Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#161 Пользователь офлайн   rnurzida   07 Январь 2016 - 03:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Адамдар


Билбейм! Билбейм, эмнеге андайсыңар,
Бир нерсени эч эске албайсыңар:
Ансыз деле бүгүн бар, эртең жокпуз,
Билип туруп бир-бириң каргайсыңар!

Өйдө-ылдый деп, бир-бириң иргейсиңер,
Кем дүйнөнүн кеңдигин билбейсиңер!
Ажалга да бип-бирдей пенделербиз,
Түркүк болчу дүйнөгө ким дейсиңер!

Көңүл гүлүн эмнеге соолутабыз,
Көкүрөктү көйгөйгө оорутабыз.
Жандүйнөнү жанчтырып жаман-жуман,
жарыбаган ойлорго тоорутабыз!

Көрө албастык, жек көрүү, араздашуу,
Кыянаттык, кызганыч, каракташуу,
Таарынычты талкалап таштайлыбы,
Кошуп туруп аларга аракты ачуу?!

Макулсуңбу, кана анда күлүп койчу,
Маңдайыңда булутту сүрүп койчу.
Ошол миңдин бири дейт дарылыкка,
Өзүңдөн да башканы сүйүп койчу?..

Билбейм! Билбейм, эмнеге андайсыңар,
Бир нерсени эч эске албайсыңар:
Ансыз деле бүгүн бар, эртең жокпуз,
Билип туруп бир-бириң каргайсыңар!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   rnurzida   07 Январь 2016 - 03:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кимсиң дебе...


Түнтсүң дебе, миң электүү сырым бар,
Сузсуң дебе, адамдык парс, сыйым бар.
Сараң дебе, тоого, сууга – баарына,
Окуп берээр эки сабак ырым бар.

Жашсың дебе, карып барат ойлорум,
Массың дебе, аны да ичпей койгомун.
Кимди көрсөң, эмне көрсөң кыялкеч,
Ошолордун баарын мен деп ойлогун.

Жакшы дебе, айырмам жок эч кимден,
Бала дебе, балалыгым эскирген,
Акын дебе, боло элекмин чыныгы,
Жөн гана бир тоолук кыз де, кеп билген.

Кимсиң дебе, кээде өзүм да билбеймин,
Чечилбеген түйүн менен бирдеймин.
Жакшы ыр жазып койгон кезде жадырап,
Анткен менен... кээде өзүмдөн сүрдөймүн.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Январь 2016 - 06:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Эстутумдан.. . жалгыз сенден башканын,
Баарын-баарын келди өчүрүп таштагым!
Эмнегедир сени дагы унуттум
десем кайра…кусалана баштадым...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Январь 2016 - 06:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сен менден издегениң таппаганың
Сездим мен... Ишеничиң актабадым.
Кадалып карап туруп каректериң,
Кайрылып кетти, издеп башкаларын. ..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Январь 2016 - 03:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мынча эмнеге?..

Көңүлдүн көксөөсү бар көздөрүңдө,
Керемет сыр жашынат сөздөрүңдө.
Күндөргө күтүү менен күүгүм кирип,
Түндө да түштөр кирет биз жөнүндө.

Ырдасам сагынычым жетет бекен,
Ынагым, ырга айлангым келет нечен!
Ылайым ыр түнөгөн жүрөгүңдө,
Ыр болуп жашагым бар керек десең!

Канатты күүлөйм сага жетким келет,
Кайгыдан арачалап кетким келет.
Төгүлгөн кирпигиңден кагылайын,
Тагдырлар табышабы, эх ким билет!

Сеңселген саамайыңды желбиретип,
Элесиң тиктейт жанды элжиретип.
Билбеймин, мынча эмнеге сүйдүрөсүң,
Шипширин добушуңду дилдиретип.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Январь 2016 - 03:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Апам жана мен

Жигитке жар, балдарыма энемин,
Кыялкеч кыз, боз уланга жеңемин.
Анткен менен апакемдин алдында,
Саамай көкүл, секелеги элемин.

Кумарлана жытын искеп баланын,
Кырк кырында кыялданып барамын!
Анткен менен апакемдин алдында,
Баёо сезим, балапан ооз баламын!

Үйбүлөнүн, жардын болуп жөлөгү,
Артык экен өз балаңдын өнөрү.
Анткен менен апакемдин алдында,
Баягы эле бакыраң көз бөжөгү!

Бек кучактап, бекем кысып бооруна,
Сагынганбы, айланчыктай тоорула,
Баягыдай аркасына көтөрүп,
Кеткиси бар дале койсоң оюна!

Айтаарга сөз, ашын таппай берерге,
Бала – бакыт, бала кымбат энеге!
Өзүң ата, апа болуп турсаң да,
“Ымыркайым, кичинем!” – дейт дагы эле!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Январь 2016 - 03:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Көрүнбөс жолдор менен зуулдаган,
Азгырып, убактымды уурдаган…
“Алло... да? ...Бу ким экен?" - деген өңдүү,
Телефон чакырыктар… чуулдаган.


А бирок арасында чыгынбаган,
Мен күткөн коңгуроо бар жымылдаган. ..
Зымы жок, номуру жок, кабары жок,
Эч качан чалынбаган, угулбаган...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Январь 2016 - 03:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

КЭЭДЕ МЕН

Кээ бир кезде – өткөн, кеткенди эстеген,
Күндөрдү аяп көп мүдөөгө жетпеген,
Өзөк өрткө, өкүнүчкө чулганып,
Учурлар көп – аттиң дүйнө, эх деген!

Ээн калып, жайдакталган кезде мен,
Элестер бар – эңсөө менен эстеген.
Эңшерилип, бири кем бул дүйнөдө,
Эрксиз анан тунгуюкка кептелем.

Ооба, баары, тирүүлүк да чек менен,
Ошон үчүн барга тобо деп келем.
Оомал, төкмөл дүйнөнү эмес, жаңылган
күндөр үчүн кээде өзүмдү жек көрөм.

Келише албай жүрөк акыл-эс менен,
Кээ бир кезде мен сүйүүдөн четтегем.
Келбечүдөй кеткен сезим, эми өч
алыш үчүн келеби деп сестенем...

Өмүрдүн бир күнү батса кеч менен,
Караңгы түн, жымжырттыкка кез келем.
Алда нени элестеткен бу түндөн,
Кээде чыкпай калуучудай шектенем.

Андай кезде өзүмдү-өзүм текшерем:
“Жерде калып, качандыр бир (эх) денем,
Эстен чыгар өңү-түсүм... а бирок,
Эл ичинде ырым менен эстелем...

Анда өмүрдү сүрбөптүрмүн текке жөн...” -
деп өзүмдү алдап, бирок эске мен
бир чындыкты алгым келбей кайпактайм:
“Кечпи-эртеби, чын суракта тескелем...”
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Январь 2016 - 03:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бир кечте

Бүт аялзат
сени гана карашып,
Эмнегедир бүгүн баары сага ашык!
Арасында мен да бармын алардын,
Башым туман – акылымдан адашып!

Ыр. Музыка.
Сен ортодо бийлейсиң,
Назар төшөп, төгүлгөнүм билбейсиң.
Сен мага азыр аргымагын алкынтып,
Айдан түшүп келген асыл пирдейсиң!

Көздөр! Сөздөр!
Бокалдардын кагышы,
Мага жакшы – арабыздын алысы!
Сүрөтүңдү тарттым дагы карадым,
Кандай сырдуу, кандай сүрдүү жан ушу?!

Башкача бир
башты чулгуй карап шер,
Кээде-кээде чагылышат каректер!
Ушундай бир улуу кечти көтөрүп,
Өз нугунда тегеренип барат Жер!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Жолоочу_Nurzida-88_* 13 Январь 2016 - 01:24

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Көрүнбөс көзгө,
көлөкө баскан из менен,
Көп болду адат
таптым мен сени издеген.
Көзүмдү албай,
көңүлүм калбай көшөрүп,
Көнүмүш ишке
айланды жолуң тиктеген…

Кабарың бербей,
кайкалап жатат жол учу…
Карегиң сенин
каректе калган болучу.
Карааның катып
калдайган күзгү калаада,
Канатың көксөйм,
кайрылып келип конуучу.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurzida-88: 13 Январь 2016 - 01:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Baktyluumun   13 Январь 2016 - 03:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 01:14
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Men suygon akyn ejekego... Chygarmachylygyn syilaym!!! Yrlary jagat! Maaniluu!
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   rnurzida   13 Январь 2016 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Жашоого ким бар экен түркүк болгон,
Өмүр аз - бир кыпындай бүркүп койгон.
Суранам, жакшы сөзүңдү аябачы,
Дарыдай - жүрөгүмө сүртүп койгон...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Январь 2016 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Күтүү... үмүт...


Бүдөмүк... келесиңби, келбейсиңби,
Кабарың бересиңби, берейсинби.
Таң эрте, түштө, кечте жолуң карап,
Болду эми, карабайм, - дейм, - тереземди.

Ансайын жаным кейип, жанчылууда,
Дарамет калбай барат талпынууга,
Сагыныч жүрөгүмдөн баш көтөрүп,
Далбастап сени карай тартылууда.

Күтүүдө үмүт мынча берешенби,
Ченемин чексиздикке теңесемби.
Күтпөймүн, издебеймин. .. деген болуп,
Уурданып карай берем терезеңди...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Унут дейсиң

Унут дейсиң! Унутууга акым жок!
Сендей мага бул ааламда асыл жок!
Сенсиз жашоо жалаң арман! А бирок:
Антпе! – дейсиң, - Ачуу душман, акыл дос!

Өчтү, - дейсиң, өчтү сендик махабат!
Жүрөгүмдө бүттү, сүйүү жашабайт! -
дедиң дагы, кеттиң жаным кош айтып,
Өткөн-кеткен күндөр үчүн жазалап!

Бирок мейлиң. Ичээр суусу түгөнсө,
Сүйүү эмес – адам өзү азаят.
Өкүнүч көп! Өзөгүм не өрттөнөт?!
Өксүк мени өмүр бою өрттөмөк!

Кадырына жетпей калып сүйүүнүн,
Экөөбүздүн жолдор эми бөп-бөлөк!
Бирок мейли. Көрөр күнү түгөнсө,
Сүйүү эмес – өмүр деле бөксөрөт!

Кош бол эми, кош бол менин бийигим,
Мен дагы эми сага көптүн биримин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

А балким...

Билбеймин,
мен сенден эмне таптым?
Оңой менен жибибес жүрөгүмө
сагынычтын,
кусалыктын отун жактың...

Балким бул... оорудур,
диагнозу табылбаган?
Акылдуу,
жакшы адамдар кабылбаган?

Балким бул -
Сыноосудур тагдырдын,
Кантээр деп
ара жолдо жолуктурган?
Эритип жүрөктөгү сезимди бир
Качанкы,
Музга айланып тоңуп турган?
А балким, бакытпы же,
Кеч күздө учуп келип,
башыма конуп турган?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Туман

Каяктан келдим,
Кай жакка бара жаткамын?
Каякта жолум,
Деги өзүм кайсыл жактамын?

Кайдасың, айтчы,
Добушуңду угам, өзүң жок,
Адашып турам,
айланам туман капкалың…

Сагындым сени,
Күн-түнүм сени саматат,
Жанчылып денем,
Жандүйнөм солуп баратат.

Оорутпай мени,
Таарынчың болсо жазып кой,
Адамга сендей
Айкөлдүк гана жарашат.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мени сүйгөн бир адам

Мени сүйгөн, таза сүйгөн бир адам,
Чын сүйүүгө арзыганга кубанам.
Сүйүү деген аруу сезим бар үчүн,
Көрсө кызык, сулуу экен бу аалам.

Мени сүйгөн, таза сүйгөн ал адам,
Көңүлүмдү аздектеген, аяган...
А мен анын... ушунчалык суктанып,
Сүйүү толгон көздөрүнө карагам...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кимсиң?

Жүрөк сезип – качандыр бир табарым,
Өмүр бою күткөн асыл адамым...

Сенсиңби ошол?.. Жылуу учурайт көздөрүң,
Качан, кайдан уккансыймын сөздөрүң?..

Ай менен Күн тогошкондой туюлган,
Ушул күндү балким тагдыр буюрган?

Же болбосо болуп жүрбө азгырык,
Көзүмдү алдап, арзуу болуп кубулган?

Билбейм. Кимсиң... Балким дагы башкасың?
Тиктебе анда, сезимге от жакпа, чын!

“Сапар кезип бара жаткан кайдадыр,
Бөтөнмүн,” – деп айт ачыгың, жалгагыр!

Ким болсоң да кечир, капыс кабылып,
Тааный албай турам көзүм карыгып!

Анткеним жөн – күтүү жанга батса да,
Жүрөгүмдүн падышасын башкага,

Алмашкандан – адашкандан коркомун.
Башка болсоң – белгиңди бер, аз гана...

Суранамын, кадаба антип көзүңдү,
Укпайынчы! Унчукпа, айтпа сөзүңдү!

Токтолбогун! Кеткин! Өтүп кете бер,
Бу жолдордон кайчы өтүшкөн нечелер...

Карегиңе сүрөтүмдү тартпагын,
Мен да сага азабымды артпайын! ..

Туура айтасың, ушул тентек көздөрүм
менен далай жүрөктөрдү өрттөдүм,

Бирок өзүм канча өрттөнгүм келсе да,
Жүрөгүмдүн жылыганын сезбедим!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сен мени

Сен мени сагынтайын дедиң бекен,
Телефон чалбай дагы, келбей коюп.
Чын эле сенсиз мага күндөрүмдүн,
Татыбай тузу такыр кемдей болуп...

Сен мени таарынтайын дедиңби же,
Атайлап алыстатып кабарынды,
А бирок билбейсиң ээ, кандай азап,
Жоготуу жандай көргөн адамыңды.

Сен мени унутайын десең керек,
Арга жок, ага деле түтөм демек.
Жолуңду карай-карай, үшкүрүккө
үшүтүп үмүмтүмдү үзөм демек...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2016 - 03:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кайрылчы

Аячы мени?
Аячы жаным кичине?
Оорукчан болдум,
Ойлорум батпай ичиме.
Жараткан деле
кечирим кылат турбайбы,
Адашып калып,
айыбын сезген кишиге.

Кечирчи мени?
таарынтам деген эмесмин,
Кайрылчы бери,
анчалык узай элексиң?
Санаадан соолуп,
саргайып бүтүп баратам,
Сен гана мага
мурөк суу сымал керексиң.

Же балким сен да
кызгандың бекен мага окшоп,
Тунжурап тиктеп
калчу элең үнсүз, бала окшоп.
А бирок , билбейм,
сезбедиң экен эмнеге,
Эч качан, эч ким
сүйдүрбөйт мени сага окшоп...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 16:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: