Суперстан: Супер сынак 2015! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак 2015! Супердин супер таланттарын бирге тандайбыз!

#41 Пользователь офлайн   Kg.lady   31 Май 2015 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Стоп! Айтышты ушул жерден токтотобуз!
Айтыш менен достук азилди чаташтырып алыптырбызго!

http:/ /www.super.kg/...n/index. php?
showtopic=70411&st=0
Жогорудагы шилтеме аркылуу
достук азилдин жазылышына баам
салсанар.

Айтыш боюнчада сынак уюштурат
баштанабыз. Чымындар аран турган
экен, бир заматта ызылдап кетти.

Сынак деген сынак эрежеге баш
ийуубуз кажет. Тема тазаланды!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 01 Июнь 2015 - 01:25


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Kg.lady   01 Июнь 2015 - 00:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Уяштуруучу бошобой жатканго, достук азилдин эрежесин тушундуро кетейин, шилтемем иштебей жатат.(Талкулоочу темада иштеп жатат бирок. ;))
Форумдун ичинен каалаган форумчуларга достук азил жазуу керек. (арасында катышуучу деле боло берет, бирок кийинкиси жооп жазбайле койсо, айтышка айлантпай. ) Катышуучунун оз эрки канча форумчуга кантип ыр арнайт. Балким бир эле форумчуну алып ошого гана жеткиликтуу кылып жазып коер. Же беш алты форумчунун ысымын ар бир куплетке кыстарып кететтир. Же ар бирине озунчо уч торт куплеттен ыр арнайт. Бул жагы акындын дараметине, каалоосуна жараша болсун. Тушундуро алдымбы деги. :)

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Enesai   03 Июнь 2015 - 20:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

"Конулу туздун-саламы жуз!",
Дешчу эле кыргыз элимде-
"Улууга урмат-кичууго ызат",
Кылчу эле тоолуу жеримде!

"Тааныбасты -сыйлабас" ,
Деген макал -чын экен,
Тааныштыра кетпесем-
Азыркы жаштар-чыр экен!

"Кара-Кулжа" жеринде-
Туулуп-оскон эженер,
Алыска деле кетпегем-
Айылдаш болот жезденер.

Тамаша кылып соз айтсам-
Терикпей угуп койгула;
Айрыкча кыргыз жигиттер,
Сабырдуу эле болгула!

Топчубай деген иничек-
Адашып бир аз суйлоду,
Эжесинин кай жерден
Экендигин билбеди!

"Кара-Кулжа" жеринде-
Аялды болбойт "катын" деп,
Кулакка жаман угулду,
Айтпай жур иним,андай кеп!

Тийишет окшойт кыз-келин,
Бастыра койбой инимди-
Аялын айтып актанды,
Алдын-ала сактанды!

"Жанылбайм" деген жаак болбойт,
Жакшы адам созун бат ондойт,
Кечирим сурап кайрылды,
Уяты кучтуу жан окшойт.

Бура тартып тизгинди
Айдар иним не болду?
Марага бир аз калды эле,
Уланта бассан бул жолду!

"Кычкылтек деген жаш бала-
Созго чебер,уста экен,
Жону жок созго терикпей,
Чечимин сонку бузса экен,
Азилин айтып баарына-
Катардан калбай турса экен!

Бир эле иним Амантур-
Бычактын сабы болду окшойт,
Суротко жазып дил баян,
Баарынын-
Купулуна толду окшойт.

Создору таамай-аткан ок,
Бири жалын-бири чок!
Кыздарга айтаар тамаша
Азырынча менде жок!

Бирок айтам тамаша-
Чындыкка бир аз жараша;
Леди айым айтып кеткендей;
Душмандар элим каптаса-
Жигиттер кача баштаса;
Кыз Сайкал,Жаныл Мырзалар,
Бема,Асылзаадалар,
Намыс учун жан берип,
Душмандан элин калкалаар!

Билгенимдин аздыгы ай,
Убакыттын тардыгы ай,
Коштошпой азыр турайын-
Кийин сон дагы улайын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Amantur.   04 Июнь 2015 - 05:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Ассалоому алейкум!
Салам айтам жалпыңа
Көрө албастык өнүккөн
Ушу Кыргыз калкыма
Суперге өзүнчө көрк берген
Суперстан аттуу форумга
Форумду чаңытып кызыткан
Конокко да,жаранга.. .
"Өлүп кетейин"- деп жанын жеп
"Биринчи нигим ушул"-деп
Жаңы форумчу атыккан
Эски жүздөр-баарыңа!
Флудчу деп таанылган
Шекеге да,Тыкеге да,Ваняга
Кеңештин берген мыктысын
Рая апага,Жизага жана Айжанга
Ар бирин бөлсөм ушинтип
Түтпөгүдөй барак да
Андан көрө мынтейин:
Флудчулар,троллчулар, кеңешчилер!
Салам айтам алик ал
Бу саламым текши тийсин баарыңа!

_______________

Анда келсек сынакка
Сынак деген сынак да
Кээлери үчүн бул сынак
Жакшы себеп сынмакка
Көңүлгө алсак баардыгын
Жугуп баштайт сынык да
Катышуучу ар кандай
Бири корс болсо өкүргөн
Экинчиси сылык да
Үчүнчүсү кычып атайы
Байкалбаган былык да

Ошон үчүн сынак дейт
Сынакта көбү сынат дейт
Адилетсиз болсо да
Албетте бирөө утат дейт
Сынактарда сынбаган
Жеңилсе да тынбаган
Бул кыска бир өмүрдө
Көп жерлерге батат дейт

Келгиле мындай кылалы
Алгач саламдашып алалы
Андан кийин окторду
Туштаганыбызга аталы
Ансыз да супсак сынакты
Ушул акыркы раундда
Кызытып бир тыналы

Ев! Сен кимсиң? Кыйкырбачы!
Тилим бар деп сайрабачы!
Унчукпаса коркту деп
Көп былжырап тантыбачы... дебестен
Бир жакшына айтышалы
Ачуу сөздү ороп кагазга
Культурно эле "урушалы"
Өтө күчтүү кетпейли
Сөз менен катуу теппейли
Ынтымактуу болуп туугандар
Бир чер жазалы,окейби? :)



Саламыма башкалар менен кошо Кычкылтек мырза менен Бема айымдан да алик күтөм.:)

Билдирүүнү түзөткөн: Amantur.: 04 Июнь 2015 - 05:25

Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   asylzaadam   04 Июнь 2015 - 13:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Жекшембиде эртелеп,
Шаша-буша энтеңдеп.
Тамаша азил аралаш
Жаза коюп термелеп.
Тамшырманы акыркы
Кызытсак деп энтелеп,
Кире калсам айдашкан
Көөнүм сууган "башка жеп"Сүрөт
Илхом өчүп күүлөнгөн
Кайткам кайра темселепСүрөт


Айранды үйлөп ууртайын,
Абайлап бир аз турайынСүрөт
Амантур "башка жебесе"
Арылап мен да улайын.
Кызылга боёп теманы
Кечээгидей куулбайын.
Кайнап бир турган саптарды,
Келиштире курайын.
"Кызыл камчы"ЛедиденСүрөт
Кичине коркуп турайын.
Кызып кетсе темабыз,
Катылган ырлар чубайынСүрөт


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Topcubai   04 Июнь 2015 - 14:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Мен да саламды айтайын
Саламдашуудан качпайын
Салтты аттап кетпейин
Амансынарбы Кыргыз журтум?


Конок менен карапайымдар
Активист менен жарандар
акимдер жана модерлер
амансынарбы жалпынар?


Эми кепти баштайын
тамашага салайын
Энесай аттуу эжемди
бир тамашалап алайын


Боюм жетпеген даракка
асылып жатып жыгылдым
тилим курусун эжеке
бир жанылдым жыгылдым


Бирок,эжекем март экенс,
Март болгондо да шарт экенс
Бир жолку кылган куноомду
унчукпай туруп кечтиниз.


Аман болунуз эжекем
Эсен болунуз эжекем
Тагдыр буйруп калса эгер
жолугаарбыз эжекем
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   asylzaadam   04 Июнь 2015 - 17:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Кычкылтек иниме.

Таңдайында балы бар,
Жүрөгүндө жалы бар,
Таарынчаак иним Кычкылтек.
Талантың ташып тургандай,
Тизесиң сөздү берметтеп.
Талпынып сынбай уча бер,
Тилеймин кең келечек.
Ойт берип ушул сынакта,
Ойнодун кыйла секилдеп.
Али да бала бойдонсуң,
Алдың го бир аз эркелеп.
Катыш деп улам сынакка
Койдук бейм биз да "желкелеп" .
Ансайын чырдап болбойсун,
Айтканды угуп койбойсун,
Кыз чыкпаган форумда,
Кылыктанган сенчилеп.
Көтөрүмдүү болуп жүр,
Жигит сынга сынбайт дейт.
Арналган ушул азил ыр,
Туура түшүн Кычкылтек.
Далай өнөр такшалып
Форумда өсөт жеткинчек.
Ташкындаган таланттын,
Доорун сүргүн иничек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Topcubai   04 Июнь 2015 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Кычкылтек иним барбысын?
Кепке аябай калыпсын
Анчалык эми сынбачы
Агандын айткан кеби учун.
Жашоодо болот ар нерсе
Таарынсан анык сынганын,
Менин айткан создоум
Сага болот жаа огу
А сен болсо калкан болуп
Ар бир окту тоскунун.
Койгун эми таарынба
Сынып калба жашында
Тапшырманы улантып,
Суусап турган тандайды
Суу сыяктуу сугаргын.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Enesai   05 Июнь 2015 - 07:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Амантур иним аманбы?
Дагы бир айтам саламды!
Жазганынды окудум,
Окуп жатып чочудум,
Кайдыгер гана жазыпсын,
"Сынакта кобу сынат",-деп,
"Сынып жаны тынат"-деп,
"Адилетсиз болсо да,
Албетте,бироо утат",-деп,
Бардыгына коз жумуп,
Кайдыгер болуп алыппыз,
Баары бир болсо баарына,
Калп эле сыя коротуп,
Бекерден-бекер жазыпбыз!

"Таланттуулар" дебестен,
Же сынактын атын ондойлу,
"Тааныштуулар" деп атап,
Дос-тууганды колдойлу!

Жазганым азил-тамаша,
Чындыкка бир аз жараша-
Жуз бир ырын болсо да,
Колдоор достор болбосо,
Болуп жаткан сынакта,
Акындыктан не пайда?
Коркомдоп созду тизсен да,
Отуп жаткан сынакта,
Тааныштарын болбосо,
Жазганындан не пайда?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Amantur.   05 Июнь 2015 - 10:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Асылзаадам айым келиңиз
Ырдын көркүн себиңиз
Жазганыңыз өзгөчө
Маанилүү бир кебиңиз

Жекшемби күнү эртелеп
10-жылдыкты белгилеп
Кафеден араң суурулуп
Мен келгенмин баш ооруп
Үйгө араң темселеп

Катуу майрамдап койгонго
Бий-күлкүгө тойгонго
Окубагам анда мен
Эмне болгонун ошондо
Кеч гана кирсем баш багып
Леди айымдын сыясы
Кыпкызыл болуп калыптыр
Өчүргөн го баарын сыягы
"Стоп!" деп катуу жызыптыр.

Ким экенин баштаган
Үстүртөн уктум башкадан
Болоор иш болуп тыныптыр
Бири калып бири сыныптыр
Ошон үчүн келиңиз
Ал күндү эстен чыгарып
Кадам таштайлы баш жактанСүрөт
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Amantur.   05 Июнь 2015 - 11:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Eнесай айым,кандайсыз? Сүрөт
Өзүнчөле таттуу балдайсыз
Ырлардын тизип берметин
Дасыккан акын жандайсыз
Ар бир сөздү аярлап
Айтчу ойду даярдап
Жетчү жерге жеткизе
Сабын бекем саптайсыз
Катуу айтпай сөздөрдү
Бирөөлөрчүлөп каппайсыз

Иниңиз жүрөт кыбырап
Тыгын жерде тыбырап
Кең жерде басат тайтайып
Тиштерди көргөзүп жадырап
Чөнтөктө сокур тыйынсыз
Айлана жара каткырат
Маанайы тайыз кезинде
Жанындагы адамды
Эки сөз мен жаткызат
А маанай улуу кезинде
Ким болсо да жанында
Көңүлдөрүн шат кылат
Эми болду кылайын
Мактанбай ары жылайын
Тааныбаган ким бирөө
Таластык окшойт деп жүрбөсүн
Мынча мактанды деп анан
Жата калып күлбөсүнСүрөт

Сизге жазчу жообумду
Бир ойлонуп келейин
Аз гана жыйнап оюмду
Анан жооп берейин...
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Enesai   05 Июнь 2015 - 12:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Амантур иним жазганын,
Жылмайтты мага айтканын,
Ансыз деле омур аз-
Кыбырап кыр ашасын,
Шашып кайда барасын?

Болбосо дагы тыйынын,
Созго жыгып кыйынын,
Тар дуйнону -кен кылган
Кулку сенин сыймыгын!

Жуусан кетчу кол кири-
Болбосо тыйын чонтокто,
Олгончо таза сакталчу,
Ыйманын болсун журокто!
Акчага сатып,алмашып,
Абийиринди туготпо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Amantur.   05 Июнь 2015 - 12:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Енесай айымга жооп:

"Сынак деген сынак да
Сынакта көбү сынат да
Адилетсиз болсо да
Албетте бири утат да"
деп жазганым бу сизге
Кайдыгердей сезилсе
Бир сыйра окуп өткөндө
Ошондой ойлор кезиксе
Окуп чыгыңыз кайрадан
Ал жерде жазылган чындык бар
Кайдыгер гана жазбагам
Буга окшогон сынактар
Адилетсиз болот деп
Айтып өткөн "чымчым" бар

Ишениңиз сиз мага
Мен да ушул бир жылда
Калыстык издеп көп жолу
Айдалып келдим көп Банга
"Андай эмес мындай",-деп
Ачууланып акыры
Сөз менен катуу тепкилеп
Канча жолу тартыштым
Көбүнүн мээсин эзгилеп
Эми гана айласыз
Жүрүп калдым унчукпай
Алты никтин башын жеп


Добуш берген көпчүлүк
Окубады эч нерсе
Окуган болсо ошолор
Сайылып өлөйүн ийнеге
Таанышына,досуна,
Жакынына жан тарта
Берип койду добушун
Ошону менен билгизди
Ката болсо да колдошун

Бул адат бизде айыкпайт
Бир нерсе десең жооп кыла
Балит соз менен айыптайт
Ошон үчүн мамлекет
Бир өнүгүп жарытпайт


Маанайды ачып чайыттай
Майдалап жазын чалыкпай
Биз окуйлу суктана
Жаздык коюп чалкалай!
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Enesai   05 Июнь 2015 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Амантур иним байкасам,
Тез эле моюн сунупсун,
Не болсо ошо болсун деп,
Четте карап турупсун!
Он койнок ашык жыртсам да,
Мин жыгылып турсам да,
Атым"аял" болсо да,
Журокко ыза толсо да,
Беттегеним бербеймин,
Адилетсиз соз уксам
Дегеле бош келбеймин!

Акты канча ийсе да,
Журокту ыза тилсе да,
Сындыра албайт эркинди
Ажыдаар болуп келсе да!
Азамат жигит экенсин,
Башынды жургун которуп,
Тапанча такап турса да,
Жениле корбо кошоруп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   asylzaadam   05 Июнь 2015 - 18:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Саламдарга жолдонгон,
Алик алып улайын.
Соз атасын олтуруп,
Четте карап турбайын.
Орусчалап токтотсо,
Кызыганда суубайын.
Коодондогу толкуган,
Сапты катып буубайын.
Баягунку токтогон,
Ырды кайра чубайын.

Мен да сиздей эжеке,
Жаны келген кезенде.
Ич ара жан тартышып,
Тааныш тура бүт эле.
Жанысынтып тенсинбейт,
Деп таарынгам эсимде.
Көрсө беш кол тең эмес
Болот экен эжеке.
Жакшы журум купулга
Толот экен эжеке
Тайманбаган талантты
Баалайт экен эжеке
Адилетуу адамдар
Жайнайт экен эжеке
Жакшы жаман тогошр
Журот экен эжеке
Бир ыйлап бир форумда
Кулот экен эжеке.
Таланттарды баарибир эл
Билет экен эжеке
Жакшы жазсан тамшанып
Суйот экен эжеке.
Конулунуз чокпосун
Дейди создор отпосун
Кана эмесе оомийин
Ушул жолку жазгандарыбыз очпосун.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Kg.lady   05 Июнь 2015 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Акындар газды басып алганбы,
Тормозун таппай калганбы?
Теманын нугун озгортуп,
Ашмалтай кылып салганбы?:81:


Мушайт этпей чыгайын,
Тоскоол болбой турайын,
Кызып турган немелер,
Тоо бастыга калбайын.

Темадан алыстабайын,
Ушуну иле турайын,
Убакыт тапсам кайрылам ,
Болбосо ушуну аран аш кылам.

Ынтымакта бололу!
(Амантур менен Нурмухаммад мырзаларга)


Aмантур деген жаш жигит.
Маанилуу созу тизилип.
Ар убак колдоп актыкты,
Немистей суйот тактыкты.
Тартышсан эгер байкабай,
Узатпай чагат капталдай.
Райымсыз кабак аарыдай.

***** ****** ******

Намысы бек тайманбас,
Урматтайм сени классташ,
Райымдуу улуу Аллаанын,
Мактоосу болсун ар дайым.
Улантып аалым иштерин,
Хадисти элге жеткиргин.
А бирок менин сунушум,
Майин созун угушсун,
Маанайын жаркып актандай.
Ачууга такыр алдырбай,
Дааватын айткын урушпай!

**** ***** ***

Бирин эрда, бирин шер,
Каймак болчуу киминер?
Бир казанда кайнабай,
Чарпышып келет мизинер.

Эскертуу берип тыялбай,
БАНга экоонду кыя албай.
Арача тушуп келемин,
ШЕРлерди элдештире албай.

Антседа сыйлайм силерди,
Оюнар дайым мерчемдуу.
Эр чекишип бекишпейт,
Жарашса дейм БЕКТерди

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 05 Июнь 2015 - 20:57


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Kg.lady   05 Июнь 2015 - 18:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Катасын неге талантын?
(Румайкага)


Озуда, жашы кичине,
Акылы бирок чон эне.
Дааватын айтып жетелейт,
Туз жолго бейиш кенчине.

Айымдар кээде аянбай,
Маекти курсак аябай.
Соз торкунун тушунбой.
Анткорсуп койгонун кызык, баладай.

Онорго бай бул - Румай,
Отсода мезгил бир даалай.
Ватсапта калып журбосун,
Жазылган ырлар сакталбай.

Коодону корком ырга бай,
Сынакка бирок катышпай.
Ташыркап келет такасыз,
Талантын озу баалабай.

Жетилген менен канатын,
Катасын неге талантын?
Тартынып элге чыкпайсын,
Бул сенин жаман адатын!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 05 Июнь 2015 - 19:11


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   asylzaadam   05 Июнь 2015 - 18:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы эле айткам силерге,
Калдыкпы эми жемеге.
Ката албай калдык чымынды
Жан соога Леди эжеке.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Kg.lady   05 Июнь 2015 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Болосуз неге табышмак?
(Мега эжеге арналат)


Оздугун келет жашырып,
Сыр сандык болуп катылып.
Таланты бирок катылбай,
Вулкандай келет атылып

Суроттун илип жартысын.
Неге илбейт, танмын баарысын?
Буйруса экен форумга
Жамалын коруу бактысын

Душманга келген тынчыдай.
Сырын бир келет эч айтпай.
Жок дегенде атыныз,
Айтсаныз боло жашырбай!

Мелдешке чыкса Мега эжем,
Булбулду женип алчуудай.
Сайраса токмо акындай
Конулго орноп калчуудай.

Куулонуп алса Мега эжем,
Кобук чачкан буурадай.
Коодону толо коронго,
Конулдон тунок тапчуудай.

-"Олуп берем колуна!" -
Деген созу жадымда.
Калганын болду кылайын,
Тамаша жаздым чынында!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 05 Июнь 2015 - 20:59


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   asylzaadam   05 Июнь 2015 - 19:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Абайлап бир аз аңдадым,
Акмалап алыс барбадым.
Арабызда сынашкан,
Адамга азил арнадым.
Аны мунун таштайын,
А дегенде эле аты жеңил Топчукемден баштайын.


Коркуп турам Топчукеге жазгандан
Чаппай бекен өзүм жүрсөм араңдан.
Не болсо да башка келсе көз көрөөр,
Көп болсо оң жак көзүм көгөрөөрСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 05 Июнь 2015 - 19:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: