарчысы менен аарчыган отузга жаны гана чыккан кара чачтуу,келин "от араба"кетчуу аялдамада жаап жаткан жаанга да кайыл болуп,мекенине болгон кусалыгы артып,суйуктуусун башка бир жерге калтырып кетип жаткан Надя суйуктуусу менен откоргон бактылуу да,бактысыз да кундорун эстеп жатты.
2070-жыл.Убагында эбегейсиз онугуп турган Орусия мамлекети аябай жакыр мамлекеттердин катарына кошулуп,ал жерде жашап жаткан элдер жумушсуздуктун айынан туш келген олколорго агылып кирип,омуру оздору мигрант болбогон байкуштар аргасы жок кара курсактын айынан туш тарапка чачырап жатты.Алардын арасында жаны гана турмуш курушкан Вася менен Надя да бар эле.Кундордун биринде Вася кочодон тааныштары аркылуу Кыргызстан деген жаш онуккон олко тууралуу угуп калып,ошол жакка иштегени Надя менен акылдашты.
-Надя,ал жакта жакшы толойт экен,анан да ал жактагылар орус тилин жакшы тушунушот экен,жумушу женил,акчасын болсо кымбат толойт экен.Ал жакта бизге окшоп завод фабрика иштетпейт,бирок мал чарбасы,анан дыйкан чарбасы жакшы онугуптур.Мурдакы Россия жок эми,"кой устуно торгой жумурткалаган" заман болбойт,андыктан ал жакка барып кичине болсо да иштеп,акча таап,келечекти туптойлу.Антпесек бизге ким тамак берет?Ким бизге "могуну жеп ал,мобу кийимди кий!"-деп, ким акча берет?-деди
-Убагында чон-ата,чон- энелерим айтып калчу,"1990- 2000-жылдары ошол азияттар биздин жумушубузду жасап,акча таап,анан ата-энесин бакчу,а биз болсо аларды жаман коруп,"чурка, черный"-деп мазактачубуз" -деп.Эми болсо заман озгоруп,ошол чуркаларга биз барабызбы?Андан коро тиги Англия же Францияга эле барбайлыбы? -деди Надя.
-ушул сенин улутчулдугуну качан коесун!Ал жакта эле жыргал жашоо кутуп турабы сени!Ал жакта тил билбей кыйналасын! Андан коро колуну сунсан жете турган жерге эле барып,ошол Кыргызстан мамлекетине эле барып иштейли,ал жакта деле орустар бар.Алар улутчул эмес,эгер улутчул болгондо ошол орустарды жок кылмак да!-деди Вася ачуусу келип.
-Макул анда,ошол Кыргызстанга эле баралы,бирок мен иштебей уйдо отурам,а сен болсо иштеп,мени багасын-деди Надя кулумсурой
-Биринчи баралы,анан ал жакта эркекке тиешелуу жумуш болсо мен иштейм,сага болсо бироонун баласын бакканга иш таап берем-деди Вася.Анан экоо кыналыша олтуруп,сын алгыдан кечки жанылыктарды коруп олтурду.
"биздин ажо менен Кыргызстандын ажосу бир келишимге кол коюшту.Келишимге ылайык,эми орусиядан барган биздин жарандарга Кыргызстан тарап,толук жумуш менен камсыз кыла турган болушту,андыктан ошол тоолуу олкого баарыныздарды барып,иштеп келиниздер демекчибиз" -деп жатыптыр алып баруучу.
Арадан бир жумача убак откондон кийин,Вася менен Надя жукторун котруп,Казанский вокзалынан от арабага олтуруп,коздорунон аккан жашын бири бирине корсотпой,улуу тоолуу Кыргызстан мамлекетине сапар алышты
___________________________________________________________________
Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Арка айылындагы орукзарда усту башы кир,шире болуп калган Вася оруктун бутагына чыгып,андагы осуп турган,шагы ийилип,мына мына сынып кете тургандай болгон бутакка акырын бутун коюп,орукторду бир бирден желим чакаларга салып,толтурган чакасын болсо,узун аркан менен чаканын сабын байлап,жерде турган суйуктуусу Надяга акырын узатып жатты.Надя болсо желим чакадагы орукторду бир бирден жерге коюп,алардын устунон текшеруучу алаксып калганда акырын бир орукту оозуна салды да,чайнабай туруп жутуп жиберди.Текшеруучу болсо,башка орук тергендерди карап,мыйыгынан жылмайып,кынылдап ырдап жатты.
Сагынганда бир келээрсин,
саргайганда бир келээрсин
Ала Тоону коргону!-деген ыр саптарды уккан Вася,"ненди урайын,ушул силер кантип онуктунор экен?Жерде жаткан орукту гана алып койгонго жарабайсынар, анан кантип байыдынар,мен эч тушунбой жатам?"-деп согунуп,наалып жатканын угуп калган текшеруучу
-Э Вася,биз аябай мээнеткеч калкпыз,керек болсо суу чыкпаган жерге суу чыгарабыз.Карасан, айланабыз жалан тоолор менен курчалган,ошол суу аркылуу,ал суунун бир азын гана иштетип,калганын болсо коншу суусу жок олколорго литрин кымбат баада сатып,андан тушкон каражатка ушул Кыргызстанды онуктурууго жумшап,акырында ушинтип бай мамлекеттердин катарына кошулганбыз. Бул го орук экен,аны жерге таштап койсон кургап,как болот,анан аны жыйнап алып,кышында компот жасап ичсен болот.Силерчи, силер нанды кадырлай албайсынар, анан кантип байыйсынар? Силерди нандын кусуру урган,ошол учун силер моонтип,тентип ар кайсы олколордо тентип журосунор! Билебиз,убагында кандай онуккон эленер,эми болсо ажонор алмашып," батышты туурайм,мусулмандарга каршы саясат ойлоп табам"-деп жатып,эми озунор ошол силер жаман коргон мусулмандарга иштеп,алардын эсебинен жан сактап журосунор.Дагы жакшы,биздин ажо силерге боору ооруп,кичине женилдиктерди кылып,жан тартып,"кой, ушул орустар улуу эл эле,боодо ачарчылыктан кырылып калбасын" -деп жан тартса,дагы мага согуносун да!Бол,бат баттан кыймылдап,бугунку планынды аткар!-деди текшеруучу. Жумуш убактысы буткондон кийин,Вася менен Надя ээрчишип алып,тунку Арка айылын айланып,андагы кооздуктарга тан калып,"айылы ушунча кооз болсо,анда шаарларыга барсак коз уялат го!"-деп суктанганын жашыра албай жатты.
Ушинтип кундор кунго,айлар айга алмашып отуруп,куз айы да кирип келди.Оруктун убагы бутуп,анар тергени алып жоношту алардын устунон башкаргандар. Анарларды дагы терип буткондон кийин,Надя "эки кат"(боюнда болуп) болуп калып,суйуктуусун уйдо кутуп,тамак ашын даярдап жатты.Вася болсо кечке иштеп,кечинде бутун аран суйроп келип,тамагын да ондуу иче албай,суйлогонго алы келбей,уктап калып,тан эрте туруп кетип журду.Адаттагыдай эле жумушунан келе жатса,аялдамада турган беш алты бала Васяга тийишип,акырында ур тепкиде калып,когуш коздору ачык бойдон каза тапты.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 27 Май 2015 - 10:12

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Amantur.   29 Май 2015 - 05:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Түштөрүмдө гана келесиң...


Келе жаттың... А мен турам ар дайымкы кездешчү жерде сенден көзүмдү ала албай.Ах... айланада сенин карааның пайда болоору менен асман ачыла түшөт.Ансыз да жаз мезгили болгонуна байланыштуу күндүн көзү ачылбай жатканда сен пайда болуп күн жарк эте жылмая чыга келет.Кудум экөөбүздүн жолугуушубузга кубангандай түрдө.


-Салам, -дейсиң муңайымыш боло жылмая.-Кечиктим дагы ээ?
-Салам, -деген мен ардайымкыдай кечиккениңди билип турсам да көңүлүңдү жайгаштырууга жылмаюу менен:-Жок,кечикпедиң. Мен деле азыр эле келдим-деп калп айта жооп узатам.
Колдорубуз дароо эле кудум көздөрү бардай табышып бири-бирине бекем оролошот.Мага жаккан ак көйнөгүң заматта айлана-төгөрөктү тазартып жиберет.Көздөрүң уялыңкы жылмайып,ууртуңдагы күлкүңө жүзүңдүн аз-маз албырганы куп гана жарашып жүрөгүм элжирей түшөт.Далыңа ташталган чачтарың да,маңдайыңдагы улам-улам сени кулактын артына кыстартып убаралантып жаткан чачтарың да сага абдан жарашып турат.


Анан жетелешип алып бак аралап жөнөйбүз.
-Азып кетипсиң го,эч жериң оорубай элеби? Чачтарың да өсүп кетиптир...-дейсиң анан бир убакта колуң менен чачтарымды кармалап,манжаларың өскүлөң чачтарымды аралап,көздөрүң менен коздөрүмө анча-мынча тигиле.Кудум коздөрүңдөн сырларыңдын баарын билгизип алчудай көз караштарыңды да үзүм-үзүм кылып коёсуң.Бирок ошенткениң да мени кандай гана таттуу бакытка бөлөөр эле.Себеби сенин ойноктогон кара коздөрүңдү ээрчип кароо мага абдан жакчу.Сенин кара көздөрүң... э-эхх... табалбайм го эми андайды.


Бир маалда эле жымың эте жылмайып аласың да:-Мындай кармасаң,-деп колдорумду жогору кылып туруп:-Бизди кече моогу бийге үйрөттү,-деп ак көйнөгүңдү парпырата мени айлана бийлеп баштайсың.Аны көргөн бизди курчап турган жаңы ачылган дарактын бүчүрлөрү,жаңы гүлдөгөн түрлүү гүлдөр,жада калса көк майсаң чөп да "жарк" эте жыркырап жылмайып жибергенсийт. Жеңил шамал экөөбүздүн тен саамайыбыздан аяр сылап өтөт.Айланабызда эч ким жок... Бар болсо да сен жанымда жүргөнүңдө мага эч ким жоктой сезилчү...


-Баса,уксаң, мен кечээ дагы бир кызыктай түш көрдүм,-деп бир убакта жалооруй сага карайм.Себеби билчүмүн... билчүмүн менин ар бир түшүмдү жакшы жакка жоруп беришиңди.
-Ии,айт, -дейсиң көздөрүндү ирмебей мени тиктеп.Баскан кадамдарыңдын дабыштары да сенин угууңа тоскол болчудай токтоп анан укканды жакшы көрөр элең.Мага ушул учур да абдан жакчу.Ушул кулак түрө коздөрүмө тике карап калган учуруң.Себеби менин түшүм сага абдан маанилүүдөй, ар бир ооздон чыккан сөзүм кымбат,асыл нерседей өтө кунт коюп укчусуң.


Анан мен ойгоноорум менен сага айтууга эсиме бекем сактап койгон түшүмдү айта баштайм.Сөзүмдү бөлбөй угасың да анан жоруп баштайсың.Кудум бул түштү эки саат мурун эле уккандай,жообун алдын-ала даярдап алгандай жоруп баштайсың.Ал жоругандарың менин кээде көрүп калчу коркунучтуу түштөрүмдү заматта тыптыйпыл кылып өчүрүп,ал түштүн ордун ээлеп алаар эле.
-Рахмат- деп ыраазы болгон мени бир башкача карап:-Түштөрүңө мен кароолчу болом.Эсиңе сактап мага айтып турсаң мен утуркусун утур кууп турам.Ишен,мен кууган түштөр кайра кайрылып келбейт...-дээр элең.


Чын,сен бир жолу жакшы жакка жоруп койгон түшүм кайрылып келбечү...


Бир гана акыркы түшүмдү сага эртерээк айтканга жетишпей калганыма дале өкүнөм...
Ээн талаада менден качып бараттың.Чакырдым, кылчая бир карап койгонуң менен баары бир узап качып кете бердиң.Менин бутум шилтенбей,жыгылсам да кайра ыкчам ордумдан туруп,сенин карааның билинер-билинбес болуп көрүнүп менден алыстап баратсаң да артыңдан чуркап жетүүгө аракет кылып чуркай бердим.Бирок сенин элесиң барган сайын менден алыстай берди.Акыры сенден биротоло адашкан мен атыңдан айтып кыйкырып жаткан бойдон ойгонуп кеттим...


Түшүм экенин билген соң албетте жеңилдей түштүм.Бирок баары бир жүрөгүмдө кандайдыр бир кара так,кандайдыр бир мажестик кала берди.


Ошол эле күнү эрте менен жолдон өтүп бараткан сени мас абалында катуу ылдамдыкта келе жаткан машина уруп кеткендиги тууралуу кабар уктум... Ааламым аңтарылып,тилимди жутуп,телефондун нары жагында сүйлөп жаткан сенин байкеңдин үнү угулбай,универдин коридорунун ортосунда статуяга окшоп катып,өңүм озгөрүлө түшкөн мени таңыркай карап өтүп жаткан адамдар көбөйүп,башым айланып ооп барып муздак дубалга чекем тийгенде гана өзүмө келдим...


Арадан канча жылдар өтсө да ошол жаздын күнү күн алыс түшүмө киргени кирген.Кээде ал жапжашыл жаратылыштагы колумду кармап алып мени айлана жаркырай бийлеп жаткан сени көрүп таптакыр ойгонгум келбей кетет.Ойгонгум келбей,ошол туштө сени менен... жалгыз сени менен калгым келет...


Бирок,аттиң, сен эми түштөрүмдө гана мага келесиң.Ошол жазда,бак дарактар бүчүр байлап,гүлдөр гүлдөп,чөптөр жашылданып калганда,жаратылыш эң кооз мезгилде.


Кечир.. . Ооба,кандайдыр бир маңызда менде да күнөө бар.Ошондо эрте менен адатымча сага чалбай,ананыраак чалам деген менде да күнөө бар экенин билем.А мүмкүн сага дароо чалып эле көргөн түшүмдү айтып киргенимде сен мени дыккат угуу үчүн жолдон өтпөй токтоп тураар белең....


Менин эми мурда анда-санда көрүп калчу коркунучтуу түштөрүмдүн ордуна ошол жаздын күнү кирип калды.А мүмкүн менин түштөрүмдүн кароолчусу дале сен болуп жүрбө..?
Прикрепленное изображение: mgk_ptitsa_lubov.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Amantur.: 29 Май 2015 - 05:17

Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Enesai   29 Май 2015 - 21:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Асман туноргондон туноруп,жамгыр ношорлоп жаап-ак жаанга айланды.Жайдын акыркы айы болсо да-кеч куз келгендей болуп,жамгыр коз ачырбай жаап;буту-колду какшаткан карандай суук ичтен алып ичиркенте ушутот...
Мындай аба-ырайында- "жакшы кожоюн итин кочого айдабайт" деп коюшат.
Баары бир Сибирь-Сибирлигине барат экен да-кышы узун,жаз менен куз суук,жайы коз ачып-жумгуча бутуп калып-омуру кыска.
Бирде токой аралап,бирде Энесайды жээктеп,бирде оодо;бирде томон тушкон учу-кыйырсыз темир жолдун тугоноор жери жоктой чубалжыйт.
Кыштак четиндеги кичинекей бекетчеде жамгырдын гана бутпоочудой куусу чертилип-тируу адам эмес,тируу жандык жоктой сезилет.
Бул туман менен курчалган тегеректе жамгыр гана оз бийлигин орнотуп-жан- жаныбар ийининде;канаттуу куш уясында бекинип;" жарк" деп тийип нурун чачаар улуу кундон умут узбой-баары жымжырт...
Бир гана жалгыз караан темир жолду бойлой басып келип,эскилиги жетип буткон кара чемоданын,булгаарыдан тигилген сары саквояжын жанаша жайгаштырган сон,кол саатын карады.
Журогу элеп-желеп болуп,турмушундагы жаны кадамга толкунданып, ушул жерден,ушул кыштактан кетсе эле конул оорусу айыгып кетчудой ашыгып,бекетке эртерээк келип алганын эми байкады.
Мейли,кутот! Алдыдагы жарык кундор учун баарына кайыл,баарына чыдайт!
Чарчаптыр... Буту талып,денеси оорлошо тушуптур.Колундагы кара кол чатыры менен калкаланып, кара чемодандын устуно олтура кетти.Байкаган адамга баары кара-плащы да,башындагы береткасы да,жадагалса бутундагы туфлийи да...
Атайылап буга чейинки текке кеткен жаштыгын жоктоп,аза кутуп кийингендей.
Дуйнодо эмне кулук-ой кулук!Коз ирмемдин ичинде отконго окунуп,келечекке саякаттай алабыз...
Жамгырдын куусуно термелип,суукка ичиркене бурушуп,Айсулуу эрксизден откоргон омурун эске тушуро баштады.
Атасы Союздун дуркуроп турган убагында,окмоттун жолдомосу менен Красноярский шаарына келип окуп калат.
Кок коздуу,тармал чачтуу шайыр кыз-буудай жуздуу,кара чачтуу азиат жигитине ашык болуп,дос кызынан кат бердиртип,тартынбай озу жолугушууга чакырат.
Жылдыздары келишип,оздорунчо батирге чыгышып,ынтымакташа тутун булатып жашап калышат.Арадан жыл отуп-отпой-Айсулуу торолот.
Кызын торолтуп беш-алты ай болгондо Абакандагы таэнесине жеткирип беришет.Оздору окуусун улантып,шаарга кайтышат.Каникулга чыгаар менен белек-бечкектерин которуп кызына жоношот.
Айсулуу уч жашка толгондо,жаш жубайлар капысынан автокырсыкка чалдыгып,кырчындай омурлору кыйылып,кайтыш болуп кете беришет...
Айсулуунун балалыгы Абаканда-таэнесинин колунда отту.Жергиликтуу хакас эли менен коншу-колон, ынтымакта жашашты.
Атасынын жакын куйуп-бышаар тууганы деле жок го сыягы-кичинекей Айсулууну издеп келишмек тургай,атасынын соогун мекенине алып кетишкен жок.Жердештери, достору чуркап кам корушуп,соогун мусулман татарлар коюлчу мурзого коюшуптур.
Таэнеси колунан келишинче кийинтти,ичинтти ,жакшы созун,асыл тарбиясын аябады.Мектепти жакшы жетишкендик менен аяктап,жогорку окуу жайынын тарых болумуно тапшырды.Экинчи курста окуп жатканда коптон бери асылган оору таэнесин да алып тынды.Бир тууган тайкеси Норильскийге иштеп кеткен эле,жадагалса апасын акыркы сапарга узатканы келген жок.
Ошентип Айсулуу жакын тууганы жок ,жалгыз кала берди.

Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 29 Май 2015 - 21:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Enesai   30 Май 2015 - 00:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Окуу жайында окуп журуп,Кыргызстандан келген студент жаштар менен таанышты.
Таэнеси Айсулууга атасынын "Ыссык-Кол" деген кереметтуу колдон болоорун,улуту кыргыз экенин коп айтчу.
Кыргыздар менен достошту,эне тилин уйронду,улутун сурагандарга "кыргызмын" деп айта баштады.Болочок тарыхчы болгон сон кыргыз элинин тарыхына кызыгып,изденип окуп журду.Хакастар менен кыргыздардын тилинин окшоштугун байкады,туп тамыры бир эл экенин билди.
Чындыгында бул далилденген, изилденген тарых барактары.Илгери ата-бабаларыбыз Ала-Тоодон-Алтайга, Алтайдан-Энесайга чейин кочуп-конуп жашашкан экен.Хакастар кыргыздардын Энесайды жердеп,калып кеткен урпактары экен.
Энесай-Енисей; Кызыл-Жар-Красноярск; Мин-Суу-Минусинк болуп айтылып калыптыр.Мындай кыргызча жер аттары жуздоп саналат.
Демек Айсулуу ботон жерде жашабаптыр, ата-бабасы жердеген улуу Энесайдын боюнда туулуп -осуптур.
Окуу жайын бутуп колуна диплом алаар менен,кадрлардын жетишсиздигинен улам алыскы районго болунду.
Абакандагы таэнесинин уйун тайкеси айтып-дебей сатып,акчасын алып кетиптир.Айсулуунун бараарга уйу жок,алыскы районго барып иштегенден башка айласы калбады.
Окмот тарабынан болунгон бир болмо уйго барып жайгашып,болоор- болбос кийим-кечесин эскилиги жеткен жыгач шкафга жайгаштырды.
Иштегенине эки жума болгон сон,кыштактын алдынкы жигити деп эсептелинген Николай менен таанышты.
Айсулуу эмгекчил ,сымбаттуу корунгон Николайды бир коргондо эле жактырып калды.
Сырдашкан,суйушкон бактылуу кундордун ичинде Коля Айсулууну" озуно турмушка чыгуусун" суранды.Кыздын макулдугун алган сон отуздан ашпаган дос-тууганын чакырып,уйлонуу улпотун откорушту.
Айсулуу жалгыз башы эки болуп,оз уй,олон тошоктуу болгонуна,айылдын алдынкы жигити коп кыздардан озун гана тандаганына бактылуу болуп жашап журду .
Колясынын женилин жерден,оорун колдон алып,уй иши эле эмес ,талаадагы картошкасын эгишип,жыйнашып, аял эмес эркек жасачу иштерден да баш тартпай жардам берди.Кирпигине чан,жакасына кир жугузбай,мектептен келээр менен кийимин алмаштыра коюп,уйго кирип аял ишин,сыртка чыгып эркек ишин бутуро салчу болду.
Сурап алаары ,бараар жери жок жетим деп басынттыбы, же кун сайын достору менен ичкен самогондун таасириби,Колянын кыял жоругу озгоруп,жалкоо, корс,соз тушунбогон макулукка айлана баштады.Айсулуунун айткан акыл -насааттарына кулак салбай,окурто ичкен куну тили эле эмес ,колу да тийчу болду.
Айсулуу баарын которду,акылына келээр,ойлоноор деп умуттонду.Арадан жыл откон сон кош бойлуу болгонун байкады.Жетине албай кубанып,кубанычын Колясы менен болушту.Болочок ата алгач суйунуп ичимдигин азайтып,уйуно эрте келип,Айсулууга кол-кабыш кылып журду.
"Досунду корсот-мен сенин ким экенинди айтып берем"-деген экен бир акылман.
"Жакшынын шарапаты,жамандын кесепети" -дегендей каргашалуу ошол куну досторунун биринин туулган куну болуп,асылып жатышып Коляны да ээрчитип кетишти.
Аракка акылын кошуп ичип алган Коля тун ортосу оой,тенселе басып уйуно келди.
Озун тосуп чыга калбаган Айсулууга ачууланып,таттуу уйкусунан ойготкону аз келгенсип,чыр чыгара баштады.Создон- соз,уруштан- уруш чыгып,акылын аракка жендирген Коля Айсулууну болгон кучу менен катуу туртуп жиберли.Алы жок аран турган кош бойлуу неме,болмонун ортосунда турган жыгач столго катуу курсагы менен урунганын бир билет...
Козун ачса айылдык оорукананын, торот кабыл алчу болмосундо жатат.
Эмне болгондугун билген сон,асман кочуп,жер кочуп,ичиндеги бардык топтолгон ыза-мун,окунуч- кайгы менен буркурап -боздоп ыйлап жиберди.
Эки кун жаткан сон, иччу дары-дармегин колуна карматып,уйуно барууга уруксат беришти.
Тенселе басып уйуно кирди,босогодон ары аттай албай туруп калды:коптон бери жашап жаткан уйу козуно ажарсыз,ээн, муздак корунду...
Колядан болсо дайын жок,мастык менен жасаган кечирилгис куноосун арак менен жууп кетирчудой устокко-босток ичип,оз уйуно эки кун жолой алган жок.
Турмуш кагаз эмес-ката жазып алсан очуруп,кайра ондоп жазып алгандай-бастынбы, айттынбы,жасадынбы- эч качан озгорто албайсын! !!
Кутулбогон кайгылуу окуядан кийин экоонун ынтымагы ыдырай тушту.Коля озун куноолуу сезип,абийирин арак менен жууй баштады.Айсулуу коп ойлонуп,тунт, капалуу.
Сынган чыныны бириктире албагандай эле,экоонун ынтымакташууга болгон аракети жыйынтык бербеди.
Айсулуу озу менен озу болуп,Колянын кун сайын тун ортосу оой келип,акыркы кундору уйго бир туноп,бир тунобой калганына жакшылап маани деле бербеди.Куйутунон ичип журот деп ойлоду.
Бардыгын байкап,коруп- билген курбу-курдаш Айсулуунун конулун оорутпаштын аракетин кылышып ,эч ким,эч нерсе айта алышкан жок.
Бир куну кечке маал эшик"шарак" ачылып,дукондун "кара далы"сатуучусу Нина уйго жулунуп кирип келди:
-Создун кыскасы;мен кош бойлуумун! Колядан!Экообуз бири- бирибизди суйобуз,менин болочок наристем атасы менен чогуу жашаш керек!Коляны мен гана бактылуу кыла алам!-деди.
Айсулуунун бир ооз соз кайтарганга чамасы келбеди,Нинанын созу кулагына жанырып туруп алды.
Бутту баары-умуту, тилеги бырын-чырын болуп талкаланып сынды!
Уясы бузулду,балапаны жумурткадан чыгып канат какпады!
Туну бою ойлонду,ыйлады, тагдырына таарынды.
Тан атаарда козу илинип уктап кетиптир:тушундо учу-кыйырсыз когултур колдун жээгинде отурат.
Кол жээктей кара чач ,кара тору жигит менен,кок коздуу тармал чачтуу келин аппак кийинип алышып жетелеше басып журушот.Алардын жанында тармал чачтуу наристе кумдан уй куруп ойноп олтурат.
Наристени коздой басат-жетпейт, чуркайт жетпейт...
Чочуп ойгонуп журогу алып учуп кокмок колдун жээгине азыр эле учуп жеткиси келип кетти.
Ордунан туруп,жуунуп таранып,кийимдерин салыштырып коюп,мектепке барып иштен чыгууга арызын таштап келди.Жакын кошунасына уйдун ачкычын таштап,короодон чыга берээрде кол-шал жамгырга суу болуп,арыктап, жудоп кеткен Колясын корду.Бирок Айсулуу жек коро албады,жон гана аяды...
Коля "кечир" деген бир гана ооз созго жарады.

Тигине, коптон куткон поезддин жарыгы корунуп," куш-быш"деген уну угулду.Айсулуу ордунан турду,коз алдына тушундо коргон когултур кол тартыла тушту .
-Баарын жаны,таза барактан баштайм!Менин да бактылуу болгонго акым бар!Бугу эне колдоп наристелуу болом!-деп ун чыгара суйлоду.


Алсыз,назик ,бирок эрки тоодой аялзатын-очкон умут жалындап куйуп жол корсотуп,Ыссык- Кол кол булгап чакырып,Энесай бакыт тилеп узатып турду!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Amantur.   30 Май 2015 - 12:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Мага ачылган кол чатыр...

-Чоң кыз,суу болдуңуз го,келиңиз мынаны кармап алыңыз,-деген үндөн артыма кылчайсам астейдил күлмүңдөгөн бир жигит туруптур.Колунда ачылбаган кол чатыр.Жамгыр себелеп баштаганына аз гана болгон болчу.Август айынын 17си болуп калганына карабай үстүнө кара түстөгү кожалуу жука куртка кийип алганына айраң таң калдым.Жай мезгили го акыры.Анын ичинде көк футболка,көк джинсы,ак крассовка.Калың каштуу,көздөрү жымшык,бирок ошол жымшык көзүнүн ичиндеги капкара тунук каректери ачык даана көрүнүп турат.Чачы кыска кыркылуу,кулагы бир аз делдегей,аябай жука жана назик эриндүү... Бирок күлмүңдөп озүнө тың болуп көрүнгүсү келгени менен баары бир көздөрүндө билинер-билинбес жалтаңдоо бар.Мунусу мага айткан сунушунун четке кагылуу коркунучунда болушу мүмкүндүгүндөдүр. Аны бир көз ирмемде байкаган мен бул джентелмен жигиттин шагын сындырбоого болушунча аракет кыла,ошол эле учурда мага жакындоо оюн да чегинтүүгө, жумшак гана,жылмаюусуз:
-Жок,рахмат, мага себелеген жамгыр жагат,-дедим да кайра алдымды карап туруп калдым.
-Жакшы экен,-деди ал артымдан.Анан кошумчалап койду:-Нөшөрлөп жааган жамгырчы?
Суроо узатып жаткандан кийин жооп берүүгө аргасыз болдум.
-Анчейин эмес.
-Демек баары бир бул кол чатыр сизге керек болот экен-деди ал.
-Эмне,азыр нөшөрлөп жамгыр жаайт дегени турасызбы?-деген мен бир кылчая аны карап өттүм.Станцияда элдер негедир аз.Менин кийим-кечек салынган чемоданым жанымда турат.Быйыл экинчи курстун студентимин. Окуу башталарына он күндөн ашык убакыт бар болсо да мен эртелеп эле чыгып алганмын.Жаңы окуу жылына даярданышым керек.
-Ооба,-деди эки-үч кадам артта турган тиги жигит.-Тиги жакты карасаңыз.Азыр ошол кара булуттар ушул жерге келет-дегенинен мен асманга тигилдим.Чындап эле,түндүк тарап жакта,болушунча эле бизден алыста,түрмөктөлгөн кабат-кабат кара булуттар туруптур.
-Алар келбейт,мына көрөсүз го-дедим өз жообума өзүм ишенбегендей. Ошол эле маалда поездин тезирээк эле келип калуусун үмүт менен жолго тигиле.Негедир убакыт да өтпөй туруп алды.Адатымча бир чекитти тиктеген бойдон ойго чөмүлүп кеттим.Турмуш, окуу,келечек тууралуу ойлор тизмектешип өтүп жатты... Канча убакыт өттү билбейм бир маалда эле дыбырап жамгыр катуулап кирди.Жана эле ар жерде турган бирин-серин адамдар саябан издешип менден алыстап кетиптир.
-Айттым беле келет деп?-деген жанакы жигиттин үнү дагы артымдан чыкты.Өзүнчө эле тыңсынгансыйт.
-Кыйын экенсиз..-деп жамгырга бүрүшө бурк эте бир тийдим.
-Келиңиз,алыңыз мынабу кол чатырды,мага мунун кереги жок-деген жигит кол чатырды ачып мага сунду да озү улам катуулап жаап жаткан жамгырга да карабай алыста тура берди.
-Сиз өзүңүз эмнеге колдонбой жатасыз?-дедим мен дагы деле алгым келбей."А эмнеге кол чатырдын ээси жамгырда турушу керек,а мен болсо кол чатырдын астында?" деген ой мээге кадалып туруп алды.Дыбырап жаткан жамгыр секунд сайын чачтарымды суу кылып,анча-мынча тамчы ээгимден ылдый агып баштаганы менен ишим жок.
-Мага жакпайт кол чатырдын астында турган-деди ал.Негедир күлкүм келип кетти.
-Анда неге алып алдыңыз?-дедим дале колумду кол чатырга суна албай.
-Таэнем болбой колума карматып койду,айла жок алганга туура келди... Кармаңыз эми,азыр бүт суу болуп бүтөсүз-деген жигит эми бир кадам алдыга басып келип кол чатырда мага сунганча үстүмдү тосту.Дыбырап жаткан жамгырлар догуруна тыкылдап кол чатырду ургулай башташты.Акыры алдым.Бирок мен колума алаарым менен тиги жигит артка,жанакы турган жерине,курткасынын жакасын жогору кылды да артка жылды.
-Ой,бул эмне кылганыңыз? -дедим таңыркай,ошол эле учурда ыңгайсыздана.
-Кам санабаңыз менден,мен деген эркек баламын,айтып өткөнүмдөй мен кол чатырсыз жүрүп көнүп калганмын-деди күлмүндөй.Чачтары топ-топ боло топтолуша суу болуп жаагынан ылдый суу кадимкийдей ага баштады.
-Жок,мындай болбойт,-дедим мен.-Же сиз жаныма келип кол чатырдын астына турасыз,же мен кол чатырыңызды сизге кайрып берем...
Жигит жооп кайтара албай аргасыз жылмайды да:
-А макул,-деп жаныма келип туруп калды да колумдагы кол чатырды өзү кармады.

Жарым сааттай күтүп туруп калдык.Сүйлөшкөнүбүз бир гана жамгыр тууралуу болду.Таанышпадык дагы.Кайсы айылдан экенибизди да сурашпадык. Жөн гана жамгыр жөнүндө кеп курдук.Кызык, ошондо билдим маектешиң кызыктуу болсо бир эле нерсе тууралуу көп нерсени сүйлөшүүгө боло турганын...

Поезд келди.Кирип орун алдык.Ошол үч сааттык жолдо биз ал экөөбүз эзелки тааныштардан жакшы мамиледе болуп кеттик.Тамашакөй дагы экен.Атын Эрмек деп тааныштырды. Таэнесинин үйүнө жайкы эс алууга келиптир жана да ар жайда келип турганын айтып өттү.Бишекке жеткенибизде гана:
-Буюрса дагы жолугаарбыз, -деди Эрмек үмүттүү жылмая.
-Буюрса,-дедим мен дагы жооп кыла күлүмсүрөй. -Баса,кол чатыр үчүн рахмат.
-Эч нерсе эмес.Жеткизип коёюн десем макул болбодуң.Эми жок дегенде,аба ырайын эске алып,ушул кол чатырды ала кетсең мен сага абдан ыраазы болот элем-деди кол чатырды мага суна.
-Ой жо-ок,бул сунушуңузду да кабыл кыла албайм...
-Сураныч,Жайнагүл, -деген ал эми жалооруй карады.-Кийинки жолукканыбызда кайра кайтарып бересиң...
-А болуптур,-дедим айласыз анын шагын сындырбай.-Рахмат. ..
-Болуптур анда,көрүшкөнчө- деп кубана тушкөн Эрмек мени таксиге салып жиберип өзү кала берди...

Күндөр өттү,ай өттү,анан кыш келди,анан жаз,кайрадан жайкы каникул башталды.Бирок Эрмектен кабар болбоду.Анын мага таштап кеткен кол чатыры аны улам-улам эстеттирип, акыры келип сагындыра баштаганын озүм да байкабай калдым."Окуган жеримдин дарегин алганы менен эмнеге бир келип кетпеди?" деген ойго көп жолу жооп издедим...

Мына эми,быйыл да ошол биз жолуккан станцияда аны күтүп олтурам.Улам- улам артыма кылчаям.Бул жолку жамгыр ошондогу жамгырдан да катуу жаап жатат.Колумда анын кол чатыры... Анын... мен үчүн ачылган кол чатыры... Жок,көрүнбөйт карааны.Өчөшкөндөй поезд да тез-тез келип жүргүнчүлөрдү салып өтүп кайра кетип баратат.Эки поездди өткөрүп жибердим.Тигине, эми үчүнчүсү келе жатат... Поезд бар,жамгыр бар,станция ордунда,кол чатыр колумда,бир эмес эки чемоданым жанымда... бир гана Эрмек жок....


Прикрепленное изображение: girl-woman-rain-umbrella-train-railway-station-platform-suitcase-1080x1920.jpgtrain-railway-station- platform-suitcase-1080x1920. jpg]

Билдирүүнү түзөткөн: Amantur.: 30 Май 2015 - 12:37

Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   vema_87kg   30 Май 2015 - 13:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Женянын атасы беш жашында бут ооруусуна чалдыгып,каза болуп калган.Апасы коп жылдан бери балдар бакчасында эмгектенет.
Женя азыркы учурда коллеждин акыркы курсунун студенти.Чон аталары тээ илгери кыргыз жергесине келип,олтурукташып калган орус улутундагылар. союз таркагандан кийин анча-мынча туугандары россияга кетип калышса да,апасы Оля жалгыз уулун окутам-чокутам деп,кор тиричилик менен алпурушуп журуп оз мекенине кете албай калды.
Жаз мезгили болгондуктан айлана коркко болонуп,жаздын анкыган жыты аралаш жел согот.
Женя суйуктуусу Аня менен жолуккан кундору кээде кафеге барса,кээде парк айланат,кээде Аня болочок кайненесинин уйуно келип кол кабыш кылып кетет.
Бугун да экоосу кезигип,
Женянын атасы ыраматылык тиккен бакты айланышмак. Женянын конулу которунку.
Женя козу когуш,олбурлуураак келген,бою ортодон бир аз жогору жигит.Чачын озуно жарашыктуу кылып тегиздетип алган. Тигине,Анясы да келип калды.
- 'Салам,' -деди жигит карылуу колун сунуп.
-салам!Аня адаттагысындай жылмая учурашты.
Экоосу ал-акыбалдарын сурашканча бак аралап жоношту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   vema_87kg   30 Май 2015 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Айлана-теребел жымжырт,кун чайыттай ачык,асмандагы тоодой оркочтонгон сур булуттар каякадыр жоголуп кеткендей... Оруктор гулдоп,алмалар бурдоп аткан кез.
Ак,сары болгон нарцисстерден чыккан,анкыган жыпар жыт абага синип жок болууда!Жымжырттыкты Женя бузду:
-Кордунбу мына бул алма,орук,кайналыларды- деди гулдоп турган оруктун тубуно келгенде.
-ий
-Жыл сайын тушумун жакшы беришет.биз апам экообуз жайында куртка каршы дары берип,суугарып, кузундо мандай терибиз менен тушумун жыйнап,чон уйубузду салып алдык.
-ым,жакшы экен,быйыл мени да жардамга чакырганды унутпа э?-деди Аня кулумсурой.
-Созсуз да, экоосу каткырып кулуп калышты.Женя созду башка жакка буруп:
-Апан россиядан качан келет экен?-деди Женя кыздын колунан жетелей басып.
-ушул жума ичи келип калат го,поездге билет алып коюптур.озун билесин кеткенине 3 жыл болду,сагынганымды айтпа.
-келсе эртерээк келсе экен.
Ангыча кыз:
-бул жер кудум бий аянтчасындай экен,кел экообуз женил бийдин(вальстын)кээ бир кыймылдарын жасап королу,-деди.
-Макул,-деп Женя башын ийкеди.
Женя кыздын назик колун бийик которуп,айлантыра баштады,Анянын апакай патперек койногу жайылып,устундогу когуш накиткасы,желкесине тушкон сарыгыч чачтары озуно куп жарашып турду.

Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 30 Май 2015 - 15:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   vema_87kg   30 Май 2015 - 15:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Эл катары Анянын апасы да россияга,кор тирилик,тугонбогон туйшуктун айынан келген эми минтип сапары карып.поез станциясында олтурат.Жанында чемоданы жана чон сумкеси бар.
Кун куркуроп,жамгыр бир заматтале ношорлоп жаай баштап,чагылгандын алтын найзалары айлананы бир саамга жапжарык кылат да,кайра жок боло калат.
-'Ах чиркин,жамгырдын ношорлогонун' деди ал озуно озу,асманга карап,кол чатырын ондонуп жатып.
-Эми жер когоро баштады,буткул жер бетине,албетте менин туулуп оскон жерим кыргыз талаасында кызгалдактар, жоогазындар ачылат,байчечекейлер жерден баш багып жаткандыр.Жаа! Жаай бер,жамгырым!
Жамгыр ого бетер кучоп токту.
Эненин журогу уйгу-туйгу боло баштады.Ал кызы Аняны эстеген сайън журогу кабынан чыгып кетчудой.канаты болсо минут эмес секундда эле кызына жетет да бооруна кысат. Сагыныч,кусалыктын таасириби козунун жашы жаанга кошулуп жузун жууй берди. Тигине о3у корунбосо да,алыстан келе аткан поезддин уну угула баштады.Жаш аялдын журогун жылуулук аралай берди!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Kg.lady   30 Май 2015 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Суротто катылган сыр.

Балдар аянтчасынан чыгып, уйду коздой баратсам, 60тан ашып калган орус кемпир келип суйлоп калды. Озу соода туйундорундо сатуучу болуп иштээрин,аты Таня экендигин айтып, тетя Таня деп чакырсам болоорун ырастадыда, кыздарыма ылайык кийим-кечелер бар экенин саймедиреп, а тугул телефон номеримдида алганга улгурду. Озу биздин мандайдагы коп кабатуу уйдо тураарын айтып, жоноп кетти. Ошо менен кор тириликке алаксып унута тушупмун. Эртеси звонок кылып, уйуно баруумду отунду. Макул деп жолдошумдун макулдугун алып, балдарды табыштап коюп, кемпирдин уйуно бардым. Баш бакканда эле уктоочу болмосуно ээрчите кирип, кийимдерин коргозо баштады, арасынан купулума толгон кийимден учоону тандап алдымда, эртен акчасын берээримди убада кылып, коштоштум. Чыгып баратып, дубалда илинуу турган эки суротко козум тушту. Бирок, жолдошума барып эле келе калам деген учун, уйго кетууго ашыктым. Эртеси акчасын белендеп, кемпирдин уйуно экинчи ирээт баш бактым. Бул жолуда суротко кызыгуум артылды. Бироосундо бактылуу эки жаштын бактысын толуктагандай жазгы коктом, оз кереметин коргозуп, алма-бактар ак гулун ачып, ааламга оз коркомун тогуп турган эле. Ошол эле суроттогу жузунон бакыт нуру тогулгон арык чырай кыз, азаптан мункуроп, кен ааламга сыйбай жол жээгинде бурушо, кимдир бироону кутконсуп, же кимдир бироого ызааланып, тагдырына наалат айткансып экинчи суротто чок тушо отурганы тан калтырды.
Канчалык кызыкканым менен 'Любопытная варвара' боло бербейинчи деп, берчуу суроомду ичиме жутуп,жон гана суротторго тигилдим. Тетя Таняда байкадыбы, айтоор Булар менин кызым менен куйоо балам деди. Кызы аз жыл мурун каза болгонун, куйоо баласы коп жылдан бери олуу-тируусу билинбей жоголгонун айтып, картинкаларга мундуу тигилди, уч жыл болду ботосунан ажыраган боз ингендей боздоп келем, деп уну каргылданды. Экинчи суротту кызынын курбусу тартып алган экен, курбумдун акыркы элеси сизде болсун деп которуп келгенин айтты. Телефонума келген чакыруудан улам, акчасын берип шашылыш чыгып кетип, суротко болгон кызыгуум дале болсо кучундо кала берди.
Кундор кунго адымдап, адаттагыдай эле кичинелеримди ээрчите таза абада сейилдеп жургом. Тээтигиндейде бизди коздой менин тетя Таням келе жатат. Колунда кол сумкасы бар, кайдандыр оор жумуш жасап, чаарчап-чалыккандай кебетеси бар. Мени менен алик алышкан сон, бугун кызынын туулган куну экенин, корустонуно гул эгип, айланасын тазалап, кызы менен сырдашып келе жатканын айтып отурду. Ушул аялды коргондо эле дубалда илинген суроттогу сырдуу элестер карегиме тартылчуу болуп алган. Бул жолкудада коздору бакыттан жайнап турган кыз менен солкулдаган жаш жигит, а экинчи суротто мунайым тарта отурган ошол эле кыздын элеси саамга келе тушту. Суроом онтойсуз экенин билсем дагы, кызыгуумду жашыра албай, кемпирден кызынын олуму тууралуу сурадым. Колундагы сумкасын мукактана кармалап, чан болбосода чанын кууп, буйдалып калганын коруп, озумду ынгайсыз сезип кеттим. Суроом эски жараны сыйрып алгандай болуп, журоктогу мун кайгысына кол салып, дагы бир жолу жан дуйносундогу азапка жалын бурккондой болдум окшойт. Кеп торкунун башка нукка буруп кете албай кайсалактап, соз табалбай турганымда, тээ алысты тигиле карап, маектешим соз баштады...

... Мария менен Алексей мектепте окуп жургондо эле, журоктору арзышып, кош кептердей ар дайым жетелешип, эгиз козудай ээрчишип журушчу. Улуу махабаттын пайдубалын бекемдеп, жаны гана уй булоонун пайдубалын тургузуп, бакытка колкуп турган кезде, Алексей капысынан кумарпоздордун кылтагына илинип, чон суммадагы акча карыз болуп калды. Эки болмолуу уйуно кошуп, машынасын сатсада жарым акчасы чыкчуудай эмес. Таппаса кумардын кулу болгон жан кечтилер аяп отурбайт. Же озун олтуруп, же жубайын олжолоп алып кетээри анык. Акчаны ушул келе жаткан кыштын биринчи жумасына даярдап коюшун буйрушкан. Бир заматта эмне балекетке илешип алганын тушунбой дендароо болгон жигит, кучун ичкиликтен чыгарып, эч бир жактан умут шооласын издебей козун ачпай ичип туруп алды. Буга караганда Машанын эрки бекем беле, кайгыдан озун таштап жиберген жолдошун бир чети аяп, бир чети кыжырданып тез арада, коп суммадага акчага ээ болчу иштерди караштырып, интернетти туро кыдырды. Кайсы бир агенттикте Арап Эмиратына контракт менен иштоо мумкунчулугу бар экенин, жанада келишим тузуп, ынгайлуу жумушта иштеп, алты айда кайра мекенге коп акчага тунуп келээрин баяндаптыр. Ойлонуп турууга убакыт таар эле, жолдошу белек кылган кымбат асемдерин сатып. Документтерин бутурду, а жол кире, тамак-ашы агенттиктен убада кылынган болчу. Бир буктом кагазга Апасы менен жолдошуна томонкудой кат калтырды: -Апа, Леха менден сарсанаа болбогула, мен алты айда кайра келем, силердин каршы болоорунарды билип, жашырганым учун кечирим сурайм, буйруса биздин кочодода майрам болот. Силерди Суйуп Машанар! деп жаздыда стол устуно коюп, жоноп кетти. Аэропортко келген сон курбусуна чалып Арап Эмиратына баратканын айтып, кыска суйлошуп, коштоштуда телефонду очуруп, келечекке умут байлап кокту коздой сызып кетти. Таня менен Алексей учун бул окуя кутулбогон сюрприз болду. Таня куйоо баласын жектеп, ушунун баарына куноолусун, кызымды жолдон кайтар деп тополон кылып, ансызда шок болуп озуно келе албай жургон жигит учун олгондун устуно комгон болуп, озун коерго жай таппай турду.
Марияны кутуштон башка арга жок эле, Аравияга кеткени менен кайсыл шаарына кеткени, эмне жумуш кылганы белгисиз, телефону очурлгон абалда болуп байланышууга мумкун болбоду. Бир нече кундон сон Алексей Москвадагы аталаш инисине бараарын, андан жол киреге акча алып, Мариянын артынан кетуу керектигин, анын устуно карыздын убактысы жакындап келе жаткандыктан тигилер тынч койбосун айттыда, алда жоноп кетти. Ошентип Татяна озу жалгыз кутуудон кудор узбой кун санап отуруп калды. 6 айда келем дегенден бери эки жыл отуптур, же кызынан кабар жок, же куйоо баласынан кабар жок болушу эне учун ото оор болду. Бат эле картайгансып, кайратынан жанып баратты...
Бул кезде Мария документтерин алдыртып коюп, кирешелуу жумушка эмес кулчулукка сатылып, корбогон тозогу, тартпаган азабы калбады. Эчен ирээт качууга аракет жасап, эчен ирээт сабалып ит жашоону коруп жатты. Бул жагдайга жолдошун куноолосо, бир туруп озун куноолоп, коз жаштары эчак кургап, кайдыгер жанга айланды.
Кудайдын керемети деген ушу белем, Мариялар турган жерге орус бизнесмен келип, жердеши менен таанышып, бул жерден жашыруун алып чыгып кетээрин убада кылды. Ошол кунда коп куттурбой келип, бизнесмен киши ошол жердеги кызматчыга коп суммадагы акча берип, Мариянын качып чыгышына шарт тузулуп, бир тундо каргыш алгыр жерден баш алып чыгып кетти. Дуйнодо жакшы адамдар бар учун, дуйно корктонуп турат эмесби, ошондой жакшы адамдын шарапаты менен Мария мекенине кайтып келди. Ай ошондогу эне-баланын кубанычы, соз менен жеткизе албасмын. Кубанычтан коздордон жаш куюлуп, энеси кызын экинчи ирээт тороп алгандай жетине албай турса, Мария болуп откон кереметке тушунуп-тушунбой тушум эмесби деп улам озун чымчый, жок тушу эмес экенине ынанып, кубанычы терисине батпай, суйунгонунон опко-опкосуно батпай улам ыйлап, улам басылып жатты. Бирок бул кубынчтардын узактыгы болбой Алексейдин дайынсыз кеткени Мария учун оор болуп, озун куноолу сезип турду. Кундуго Екатеринбург- Москва поезд жолун байырлап, тунт тартып кетти. Даалай ирээт курбусу менен, энеси Марияны ошол жерден таап келет. Бул тапта Мария телмирип бир жерди тиктеп, озун куноолоп, калпыс чыгарган чечиминен кордук коруп, Лехасынан ажырап калганын, бул дуйнодо озуно орун калбаганын жуз айтат. Бул создор эне байкуштун журогуно жебедей сайылып, эт журогуно тепчилип калгандай эле болот. Кызын эмне деп жубатаарын билбей карбаластайт.
Окшошкон эгиз кундордун биринде, Таня почтага барып, пенсиясын алып келээрин, кезек кутуп бир аз кармалып калышы мумкун экенин, поезд жолго барбашын жалынып-жалбарып сурап, андан коро тушкуго даамдуу тамак асып туруусун эскертип жатты. Энеда, кызына улам имерилип, журогу алда нени сезгендей айланып-ургулуп жатып аран сыртка коздой бет алды. Ушуну эле кутуп турган Маша устуно кийчуу кастюмун алып, Алексейи келип кутуп жаткандай поезд отчуу темир жолду коздой бет алды. Жол жээгинде копко телмире тигилип отуруп, сууктан ичиркене, чыйрыгада тушту, -Алтын апам, алсыз кызындын акылсыз чечимин кечир! Лехасыз менде жашоо жок, аны зарыга куткондон коро жер жазданып жатканым артык, деп колуна кармаган тил катын костюмунун чонтогуно салдыда кубуроно, ордунан ишенимдуу туруп алдыга карай кадам шилтеди. Ай-ааламды жарып алда кандай жагымсыз нерсени жар салгандай ачуу сигнал басып, жел аргы менен жарышып поезд тээ алыстан келе жатты. Ишенимдуу кадам таштады деген менен ажаллын суру онойбу, Мариянын тизелери титиреп, буту шилтенбей аран кыймылдасада, озун зордоп алдыга карай кадам таштап баратты. Алсан жанымды алаарсын, андан башка эмне кыласын, мен учун бул эн женил жол, ансызда колдон-колго куурчак сымал отуп, менин адамдык касиетим калган жок,дегенчелик кылып, мелтиреп поездин келе жаткан жолун тикчие карап, темир жолдун дал ортосуна кадам койду. Ажыдаардай мына азыр оп тартып кетчуудой айлананы жара, кулак тундурган поездин добушу менен кошо кыздын элеси заматта жоголуп, быт-чыты чыга, денеси темир чынжырчаларга оролуп, камырдай ийлене жуурулуша тушуп, кызыл боек туш тарапка чачырап жатып калды. Кен аалам жаш кызды жамандыкка кыйбагандай чагылган чарт-чурт эте, кун куркуроп, мындай адилетсиздикке ынабастыгын далилдеп, кун коноктоп жатты...

...Ушул жерге келгенде кемпирдин алкымына кептелген ачуу жаш вулкан сымал сыртка атырылып, колу эпке келбей калтырап, коз жашын суртуп, буркурап жиберди. Мындайда конул жубатчуу соз табалбай мукактанып калчуу адатым бар. Азырда оозума талкан салып алгандай жерди бутум менен чукуп, карегиме келе тушкон жашты ирмей албай жер тиктедим. Айтып жаткан баяндын кайгылуу кучагынан чыгалбай, оор нерсе алкымдан алып, тумчугуп бара жаттым. Дал ошол кезде мандайымдагы кум тогулгон аянтчада, баш кийимине кумду толтуруп, анысы аз келгенсип башынан ылдый куюп, улам калагына сузуп алган кумду сугунуп отурган кызымды коруп, реалдуу дуйного кайтып келе тушкондой болдум окшойт, атып туруп кызыма жетип, усту-башын кагып, кумга толгон шляпасын силкий тазалап, оозу башын аарчып, уйруло туштум. Бир саамга кызым менен алаксый тушкон экенмин, баш которуп карасам, илкий басып, коштошууга дарманы келбей кайгыдан эки желкеси ылдый тушуп Татяна кетип баратыптыр. Эне учун баланын кайгысынан откон азап барбы? Кызынын алтын башын тебелеп жер устундо басып журуу, мээримдуу эне учун, тируулой азаптын азабы эмей эмине? Танянын ункуйо басып, козунон жашы кулап, солкулдап кетип баратканын карап туруу мен учун кыйынга турду. Азыр эле усту-башын кагып колунан жетелей кармаган кызым, колумдан суурулуп чыгып, жаныле жаап кеткен жаандан калган колчукко колун салып, жузун чайып турганын коруп, эмелеки уккан кайгылуу баянды шамал айдагансып, кызымдын жаны тынбаган кылыгына жылмайып турдум.


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   asylzaadam   30 Май 2015 - 23:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Түшүн бирок кечикпе...

-Жолдошбекова! Кириниз.
Кутулбогон жерден дарыгердин болмосунон баш бага озунун атын атап турган мед айымдын чакырыгына Айым селт эте тушуп,шаша-буша кезек кутуп тургандардын арасынан суурула жоноду.Кууш коридордо эки жаат болуп отурган аялдар кезексиз кирип бара жаткан ак жүздүү татынакай келинди суроолуу да жектеп да карап калышканын сезгендей,бөлмөгө жашырына артынан эшикти жаап ала койду.Ак халат кийип,чачын тысырайта түйгөн орто жаштагы дарыгер Айымдын саламына болоор болбос баш ийкей отургучту көрсөтө отур дегендей жансап,чекесиндеги көз айнегин көзүнө түшүрө астында жаткан кагаздарды барактай калды.Тымызын ичтен сызып күтүп жүргөн ушул учур ушул мүнөт Айым үчүн бир өмүргө тете болчу.Анан эмне,омуруно коркунуч туудурган,кайдан жайдан сур жылаандай сойлоп кирген ааламдагы дарыгерлердин кучу жетпеген рак деген балекетке тапшырган анализдин жыйынтыгын угууга келбеди беле.Дал ушул убакта 34унчу кышын узатып,жазын тосуп алып жаткан конулу назик,жашоонун оош кыйышына тебеленип бирок женилбей кележаткан келиндин тагдыры,омуру чечилмек.
-Айым,-деди дарыгер токтоо бирок бир аз калтаарый.
"Бутту,демек аныкталыптыр! "деген ой заматта бут денесин аралап муздай тушкон келин коздорун жума койду.
-Анализдериндин жыйынтыгы колумда турат.Бирок мен муну акыркы чечим деп айта албайм.Жакшы эмес...
Мындан аркысын угууга Айымдын кудурети жетпеди.Бир жерди мелтейе тиктеп катып тургандай болуп корунгону менен ичиндеги акыркы умуттору куп куп тушуп урап жатты.Тамагына томуктай болуп бут денесин дуркурото келип тыгылган ызаа,куйут,арманга деми буулуп,дарыгердин калган создору кулагына кирбеди.Асман айланып жерге тушкондой ааламда жалгыз эле озу ушундай ооруга кабылгандай болуп,ушул кезге чейин майтарылбаган кайраты заматта кайта тушкон сымал ысып орттонуп жаткан ичин муздак полго тошоп суналып жатып алгысы келип турду.
-Журунуз,кан алайын-,деп боор ооруй бет мандайында карап турган Зейнеге ыктай эптеп туруп артынан басты.Баарына кайдыгер болгондой колун тосуп берип,умутуно коюлган чекитке дале ишене албай ону боппоз болуп отурган келинге Зейне:
-Айым эже дагы бир ирет текшерууго жиберебиз.Сиз мынчалык кайгырып чого бербениз.Дарыгерибиз деле айтпадыбы бул акыркы чечим эмес экенин.-деп куйполоктогону кайрат айтып жон гана соороткондой сезилип турду.
Зейне Айымдарга кошуна турат.Кирип чыгып корушкондо саламдашып журушуп,кийин жакыныраак тааныш болуп калышкан.Так ушул ооруканага да Зейне аркылуу келип текшеруудон отуп жаткан болчу.Сыртка коштой чыкканы менен маанайы чогуп,Кудайдын боору ооругудай кейпти кийген Айымга жакшыраак соз таба албай узатты.Бар умуту талкаланып, башын жерден котор албай басып жоногон Айымга,бир кездерде кунумдук жашоого азгырыла коркун байкамак тургай тажатма корунуштой сезилип жургон айлана бугун бир башкача туюлуп турду .Кадамын санап илкий басканы менен бул жашоонун даамын да ,бул тируулуктун таттуулугун да сезип келе жатты.Ээ жаа бербей тогулуп ташып ыйлагысы келди.Бирок далысынан суйоп,бешенесинен сылап кайрат айтаар адамы жок болчу.Тагдыр энесинен эрте ажыратып,огой апасы синдиси экоону батырбай атасынан алыстатканы аз келгенсип 12жылдан бери бала жытына зар кылып келе жатат.Аскар экоонун эн ысык, эн жакын мамилеси ушул акыркы жылдары коз коруно сууп,коломтодогу от катуураак демге эле жалп эте очуп калчудай аран улбулдоп турган.Бирок ожорлонгон келин куйоосунун бардык кылыктарын ичине жутуп,куноону торой албаган жалгыз озуно коюп уйбулоосунун кыйрашына жол бербей келет.Кээ кундору уйго тунобой кыз келиндерди шынаарлап калган жан шеригин алгач кооруп,кызганып ыйлап журсо кийинчерээк озун токтотуп турмуштун бул сыноосун да которууго бел байлап калган болчу.Ар кимден уккан шыбыштарга конул болбогондой тур корсоткону менен"Эр берген жан бергенге барабар"дегендей ичинен мин тутоп турса да сыр бербегенде далаалат кылып,кайра айтып келген адамды жаман коро турган.Айрыкча жоро жолдошторунун балдары менен бапырап жургонун коргон сайын мин тилинип ичине салса ,Аскар эркекчиликке салып ичкиликтен кучун чыгарчу.Бироонун тороду же балалуу болду деген суйунучтуу кабары бул уйбулого билинбей сайылган жаанын огу болду.
Бул тагдырга туш болуусунун бир себеби жаштыгынан болсо экинчиси дарыгерлердин шалаакылыгынан. Баш кошконуна жыл айланбай айылга барып,туугандарынын тоюнда кызмат кылып кечинде бели башы ооруп калат.Сууктанып калгансын го деген абысыны сурсутулгон куйрук менен ичин майлаткан сон тан ата кан кетип ооруканага тушот.Текшеруудон сон дарыгер курсагындагы бир айлык туйулдук козголуп калганын айтканда гана келин боюнда болгонун билет.Бирок сактап калууга такыр арга жок болгондуктан наркоз берип тазалашкан. Ошодон улам доо кеттиби же бул жараткандын жазмышыбы кийин барбаган жери калбай дарыланса да боюна бутпой койду.Бул таш боор тагдырдын тамашасы ушуну менен эле бутуп калбастан кекегенге муштаган болуп бир жылдан бери мынтип айыккыс оорунун белгилери чыгып,бирок тастыкталбай жургон.Озу деле бала азабын тартып жургон куйоосун аягандай бул илдеттин кабарын жашырып келген.Жада калса Аскардын жаш конулдош таап алганы,анысы тороп берсе эле биротоло кетип калаарын билип журсо дагы башка тушконун козум короор,куу туяк болбой артында тукум калсын деп орттонгон журогун басканга эстуу келин айласыз эле.Москвада иштеп жаткан синдисинин баласын багып алууга болгон далалатын жокко чыгарып кол шилтеп койгондо эле куйоосунун ою толук бузулгандыгын тушунгон болчу.Эми мынтип бир тал ширенке менен кулго айланчу бир барак кагаздагы жазуулар менен кулгун курагына,таза умутуно, жашоосуна,омуруно чек коюлуп отурат.

Ар бир деми ар бир кадамы акыркыдай болуп туюлуп жаткан келин илкий басып уйуно да жетти.Кирип эле кийими бойдон керебетине устомонунон кулап баа бакырып ээ жаа бербей ыйлап жатты.Бут ызаасын бут арманын бутундой жашоого болгон сезим туюмдарын ый менен чыгарып жатты.Башынан сылап кайгысын тен болушоор эч ким чыкпады.Тытынып журуп тапкан кымбат баалуу буюмдары,карьера деп журуп жетишкен ардак барактары эч ким, эч кимиси канат -бутак болуп бере албады.Командировка деген шылтоо менен кетип жаш конулдошунун кучагынан чыга албай отурган,бир омурго антташып никелешкен жан шериги да ушул кыйын кезенде кайгысын тен болушуп сооротмок тургай жанында болуп бере алган жок.Акыры козунун жашы тугонуп кун мурунтан тируунун олугуно айланган келин ойдо болуп ,телефондон Москвадагы синдисин тере баштады.Алыста жургон синдисин аяп унун болушунча жасалма чыгарып ,озун зордоп кулуп суйлошуп жатты да ,козунун жашы токтобой колдоп бетин жууп турду.Сууктанып калыпмын деп конулун жайгарып жылуу коштошуп корушкончо деп телефонун очуруп,кузгуго келип бир топко озун карап башын оойдо серпе бир чечимге келгенсиди. Эртеси боюн туздой вокзалга барып Москва-Бишкек каттамына поездге билет алып келди.Бир жумада жумуштарын так бутуруп,эч кимге айтпай жалгыз чемоданын суйрой уйунон чыгып кетти.Куйоосу келгенге чейин кетип калууга болгон аракети ишке ашса дагы бирок акыркы ирет бир коруп алгысы келип,жок дегенде 12жыл синишип калган жытынан бир жыттап калгысы келип кылчактап турду.Бул келиндин ызаасын коштой сыртта жаратылыш да мункана жашып турган кез эле.
Белгиленген убактан эрте келген Айым перронго чыгып ,тууган жердин абасынан кере дем алып,айланасын акыркы ирет коруп жаткандай болуп козу тойбой турду.Жамгыр катуулап элдин баары вокзалга корголосо да Айым бир ордунан жылбай жамгырга бетин тосо кошо ыйлап жатты.Ичтен баамдап турган боорукер адам жаанда турган аялга чуркап чыгып колундагы кол чатырын бере коюп кайра далбаландай кастюму менен башын калкалай чуркап кирип кетти.Кутулбогон жерден кол чатыр берип кеткен кишинин ордуна Аскарды элестетип алып ,айрылуунун чеги ушул экенин тушунгон Айымдын тизелери калтырай барып бугуло отуруп калды.Ачуу кыйкырык салган поездин жарыктары Айымдын очуп бараткан умутторун улап,карангыдан жетелеп чыгып кетчу жарык сымал жакындап келе жатты...

Жаш конулдошунун кээ бир кылыктарына, обу жок эркелигинен акырындап тажай баштаган Аскар ойлору менен алп урушуп жатып уйуно жетейин деп калды."Биринчи аялын кара кийиз,кыял жоругунду тушунуп баарын которот.Которумдуу болот.Кийинкилери ак кийиз.Бат таарынат,бат кирдейт" деп айткан досунун созуно дагы бир ирет ынанды.Баары эле Айымдай айтканын жасап,сыйлап, устуно уйрулуп тушо бербешине мына бугун козу жетти.Ар дайым жаш баладай таарынып,же катуу кагып силкип турса да бажырайып кулуп турган келинчеги кайра Аскарга озу жалбарып турчу. А бул ирет Аскар конулдошуно жалдырап,кечирим сурап,козуно карагандан тажай баштаган.Ушундай ойлор менен алп уруша подъезге унаасын такап токтотуп жаандан корголой чуркап кирген Аскар бет мандайынан чыга калган Зейне менен сузушуп ала жаздады.
-Ой кечиресиз! -деп ото бергенде,
-Аскар байке,саламатсызбы. Айым эжени таппай кетип аттым эле.Жумуштан келе элек окшойт.Мына кагазды колуна берип кетейин дегем.Берип коёсузбу.-деп тамылжыган келиндин баштыкка аярлай оролгон кагазын илип ала жогоруга которулуп кетти Аскар.Айымдын жумуш убактысы бутконуно эки саатай болсо дагы келе элек экенине танкала журогу бир нерсени сезгендей эшигин шарактатып ачып кирди.Эч нерсе болбогондой кутуп алып,тамак-ашын алдына заматта белендей койчу келинчегин болмолорду бирден башбагып издеп чыкты.Козуно оз уйу да негедир сурдуу туюлуп,чуркап барып шкафты ача салып,бош калган илгичтерди сыйпалап шалдырай отуруп калды.Эсине баягы Зейне берген кагаз тушуп койгон жеринен колуна алып шашылыш ачып кирди.Орус тилинде жазылган" Кумондуу таякчалар табылган жок жана тастыкталбады! "деген маанидеги жазууларды окуп эси энгирей тушту.Телефонун калтырай алып чыгып Айымга канча чалса да которбой койду.
"Кеткен экен!Жоок, мумкун эмеес!!! "деп ээн калган уйду жанырта бир бакырып алды.Кайда бараарын ,кимге корголоорун билген Аскар ашканадагы дале ысыгы таркабай турган чайнекти коргон сон ,чуркап чыгып унаасына отуруп вокзалды коздой айдап жоноду...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   31 Май 2015 - 05:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Ар нерсенин өз убакыт сааты бар эмеспи, демекчи мына ушинтип үчүнчү тапшырмабыз соңуна чыкты. Ар бир катышуучулар, үчүнчү тапшырма сүрөткө карап дил баян жазуу боюнча, бири-биринен калышпай өз танаттарын тартуулап кеткениге баарыбыз күбө болдук. Ар бир катышуучуга эргүү жана ийгилик каалоо менен бирге Супер сынагыбыздын төртүнчү тапшырмасына кезек берели.

4-тапшырма. Достук азил. Форумчуларга карата тамаша-чыны аралаш ыр жаратабыз. Эрежеси; бир форумчуну, же катышуучуну тандап алып, этика-норманы сактап, рамкадан чыгып кетпей 4 куплеттен кем эмес ыр берметтерин тогобуз. Ыр саптар так-таамай, азил-чыны аралаш, куйкум создор менен коштолуусу шарт. (пародия эмес) Ыр саптарга ысымы илешкен форумчу туура тушунуу менен кабыл алаарына ишенебиз.

4-тапшырманын убакытты кийинки жума ушул күнү московский саат он экиге чейин.

Билдирүүнү түзөткөн: patma.mahmud-kyzy: 31 Май 2015 - 05:33

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: